www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жыл, апрель
0 3366

Өзгөн - Акматбек Келдибеков: “Кыргызстан үчүн чоң жоготуу, орду толгус кайгы, 24 боордошубузду жоготуп, каңырыгыбыз түтөп турат”

01-май 2017, 02:04 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүн, 30-апрелде,  экс-спикер Акматбек Келдибеков Өзгөн районундагы Аюу айылына барып, эл менен жолугуп, көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп, жардам берүүгө даяр экендигин айтты. “Эми туугандарым, бу жерге биз саясат үчүн келген жокпуз, жакынын жоготкондорго көңүл айтып, жардам берели деп келдик. Андыктан суроо берип, ага жооп ала турган убак эместигин эске алып, туура түшүнүңүздөр! Жер алдында калгандарды таба турган  мезгил. ...

0 5938

Президент Алмазбек Атамбаев жекшемби күнү Ысык-Көлгө эс алууга бардыбы?

30-апрель 2017, 23:47 Гүлжан Шерипбаева

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн жекшемби күнү эс алуу убактысын Ысык-Көлдө өткөргөнү тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкууга алына баштады.  “Ал, Өзгөндөгү кырсык болгон жерге барган жок. Себеби, Ысык-Көлдө үй-бүлөө, жакындары менен эс алып келди”,- деген сөздөр айтылып, президентибиз Алмазбек Атамбаев кайрадан кезектеги "кара пиарга" туш болду.  Бирок, президенттин администрациясы мындай маалыматка билдирүү тараткан жок.  Эске сала кетсек, ушул тапта такталбаган маалыматтар эл арасында күч ...

0 3599

Өзгөн - Улугбек Ормонов: “Көчкүдөн коркуп калган эл ”жер бергиле” деп атат...”

02-май 2017, 19:06 Гүлжан Шерипбаева

Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында 29-апрелде, болжол менен саат 06:50дө жер көчкү жүрүп, 7 үй менен кошо 24 адамды басып калган. Кырсык болгон жерге ЖК төрагасы баш болгон бир топ депутаттар барып, кабар алышкан. Эки күндөн бери ошол жерде жүргөн депутат Улукбек Ормонов менен кыскача маек курдук. -- Улукбек мырза, Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кандай иштерди жүргүзүүдө? -- ...

0 19176

ВИДЕО - Келдибеков, Мадумаров жана Ташиев, Элмырза Сатыбалдиев Өзгөндөгү жер көчкү кырсыгындагы жабыркаган эл менен жолугушту

Видео 01-май 2017, 18:54 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүн, 30-апрелде Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев баштаган топ Өзгөндөгү кырсык катталган Аюу айылына барып элден кабар алышты. Алар, каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшүп ар дайым жардам берүүгө кол сунуп, жанында боло тургандарын айтышты. “Туугандарым, сиздерге көңүл айтабыз, кайрат кылыңыздар. Күтүүсүз жаратылыш кырсыганан көзү өтүп кеткен баардык жарандарыбыз үчүн кайгырабыз. Белди бекем бууңуздар, айла жок ...

0 1964

Турганбаевдин реформасынын тамтыгы чыктыбы?

30-апрель 2017, 22:46 Айдар Нуралиев

Мелис Турганбаев Ички иштер министри болуп турганда түзүлгөн патрулдук милиция жемишин бербей, тескерисинче жол кырсыктарынын саны өстү. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште отчет берип жатканда: "МАИден патрулдук милицияны түздүк эле, бирок ал иштебей жатат",-деп айтты. Анын айтымында, 2016-жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 15 пайызга өскөн. Бул деген Мелис мырзанын реформасы тетири натыйжа берди дегенди туюндурат. Патрулдук милиция түзүлүп ...

0 8261

Сүрөт - Модель Аида Чоткараева жумуш издеп жүрөбү?

30-апрель 2017, 22:13 Айдар Нуралиев

Белгилүү модель жана актриса Асель Чоткараева 2014-жылы жеке жашоосуна өзгөртүү киргизип, үч жыл сүйүү мамилесинен соң корей улутундагы мырзага турмушка чыгып уулдуу болгон. Уулу жарыкка келген соң үйдө дем алууда олтуруп калган Аида кайрадан жанданып, чыгармачылыкка кызуу киришип баштаптыр. Бир катар тасмаларда “стерва” кыздардын образын жараткан модель өзүнө ылайык келген жумуш издеп, айрым агентство жана режисерлор менен кызуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп ...

0 11388

Дааватка тыюу салууга убакыт жетти

30-апрель 2017, 21:48 Айдар Нуралиев

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документте: "Үйлөрдү кыдырып өзүнүн диний көз караштарын таңуулоого, мыйзамга ылайык эмес прозелитизм-психологоиялык  жана физикалык таасир кылуу, коркутуу, зомбулук жолдорун колдонуу менен башка диний окууларды туткандарды өзүнүн динине киргизүүгө багытталган иш-аракеттерине тыюу салынат. Мыйзамды бузгандар административдик жазага тартылат"-деп жазылган.  Бул абдан ...

0 981

Түрк агымынын курулушу жайында башталат

30-апрель 2017, 21:26 Айдар Нуралиев

Орусиянын «Газпром» компаниясы, «Түрк агымы» долбоорунда газ куурунун курулушунун ушул жылдын жай айынын башында башталышы пландалып жатканын билдирди. Газпромдун билдирүүсүндө: «Түрк агымынын» иштөө тартибине ылайык газ куурунун биринчи этабы үчүн түтүктөрдү орнотуу иштеринин 2017-жылдын жай айында башталышы пландалууда»,- деп айтылды. Ошондой эле иш тартибинин алкагында долбоордун курулушунун 2019-жылдын аягында бүтүрүлүшү көздөлүп жатканы да маалымдалды. Булак: "trt.net.tr"

0 1348

Кэти Перри менен Орланда Блум дос болуп кала алышпады...

30-апрель 2017, 18:53 Айдар Нуралиев

2017-жылдын март айынын башында голливуд жылдыздары 40 жаштагы Орландо Блум менен 32 жаштагы Кэти Перри 10 айлык сүйүү мамилелерине чекит коюшкан. Бирок, андан бери түгөйлөр ажырашпай чыныгы достордой эле сүйлөшүп, кабар алып жатышкан. Түгөйлөрдүн ажырашуусу эки тараптын тең макулдугу менен чыр-чатаксыз бүткөн. Ажырашуунун себеби түгөйлөрдүн келечекке болгон көз карашы ар башка болгону себеп болгон. Буга кошумча, Орландо алардын мамилелери мындан ...

0 3889

Карызыңды кайтарып анан акыл айтсаң боло!

30-апрель 2017, 22:20 Айдар Нуралиев

Негизи саясатчылардын айткандары менен кылгандары көпчүлүк учурда бири-бирине такыр коошпойт. Акылдуусунуп кооз сүйлөшкөнү менен жасаган иштери көңүл иренжитет. Мына Эмилбек Каптагаев ар качандан, бир качан коомчулукка өзүнүн акылдуу ойлорун дамамат билдирип турат. Уккан-көргөндөр эл деген мекенчил, кыйын экен деп ойлошу мүмкүн. Мына ушул Каптагаевди Токтайым Үмөталиева: "Каптагаев 15 миң сом карыз болчу. Карызымды бермек түгүл, рахмат айткан жок" - деп ...

0 6007

Акыйкатчы Текебаевдин абалы менен таанышып чыкты

30-апрель 2017, 17:22 Айдар Нуралиев

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун абалы жана алар кармалып турган камералардын шарты менен таанышып чыкты. Өмүрбек Текебаев башкы укук коргоочуга аны кармоо шарты боюнча доомат-даты жоктугун, тамак-аш, медициналык кароо менен камсыздалып жатканын, күн сайын таза абага чыгып, сейилдээрин билдирди. Башкы социалисттин камерасында муздаткыч, электр чайнек, жууркан-төшөгү, китептери жана тамак-аш ысыта турган электр меши бар. Текебаевдин айтымында, ага ...

0 2883

ВИДЕО - Гүлжигит Сатыбеков, Бишкекте 2-3–майда өзүнүн өзгөчө жеке концертин өткөрөт

Видео 30-апрель 2017, 16:45 Гүлжан Шерипбаева

Кыргыз элинин арасында чоң колдоо тапкан, анча-мынча сын-пикирге тепсе термелбеген, элдин сүймөнчүгүнө ээ болуп келе жаткан, кайгылуу ырларды жеткире ырдаган Гүлжигит Сатыбеков, борборубуз Бишкекте 2-3-майда Кожомкул атындагы спорт сарайында өзүнүн өзгөчө жеке чоң концертин тартуулайт. Гүлжигит Сатыбековдун “Жаңы ырлардын жыйнагы” аттуу концертинде жаңы обондуу ырлары ырдалып, акыркы чыгармалары сахнада жаңырат. Бирде кайгырып, бирде терең ойго чөмүлүп ырдап, бирде залды шаңга бөлөгөн ырчынын ...

0 4108

Эрнис Тилеков, Улуттук Онкология Борборунун директору: “Бизге Кувейт өлкөсүнүн белдүү, колдору алтын хирургдары келди”

30-апрель 2017, 16:46 Гүлжан Шерипбаева

Бизге Кувейт өлкөсүнүн белдүү, колдору алтын хирургдары келди. Биздин онкоборборубузга келген дарыгерлердин саны он төрт. Анын ичинде медбраты, медайымы, анестезиолог ревматологу бар. Андан сырткары үч топтон турган хирургдар бар. Алар: Биринчи топ; Төрт адамдан туруп, пластикалык операцияларды жасайт. Экинчиси; Жалпы хирургия боюнча, курсак көңдөйүнө операция жасоо үчүн үч хирург келди. Үчүнчүсү; Баш моюн боюнча бирөө бар экен. Бул врачтар келет деп бир айдан ...

0 1260

Сүрөт - Никита Пресняков сүйүктүүсү Алена менен той күнүн белгилешти

30-апрель 2017, 16:16 Айдар Нуралиев

Орусиянын примадоннасы Алла Пугачёванын небереси Никита Пресняков менен Алена Краснованын сүйүү романы 2014-жылы ачыкка чыккан. Алар эл алдына 2015-жылы “Жаңы толкун” фестивалында алгачкы жолу бирге чыгышкан. Үстүбүздөгү жылдын 8-март күнү Никита сүйүктүүсүнө “Менин сүйүүм! Сен түбөлүккө меники болчу! Өтүп кеткен туулган күнүң менен!” деп романтикалык кечте үйлөнүү тууралуу сунушун киргизгенде Алена макулдугун берген. Мындан улам түгөйлөрдүн “Инстаграм” желесине жүктөгөн сүрөттөрүнө ...

0 3628

Өзгөн - Санжарбек Умралиев: “Айрым ММКлар мөндүр менен кардын айрымасын билишпейби?”

30-апрель 2017, 15:47 Гүлжан Шерипбаева

29-апрель күнү саат 06:40 чамасындагы Ош облусунуну Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында болгон жер көчкүнүн алдында калган  2 жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Санжар Умралиев билдирди. “Кар көчкү болгон аймакта күн суук, кар жаап салды. Айрым массалык маалымат каражаттары “Өзгөндө мөндүрдөн улам изилдөө иштери токтоду”,  деп жазып жатышат. Алар мөндүр менен кардын айрымасын билишпейби?”, - деп кошумчалады ...

Дагы жүктөө
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83