www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: “Жебе” тобунун солисти казак элинен ыр уурдады. Ырдын автору эмне дейт?

Перизат Кутманалиева 17-июль 2017, 16:28

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар Маданият


ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: “Жебе” тобунун солисти казак элинен ыр уурдады. Ырдын автору эмне дейт?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз “Жебе” тобунун солисти Минур Алтынбеков жана жакында эле аткарып чыккан “Аттиң, аттиң” аттуу ыры болмокчу. Минур аз убакыттын ичинде ырдын үстүнөн кызуу иштеп, клип тартууга да жетишкен. Айрым сайттарга, радио толкундарга берүүдө ырдын авторун “Нуржан Керменбаев” деп чыгарган. Бирок, бул ыр плагиат болуп саналат. Ырдын түпкү нускасы казак элине таандык. 2015-жылы бул чыгарманы “Кара бала” лакап аты бар ырчы Нуржан Керменбаев - “Әттең- әттең” деп аткарып чыгып, 2016-жылы клибин жарыкка чыгарган. Ырдын обонун Данияр Шеңгелбаев жаратса, сөзүн айтышкер акын Ринат Заитов жазган. Ырдын аткаруучусу Нуржан менен байланышканыбызда: “Бул чыгарманы авторлорго атайын буйрутма менен жаздыргам. Ырдын жарыкка чыкканына эки жыл болду. Ал эми кыргыз кесиптештер менден уруксаат сураган эмес. Саткан да жокмун. Ал эле эмес которуп ырдап чыгышканын билген эмесмин. Мен абдан таң калдым. Эмнеге бирөөнүн эмгегин уруксааты жок ырдайт? Автордук укук деген бар. Кыргызчасын уктум. Менин көңүлүмө толугу менен толбоду. Ырдын обону эле эмес, сөзү да меникине окшош экен. Анан да автор катары мени эмес, Данияр менен Ринат аганы айтса жакшы болмок. Кыргыз-казак бир тууган болгондуктан, сый болуп, конфликтке барбашыбыз керек. Мен бул жигиттин менден уруксаат сурап аткарышын күтөм.” деп билдирди. Эмне дейбиз? Минур мырза, бул макаладан өзүнө чоң сабак алып, казак кесиптешине байланышка чыгып уруксаат алаар. Себеби, ар бир эмгектин автору бааланып, укугу корголушу керек!

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азатбек Элебесов, 17-июль 2017, 23:32
Автору Нуржан Керменбаев деп чыгарган болсо "плагиаттык" эмес. Өзүмкү деп чыгарса "плагиаттык". Журналисттер абайлап жазсаңар жөн эле сындыра бербей!))) профессионалсыңарбы өзүңөр?..
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83