www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ата-Журт” менен эсептешпей туруп, саясат жасоо бүгүн мүмкүн эмес!

Перизат Кутманалиева 25-июль 2017, 10:19

Саясат Эл пикир


Ата-Журт” менен эсептешпей туруп, саясат жасоо бүгүн мүмкүн эмес!

- “Ата-Журт” саясий партиясынын басып өткөн жолуна кандай баа бересиз? Анын өлкөдөгү демократиянын өнүгүшүнө кошкон салымын кандай баалайсыз? Лидерлери жөнүндө кандай пикирдесиз?

Кайып Шери, апрель баатыры: “Бул жигиттердин жүрөгү эл үчүн күйүп турат...”

- “Ата-Журт” мекенчил партия, башка партияларга караганда карапайым элге жакын. Бул айрыкча, 2010-жылы болгон Ош окуясында маалым болду. Ошондо, эл башына түшкөн кыйынчылыкты “Ата-Журт” партиясынын башында турган эки азаматы – Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков чогуу көтөрүштү. Кан төгүлүп аткан жерге барып, өз өмүрлөрүн кыл учуна коюп, коогалаңды токтотууга салым кошушту. Бул жигиттердин жүрөгү эл үчүн күйүп турганынан кабар берип турбайбы. “Ата- Журт” партиясы дегенде ушул эки жигитти эстейбиз. Биримдикте болуп, эл үчүн иштей беришин каалайт элек. Ажырап кетишсе болбой калат. Азыр шайлоого чогуу барганга ниет кылып атышкандарды кубантып турат. Булар өз убагында пикирлерин эч кимден жазганбай айтышып, өлкөдөгү демократиянын сакталып калышына салым кошушту. Сынды да көтөрө билишет, башкаларчылап чычалап, чокчоңдоп чыга калышпайт. Камчыбек менен Ахматбек мүлдө кыргыз элине төбөлөрү көрүнүп калган инсандар. Эми, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, президенттик жарышта ийгиликке жетишишсин.

Нурлан Шакиев, коомдук ишмер: “Эми чоң ката кетирүүгө акылары жок...”

- “Ата-Журт” партиясы бир жарк эткен көктөгү жылдызга окшош, жети жыл мурда чоң ийгилик менен шайлоодон жеңип, элге айкын таанылган. Анткен менен ырааттуу иш алып баралбай, партия бат эле таасирин жоготуп алды. Алгачкы күч- кубатын кармай алышпады. Анын оң-терс себептери толтура. Эми азыр кайра жаралуу учурун көрүп атышат. Эгерде партиянын катарына заманбап көз караштагы жаңы жаш күчтөр тартылса, анда кайра жаралуу жараяны оңунан чыгып, партияда сезилээрлик жандануу болот. Ал эми лидерлери тууралуу айта турган болсом, алар саясатта эле эмес, эл арасында да жетиштүү кадыр-баркы бар адамдар. К.Ташиев да, А.Келдибеков да бир сыйра урулуп – согулуп, такшалып калышты. Эми чоң ката кетирүүгө акылары жок. Партияга туура адамдарды тандоолору зарыл...

Бабырбек Жээнбеков, “Алиби” гезитинин башкы редактору: “Эл кызыкчылыгын коргоодо “Ата-Журт” партиясы күрөштүн алдыңкы сабында келаткандыгы – факт!”

- “Ата-Журт” саясий партиясынын басып өткөн жолуна көз салган адам анын саясий аренага чыккан он чакты жыл аралыгында татаал тагдырды баштан кечирип келаткандыгын аңдабай койбойт. 2010-2012-жылдары партиянын жылдызы жанып, парламенттеги чоң фракция болду, анын лидерлеринин бири А.Келдибеков Жогорку Кеңештин спикеринин креслосун ээледи. Партия эл ичинде, айрыкча түштүк регионунда зор кадыр-баркка татыды. Бирок, кийин, 2010-жылдын июнь окуялары берген мүмкүнчүлүктү партия өз беделин көтөрүүгө пайдалана албады. Кыскартып айтсам, “Ата-Журт” партиясынын лидерлери жана мүчөлөрү арткы тарыхын сын көз менен карап, аны терең анализдеп, келечек максаттарын так жана даана аныктап алып, анан бир силкинип, алдыга жылышы, же секирик жасоосу керек деп ойлойм. “Ата-Журт” партиясынын демократияга кошкон салымын мен кандай баалайм?

Бул суроо мага кызыктай угулуп жатат. Бүгүн партиялардын бардыгы партиялык үстөмдүкпартиялык бийлик үчүн күрөшүп, кызыл чеке болуп жатышса, биз элдик бийлик жөнүндө кантип сөз кыла алабыз? Эл дегенибиз партиялар үчүн жөн гана тотукуштай сулуу сөз, калканч гана болуп калбадыбы. Ошентсе дагы, “Ата-Журт” партиясынын бир кездеги болобу, азыркы болобу үч лидерин алып көрсөк, чындык үчүн, адилеттик үчүн Ахматтан, Камчыдан, Садырдан ашык куугунтук көрүп, бийликтин запкысын тарткан кайсы партиянын лидерлери бар экен? Ошол эле парламентте отурган "Бир бол", КСДП фракция-партияларына караганда буларга эл тагдыры, жер тагдыры, адилеттүүлүк, чындык көбүрөөк керекпи? Болгону буларда эл алдындагы жоопкерчиликти сезе билүү сезими курчураак өнүгүп, адамдык сапаттары жогорураак болгондуктан, кайдыгерлик деген ооруудан оолагыраак турушкандыктан өздөрүн отко-сууга таштап жиберип жатышпайбы. Мен буларды адам баласынын эң бийик касиеттеринен деп түшүнөм. Демек, эл кызыкчылыгын коргоодо “Ата-Журт” партиясы күрөштүн алдыңкы сабында келаткандыгы - бул факт. Анын лидерлери жөнүндө болсо... Бүгүнкү күндө мен билгенден А.Келдибеков менен К.Ташиев калды да. Экөөн тең турмуш дагы, бийлик дагы колдорунан келишинче жакшы эле ийледи, жанчыды. Намыстуу, эрктүү, максаттуу жигиттер мындай "мектептерден" соң ого бетер чыйралып, көк болуп бышып чыгат. Экөөнүн тең бүгүн бышып турган учуру. Аларга ийгилик гана каалайм!

Арина Рысбаева

 Булак: “Майдан.kg” 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83