www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлжан Шерипбаева

NazarNews порталында башкы директор жана журналист.

Автордун жаңылыктары (5140)

0 1344

Атамбаев жазуучулардын ырыскысын уурдап, мультимиллионер болгонуна неге мактанат?

18-апрель 2018, 10:41 Гүлжан Шерипбаева

  Өзү тууралуу өзгөчө баасы бар, ал мактанганда Америка «отдыхает» болуп калган экс-президент А. Атамбаев «1990-жылдары мен «Мерседес» менен жүргөндө, президент Акаев «Вольво» менен жүрчү» деп көкүрөгүн көтөргөнүн укпаган кыргызстандык жок. Алтургай ал өзүнүн «башынан эле бай» экенин Россия президенти В. Путинге да айтып, өпкөсүн көптүрүп алган жайы бар. Кантсе да, Путин тажрыйбалуу саясатчы эмеспи, А. Атамбаевдин ошол убактагы президенттик даражасы ...

0 1915

Курсан Асанов “Ош базарындагы” өртткө үч "версияны" айтты

18-апрель 2018, 10:20 Гүлжан Шерипбаева

ЖК депутаты Зиядин Жамалдинов, “13-апрелдеги “Ош базардагы” бирөө атайын өрттөдү", деп айтып жатат, мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?" – деген суроого Курсан Асанов, --“Учурда өрт кырсыгы үч жолу катталды. Өрт боюнча кылмыш иши козголду. Өрткө үч божомол айтылууда. Учурда материалдар чогултулуп Башкы прокуротурага өткөрүлүп берилди”, деди Курман Асанов, ЖК “Ар түрдүү маселелер” жыйынында. Эске сала кетсек,  ...

0 3242

Алмазбек Атамбаев, андан ары Икрамжан Илмиянов, Албек Ибраимов жана ...

18-апрель 2018, 10:30 Гүлжан Шерипбаева

«Кыңыр иш кырк жылда», «Шибегени капка ката албайсың» дегендей эле ар бир кыңыр иш эртеби, кечпи ачыкка чыкпай койбойт. Буга чейин Казакстан менен Кыргызстандын бажы өткөрмө пункттарында ири коррупциялык, акча жасоочу схеманын анабашында турган деп айыпталып ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу кармалган эле. Кечээ жакында мандатынан да ажырады. Бул факт орун алганда көпчүлүктө «бул оңбогондой коррупциялык схеманы Дамирбек Асылбек уулу кантип ...

0 1557

Өкмөттүн жыйынында “үргүлөгөн” аткаминерлер...Тур-тургула алтындарым...

17-апрель 2018, 19:52 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште «Өнүгүү - Прогресс», «Республика – Ата Журт», «Ата Мекен» фракцияларынын биргелешкен кезексиз жыйыны өтүп жатат. Парламенттик фракциялардын кошмо жыйынында КР Премьер-министри Сапар Исаков маалымат берип, депутаттар Сапар Исаковду, Сапар Исаков депуттарды жарга такоодо. Өкмөттүн айтымында, 2017-жылы эмгек акынын орточо өлчөмү 6,7 пайызга өсүп, 15,4 миӊ сомду, ал эми пенсия 6,5 пайызга өсүп, ...

0 727

Cапар Исаковдун 40 кадамы "тырк" кадам болобу?

17-апрель 2018, 18:00 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште «Өнүгүү - Прогресс», «Республика – Ата Журт», «Ата Мекен» фракцияларынын биргелешкен кезексиз жыйыны болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматы билдирди. Парламенттик фракциялардын кошмо жыйынында КР Премьер-министри Сапар Исаков маалымат берди. Анын айтымында, 2017-жылы эмгек акынын орточо өлчөмү 6,7 пайызга өсүп, 15,4 миӊ сомду, ал эми пенсия 6,5 пайызга өсүп, 4501 сомду түздү. «Тышкы соода жүгүртүү ...

0 3014

Сапар Исаков, Төрөбаевди "сүзүп" салды

17-апрель 2018, 17:41 Гүлжан Шерипбаева

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде парламенттеги үч фракциянын алдында КР өкмөтүнүн 2017-жылга карата отчетунда С. Исаковго “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев: --“Сиз Тогуз-Тородогу окуянын артында саясатчылар турарын, толугураак кийинчирек айтыла турганын айттыңыз. Бажы боюнча да маалыматтар бар экенин билдиргенсиз. Эгер маалымат болсо башка күнгө калтырбай ачык айтыңыз. Премьер-министр катары сизде маалымат көп, толтура. Ачык эле айта бериңиз, биз дагы уккубуз келет”, деген ...

0 2762

Алтынбек Жунус уулунун денгээли плинтустан төмөн тура…

17-апрель 2018, 15:29 Гүлжан Шерипбаева

Жогорку Кеңеште «бээ десе, төө» деген депутаттар жетишээрлик кездешет. Көпчүлүгү маселенин маңызын түшүнбөй же айтып жаткан, көтөргөн көйгөйү боюнча терең маалыматы жок эле, эптеп эле кожо көрсүнгө сүйлөй беришет. «Окубасам да оюмду айтып коёюн» дегендей эле, өздөрү айтканды өздөрү түшүнбөйт. Мына жакында Мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков Максим Бакиевге таандык улутташтырылган 48 коттеджди жең ичинен арзан соодалап жибергени үчүн камакка ...

0 864

Өмүрбек Бабанов келсе камакка алынат, ал Садыр Жапаровдун катачылыгын кайталагысы келип жатабы?

17-апрель 2018, 10:57 Гүлжан Шерипбаева

Саясатчы Өмүрбек Бабановдун бир тууган тайкеси каза болду. Анын акыркы сапарга узатуусуна Өмүрбек Бабановдун келиши күтүлүүдө. Бирок, интернет колдонуучулар анын кайтып келишинен тынчсызданып жатышат. Белгилүү блоггер Акбалык Жумалиева мындай деп жазган. "Өмүрбек Бабановдун тайкеси каза болуптур. Арты кайырылуу, жайы жаннатта болсун! Жакындарына сабыр тилейбиз. "Келип топурак салып кет" деп азгырып түрмөгө каматкысы келген күчтөр бар экен деген кептер айтылууда. Саясат үчүн башка ...

0 3156

Көрсө, Фарид Ниязов менен Сапар Исаков Мадеминовдун жакын кишилеринин бирин ...

17-апрель 2018, 09:58 Гүлжан Шерипбаева

Мадеминов эки тоонун чөбүн эңсеген эчкидей эле болду. Жогорку Кеңештин, КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов бүгүн резиденцияда өткөн экс-президенттин жыйынына депутаттарды баштап барды. Буга чейин, Президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдойм деп жүргөн. Туруп эле аркы жакка секирип кеткен. Көрсө, Фарид Ниязов менен Сапар Исаков Мадеминовдун жакын кишилеринин бирин Баткен облусунундагы райондордун бирине Акимдин орун басары кылып беребиз деген экен. Ошол орунга ...

0 7412

ЧУКУЛ КАБАР: Өмүрбек Бабановдун тайкеси каза болду... Бабанов келери менен камалат...

16-апрель 2018, 22:42 Гүлжан Шерипбаева

“Республика-Ата-Журт” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановдун бир тууган тайкеси мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ушул тапта тар чөйрөдө “Өмүрбек Бабанов тайкесине топурак салганы бүгүн, Кыргызстанга учуп келет”, деген сөздөр таркады. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Өмүрбек Бабанов, Кыргызстанга келери менен Садыр Жапаровдун тактикасына алынып камакка алынат. Эсиңиздерге сала кетсек, өткөн жылы NazarNews.kg маалымат агенттиги “Садыр Жапаров Кыргызстанга кирип келээри менен камакка алынат” деп, жазган элек. Булак: NazarNews.kg

0 12550

СҮРӨТ: Камаз бир учурда эки кыздын жанын алды

16-апрель 2018, 19:08 Гүлжан Шерипбаева

Бишкек шаарынын Ауэзов менен Кырман көчөлөрүнүн кесилишинде өтмөк жолдон өтүп бара жатканда эки кызды камаз сүзүп, эки кыз тең жеринен каза тапкан. Говори.тв сайтынын маалыматына караганда, айдоочу качып кеткен. Эске сала кетсек, бүгүн, 16-апрелде эртең менен 17 жаштагы кыз машина сүзүп кетип, ал дагы жеринен каза тапкан. Булак: NazarNews.kg

0 1002

СҮРӨТ - ВИДЕО - Айбек Бакытбеков, ырчы: “Азыркы заманда бирөөдөн колдоо, жардам сурамай деген нерсе жок”

Видео 16-апрель 2018, 18:45 Гүлжан Шерипбаева

“Жаңы толкун” сынагына катышып, социалдык тармактарда көптөгөн кызуу талкууларды жараткан ырчы Айбек Бакытбековдун сынактан соң дымы чыкпай калган. “Бул мырза сахнаны таштадыбы?” деген ойлор жаралып баштаганда былтыркы жылдан тарта кайра кызуу ишке кирди. Айбекке биз кызыккан суроолорубузду узатып, төмөндөгүдөй жоопторду ала алдык.    Туулган жылы- 11-сентябрь, 1992-жыл Туулган жери- Бишкек шаары Билими- М.Күрөңкеев атындагы искусство окуу жайынын вокал бөлүмү Бою- 182 см Салмагы- 85 кг Бут ...

0 3488

Эмилбек Каптагаев: «Атамбаевди “төгөрөгү төп келген баатыр” деп айта албайм, мамлекеттик башкарууда чалмакейди чалып кете берди»

16-апрель 2018, 17:53 Гүлжан Шерипбаева

— Эмилбек агай, Атамбаев президенттик шайлоо учурунда өзү мактап жүргөн азыркы президент Сооронбай Жээнбековго номур биринчи оппозиция болуп чыга келди. Экөөсүнүн ортосундагы тиреш эмнеден улам келип чыкты дейсиз? — Бул жаңжалда ачык айтылган сөздөргө сереп салсак, саясий багыт боюнча же дагы башка мамлекеттик мааниси бар маселелер боюнча ой-пикирлеринде ажырым жок, экөө бир эле сөздү айтып жатышат — ​азыркы саясий курстан тайбайбыз, парламенттик демократияны аягына чейин ...

0 1362

Тажрыйбасына эмес, жансакчылыгына карап жүргүзгөн кадр саясатынан уялбаган Атамбаев

16-апрель 2018, 15:51 Гүлжан Шерипбаева

16-апрелде мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында экс-президент А. Атамбаев парламенттеги КСДП фракциясынын 19 депутаты менен жолугушуу өткөргөнү белгилүү болду. Ошол жолугушууда ал учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун жүргүзүп аткан кадр саясатына нааразы болуп атканын билдириптир. Бул туурасында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков маалымат булактарынын бирине мындай деген: «Атамбаев бүгүн коомдук-саясий абал боюнча өзүнүн пикирин айтты. Биз дагы коомдо болуп жаткан окуялар боюнча ачуу ...

0 1666

АШАнын элдин көңүлүн өзүнө буруу “методу” – элдин кызыкчылыгына каршы келүүдө

16-апрель 2018, 14:17 Гүлжан Шерипбаева

Экс-президент А. Атамбаев көрсө “кой терисин жамынган карышкыр” эле болгон тура. “Алтындарым, силер койсуңар” деп эле элди башынан сыламыш этип коюп, элдин ырыскысын өзүнүн “бөлтүрүктөрү” менен биргелешип мойсоп, анан “бизден эчтеке таба албайсыңар, биз миллионербиз” деп мактана берчү турбайбы. Ал өзүнүн тээ 2010-жылы Бакиевдер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ар кайсыл жерлерде митинг, пикеттер өтүп, кандайдыр бир ызы-чуулар орун алса эле “Мына, Бакиевдер ...

0 1493

Атамбаев менен Исаковдо Кыргызстанга деген жакшы ниет, тилеги жокпу?

16-апрель 2018, 12:43 Гүлжан Шерипбаева

«Акчанын, байлыктын, көр дүйнөнүн кулу болуу» деген эмне экенин экс-президент А. Атамбаев жана анын көздөй кадры болгон премьер-министр С. Исаков даана көрсөтүүдө. «Мен Алмаз Шаршеновичти гана угам, андан башкасы мага эч ким эмес» деп келген Сапар мырза ошол айтканындай эле иштерди жасоодо. Ал үчүн бир гана Атамбаевдин кызыкчылыгы башкы орунда, элдин кызыкчылыгы акыркы орунда сыяктуу. Тастыктап берели, кече жакында эле УКМКнын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 649

Кыргыз драма театры Каракол шаарына сапар тартат

16-апрель 2018, 12:32 Гүлжан Шерипбаева

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры май айынын 7-8-9-10-11-12-апрелге чейин Каракол шаарына чыгармачылык иш сапар менен барат. Алар чыгармачылык иш сапардын алгачкы күнүн театрдын реперуарына жаңыдан кошулган Б.Чотурованын калемине таандык Индия элинин улуу эпосунун негизинде сахналаштырылган «Рамаяна» спектакли менен ачышмакчы. Бул тууралуу маалыматты Курманбек Ниязбеков билдирди. Андан соң В.Гогольдун калемине таандык «Үйлөнүү», Ч.Айтматовдун калемине таандык «Саманчынын жолу», К.Иманалиевдин калемине таандык «Керээз» ...

0 4428

СҮРӨТ- Жумагүл Райымжан кызы, ырчы: “Былтыркы шайлоодо тапкан акчама эки бөлмөлүү батир алдым”

Видео 16-апрель 2018, 12:12 Гүлжан Шерипбаева

- Жумагүл, сахнада жүргөнүңө канча убакыт болду? - Чоң сахнага 2013-жылы алгачкы жолу чыккам. Мына ошол жылдан бери сахнадан түшпөй элиме кызмат кылып келе жатам. Убакыт билинбей өтө бергендиктен, азыр эсептесем сахнада жүргөнүмө 15 жыл болуп кетиптир. - Ашканада кандай кожейкесиз? - Ашканада өзүмдү мыктымын дебесем да, жакшы эле кожейкемин деп айта алам. Себеби, үй оокаттарын өзүм жасап, тамак жасоо менин милдетим деп ...

0 1105

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: "Кадр - мамлекет үчүн терең маанилүү саясат"

16-апрель 2018, 11:14 Гүлжан Шерипбаева

“Кадрлар баарын чечет”- деген Сталиндин учкул сөзү менен баштабасам бул макаланын бир тузу кем болуп калат го. Өзү бийлик жүргүзгөн 30 жыл ичинде СССР дей империя түзүп, граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуштардын тийгизген таасирлерин бүт жеңип, буурусун менен жер айдаган мамлекеттин экономикасын атомдук денгээлге өстүргөн Сталиндей мамлекеттик ишмерлер чанда чыгат окшобойбу. СССР империясы кыйрап, суверендүү мамлекеттердин парады башталганда, катардан ...

0 2551

Бийликтен тизгин талашкан Атамбаев депутаттарды коркутууга өттүбү?

16-апрель 2018, 10:39 Гүлжан Шерипбаева

Сыйы менен (Баш мыйзамга ылайык) бийликти өткөрүп берип, бирок сыйы менен экс-президент деген статуска макул боло албай, алтургай ага татыктуу да боло албай Алмазбек Атамбаев байланган бука кейптенип турганын байкабай калган адам жоктур. Анын мындай буулуккан абалын көргөндөрдүн бир даары «Пенде да, кече эле бийликти мыкчып отуруп, бүгүн ошонун бири жок болуп атса, айласы куруп атат да» деп экс-президентке биртике ...

0 2790

Ак үй - ШЫБЫРТ: Жолугушууда КСДП менен Атамбаев дагы уят болобу?

16-апрель 2018, 10:19 Гүлжан Шерипбаева

Экс-президент эртең, 16-апрелде КСДПчы депутаттарды чакырып жыйын өткөрүп жатат.  Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, жолугушууда Премьер-министр Сапар Исаковдун отчетун кабыл алып берүү өтүнүчүн айтат. Андан тышкары, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековдун мандатын алуу боюнча кеңешип,  КСДП фракциясынын депутаттарына буюртма берет.   Журналист Дайырбек Орунбеков: "Бул дагы болуп келген тирешүүнүн ыкмалары. Бирок, кыргызда саясаттан дагы улук, ата-баба салтында сакталып келген нарк-насилдер бар.  Кечээ эле, ...

0 1131

Жолдошбек Токоев: "Психикалары күмөндүү адамдар"

16-апрель 2018, 09:27 Гүлжан Шерипбаева

Ядролук мамлекет АКШнын президенти Д. Трамп никесиз төрөлгөн экен. Албетте мындай тагдыр Д. Трамптын психикасына жаш кезинен сөзсүз доо кетирбеген чыгар .Ядролук куралы бар Франциянын президенти Э. Макрондун кулк-мүнөзү “жайында эместигин” аялы өзүнөн 24 жаш улуу, мурдакы күйөөсүнөн (жигит болуп калган) эки баласы бар Бриджит Транье. Энесиндей болгон аялды алганы Э. Макрондун акыл-эси “жайында” экендиги далилдеп турат. Ядролук куралы бар ...

0 1904

Владимир Путин «бала кыял, мактанчаак» Дональд Трамптын «жиндидей» кадамдарынан кантип кутулат?

14-апрель 2018, 21:19 Гүлжан Шерипбаева

Американын “мактанчаак, бала кыял” президенти Доналд Трамп, “АКШ, Улуу Британия Сирия боюнча ракеталык сокку колдонуу менен күрөшүп келген”, деп билдирди. Бул тууралуу Трамп Twitterдеги баракчасына жазды. «Удар был выполнен отлично. Спасибо Франции и Великобритании за их мудрое решение и силу их замечательных военных. Мы не могли бы представить результата лучше. Миссия выполнена!» деп жазган ал. Маалыматтарга караганда, соккулар Дамасктагы илимий-изилдөө борборуна жана ...

0 4299

Путин-Рухани сүйлөшүүсү

16-апрель 2018, 09:20 Гүлжан Шерипбаева

Орусиянын президенти Владимир Путин, Ирандын президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Эки лидер режимге карай жүргүзүлгөн чектелген операцияны талкуулашты. Кремлдин жарыялоосуна караганда Путин, Сирияга операциялар улантылган учурунда эл аралык мамилелерде баш аламандык баштала турганын айтты. Эки лидердин операциянын Сирияда саясий чечүүчү жол табуу перспективасына зыян тийгизгени темасында пикир алмашкандары билдирилди. Булак: "trt.net.tr"

16-апрель 2018, 09:20 | 4299
1 1031

Эки жүздүү КСДП

14-апрель 2018, 18:28 Гүлжан Шерипбаева

Жаш өкмөт башчы Исаковдун аброю саясий чөйрөдө, калың элдин арасында ноль эле болуп калды. Аны тегерегиндеги ондон ашык кеңешчилери эле далыдан таптап, иштин көзүн таап иштеп жатасыз деп көз боёмочулардын сыйкырдуу сөздөрүн айтып жатканы болбосо, азыр жаш өкмөткө ишеним таптакыр калбады. Исаков мамлекеттик кызматта, саясий айдыңда өзү эле банкрот болбостон, жаштардын келечегине да балта чаап кетип жатат. Сапардан кийин иштейм деген ...

14-апрель 2018, 18:28 | 1031
0 3180

Ак үй - ШЫБЫРТ: Бороновдун ордуна Камчыбек Ташиев олтуруп калышы мүмкүн дешүүдө

14-апрель 2018, 17:53 Гүлжан Шерипбаева

Бизде бир эле министр бар, өкмөт алмашкан сайын өзүнүн ордун сактап калган. Ал Кубатбек Боронов экенин баарыбыз билебиз. Боронов кимдир бирөөгө жакшы “жүгүнгөн” үчүн кайыш креслосун сактап калып жаткан жок. Ал өз ишин так аткарганы, күчтүү кадр экени менен кызматынан кыйшайбай келүүдө. Олку-солку болуп турган азыркы өкмөт көпкө барбай турганы маалым. Кийинки өкмөт мүчөлөрү кимдер болот деген маселе эмитен эле бүйүр ...

0 825

Артыкбаев актанып сүйлөсө эле жоопкерчиликтен кутулуп кетеби?

14-апрель 2018, 16:02 Гүлжан Шерипбаева

Айбек Калиев ЖЭБдеги чырга “акыркы кылмышкер” болуп кала турганы көрүнүп калды. Бирок, бул жаш бала 386 млн доллар насыяны алып жаткан кезде жоопкер адам болгон беле? Албетте жок. Оо, анда акчаны жаш балага ыраа көрбөгөн Осмонбек Артыкбаев деген энергетика министри эмес беле. Ошол киши ТВЕАны мактап, жактап, колдоп койгула деп депутаттардын эшигин жыртып жүргөнүн өзү калпка чыгара алабы?  Анын бул кылыгын азыркы ...

0 7158

Участкалардын көбү Икрам Илмияновго таандык делген курулуш компаниясынын атына жазылып ...

14-апрель 2018, 15:41 Гүлжан Шерипбаева

Маммүлк мурунку жетекчиси Болсунбек Казаков VIP шаарча арзан сатылып кеткени боюнча көрсөтмөсүндө азыркы мэр Албек Ибраимовго шылтап атканын уктук. Мэрге андан сырткары шаардын 90 гектар жерин бир жылдын ичинде сатып же узак мөөнөттүү ижарага бергени айтылууда. Участкалардын көбү Икрам Илмияновго таандык делген курулуш компаниясынын атына жазылып калганын да айтышууда. Бул курулуш компаниясы ошон үчүн көптөрдүн колу жетпеген жерлерге ээ болуп жатат ...

0 956

Кара-Дарыя суусуна жеңил унаа түшүп кетип 2 адам жабыркап, 3 адам...

14-апрель 2018, 14:56 Гүлжан Шерипбаева

2018-жылдын 13-апрель күнү саат 14:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Достук айылында "Фольксваген-Гольф 3" үлгүсүндөгү мамлекеттик №B85-48A жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Кара-Дарыя суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу маалыматты КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.  Жол кырсыктын кесепетинен жеринде 2 адам каза болуп (1947-жылы туулган Н.А. эркек, 1995-жылы туулган А.А. аял), 2017-жылы туулган Т.Б. (наристе) ооруканада каза болгон. Ал эми ...

0 5408

Ак үй - ШЫБЫРТ: Узак Кадырбаев Сапар Исаковдун үстүнөн көрсөтмө берип атыптыр...

14-апрель 2018, 14:26 Гүлжан Шерипбаева

Жакында камакка алынган "Электр станцияларынын" башчысы Узак Кадырбаев Сапар Исаковдун үстүнөн көрсөтмө берип атыптыр деген ишенимдүү булактардан маалымат тарады. Көрсө Исаков мурунтан эле Кадырбаев экөө Калиевден сырткары иш жүргүзүп келишиптир. ТВЕА фирмасы менен келишимге тиркемеде 25 наамдан турган жабдууларга 100 миллион долларды бөлүп жазып коюшуптур. Бул боюнча азыркы убакта Кытай жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, алардын кызматташуусу суралып атыптыр. Ушул жумада Цзи ...

0 2935

СҮРӨТ - ВИДЕО - Малика Дина, ырчы: “Абдан ишенчээк болгонум үчүн мени алдап кетиш беш секунд”

Видео 14-апрель 2018, 13:07 Гүлжан Шерипбаева

- Малика, имиджиңдин өзгөрүшүнө ким себепкер? - Чачым узун кезде кырккандан, боёгондон коркчумун. Бирок, жаңы жашоо баштоо үчүн сөзсуз өзгөрүү болуу керек. Мына ошондуктан, мен имиджимди өзгөртүүнү чечтим. - Ырчылыктан кете албай жүргөнүңө 3 мүнөт ырдап, 300 доллар алуу кызыктырбай элеби? - Мен кичинемден сахнага чыгып, элге кызмат кылып калуум жөн жерден эмес. Көп эмгектенип, талантым менен элиме кызмат кылгым келет. - Ушул күнгө ...

0 796

Камакка алынат десе эле “чилиштер” абакка тыгылууда

13-апрель 2018, 22:11 Гүлжан Шерипбаева

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бакытбек Мураталиев кечээ,12-апрелде камакка алынды. Бул тууралуу ИИМ жергиликтүү ММКларга билдирген. Ошентип бул жигит Максим Бакиевдин шаарчасынын айынан кылтакка илинди. Бакытбек “байкушка” ИИМ Кылмыш жаза кодексинин 304-307-беренелеринин негизинде кылмыш ишин козголуп, маммүлктүн мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эске сала кетсек, “Максимдин дачасы” аталган шаарча 142 млн. сомго ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 11888

Света Тойгонбаева, төлгөчү:“Атамбаевдин кадрлары Сооронбай Жээнбековду аңга түртүп коюшу мүмкүн”

13-апрель 2018, 21:48 Гүлжан Шерипбаева

“Сооронбай Жээнбеков бараткан жолунан адашса, чоң жаңжалга кабылат” - Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков кимдир бирөөлөрдүн сөзүнө азгырылбай, башкаларга жетеленбей, өз жолу менен иштесе ага оомат келет деген аян келди. Ошондой эле Жээнбековдун жолу ачылып, жараткандан мээрим төгүлүп, нур түшүп жатат. Булар үй-бүлөсү менен намаз окуган, кудайга ишенген, ата тегинде чоң касиети бар, колдоочусу күчтүү адам экен. Жээнбеков “эл үчүн ...

0 1455

Карашевге кадыр эмес, балдыз барктуу экен

13-апрель 2018, 21:35 Гүлжан Шерипбаева

Президенттин өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткара албай жатат деп баш прокурор айым Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча сунушун 105 депутат колдоп берсе, эки депутат каршы чыкты. Каршы болгондордун бирөө Жолдубаеванын жездеси Аалы Карашев болду. Ишин жөндөй албай жатат деп өлкө башчысы Жолдубаеванын профессионал эмес экенин айтып жатса, Карашев президенттин айтканына нааразы экенин билдирип, балдызын кызматтан алууга каршы чыкканы кызык болду. Карашев ...

0 1732

Раим Матраимовдун "байпагына" чейин асылгандарга жооп

13-апрель 2018, 21:16 Гүлжан Шерипбаева

Кыргызстандын саясий элитасындагы көрө албастык жана кара пиардын күчү Бизде мамлекеттин бюджетин толтуруучу киришелүү булактардын эң алдыңкыларында Бажы тармагы бар. Кыргызстан Борбордук Азияда транзиттик өклө. Кытайдан товарларды КМШ мамлекеттерине Кыргызстан аркылуу алып өтүшөт. Мына ушундай бажы катттамдарынан түшкөн салык Кыргызстандын жылдык кирешесинин жарымына чейинкисин толтуруп коюшу толук мүмкүн. Бирок, эгемендүүлүк алгандан бери Бажыдан түшкөн кирешелер эч качан толук казынага төгүлбөй, бул тармакта ...

0 1445

Асмандан өрдөктөр өлүп түштү

13-апрель 2018, 21:06 Гүлжан Шерипбаева

АКШнын Айдахо-Фолс шаарында асмандан 50дөн ашуун өрдөк өлүп түшкөн. Бул тууралуу маалыматты Fox 13 телеканалы билдирди. Шаар тургундары бул көрүнүшкө таң калуу менен карап, өрдөктөр эмне үчүн өлүп түшкөнүн изилдеп баштаган. --Окуя 7-апрелде болуп өттү. Кечке маал каттуу жаан жаап, нөшөрлөп артынан эле мөндүр жааган. Ошол учурда эле асмандан тапырап өрдөктөрдүн өлүгү түшө баштады. Алардын арасында 3 каз ...

13-апрель 2018, 21:06 | 1445
0 5866

Куудулдар коалициясы тарады: Рахман Раззыков менен Тынар Курбаналиев ажырашты

14-апрель 2018, 14:09 Гүлжан Шерипбаева

“Куудулдар” коалициясы тарады. Бул маалымат тууралуу, “Куудалдар” коалициясынын лидери Рахман Раззыков билдирди. --Рахман мырза, “куудулдар тарады”, деп уктук чынбы? --Туура, Тынар Курбаналиев топтон чыгып кетти. Куудулдар коалициясы тарадык... --Эмне үчүн тарап кеттиңиздер? --Биз ар дайым эл алдында жүрөбүз. “Жогорку Кеңеш мына тарайт, эртең тарайт”, деп айтышып жатпайбы? Биз депутаттарга үлгү болсун деп, бир күндө шар эле таркап кеттик. Кыскасын айтканда тарадык. --Учурда концертке даярдык көрүп жатасызбы? --Ооба уулум ...

0 2088

Аалы Карашевге балдызы Индирканы Башкы прокурор кылып берсекпи?

13-апрель 2018, 18:51 Гүлжан Шерипбаева

СДПКнын депутаты Аалы Карашев маанайы жок жүрөт. Башкы прокурор балдызы Индира Жолдубаева кызматынан алынды. Анын үстүнө Аалы мырза президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков менен да мамилеси анча жакшы эмес экен. Карашевдин мындан аркы кадамдары кандай болот? Эгер Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Атамбаевдин тиреши күч алса, Атамбаев үчүн аягына чейин туруп бере алабы же чет өлкөнү көздөй сызабы? Ал эми Жээнбековдор үчүн ...

0 543

Өзбекстан жана Кыргызстан чек арачыларына карапайым жарандарга ок атууга тыюу салынды

13-апрель 2018, 17:30 Гүлжан Шерипбаева

Өзбекстан менен Кыргызстан эки өлкөнүн карапайым жарандарына каршы чек арачылардын ок атышына тыюу салуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев менен Өзбекстан Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара кошуундарынын башчысы Руслан Мирзаев кыргыз жаранынын өлүмүнө алып келген чек арадагы окуяны талкуулашты. Эки өлкөнүн чек ара башчылары жергиликтүү акимдер жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен ...

0 1403

Камакка алынган Болсунбек Казаков бечара...Өкүнгөн Нариман Түлеев

13-апрель 2018, 17:03 Гүлжан Шерипбаева

Шариповичти «тамашалай» бербей башкаларды көрөйүнчү десем “төмөн жагы” такыр эле «быкшып» кеткен турбайбы. Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков бечараны эмнеге камап салышты экен деп кызыгып көрүп, кызыктай жагдайларга туш болдум. Эки берене менен кармалган Болсунбек Казаковго болгондо дагы айтылуу «Ала-Арчадагы» 48 коттеджди «ит бекер» 142 млн сомго сатылгандыгы боюнча иш козголуптур. "Идеал хаус" компаниянын чатагын коомчулукка алып чыккан ...

0 568

Жогорку Сот өзүнүн сотун «боорго тепти»…

13-апрель 2018, 16:56 Гүлжан Шерипбаева

Жогорку сот аз күн мурун Президенттин буйругу менен иштен кеткен судья Гульчехра Оморованын өтүнүчүн четке кагып, аны мыйзамдуу иштен алынганын айтты. Бул туура аталган органдан айтышты. Анда белгилүү болгондой, Г. Оморова прокурор Жаныбек Салиевдин арызын кароодо мыйзамдарды бузган жана Соттордун абийир Кодексин бузганы айтылат. Эске сала кетсек, Г. Оморованын апасы, сот тармагында эмгектенген Максуда Оморова кызынын иштен алынышын мыйзамсыз болгонун, ага Президенттин ...

0 1073

Таалай Сарыбашев дагы бир ийгликтин жолун ачты

13-апрель 2018, 15:56 Гүлжан Шерипбаева

Ош өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Жаңы имараттын капсула салуу аземине КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев жана мекеминин кызматкерлери катышты. Бул тууралуу маалыматты Жумамидин Сулайманкулов билдирди. Кыргыз Республикасынын Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирүү жараянында техникалык жардам менен камсыз кылуу боюнча РФ жана ...

0 1281

Премьер-министр менен мэр Ош базарынын ордун өз кызыкчылыктарына пайдаланганы турабы?

13-апрель 2018, 15:13 Гүлжан Шерипбаева

Кыска убакыт аралыгында эле борбор калаабыздагы Ош базарынын аймагында үч ирет өрт кырсыгы болуп кетти. Биринчи өрт кырсыгы Бишкек ТЭЦи кырсыктаган учурга учурга туш келди. Экинчиси Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчысы күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине коррупцияга каршы күрөш боюнча катуу талаптарды койгондон кийин бир айдан кийин болду. Үчүнчүсү, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадрлары кызматтарынан бошотулуп, өкмөттүн да отставкасы талап кылына баштаган учурга ...

0 833

Максим Бакиевдин коттедждерин сатуу иши боюнча Бакыт Мураталиев кармалды

13-апрель 2018, 14:44 Гүлжан Шерипбаева

Максим Бакиевдин коттедждерин сатуу иши боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин орун басары Бакыт Мураталиев кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ал Бишкек ШИИбинин убактылуу кармалуучу жайына киргизилген. Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Менчиктештирүү, салык, бажы иштерин жүргүзүүдө кызмат абалын пайдаланып лицензия берүү» беренелери боюнча айыбы угузулду. Эске салсак, ушул эле кылмыш иши ...

0 3307

“Атаканы” агасы Нариман Түлеевден баштаган айымды Атамбаев саясаттан туура жок кылган

13-апрель 2018, 14:20 Гүлжан Шерипбаева

Аида Салянова кайра прокурор болуп келсин деп кээ бирөөлөр жазып жатат. Алардын башына суук тийдиби же күн өтүп кеттиби эч түшүнбөйсүң! Аида Салянова өтө коркунучтуу кылмышкер Азиз Батукаевди чыгарганга аралашкан. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов, Эрнист Карыбеков,Талант Мамытов, Нариман Түлеев, Ахматбек Келдибеков сыяктуу эр азаматтарды Атамбаевге чөгөлөтүп берген. Мырзакматовго анын убагында кылмыш козголгон, жалган жалаа ...

0 3232

Ош базарындагы улам болгон өрт менен Атамбаевдин командасынын кандай байланышы бар?

13-апрель 2018, 13:20 Гүлжан Шерипбаева

Кыска убакыт аралыгында эле Ош базарынын аймагында үч ирет өрт кырсыгы болуп кетти. Андан карапайым соодагерлер миллиондогон сом зыяндарды тартышты. Биринин артынан бири кайталанган өрт кокустук эмес экендиги да билине баштагансыды. Үчүнчү ирет Ош базарынын аймагында өрт кырсыгы катталгандан кийин Бишкек мэри Албек Ибраимов Ош базарды шаардын сырт жагына көчүрүү планы бар экенин да маалымат булактарынын бирине билдирип алды. «Иттин өлүгү» ...

0 1396

Алмаз Үсөнов ушунча сабатсызбы же анын таластык досу тамганы жаңы таанып атабы?

13-апрель 2018, 13:14 Гүлжан Шерипбаева

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин арыгын чапкан интернет-сайттардын бирине «Кыргызстан экинчи Афганистанга айланабы? Же Түрк лидери неге «түмүрөйдү»?» деген темада макала жарыяланды (ү, ө, ң тамгаларын оңдоп койдук). Автордун акыл-көрөңгөсү менен кат-сабаттуулугунун деңгээли 2-класстын окуучусуна да жетпей турганы башында эле айтып коелу. Аргасыздан, Атамбаевдин күнү ушундай «макалачыга» түшүп калса, анда асманы түшүп калгандай абалда экен дегиң келет. Ал макаласында автор президент Сооронбай Жээнбековдун ...

0 11363

Албек Ибраимов Ош базары тууралуу "шашкалактык" кылып чындыкты айтып салды...

13-апрель 2018, 12:57 Гүлжан Шерипбаева

«Ош базарын шаардын чечине көчүрүү долбоору иштелип чыкты». Бул тууралуу бүгүн, Бишкектин жолдорун оңдоо иштери боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда мэр Албек Ибраимов билдирди. «Ош базары соода түйүндөрүнө толгон. Мындай соода жайлары айланма жолдун жанында жайгашышы керек», -деди Ибраимов. Бул тууралуу говори тв жазып чыкты. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, буга чейин Ош базарына чоң супермаркет салынат деген ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2908

Башкы прокурор ким болот?

13-апрель 2018, 12:24 Гүлжан Шерипбаева

Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчыларын дайындоо өтө маанилүү. Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүүдөгү иштери мына ушул аты аталган мекемелердин жетекчилеринен көз каранды. Ошол себептүү, жети өлчөп, бир кесип, татыктуу адамдарды дайындоо зарыл болуп турат. Учурда аталган кызматтардын башчыларына бир топ фамилиялар айтылып жатат. Коомчулук да кулак түрүп, чыдамсыздык менен кутүп отурган кези. Угушубузга караганда Башкы прокурорлукка СДПКдан депутат Канат ...

13-апрель 2018, 12:24 | 2908
0 4574

Ак үй –ШЫБЫРТ: Илим Карыпбековдун ордуна эки талапкер каралууда

13-апрель 2018, 12:04 Гүлжан Шерипбаева

КТРК жетекчиси Илим Карыпбековдун кызматынан кете турганы жалпыга маалым болуп калдыбы, айтор, акыркы күндөрү социалдык тармактарда талкуу боло баштады. Ал тургай Карыпбеков, айрымдарга “эркекче” жоок берип, “буюм-тайымдарымды жыйнаганга 23 мүнөт жетет” деп, өзүнүн баракчасына жазып чыкты. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Ак үйдүн ичинде КТРКнын жетекчилигине тактап айтканда Илим Карыпбековдун ордуна Нурлан Шакиев менен ЖК депутаты Жанар Акаевдин талапкерлиги “тар чөйрөдө” каралып жаткандыгын ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83