www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
0 235

Сооронбай Жээнбеков: Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алабыз

13-июнь 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

«Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алабыз – биздин мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү баскычына көтөрөбүз», –  деп баса белгиледи  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы  Си Цзиньпин менен анын Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн кеңири курамдагы жолугушууда.  Мамлекет башчысы Кытайдын Төрагасы менен болгон быйылкы жылдагы үчүнчү жолугушуу өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын ...

0 316

Экөөбүз жолугушубуз керек...

13-июнь 2019, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

-  Саламатсыңбы! Кош майрамдар менен! - Күтүлбөгөн жерден баракчама кат келди. - Жакшы, рахмат, өзүңүз? Ошол боюнча башка күнү сүйлөштүк. Ал учурда мен үчүн маанилүү эмес элеңиз. Мен үчүн баары бир эле. Жооп бергим келбей жатып жазчумун. Ага карабай тез-тез жазып турдуңуз. Жактырып калганыңызды айттыңыз. Анда деле маани берчү эмесмин. Азыр ошол күндөр кайрылып келсе кана! Күндөн-күнгө жакындап, менин ...

0 253

Саламаттык сактоодогу кадрдык башаламандык же Сагынбаева мамлекеттин эркесине айланганда

13-июнь 2019, 12:04 Айдар Нуралиев

ЖК депутаты Аида Исмаилова Космосбек Чолпонбаев башында турган Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык саясатын кескин сынга алды. Анын айтымында, Кыргыз мамлекеттик кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институнун ректору болуп Рустам Курманов дайындалган. Анын чуулу коррупциялык иштерге тийешеси бар. “2016-жылы Башкы прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүнөн улам, 12 кылмыш иши козголгон.  Жыйынтыгында, дары-дармек менен камсыздоо тармагындагы аткаминерлердин шалаакылыгынан мамлекет ...

0 329

ШОСко мамлекет жетекчилери келди, Атамбаевдин “сөөлөтү” жок го?

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султанда ЕврАзЭСтин  жыйыны болду. Экс-президент Нурсултан Назарбаевди чакырышып, Белорус мамлекет башчысы Александр Лукашенко аны мактады эле,  отургандардын оозу ачылып калды. Лукашенко ар кимди мактай бербейт, ал Бээжинге Си Цзиньпиндин чакыруусу менен чоң форумга барып, бирок аягын күтпөй кетип калган. Анын себебин талдоочулар Путин менен кайым айтыша кеткенине байланыштырган. Нур-Султанга барып Нурсултан акени өлө мактаганы, балким Путин менен ...

0 192

Жоор эшекке учкашкандар кимди жаарытмак эле?

13-июнь 2019, 11:14 Кызгалдак Жакыпова

Учурда кайсыл кыйын чыкмалар бийликтин эркелерине айланышты? И‑ии билбесең кулагыңа күмүш сыргаларды тагып коелу. 2005-жылдан кийин кимдер “кара жерди” муз кылып жылгаяк тепти эле? Албетте, бакийдин этегине жармашып оокатын кылгандар жыргабады беле? Тимеле айдан түшкөн хандай сезишип чартаңбай тээп, жаркөптөй кайнаганын эч ким унуткан жок, туурабы? Кийин башка бийлик келип сегиз жыл “акыр” аңдыгандардын учурда чечекейи чеч болуп калды. ...

0 1996

Салянова абакта кыйноого кабылды же эски телефон менен отурган келинди ким коргойт?

13-июнь 2019, 11:30 Айдар Нуралиев

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча, СИЗО – 1 абагына киргизилген экс- башкы прокурор Аида Салянованын туугандары ага карата кыйноо болгондугун айтып чыгышты. Аида Салянованын эжеси Чынара Турдалиеванын жергиликтүү ММКларга берген маалыматына караганда, Салянова азыр өтө начар акыбалда. Ал тез арада ооруканага жатып дарыланууга муктаж. СИЗО – 1 мекемесинин медициналык бөлүмүндө керектүү жабдыктар жана дары-дармектер жетишсиз болгондуктан, башкы ...

0 182

Жыргалбек Турускулов, ЖК депутаты: «Тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарып, анын өмүр жолуна арналган бурч уюштурулса жакшы болмок»

13-июнь 2019, 11:04 Кызгалдак Жакыпова

Быйыл белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык маарекеси белгиленгени турат. Мен буга чейин ордо калаадагы Тарых музейине анын ысымын ыйгаруу жөнүндө маселе көтөргөн элем. Жаӊыдан оӊдоп-түзөлгөн Тарых музейи ушул кезге чейин ачылбай турат, эмне үчүн? Аны тезинен ачыш керек. Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турускулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. «Мага Түркиядан телефон чалып, музейдин тезинен ачылышын суранып ...

0 328

Анвар Артыковдун акылына Жогорку Кеңеш “зарбы?”

13-июнь 2019, 10:47 Кызгалдак Жакыпова

“Кечээги жыйындан кийин, кечээги айтылган сөздөрдү “разборка” кылдыңар. Мен айтат элем убакыт баарын өзү таразалайт. Алмазбек Атамбаев 6 жыл иштеди, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу саясый туруктуулук болду. Атамбаев өзү катачылыктарын кетиргенин айтып жатат. Адашканын мойнуна алды”, деди бүгүн, 13-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Анвар Артыков. Ага кошумча, Кыргызстандагы уурулуктун баарын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге илип койбош керектигин айтып, өзүн ...

0 125

Президент Сооронбай Жээнбековдун КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү

13-июнь 2019, 10:37 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 13-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген. Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпин Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана ...

0 163

Дмитрий Медведевдин  твиттерин  хакерлер талкалашкан

13-июнь 2019, 10:21 Айдар Нуралиев

Хаккерлер Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин  твиттердеги (Twitter) аккаунттун талкалап киришкен. Бул тууралуу РИА Новости билдирет. Интернет-колдонуучулары орус өкмөт башчысынын атынан Ирактын Орусиядагы элчиси Хайдар Хадинин жарыялоосуна  кызыктай жооптор жазылып жатканын байкашкан.Комментарийлерди тез  эле өчүрүп салышкан. Орусия өкмөтүнүн өкүлдөрү, Медведевдин каттоо тизмесине кирүү калыбына келгендигин такташты. Булак: NazarNews.kg

0 368

Олигархтар өлкөгө коркунуч жаратабы?

13-июнь 2019, 10:12 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда акчаны самандай сапырып, бирок, аябай сараң олигархтар саналуу эле. Алардын катарына кошулам деп чебелектеп жүргөндөр деле жок эмес, бар. Ток этерин айтсак эки жүзгө чукул чыныгы капчыгы калыңдар жүрөт өпкөсүн казанбактай кылып. Так ушулар акыркы жыйырма жылда бийликке шатысы жок жетип, ого бетер байлык жыйноого жол ачып алышты. Мамлекеттик майлуу кызматтарды чеңгелдешкендиктен элдин ырыскысын чак түштө тартып алууга ...

0 181

Казакстанда адамдарды кармоо уланууда

13-июнь 2019, 15:20 Айдар Нуралиев

12-июнда Алматанын Астана аянтында полиция кармоо жүргүздү. Окуя болгон жерде жүргөн «Учур чактын» ("Настоящего времени") репортеру,  кечки саат 19:30 да 100 гө чукул адам кармалганын кабарлады. Башында полиция аталган райондогу карылар менен аялдарды документ текшерүү шылтоосу менен автобуста текшерип карашкан. Кечке маал полиция аталган жерге жакындагандарды эле кармап баштаган. Кармалгандардын арасында жарандык активисттер да бар. Нур-Султан шаарында «Байтерек» монументинин алдына чыккан беш адам ...

0 2417

Атамбаев жакында камалат...

13-июнь 2019, 09:42 Кызгалдак Жакыпова

Шанхай кызматташтык уюмунан кийин саясый оюндар күч алышы мүмкүн. Айрым маалыматтарга таянсак крим төбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылып кетишине буюртманы берген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экендигин, учурда камакта жаткан Аида Салянова көрсөтмө берген. Эске сала кетсек буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында саясый куугунтукка алынгандар жана депутаттар “бийликти узурпация кылып алган” деген айыптап, “Атамбаев камакка алынышы ...

13-июнь 2019, 09:42 | 2417
0 147

Теңчиликти эл күтүүдө. Маселе чече албаган парламенттин кереги барбы?

13-июнь 2019, 09:36 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз мамлекетинде көйгөйлөр былгып кетти. Мындан байлар жүдөгөн жок, байкуш карапайым жарандар жадады. Бир эле маселени козгоону туура таптык. Маселен гектарлап жерди өзүнө имерип алган ак жакалуулар азыр каерде дардаңдап отурушат. Албетте, ак үйдө, өкмөттө, парламентте, министрликтерде, областтык, райондук кеңселерде чапанын желбегей жамынып, кембагалдарга чамынып, шайлоого камынып отурган кези. Аттиң, төрт сотых жерге зар болуп, же болбосо он жыл ...

0 933

Илмияновдун камакта экени чынбы?

13-июнь 2019, 09:04 Айдар Нуралиев

Ың-жыңы жок болгон Икрамжан Илмияновдун камакта жатканына ишенбегендер да чыга баштаганы ырас. Анткени былтыр күздөн бери жалгыз камералык “люкста” жаткан кишиден түк кабар жок. Жактоочусу ким экенин деле билбейбиз. Чамасы ага жактоочулук милдетти бийликтеги “көмүскө генералдар” аткарып жатса керек. Себеби “шопур” деген каймана атка конгон бул мырзанын ичинде сактаган далай урунттуу сырлары бар. Анткени анын аракетисиз үлкөн “операциялар” жүзөгө ашырылмак ...

0 159

Чыңгыз Айдарбеков Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту

13-июнь 2019, 08:52 Айдар Нуралиев

КР тышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбеков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту. КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын аймагында жайгашкан уран калдык сактагычтарын калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1625

АУДИО - Урматбек Акунов: “Атамбаев, Райым Матраимовдун каны менен колун боёгонго даярдана баштады"

Аудиофайл 12-июнь 2019, 22:47 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков Жогорку Кеңешти «чимкирик» деп атаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда айткан сөзүнө жооп катары бир нече мисалдарды келтирип, ачуу сын-пикирлерди ортого таштады. Бүгүнкү айтылган Жогорку Кеңеште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана Атамбаевдин оозунан түшпөй айтылып келе жаткан айтылуу Райымбек Матраимов тууралуу коомчулуктун пикирин угууну туура көрдүк. Анда кеп кезеги Нарын облусунун тургуну, активист ...

0 131

Кыргызстанга КЭР Төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик визит менен келди

12-июнь 2019, 21:41 Кызгалдак Жакыпова

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келди. Эл аралык «Манас» аэропортунан Си Цзиньпинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Мамлекеттик визиттин алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин эртең, 13-июнда, Президент Сооронбай Жээнбеков менен кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат. КЭР Төрагасынын мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун ...

0 135

Президент Сооронбай Жээнбеков БУУ Башкы катчысынын орун басары Розмари ДиКарло менен жолугушту

12-июнь 2019, 19:40 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген БУУ Башкы катчысынын саясий маселелер жана тынчтык маселелери боюнча орун басары Розмари ДиКарло менен жолугушту. Кыргызстан менен БУУ ортосундагы биргелешкен кызматташтыктын олуттуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы ШКУ дүйнө коомчулугуна эл аралык өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу жана динамикалуу форматын көрсөтүп жатканын белгиледи. Президент демократиянын принциптерин ...

0 127

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушуусу

12-июнь 2019, 19:14 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 12-июнда Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын Кыргыз Республикасына расмий визит менен келди. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын кеңири курамдагы жолугушуусу болду, анын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду. Мамлекеттер башчылары өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелердин дараметин арттырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Жолугушуу соңунда Сооронбай Жээнбеков жана Халтмаагийн Баттулга жалпыга ...

0 126

Жапониянын өкмөт башчысы Иранга баратат

12-июнь 2019, 18:46 Кызгалдак Жакыпова

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин Ирандагы расмий сапары башталууда. Мындай жогорку даражадагы жапон аткаминери Тегеранга 1978-жылдан бери бара элек болчу. Тегеранда жапон өкмөт башчысы Абэ аятолла Али Хаменеи жана президент Хасан Роухани менен жолугушат. Жолго чыгаардын алдында Синдзо Абэ Жакынкы Чыгыштагы чыңалган абалга тынчсызданып турганын айткан эле. - Бул чөлкөмдөгү тынчтыкка жана туруктуулукка күчүм жетишинче салым кошкум келет, - деди ал. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы ...

0 156

ФОТОРЕПОРТАЖ - Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты

12-июнь 2019, 18:19 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана өлкөгө расмий сапары менен келген Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Монголиянын Президенти Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялар учурунда курман болгондорду эскерип гүлчамбар койду.

0 230

Нурланбек Шакиев, коомдук ишмер: “Атамбаев кысчу жерин кысып отурсун!”

12-июнь 2019, 18:12 Кызгалдак Жакыпова

– Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов кызматтан алынды. Аны журналистке жасаган кылыгы үчүн эле алыштыбы? – Премьер-министр Туйгуналы Абдраимовдун кылыгына өзүнүн баасын бербедиби, “аткаруу бийлигинин абройуна көлөкө түшүрдү”, – деп айтты. Мындан артык дагы кандай баа болот? Абдраимовду дароо, токтоосуз түрдө кызматтан алып, анан ушул билдирүүсүн жарыя кылса болмок. Бирок, бир аз кечиксе да, акыйкат чечим кабыл алды. Туйгуналы ...

0 270

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: “Бийлик менен тил табышуу үмүтү иш жүзүндө аткарылбасына көзү жетти”

12-июнь 2019, 18:24 Кызгалдак Жакыпова

Алмазбек Атамбаев 8-июнда өткөн КСДПнын митингинде “саясий куугунтук токтобосо, президент Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетүүгө чакырык таштаарын” ачык жарыялады. Анын бул аракети өзүнө болчу чабуулду алдын алуубу же президенттин айласын кетирүүнун аракетиби? – Алмаз Шаршенович бийликтин философиясын жана ички эрежесин өтө жакшы билет. Ошондуктан, алдын ала өзүнүн саясый коопсуздук камын көрүү иш аракетин жүргүзө баштады. Анткени, бийлик менен тил табышуу ...

0 175

“Кадамжай” коому Канатбек Мурзахалиловду акимдикке көрсөтүүдө

12-июнь 2019, 17:54 Кызгалдак Жакыпова

“Кадамжай” коому Кадамжай районунун акиминин кызмат ордуна талапкер катары Канатбек Мурзахалиловду сунуштап, өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевге жана Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровго кайрылуу жолдошту. Кайрылууда талапкердин районго, элге кылган эмгектери зор экендиги белгиленген. Ошондой эле, көптөгөн жылдар бою коомдук уюмдарда кызмат кылып, сырткы мигранттар менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткандыгына токтолушкан. Мындан сырткары, инвестиция, райондун ...

0 187

Эски телефондун үчүн камалган келин тууралуу Башкыпрокуратурага кат жиберилди

13-июнь 2019, 08:44 Кызгалдак Жакыпова

Бишкекте боюнда бар келин эски телефон урдап, бирок, аны ээсине кайтарганына карабай камалып кеткен. Бул маалыматты Акыйкатчы институту такташты. Аталган келин Бишкектеги  №1 тергөө абагында жатат. Маалыматка ылайык, акыйкатчы ТоконМамытов 12-июндатергөөабагынакирип, келинмененбаарлашкандаалэскителефонду алганы үчүнкармалганын, аныээсинекайтарыпбергенинекарабайкамалганын, 1 жаш 2 айлыкбаласыбарэкенинжанакошбойлууэкенинбилдирген. Ал аял буга чейин акыйкатчыга арыз жазып, анда Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсүменеништикараган судьянын аракетине баа берүүнүөтүнгөн. Мамытов билдиргендей, Свердлов райондук соту бөгөт чарасынаныктоодо келиндин ...

0 700

Жээнбековдун башкаруу иштеринде 40 жылдык тажрыйбасы бар же Атамбаевдин жөнөкөй чындыкты түшүнбөй жатканы тууралуу

12-июнь 2019, 17:01 Кызгалдак Жакыпова

АША кайсыл монологунда болбосун аракеттеги президентти да өзүнүн И.Илмиянов, Б.Сүйүнбаев, А.Ибраимов, З.Сариева, С.Исаков сыяктуу досторундай көчөдөн эле мамлекеттеги эң чоң бийликке келип калгандай көрсөтүүгө аракеттенет. Ал АШАнын кудайга да жакпаган көп калптарынын бири 8-июнда “Форумдун” алдындагы сөзүндө да ошондой калпын дагы бир ирет кайталады. Чындыгында Сооронбай Жээнбеков чарбалык, башкаруу иштеринде 40 жылдык тажрыйбасы бар, колхоздук иштерден мамлекеттик эң чоң ...

0 259

«Чимкириктердин атаманы» чимкиригин Атамбаевге сүйкөдү

12-июнь 2019, 20:08 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин төрагасы бар, Жумабеков Дастан деген, өзүнүн кадыр-баркы бир колхоздун бригадиринен төмөн. Бирок Иса Өмүркуловдун «Журт атасы» Алмазбек Шаршенович бул шордууну мурдунан жетелеп келип, парламентке төрага кылган. Мурун Асылбек Жээнбеков менен Чыныбай Турсунбековдор төрага болушкан. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп жатышып булар өз функциясын аткарышкан. Бирок, акеси Сабыр Жумабековдун «биссимилдасы» менен депутат болуп келген жүдөмүш Жумабеков Дастан ...

0 176

Халтмаагийн Баттулга Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды

12-июнь 2019, 16:52 Айдар Нуралиев

Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды. Монголия Президенти белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлде өнүктүрүү боюнча активдүү чаралар көрүлүүдө. Халтмаагийн Баттулга жолугушуулардын активдешкенин жана Кыргызстан менен Монголия ортосундагы сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлге чыкканын канааттануу менен баса белгиледи. «Саясий мамилелердин өнүгүүсү башка чөйрөдөгү өнүгүүгө ...

0 208

Ороктогу кыргыз-түрк мушташы жыйынтыгын чыгарды, Чүйдүн «сулуу» губернатору ишинен ыргыды

12-июнь 2019, 20:09 Кызгалдак Жакыпова

Орок айылында болгон кыргыз-түрк мушташы бир гана Түркиянын элчисинин мыйзамсыз аралашуусун туудурган жок, Чүйдүн губернатору Туйгуналы Абдраимовдун иши да элди катуу ойго салды. Анткени, Туйгуналы Абдраимов Орок тууралуу суроо берген журналист кыздын пикирине көңүл бурбастан, анын сулуулугуна, өңүнө кызыккан. Бул сөз социалдык тармакта катуу резонанс туудурган, бүгүнкү бийлик бул тууралуу бир чечемге келип, Туйгуналы Абдраимовду кызматынан алып ордуна Аламүдүн ...

0 176

Уран жаңжалы менен элдин тескери батасын алган Кожобек Рысбаев унчукту

12-июнь 2019, 17:51 Кызгалдак Жакыпова

Кожобек Рысбаев ЖКнын депутаты, кен боюнча комитеттин төрагасы. Элдин бары уранга каршы болуп турса, жалгыз Кожош урандын пайдасы тууралуу кеп салды. Ким билет? Балким Кожобек Рысбаев үчүн уранды чыгарсак пайда түшөр, анткени ал комитет жетекчиси эмеспи, бирок жалпы кыргыз элине зыяны тийери тууралуу көпчүлүк безеленип айтышты. Кожобек Рысбаевди Японияга жиберсе элди уят кылат, ал парламентттик жыйынга катышпайт? Анткени ал ...

0 1447

Аида Салянованын камералашы ким экендиги айтылды

12-июнь 2019, 16:31 Айдар Нуралиев

Мурунку прокурор Аида Салянова менен бир камерада отурган аял, адам өлтүрүү эмес алдамчылык боюнча отурат. Бул тууралуу ЖАМК билдирди. Белгилүү болгондой, күнөөлөнүүчү Салянова СИЗО-1де аялдар корпусунда кармалууда. Аны менен бир камерада, алдамчылык менен кармалган 1992-жылы туулган келин жатат. Андан тышкары, Улан Саляновду өлтүрдү деген кине менен камалган 1983-жылы туулган А.А. СИЗО-1 абагынын эркектер корпусунда кармалууда. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 169

Кыргызстан жана Монголия ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

12-июнь 2019, 16:07 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга менен анын расмий визитинин алкагында бүгүн, 12-июнда өткөн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Кол коюлган документтер: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндөгү Макулдашуу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы аскерий жаатта кызматташуу жөнүндө Макулдашуу; - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук ...

0 493

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

12-июнь 2019, 15:42 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу үчүн тезинен комиссия түзүштү. Бул тууралуу эл өкүлү Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, чечим депутаттардын үчтөн экисинин колу коюлса эле Башкы прокуратурага жиберилиши керек. “Башкы прокурор Алмазбек Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасын Жогорку Кеңешке жиберет. Бирок, мен айткан “Президенттин ишмердигинин гаранты” Мыйзамынын 12-беренесин алып ...

0 508

Каныбек Осмоналиев, ЖКнын экс-депутаты: “Эл экиге бөлүндү. Регионалдык фактор күч ала баштады”

12-июнь 2019, 15:40 Кызгалдак Жакыпова

– Каныбек мырза, социалдык тармактарга олигарх коррупционерлер өлкөнү 35 депутаттык мандатка бөлүп, ич ара сатып алганы калышты деп пост жаздыңыз. Неге мындай тыянак чыгардыңыз? – Жогорку Кеңештин эгемендүүлүктү алган күндөн берки тарыхын терең изилдеп отуруп ушул тыянакка келдим. Эсиңердеби Акаевдин учурундагы Мыйзам чыгаруу палатасынын 35 депутаты кандай иштегени? Өзүнчө эле фарс болбоду беле? Ар бир депутатты «шефке алып коюшкан» ...

0 863

Кубаныч Кадыров, экс-депутат: “Атамбаевдин митингде сүйлөгөн сөзү - чыккынчылыкка барабар!”

12-июнь 2019, 15:13 Кызгалдак Жакыпова

К. Кадыров:  Дүйнө жүзүнө коррупционер  президент катары  атагы чыгып, уят болот. - Кубаныч мырза, Алмазбек Атамбаев КСДПнын митингинде саясий куугунтук токтобосо, Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетүүгө чакырык таштай турганын билдирди. Ал бул кадамга өзүн сактоонун аракетинде барып жатабы же президентке ачык согуш жарыялаганыбы? - Чынын айтканда, Атамбаев кеп кылып, ал сүрөттөп жаткандай саясий куугунтук болуп жаткан жок. Ал “саясий куугунтукка ...

0 294

Монголия президенти Чыгыш менен байланыштырган соода темир жолун куруу ниетин билдирди

12-июнь 2019, 15:11 Айдар Нуралиев

Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий визитинин алкагында бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушуу аземи болду. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген. Мамлекет башчылары Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Андан соң учурашуу аземинен ...

0 266

ШОС дос, НАТО мурункудай атаандаш, Атамбаевдин ШОС алдында боло турган митингги шоона эшпей калды

Атамбаев ШКУнун саммити болоор алдында митинг өткөздү. Митингге саналуу адамдар келди. Атамбаев мурунку кесиптештеринин саммити алдында өзүн көрсөткүсү келген, бирок эл келбей коюп бир аз уят болуп калды. Андан көрө митинг өткөзбөй койсо баркын сактап калмак беле. ШКУ (ШОС) Лотос Лотосту кытайлыктар абдан баркташат. Кескелдириктер кадырларын билбейм. «Кес куйругуңду, кес» - ...

0 224

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги Саммитин 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү журналисттер чагылдырат

12-июнь 2019, 14:31 Айдар Нуралиев

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 2019-жылдын 13-14-июнунда Бишкек шаарында өтө турган жыйынын чагылдыруу үчүн 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланды. Мисалы, Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын, Белоруссиянын, Ирандын, Монголиянын жана Япониянын  115 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 443 чет элдик журналисттер иш-чараларды чагылдыруу үчүн аккредитациядан өтүштү. Ошондой эле Кыргызстандын 32 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 94 өкүлү ...

0 380

Дастанбек Жумабеков: “Матраимовдор элге кызмат кылган үй-бүлө”

12-июнь 2019, 13:15 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында борбордук трибунадан сөз алып,  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Ал Матраимовдорду «элге кызмат кылган үй-бүлө» деп мүнөздөдү. Алар уюштурган тойго бийлик өкүлдөрү Атамбаевдин тушунда да барып жүргөн.  «Төрага баш болуп бүжүңдөп Матраимовдун тоюна барат» дейсиз. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок.  Сиз архивге айланып карап коюңуз, сиздин ...

0 458

"Депкеңдер" “чимкириктин” мааниси "маңка" экенине эми түшүндү

12-июнь 2019, 12:45 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 12-июнда КСДПнын мурдагы депутаты Кожобек Рыспаев, спикер Дастан Жумабеков Жогорку Кеңешти «чимкирик» деп атаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда айткан сөзүнө чычалап, ой да бир күпүлдөп алды. --«Ооздон чыккан сөзгө жооп берсин жана сиз жоопкерчилигин сураңыз. Бул жерде чимкириктер жок, какырыктар жок. Кыргыз элинин элиталары отурабыз, саясий элиталары отурат. Ошондуктан сөздү абайлап сүйлөш керек», — деди “шеф” Кожобек Рыспаев.

0 354

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: "Алмаз Атамбаевди балким, камаганга караганда дарылаткан туура болоор?"

12-июнь 2019, 12:32 Кызгалдак Жакыпова

- Акыркы учурда, коомчулукта "экс-президентти камакка алыш керек" деген пикирлер басымдуу болуп баратканы байкалууда? Айрыкча кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы тууралуу көптөгөн фактылар ачылганы бул маселе катуу көтөрүлө баштады. Экс биринчи вице-премьер Шамиль Атахановдун тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылышы, Аида Салянованын камалышынан улам бул ишке экс-президенттин тикелей тиешеси бар экени ачыкталгандай эле болуп калды. Кандай ойлойсуз, ...

0 414

Эки депутат Шыкмаматов менен Өмүркулов көпүрөдөн "сүзүшүп", "мүйүздөрү" сынды

12-июнь 2019, 12:07 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы президент Алмазбек  Атамбаевдин 8 – июндагы митингде алты жылдык ишмердүүлүгүнө баа берүү талабы жана депутаттарга айтылган сындар боюнча чууга түштү. Жыйындын жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ар кандай сындар айтылып, эки депутат Иса Өмүркулов менен Алмамбет Шыкмаматов өткөн-кеткен өтүрүгүн айтып, чачташканы эле болбосо бири-бирин көздөрү менен тике карап, улак тирешке өтүп, ...

0 276

ВИДЕО - Ханзаада Гарринин Меган Марклга берген кымбат белегинин сыры чечмеленди

12-июнь 2019, 11:58 Айдар Нуралиев

Журналисттер герцогиня Мегандын королева Елизавета II нин 9-июндагы салтка айланган туулган күн кечесиндеги жаңы  “түбөлүк шакегинин” сырын чечмелөөгө өтүштү. Бул тууралуу People жазып чыкты. Маалыматка ылайык, аталган шакекти ханзаада Гарри алардын үйлөнүү үлпөтүнүн бир жылдык датасында “түбөлүк шакегин” белек кылган. Мындай бриллиант менен шөкөттөлгөн, түбөлүктүүлүктү баяндаган кымбат шакектерди  маанилүү окуядан кийин салтуу түрдө белек кылат. Мисалга, туулган ...

1 4389

Дастан Жумабеков: “Атамбаев мага 10 миң киши менен Ак үйдү басып алам” деп айтты”

12-июнь 2019, 11:40 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 12-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кесиптештеринин алдына чыгып сүйлөп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккандыгын айтып агынан жарылды. Өз кезегинде төрага Дастан Жумабеков: - Алмазбек Шаршенович мени чакырып: -“Мага кошул, мен керек болсо 10  миң киши менен Ак үйдү басып алам”, деди. Мен жакамды кармадым. Бирок Алмаз Шаршеновичке мен сизге кошула албаймын, бүгүндөн баштап сиздин саясатыңыздан чыктым. ...

0 511

Ак үйдүн сүймөнчүк кадрлары кабинеттерде акча бөлүштүрүп жүрүшөбү?

12-июнь 2019, 12:03 Кызгалдак Жакыпова

Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүнө эл күйөрман болуп, колдоп келатканы чындык. Бирок, бул жышаан – Жээнбековдун тушунда же болбосо анын кол астында иштеген же сүймөнчүк кадрларынын коррупцияга таптакыр барбай, таза иштеп жатканын түшүндүрбөйт. Колу туткак жетекчилер ар режим тушунда болуп келген... Мындай акмакчылыкка баргандар бүгүн С.Жээнбековдун коррупцияга каршы аёосуз жургузүп жаткан күрөштүн фонунда накта айбанчылыкка барабар. Президент ...

0 242

“Форумдагы” “АШАрда” учурулган “өрдөктөр” бирин-бири чокушууда

12-июнь 2019, 11:51 Кызгалдак Жакыпова

Матраимовдорду АША кантип көтөрмөлөгөн? Бир тууган Матраимовдорду убагында  азырынча Кыргызстандын экс-президенти деген макамын жогото элек, бирок ага бир кадамдай гана  калган Алмазбек Атамбаевдей кастарлап, ар тараптан көтөрмөлөгөн адам болгон эмес. 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштөн кийин айрым алкынып-жулкунган “временшиктер”  Райым Матраимовду Ош бажыканасынын башчылыгынан кууп жиберишкенде, аны кайра ордуна АША өзү дайындаган. Андан кийин анын бир тууганын  республикада бир облустай салмагы ...

0 206

Атамбаев абакта жаткан табакташтары үчүн спектакль коюп жатабы?

12-июнь 2019, 11:48 Кызгалдак Жакыпова

8-июнда “Форум” алдында өткөн митинг тууралуу ушундай тариздеги пикирлер айтылып, жазылууда. Кошулбай коюуга болбойт. Атамбаев соттук чечимдерди күтүп атышкан коррупционер табакташтары үчүн кезектеги спектаклин койду. Мындан башкача баалоого мүмкүн эмес. Кезинде президенттик бийлигинин күчүнө салып, далайларды коррупциялык, мыйзамсыз иш-аракеттерге түрткөн Атамбаев бүгүн кол тийбесик макамына таянып алып, өзү башында турган ири коррупциялык афералар үчүн жооп бербей, жоопкерчиликтен качып, макам  ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 243

Камчыбек Ташиев, "Ата-Журт" саясий партиясынын лидери: "Батукаевди чыгарыш үчүн бизди камап, оппозициялык талааны тазалашкан!"

12-июнь 2019, 11:17 Кызгалдак Жакыпова

“Ата-Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн көздөй кадры Аида Салянованы жактап, анын камалышын саясий куугунтукка байлап, мыйзам бузулганын жар салууда. Өлкөдө болуп жаткан коомдук-саясий окуяларга көзү ачыктык кылып, оңду-солду маек берүү менен кескин ылдый түшүп кеткен рейтингин көтөрүүгө аракет жасап жатканы менен, анын жомокторун эч ким деле ишенбей калды. Текебаев “Салянованы камаганда мыйзам бузулду” – дейт. Ага көрсө, ...

0 800

Кожобек Рыспаев: “Журналисттерче жокпузбу? Биз “чимкирик” эмес, саясый элитабыз”

12-июнь 2019, 11:29 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаттары спикер Дастан Жумабековго  экс-президенттин "чимкирик" дегенине жооп бербейсиң деп жаалашты. Бүгүн парламенттик отурумда депутат Кожобек Рыспаев бул боюнча нааразычылыгын билдирип чыкты. “Бизди ушуну менен экинчи жолу “чимкирик” деди. Коомчулук муну талкуулап, шылдыңдап жатышат. Журналисттерче жокпузбу? Журналистке “кебетең жакпайт” дегени үчүн Туйгунаалы Абдраимовду иштен алдырышты. Аны журналисттер аз жерден талап-жеп коё жаздашты. Алмазбек ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83