www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
0 227

Көп баштуу КСДПнын келечеги кандай болот?

Дегеле тарыхта мындай болгон эмес. Маселен, кожоюндары качып кеткен партиялардын тамтыгы ошол замат чыгып, азыр ошол “Алга Кыргызстан” менен “Ак Жолду” оозануудан ичиркенишет. Тилекке каршы ошол партиянын “калдыктары” эми деле чоң бийлик бутактарында жармашып отурушат. Алар кадимкидей элге сиңип кетишти. Эпчилдери көрүнүктүү адамдарга куда-сөөк болуп, жарма достукка өтүп ымалашып, жармакташып кетүүгө жарашты. Бирок, бул ирет коомчулуктун көкүрөгүндө уюп калган партия ...

0 89

Президент Сооронбай Жээнбеков Нооруз майрамы менен кыргыз элин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: "Кымбаттуу мекендештерим! Сиздерди Нооруз майрамы менен куттуктайм! Нооруз - жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы.  Тынчтыктын, өз ара түшүнүүнүн, биримдиктин жана ынтымактын салтанаты.  Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген. Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс ...

0 83

ИИМ: Нооруз майрамына байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипке өтүштү

“Нооруз” майрамына байланышкан иш-чараларды өткөрүү учурунда ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында бир катар тиешелүү чаралар көрүлөт. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, диний-экстремисттик жана террористтик көрүнүштөрдү  алдын алуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу, өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана коргоолучу обьекттерди, андан сырткары ИИОнун административдик  имараттарын кайтаруу, Нооруз майрамына даярдануу жана өткөрүү учурунда  укукка жат иш-аракеттирди жүргүзүүнү алдын алуу максатында тиешелүү иштерди жүргүзүшөт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жер-жерлерде уюштуруучулук жана практикалык ...

0 932

Алтынбек Жунус уулу, ЖК депутаты: "Атамбаев күч органдарынын башына жалаң баш кесерлерди чогулткан"

20-март 2019, 19:15 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда парламентке кысым катуу болгонун айтты. Ал «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, 2016-жылы эл өкүлдөрүнө Конституциялык реформаны колдоо талабы коюлганын билдирди жана Атамбаев башкарган жылдардагы кадр саясатын сындады. «Атамбаев күч органдарынын башына жалаң баш кесерлерди чогулткан. Баш кесерлер деп мен белгилеп айтам. Бакиев канчалык жаман болсо да анын убагында башкы прокурор ...

0 503

Астана шаары Нурсултанга айланды

20-март 2019, 19:11 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын парламенти өлкөнүн баш калаасы Астананын аталышын Нурсултан деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин билдирип, “тарыхый чечим” кабыл алынганын айтты. "Қазақстан конституциясына сәйкес үкімет Қазақстан президентіне Астананың атауы өзгертілуіне байланысты конституцияға өзгерістер енгізу үшін республикалық референдум өткізуді ұсынды. Президент бұл ұсынысты референдумға шығармай, парламентке жіберу жөнінде шешім қабылдады. Республикамыздың конституциялық кеңес оң жауап қайтарды", - деді Нурлан ...

0 646

Бекболот Талгарбеков: “Азыркы бийлик Атамбаевди жоопкерчилигин карап, түрмөгө отургузуш боюнча иш алып барбай жатышат”

20-март 2019, 18:05 Кызгалдак Жакыпова

Коомдук ишмер, кечээ жакында эле камактан чыккан Бекболот Талгарбеков менен Атамбаевдин оппозицияга өтүшү жана камакка алынган мезгилде “Атамбаевден кечирим сурасаң чыгасың” деп моралдык-психологиялык жактан кысымга алышканы тууралуу баарлаштык. -Бекболот агай, кептин  башын  экс-президент Алмазбек Атамбаев оппозицияга кетээрин жар салгандан баштасак. Атамбаев оппозициянын сап башында тура алабы? -Атамбаевдин оппозицияга кеттим деп ачык айтып жар салганын кубатташыбыз керек. Себеби, биздин өлкөдө дайыма оппозиция болуп ...

0 119

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

20-март 2019, 17:30 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкта кошумча аккредитациялоо маселелеринде Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишин өркүндөтүү максатында, ошондой эле “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып,  төмөндөгүдөй токтом кылынат: -Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын кошумча аккредитациялоо  тизмеси ...

0 815

Батыш бүгүнкү күчүнө кантип жетишти? Байлык, өмүр менен өлүм...

20-март 2019, 18:41 Кызгалдак Жакыпова

Жаңы Зеландиядагы мусулмандарга кол салуу окуясы мусулмандар үчүн чечүүчү кадамдарга баруунун убагы келгенин дагы бир жол көрсөттү окшойт. Шашылбайлы, изилдеп, окуп чыгалы. Бүгүнкү Батыш ким? Батыш бүгүнкү ийгилигине кантип жетишти? 1500-жылдан баштап Батышты азыркыдай күчтүү кылган шарттарды, окуяларды болушунча жыйынтыктап айтып бергенге аракет кылдык. 1500-жылдар.... 1. Россия жүздөгөн жылдар көз арткан, улуу цивилизациялар жаралган Ак Деңиз- Осмон империясынын ээлигинде болду. Батыш ...

0 112

Кореяда “Манас” эпосуна арналган атайын көргөзмө болуп өттү

Көргөзмөдө кум менен сүрөт тартуу, эпостун тарыхындагы сүрөттөр жана Кыргыз элинин маданий каада-салттары, кол өнөрчүлүк жөнүндө эпикалык окуялар жана көркөм тасмалар менен чагылдырылган сүрөттөрү санариптештирилип “Манас” китептери корей тилинде гана көргөзүлдү. Мындан тышкары мини-боз үйлөрдү чогултуу, кагазга эпостогу сүрөттөрдү тарттуу боюнча дагы өзүнчө мастер-класстар уюштурулду. Көргөзмөгө катышып жатып Кыргыз Элчиси Динара Кемелова Азия маданият борборунун Президенти Ли Жин-сиг мырза менен дагы ...

0 106

Президент Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Президентинин кызматына киришкени менен куттуктады

20-март 2019, 16:39 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта, Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын Президентинин кызматына киришкени менен куттуктады. “Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелер биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз менен элдерибиздин байгерчилиги жана өнүгүүсү үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ...

0 663

Жан кейитпей, жасалма акча жасап жан баккандар

Маалыматка ылайык, 8-март күнү Алай РИИБдин кызматкерлери жасалма акча менен Алай районунун Чий-Талаа айылынын дүкөндөрүндө соода кылып жүргөн Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары 1997- жылы туулган Т уулу Б., 1997- жылы туулган К уулу М., жана 1996-жылы туулган З уулу А., аттуу жарандарды кармашкан. Аталаган жарандар, Чий-Талаа айылынын тургуну 1979-жылы туулган К.К., аттуу жарандын дүкөнүнө барышып 50 сомдук “Кока-Кола” суусундук, ...

0 295

Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп шайланды

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева казак парламентинин жогорку палатасы – Сенаттын төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.  Бүгүн президент катары ант берген Касым-Жомарт Токаев Сенатты жетектөөгө Назарбаеванын талапкерлигин сунуш кылды. 55 жаштагы Дарига Назарбаева буга чейин Сенаттын эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетин башкарган. Ага чейин вице-премьер-министрдин кызматын аркалаган. 65 жаштагы Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берип, президенттик ...

0 535

Миллиондорду чогулткан “Сапат” салык төлөөдөн качууда

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева билдирди. - Биз эмне үчүн бул ишканалар Соцфондко төлөмдөрдү төкпөй жаткандыгы боюнча анализ жүргүздүк. Алар тиешелүү сумманы төлөшү үчүн чара көрүү керек болчу. Компаниялар эбегейсиз суммадагы карызды чогултуп, андан соң кечип жиберүүгө жол бербеш керек. Мындан бюджетке 500 млн. сомго жакын зыян келүүдө,- деп кайрылды депутат Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевге. Ал ...

0 286

Депутаттар малдай өлтүрүлүп жатса, карапайым эле кайда барат?

Маалыматка ылайык, ошол күнү болжол менен саат 03:05те ИИББнын нөөмөт бөлүмүнө эркек адамдын өлтүрөлгөндүгү тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге тез арада жетип келген ыкчамтергөө тобу азия түспөлүндөгү 20-25 жаштагы адамдын бычакталып жаткандыгын көрүшкөн. Бул факт ички иштер органы тарабынан катоого алынып, “Адам өлтүрүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки териштирүү учурунда өлтүрөлгөн 29 жаштагы Тилек Сеитбеков Чүй районундагы ...

0 159

Ноокатта он чөө атылып жок кылынды

Бул жөнүндө Ош-Баткен аңчылар коомунун тескөөчүсү Улукбек Сейдалиев кабарлады. Маалыматка караганда, жырткычтарды жок кылуу максатында жүрүп жаткан атайын рейд мындан ары Ош облсунун бардык райондорунда дагы улантылат. Бул иш-чараны Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Оштогу жетекчисинин орун басары Турат Сатимбаев өзү жетектеп атат. - Жырткычтар соңку тапта айыл чарбасына жана коен, суур, кекилик, кыргоол сыяктуу жапайы жаныбарларга кесепетин ...

0 410

Равшан, сен жалап-жуктабаган АША калдыбы?!

Ал жерде сага орун жок! Кечээ эле Атамбаевди “тепкилеп” келаткан Равшан Жээнбеков 17-мартта Атамбаевдин тарапташы экенин билдирип, бүгүнкү бийликтин дарегине ачуу сөздөрүн “жаадырды”. Анын мындай хамелеондой кубулмалыгын сынга алгандар көп болууда. Бул боюнча Султанбек аттуу интернет колдонуучу да Azattyk.org сайтына төмөнкүдөй пикирин жазды: - Айланайын Равшан, кудайды карап бетпак болбойсунбу? Оппозиция деген ыймансыздар менен абийирсиздер, кудайдан жөө качкандар менен ууру-кескилер, бандиттер ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 388

Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат, же Атамбаевдин айткандарынын канчасы чын да, канчасы калп?

Жаз келди... Саясат кайнай баштады... Бийликти узурпациялагандыгын мойнуна алды Адатта цивилдүү өлкөлөрдө жалпы улуттук деңгээлдеги тарыхый окуяларды бийликтегилер менен оппозициячылдар, башка ар кандай багыттардагы, көз караштардагы саясый күчтөр биргеликте белгилешет. Андай окуялар жалпы улутту бириктирүү үчүн кызмат кылат. Тилекке каршы, Аксы окуясын экс-президент Алмаз Атамбаев жана анын айланасындагылар эл менен бийликти кайраштырып, ынтымакты ыдыратып, аймактарды бөлүп жаруу максатында пайдаланышкандыктарына бардыгыбыз ...

0 454

Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери: «Чегарага чектеш аймакта жашагандардын турмушун көрүп жүрөгүм ооруду...»

Президент Сооронбай Жээнбеков өзү киришип, тажик коллегасы менен чек ара сызыгын толук тактабаса бул чыр токтобойт. - Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин Баткенге чек ара жаңжалы башталар замат жөнөп кеткендигиңизди ар кандай кабыл алышты. “Кырдаалдан пайдаланып жеңил пиар жасап жатат”- дегендер да чыкты... - Ким кандай кабыл алат, бул ал адамдын өз эрки. Менин табиятым ушундай, элимдин башына оор иш түшкөндө жөн гана ...

0 361

ВИДЕО - Дастан Жумабеков Атамбаевдин сынына жооп кайтарды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттин дарегине айткан сынына жооп кайтарды. Жумабеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйнынында сөз сүйлөп, Атамбаевдин башкаруусундагы жылдарда коррупциялык механизмдер өнүгүп, бийликти узурпациялоо аракети болгонун билдирди. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Дастанбек Жумабеков Атамбаев өлкөнү башкарып турган жылдары парламентке кысым сезилип турганын жана өзүнүн кемчиликтерин парламентке оодаруу аракети болгонун белгиледи. “Кыргыз элин карызга батырган бул - парламент ...

0 4398

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: "Кудай Атамбаевге окшогон президентти кыргызга экинчи жолотпосун"

20-март 2019, 11:20 Кызгалдак Жакыпова

Денгээлдин таразасы "Айтпайын десем акмаксың, айтайын десем байкушсуң"- дегендей эле иш болуп калды.  А.Атамбаев адатынча эл алдына чыгып дагы бир топ оюна келгенди балп эттирди. Мейли эми ал Атамбаевдин адаттагы иши деп коелу. Кыргызым ойлонолучу. Чын эле жалпы элибиздин  түшүнүк деңгээли ушунчалык төмөн куладыбы? Байкашымча кыргыз элинин акыл-эс түшүнүгү  ордунда эле турат. Болгону А.Атамбаев гана кыргыз элин деңгээли төмөн караңгы, дагы өз ...

0 271

"Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чеби кулады

АКШ колдогон сириялык оппозициялык күчтөр Сириянын чыгышындагы Багхуз шаарын ээлешти. Багхуз "Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чеби деп саналчу. Жүздөгөн согушкерлер багынып беришкени кабарланды. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Сирия демократиялык күчтөрүнүн басма сөз катчысы Мустафа Бали “Багхуздагы лагерди ээлөө – чоң кадам болгону менен, жеңиш тууралуу айтууга али эрте” деп билдирди. ИМ тобунун көзөмөлү алдында Евфрат суусунун жээгиндеги чакан аянт калды. ...

0 115

Европа: Бул ач көздүк саясаттын соңу эмнеге алып келди? Илим-билим, технологиянын кызматы!...

20-март 2019, 10:46 Кызгалдак Жакыпова

Билим дегенде, өтө позитивдүү ойлонбоңуз. Кайсы бир илимий проект каржылаганда байытабы, күчтөндүрөбү деген ойдун негизинде гана каржыланган. Дүйнөдөгү адамзаттын бактылуулугун кантип көбөйтөбүз дегендей темадагы изилдөөлөр спонсор таап ишке ашуусу кыйын болчу. Мисалы жаш балдардын психологиясын изилдеп, дагы канткенде аларды бактылуу кыла алабыз дегендей изилдөө менен, уйларда сүттүүлүктү көбөйтүүчү химиялык зат ойлоп табуу сыяктуу эки изилдөөнүн кайсынысы изилдениши мүмкүн? Албетте экинчиси.

0 62

Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө 2019-жылдын 19-мартына карата маалыматы

Министрлик 2019-жылдагы айыл чарба талаачылык иштерине  айдап себүү жана оруп жыйноо иштерин өз убагында өткөрүү  максатында,“2019-жылы мезгилдик айыл чарба талаа жумуштарын өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №10-б буйругу 2019-жылдын 1-февралында кабыл алынды. Аталган буйрукка ылайык, 2019-жылдын түшүмү үчүн  жалпы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 1219,4 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырганда 4,6 миң ...

0 165

Сүрөт - Кашкар Джунушалиев Жалал-Абад ОИИБнин имаратында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборун ачты

Кечээ, 19-март күнү ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун“2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоо” Жарлыгынын талаптарын  ишке ашыруу максатында, ички иштер министрлиги тарабынан Жалал-Абад  облустук  милициянын имаратында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборун ачуу аземине катышты. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев  “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген  мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ...

0 68

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында аудиокитептер жазылып, балдар үчүн мультфильмдер кыргыз тилине которулат

18-март күнү Жогорку Кеӊеште Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жыйын жүрүшүндө белгиленген иш-чаралардын аткарылышы, үнөмдөлгөн каражаттарды жумшоо боюнча кеңири сөз болду. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Талкуунун учурунда негизги көңүл үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу маселесине бурулду. Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынан бөлүнгөн каражаттан 20 млн сом үнөмдөлгөн. Мына ...

0 1076

Төлөгөн Наралиев, Апрель Баатыры: “Чолпон Төрөкулов унааны айдап бара жатып, Талас шаарында авария кылган”

19-март 2019, 21:13 Кызгалдак Жакыпова

Бул төмөндөгү сүрөттөгү автомобиль 00-02 ТА номериндеги автоунаа. Аварияга чейин КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратына мыйзамдуу катталган. Азыр Талас областынын административдик балансынан Бакай-Ата районунун айыл-чарба департаментинин балансына өткөн. Тилекке каршы чыры бүтө элек экендигин Талас обулусунун тургуну Төлөгөн Наралиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди. Ал, “бул транспортту 2016-жылдын 28-декабрь күнү, түнкү саат 23-00дөн кийин ошол убактагы Талас ...

0 797

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович ЖЭЭНБЕКОВго АЧЫК КАЙРЫЛУУ

19-март 2019, 20:19 Кызгалдак Жакыпова

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Биз, «Кыргыз  элинин кайра жаралуу Курултайынын  катышуучулары, Сиз демилгелеген Кыргыз көчүн улап, өтө тынчсыздануу менен Сизге кайрылып жатабыз. Сиз,Кыргыз Республикасынын Президенти катары, бир нече ирет төмөнкү мааниде элге айттыңыз эле: -Конституцияны жана мыйзамдарды бузууга жол берилбейт; -соттордун чечимдеринин аткарылышы катуу көзөмөлгө алынат-ар бир адамдын мыйзамдуу укуктары корголот/ Бирок,  жогорудагы Сиз тараптан айтылган убадалардын аткарылышы дээрлик жокко эсе ...

0 974

Урмат Акунов: “Алмазбек Атамбаев Аксыда курман болгондорго эмес өзүнө саясый Куран окутту”

19-март 2019, 20:07 Кызгалдак Жакыпова

--Урмат мырза, саясый курмандыктын уулу катары айтсаңыз, Аксы окуясын эскерүү кандай өттү? --Мурдагы президент буга чейин элдерге берген убадасын эки жолу Өкмөт башчы, бир жолу президент болгондо дагы бир дагы убадасын аткарып элдин кызыкчылыгын көздөй алган эмес. Кыргызда сөз бар: "эркектин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн" деген. Аксы окуясында курман болгондорго жана атам Бектемир Акуновдун өлүмүн 2010-жылы ...

0 800

ЧУКУЛ КАБАР: Нурсултан Назарбаев отставкага кетти

19-март 2019, 19:46 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти. Бул тууралуу Казакстандын ММК жазып чыкты. Маалыматка таянсак Нурсултан Назарбаев жергиликтүү телеканалдардын биринен төмөнкүчө билдирди.  "Я принял решение прекратить свои полномочия в качестве президента, - заявил Назарбаев во внеочередном обращении в эфире республиканских телеканалов. - В этом году исполнится 30 лет, как я занимаю самый высокий пост. Народ дал мне возможность быть первым президентом независимого ...

0 583

Максат Чегирткеев, Апрель Баатыры: “Атамбаев мага бир тыйын жардам бербей, Фарид акчаны алып койгон”

Апрель окуясынын баатыры "Айкөл Ала-Тоо Жаштар" коомдук бирикмесинин мүчөсү, учурда 3 баланын атасы Максат Чегирткеев менен кандуу каргашалуу апрель окуясы тууралуу баарлаштык. --Алгач, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз? --Мен Максат Чегирткеев 1990-жылы Ысык-Көл областынын Түп районун Түп айылында туулгам. Үй-бүлөлүүмүн. --Апрель окуясына барганыңыздын себебин айтып бересизби? --Адилеттүү бийликти орнотуу үчүн баргам. Мен 19:30 чамасында ашказан жагыма ок тийди. Окту алыш үчүн 6 сааттык операция кылынган. ...

0 315

ИИМ: Ош шаарында министр Кашкар Джунушалиевдин катышуусунда Ак-Буура милиция бөлүмүнүн базасындагы жаңы №4 шаардык милиция бөлүмүнүн ачылышы өттү

19-март 2019, 19:11 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин түштүк аймакка болгон кызматтык иш-сапарынын жүрүшүндө 19-март күнү Ош шаарында Курманжан датка кичирайонунда жайгашкан Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн базасындагы №4 шаардык милиция бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Мурат Боронов, Ош ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов, шаардык башкармалыктарынын  милиция бөлүмүнүн жетекчилери менен өздүк курамы ...

0 122

ИИМдин Академиясында Кыргыз милициясынын окуу жайынын 50 жылдыгына карата курстар арасында «Саптык ыр» кароо-сынагы болуп өттү

19-март 2019, 19:06 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.А. Алиев атындагы Академиясында Кыргыз милициясын окуу жайынын 50 жылдыгына карата курстар арасында «Саптык ыр»  кароо-сынагы болуп өттү. Иш-чаранын максаты — ИИМдин окуу жайында окушкан курсанттарды эли-жерин сүйүүгө жана мекенчилдикке тарбиялоо. Аталган сынакка Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Джоробекова А.М., Афган согушунун ардагерлер кеңешинин башчысынын орун басары Азимов А.К. жана Афган согушунун Ардагерлер кеңешинин мүчөсү Сагыналиев Ч.О., Академиянын ыкчам ишмердүүлүк ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 107

Президент Сооронбай Жээнбеков: Биз чет өлкөлөр менен кызматташууда экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонушубуз керек

19-март 2019, 18:05 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-мартта, Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Ибрагим Жунусовду, АКШдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Болот Отунбаевди, Германиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Эринес Оторбаевди, Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ) Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Чынгыз Эшимбековду жана Казакстандын Алматы шаарындагы Башкы консул Алиясбек Алымкуловду кабыл алды. Кыргызстандын чет өлкөлөр менен болгон эки тараптуу жана көп ...

0 183

Атамбаевдин чындыкка коошпогон сөздөрүнө эл тоюп бүттү

19-март 2019, 17:49 Кызгалдак Жакыпова

“Кеп ошондо” программасында журналист Нарын Айып мындан 17 жыл мурда болгон Аксы окуясынын хронологиясына токтолуп, бул окуяда Бекназаровдун орду, аны коргоо кыймылы, аны колдогон Аксы элине карата бийликтин ок атуусу, ачкачылык акциясы, каза болгондор, соттук өкүм, акталуусу жана Акаевдик бийликке каршы толкундоолор, Бишкек жана Жалал-Абаддагы митингдер тууралуу маалымат берди. Бул окуяга салыштырып Өмүрбек Текебаевдин Атамбаевге импичмет жарыялагандан кийин Атамбаевдин бийлигинин ...

0 1303

“Коопсуз шаар” айдоочуларды митингге чыгарабы?

19-март 2019, 17:43 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев кезектеги сессия учурунда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айдоочулар нааразы болуп жатышкандыгы тууралуу айтып жатып билдирди. К. Мүзүралиевдин айтуусунда, шаардыктарда “бакыт каты” боюнча көптөгөн суроолору пайда болууда. "ГАИде айыппулдар туура эмес жазылган жарандардын узун кезеги жаралууда. Инспекторлор түңкү саат үчтө да жолго чыгып алып, айып салышууда. Бирок айрым жерлерде алардын ...

0 6506

Акматбек Келдибеков: “Атамбаев сен кимсиң элдин атынан сүйлөгөндөй”

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы, мурдагы депутат, саясатчы, коомдук ишмер Акматбек Келдибеков менен аксы окуясы жана Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрү тууралуу ой бөлүштүк. --Ахматбек мырза, каргашалуу Аксы окуясына 17-жыл болуптур.  Акыркы мезгилде  Аксы окуясын саясатташтырып жиберишкен жокпу? --Мен антип айтпас элем. Анткени, ал каргашалуу окуяны унутууга, эстен чыгарууга мүмкүн эмес. Анткени, ал окуяны 17 жыл ...

0 261

Караколдо 300 сом карыз үчүн аялын чаап ийген кишини бөтөлкөлөшү бычактап салды

Каргаша болор күнү маркум шектүүнүн үй-бүлөсү менен чогуу арак ичишкен. Каракол шаарында 16-мартта эркек киши теңтушун бычак менен ичке сайган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун милициясынын маалымат кызматы билдирди. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү окуя болгон жерге дароо барып, бычак жеген 43 жаштагы К.Д. аттуу жаранды табышкан. Ал облустук ооруканага жеткирилип, кийинки күнү каза болгон. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестерге катталып, ...

0 462

Масалиев КСДПны коалициядан чыгарууну сунуштайт

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев коалициялык көпчүлүктөгү фракция лидерлерине КСДП фракциясын коалициядан чыгаруу боюнча кайрылганы жатат. Ал бул тууралуу «Азаттыкка» билдирип, коалиция КСДПнын тагдырын чечиш керектигин айтты. Бул тууралуу Азаттык билдирди. «Мен өткөн жылы май айында КСДП фракциясын коалициядан чыгарууну сунуштагам. Бул азыр да актуалдуу. Бирок азырынча расмий кагаз түрүндө кат бере элекмин. Эки-үч күндө ошол сунушту кайталаганга даярданып ...

0 1080

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын билдирүүсү

Бийлик Кыргызстандагы эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезитин кысымга алууга киришти. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жасалма айыптар менен гезит жетекчилерин тынымсыз суракка чакырып, басым көрсөтүп жатат. Бул сөз эркиндигин кысымга алууга жана калктын ар тараптуу маалымат алуусуна жол бербөөгө тете көрүнүш. Бийликтин бул аракети Кыргызстандын Баш мыйзамы болгон Конституциянын 31-беренесинин 1,2-бөлүмүнө, 33-беренесинин 1-бөлүмүнө карама-каршы келет. Буга жол берилбеш керек! “Бүтүн ...

0 193

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ИИМдин Өкүлчүлүгү укук бузууларды алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат

Социалдык тармактарда Россия Федерациясынын Якутск шаарында (Саха Республикасы) жасалган зордуктоо фактысы жөнүндө маалымат тарап жатат.  Кылмыш иши жергиликтүү коомдук резонансты жаратып, шектелип жаткан адам Кыргызстандын тургуну экендиги көрсөтүлгөн. Жогорудагы факты боюнча толук маалыматты берүү максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ИИМдин Өкүлчүлүгү төмөнкүлөрдү билдирет. 2019-жылдын 17-март күнү балдар аянтчасынан уурдап кеткен Якутск шаарынын жашоочусу (ал киши) зордуктоочунун курмандыгы  болуп, аймактык укук коргоо органдарына кайрылган. ...

0 311

Атамбаев жазгы сезонду ийгиликтүү ачып, “катын” ушакка өттү

19-март 2019, 10:38 Кызгалдак Жакыпова

Жыл сайын жаз келери менен өлкөдөгү саясий күчтөр жандана түшөт. Мындай көрүнүшкө көнүп деле бүттүк. Быйылкы «сезонду» кышта бир жолу «үн каткан» бойдон «чээнге кирип кеткен» кадимки «балп этме» байкебиз Алмазбек Атамбаев ачты. Бийликтен кеткенден бери, улам бир жан-жөкөрүнүн миллиондон уурдаган кыңыр иши ачыкка чыгып, элдин АШАга болгон жек көрүүсү күн санап өсүп жатсада байкебиздин бети кызарайын деген түрү жок. Башкасын ...

0 758

Атамбаевдин каарына калган саясий туткундардын тизмеси түзүлдү

19-март 2019, 10:20 Кызгалдак Жакыпова

Саясий туткундардын укугун коргоо комитети саясий негизде соттолгондордун тизмесин түздү. Коомдук уюмдун аныктоосуна ылайык, 2016-2017-жылдары кылмыш иштердин негизинде саясий негизде 26 киши соттолгон. Алардын катарында, Дин иштери боюнча комиссиясынын жетекчиси Тойгонбек Калматов, экс-вице-премьер Бекболот Талгарбеков, президенттик кызматка талапкер болгон Толубай Колубаев, Биринчи Май райондук сотунун мурдагы жетекчиси Марат Султанов, «Элдик парламенттин» мүчөсү Александр Гусев, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, ...

0 762

Халмурзаев “саунада” жаткан дейби?

19-март 2019, 10:14 Кызгалдак Жакыпова

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Калмурзаевдин ишке жөндөмсүз экени кечээги Ак-Сайдагы чыр-чатакта дагы бир ирет тастыкталды. Бул нойон жеке бизнесин гана гүлдөтүп, саунасында чалкалап жатканы ачыкка чыкты. Болбосо ар бир көйгөйлүүү участоктордо кандайдыр бир ишти баштардын алдында дыкат даярдыктарды көрүп, анан кадам шилтеши зарыл болчу. Өкмөттүн өкүлү элди «эмне кылсаң ошол кыл» деп таштап койгондугунун айынан жергиликтүү калк мүшкүл ...

0 381

Киттин ашказанынан 40 килограмм пластикалык баштык чыкты

Жээкке чыккан киттин курсагынан көп сандаган пластикалык баштык менен бирге 16 күрүч кабынын чыккандыгы тууралуу маалымат берилди. Филиппиндерде жээкке чыккан бир киттин ашказанынан 40 килограмм пластикалык баштык чыгарылды. Англис БиБиСинин кабарына караганда Давао шаарынын чыгышында D'Bone Collector музейинин кызматкерлери тарабынан жээкке чыккан киттин ашказанынан 40 килограмм пластикалык баштык чыгарылды. Музей бир фейсбук эсебинен берген маалыматында жаныбардын ашказанынын бир китте эч болбогончолук көп пластикалык ...

0 277

Сооронбай Жээнбеков досунун илдетин качан текшертет?

19-март 2019, 09:59 Кызгалдак Жакыпова

Алмазбск Атамбаевдин өтүшүп кеткен өтө оор илдети бар экени бир катар саясатчылар тарабынан бир нече ирет козголуп, психикалык жактан текшерүү сунушу айтылып келишкен. Ал сөздөргө анча деле маани берген эмсспиз. Бирок, бул синдромдун белгилсри Аксы окуясын эскерүү иш-чарасында дагы байкалып, оору кабылдап кеткени байкалды. Дегенибиз, 2017-жылы таза шайлоо өткөргөнүн, тынч кеткенин эң негизги жетишкендиги катары тынбай айтып келген. 17-мартта «Сокени алып ...

0 222

“Талтайган” КСДП эми бийликке “ХОПпазиция” эмес – “ОППАзиция”

19-март 2019, 09:37 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы эми мындан ары оппозиция. Бул тууралуу маалыматты партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева расмий билдирди. «КСДП - эми расмий түрдө оппозициялык партия болгондуктан мындан ары бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына сын-пикир айтабыз. Андыктан элди чоочуткан эч кандай саясый ккадам деле жок, 2020-жылы оппозициячыл партия катары парламенттик шайлоого аттанабыз»- деген пикирин айтты. Белгилей кетсек аталган партияны түптөгөндөрдүн саны көбөйүп учурда ич ...

0 98

Бензинге биоэтанол кошуу менен экологиялык, экономикалык кырдаалды жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралууда

  18-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Биоотун жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам долбоору боюнча КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, азыркы тапта биоэкономика доорунда энергияны жана материалдарды кайра жаӊылануучу чийки заттарды пайдаланган биотехнологияга негизделген экономикага кадам ...

0 261

Лейла Сыдыкова: "Эмне үчүн жазык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы бар?"

2019-жылдын 1-январынан баштап ишке кирген жаңы жазык мыйзамдары орчундуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Буга эмне себеп болду? Бул суроого укуктук эксперт Лейла Сыдыкова кеңири жооп берет. Сөз Жазык кодексиндеги толуктоолор жөнүндө болмокчу. Чакырыктарга жооп иретинде жасалган реформалар Сыдыкованын айтуусунда, биздин жана дүйнөлүк коомчулук туш келе турган белгилүү бир чакырыктар бар.  «Реформа бир эле адамга же адамдардын тобуна эле туш келбейт, бул мезгилдин талабы жана локалдык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 586

Азимжан Аскаров түрмөгө которулду

Өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров убактылуу кармоочу жайдан Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 абакка которулду. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова №19 абак атайын өмүр бою кесилгендерге ылайыкташтырылып салынганын, Аскаров буга чейин ден соолугуна байланыштуу №47 абакта да кармалып турганын билдирди. Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы ...

0 418

Кыргызстанда курамында "гейлерди" бар оппозиция түзүлдү

18-март 2019, 16:34 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 17-мартта жаңы оппозициялык күч түзүлдү. Анын курамына Экс-президент Алмаз Атамбаев, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, жакында эле "гей" параддын катышуучусу Равшан Жээнбеков, мурда Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөн Адил Турдукуловдор кирди. "Жогорку кеңеште оппозиция болуш керек эле жок! Ошондуктан оппозиция Форумда түзүлүп жатат"-деп жарыялады А.Турдукулов. Коомчулукта курамында "гей" парадда жүргөн саясатчылар дагы кошулуп алганын сынга алып талкуулап жатышат. Булак: NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83