www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлжан Шерипбаева

NazarNews порталында башкы директор жана журналист.

Автордун жаңылыктары (5140)

0 2033

Интернетте Сапар Исаковду колдогон флешмоб жүрүүдө

02-июнь 2018, 12:17 Гүлжан Шерипбаева

Интернетте айрым социалдык тармактын колдонуучулары мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду колдогон флешмоб уюштурушту. "Сапар Исаковдон колуңду тарт", "Мен ишенбейм" сыяктуу орусча хэштег менен жазылган билдирүүлөр айрыкча "Фейсбукта" көп жазылып, Исаков күнөөсүз деген тариздеги билдирүүлөр жазылууда. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. 29-майда Сапар Исаковго Бишкектин Жылуулук электр борборуна байланышкан (ЖЭБ) кылмыш ишинин алкагында айыбы угузулду. Ал "Президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп турган ...

0 812

Оторбаевге узатчу суроо жокпу, ау-уу УКМК?

02-июнь 2018, 12:01 Гүлжан Шерипбаева

Өткөн жума Жоомарт Оторбаев сыртка чыгып кетти деп жазган элек. Окурманыбыз мурунку премьер-министр Оторбаев өлкөдөн оолак кетпей эле, шаарда ээн-эркин жүргөнүн далилдеп сүрөтүн жөнөтүп ийиптир. Ау-уу УКМК, жанагы мектепке бөлүнгөн акчаны «ап» этип койду деп Кулматовко коюлуп жаткан Калыс-Ордодогу мектепке так ушул Жоомарт Оторбаев премьер-министр кезинде кийлигишкенин билбейсиңерби? Же силерде Оторбаевди олтургузуп алып узатчу сурооңор жокпу? Оторбаев досу Кубат Шаршекеевдин ...

0 855

Президенттин атынан Досалы Эсеналиев тапшырды...

02-июнь 2018, 11:13 Гүлжан Шерипбаева

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан Онкология жана гематология Улуттук борборунун балдар онкогематологиясы бөлүмүндө дарыланып жаткан балдар үчүн дары-дармектерди сатып алууга 2,4 млн сом бөлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.  Бул чечим республикалык бюджеттен бөлүнгөн сумма керектөөнү толук көлөмдө канааттандырбагандыктан, ал эми балдарды комплекстүү дарылоо жогорку технологиялык жана кымбат дарылоону талап ...

0 1365

ВИДЕО - "Ихлас" компаниясынын кайрымдуулук кербени

Видео 01-июнь 2018, 18:41 Гүлжан Шерипбаева

Кандай болгон шартта да мейли балдар үйүндө, же карылар үйүндө болобу, же өз бүлөсүндө жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ар убак унутта калбай көңүл борборунда болсо деген тилек ар бирибизде жашайт. Ар бир жаран ар бир бала коргоого муктаж жана бактылуу балалыкка укуктуу. Андыктан 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата, Улуу орозонун ыйык күндөрүндө “Ихлас” курулуш компаниясы Беловодск жана Военно Антоновкадагы ...

0 654

Аликбек Жекшенкуловдун бир күндүк сапары

01-июнь 2018, 16:55 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүн, 1-июнь  балдарды коргоо күнүнө карата Панфилов районундагы жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп интернатына бардым. Мектептин шарты заманбап технология менен кыйла өзгөрүптүр. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен мектепке заманбап үлгүдөгү имарат курулуп, имараттын ичинде авто унаа, чач тарач жана тикмечилик боюнча окутуп үйрөтүүчү  класстар ачылыптыр. Албетте, бул жетишкендиктердин артында мектеп директору Раимбек мырза турат десек жаңылышпайбыз. Раимбек мырзанын үзүрлүү эмгегинин ...

0 40840

Дайырбек Орунбеков: “Жээнбеков жер сатты!”,- деген сөз “PR-группанын» чагымчыл маалыматы"

01-июнь 2018, 15:45 Гүлжан Шерипбаева

Кытай-Кыргыз ортосундагы элчиликтин имараты турган аймакты колдонуу боюнча келишимин, азыр башкача нукка буруп, “Жээнбеков жер сатты!”,- деп жер сабап жаткан атайын уюшулган “PR-группанын» чагымчыл маалыматына элдер алынып кетти окшойт. Чынында соцтүйүндөрдө таркап жаткан маалыматтар бурмаланган.   Кытай элчилиги, 2003-жылдан тарта эле аянты 3,3 гектар аймакка жайгашкан. 15 жылдан бери эле ошол аймакты колдонуп келе жатат, ал убакта эч ким айтып ...

0 1886

“Манас” аэропортунун көзүрү Эмир Чукуев эл чөнтөгүнө кол салган...

01-июнь 2018, 13:50 Гүлжан Шерипбаева

Кыргызстанда авиакомпаниялардын ички каттамдарына тейлөөсүнө нааразылык оголе көп. Бирок ал көйгөй көбүнчө ачыкка чыга бербейт. Канткен күндө дагы АВИА каттамдар ат көтөргүс кызмат кылбаса дагы, аба жүргүнчүлөрүн эптеп-септеп тейлеп келе жатышат, ал турган кеп. Эми расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда жалпы 22 авиакомпания каттоодон өткөн болсо Кыргызстандын карамагында араң 1 даана самолету бар. Ал учагы дагы Бишкек ...

0 8331

Министр Кашкар Жунушалиев милициянын кабинетинде каза болгон кыздын өлүмү боюнча жеке көзөмөлүнө алды

01-июнь 2018, 11:54 Гүлжан Шерипбаева

ИИМ: Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысы боюнча жана милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөөнүн жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри К. Джунушалиев көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен  милиция кызматкерлеринин жана алардын жетекчилеринин иш-аракетине баа берилет. Мыйзамдуулукту бузган ИИОнун кызматкерлерине карата ички иштер органдарынан бошотууга ...

0 5305

МАИ кызматкерин сүйрөгөн тартипсиз айдоочу айым депутаттын кызы

01-июнь 2018, 10:38 Гүлжан Шерипбаева

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүсүн Lexus LX570 автоунаасы менен алдыга сүйрөгөн айдоочу — 43 жаштагы Балтабаева Нүргүл Ташполотовна экендиги маалым болду. бул тууралуу турмуш сайты жазып чыкты.  Окуя кечээ, 31-майда Бөкөнбаев көчөсүндө болгон. Жол тескөөчүсүнө баш ийбеген айдоочу унаанын алдында турган МАИнин кызматкерине карабай жол тандабасты айдоого аракет жасаган. Тартипсиз айдоочу, 43 жаштагы аял Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаевдин кызы ...

0 1630

Баткендиктерден КАЙРЫЛУУ: Прокурор, акимдер "долясын" алды...

01-июнь 2018, 10:32 Гүлжан Шерипбаева

Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Кайтпас айылынын «Түмөнбай» дыйкан чарбасынын башчысы Эргашов Азимжондон Кыргыз бийлигине КАЙРЫЛУУ Акрам Мадумаров Камбаралиевичдин Кокон хандыгын тыйып койчу жан барбы? Мурдагы  Бажы кызматынын башчысы, экс депутат Абсатаров Абдыкайымдын крышалык кылуусу менен «Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин тойгоздум, болду эми сен бийликтин эркеси болуп жүрө бер» деп эркелеткен Акрам Мадумаровдун Кадамжай элибизге коррупциялык иштерин ...

0 705

Казакстанда бардык мобилдик телефондор каттоого алынат

01-июнь 2018, 09:14 Гүлжан Шерипбаева

Казакстандын жашоочулары быйыл жыл соңуна чейин мобилдик телефондорунун IMEI-коддорун каттатышы керек, антпесе байланышсыз калышат. Тиешелүү өзгөртүүлөр өлкөнүн «Байланыш тууралуу» мыйзамына киргизилди. IMEI-коддорду каттатуу зарылдыгы тууралуу билдирүүлөр Казакстандын уюлдук операторлорунун биринин мобилдик тиркемесинде пайда болду. Анда 2019-жылдын январынан тарта телефон кодун жеке идентификациялык номурларына байлап каттатпаган колдонуучулардын байланышы өчүрүлө тургандыгы эскертилген. IMEI код — бул ар бир телефон жана смартфон үчүн бериле турган ...

0 1590

Дастан Жумабеков мыкты сүйлөдү

01-июнь 2018, 08:19 Гүлжан Шерипбаева

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат жана ТИКА уюму тарабынан уюштурулган Рамазан айынын урматына карата сый-тамак берип, Кыргызстандагы ар улуттан турган жана мамлекеттик кызматкерлерди чакырды. Алгач элчи эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнаш жана бекем достугу тууралуу сөз сүйлөдү. --Урматтуу коноктор! Улуу Рамазан айында ушундай иш-чара катышып жатканымды чоң сыймык деп эсептеймин. Кыргыз эли улуу калк. ...

0 1793

Президентке КАЙРЫЛУУ: "Эмне себептен Карганбек Самаков акталышы керек?"

31-май 2018, 18:22 Гүлжан Шерипбаева

Эмне себептен Карганбек Самаков акталышы керек? (Же соттолуучунун актыгынын айныгыс фактылары) Урматтуу Сооронбай Шарипович! Урматтуу Айнаш Абдымановна! Урматтуу Өткүрбек Асилбекович! Акыркы жылдарда коомчулуктун көӊүлүн өзүнө бурган соттук иштердин бири бул – Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдуку. Ал Бишкек шаарынын айланасындагы 262 гектар жерди элден сатып алып, мыйзамсыз трансформация жасаган, делип козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталып, Октябрь райондук соту тарабынан ...

0 705

Дамир Сагынбаев өлкөдөгү коррупция менен күрөштүн жүрүшү жөнүндө айтып берди

31-май 2018, 16:14 Гүлжан Шерипбаева

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 31-майда 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин чечимин ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы чаралар жөнүндө жана ошондой эле коомдук талкуу жараткан коррупциялык багыттагы кылмыш иштери боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Дамир Сагынбаев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечиминин алкагында ишке ашырылып жаткан айрым иш-чараларга токтолду. «Кылмыш-укуктук статистиканы жүргүзүүнүн маанилүү компоненттеринин бири Кылмыштардын бирдиктүү реестрин киргизүү болот, бул чара ...

0 8859

ВИДЕО-Нурбек Осмонов, “Ихлас” компаниясынын негиздөөчүсү: “Ихласка” Икрамдын тийешеси жок"

Видео 31-май 2018, 16:06 Гүлжан Шерипбаева

Акыркы убактарда айрым белгилүү да, белгисиз да тараптардан «Ихлас» курулуш компаниясына карата атайын бир беткей каралоо, чагымчылдык иш- аракеттери активдүү жүргүзүлүүдө. Албетте, мындай жийиркеничтүү, арам иш-аракеттер атайын бир кара ниет Аллахтан коркпогон арсыз адамдардын бир тобу тарабынан уюштурулуп, коомчулукту удургутуп, козутуу максатын көздөйт. Анткен менен адал эмгек, аруу тилек, акыйкаттыкты бек тутуп акырет үчүн астейдил ак мээнетибиз менен күн санап ...

0 572

Дары – дармектер менен камсыздандыруу департаментинин 2017-2018 жылдары аткарылган иштери, жетишкендиктери боюнча отчету (толугу менен)

31-май 2018, 14:47 Гүлжан Шерипбаева

1. 2017-жылы Департаменттин жумушу, укуктук базаны жаныртууга жана бекемдѳѳгѳ багытталды. Тилекке каршы, бул тармактын дары дармектер жѳнүндѳ мыйзамы 2003-жылы кабыл алынып, замандын талабына жооп бербей калган. Андыктан тиешелүү аракеттер кѳрүлүп, натыйжада 2017-жылы уч мыйзам кабыл алынды (дары-дармектерди айландыруу жана медициналык жабдууларды айландыруу жѳнүндѳ мыйзамы). Дары-дармектер менен медициналык жабдуулар боюнча жаны укуктук база даярдалды. Азыркы тапта ошол мыйзамдардын негезинде 10 мыйзамдык-укуктук ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 939

Карганбек Самаковду жөнү жок Жаныш Бакиевге жабыштырып соттогон ...

31-май 2018, 11:13 Гүлжан Шерипбаева

Карганбек Самаковду анын уулун, уулунун досторун коррупция беренеси менен камап койгону акылга сыйбаган иш. Себеби коррупция беренеси тек гана мамлекеттик кызматкерлерге тийиштүү. Жаза кодексинде бул беренеге так аныктама берилген. К.Самаков жер трансформация болгон учурда жеке ишкер болгон. Ооба, ал киши үч чакырылыштын депутаты болуп кызмат аркалаган. Ошондуктан 2014-жылы Самаковду камагыла деген саясий буйрук түшкөндө алгач Башкы прокуратура Самаковдун 15 жылдык депутаттык ...

0 4999

Атамбаевдин кол тийбестиги алынат...

31-май 2018, 10:17 Гүлжан Шерипбаева

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өз бийлиги гүлдөп турган убакта: «Мыйзам баарына бирдей болушу керек, эгерде мыйзам бузсам, анда мен жооп беремин, мени да жоопкерчиликке тарткыла» деп өтө көп айтчу. Кыязы, ошол айткандарына эми бекем тура турган учур жакындап калды окшойт. Себеби, парламентте экс-президенттердин кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлганы маалым болду. Бул мыйзам долбоорунда “Кыргыз Республикасынын ...

0 3114

Дайырбек Орунбеков: "Президентти "актатып бер" деп соттун ишине аралашуусуна түртпөшүбүз керек"

31-май 2018, 10:23 Гүлжан Шерипбаева

Мурда: - Шыбырашты, ойлору жаман окшойт, бийлик басып алуу ниети бар экен, Атамбаевди сындап жатат деген негиздер, жалган жалаалар менен камакка алуулар эбегейсиз көп болгон. Кылмыш иши аныктала электе желкелеп барып камап, Атамбаев болсо, жыйындарга соттордон мурда эле "ууру-коррупционер" ал тургай жыттап көргөнсүп "сасыктар", "аларды камаш керек!",- деп бүтүм чыгарып салчу. Андай ишаараты менен ал сотторго ачык эле көрсөтмө берчү. Азыр: ...

0 684

"Элдин акысын жебе", "Атаңа наалат келтиребе" - деген кыргыз!

31-май 2018, 09:44 Гүлжан Шерипбаева

"Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев, мамлекеттик мүлктү талап -тоноону токтотуу, каражатты туура жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарын айтты. 1) Мамлекеттик мүлктү Кыргызстан боюнча инвентарициядан өткөрүү зарыл. 2) Майлуу жерде бир канча жылдан бери иштешкен мамлекеттик чиновниктердин мүлкүн териштирүү, тинтүү аркылуу ачыктык киргизип,ашыкча дүйнөсүн улутташтыруу керек. 3) Алардан түшкөн каражатты бир эсеп-чотко топтоп, же "Эл банкын" ачуу жагын да карап көрсө болот. (Анткени, ...

0 1133

Кыргыз-Өзбек чек арасынын ачылышынын күңгөйү менен тескейи

30-май 2018, 22:45 Гүлжан Шерипбаева

Мындан эки жыл мурда Өзбекстанда саясый режим өзгөрүп, Ш. Мирзиёевдин президент болушу менен өлкөнүн тышкы саясаты да жаңы нукка бурулуп, эң оболу кошуналар менен мамилеси жакшыра баштады. Өзбек президенти алгачкылардан болуп Кыргызстанга өзү кол сунуп, 150 райондук, облусттук жетекчилерден турган делегация Ошко келип-кетишкен. Андан кийин биздин да чектеш облусттардын аткаминерлеринен турган ошончо делегация Анжиян менен Фергананы кыдырып келишкен. Бул бир эле ...

0 616

Өбөктөгөн өнөр жай

30-май 2018, 21:55 Гүлжан Шерипбаева

Коммунисттик доордо Кыргызстан жеңил өнөр жайы да, оор өнөр жайы да мыкты өнүккөн мамлекеттердин катарында элек. А. Акаев Президент болгон 15 жыл ичинде жеңилин да оорун да айыл чарбасын да тымтыракайын чыгара талкалап коррупцияны гүлдөтүп, карызга батырып, аз эле жерден мамлекети жок кылып жибере сактады да качып кете берди. “Бийликке келсем 3 эле жылда Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекеттердин катарына кошом”- деп күпүлдөгөн ...

30-май 2018, 21:55 | 616
0 849

Алга Кылычов журналист Турат Акимовду сотко бергени боюнча маалыматты төгүндөдү

30-май 2018, 21:23 Гүлжан Шерипбаева

КСДП партиясынын мүчөсү, “Бириккен элдик кошуундардын” төрагасы Алга Кылычов “журналист Турат Акимовду Алга Кылычов сотко берди” деген маалыматты төгүндөп чыкты. Бул тууралуу Кылычов өзү “Азаттыкка” билдирди. Кылычов Сөз эркиндигин коргоо комитетинин билдирүүсүндө көрсөтүлгөн маалымат туура эмес экенин, тескерисинче Акимов аны 70 млн. сомдук доо коюп сотко бергенин айтты. 21-майда Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттерге койгон материалдык доосунан баш ...

0 2509

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Бийлик коррупция менен чындап күрөшсө, КСДП жетекчилеринин камалат”

30-май 2018, 20:59 Гүлжан Шерипбаева

— Эки дос, Соке менен АША тирешип, саясат кызуу болуп жатканда АКШда эс алып жүрдүңүз. Саясатта пайда жок деген үмүт менен биротоло бизнеске кетейин дедиңизби? — Андай деле эмес, мурун эле пландаштырып койгон саякатыбыз бар болчу, бу турмушта саясаттан башка да кызык нерселер көп да. Анын үстүнө акыркы жылдарда кызык окуялар болуп жатат (күлүп). Сен өзүң калп айттырбасаң керек, биз 2010-жылдан бери жаңы ...

0 4356

Жанарды “балашка” дегендер тилин тиштеп олтурат

30-май 2018, 20:42 Гүлжан Шерипбаева

Азыркы күнү эң популярдуу элдик депутат аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүүнүн деле кажети жок. Ансыз деле белгилүү. Ал баатырдын аты - Жанар Акаев! Алайдын койнундагы Кабылан-Көл айылында чоңойгон Жанар жалпы кыргыздын сүймөнчүгү! Эл аны Баткендин Лейлегинде кандай жакшы көрсө, Ысык-Көлдүн Ак-Суусунда дагы ошондой жакшы көрөт. Былтыр Ат-Башыга барса, эл чогулуп, базары токтоп калганын дагы көрдүк. Өзү “менин округум жалпы Кыргызстаным!” деген ураан ...

0 2183

Ошондо Бабановдун “балапандары” ойгоно баштадыбы?

30-май 2018, 20:26 Гүлжан Шерипбаева

"Республика - Ата Журт" партиясынын мурдагы лидери, Жогорку Кеңештин муруңку депутаты Өмүрбек Бабанов Москвада ишкерлик менен алектенип жатканы каңкууланды. Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын күзүндө өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, утулган. Андан соң чет өлкөгө дарыланганы кеткени кабарланган. Декабрдын соңунда өзү саясаттан чыкканын жарыялаган. 19-январда БШК “Республика” партиясынын лидерин өз арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан.

2 8942

Нурлан, Асел: «Бири-бирибизди колдоп, чыгармачылыгыбызды дагы күчтөнтөбүз»

31-май 2018, 17:39 Гүлжан Шерипбаева

Нурландан сахнага жаңы чыккан убагынан баштап, популярдуулукка жетип дүңгүрөп турган кезине чейин бир канча жолу интервью алгам. Бул аралыкта анын жылдыз оорусу менен оорубай, башында кандай болсо, дал ошондой жөнөкөй бойдон калганына ичим жылычу. Анын бул сапатына ыраазы болуп «кайсы бактылуу кыз Нурланга жолугар экен?» деп ойлоп койчумун, ошол бактылуу кыз Асел Кадырбекова болду. Жаңы эле баш кошкон бактылуу түгөйлөрдү ...

0 3087

ЖАРЫЯ: Азамат Байматов шаар жүргүнчүлөрүнө "акысыз" шарт түзүп берет

Видео 30-май 2018, 19:54 Гүлжан Шерипбаева

Бир нече кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келе жаткан, "Кайрымдуу бол" фондунун жетекчиси Азамат Байматов шаар жүргүнчүлөрүнө "акысыз" шарт түзүп берет. Бул тууралуу маалыматты Дана Абдыбекова билдирди.  "Бишкек шаарынын тургундары, 31-май РАМАЗАН айынын 15-күнү «Кайрымдуулук KYH» деп, белгиленип, Кыргызымдын «ЭР АЗАМАТЫ» Азамат Байматов, шаар жүргүнчүлөрүнө жакшы шарт түзүп берип жатат. 31-май күнү эртең мененки саат 8:00 дөн баштап 16:00 го чейин шаардын 148-кичиавтобус (маршрутка) коомдук ...

0 20647

Марсбек берген көрсөтмөсүндө кызды өлтүрбөгөнүн айткан

30-май 2018, 14:38 Гүлжан Шерипбаева

20 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген жигиттин абалы жакшырып, суроолорго жооп берип баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жайыл райондук оорукананын дарыгерлери билдиришкен.  Аталган басылмасынын өздүк булактарынын маалыматына караганда, Б.Марсбек берген көрсөтмөсүндө кызды өлтүрбөгөнүн жана окуя боюнча эсинде эч нерсе жок экендигин билдирген. Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон 20 жаштагы кыз кечээ, 29-майда жерге берилген эле. Кечээ, 29-майда ...

0 2359

Чубак Жалилов өлүм жазасына тартууну сунуш кылды

30-май 2018, 12:12 Гүлжан Шерипбаева

Диний ишмер Чубак Жалилов коррупцияга аралашкандарды өлүм жазасына тартууну сунуш кылды. Бул тууралуу пикирин "Азаттыкка" билдирген. Чубак Жалилов, Бишкектин Жылуулук электр борборундагы жана Улуттук тарых музейиндеги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, жемкорлорду өлүм жазасына тартуу жөнүндө сунушун радиолордун биринде угармандар менен интерактивдик баарлашуу учурунда айтты. - Биз кыйынбыз го, "Орусияда ушундай экен, Европада мындай экен" дейбиз. Эмне үчүн Кытайды айтпайбыз? Мен Кытайдагы ...

0 2030

Cапар Исаков каттуу чоочуп, таң калды...

30-май 2018, 11:32 Гүлжан Шерипбаева

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата Бишкек ТЭЦин модернизациялоого Кытайдан келген 386 млн долларды максатсыз пайдаланганы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону маалым болду. Эске сала кетсек, ал буга чейин УКМКга эки ирет күбө катары суракка чакырылган. Үчүнчүсүндө, 29-майда да суракка чакырылып, өзүнө карата кылмыш иши козголгонун, айып тагылганын билип чыкты. Чыга калып эле ал журналисттерге “Мага кылмыш ...

0 1937

Равшан Жээнбеков:«Атамбаев Жээнбековдун алдына кечирим сурап барбайт»

30-май 2018, 10:40 Гүлжан Шерипбаева

— Бул парламенттин Алмазбек Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн кол тийбестигин алып салууга духу жетеби? — Эгерде парламенттин өз эркине коё турган болсок, Атамбаевдин иммунитетин алганга кудурети жетет. Атамбаевге таарынгандары көп, анын командасынын ичинде болсо да буга чейин бугун чыгара албай, кыйналып жүргөндөр толтура. Азыркы саясий абал булардын баарына таасир берет. — Добушту түшүнбөй калып берип коюптурбуз деген КСДП депутаттары чыгып жатпайбы? — Алар Атамбаевдин арты менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1757

Батукаев Кыргызстандан акчанын күчү менен чыгып кеткен...

30-май 2018, 09:40 Гүлжан Шерипбаева

Эрнст Исаев, полковник: «Кулов Батукаев менен досторчо кучакташып, аны “братаным” деп сыймыктануу менен атагандыгын кантип түшүнүүгө болот?» Гезитибиздин 14-15-16-сандарына Феликс Кулов менен болгон интервью жарыяланган соң, редакцияга Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ГСИН) штабынын мурдакы начальниги, ички кызматтын отставкадагы полковниги Эрнст Исаев келиптир. 30 жылдан ашуун күч катмарларында кызмат өтөгөн күжүрмөн офицердин айтуусуна караганда Куловдун газета аркылуу билдирген пикирлеринин ...

0 2030

Атамбаев "мат" болуп, айласы куруганда кол шилтеди...

30-май 2018, 09:13 Гүлжан Шерипбаева

Атамбаев түштөн кийин былтыр соттошкон журналисттерди кечиргенин айтты. Эсиңерде болсо, Атамбаев 2017-жылдын март айында болуп көрбөгөндөй доо арыздары менен кайрылып,  “Zanoza.kg” сайтынын редакторлору Дина Маслова жана Нарын Айыпты, жана аякта комментарий берген укук коргоочу Чолпон Жакупованы сотко берип, 30 миллион сомдон ашык айыпка жыккан. Аны төлөш үчүн Нарын Айыптын карган энеси жашаган квартираны тартып алууга да аракет кылган. Көптөгөн байкоочулар Атамбаев ...

0 1509

Кыргыз Республикасынын бардык массалык маалымат каражаттарына  КАЙРЫЛУУ

29-май 2018, 22:10 Гүлжан Шерипбаева

Кыргыз элине! Кыргыз Республикасынын бардык массалык маалымат каражаттарына  Кайрылуу 1999-жылдан бери созулуп келе жаткан, жоопкер- «Кумтор Оперейтинг Компаниге» карата болгон биздин доо арызыбыз мурдагы президент сөрөйлөр – Акаев, Бакиев Атамбаевдердин өз кызыкчылыгын көздөгөн арекеттеринин натыйжасында ЧӨНТӨК соттордун мыйзамсыз чечимдери менен канагаттандыруулусуз калтырылып келди. Ал эми бул жолу болсо Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялары Балкыбекова менен Б. Абдуллаевдин жана Бишкек шаардык ...

0 15823

Сүйүнчү, Аскарбек Шадиевдин “адреси” табылды

29-май 2018, 21:38 Гүлжан Шерипбаева

Аскарбек Шадиевдин “адреси” табылды. Бул маалымат тууралуу Компромат.кж жазып чыкты. Маалыматты өзгөртүүсүз сунуштайбыз: “Аскарбек Шадиев кошелек Атамбаева. Шадиев бежал из страны через Лейлек - Таджикистан - Дубай - США (Лос-Анджелес). Кошелек Шадиев выводил все откаты, активы Атамбаева, Сапара Исакова и Икрамжана Илмиянова в свои оффшорные зоны. В серых схемах Шадиева участие принимали разные бизнесмены ...

0 697

Кыргыз элине КАЙРЫЛУУ

29-май 2018, 20:49 Гүлжан Шерипбаева

Ушундай нуктаманын негизинде Кыргызстандын илимий-чыгармачыл интеллигенциясы, аксакалдар, коомчулуктун өкулдөрү катышкан баарлашуу өз максатына жетти. Кеңешмени алгы сөз менен Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, тарых илим.доктору Т.А.Абдырахманов ачып берди. "Кыргыз жолу" коомунан куттуктоо иретиндеги кириш кепти айтып, Кереге кеңештин ишине игилик кааладым. Иштин башы катары илимий нуктагы аксакалдык сөзүн Кыргыз эл мугалими, мударис К.Исаев айтса, тарых илимдеринин доктору Т.Кененсариевдин баяндамасы ...

29-май 2018, 20:49 | 697
0 1178

Жамшитов: саясий буйруктарды аткарбайм

29-май 2018, 19:40 Гүлжан Шерипбаева

Башкы прокурорлук кызматка дайындалганына бир ай болгон Өткүрбек Жамшитов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Жамшитов прокуратура тармагын тазалоо аракети болуп жатканын, чуулгандуу кылмыш иштерин аягына чыгараарын жана бийликтин саясий буйруктарын аткарбай тургандыгын билдирди. "Азаттык": - Өткүрбек мырза, кызматка дайындалганыңызга бир ай болуп калды. Ишти эмнеден баштап жатасыз? Жамшитов: - Өткөндө Жогорку Кеңеште талапкерлигим каралып жатканда да ушул суроо берилген. Биринчиден, прокуратуранын бедели менен баркын көтөрүүнүн ...

0 38451

Кыздын көкүрөгүнө “Н+Б” деп жазып, мыкаачылык менен өлтүргөн жигит - Марс Бөдөшов

Видео 29-май 2018, 19:11 Гүлжан Шерипбаева

Кечээ, 28-майда “Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды алып качып бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салды”, деген жергиликтүү ММКларда маалымат тараган. NazarNews сайты, 1998-жылы туулган Турдаалы кызы Бурулайдын, денесине 5 жолу бычак сайып, көкүрөгүнө “Н+Б” деп жазган таластык Марс Бөдөшовдун сүрөтүн изилдеп таптык. Белгилей кетсек, маркумдун баш сөөгү ажырап кеткени сүрөттө так жана ...

0 2181

Билим Берүү минстринин кезектеги шоусу башталды

29-май 2018, 18:31 Гүлжан Шерипбаева

Кыргызстанда Гүлмира Кудайбердиева деген Билим Берүү министри бар. Ал эч качан кабинетинен чыкпайт. Аймактарды кыдырбайт, өзү менен өзү. Тилекке каршы өлкөбүздө СССРден калган китептерди окуп жаткан окуучуларды деле билбесе керек. Ал бүгүн, 29-майда маалымат жыйында, “окуу жылы 10-сентябрда башталып, 30-майда аяктайт”, дептир. Министр болуп келгенден бери кылган иши ушул. Дүйнө жүзүндө 1-сентябрь окуучулар үчүн чоң майрам экенин "татебиз" билбейт окшойт. Ошентип, ...

0 12789

Ак үй – ШЫБЫРТ: Жогорку Кеңештен дагы 4 депутат камакка алынат

29-май 2018, 17:30 Гүлжан Шерипбаева

Кыргызстандагы жемкорлордун кесепетинен, кыргыз эли карызга батып, Кытай карызына кандай кадам жасайт ,деп алаңдагандар дагы жок эмес. Ушул жылдын 26-январында жарылган ТЭЦ уурулардын бетин ачып, алкымы чоң аткаминерлер, УКМКнын эшигин аттаганга аргасыз болушту. Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрү 17-майда ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгына ылайык, Кытай тарап берген 386 млн. АКШ доллар туура эмес сарпталганына байланыштуу тийиштүү аткаминерлерге укуктук баа берүү ...

0 987

Аманкулов Атамбаев үчүн төшүн тосуп берчү адамыбы?

29-май 2018, 16:50 Гүлжан Шерипбаева

КСДП партиясында Марат Аманкулов деген эки сөздү кошуп, жөндөп сүйлөй албаган депутат бар.  Аны Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешти башкарттырып, анан Жогорку Кеңешке дагы алып келип, тим эле ушул кыргызча шар сүйлөй алмак турсун, кыргыздын жытын дагы унуткан байкушка мамлекеттин тагдырын тапшырып кете тургандай. Атамбаевдин этегине илинип, эми эки дөө кармашса, ортосунда өлчү чымын ушул Аманкулов болуп турат. Баягында Атамбаевдин иммунитети ...

0 970

Кулматовдун иши Оторбаевди кошо ала жатабы?

29-май 2018, 16:05 Гүлжан Шерипбаева

«Атамбаевдин кошелёгу» каймана атка конгон К. Кулматовтун үстүнөн кылмыш иш козголуп, ал УКМК тарабынан камакка алынбай эле, тил кат менен ээн-эркин жүрөт азырынча. Көрсө, кытайлык ТВЕА компаниясы эки миллион долларга курчу Калыс-Ордо конушундагы мектепти ушул Кулматов аш кылып жиберген деген айып коюлуп атыптыр. Кытайлардан бир миллион доллар акчасын банк эсебине которттуруп, бирок мектепти бүтүрө албаган «Alto Group» ишканасынын жетекчиси Кубат Шаршекеев ...

0 7938

Жусупжан Жээнбеков, досу Алмазбек Атамбаевди "элдин колу-бутун өпсө болот болчу", - деди

29-май 2018, 15:15 Гүлжан Шерипбаева

— Жусуп аке, сиз мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен учурунда дос болчусуз. Азыркы президент менен да бир партияда чогуу жүрүп, экөөңүздөр эки облуста губернатор болуп иштедиңиздер. Эки досуңуздун азыркы абалын көрүп эмне деген тыянак чыгарып жатасыз? — Мен чындыгында мурунку президент менен жакшы теңтуш болуп, сырдашып да, анча-мынча сөгүшүп да жүргөнмүн. Кийин экөөбүздүн ортобуз алыстады. Ажыраганыбыздын себеби, анын 2009-жылы миң адамды көчөгө алып ...

0 1652

Ырчылык менен аткаруучулуктун айырмасын билбеген "жылдыздар"

29-май 2018, 13:31 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда  "ырчылыктын туу чокусуна" чыккан жылдыздар көп. Бирок алар ырчыбы же аткаруучубу эч маалыматы жок, ал тургай өздөрү деле билишпейт. Тээ илгери ырчы деп жандуу үндө аспаптардын коштоосунда талантын тартуулаган инсандарды айтышкан. Учурда ырчылыкка кыпындай тиешеси жоктор өздөрүн ырчы катары таанытып алышкан. Тагыраак айтканда үнү жоктор, ырчылыктын терең маанисин билбегендер. Чынында булар аткаруучулар деп аталат.

0 16238

ВИДЕО - Гүлжамал Турдалиева: “Сиңдим бычакталып, тойго жетпей көшөгө бетин көрбөй кетти”

Видео 29-май 2018, 12:29 Гүлжан Шерипбаева

Кечээ, Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды алып качып бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салды, деген маалымат тараган. NazarNews сайты жеринен таанышып, окуянын чоо-жайын билдик. “Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча адам урдоого барабар деп атайын мыйзам иштелип чыккан. Милиция эки кыз менен жигитти эки башка кармашы керек эле. Себеби, кызды ала ...

1 41780

ВИДЕО: Милициянын кабинетинде бычак сайып өлтүрүп, “Н+Б” деп көкүрөгүнө жазган...

Видео 29-май 2018, 10:50 Гүлжан Шерипбаева

Кечээ, Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды алып качып бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салды, деген маалымат тараган. NazarNews сайты жеринен таанышып, окуянын чоо-жайын билдик. Турдаалы кызы Бурулайдын атасы, “ала качып кеткен жигит, кызымдын көкүрөгүнө бычак менен “Н+Б” деп жазып коюптур. Укук коргоо органдары эмне кылып жүрүшөт карабай”, деп зар какшады.

0 4725

Бүгүн, Доке агабыздын каза болгон күнү... “Мурдуна бок сүйкөлгөн кыргыздар, дагы тарткылыгың алдыда экен”....

28-май 2018, 20:39 Гүлжан Шерипбаева

Мурдагы депутат Гүласал Садырбаев, кыргыздын чыгаан уулу, бир тууганы Дооронбек Садырбаев тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып, коомчулукка сунуштады. Гүласал Садырбаеванын эскерүүсү толугу менен: Арман ай, биздин кайгылуу, чоң жоготууга кабылганыбызга быйыл он жыл болуптур. 2008-жылдын 28-майында биз үчүн эң кымбат адамыбыз,таянар тообуз, Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл артиси, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, чыгаан саясатчы, кинорежиссёр, кыргыз элинин ДОКЕсинен айрылганбыз. Ал ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 5234

«Кудай» болуп бараткан Кудайбердиеванын реформасы "жиндичалыш"

28-май 2018, 19:17 Гүлжан Шерипбаева

Мектепте мугалимдердин айлыгын көтөрбөй башкача реформа башталды. 25-май официалдуу болбосо да бүтүрүүчүлөрдүн майрамы, мен кыргыз дегендин дээрлик 100 пайызы мектептен окушкан. Вице-премьер «Бабановчул» Өмүрбекова менен билим министри «Кудай» болуп бараткан Кудайбердиеванын реформасы боюнча окуу жылы 10-сентябрга которулат. «Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт», лекин анда бүтүрүү кечеси 4-июнга жылат. Эртең башка бирөө келсе кайра ордуна койот. Анткени 25-майга көнүп калганбыз. Билим майданында кимдер ...

0 1049

Карганбек Самаков, Арабаевдин айтканы менен соттолгонбу же Атамбаевдин...?

28-май 2018, 18:19 Гүлжан Шерипбаева

Карганбек Самаков жана анын беш жакын адамын сот системасына көө жапкан, ошол кездеги соттордун кудайына айланган, сот тутумунун куратору Манас Арабаевдин түздөн-түз буйругу боюнча соттошту. Өзгөчө элпектик жана одоно мыйзам бузуу менен бул буйрукту Октябрь районунун соту Дамирбек Назаров аткарды.   Президент С.Ш.Жээнбековдун Сот реформасы боюнча кеңештин кеңешмесинде сүйлөгөн сөзү алдыдагы позитивдүү өзгөрүүлөрдүн жышааны болуп калды. Ушул убакка чейин соттордон запкы ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83