www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2017-жыл, сентябрь
0 2689

Ай Сапаке, чет өлкөгө чыкпай туруңузчу...

30-сентябрь 2017, 23:46 Гүлжан Шерипбаева

Сапар Исаков бийликтин бир бутагында турганда эле мамлекеттик төңкөрүлүш же Кыргызстанда революция болуп кетчү эле. Дегенибиз, буга чейин Максим Бакиевдин кеңешчиси болуп сыртта жүргөндө, өлкө ары – бери болуп кеткени эсибизде. Ал тургай Сапар Исаков Жогорку Кеңештин улуу трибунасында турганда эл өкүлдөрүнө 2010-жылдан кийин Максим Бакиев менен сыртта жүргөндүгүн өзү тастыктап берген. Чындыгында шайлоонун шайтан оюндары ...

0 20139

“Сайкал Садыбакасова, Эдил Маматов менен мамиле кылып кеткен”, деген сөзгө Бегимай Бекбоева күнөөлүүбү?

30-сентябрь 2017, 23:38 Гүлжан Шерипбаева

Социалдык тармактарда ырчы Сайкал Садыбакасова менен Эдил Маматов жана Эдил мырзанын жубайы Мэри Шакулина тууралуу кызуу талкууга алынууда. Айрым шилтемелерди назарыңыздарга салабыз. Байкуш Мээри...Күйөөсү бүгүн “Супер инфого” жооп кылып 100% кайра эле аялын күнөөлөптүр.. Баарына Мээри күнөөлүү экен.. Аял байкуш, байкуш аял. Төрт бала төрөгөнү үчүн да күнөөлүү, күйөөсүнө чыбадагандыгы үчүн, энеси менен тил табыша албагандыгы үчүн, ...

0 1707

Сооронбай Жээнбеков "калмак" дегендерге жооп айтты...

30-сентябрь 2017, 21:58 Гүлжан Шерипбаева

“Калмакташтыруу” саясаты же тектүү жердин уулуна жасалган “каралоонун” максаты эмнеде ? Президенттикке талапкерлиги коюлганы жаткан Сооронбай Жээнбековдун артынан эч кандай “куйрук” табылбай, эми атаандаштары анын түпкү тегин түкшүмөлдөп сүрүштүрүп, бурмалаган маалыматтарды чыгарганга өтүштү.  Анда кеп башынан болсун. Саясат деген санжыраны дагы бурмалап, түптүү адамдын тегин дагы түркүн-түс боектор менен боеп, бурмалап сүрүштүрүүгө жөндөмдүү нерсе окшобойбу. Жакында интернет сайттардын бирине президенттик ...

0 1387

Акыйкат шайлоо үчүн Жарандык кыймылынын Алмазбек Атамбаевге КАЙРЫЛУУСУ...Ачыкка чыкпаган арман...

30-сентябрь 2017, 21:34 Гүлжан Шерипбаева

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевке, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешишин Төрагасы Ч.А.Турсунбековко, Боршайкомдун Төрайымы Н.Шаилдабековага, КР Башкы Прокурору И.Жолдубаевага, КР Өкмөтүнүн Премьер-министри С.Исаковко, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сизге кайрылуу менен биз учурдагы кызмат абалына карата 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган шайлоону акыйкат жана ачык өткөрүүгө түздөн түз милдеттүү, ошону менен бирге өлкөнүн келечеги үчүн жоопкер мамлекеттик кызматкерлерге да кайрылып жатабыз. Шайлоо өнөктүгүн ...

0 496

Болсунбек Казаков: «Мегакомдун 100% акциясы накталай акчага сатылат»

30-сентябрь 2017, 20:54 Гүлжан Шерипбаева

«Мегаком» уюлдук компаниясын сатып ала турган кардар табылды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тараткан маалыматка караганда, орусиялык ишкер Елена Нагорная аталган компанияны сатып алуу үчүн арызын берген. Анын документтери жана сатып алуу каржылык мүмкүнчүлүгү текшерилип чыгып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мына ушул теманын алкагында аталган фонддун башчысы Болсунбек Казаков менен маектештик. Елена Нагорная  аттуу орусиялык ишкер “Альфа Телекомду” сатып ала турганы маалым болду. Эмненин негизинде бул ...

0 2645

ЧУКУЛ КАБАР: Канат Исаев камакка алынды

30-сентябрь 2017, 20:46 Гүлжан Шерипбаева

Жогорку Кеңештин эл өкүлү УКМКга камакка алынды. Канатбек Исаев массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деген айып менен УКМК тарабынан кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын маалымат кызматы билдирди. “Канатбек Исаев президенттикке талапкерлер Ө.Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык баш аламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен ...

0 1037

Мелис Аспеков: "Шайлоо алдындагы каралоо чектен чыкты"

30-сентябрь 2017, 19:35 Гүлжан Шерипбаева

Шайлоодогу ыплас каралоолор, адам-сапатынан алыстаган маалыматтар тууралуу оюмду айтып коюну туура көрдүм. Урматтуу достор! Биз, кыргыздар бүгүнкүдөй төмөн деӊгээлге түшкөн жок элек. Мынчалык каразгөйлүк менен жаманатты кылуу багытында кара пиар менен алектенген учур буга чейин болгон жок эле. Мен, саясатчы Өмүрбек Бабановго сын айтып, анын кемчиликтерин көп жолу жазып да келгем, аны жакшы билесиздер. Бабановго сын айткан 5 киши болсо, анын бирөө ...

0 755

Жалал-Абадда карыларга акчалай жардам көрсөтүү боюнча бир айлык башталды

30-сентябрь 2017, 19:10 Жазгүл Урманбетова

 Жалал-Абад облусунда өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин жарлыгы боюнча 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улгайгандарга көңүл буруп, жардам беребиз” аталыштагы бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу аталган ведомстванын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 1-октябрь карылардын эл аралык күнүнө карата өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн жарлыгы боюнча Сузак, Токтогул райондорундагы жана Токтогул шаарындагы карылар үйүнө, ошондой эле жашы жүздөн ашып калган 67 адамга акчалай каражат бөлүндү. Андан ...

0 2646

ВИДЕО - Социалдык тармактарга каралар дүйнөсүнө таандык аудио тасма тарады

Видео 30-сентябрь 2017, 19:06 Гүлжан Шерипбаева

Социалдык тармактарга каралар дүйнөсүнө таандык аудио тасма тарады. Ч.Жумагулов: «Кечээ күнү тиги Чүйдөн бир братишка бар да». У.Барчакеев: «Ага». Ч.Жумагулов: «Анан ошону жанагы Исаев бар го Исаев?!». У.Барчакеев: «Ии». Ч.Жумагулов: «Анан Каныбек Иманалиев беле? Каныбек Иманалиев бая «Карвенге». Келип жүрчү эле го, бир депутат?! У.Барчакеев: «Ии». Ч.Жумагулов: «Экөө тартып короче, акча предлагать этип, эме кылыптыр да. Короче отчаянный балдар керек, тигил бул деп. Анан баягы Рыспековский Дениз ...

0 536

Владимир Путин кайрадан такка отурабы?

30-сентябрь 2017, 17:40 Жазгүл Урманбетова

"Общественное мнение" фонду 23-24-сентябрь күндөрү 73 тармактагы 3000 адамдан сурамжылоо өткөрдү. Алардын 67 %ы шайлоо жакынкы күндөрү болсо, учурдагы президентти колдой турганын билдирген. Ал эми сурамжылоого катышкандардын 7%ы ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновскийди, КПРФ партиясынын лидери Геннадий Зюгановду 4 %ы колдой турганын айткан. Социологдор 2016-жылы өткөргөн сурамжылоодо катышуучулардын 71%ы Путинди колдой турганын билдирген. Ал эми 8% респондент шайлоого барбай турганын билдиришкен. Россияда ...

0 641

Бүгүн котормочулардын күнү

30-сентябрь 2017, 16:51 Жазгүл Урманбетова

1991-жылы 30-сентябрда котормочулардын кесиптик майрамы (International Translation Day) пайда болгон. Убагында орус акыны Александр Сергеевич Пушкин котормочулукту «Өнүгүүнүн аргымагы» деп атаган эле. Себеби, адабият жана киноискусство, илим жана техникадагы өнүгүүлөрдү таанып, ар кыл өлкөнүн элдери өз ара пикир алышып сүйлөшө алышмак эмес. Жыл сайын 30-сентябрь күнү «Көп тил - бир кесип» деген ураандын алдында 60 өлкөнүн 100дөн ашуун котормочулук ассоциацияларынын кызматкерлери ...

30-сентябрь 2017, 16:51 | 641
0 1850

Ош шаарынын тургундары Өмүрбек Бабанов айткан сөздөрү үчүн кечирим суроосун талап кылышууда

30-сентябрь 2017, 17:13 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 30-сентябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ош шаарындагы башкы штабынын алдында нааразычылык акциясы өттү. Акцияга чыккандар Ө.Бабановдон Оштун Он-Адыр кичи районундагы эл менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү үчүн элден кечирим суроону талап кылышты. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып, тартип бузулган жок. Чогулгандар талаптарын айткандан кийин тарап кетишти. «Жалпы элге, анын ичинен Ош облусунун элине тынчтык, улуттар аралык ынтымак башкы орунда ...

0 1708

СҮРӨТ - Камила Абдил, "Азия МIX" командасынын менеджери, сценарист: “Чет өлкөдө жүрүп өзүмдү-өзүм тарбияладым”

30-сентябрь 2017, 17:00 Айдар Нуралиев

Чет жерде эмгектенип, Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн таланттардын саны бизде арбын. Алардын бири Камила Абдил. Сүйүүдө... Мен тамашага абдан кылдат мамиле кылган аялзатынын катарына кирем. Эң жакын адамың бардык кырдаалды тамашага айлантып койсо жашооң жеңилдей түшкөндөй болот. Чынын айтуу керек башында биз эч кандай романтикалык мамиле тууралуу ойлогон эмеспиз. Экөөбүз эки башка адам элек. Кийин күтүүсүздөн эле күчтүү сезимдер пайда болуп ...

0 584

Чоң-Алайда жер титирөөдөн үйлөрү жабыркагандарга ачылган эсепке 26 230 176,38 сом түшкөн

30-сентябрь 2017, 15:55 Жазгүл Урманбетова

Жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган үй-бүлөргө жардам чогултуу үчүн атайын ачылган эсеп жабылды. Эсепке жалпы суммасы 26 230 176,38 сом түштү. Эскерте кетсек, Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2017-жылдын 3-майы күнү саат 10:47де, ал эми 5-май күнү саат 11:09 да очогунда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Шибе, Карамык, Кара-Тейит айылдарында 6 балл, башка райондордо 4-5 балл сезилген. Жер ...

0 459

Жалал-Абад - Казарман автоунаа жолуна кар көчкү түштү

30-сентябрь 2017, 15:27 Жазгүл Урманбетова

2017-жылдын 29-сентябры күнү саат 08:00 чамасында Жалал-Абад-Казарман автоунаа жолунун 42-50-чакырымына кар көчкүсү түшүп, унаажолу убактылуу жабылган. КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда аталган жолдун бир тарабы ачылды. №31 жол тейлөө ишканасынан бир бирдик автожүктөгүч жолду тазалоо иштерине тартылып, унаа жолу бир тараптуу ачылды.  Булак: NazarNews.kg

Дагы жүктөө
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83