www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тайырбек чалган ботконун азабын эл тартууда...

Айдар Нуралиев 23-июль 2017, 00:57

Саясат


Тайырбек чалган ботконун азабын эл тартууда...

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп турганда киргизген биометрикалык паспорт боюнча коомчулукта нааразычылык күчөдү. Бул боюнча Сарпашев мактап-жактап, акылдуу пикирлерин айтып жатканда эле каршылыктар бо­луп, жүйөлүү сындар айтылган. Бирок Тайырбек мырза кулак салып койгон эмес.

Мына эми чалмакейи чыккан реформанын кесепетинен биометри­калык паспорт алган жарандар мамлекеттин шалаакылыгына жандары кашаюуда. Дегенибиз, аты, фамилиясы өздөрү даяр эмес экен. Салык кызматы, банк тармагы, соцфонд, де­ги койчу бардыгы маалымат сакталган чипти окуй алышпайт экен. Окуй тур­ган электрондук система орнотулган эмес.

Никеси барын (аялы же күйөөсү бары-жогун), жашаган жери боюнча, улуту кыргыз же башка улут экендиги тууралуу справка алып кел дешет экен, кайсы мамлекеттик органга кайрылсаң. Анан кайра МККга чуркайт экенсиң, кыскасы түмөн түйшүк...

Булак: "Фабула"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Райымбек Усупжанов, 23-июль 2017, 13:25
Союз убагында бир кою жоголгон чабанды камаганга чейин алып барышчу.Сарпашев бир койду эмес эле,бутундой бир улутту жок кылып жиберди го?
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83