www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жыл, август
0 1906

ВИДЕО – Оруссияда өткөн жеткинчектердин хокей мелдеши массалык мушташ менен аяктады

Видео 31-август 2019, 17:52 Кызгалдак Жакыпова

Жеткинчектер арасындагы хокей мелдеши Саратовдо өткөрүлгөн. Турнирдин жүрүшүндө «Кометой» (Самара) жана «Аксай» (Ростов областы) командалар ортосундагы мелдеш мушташ менен аяктады. Мушташ бир минутадан көбүрөөк болгону айтылууда. Анткен менен ойундун жыйынтыгында судялар тобу эч кимисине жаза колдонушкан эмес. Самаралыктар 7:3 эсебинде жеңүүчү болушкан. Бул албетте “Хокей-спорту!”. Мындан жаманы балдар компьтер оюндарынан улам ырайымсыз болуп баратканын унутпайлы. Булак: NazarNews.kg

0 298

Сүрөт - Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы Эгемендүүлүк күнү

31-август 2019, 16:28 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чараларга катышты. Иш-чара кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөгө салым кошкон тарыхый инсандар жөнүндө театралдаштырылган прологдон башталды. Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө мекендештерди майрамы менен куттуктап, көз карандысыздык ата-бабалардын каны менен кошо айланып, жаны менен кошо жашаган, муундан муунга жеткен улуу дөөлөт экенин, өлкөдөгү тынчтык жана ...

0 932

... Сенин байкең эркек эмес экен...

31-август 2019, 16:51 Кызгалдак Жакыпова

Саясат аз келгенсип, эми динчилдердин айынан келинчегим экөөбүз чатакташып аз жерден үйдөн уруш чыгып кете  жаздады. Буга жакында Интернеттен момун мусулман Турсунбай Бакир уулу менен теңирчи сөрөй Арстан Алайдын кайым айтышы себепкер болду. Ачыгын айтсам, мен мурда көзү ачыктар тууралуу маалыматтар жарыяланган гезитте кабарчы болуп иштеген элем. Келинчегимдин чоң атасы менен таятасы учурунда чоң молдолордон болгон экен. Ушунун баары ...

0 281

Москвадагы тумандан улам, аэропорттордогу 140 рейс кармалууда

31-август 2019, 16:09 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралу Оруссия жергиликтүү каналдары жазгандарга таянсак, Внуково аэропортундагы кармалып турган рейсттин саны 29 болсо, Шереметьеводо 71, Домодедоводо 37 экени айтылат. Ошондой эле расписание боюнча Домедовко коно турган дагы башка 11 рейс токтотулган. Москвадагы ала булуттуу аба-ырайы бир күн боюу көзөмөлдөнөрү белгиленүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 321

Оруссиялыктар хиджабды жарнамалагандарга нааразы болушту

31-август 2019, 15:46 Кызгалдак Жакыпова

Оруссиялык “Gloria Jeans” кийим брендди, хиджабды жарнамалай койушуп көпчүлүктүн жемесинде калды. Бул тууралу Кремил маалымат булактары жазып чыгышты. Айтылгандарга караганда, 29 – август күнү аталган бренддин Instagram-аккаунттагы официалдуу баракчасына, кочкул-көк өңдөгү аялдардын көйнөгүнүн сүрөтү жайгаштырылган жана анда, «Gloria Jeans менен сен өзүңдү колго ал! Биз сенин жашыңа, жынысыңа, териңдин өңүнө, диниңе, көз-карашыңа карабай кубанабыз” — деген жарнамалык текст жазылган.

0 331

АУДИО - Кореянын Президенти Мун Чжэ Ин Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:42 Кызгалдак Жакыпова

Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Ин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Жыл өткөн сайын кыргыз-корей достук мамилелери түрдүү тармактарда өз ара аракеттенишүү менен тыгыз, туруктуу өнүгүүдө. Биздин өлкөлөр мындан ары дагы тыгыз кызматташуусун тереңдетип, бекемдеп, өз ара пайдалуу жана келечекке багытталган мүнөз берет деп үмүттөнөм. Эки өлкөнүн ортосундагы достук мындан ары дагы ...

0 129

АУДИО - Афганистандын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:35 Кызгалдак Жакыпова

Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Эгемендүүлүк күнү менен Сизди жана дос Кыргызстан элин Афганистан элинин атынан куттуктайм. Ушул жылы дос Кыргыз Республикасына иш сапар менен келүүгө мүмкүнчүлүк болгонуна кубанычтамын. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Сиз менен жолугуп биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара байланышты жана кызматташууну жогорулатуу ...

0 109

АУДИО - Пакистан Президенти Ариф Алви Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:30 Кызгалдак Жакыпова

Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоо мага зор кубаныч тартуулайт. Пакистан менен Кыргызстандын ортосунда күчтүү тарыхый, маданий жана диний жакындыкка негизделген тыгыз жана бир туугандык мамилелер бар. Ал мамилелерди мындан ары да көптөгөн тармактарда өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Эки өлкөнүн ортосунда болуп келген ...

0 158

АУДИО - Италиянын Президенти Серджо Маттарелла Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:32 Кызгалдак Жакыпова

Италиянын Президенти Серджо Маттарелла Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Улуттук майрамдын мааракесине байланыштуу Италия элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сизге жана чыныгы достук мамилелер менен байланышкан Кыргыз Республикасына өнүгүү каалоолору менен куттуктоо жиберүүгө мага жагымдуу мүмкүнчүлүк берилип жатат. Бул достук мамилелерибиз мындан ары да бекемделе берет деп ишенемин. Италия Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ...

0 173

АУДИО - Бельгия Королу Филипп Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

Бельгия Королу Филипп Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Улуттук майрамына байланыштуу улуу урматтуу Сизге жана Сиздин мекендештерге куттуктоолорумду жолдоймун. Сиздерге бакыт жана ден соолук каалаймын», — деп белгиленет Бельгиянын Королунун куттуктоосунда. Булак: NazarNews.kg

0 85

АУДИО - Венгрия Президенти Янош Адер Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:37 Кызгалдак Жакыпова

Венгрия Президенти Янош Адер Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын улуттук майрамына байланыштуу Сизге жана Сиздин мамлекеттин бардык жарандарына чын дилимден куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду билдирем. Кыргыз Республикасы биздин Борбор Азия регионундагы маанилүү өнөктөшүбүз болуп саналат. Венгер тараптан биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө ар дайым даярбыз жана ...

0 65

АУДИО - Румыния Президенти Клаус Вернер Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:27 Кызгалдак Жакыпова

Румыния Президенти Клаус Вернер Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы күнүнө байланыштуу Сизге жана кыргыз элине тынчтыкты жана бакубаттулукту каалоо менен куттуктоолорумду билдирем. Майрам күнү мен биздин өлкөлөр ортосундагы ар кыл чөйрөлөрдөгү мамилелери румын жана кыргыз элдеринин жалпы жыргалчылыгы үчүн өнүгө жана бекемдей бере турганына ишеним билдирем», — ...

0 111

АУДИО - Индиянын Президенти Рам Натх Ковинд Президент Сооронбай Жээнбековду жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:23 Кызгалдак Жакыпова

Индия Республикасынын Президенти Рам Натх Ковинд Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Индия жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелер жылуулук жана эркиндик менен мүнөздөлөт. Биз жалпы тарыхый байланыштарга негизделген жалпы демократиялык баалуулуктарды жана өз ара мамилелерди тең бөлүшөбүз. Биздин ШКУ жана башка көп тараптуу форматтардагы уланып жаткан кызматташуубуз сиздердин аймактагы кызматташууну алдыга жылдырууга көмөктөшөт», ...

0 146

АУДИО - Испания Королу Фелипе Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:20 Кызгалдак Жакыпова

Испания Королу Фелипе Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн майрамдоого байланыштуу, мен, Испан Өкмөтү жана эли өзүнүн чын дилден чыккан куттуктоосун жолдойт. Кыргыз элинин бакубатчылык, тынчтык жана өсүп өнүгүүсү үчүн менин эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Булак: NazarNews.kg    

0 117

АУДИО - Египет Президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Аудиофайл 31-август 2019, 15:14 Кызгалдак Жакыпова

Египет Араб Республикасынын Президенти Абдель Фаттах Аль Сиси Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. «Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин дос өлкөлөрүбүздүн жалпы кызыкчылыктарына жетишүү максатында өлкөлөрдүн кызматташтык мамилелерин бардык тармактарда бекемдөө боюнча биргелешкен иштердин ишке ашырууну өзгөрүүсүз карманаарыбызды ырастайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. Булак: NazarNews.kg

Дагы жүктөө
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83