www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Врачтар жүлүнүмдөн бир эмес, 48 жолу суу алышып, майып кылып салышты”

Перизат Кутманалиева 10-июль 2017, 12:42

Коом Ден-соолук Кайрымдуулук


“Врачтар жүлүнүмдөн бир эмес, 48 жолу суу алышып, майып кылып салышты”

Редакциябызга ак халатчандардын айынан майып болуп, баспай калган Бактыбек Токтогулов  кайрылып, жүлүнүнөн бир эмес 48 жолу суу алганын айтып, врачтардын бизнесине  айланганына өкүнүп отурду. Бул адамдын тагдырына кайдыгер карай албай, ак халатчандардын бул аракетине таңгалганыбызды жашыра албай Бактыбек Токтогуловдун айткандарын гезит бетине жарыяладык. Анда кеп башынан болсун.

-Бактыбек, кандай дартка кабылып,  баспай калдыңыз?

-Үч жыл мурун эми үйүмдүн эки бөлмөсүн бүтүп киргенимде башымды балталап салгандай ооруган дартка кабылдым. Жанымды жай алдырар бекен, кыйналган дарттан арылтаар бекен деген ой менен жаман оюм жок  ооруканага бардым. Мага минингит туберкулозу деген диогноз коюшуп, ахунбаев менен совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги туб больницага жаткырышты.  Жакындарым врачтардын анализ үчүн  жүлүнүмдөн суу алалы дегенине каршы болуп коюшуптур. Врачтар жүлүндөн суу алуудан башка айла жок экенин айтып, анализ үчүн макул болууга суу алдырууга  аргасыз экенимди айтышканда жанымды кыйнаган дарт аныкталып, тезирээк сакайып кетейин деген максат менен макул болдум.  Бирок, мен алар алты ай бою ар кайсы нерсени шылтоо кылып, жумасына эки жолу жүлүнүмдөн суу алганды адат кылып алат деп ойлогон эмесмин. Биринчи айда жүлүнүмдөн суу алып жатканда акыбалым оорлошкон деле жок.  Бир айдан кийин гана бутум чымырай баштады. Менин абалымды текшерип келген врачка бутумдун чымырай баштаганын айтканымда “жанындагылар менен чукулдашып, бирөөнүн убалына калгандан корксоңор боло, майып кыла бербей” деп калышканын кулагым чалды. Жаным кыйналып тургандыктан алардын сөздөрүн уксам да убагында  анча маани берген жокмун. Бирок. Тигил врач айткандай ошондон көп өтпөй эле эртең менен турганда төшүмдөн ылдый сезбей калыпмын.  Көрсө, алар менин акыбалымды айтып жатышыптыр.  

-Ак халатчандар баш-аягы жүлүнүңүздөн канча жолу суу алды?

-Негизи бир гана жолу суу алышы керек экен. Булар жумасына эки жолу суу алып отурушуп, алты айда 48 жолу  алышты. Мен жүлүнүмдөн суу алса эле айыгам деп алардын кебине алданып, врачтардын  бизнесине айланыпмын. Азыр дартымдан сакайып кетсем экен. Эл катары өз бутум менен басып, эч кимдин көзүн карабай өз оокатымды кылсам экен деген тилекте көп жерге бардым. Барган жерлерден жүлүнүмдөн бир эмес, 48 жолу суу алганын укканда төбө чачтары тик туруп, врачтардын кайдыгерлигине таңгалып, Кудай сактай көр деп жакаларын карманып жатышат. Укканыма караганда  врачтар мага окшогон адамдарды алдап, жүлүнүнөн суу алып, аны  аккандарга сатат экен. Ошон үчүн бир жолу кол койдуруп алганын бетине кармап, дарылап жатам деген шылтоо менен жүлүндөн ашыкча суу алып, адамды майып кылып коюуудан да коркушпайт экен.

-Эми дарыланганыңыздан майнап чыгып жатабы?

-Кытайларга алтын ийне сайдырганымда  бутумдун манжалары кыймылга келе баштаган. Жолдош балдарым чогултуп берген 20 миң сом түгөнгөндөн кийин пайдалуу экенин билсем да уланта албадым. Азыр массажист Медер Бишкектин үчүнчү курс массажын алып жатам. Жүлүнүмдөн 48 жолу суу алгандан кийин  өзүмчө отура албай калган болсом, азыр боюмду токтотуп, отуруп калдым. Ошондой эле  колум менен болсо да жылып, тынбай ооруган ич оору менен бел оорудан арылдым. Медер Бишкек эки  курс массажын акыбалымды түшүнүп, жарым баасына жасап берген болсо, бу сапар  үчүнчү жолкусун бекер жасап берди. Медер Бишкекке жолуккандан кийин өчкөн үмүтүм жанып, жашагым келип калды.

Эки буту менен басып, өз тирилигин өзү кылып жүргөн адамдарды көргөндө мен алардын катарына кошулуп, эч кимге жүк болгум келбей кетет. Кыздарымдын жакшылыгын көрүп, алардын төрүндө отуруп, татыктуу ата болгум келет. Досторумдун мага кылган жардамдарын ашыгы менен кайтаргым келет. Баспай калганча курулуш тармагында иштеп, үй бүлөмдү устачылык менен бакканымданбы мага каралашкан адамдардын баарына ашыгы менен кылган жакшылыгын кайтаргым келет. Бирок, ой жеткен жерге кол жетпей биротоло  сакайып кетишиме каражаттын жоктугу себеп болуп жатат. Урматтуу окурмандар эгер менин тагдырыма кайдыгер карабай жардам кылам десеңер 0707 323539 номерине байланышсаңыздар болот. Жарым жан болуп калган үчүн сиздердин жардамга муктаж болуп отурам.  Кайдыгер эмес жарандар кол кабыш кылат деген үмүтүм зор.     

P.S  Бактыбек Токтогуловго жардам берем деген адамдар болсо, төмөнкү эсепке каржат которсоңуздар болот. Бакай банк. БИК124001720001

124202011643677

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83