www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
0 303

КСДП оппозицияга өткөнүн жарыялады

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялады. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул тууралуу буга чейин да айтылганын, эми алардын мындан аркы иш-аракеттери тууралуу айтып берди: Бул тууралуу Азаттык билдирди. «КСДП - эми расмий түрдө оппозициячыл партия. Ар кандай оппозициялык күчтөрдөй эле биз бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына сын-пикир айтабыз. Алтернативалуу сунуштарды беребиз. Ошондой эле 2020-жылы оппозициячыл партия катары ...

0 1846

Сөөктөр тобу менен көмүлгөн көрүстөн табылды

Иракта 76 кишинин сөөгү тобу менен көмүлгөн жаңы көрүстөн табылды. Ирактын Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Мосулдун Синжар районунда сөөктөр тобу менен көмүлгөн жаңы көрүстөн табылганы маалымдалды. Билдирүүдө бул көрүстөндө 76 сөөктүн көмүлгөндүгү белгиленди. Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунун Диний иштер министрлиги 5-мартта, террордук уюм ДЕАШ террористтери тарабынан 2014-жылдын 3-августунан бери көпчүлүгү Синжарда жашаган езидилерге каршы жасалган кылмыштарга байланыштуу айрым көрсөткүчтөрдү бөлүшкөн ...

0 556

Атамбаев ачуусуна чыдабай оюна келгенди оттоп баштады

18-март 2019, 15:40 Кызгалдак Жакыпова

"Чычып алган колун аябайт"-деген сөз дал ушул Атамбаевге жарашып турат. Ал, президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин деле кийинки келген ажону башкарып отура берем деп ойлогон. Анын тилеги орундалбай, президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн саясатын жүргүзө баштады. Мындайга чыдабаган Алмазбек Атамбаев көп жолу Жээнбековдун дарегине кемсинткен төмөн сөздөрдү айтты. Бирок, ажо анын чалды-куйду сөздөрүнө жооп берген жок. Тек гана теңелбей, өзүнүн жолу менен кетип жатат. Эми, ...

0 236

Адылбек Акматов: "Баткенде чек арада оор жүк ташуучу тыгындар көбөйдү "

18-март 2019, 13:26 Кызгалдак Жакыпова

Баткендеги учурдагы кырдаал тууралуу жеринен NazarNews.kg маалымат агенттигине Адылбек Акматов кабарлады.  --Учурда Баткен облусунда кырдаал туруктуу, чек ара жабык боюнча турат. Ондогон азык-түлүк, күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу автоунаалар Лейлек, Сүлүктүгө өтө алышпай турат. Мындай кырдаалдан улам, аталган аймакта азык-түлүк жана күйүүчү май, курулуш материалдарынын каатчылыгын пайда кылары талашсыз. Оор жүк тарткан мындай чоң унаалар Тажикстандын чек арасын айланып өтүүчү Аксай - ...

0 638

Бөдөш Мамырова: “Аксы окусында шейиттер арамза айлакер саясатчыларга жасалма жүздөргө каршы болуп өмүрлөрү кыйылган”

18-март 2019, 13:07 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин экс-вице спикер Бөдөш Мамырова Аксы окусындагы жана учурдагы саясый кырдаал тууралуу NazarNews маалымат агенттигине пикирин билдирди. --“Өлбөгөн жанга жаз да келди»-демекчи биз тирүүлөр Аксы окуясынан берки 17жазды эскерүү менен тосуп атабыз. Акаевдик башкаруу системасындагы бийлик өз элине ок аткан башкача айтканда өз талаптары менен келе жаткан, тынчтык мезгилде ок менен тосуп, кырчындай кыргыз азаматтарын олтуруп, элдин эсин эки кылып, ...

0 877

Форумдагы Атамбаевдин митингине гейлер дагы келип катышты

18-март 2019, 13:03 Кызгалдак Жакыпова

Жакында Равшан Жээнбеков Бишкекте гей-парад өткөргөн. Ошол окуядан кийин Равшан Жээнбековго эч ким кошулбай, жийиркенип, жада калса кол берип учурашкысы келбей калган. Ошол "гей-параддын генералы" Равшан Жээнбеков экс-президент өткөргөн Форумдагы митингдин эң сыйлуу коногу болуп, Атамбаевден кийин эле сөз алып сүйлөдү. Атамбаев элдин ишениминен чыгып, арбактарды курал кылып, куран окуттум деп эл чогултту эле. Эми мынтип гейлердин жүрүшүндөгү сыйлуу конокторду чакырып ...

0 767

Атамбаевде бет жок экен

18-март 2019, 12:30 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 17-мартта Аксы курмандыктарын эскерип Алмаз Атамбаев 4 жылкы союп, Форумда куран окутат экен миш тараган.  Мусулман парзын кылып, өзү дагы ажы эмеспи, калың элдин алдына чыгып, көзүн сүзүп, сүлкүлдөп куран окуп, анан адатына салып калптан чыгарган арманын айтып ак элем, көк элем, жашыл элем деп актанды? Атамбаевде бет деген жок экен, эми арбактарды тынч койбой, өзүнүн пайдасына колдонуп жатат! ...

18-март 2019, 12:30 | 767
0 593

Фарид Ниязов экинчи Василевецкийди тапты

18-март 2019, 12:25 Кызгалдак Жакыпова

Алмазбек Атамбаевдин идеологу татар Фарид Ниязов качып кеткен жөөт Алексей Василевецкийдин ордуна жаңы акыл кошчуну тааптыр, Слепнев деген жөөттү. Ага 17-марттагы “Форумдун” алдында чыгып сүйлөчү сөзүн жазып бер деп тиешелүү багыттарды берген.  Бул экөө кыргыздын кулк-мүнөзүн билбесе, АША дагы ушуларга ишенген кызык экен. Ушул экөө жарытылуу кандай акыл айтышат, же Фариддин акылдары Атамбаевди качан жыргатты эле?  Эми кайрадан кыргыз элине ...

0 751

Турсунбек Бейшенбеков, жаш саясатчы: "Алмаз Шаршенович, уятсыздыктын дагы чеги болот го, уялыңыз!"

18-март 2019, 12:21 Кызгалдак Жакыпова

Аксы курмандыктарын эскерип, куран окутам деген экс президент элди чогултуп алып, калпты-чынды аралаштырып бакылдап жатат. Атамбаев куран түшүрөт дегенде үмүт кылган арбактар, Атамбаевдин сөзүнөн кийин бир көрүнөн оодарылып кеткендир. Себеби, Атамбаев аксылык маркумдарды айтпай эле, "мен жакшы иштегем, мен акылдуу, калганы бүт жаман" деп  сүйлөп жатат. Барынан кызыгы, "Ислам Каримов мени кетирем деп канча аракет кылды"-деп аны да кыпчып кетти. ...

0 431

Сүрөт - Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосундагы чыр-чатак чыккан аймакта коомдук коопсуздукту туруктуулукту камсыз кылып келүүдө

Ички иштер органдарынын бөлүмдөрү башка күч органдары менен биргеликте Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосундагы чыр-чатак чыккан аймакта коомдук коопсуздукту туруктуулукту камсыз кылып келүүдө. Эки тараптын тиешелүү  органдарынын  сүйлөшүүлөрү  уланууда. Ошондой эле, сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов катышууда. Азыркы учурда, ички иштер министрлиги чек ара кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте чек ара аймагындагы абалды жакшыртуу жана тынчтыкты, туурулуктулукту камсыздоо максатында комплекстүү иш-чараларды  жүргүзүп келүүдө. Мурда, келишкендей ...

0 101

Рак менен ооруган балдар бөлүмүнө жардам берилет

“Helpthechildren-SKD” фонду жана Иран ислам републикасынын Бишкектеги элчилиги Улуттук онкология жана гематология борборундагы балдар бөлүмүнө жардам көрсөтөт. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Алар 19-мартта Нооруз майрамын утурлай бөлүмгө компьютер жана принтер белек кылышат. Ошондой эле 104 миң сомдук кымбат-баалуу витаминдер алынды. Ар бир балага сүрөт тартуучу мольберт, бойок кагаздары менен тартууланат. Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам рак оорулары ...

0 477

Сүрөт - "Манас" аэропортуна бараткан айдоочу жолдун боюнда бакты сүзүп, 29 жаштагы жигит каза болду

Эл аралык "Манас" аэропортуна бараткан жолдун боюнда жайгашкан Ак-Жол айылында автоунаа бакты сүзүп, ичиндеги айдоочу мүрт кетти. Автоунаа ичинде 18 жаштагы кыз жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Автокырсык 17-мартта болжол менен кечки саат 23:00дө болгон. Маалыматта Nissan Primera автокөлүгү Эл аралык "Манас" аэропортунан Бишкекти көздөй келе жатканда кырсыктаганы айтылат.  "Алдын ала маалыматтар боюнча ичиндеги ...

0 98

Сүрөт - Эйфель мунарасында кызыктуу жарыш

Париждин символу Эйфель мунарасында кызыктуу мелдеш өткөрүлдү. 130 спортчу, жыл сайын миллиондогон турист барган мунаранын 1.665 баскычтан турган тепкичтеринен ылдам чуркап чыгуу үчүн жарышты. Спортчулар кереметтүү Париж көрүнүшүнүн коштоосунда күч сынашты. Алардын арасында баардык жаш курактагы спортчулар бар эле. Эркектер арасында жарышты 7 мүнөт 53 секунддук даражасы менен Пётр Лобоцинский  жеңди. Пётр бул жеңиши менен удаама-удаа бешинчи жолу Эйфель муранасына эң ылдам чуркап чыккан ысым болду. Аялдар арасында ...

0 1155

Англияда ата-эне кызынын органдары менен беш баланын өмүрүн сактап калды

Улуу Британияда 10 жашар кызынын жүрөгүн, өпкөсүн, боорун, уйку бези менен эки бөйрөгүн муктаж наристелерге берген ата-эне беш баланын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды. Англиянын Херстпирпойнт кыштагында жашаган Элла Тэтчер балдар арасында сейрек кездешүүчү талма — Драве синдрому менен жабыркап келгени айтылат. 10 жаштагы кыздын ата-энеси чүрпөсүнүн жакшы болорунан үмүт үзгөн эмес. 2018-жылы Элла илдети күчөп, ооруканага түшөт. Кайсы бир ...

0 170

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү митингине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Митингде курман болгондордун элесине арналып Куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү  өткөрүлүп, эстеликке гүлчамбар коюлду. Мамлекет башчысы  өз сөзүндө «Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол ...

0 1133

ФОТОРЕПОРТАЖ: Депутаттар даярдалган чуңкурларга көчөттөрдү "сайып, сайып" коюп, фотосессия кылып кетип калышты...

16-март 2019, 22:08 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн өлкө боюнча ишембилик өтүп жатат. Ага карата Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери менен депутаттар ишембиликке чыгып, Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварын тазалап, көчөттөр отургузулду. Кызыгы, бир күн мурда мэрия таштандыларды тазалап, чуңкурларды казып даярдап кетти. Бүгүн болсо депутаттар даяр чуңкурларга көчөттөрдү сайып, сүрөткө түшүп алып жөнөп кетишти. Мындай маалыматты pk.kg сайты жазып чыкты.  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, ишембилик эртең мененки саат 09:30га ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 540

Кубатбек Маматкулов: “Кыргызстандагы жаш ветеринардык врачтар чет өлкөгө жөнөп кетишти”

16-март 2019, 19:40 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз  Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин колдоосу алдында Ветеринардык  палата  менен Республикалык мал дарыгерлер коомдук бирикмесинин эл аралык байланыштарынын алкагында, Кыргызстандан 4 жаш ветеринардык адис Польша жана Япония өлкөлөрүнө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз Республикасынын  Ветеринардык палата” мекемесинин директору Кубатбек Маматкулов билдирди. --Жеке ветеринардык адистер Саалаев Талант жана Төлөмүшөв Сыргак Польша мамлекетинин ...

0 3483

Камчыбек Ташиев: “Баткендеги чек ара маселесине президент Сооронбай Жээнбеков өзү сүйлөшүү жүргүзүү керек”

16-март 2019, 21:05 Кызгалдак Жакыпова

13-14-мартта Баткен облусуна караштуу Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, жыйынтыгында тажик тараптан эки жаран каза тапкандыгы жана кыргыз тараптан 10 чакты жаран жабыр тарткан. Чыр башталгандан кийин мамлекеттик тийиштүү кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары Баткендеги чек ара маселеси боюнча расмий эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Таку ушул таптарда жаңжал чыккан жерде эки мамлекеттин ортосундагы расмий бийликтин ...

0 439

Фоторепортаж - Президент Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде ишембиликке катышты

16-март 2019, 17:59 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана КР Президентинин Аппаратынын кызматкерлери бүгүн, 16-мартта, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде ишембилик өткөрүштү. Ишембилик Куран окутуудан башталды. Ишембиликте мемориалдык комплекстин территориясы  жана анын айланасы тазаланды. Булак: NazarNews.kg

0 317

ИИМ: Кашкар Джунушалиев Баткенде өздүк курамдын күчөтүлгөн тартип өтөөсүн текшерип алар менен бирге болду

16-март 2019, 17:42 Кызгалдак Жакыпова

Учурда  Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик органдары  биргелешип эл арасында аткарылып жаткан маселелер боюнча түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүү иш-аракеттери көрүлүүдө. Түнү бою кыргыз жана тажик милициясынын биргелешкен патруль тобу чек ара такталбаган аймактарда кызмат өтөштү. Эч кандай мыйзам бузуулар жана тартип бузуулар катталган жок. Абал туруктуу. 15-марттын кечинде Кашкар Джунушалиев күчөтүлгөн режимде ...

0 6527

СҮРӨТ - Чыныгы генерал Жаныш Бакиевди бүгүнкү туулган күнү менен куттуктайбыз!

16-март 2019, 17:16 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 16-мартта мурдагы президенттик күзөт кызматынын башчысы, ''экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин туулган күнү. Ал бүгүн 61 жашка толду. Жаныш Бакиев агасы президент болгонго чейин эле эл оозуна алынган, өз кызматын татыктуу аткара билген, жогору жактын мактоосуна татыган кызматкерлерден болгон. Тагыраак айтканда, эл аралык террорчуларга каршы күрөштө Милициянын полковниги Жаныш Бакиевге Ата-Мекенди коргоодо көрсөткөн жеке ...

0 700

Надира Нарматова, экс-депутат:“Гей параддын уюштуруучулары, чет мамлекеттин каражатына азгырылышып, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө уят кылышты”

16-март 2019, 16:07 Кызгалдак Жакыпова

-Чынын айтыш керек. Гей параддын уюштуруучулары, чет мамлекеттин каражатына азгырылышып, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө уят кылышты. Гейпараддын биринчи жолу биздин өлкөдө  өтүшү улуттук менталитетке шек келтирген жат көрүнүш  болду. Демократияга жамынып алып, адам укуктарын коргоо деген шылтоону бетине кармап, бейөкмөт уюмдардын чет өлкөлөргө проект жазышып,  каражат алышып, батыштагы терс көрүнүштөрдүн ,биздин өлкөгө да келишине шарт түзүшү орунсуз болуп калды. Натыйжада гейлер, ...

0 874

Мечиттеги чабуулдан кийин төрт адам кармалды

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитке чабуул жасагандарга айып тагылды. Бул тууралуу өлкөнүн полициясынын башчысы Майк Буш кабарлады. 49 адамдын өмүрүн алган теракт боюнча жалпысынан төрт адам кармалды. Алардын бири 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант аттуу адам экени кабарланды. Ал Интернетке мигранттарга каршы манифест жарыялап, андан соң мечитке кол салганын түз эфирде көрсөткөн. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирет. 15-мартта Жаңы Зеландиянын ...

0 471

Сүрөт - ИИМ: Кашкар Джунушалиев Ак Сай айылында денесинен жаракат алган жарандарды абалы менен таанышты

Бүгүн, 16-мартта Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев  2019-жылдын 13-14-мартында ок атуучу куралдан денесинен жаракат алган жарандардын ал-ахыбалы менен Баткен облустук  ооруканасынын хирургия бөлүмүнө барып таанышты. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Алардын ден-соолуктарын сурап, кандай кошумча медициналык жардам керек болсо бериле тургандыгын айтып, алардын тез сакайып кетишин каалады.  Жаракат алгандардын арасында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда оң бутуна ок жаңылган Баткен райондук ...

0 187

Төрага Дастанбек Жумабеков: “Борбор калаадагы жашоо-шартты жакшыртууга жана шаарларды жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруу керек”

Бүгүн, 16-мартта Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, Аппараттын жана Иш башкармалыктын кызматкерлери борбор калаанын Эркиндик бульварында уюштурулган ишембиликке катышты. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара шаарлардагы жана республиканын калктуу пунктарындагы санитардык абалды жакшыртуу, көрктөндүрүү жана бак-дарактуу аймактардын аянтын кеңейтүү багытында жарыяланган үч айлыктын алкагында өткөрүлдү. Ишембиликке катышкандар Эркиндик бульварына 350 эмен көчөтүн отургузуп, жол жээктериндеги ...

0 145

Сүрөт - Ички иштер органдарынын кызматкерлери республикалык ишембиликке активдүү катышышты

Кыргыз Республикасынын калк жыш жайгашкан пунктарында жана шаардын аймагында социалдык инфрасктураны, санитардык абалды жакшыртуу  жана жашылдандыруу максатында 2019-жылдын 16-март күнү жалпы республикалык ишембилик өткөрүлдү. 2019-жылдын 16-март күнү Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында ишембилик өттү. Ишембиликке Борбордук аппараттын кызматкерлери менен жумушчулары катышышты. Салтка ылайык, тартип сакчылары тазалоону өздөрүнүн иш бөлмөлөрүнөн, административдик иммараттан жана өздөрүнө тиешелүү аймактардан башташты. Түзүмдүн ынтымактуу жамааты чарбачылык жабдыктардын жардамы менен өздөрүнө тиешелүү аймактарын тазалашты.   Кызматкерлерибиздин биримдиги кандай гана жумуш ...

0 694

Кара булут каптап турган чек арада жайгашкан Ак-Сай Баткен үчүн эле эмес өлкө үчүн да өзгөчө стратегиялык аймак

16-март 2019, 18:15 Кызгалдак Жакыпова

Ак-Сай айылы Баткен облусу үчүн эле эмес, өлкө үчүн да өзгөчө стратегиялык аймак. Ар тарабы Тажикстан менен чектешен Ак-Сай  аркылуу Лейлек району менен Сүлүктү шаарына жана Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айылдарына жол өтсө, Баткен районуна Төрт Гүл каналы аркылуу суу өтөт. Жол экономиканын артериясы болсо, суу өмүрдүн булагы. Мына ушул өңүттөн алып караганда алакандай болгон Ак-Cай айылынын баасы өлкө үчүн канчалык экендигин ...

0 364

Эмнеге бийлик "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесин тартып алгысы келет?

16-март 2019, 11:14 Кызгалдак Жакыпова

Урматтуу калайык калк, Кыргызстандын коомчулугу! Биз, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясында жара­кат алган жарандардын башын бириктирген «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси түзүлгөн. Ошол убакыттан тартып Апрель элдик революциясынын даңа­залап жана анын максаттарын ишке ашыруу максатында бир топ ишчараларды өткөзүп ке­лебиз. Коомчулукка маалым болгон­дой 2018-жылы 17-мартында «Айкөл Ала-Тоо» коомдук би­рикмесинин мурдагы төрагасы М. Мискенбаев, Апрель элдик революциясынын башкы себеби К. Бакиевдин үй ...

0 1602

ҮЗӨНГҮ-КУУШ... ТЕКЕБАЕВДИН «ОЮНУ

16-март 2019, 11:08 Кызгалдак Жакыпова

Аксыдагы кандуу окуянын арманы али муздай элек кезде, арадан эки айга жакын убакыт өтүп-өтпөй, 2002-жылдын 17-майында Аскар Акаевдин бийлиги Үзөңгү-Куушту Кытай тарапка өткөрүп берүү боюнча даярдалган документти ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңешке алып келет. Ошондо ал документке кар­шы пикирин билдирип парламенттеги бир топ эл өкүлү залды таштап чыгып ке­тет. Алар менен бирге «Ата-Мекен» пар­тиясынын лидери Ө. Текебаев дагы кошо жөнөйт. Натыйжада ...

0 142

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдары менен жолугушту. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди. Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөш, сот-укуктук реформага байланыштуу өлкөнүн бардык тармактарындагы реформаларды ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанда болуп жаткан жаңылануулар жана өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Ал бизнес кылуу үчүн шарттарды жакшыртуу жана жагымдуу инвестициялык жагдай түзүү үчүн бардык чаралар ...

0 769

Мирзохалим Каримов, кыргыз-тажик жазуучусу: “Кыргыз Бабаңар – Манастын, тарыхый баатырды баатыр кылган Тажик Энеңер – Санирабиганын арбактары колдосун”

15-март 2019, 19:53 Кызгалдак Жакыпова

Амансыңарбы, кыргыз-тажик урпактарыбыз? Заманыңар зар какшатып, геосаясый кызыкчылыктын таламай оюнунда ири державалардын ортосунда дүйнөнү, анын ичинде Орто Азиядагы майда «чабактарды» жутуп алуу мелдеши жүрүп жаткан татаал учурда бири-бириңдин кадыр-баркыңа жетпей адашып жүргөнүңөрдү сезгенибизден улам, биз деле кабырыбызда тынч жата албай калдык. Ошого байланыштуу, азиз перзенттерибиз, келечегиңерден кам санап, силерге Аталык жана Энелик керээз айтып коёлу дедик.

0 1432

Айбек Артыкбаев: “Сооронбай Шарипович, чек арадагы маселени учурунда токтото албагандарды жоопко тартыңыз”

15-март 2019, 18:37 Кызгалдак Жакыпова

Адилеттүүлүктү айтып кээ бир сабатсыз КР Өкмөт мүчөлөрүн критикаласаң эле душман болуп чыга калат экенсиң! Өткөндө КР Өкмөтүнүн кээ-бир мүчөлөрүн критикалап койсом бүтүндөй Өкмөттүн аппараты баш болуп, калган Өкмөт мүчөлөрүнүн орун басарлары төш болуп мени жаман көрүштү! Айланайын туугандар критиканы туура кабыл алып, мага окшогон Кыргыздын уул-кыздарын душман кылбай, кетирген кемчилигиңерди оңдосонор жакшы болот эле, башка өлкөлөргө шерменде болбой! Кечээ ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1332

Турсунбек Акун гей парадка катышкан Эдил Байсалов, Рита Карасартова жана Равшан Жээнбеков тууралуу пикирин айтты

15-март 2019, 17:40 Кызгалдак Жакыпова

Турсунбек Акун менен коомчулуктун көңүл борборуна айланган гейпарад боюнча баарлаштык. -Турсунбек мырза, гейпарад коомдун кызуу талкуусуна айланып, анын катышуучулары коомчулуктун сынына кабылышты. Бирок, Рита Карсартова, Равшан Жээнбеков, Эдил Байсаловдор  атайылап гей парадга барбаганын айтып жатышат го? -Алардын да айтканы туура. 8-мартта жылдагыдай эле аялдардын укугун коргогон жүрүшкө чыгабыз деген максатта чыгышса керек. Мекенибизде зордук-зомбулукка кабылып жаткан аялдар бар экени  чындык. Бирок, ошондой ...

0 880

Нурлан Мотуев мэр Суракматовго “кара дуба” жасаганбы?

15-март 2019, 16:30 Кызгалдак Жакыпова

Нурлан Мотуев өзүнүн Фейсбук баракчасына Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго кара дуба жасаганын жазып кайра өчүрүп салган.  Мотуев, “менин мэрге жасаган кара дубамдын апогейи”, деп өзүнүн пикирин төмөнкүчө калтырган. "Даарат-намазы жок ыплас, дуба бата менен иши жок дөөпөрөс мобу Азиз бүгүн чоң жаңылып, элдин каар-каргышына калды. Отставкасын талап кылгандар Фейсбукчулардын 90 проценти болдуго десем, калп дебестирсиңер. Атайлаппы же андоостонбу, айтор гейлерге, ...

0 1921

КАЙРЫЛУУ: Мени алдап кеткен “алдамчы ууруларга чара көрүлбөсө, акыркы кадамга барамын”

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековго КАЙРЫЛУУ Урматтуу Президент, Сизди Кыргыз Республикасынын ар жашоочусунун Атасы катары билебиз жана сыйлоого милдеттүүбүз. Бирок ошол эле убакта СИЗДИН кол алдыңызда иштеген жан жөкөлөрүңүздүн карапайым элге кылган мамилеси душмандарга кылгандай элес калтырат. Биз карапайым адамбыз: СИЗДЕН бийлик сурап, кызмат сурап, акча сурап барбайбыз. СИЗ Кыргызстанда жашаган ар бир адамдын өмүрүнүн, копсуздугунун гаранты катары билебиз. Мен катардагы ...

0 400

"Эйр Кыргызстанды" банкрот кылган Бектургановду Абылгазиев калкалайт

15-март 2019, 14:56 Кызгалдак Жакыпова

"Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы 300 миллион сомдон ашык карызга батып, 100дөн ашык кызматкери жумушсуз отурат. Депутат Зиядин Жамалдинов авиакомпаниянын мындай кырдаалга кабылганына директору Жолдош Бектургановду түздөн-түз күнөөлүү деп эсептейт. Бул туурасында: "Бектурганов жетекчи болуп келгенде бул авиакомпанияда 5-6 учак бар эле. Анын баары ар тараптуу иштечү. Таң калычтуу, ушул күндө анын балансында бир да учак калбаптыр. Кала берсе, авиакомпания 302 млн. сом карызга ...

0 146

Февраль айында “Северэлектро” бөлүштүрүүчү компания тарабынан 973,1 млн. сом чогултулду...

Февраль айында  “Северэлектро” бөлүштүрүү тармактарына 675 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2018- жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 47,6 млн. кВт.саатка аз.“Северэлектро” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 965,6 млн. сомду түзүп, анын 973,1 млн. сому (100,8 %) чогултулган. Февраль айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында –100,6 %, бюджеттик уюмдардан –126,6 %, айыл чарба объектилеринен – 100,9 %, өндүрүштүк объектилерден- 97,3 ...

0 3027

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Ал жерде гейлердин бар экенин чыны менен билген эмеспиз”

15-март 2019, 14:36 Кызгалдак Жакыпова

8-марттагы маршка аялдардын укугун коргоо максатында катышып, түрдүү сынга кабылган Равшан Жээнбековду кепке тартып, аларга коюлган дооматтардын чын бышыгын билүүгө аракет кылдык. -Равшан мырза, коомчулуктун сынына кабылткан маршка кандайча барып калдыңар? -Бул марш аялдардын, кыздардын укугун коргогон, жана 8-мартты белгилеген марш болмок. Ошон үчүн  Рита Карасартова, Өндүрүш Токтонасыров жана Эдил Байсаловго окшогон саясатчылар менен, граждандык коомдук өкүлдөрү барганбыз. Биз ал маршка гейлерди колдоп ...

0 218

ИИМ: Министр Кашкар Джунушалиев кече түнү Баткен облусуна барып, бүгүн таң эртең менен Баткен облусунун Аксай айылында Баткен ОИИБдин өздүк курамына жыйын өткөрдү

  Министр Кашкар Джунушалиев кече түнү  Баткен облусуна барып, бүгүн 15-март күнү таңында Баткен районунун Аксай айылында ички иштер министринин орун басары  Мирлан Каниметовдун  катышуусу менен  Баткен ОИИБдин, шаардык, райондук бөлүмдөрдүн кызматтарынын башчылары менен өздүк курамына жыйын өткөрдү. Жыйында Кашкар Джунушалиев кыргыз-тажик аймагында жайгашкан  мамлекеттик чек арадагы абалды жөнгө салуу менен коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча тапшырмаларды коюп, андан сырткары башка күч түзүмдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү ...

0 405

Кеңешбек Дүйшөбаев, коомдук ишмер: " Атамбаев Кыргызстанды каалагандай калчады"

15-март 2019, 12:41 Кызгалдак Жакыпова

Бакиевдердин доорунда аларга каршы күрөшкө чыгып, бир муштумдай түйүлүп, кийин бийлик колдоруна тийгенде мамилелери бекемделмек тургай бузулуп, бийлик алмашканда соттошо баштаган Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон Кеңешбек Дүйшөбаевди кепке тартып, соттун 100 миң сом төлөсүн деген чечими тууралуу баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.  -Кеңешбек мырза, үч саясатчы биригип, экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана анын маегин чагылдырган “Апрель” телеканалын жалпы жонунан үчөөңөр 18 миллион ...

0 240

Канатбек Абдыкеримов калпычы, алдамчыбы?

15-март 2019, 12:38 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов "Кыргыз темир жолу" ишканасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Казакстандын жараны Хасанов Алимжан жумуштан алынганы жалган экенин айтып, мекеменин жетекчиси, тескерисинче, аны ошол эле ыйгарым укуктар менен кеңешчи кылып алганын билдирди. Эл өкүлү өз сөзүндө: "Маселенп өткөн жылы көтөргенүмдө, "Кыргыз темир жолу" Хасановдун жумуштан кеткенин кабарлаган. Көрсө элди, депутаттарды алдап коюптур. Бүгүнкү күндө ишкананын жетекчиси ...

0 3271

Салимбай бойваччани тирек туткан Жалил Атамбаев мыйзамыңды урдум деп кылмыштуу аракеттерин уланта береби?

15-март 2019, 12:18 Кызгалдак Жакыпова

Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагында жайгашкан “Бел-Алма” көмүр кени, алтындын чоң өлчөмү табылган “Шамбесай” кени өз айланасындагы чыр-чатак жана коррупцияга байланышкан жагдай боюнча “Кумтөрдөн” кийинки эле орунда тургандай. Неге дегенде, 2017–2018-жылдардагы 10 миңге чейин адам катышкан нааразылык акциялары, толкундоолор — ​милиция менен элдин кагылышуулары буга күбө. Себеби, аталган көмүр кени 2010-жылдан бери 5–6 башка тоо-кен компанияларынын биринин колунан экинчисине өтүп, коррупциячыл бийликке ...

0 430

Жогорку Кеңештин депутаттары чек арадагы кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн Баткенге жөнөп кетти

15-март 2019, 11:53 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен кабар алуу үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу маалыматты ЖК басма-сөз кызматы билдирди. Төрага Дастанбек Жумабеков Баткенге сапар алган депутаттар ...

0 253

ИИМ: Сүйүн Өмүрзаков Вена шаарында өтүп жаткан Баңгизаттар боюнча комиссиянын 62-сессиясына катышууда

15-март 2019, 11:43 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков  2019-жылдын 14-15-март күндөрү Вена шаарында өтүп жаткан баңгизаттар боюнча комиссиянын 62-сессиясына катышууда. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.  Өз кезегинде Сүйүн Өмүрзаков сессиясынын отурумунда Кыргыз Республикасы акыркы 10-жыл ичинде 1961-1971-1988-жылдардагы БУУнун негизги үч баңгизаттарга каршы конвенциясынын милдеттерин аткарууда 2009-жылы кабыл алынган Саясий Декларация жана Дүйнөлүк көйгөй болгон ...

0 643

Алмазбек Каримов, 8-каналдын жетекчиси: "Бакиевди сагынган жокмун, Атамбаев экөөнүн айрымасын гана айтып жатам"

15-март 2019, 11:37 Кызгалдак Жакыпова

Президентикке талапкер болгон, өз көз карашы, кандай кырдаал болсо да өзгөчө оюу бар Алмазбек Каримов менен кыргыз саясатындагы айрым жагдайлар тууралуу ой бөлүштүк. -Алмазбек мырза, Курманбек Бакиевдин иниси Адылбек Бакиев 2010-жылкы революцияда бийликти сактап калуу үчүн ок аттырышпаганын айтып, Форум тараптан элге атайын  курал берилгенин айтыптыр. Бирок, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү андай болбогонун айтышат. Сиз кимисинин айтканына ынанасыз? -Ар ким өзүнө ыңгайлуу сөздөрдү ...

0 361

Өмүркулов «жетим жүгүрүккө» айландыбы?

15-март 2019, 11:16 Кызгалдак Жакыпова

КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов өзүнүн кадырын такыр кетирип бүттү. Премъер-министр же спикерлик кызматты алуу үчүн КСДПны ичтен иритип, Атамбаевди жек көрсөтүүгө болгон аракетинен майнап чыгара албай убара. Бийликтин жогорку сересиндеги үлкөндөр «качан бул иштин аягына чыкканда сураган кызматыңды беребиз» дешип, «жетим жүгүрүккө» айлантып алышканы Ак үйдө жомок болуп айтылып жатат. Ошондон улам күзгө дейре убакыт берилип, Абылгазиев да, Жумабеков да ордунда ...

0 973

ИИМ: Кашкар Джунушалиев түнү менен Баткенге барды

15-март 2019, 11:00 Кызгалдак Жакыпова

Министр Кашкар Джунушалиев кече түнү Баткен облусуна барып, бүгүн таң эртең менен Баткен облусунун Аксай айылында Баткен ОИИБдин өздүк курамына жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди. Министр Кашкар Джунушалиев кече түнү  Баткен облусуна барып, бүгүн 15-март күнү таңында Баткен районунун Аксай айылында ички иштер министринин орун басары  Мирлан Каниметовдун  катышуусу менен  Баткен ОИИБдин, шаардык, райондук бөлүмдөрдүн кызматтарынын башчылары менен ...

0 155

Осмоналиев эми сындабайт, акыл айтат

15-март 2019, 10:49 Кызгалдак Жакыпова

Билим берүү тармагын алынын жетишинче сындап келген Кайрат Осмоналиев аталган тармакты тейлеген министр Гүлмира Кудайбердиеванын кеңешчиси болуп дайындалды. Буга дейре министр Гүлмира айымдын баскан-турганы-нан кынтык издеп, кылт эткен жаңылыштыгын баса калып турчу эле. Эми кантээр экен? Алчу кызматы кеңешчилик тура. Мынча болду эми билим берүү тармагын реформа кылчу акыл-кеңешин аябай, министрге туура багыт көрсөтсө болгону. Мурда сындаса, эми мактап жардан алыс учурбай... Булак: ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 837

Тажик бийлиги чек ара боюнча коңгуроо какты

15-март 2019, 10:38 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим кыргыз-тажик чек келгендигин Өкмөттүн басма сөз кызматынын басма сөз өкүлү Чыңгыз Эсенгулов карлады:  --Урматтуу кесиптештер, учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. Окуя болгон жерге мамлекеттик органдардын кырдаалды турукташтыруу боюнча иштерин координациялаш үчүн Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим жөнөтүлгөн», деп билдирүү таратты. Эсенгулов чектеш райондордо мындан аркы эскалацияга ...

0 2556

Атамбаев эл алдына чыгат

15-март 2019, 14:46 Кызгалдак Жакыпова

17-март күнү борборубуздагы «7-апрель» көчөсүндө жайгашкан «Медиа-форумдун имаратынын ал­дында 2002-жылдын жазында анда­гы бийликтин огунан курман бол­гон азаматтарды эскерип, алардын элесине куран түшүрүү вазийпасы болоору айтылып жатат. Ошол кан­дуу окуядан тарта ушул күнгө чей­ин аталган имараттын аймагында ар жылы сайын мындай эскерүүөткөрүлүп келген. Экс-президент А. Атамбаев да убагында 2002-жыл­дын 17-марттын, 2005-жылдын 24-март күнүн, 2010-жылдын 7-апрель окуяларын суверендүү мамлекетибиздин тарыхындагы Кыргыз элинин ...

15-март 2019, 14:46 | 2556
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83