Бул окуя жетимишинчи жылдары алыскы айылдардын биринде болгон экен...Он жаштагы Дөөлөттүн ата-энеси күнүгө эртелеп талаага жумушка кетип, кечинде келишет, Баласы алар жокто мектепке барып жатабы, балдар менен кандай ойноп жүрөт деген кызыгуу менен атасы бир күнү Дөөлөттүн классташы, теңтуштары менен жолугуп, сурап калды. Бирок алар бир ооздон "Сиздин балаңыз биз менен ойнобойт, сабакка да дайыма катышпайт" - дешти. Атасы буга ...
Бүгүнкү чыгырылышта Кыргыз Республикасынын Маданият - Маалымат жана Туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков NazarNews.kg агенттигине маек курду... --Алгач Нуржигит Кадырбекович Сизди кызмат ордуңуз менен куттуктайбыз! --Рахмат --Учурунда ыр жазып жүргөнүңүздөн кийин сизди "молдо болуп кетти", - деп айтышкан. Ошол чынбы? --Мен бул сөзгө каршы эмесмин. Кайсы тармакта иштесем ошол тармакты изилдегенге аракет кылам. “Ыйман” фондун жетектеген учурум болчу. Бул биздин расмий саясатыбыз болгон. Ал жакта ...
Билинбей төрт жыл артта калып, экс ажо А.Атамбаев айткан чимкирик парламенттин дагы жашоо сапары карып, кийинки шайлоого кезек берээрине жыл чамалуу убакыт калды. Ооба, буга чейин ооздорунан ак көбүк акканча убада берип “кыйрата салабыз” деген партиялардын жели чыккан бакшыдай шайлары ооп, берилген убадалар аткарылбай калып, азыртан эле акырындан үгүт иштерин жүргүзө баштаганы каңкууланууда. Ооба, эми эски эмес жаңы убадаларды ойлоп табышпаса, ...
Бул окуя союздун учурунда болгону айтылат. Көп жылдан бери колхоздун жүк ташыган машинасын айдаган Апыш, Балыкчы шаарына жүк алып келгени бара жатып, караңгыда көзү ирмелгенден машинасын жолдун четине чыгарып токтуп уктап, эс алып алууну ойлойт. Анткени бара турган жерине эрте барган күндө деле эки сааттан ашык күтүп калышы бул турган иш эле. Ооба, ал кезде азыркыдай машинанын саны көп болгон эмес ...
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйында ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринде эмгектенгендерди пенсия менен камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору каралганын билдирди. Өнөр жайды өнүктүрүү, өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү, ЕАЭБ жалпы эмгек рыногун түзүү, ЕАЭБ жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары үчүнчү өлкөлөр менен ...
Бут кийимдердин пайда болуу тарыхына кайрылсак, анын алгачкы мекени Батыш Евразия болгон. Кийин ал ыкма Египетке тарап, бара –бара Италия бут кийимдердин мекенине айланды. Акыркы жылдары болсо басымдуу бут кийимдер Кытай өндүрүшүнө таандык болуп калды. Мындай тарыхый маалыматтарга таянган жаңылыктарды бүгүн, 29 – мартта Жогорку Кеңештин “Өнүгүү – Прогресс” фракцисынын лидери Бакыт Төрөбаев Чүй областынын Сокулук районунун Манас айылында жайгашкан бут ...
Өткөн аптада Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхан Мирзиёеванын чакыруусу менен Ташкентке учуп кеткен. Маалымат чыгары менен соцтармактагылар Атамбаеванын эмнеге кеткенине кызыкканча, Зироатхан Мирзиёеваны дагы бир сыйра сөз кылып алышты. Негизи эле Өзбекстандын биринчи айымы коомчулукка чыккандан бери көпчүлүктү сулуулугу, кийингени, өзүн алып жүрүүсү менен суктантып келет. Анын өмүр баянына кызыккандар көп. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги ...
Дем алыш күндөрүнө байланыштуу бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 1-апрелге чейин жылдырылды. Декларациясын тапшыра элек жарандар бүгүн, эртең жана 1-апрель күнү эртең мененки саат 9:00дөн тарта кечки саат 24:00гө чейин тапшыра алышат. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыковдун маалымытына караганда, 27-мартка карата 300 миңге жакын адам бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Декларациясын убагында тапшырбаган жеке жактарга 1000 ...
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда скутер КамАЗга урунду. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти. Жол кырсыгы 29-мартта кечинде болгон. Маалыматка караганда, КамАЗ жолдон бурулуп жатканда скутер ага барып урунган. Анын кесепетинен скутерди айдап бараткан 21 жаштагы жигит жана ага учкашып бараткан 11 жаштагы бала жаракат алган. Алар ооруканага кайрылып, жарааты таңылган. Окуянын чоо-жайы такталууда. Булак: "sputnik.kg"
Кремлдин катчысы Дмитрий Песков жыйында Венесуэладагы акыркы абалдын каралгандыгын белгилеп : «Кээ бир өлкөлөрдүн Венесуэланын ички иштерине кийлигишүү ниети тууралуу маалыматтарынан тынчсыздангандыгы билдирилди»,- деди. Орусиянын тышкы иштер министринин катчысы Мария Захарова АКШнын Нидерландия менен Кюрасао аралдары аркылуу Венесуэлага гуманитардык жардам берүү үчүн келишкендерин белгилеп, АКШны Венесуэлада хаос жаратуу менен күнөөлөгөн. АКШнын президенти Доланль Трамп да : «Орусия Венесуэладан кетиши керек»,- деген. Булак: "trt.net.tr"
- Атамбаев жакында оппозицияга кеткенин жарыялады, бул кабарды сиз кандай кабыл алдыңыз? Эмне себептен экс-президент мындай чечимге келди? - Атамбаевдин бул кадамы туура болду. Оппозиция ар бир мамлекетте болушу шарт. Иса пайгамбар туулганга чейин 2 миң жыл мурдагы замандагы Гераклит: “Ар бир адамдын ичинде оппозиция болушу керек” деп айткан. Ар бир адамдын ичинде болсо, демек мамлекетке да бул зарыл нерсе. Бирок, ...
Токтайым эже менен кыргызстандагы саясий кырдаал жана экс-президент камалышы керек дегендер тууралуу жана путиндин келиши боюнча баарлаштык. -Токтайым эже, Кыргызстандын коомдук–саясый жана мекенчил уюмдарынын жыйынында коомдук-жарандык уюмдардын өкүлдөрү жана белгилүү коомдук-саясий ишмерлер экс-президент АлмазбекАтамбаевге “тез арада кылмыш иши козголушу керек" деген пикирлерин айтыптыр. Чындап эле Атамбаев камалышы керекпи? -Атамбаевди камаш үчүн эң биринчи негиз таап, анын кол тийбестигинен ажыратыш ...
Жашоодо эмне деген гана окуялар болбойт. Бирок баары бир гана буйруктан жана тагдыр экенине баам салганыбыз туура. Тээ илгери он төрт жаш курагында, Асылжан деген кыз, бир хандын жалгыз баласына өз көңүлү менен турмушка чыгат. Бирок, бир апта жашаган соң, экөөнүн жаңы гана жашоонуну кызыгына батып келе жатканда, алыстан душман келип, курган бала апаатка кетип, душмандын колунан каза болуп калат. Ошондо Асылжан ...
Казакстан президентинин администрациясынын сайтында өткөн аптада Нурсултан Назарбаевден кийин президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаевдин өмүр баяны жарык көрдү. Кызыгы, билек түрүнүп кызматка киришкен Токоев 65 жашта. Москвада билим алган, Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы жана тышкы иштер министрлик кызматын аркалаган. Үй-бүлөөлүк абалы бойдок. Мурда ажырашып кеткен. Хоббиси көркөм чыгармаларды жана саясый жана мемуардык багыттагы китептерди көп окуйт. Маалыматтарга таянсак, Токоевдин ...
Ооба, бир кезде динге берилгендердин саны арбып, керек болсо мектеп окуучулары дагы сабакты таштап, даабатка кетип калган күндөрү болгон. Ошол кезде кары-жаш дебей динге берилгендер 3, 7, 10, 40 күндүк даабатка чыгып, мечиттерге түнөп, айыл кыдырып калган эле. Бир күнү биздин эле мекендешибиз, кавказ улутундагы жигит 40 күнгө даабатка чыгып, он бала менен Ош облусун кыдырып, мечиттерге барып даабат айтып жүргөн ...
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!