www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
0 130

Монголияда өткөн беттеште Азия чемпиону ким болду?

17-ноябрь 2019, 17:53 Кызгалдак Жакыпова

Нурадин Рустамбек уулу 10-17-ноябрга чейин Монголияда өткөрүлгөн спорттун бокс түрү боюнча Азия чемпиону болду. Маалыматка караганда жаштар арасында өткөрүлгөн беттеште Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүндө өзбекстандык боксчу Нурислом Исмоиловду жеңип алган. Боксчулар 69 килограмм салмактагылар арасында күч сынашышкан. Улан-Батор шаарында өткөн мелдешке Кыргызстандан тогуз спортчу барган. Буга чейин, өткөн жылы Рустамбек уулу Нурадин Азия биринчилигинде коло медаль алган. Булак:NazarNews.kg      

0 171

Медиктер Дональд Трамптын ден соолугу тууралуу маалымат билдиришти

17-ноябрь 2019, 17:48 Айдар Нуралиев

Ак үйдүн маалымат катчысы Стефани Гришэм АКШ президенти Дональд Трамптын ден соолугу тууралуу айтылган негизсиз сөздөрдү токтотууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты. Былтыр Трамптын салмагы 110,22 килограмм, бою 192 сантиметр, кан басымы 118/80, ал эми тамыры мүнөтүнө 70 жолу согору белгилүү болгон. "Трампты медиктер кыска убакытта карап чыгышты. Мурдагыдай эле дени-карды соо, алдуу-күчтүү экенин, оорубагандыгын анын миңдеген ...

0 2515

ФОТО - Өлтүрүлгөн Саймаити Фейсбукта көп кыргыз саясатчылары менен "достукта" болгонбу? Айрым ысымдар

17-ноябрь 2019, 17:52 Аман Аскаров

Стамбулда атылган жеке ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстанда издөөдө жүргөндүгү тууралуу маалымат бардыгында эле бар. Ага карабай Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу  Эркин Сопоков аны менен тыгыз мамиледе болуп келген экен. Аны социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдөн көрүп, билип бүттүк. Элестеттиңерби? Кыргызстандын чет өлкөдөгү расмий өкүлү издөөдө жүргөн адам менен тыгыз кызматташууда болгондугун. Анан калса айрым такталбаган маалыматтар ...

0 321

Максаты жок адамдар көп уктайбы?

17-ноябрь 2019, 17:12 Айдар Нуралиев

Уйку-организмдин мезгил-мезгили менен болуп туруучу физиологиялык абалы, ал физиологиялык процесстердин басаңдашы, чөйрөнүн таасирине реакциянын төмөндөшү менен мүнөздөлөт. Мында организмдин ишке жөндөмү, айрыкча борбордук нерв системасы калыбына келет. Уйку маалында жогорку нерв системасынын иши басаңдап, булчуңдар бошоңдойт, зат алмашуу төмөндөйт, жүрөктүн иштеши, дем алуу сейректейт, кан басымы төмөндөйт. Уйкунун мезгилдүүлүгү организмдин тиричилигинин суткалык биологиялык ритми менен байланыштуу. Демек мээ менен ...

0 132

Чыңгыз Айдарбеков менен Сухроб Ходжа Олимзода эмне тууралуу баарлашты?

17-ноябрь 2019, 17:13 Кызгалдак Жакыпова

16-ноябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Ходжа Олимзоданы кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчыларынын деңгээлинде өткөн жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну, атап айтканда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессинин ...

0 126

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды

17-ноябрь 2019, 16:36 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 17-ноябрда саат 04:35де Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышка 5 чакырымда жайгашты. Жер титирөөнүн күчү 3 баллга сезилди. Булак:NazarNews.kg

0 127

Абылгазиев бүгүн киноматографисттердин кесиптик майрамы менен куттуктады

17-ноябрь 2019, 16:30 Кызгалдак Жакыпова

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 17-ноябрда өлкөнүн киноматографисттердин кесиптик майрамы — Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Өкмөт башчысынын куттуктоосун басма сөз кызматы таратты. Куттуктоодо: «Урматтуу кинематография кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар —Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм. Маданият ишмерлеринин зор аракети менен сакталып келе жаткан тарыхый-маданий мурастар, мыкты чыгармалар аркылуу биздин элибиздин нарктуу образы, колориттүү өзгөчөлүгү даңазаланып турат. Бүгүнкү күндө кинематография жана жалпы ...

0 253

Тагдырыңыздын санын билесизби?

17-ноябрь 2019, 16:23 Айдар Нуралиев

Жапондордун айтымында, 1 менен 9 аралыгындагы сандардын бири сиздин маңдайыңызга жазылган тагдыр саны болуп эсептелинет. Бул сан сиздин кулк-мүнөзүңүздү, өзгөчөлүктөрүңүздү, касиетиңиз менен жөндөмдүүлүгүңүздү аныктап берет. Албетте, ким эле болбосун өзүнүн кандай экенин билгиси келери анык. Алгач тагдыр санын аныктап алалы. Ал үчүн туулган жылыңыз, туулган күнүңүз менен ай санындагы цифраларды кошобуз. Мисалы, сиз 1981-жылдын 16-декабрында төрөлдүңүз дейли. 1+9+8+1+1+6+1+2=29. Эми ...

0 351

Эртеңки күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

17-ноябрь 2019, 16:14 Кызгалдак Жакыпова

18-ноябрда Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт, тоолуу аймактарда карга айланат. Өлкөнүн башка аймактарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз 4…9; Талас дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14; Ысык-Көл облусунда 0…-5, күндүз 5…10; Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн ...

0 249

Журналист мазактаган түгөй күтүүсүз сунуштарга кабылды

17-ноябрь 2019, 16:11 Аман Аскаров

Түштүк Африка Республикасынын Йоханнесбург шаарында сүйүшкөндөр белгилүү бир тамактануучу жайга түштөнгөнү киришкен. Күтүлбөгөн жерден эркек чөнтөгүнөн нике шакегин алып чыгып, аны жанындагы келинге сунуп, колун сурайт. Бул окуяга кокусунан күбө болгон журналист ал ирмемдерди фотого тартып, социалдык тармактарга мазактап пост жазып, сүрөтүн жүктөп койгон. Бирок, постко көп эл тескерисинче жакшы пикирлерин калтырышкан. Ал эми KFC, Audi, Puma ...

0 416

Дагы бир аскер өз өмүрүнө кол салды

17-ноябрь 2019, 15:35 Аман Аскаров

Ош облусуна караштуу караштуу Мады айылында кургактагы аскерлердин катарында кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери өзүнүн жанын кыйды. Анын жансыз денеси бүгүн 17-ноябрда өз үйүнүн жер төлөсүндө табылган. Учурда бул окуя боюнча аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак бул бир жуманын ичинде аскер кызматкеринин экинчи өзүнө-өзү кол салып, жан кыйгандыгы. 10-ноябрда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы №73809 ...

0 849

ФОТО - ВИДЕО - Консул Сопоковдун уулу, Зулпукаровдун консультанты Азамат убагында пара алып кармалган

Видео 17-ноябрь 2019, 15:19 Аман Аскаров

Стамбулда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин артынан Кыргызстанда далай кызыктуу фактылар ачыкка чыгып жатат. Интерполдун линиясы менен эл аралык издөөдө жүргөн Айэркен Саймаити Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковдун унаасы менен жүргөндүгүнөн коомчулук кабардар. Эркин Сопоков анын ишмердүүлүгүн атайын кызматтын өкүлдөрү текшерүүгө алып, Стамбулга бара жаткандыктарын угуп качып кетти. Эми дагы бир факт ачыкка чыгып жатат. ...

0 128

АКШ Иран элинин мүдөөсүн колдойт

17-ноябрь 2019, 14:46 Айдар Нуралиев

АКШ Ирандагы "коррупциялашкан режимге" каршы нааразылык акцияларына чыгып жаткан элдин мүдөөсүн кубаттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Морган Ортагус 16-ноябрда "Твиттерге" жазды. "АКШ коррупциялашкан бийлик режимине каршылыгын билдирип жаткан Иран элин кубаттайт. Биз Иран бийлигинин интернетти өчүрүү аракетин сындайбыз" деп жазды. Мамлекеттик катчы Майк Помпео "Твиттердеги" баракчасына "Мен бир жарым жыл мурда Иран элине айткандай эле, Америка ...

0 504

ФОТО - Ханзада Гарри чоң энеси, ханыша Елизаветтаны таштап, кайын энесин тандап кетти

17-ноябрь 2019, 14:21 Аман Аскаров

Улуу Британиянын ханзадасы Гарри анын жубайы Меган Маркл жана  уулу Арчи быйыл Рождество майрамын салттан тышкары Улуу Британиянын ханышасы Елизаветта II менен бирге тозбойт. Мындай көрүнүш ханышанын хансарайында алгачкы жолу орун алып жатат. Бул тууралуу Букингем сарайы атайын расмий билдирүү дагы таратты. Анда маалымдалгандай ханзада Гарри жана анын үй-бүлөсү рождествону Мегандын апасы Дория менен бирге ...

0 226

Органдын кызматкерлери уйларга өзгөчө белек тартуулашты

17-ноябрь 2019, 13:39 Аман Аскаров

2019-жылдын башынан тартып Токтогул районунда, айдоочулар мал жандыктарын сүзүп кеткен - 15тен ашуун жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки жаран каза болуп жана ондон ашуун айдоочу-жүргүнчүлөр ар-кандай жаракаттарды алышкан экен. Ушундай көрүнүштөрдү алдын алуу максатында жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, эрежелер тууралуу кенен маалымат беришти. Кырсыктын басымдуу бөлүгү ...

0 2069

Мелис Мырзакматов кайтып келди

17-ноябрь 2019, 13:07 Аман Аскаров

10-ноябрь күнү NazarNews.kg сайтында “Мотуевдин чымыр денесин тарткан Мырзакматов илбирс секиригине камданууда” – деп жазганбыз. Анда Мырзакматовдун кадыр-баркы Ошто дагы деле күч. Анын баркын 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясы жакшы эле пайдаланып, “үйлөнө” калып, Жогорку Кеңешке тыпыйып өтүп кеткен. Учурда парламентте эң аз сандагы фракция. Эгерде Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” куу-мүнөз Текебаевге алданып калбаганда ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3815

ВИДЕО - 60 жаштагы күзөтчүнү аёсуз сабагандардын бири милиция кызматкери болушу мүмкүн

Видео 17-ноябрь 2019, 16:31 Аман Аскаров

30-октябрга караган түнү Бишкектин Түштүк магистраль менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 60 жаштагы күзөт кызматкерин ошол үйдө жайгашкан “Паво” бильярд клубунун кардарлары сабап салгандыгы эсиңерден чыга элекпи? Учурда ага кол салып, аёсуз сабагандардын өздүктөрү аныкталганы менен алар кармалбай жаткандыгы маалым. Анын бирден-бир себеби эмне болушу мүмкүн? Себеби жөнөкөй эле көрүнөт. Айрым такталбаган ...

0 148

Эки жумадан бери жолдогу кудук ачык. Кырсык болсо ким жооп берет?

17-ноябрь 2019, 11:51 Аман Аскаров

Акыркы эки-үч жылдын ичинде Бишкек шаарынын жолдору оңдолуп, айрым көчөлөр толук капитилдык ремонттон өтүп, айдоочулар үчүн ыңгалуу болуп калды. Жакшыны жакшы, болгонду болду деш керек. Бирок, мунун бардыгы Бишкек мэриясынын кыйратып иштеп жаткандыгынын жыйынтыгы эмес, кытайдан келген гранттык акчалардын күчү менен ишке ашып жатат. Убагында кытайдан грант келбегенде эмне болот элек бир кудай билет. Ошондо дагы жолчулар толук чыгармачылыгын ...

0 471

ВИДЕО - Депутат Алтынбек Сулайманов менен Бек Борбиевдин дует ырынын кадыры жогорулап жатат

Видео 17-ноябрь 2019, 11:14 Аман Аскаров

“Адамдан амал качып кутулбайт” – дегендей айрым депутаттар шайлоо алдында элге жагынуу максатында кандай гана амал ойлоп табышпайт. Бириси социалдык тармактарда активдүүлүгүн көрсөтүп, байма-бай сүрөттөрүн жайгаштырып, “Google”дан уурдап аны кооз фразалар толуктап калышат, айрымы куудул болуп Күмөндөрдү туураса башкасы белгилүү ырчылар менен дует ырдай калышат. Алдыда кеп кыла турган инсаныбызга дагы чындыгында эргүү келгенби же шайлоого даярданыппы айтор белгилүү ырчы, Кыргыз ...

0 577

БЧКдан сөөгү табылган кореялык жаранга байланыштуу айрым жагдайлар ачыкка чыкты

17-ноябрь 2019, 10:37 Аман Аскаров

15-ноябрда Чоң Чүй каналында (БЧК) кореялык жаран Лим Чанг Сунун денеси табылган. Айрым маалыматтар боюнча ал Казакстандын аймагына мыйзамсыз өтүүнүн аракетин көргөн. Бир ай мурун милицияга  Лим Чанг Сунун досу арызы менен кайрылып, досу дайынсыз болуп жаткандыгын маалымдаган. Анда ал Лим акыркы жолу “Золотой дракон” мейманканасында болгондугун айтып, Кыргызстанда тиешелүү документтери жок болгондуктан Казакстандын аймагына өтүүнү көздөп жүргөндүгү ...

0 161

Ооганстандык эки прокурорго кол салуу болду

17-ноябрь 2019, 10:38 Бакыт Молдалиев

Ооганстандын прокурорлору 16-ноябрда Баграм аэродромуна бараткан жеринен белгисиз адамдар аткылаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Жамшид Расулинин маалыматы боюнча, экөө тең жараат алган. Расулинин айтуусунда, прокурорлор Анас Хаккани баш болгон талибдердин төбөлдөрү кармалып турган түрмөгө бараткан. Анас Хаккани согушкерлердин лидери Сиражиддин Хакканинин бир тууганы. Булак:NazarNews.kg    

0 3282

Акжолтой Канат уулунун дагы бир досу каза болду

17-ноябрь 2019, 10:17 Аман Аскаров

10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү Балыкчы-Кочкор жолунда автокырсыгы катталып, анда "Субару Импреза" унаасы менен оор жүк ташуучу унаа кагышкан. Анын кесепетинен айтылуу Майрам Керим кызынын уулу, төкмө акын Акжолтой Канат уулу анын келинчеги Изаарда жана эки дос баласы ордунан каза тапкан. Жеңил унаадан бир гана 20 жаштагы Ырыспек Алибеков аман калып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Тилекке каршы, 11-ноябрдан бери ооруканада жаткан ...

0 175

Аба ырайы тууралуу маалымат

16-ноябрь 2019, 17:49 Бакыт Молдалиев

Кыргызстанда 17-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10; Талас дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10; Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 4…9 градус жылуу болот. Бишкек шаарында 17-ноябрда жаан-чачын жаабайт. ...

16-ноябрь 2019, 17:49 | 175
0 2335

ВИДЕО- "Кыргыз, астына тур" - деп Москвада кыргыз жигити мас болуп кыргыздарды уят кылды

Видео 16-ноябрь 2019, 17:32 Аман Аскаров

Кыргызстандык эмгек мигранттары Россияга эмнеге барышат? Иштеп, үй-бүлөсүн багып, “бутума турайын” – деген чоң үмүт менен аттанышат. Бирок арасында иштеген ишинен дайыны жок, чартаңбай “тебип” жүргөндөр дагы жок эмес. Чартаңбайды дагы жөн “теппей”, ичип алып, мас болуп, Кыргызстандыктардын атына көө жабып жүргөндөрдү кездештирсе болот. Төмөндөгү видеодо кыргыз жигити Москванын метролорунун биринин алдында мас болуп алып концерт коюп жатат. Аны ...

0 191

Учурда «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча салынып жаткан мектеп менен бала-бакчанын саны айтылды

16-ноябрь 2019, 17:13 Айдар Нуралиев

Учурда «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 134 мектептин жана 26 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү жалпы билим берүүчү 2 265 мектепте 1 268 068 окуучу билим алат. Бул мектептердеги ашыкча жүкдү айтып турат. Мисалы, Бишкек шаарында 77 163 окуучуга ылайыкталган 96 мектеп бар. Бирок ички миграциялык агымдын себебинен иш-жүзүндө ...

0 198

Күйүүчү майдын кымбатташы элдин кыжырын келтирүүдө

16-ноябрь 2019, 16:40 Алтын Булат

Ирандын  бир катар аймактарында эл нааразычылык билдиришти. Буга, күйүүчү майдын баасын кымбаттатуу жана сатууга квота киргизүү тууралуу өкмөттүн чечими себеп болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Мааалыматка караганда, Мешхед шаарында чоң жолдо айдоочулар автоунааларын токтотуп коюп, нааразылык билдиришкен. Сиржан, Мешхед, Ахваз, Бандар-Аббас, Шира шаарларында толкундоо болуп, Сиржандагы кыжырланган эл аймактагы мунай заводун өртөөгө аракет кылышкан.  10-ноябрда Ирандын ...

0 313

Дайынсыз жоголгон бала табылды

16-ноябрь 2019, 16:32 Алтын Булат

12-ноябрдан бери дайынсыз жоголгон Ысакбек Бозонов аттуу бала  Жумушчулар шаарчасындагы  интернет клубдардын биринен табылды. Бул тууралуу жоголгон баланын апасы NazarNews сайтына кабарлады.  "Бүгүн саат 12:00 баламды Жумушчу шаарчасындагы “Алимп” деген интернет клубунан таптык",  деп баланын апасы Чолпонай Акматова билдирди. Ысакбек 4 күндөн бери үйдөн алып чыккан 1000 сом менен тамактанып, интернет клубдан оюн ойноп жүргөн. Эске салсак,  PUBG LITE ...

0 238

ФОТО- Нарын ОИИБнын кызматкерлери ишембиликке чыгышты

17-ноябрь 2019, 11:07 Бакыт Молдалиев

2019-жылдын 16-ноябрь күнү  Нарын ОИИБнын жалпы кызматкерлери аймактарын  тазалоо жана көрктөндүрүү үчүн ишембиликке чыгышты. Ар бир түзүм өздөрүнө бекитилип берилген аймактарды, көчөлөрдү тазалашты. Керектүү шаймандар менен чөптөрдү тазалашып, жалбырактарды чогултуп, таштандыларды тазалап чыгарышты. Булак:NazarNews.kg      

0 324

Саймаитиге ок чыгарган төртүнчү адам кармалды

16-ноябрь 2019, 16:30 Аман Аскаров

Стамбулда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланышкан дагы бир жагдай ачыкка чыкты. Буга чейин маалым болгондой анын өлүмүнө шектүү катары үч адам кармалган. Башында алардын экөөсү Кыргызстандын жараны деп божомолдонгон. Бирок, кийин ал маалымат мамлекеттик каттоо кызматы тарабынын четке кагылган. Эми бул кылмыш ишине тиешеси бар делип төртүнчү шектүү адам кармалып отурат. Бул тууралуу Haberler порталы маалымдайт. Кармалган адамдын ысымы Нормахамат ...

0 97

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

16-ноябрь 2019, 16:13 Алтын Булат

Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады. Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташуусунун абалын жана келечегин талкуулашты. Кыргыз-өзбек достук, жакшы коңшулук, стратегиялык ...

0 81

Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

16-ноябрь 2019, 16:12 Алтын Булат

Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Россия Президенти Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден-соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, 2020-жылдагы Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Кайчылаш жылынын жана ушул жылдын ...

0 133

Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

16-ноябрь 2019, 16:11 Алтын Булат

Россия Федерациясынын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. «Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчилигинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм.  Сизге мамлекеттик жогорку кызматыңызда мындан ары да ийгиликтерди, чыгармачылык дем, бекем ден соолук, бакыт-таалай каалайм. Учурдан пайдаланып, Сиздин региондо туруктуулукту жана тынчтыкты сактоо, Россия жана Кыргызстан элдеринин ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 297

Жаңы жылга бир жарым ай бар. Караколдо жаңы жылдык балатыны орнотуп салышты

16-ноябрь 2019, 15:50 Аман Аскаров

Даана “комиктердин” өлкөсүнө айландык. Чоң соода түйүнүндө энеден туума жылаңач болуп биз гана баса алабыз, милиционердин артынан биздин жаран гана “ой мама мент на меня газует” деп обон созо алат. Анан...анан биздин чиновниктер эле жаңы жылга 45 күн калганда алдын ала балатыны орнотуп салат. Күлкүң келет тимеле. Дегенибиз, Ысык-Көл облусунун облусттук борбору Каракол шаары. Эми жаңы жылга дагы туура ...

0 226

Дүйнөдө акчасы асман чапчыган байдын аты аталды

16-ноябрь 2019, 15:38 Айдар Нуралиев

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс эки жыл ичинде миллиардерлердин рейтингинде эң алдыңкы орунга чыкты. Бул тууралуу маалыматты Bloomberg Billionaires Index https://www.bloomberg.com/ жазып чыкты. Bloomberg Billionaires Index агенттигинин маалыматына таянсак Гейтстин байлыгы 110 млрд долларды чапчыды. Экинчи орунду Amazonдун башчысы Жефф Безос алган. Анын байлыгы 109 млрд долларга бааланды. Үчүнчү орунду француз Louis Vuitton Moet Hennessy компаниясынын жетекчиси Бернар Арно алган. Анын байлыгы ...

0 730

СҮРӨТ - Инка уруусу балдарын музга катырып салышкан

16-ноябрь 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

Окумуштуулар инка уруусунун 3 баласынын жакшы сакталып калган сөөгүн изилдеп чыгышып, алар өлүм алдында спирт ичимдиктерин ичип, баңги зат колдонушкан деген бүтүмгө келишкен.  Балдардын сөөгү жакшы сакталып калган. Алардын сөөгү Аргентина менен Чилинин чек арасына жакын жердеги тоолуу райондордо тоңуп калган абалда табылган. Айрым маалыматтар боюнча Анды тоо кыркасында капакоча жөрөлгөсүнө ылайык ушул балдар курмандыкка чалынышкан. Бирок ошентсе да, ...

0 288

Кыргызстанда 100 миң паспорттун бланкы жоголгон. Аларды кимдер колдонуп жүрөт?

16-ноябрь 2019, 15:33 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда 100 миң паспорттун бланкы жоголгон. Аларды террорчулар менен кылмышкерлер колдонуп жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу паспорт жасап чыгаруучу “Интерлинкс” компаниясынын башкы директору Таалайбек Жумадылов “Майдан” дебаттык программасында айтты. “Кыргыз Республикасында паспорттун 1994 жылкы үлгүсүндөгү 3 миллион бланктын 100 миң даанасы жоголгон. Жоголгон бланктарды террордук уюмдар жана башка кылмышкерлер кийин жасалма ID паспорт же чет элдик паспорт алуу үчүн колдонуп ...

0 191

Кубанычбек Исабеков: “Милиция издеп жаткан кылмышкерге башкы консул машинасын берип жатса...”

16-ноябрь 2019, 15:25 Айдар Нуралиев

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, КР Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты, айыл чарбасынын отличниги, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити тууралуу өз оюн айтты. Азыркы маалда эл аралык чыр-чатакка айланган Айеркен Саймаитинин өлүмү тууралуу оюм менен бөлүшкүм келди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Кытайдын жараны 3 миллиондон ашык долларга алданып калганы үчүн Кыргызстандын ички ...

0 166

Өспүрүмдөрдүн суицидке баруусуна ким күнөөлүү?

16-ноябрь 2019, 15:23 Айдар Нуралиев

Кандай балдар суицидке барышат? Ата-энеси эки ажырым жолго түшкөн же ажырашуу тууралуу билип калган өспүрүмдөр "мен жакшы окубай койгонум үчүн же болбосо ата-энемдин тилин албай койгонум үчүн алар ажырашып кетишти" деген түшүнүк пайда болот. Эгерде баланы убагында бул түшүнүктөн арылтпаса, бала бара-бара өз өмүрүнө кол салуу тууралуу ойлоно башташы мүмкүн. Ата-энеси көптү талап кылган бала алардын үмүтүн актабай калса ...

0 268

Баткен облусунун калкынын жарымы Россияга кетип калган. Алардын так саны айтылды

16-ноябрь 2019, 15:27 Аман Аскаров

Кыргызстанда жумушсуздуктун айынан көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыгып кетип жаткандыгы сыр эмес. Алардын басымдуу бөлүгү салттуу түрдө Россияны көздөй бет алышат. Көпчүлүгү Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунун тургундарына туура келет. Акыркы жылдары эле аталган үч облустан Россияга 660 миң адам чыгып кетиптир. Тактап айтсак, расмий маалыматтар боюнча Ош облусунан – 200 миң, Жалал-Абад-облсунан дагы  - 200 миң, Баткен облусунан – 260 ...

0 227

Кофе курсактагы балага өтө зыяндуу

16-ноябрь 2019, 15:00 Айдар Нуралиев

Кош бойлуу кезде кофе ичкенге болбойт. Бул тууралуу АКШнын улуттук институтунун окумуштуулары изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянып жарыялашты. Окумуштуулар боюнан түшкөн 1200 аялга  эксперимент жүргүзүшкөн. Изилдөөдө аялдардын канынын курамында  кофеиндин саны көбөйүп кеткендигин байкашкан. Эксперттер кош бойлуу кездин баштапкы  8 жумалыгына чейин кофе ичүү өтө кооптуу экендигин билдиришкен. Кофеиндин ар бир 100 миллиграммы түйүлдүктү салмагынан 72 граммдан кемитип тураарын, мындан тышкары, ...

0 362

Жазгүл: “Алты бала менен таштандынын боюнда жашап келебиз”

16-ноябрь 2019, 14:59 Айдар Нуралиев

Жаштайынан кыйынчылыктар менен күн кечирип келе жаткан Жазгүл алты баланын энеси. Ушул заманда тамга тааныбыган эне балдарынын сабаттуу болушун абдан кыялданат. Тилекке каршы, кыялдары канчалык бийик экенине карабай жашоосу таштандынын боюнда, булганган абага уугуп ѳтүп жатат, - деп жазып чыкты "Леди.kg" гезити. “Эне тарбиясын кѳрбѳй ѳстүм” Мен Ош облусуна караштуу Кызыл-Кырман айылынан болом. 27 жаштамын. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын ...

0 200

Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: "Насвай сатууга таптакыр тыюу салынышы мүмкүн"

16-ноябрь 2019, 14:47 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева насвай, тамеки тартууга бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылып жатат. Ошол боюнча кеңири маек курдук, - деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити. - Айнуру айым, тамеки, насвай боюнча жаңы мыйзам долбоорун жазып, сунуштап жатасыздар. Ошол мыйзам боюнча элге жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берсеңиз? - Биздин жаңы мыйзам долбоорубуздун негизги концепциясы - элибиздин ден ...

0 276

22 миң вольттук токко урунган аял аман калды

16-ноябрь 2019, 17:11 Аман Аскаров

22 000 вольттук ток. Мындай электрэнергиясынын кубаттуулугун элестетип көрдүңөрбү? Мисал келтирсек, үйдө, кадимки эле тиричиликте 220 вольт энергияны колдонобуз. Ошого тырмагың тийип кетсе эле жаның чыгып кетет. Айрым учурда ошол кубаттуулуктан эле жан бергендер бар. Ал эми бул жерде кеп 22 000 вольт тууралуу болууда. Таиланддын Накхонратчасима шаарында 38 жаштагы Малини Верасучарт ушундай кубаттуулуктагы энергияны денесинен өткөрүп, аман калган. Кырсык ал ...

0 523

Жыргалбек Турускулов, ЖК депутаты: "Эл бизди парламенттен чыгып кеткиле, тарагыла" десе тарап кетишибиз керек"

16-ноябрь 2019, 14:24 Айдар Нуралиев

- Убагында шайлоо босогосун 9 пайыз көтөрүү маселесин колдогондордун көпчүлүгү бүгүн каршы добуш берип, шайлоо босогосун төмөндөтүү керектигин айтып жатышат го? - Бул коомдун талабы. Туура, убагында биз дагы шайлоо босогосун 9 пайызга көтөрүү маселесин колдогонбуз. Шайлоо жакындаган сайын кайчы пикирлер жаралып, шайтлоо босогосун төмөндөтүү маселеси көтөрүлүп жатат. Эл шайлоодогу чекти 9 пайыздан 3 пайызга түшүрүү керек дей ...

0 514

Ат-Башы "Лошадиная Голова" деп которулабы? Билим берүү министрлиги кайда жүрөт?

16-ноябрь 2019, 14:35 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда Кыргызстандын орус мектептериндеги 4-класстагы Природоведение (жаратылыш таануу) сабагынын китеби кызуу талкууланып жатат. Тактап айтканда, китептеги жер-суунун аттарын кыргызчага котор деген тапшырма. Ошондо окуучулар Сары-Жазды - Желтая Весна, Жаман-Сууну - Грязная Вода, Чычканды - Мышка, Ат-Башыны - Лошадиная Голова деп которобу деп элдин башы маң. Ау, Билим берүү министрлиги, кылбаганыңар ушул эле калды беле? Булак: NazarNews.kg

0 154

Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Биздин “Коопсуз шаар” долбоорунда кемчиликтер көп…”

16-ноябрь 2019, 14:16 Айдар Нуралиев

– Марлен мырза, Грузияга барып, үлгү алчу тажрыйбаларын үйрөнүп кайтыпсыз… – Грузия акыркы убакта баардык мамиледе алдыга озуп чыкты. Иш сапар менен ал жакка барып, бирдиктүү операциялык борбор жана кайгуул полициясынын кызматтык тейлөөсү менен таанышып келдим. Депутат кесиптештер менен жолугуштум. Мекенге кайткандан соң, айрым алган тажрыйбаларды колдонуп, биздин өкмөткө сунуштарды киргизип, Жогорку Кеңеште маселе көтөргөнү турам. Биз толугу менен ...

0 366

Топчукеден калган "өгөй балдардын" тагдыры эмне болот?

16-ноябрь 2019, 14:07 Айдар Нуралиев

2012-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдында Манас таануу институту негизделип, анда студенттер билим ала баштаган. Учурда аталган институттун абалы оор бойдон калууда, деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити. Анткени, институтту негиздегендердин бири Топчубек Тургуналиев Манас жана Чынгыз таануу академиясына ректор болгон. Бирок Арабаев университетиндеги Манас таануу институтунун студенттерин ара жолдо таштап кеткен. Учурда 50дөй студенттин тагдыры чечилбей, ...

0 282

Тополоң каптаган Гонконгдон үч кыргызстандык студент чыгып кетти

16-ноябрь 2019, 13:57 Аман Аскаров

Гонконгдо билим алган үч кырыгызстандык студент шаардан чыгып кетти. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Пекин бийлиги жана Гуанчжоудогу КР Башкы консулдугу менен биргеликтеги аракети аркылуу Гонконгдогу кыргыз студенттерине колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги маалымдады. “Кыргызстандык студенттер элчилик менен дайыма байланышта. Кытай бийлигинин көмөгү менен студенттерибиз коопсуз аймакка жайгаштырылган. Сянганга КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу жөнөтүлгөн” –делет ТИМдин маалыматында. Андан сырткары, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 128

Кыргызстанда 427 эстремист жаза өтөөдө

16-ноябрь 2019, 13:48 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда 427 адам экстремизмге байланыштуу кылмыштары үчүн жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу ЖАМКынын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев маалымат жыйында билдирди. Анын маалыматына караганда, бул 427 адамдын 157си абакта, 43ү тергөө изоляторунда, 227си жатак абактарда. Булардын 10 пайызын аялдар түзөт. Булак: NazarNews.kg

0 354

Казакбаев коомчулукка коңгуроо какты

16-ноябрь 2019, 13:47 Айдар Нуралиев

ЖКнын "республика-атажуртчу" депутаты Руслан Казакбаев Кыргызстан бандиттик өлкөгө айланып баратканын жар салды, - деп жазып чыкты "Ачык саясат" гезити. Анын көз-карашында учурда ар бир кыргызстандыктын коопсуздугу коркунучта болуп калды. Акыркы айларда өлкөдө болуп жаткан кылмыштуу жагдайлар, жеке ишкерлерге кол салуу, өлтүрүү фактылары чынында коомго коркунуч жаратпай койбойт. Парламенттик республиканын бакандай болгон депутаты коомго, жарандардын коопсуздугуна коркунуч туулуп жатканы боюнча ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83