www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Махабат Алымбекова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (122)

0 1256

Тапшырылган бош конверт ардагерди 9-майда ыйлатты

Жеңиш күнүндө бош конверт алган ардагердин окуясы социалдык тармакта катуу талкууга алынды. Аталган окуянын чоо-жайын билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчысы ардагердин туугандары жана жергиликтүү бийлик менен байланышты.  Социалдык тармактагы тайпалардын биринде 85 жаштагы ардагер Капас Бокбаевге Ысык-Ата районундагы Новопокровка айыл өкмөтү тарабынан Жеңиш майрамында бош конверт берилгенин интернет колдонуучулардын бири жазды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы окуянын чоо-жайы билүү үчүн ардагердин ...

0 2269

"Ажырашканыма 8 ай болду" - дейт Айпери Кубик кызы -ВИДЕО

Видео 10-май 2017, 22:34 Махабат Алымбекова

"Ажырашканыма 8 ай болду" - дейт Айпери Кубик кызы акыркы жолу берген маегинде.

0 1491

Бишкекте 19 жашар кыз дайынсыз жоголду

Айзат Айтпекова 6-май күнү эртең менен үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.  Борбор калаада 19 жаштагы Айзат Айтпекова аттуу кыз дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын туугандары билдирди. Алардын айтымында, Айзат Айтпекова 6-май күнү эртең мененки саат 8:00дө "Төмөнкү Жалга" такси чакырып кеткен. Ал жактан Айзат көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанынан түшүп калып, телефонун өчүрүп, ошол ...

0 865

Казакстанда студенттерди «Нур Отан» партиясына кирүүгө мажбурлашууда

Алматыдагы Казак улуттук агрардык университетинин бүтүрүүчүлөрү окуу жайдан аларды президенттик «Нур Отан» партиясы үчүн акча чогултууга, айрымдарын партияга кирүүгө мажбурлап жатышканын билдиришүүдө. Университеттин атын атагысы келбеген төртүнчү курсунун студенти президенттик «Нур Отан» партиясы үчүн 300 тенге бергинин билдирди. Айтымында, деканаттын өкүлдөрү акча бербегендер диплом жактоого киргизилбейт деп опузалашкан. Ошол эле окуу жайдын дагы бир студенти аны мурда эле «Нур Отан» партиясына мүчө ...

0 1009

Түркмөнстанда президент сынынан кийин унаа жуучу жана оңдоочу жайлар жабылды

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сынынан кийин дээрлик баардык унаа жуучу жана оңдоочу жайлар жабылды. Өкмөт жыйынында өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов көп учурда иче турган сууну колдонгон унаа жуучу жана оңдоочу жайлар ИИМ тарабынан тыкыр көзөмөлдөнбөй жатканын сындаган. "Азаттыктын" түркмөн кызматы билдиргендей, учурда айрым авто-механиктер унааларды жашыруун оңдоону улантууда, бирок бул ачыкка чыкса, 15 суткага камалышат. Унаа жуучу жайлардын жабылышы менен айдоочулар олуттуу ыңгайсыздыктарга ...

0 791

FIBA хиджаб менен ойноого уруксат берди

Эл аралык баскетбол федерациясы (FIBA) мусулман спортчу айымдарга хиджаб кийүүгө уруксат берди. FIBA конгрессинин чечими 1-октябрда күчүнө кирет. Спортчу айымдар жүзүн жаппаган жана оюн учурда жолтоо кылбаган баш кийимдерди кийүүсү керек. Жаңы тартип боюнча командадагы бардык оюнчулар бирдей түстөгү хиджабдарды кийүүлөрү шарт. 2014-жылы сентябрда Катардын баскетбол боюнча курама командасы хиджабсыз ойноо талабы коюлгандыктан, Азия оюндарына катышуудан баш тарткан. Хиджабга тыюу салуу - коопсуздук талаптарына ...

0 1308

Бишкекте Текебаевдин тарапкерлери митингге чыкты

Бүгүн шаардык соттун алдында “Ата Мекен” партиясынын камакта отурган лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары, партиялаштары митинг өткөрүүдө. Алар партия лидерин бошотууну талап кылышууда. Бүгүн эртең менен 9:30га белгиленген Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча сот отуруму 16:00гө жылдырылды. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясына байланыштуу жемкорлукка шектелип 26-февралда кармалган жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган. ...

0 2136

Кафенин алдында топ балдар мушташышты (ВИДЕО)

Видео 04-май 2017, 11:33 Махабат Алымбекова

Бишкекте Орозбеков көчөсүндөгү кафенин алдында  бир топ мас балдар мушташып жаткандыгы тууралуу видео тарады. 

0 3225

И.Айткулов, адвокат: «А.Салянованы «Мегаком» боюнча мыйзам бузуулары, М.Бакиевди экстрадициялоого жолтоолук кылганы жана А.Елисеевге мыйзамсыз лицензия бергени үчүн жоопкерчиликке тартыш керек»

– Икрамидин мырза, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары Ө. Текебаев, А. Салянова жана А. Шыкмаматовдордун «Мегаком» чырына катыштыгы бардыгын тастыктаган Белиз өлкөсүнөн келген документтер боюнча ЖК депутаттары да таанышты. Эми кандай аракеттер болушу керек? – Эгерде ал документтердин жасалмасыз, чыныгы экендиги анык болсо, анда сөз жок кылмыш ишин козгоп, иликтөөлөрдү жүргүзүү керек. Негизи эле «Мегаком» чырына катыштыгы бар делип аткан Аида Салянова көптөгөн ...

0 1713

Ажатканада төрөп, баласы чуңкурга түшүп кеткен

Жалал-Абад шаарында 30 жаштагы келин ажатканадан көз жарып, ымыркайы чуңкурга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилиги кабарлады. Маалыматка караганда, ымыркай айына жетпей жети айлык болуп төрөлгөн. «30 жаштагы келин ажатканадан төрөп, баласы чуңкурга түшүп кеткен. Куткаруучулар ымыркайды аман-эсен алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине тапшырышкан. Андан соң эне-бала Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө жеткирилген» деп жазылат маалыматта. Саламаттык сактоо министрилигинин Жалал-Абад ...

0 1210

Туристтер үчүн ыңгайлуу 10 шаардын катарына Бишкек да кирди

Эл аралык “TurStat” талдоо агенттиги КМШ өлкөлөрүндөгү саякатка ылайыктуу мыкты он шаарды атады. Алар: Минск, Тбилиси, Алматы, Баку, Астана, Ереван, Киев, Ташкент, Бишкек жана Кишинев. Булардын ичинен Бишкек менен Кишинев эң арзан шаарлар деп табылды. Бул эки калаада туристтердин бир жарым күндүк чыгымы 35-36 доллар. Ал эми кымбат деп табылган Астанага келген чет элдик эки күндө 58 доллардан ашык сарптайт. ...

0 746

Чемпиондор лигасынын жарым финалында «Ювентус» «Монакону» жеңди

Италиялык «Ювентус» жана франциялык «Монако» командалары Европанын чемпиондор лигасынын алкагында алгачкы жарым финалдык беттешин өткөрүштү. Анын жыйынтыгы УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды. «Монакого» конокко барган «Ювентус» 2:0 эсеби менен жеңишке жетти. Эки голду тең аргентиналык чабуулчу Гонсало Игуаин киргизди. Эми жооптук беттеш 9-майда өтөт. Шаршембиде ошондой эле Европа лигасынын алгачкы жарым финалдык оюну дагы болду. Анда Амстердамдын "Аякс" командасы өз талаасында франциялык "Лионду" 4:1 эсебинде ...

0 873

Кабулдагы жардыруудан 8 киши мерт кетти

Кабулдун борборундагы жардыруудан 8 киши мерт кетти, 25и жаракат алды. «Toyota Corolla» маркасындагы автоунааны башкарган жанкечти НАТОнун Ооганстандагы бронетранспортер кербенин сүзгөн. Ооганстан ИИМинин басма сөз катчысы Наджиб Доништин билдиришинче, терактан 8 киши өлдү, 25и жаракат алды. Бул кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкер экенин өзүнүн медиа канаты аркылуу тараткан билдирүүдө жарыялады. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы, капитан Билл Салвин чабуул учурунда ...

0 746

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтүшү мүмкүн

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштады. Иса Өмүркулов бул тууралуу 2-майда "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди. "Шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамды өзгөртүү боюнча атайын жумушчу топ иштеди. Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты, бул мыйзам долбоордун авторлорунун бири Дастан Бекешов парламенттик угууда шайлоонун мөөнөтүн эртелетүү тууралуу ...

0 8439

Коррупцияга шектелген Канат Исаев куралдуу кагылышууга даярданып жатабы?

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канат Исаевге буга чейин кылмыш иши козголгону маалым. Чынында Исаев Токмокто мэр болуп турганда бир катар кыңыр иштерди жасап, «арты» булганган. Эми тергөө иштери аяктай турган болсо ал камакка алынышы мүмкүн. Жакында Канат Кедейкановичтин арыгын чаап жүргөн «сары» басылмалардын бири «К. Исаев камакка алынса 3-революция болот» таризинде маалымат таратты. Бул кабар жөн жерден чыккан жок. Анын үстүнө ...

0 1122

Кыргызстанда жер силкинди

Жер титирөө болгонун Бишкек менен Ош шаарынын тургундары жазууда.  Кыргызстанда жер силкингенин социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты. Жер титирөө болгонун Бишкек менен Ош шаарынын тургундары жазууда. Европа жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстанда жайгашкан. Ал Душанбе шаарынан түндүк-чыгышты карай 249 чакырым жана Ферганадан түштүктү карай 111 чакырымда жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча ...

0 2776

«Экстер эмне кылып эрмектешет?»

Кыргызстанда эмне көп деген кадыресе собол берилсе, аткаминер, чиновниктер көп экенин жаземдебей айта алабыз. Баары эле айылдыктар айтмакчы «чоң» болуп иштешет. Демек, аткаминерлер көп болгон соң дагы эмне көп болот? Албетте экс же мурунку, жөнөкөйлөштүрсөк мурда чоң-чоң кызматтарда иштеп, губернатор, аким, депутат, министр, а тургай президент болгон лөктөрүбүз ушу күндөрү эмне менен алек же кимиси жөн эле жатат? Сапарбаев саясатты бизнеске ...

0 984

"Реал" Европа Лигасынын биринчи жарым финалында "Атлетикону" жеңди

Футбол чемпиондор лигасынын биринчи жарым финалы өттү. Анын жыйынтыктары УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды. “Реал” өз талаасында “Атлетикону” 3:0 эсебинде утту. Үч топту тең атаандаштардын дарбазасына Криштиану Роналду киргизди. Эки тайпа ортосундагы кийинки оюн 10-майда өтөт. Бүгүн, 3-майда "Монако" – "Ювентус” экинчи жарым финалда кездешмекчи.

0 962

Трамп менен Путин Сириядагы урушту токтотуу маселесин талкуулашты

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путин шейшембиде телефондон сүйлөшүп, Сириядагы абалды талкуулашты. Бул тууралуу Акүйдүн билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка караганда, Трамп менен Путин Сирия өтө көп убактыттан бери азап чегип жатканынына жана бардык тараптар зомбулукту токтотуу үчүн аракет көрүүсү керектигине макул болушту. Акүй сүйлөшүү жакшы өткөнүн жана Сириядагы тынчтыкты камсыз кылуу үчүн коопсуздук зонасын түзүү маселеси талкууланганын баса белгиледи. Билдирүүдө ...

0 913

Камактагы ирактыктар боюнча сот өкүмү жокко чыкты

Жогорку Сот Кыргызстанда камакта жаткан ирактык төрт жарандын ишин карап, Ош облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, Жогорку Сот ишти кайра кароого Ош облустук сотуна жиберди. Аны башка соттук коллегия карай турган болду. Ирактын төрт жараны "жасалма паспорт менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен Кыргызстанда камакта ...

0 2456

Сирияда өзбек жоочуларынын башчысы Шейх Салахуддин өлтүрүлдү

Сирияда имам «Аль-Бухари» атындагы өзбек жоочуларынын отряд башчысы Шейх Салахуддин өз кишилери тарабынан өлтүрүлдү. Анын ордун Абу Юсуф деген ысым менен белгилүү тажик улутундагы адам ээледи. Бул тууралуу Сириядагы согуштук топтордун өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, 43 жаштагы Шейх Салахуддинди өзү башкарган отряддын мүчөлөрүнүн бири Идлиб шаарындагы мечитте 27-апрелде атып өлтүргөн. Андан сырткары дагы үч согушкер каза болуп, экөөсү жаракат алган. Ошол эле ...

0 878

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча өткөрүлгөн тендер мыйзамсыз болгон

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча мурда өткөрүлгөн тендер мыйзамсыз болгон, азыр соттук териштирүү жүрүүдө, ошондон улам, кыргыз тарап сот ишине аралаша албайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетиндеги «Коопсуз шаар» долбоорунун бет ачарында билдирди. «Менимче, «Коопсуз шаар» долбоору «Кыргызтелеком» ишканасынын базасында ишке ашырылса, мамлекет үчүн кыйла арзанга түшөт. Сот иштери аягына чыккан соӊ, Өкмөт ...

0 681

Бүгүн Трамп менен Путин телефон аркылуу сүйлөшөт

Бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөт. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Акүйдөн билдиришти. Бул Дональд Трамп Акүйгө келгенден берки эки президенттин үчүнчү сүйлөшүүсү болот. Мамлекет башчыларынын ортосундагы алгачкы кыска баарлашуу Трамптын инаугурациясынан бир жума өткөндөн кийин болгон. Экинчи жолу алар Петербург метросундагы теракттан кийин сүйлөшүшкөн. Президенттер талкуулай турган темалар кабарланган жок. Эки президент АКШ Сириянын базасына ракеталык ...

0 1584

Турганбаевдин реформасынын тамтыгы чыктыбы?

Мелис Турганбаев Ички иштер министри болуп турганда түзүлгөн патрулдук милиция жемишин бербей, тескерисинче жол кырсыктарынын саны өстү. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште отчет берип жатканда: «МАИден патрулдук милицияны түздүк эле, бирок ал иштебей жатат», – деп айтты. Анын айтымында, 2016-жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 15 пайызга өскөн. Бул деген Мелис мырзанын реформасы тетири натыйжа берди дегенди туюндурат. Патрулдук ...

0 959

«Альфа-секьюрити» агенттигинин кампасынан көп сандагы курал-жарак уурдалды

Бишкектеги «Альфа-секьюрити» күзөт агенттигинин кампасынан 10 даана “Макаров” тапанчасы жана 9 даана “Сайга” үлгүсүндөгү карабин мылтыктар уурдалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынынан билдиришинче, бул тууралуу маалымат милицияга 27-апрелге караган түнү түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу окуя орун алган агенттиктин кампасына барганда куралдардын жоголгону жана аны алгандар терезе аркылуу киргени аныкталган. Учурда курал-жарактарды кымырып кеткендерге издөө жарыяланып, иликтөө уланууда. Күзөт агенттиги өзү уурулардан тонолуп ...

0 2968

2 - майга карата күтүлгөн аба-ырайы

Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, бүгүн, 2-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө  түнкүсүн +2…+7 күндүз +17…+22 Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7 күндүз +15…+20 Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9 күндүз +17…+22 Баткен облусунда түнкүсүн +4…+9 күндүз ...

0 3695

Мерген Турган: "Мамлекет наам бермек түгүл, төшүмө төөнөгүч кадап койгон жок"

28-апрель 2017, 13:44 Махабат Алымбекова

Сахнадагы стили менен өзгөчөлөнгөн кыргыз эстрадасындагы узун жана тармал чачтуу ырчы Мерген Турган чыгармачылыкта келе жатканына 35 жыл болгонун айтат. Бирок ушул күнгө чейин наам албаганын айткан Мерген мырза: "Мамлекет наам бермек түгүл, төшүмө төөнөгүч кадап койгон жок. Мени эң негизгиси элим сүйөт, элим берген Эл артисти деген наамым бар, ошол мен үчүн чоң жеңиш", - дейт. Булак: super.kg

0 882

Жогорку Кеӊеш Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иши жөнүндө отчетту “канааттандырарлык” деп тапты

28-апрель 2017, 13:36 Махабат Алымбекова

Жогорку Кеӊештин кечээ, 27-апрелде өткөн жыйынында каралган Премьер-министрдин ар жылдык отчетун талкуулоо жыйынтыгында Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иши «канааттандырарлык» табылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун айтымында, өткөн жылы өлкөнүн экономикалык өсүшү 3,8 пайызды түзүп, улуттук валюта чыӊдалып, өнөр жай өндүрүшүнүн оӊ өсүү ыргагы байкалды. «2016-жылы ишеним индекси 28,8 балды түздү же ал 2015-жылга салыштырмалуу 5,8 баллга көптүк ...

0 1226

Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы каза болду

28-апрель 2017, 10:31 Махабат Алымбекова

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Кантөрө Токтомаматов каза болду. Маалыматты премьер-министрдин жакындары тастыктады. Билдирүүгө ылайык, ал президент жана премьер-министрдин иш башкармалыгынын ооруканасында инсульттан улам көз жумган. Экономика илимдеринин доктору, профессор Кантөрө Токтомаматов быйыл 70 жашка толмок. Ал Жалал-Абаддагы экономика жана ишкердик университетин жетектечү.  

0 1111

Кытай бийлиги балдарга «мусулман» ысымдарын коюуга тыюу салды

28-апрель 2017, 09:16 Махабат Алымбекова

Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян провинциясынын бийлиги жаңы төрөлгөн ымыркайларга диний мааниси бар мусулман ысымдарын коюуга тыюу салды. Кытайда балдарга Ислам, Куран, Жихад, Саддам, Медина сыяктуу ысымдарды коюуга тыюу салынгандыгы тууралуу батыш ММКларынын билдирүүлөрүн 25-апрелде Синьцзян провинциясынын администрация өкүлү ырастады. Айтымында, бул өңдүү ондогон ысымга жакында эле Кытайдын Коммунистик партиясы сунуштаган "Этникалык азчылыктар үчүн ысым коюу эрежелери" жобосунун алкагында тыюу салынган. Синьцзян провинциясынын административдик ...

0 703

Дамаскта ири жардыруу болуп, өрт чыкты

27-апрель 2017, 15:37 Махабат Алымбекова

Дамаскта каттуу жардыруу болуп, анын жыйынтыгында аэропорттун аймагында өрт чыкты. Жардыруунун үнү шаардын бардык бөлүгүндө угулганын Сириядагы адам укуктарын коргогон миссиянын өкүлү Рами Абдуррахман билдирди. Сирия өкмөтүнүн өнөктөшү деп айтылып келген Хезболла кыймылына байланышы бар Ливан телеканалы кабарлагандай, жардыруу Израилдин аба соккусунун жыйынтыгы болушу мүмкүн. Израилдин куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы бул билдирүүлөр боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Алгачкы маалыматтар боюнча ...

0 1263

Дача СУда жабыркагандарга 100 млн сомдон ашык каражат которулду

27-апрель 2017, 15:21 Махабат Алымбекова

Дача СУ айылындагы авиакырсыктан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына деп элден чогулган акча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинен алардын жеке банк эсептерине которулду. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн кабарлашты. Чогулган акчанын жалпы суммасы 100 миллион 499 миң 300 сом. Өкмөттүн маалымат кызматы белгилегендей, каражат ар бир жеке эсепке жабыркагандардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча которулду. Ошондой эле алардын өтүнүчү боюнча түрдүү механизмдерге жол бербөө үчүн ...

0 7523

Ким Кардашьяндын фотошопсуз сүрөттөрү (Фотобаян)

27-апрель 2017, 12:17 Махабат Алымбекова

Ким Кардашьяндын фотошопсуз сүрөттөрүн көргөн фонаттары аябай жийркенүү менен кабыл алышты. Бул тууралуу tmz.com маалымат агенттиги жазып чыкты. Алардын берген маалыматында Кимге операция кылгандан кийин  целлюлиттери байкалып калган.  

0 937

Мария Шарапова 15 айлык тыюудан кийин чоң тенниске кайтты

27-апрель 2017, 09:22 Махабат Алымбекова

Допингден улам 15 айга спорттон четтетилген орусиялык белгилүү теннисчи Мария Шарапова чоң тенниске кайтты. Ал 26-апрелде Штутгартта италиялык теннисчи Роберта Винчи менен беттешип, аны бир саат жана 45 мүнөттүн ичинде 7-5, 6-4 эсеби менен утту. Бир жылдан ашык тыныгуудан кийин теннис рейтингиндеги бардык упайларынан ажыраган 30 жаштагы орусиялык спортчу Штутгартта керектүү упай топтой алса, Франциядагы Roland Garros Ачык чемпионатына өтөт. Ал уюштуруучулар ...

0 1339

Петербургда балдар үйүндөгү сексуалдык зомбулук иши боюнча беш киши кармалды

26-апрель 2017, 16:22 Махабат Алымбекова

Санкт-Петербургда Тергөө комитети балдар үйүнүн бириндеги сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук боюнча сегиз кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2005-жылдан 2010-жылга чейин Киров районунда топ киши ырааттуу түрдө балдар үйүнүн 1991-95-жылдары туулган төрт тарбиялануучусуна карата сексуалдык ыдык көрсөтүп келген. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча беш шектүү – директордун орун басары, эки бүтүрүүчү, балдар үйүнүн кызматкерлеринин биринин тууганы, балдар үйүнүн алдындагы мектептин директору кармалды. Маалыматтарга караганда, жетим балдар ...

0 876

CPJ: журналисттерди өлтүрүү жана камоо көбөйүүдө

26-апрель 2017, 16:11 Махабат Алымбекова

Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) 25-апрелдеги баяндамасына караганда, былтыр дүйнөдө 259 журналист камалган, бул уюм байкоо жүргүзө баштаган 1990-жылдан берки эң чоң көрсөткүч дегенди билдирет. Ошондой эле акыркы беш жылда 332 журналист өлтүрүлгөнү, ал да буга чейинки эң чоң статистика экени белгиленет. "Негизи бул журналисттер үчүн эң коркунучтуу жана кандуу учур",- дейт комитеттин аткаруучу директору Жоэл Саймон. Жоэл Саймон социалдык түйүндөрдөгү түрдүү сайттар ...

0 2581

Бишкекте микроавтобус күйүп кетти

26-апрель 2017, 11:20 Махабат Алымбекова

Борбор калаанын жибек Жолу проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобус күйүп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМден билдиришти.  Өрт чыкканы тууралуу маалымат "101" кызматына болжол менен 17.00дөр чамасында түшкөн. Бир мүнөттөн кийин окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү унаа чыгып кеткен. "Микроавтобус өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин эле өрттөнүп кетиптир. Алдын ала маалымат боюнча кырсыкка автоунаанын ичиндеги электр зымдарынын биригип калышы ...

0 1000

27-апрелден 1-майга чейин аба-ырайы кескин өзгөрөт

26-апрель 2017, 09:55 Махабат Алымбекова

Кыргызгидрометтин берген маалыматы боюнча, 27-апрелден 1-майга чейин Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 28-29-апрель күндөрү Талас өрөөнүндө, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ...

0 752

Лавров Орусиянын талиптерге курал-жарак жеткиргенин четке какты

26-апрель 2017, 09:33 Махабат Алымбекова

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтондун Москва талиптерге курал-жарак жеткирүүдө деген билдирүүсүн негизсиз деп атады. РИА Новости билдиргендей, Орусиянын ТИМ башчысы Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн командири, генерал Жон Николсондун айткандарын ырастай турган бир дагы факты жок экенин билдирди. Буга чейин Кабулдагы маалымат жыйынында Николсон талиптер орустардан курал алып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатканын айткан. The Washington Post гезитинин маалыматы боюнча Москва ИМ террордук ...

0 1107

Петербургдагы терактты «Аль-Каидага» байланышы бар экстремисттер жасаган

26-апрель 2017, 08:50 Махабат Алымбекова

Петербург метросундагы теракт үчүн жоопкерчиликти "Аль-Каидага" байланышы бар «Имам Шамилдин батальону» деп аталган экстремисттик топ өзүнө алды. Бул тууралуу кеңсеси АКШнын Мэриленд штатында жайгашкан террордук ишмердүүлүктөрдү иликтөө менен алектенген SITE Intelligence Group тобу билдирди. Экстремисттик топ жаңы теракттарды жасай тургандыгын айтып опузалаганы дагы кабарланууда. Петербург метросундагы теракт 3-апрелде болгон. Анда 16 киши, анын ичинде терактты аткарган делген Акборжан Жалилов дагы мерт кеткен. ...

0 5751

Аскар Салымбековдун жубайы каза болду

25-апрель 2017, 12:11 Махабат Алымбекова

Бүгүн таңга жуук жеке ишкер Аскар Салымбековдун жубайы Гүлмира Мамбеталиева 61 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады. Билдирүүгө караганда, ал буга чейин ооруп жүргөн. Кайрымдуулук иштери менен алектенип келген философия илимдеринин доктору Гүлмира Мамбеталиева "Дордой" ассоциациясынын вице-президенти болчу. Аскар Салымбеков экөөнүн ортосунда эки уул бар.  

0 1693

Москвада кыргызстандык мигранттардан акча талап кылган топ кармалды

25-апрель 2017, 10:08 Махабат Алымбекова

Москвада мигранттардан опузалап, акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө алардын батиринен курал-жарактар дагы табылганы айтылат. Москвада иштеген кыргызстандык Айбек уюшкан кылмыштуу топтордон жабыркагандардын бири. Бейтааныш балдар анын ишине келип, коркутуп, акча талап кылышкан: - Бул жакта бир жылдан бери иштейм. Апрелдин башында бандит балдар келип, 80 миң рубль бересиң деп коркутуп кетишкен. Эмне кылаарымды билбей, дароо Кыргызстандын ...

0 1511

Петербургдагы жардырууга катышы бар делген тажик жараны күнөөсүн четке кагууда

25-апрель 2017, 09:55 Махабат Алымбекова

Санкт-Петербург метросундагы терактка байланышы бар деп Тажикстан жараны Содик Ортиков шектелүүдө. Сотто жактоочу Ортиковду тинтүү учурунда табылган курал  анын коңшусуна таандык экенин айтты. Ортиков күнөөлүү эместигин, буга чейин ашпозчу болуп иштеп келгенин билдирүүдө. Содик Ортиков 6-мартта Москвада кармалган. Тергөөчүлөр тинтүү учурунда анын батиринен пистолет, эки тротил шашкасы менен граната табылганын ырасташууда. Учурда Ортиков терроризм жана мыйзамсыз курал сактап жүрүүгө айыпталып камакта. 3-апрелде 14 ...

0 33134

Ырчы Неля жасалмалуулуктан качан арылат?

24-апрель 2017, 13:52 Махабат Алымбекова

Сахнада абдан назик, идеалдуу ырчы айым көрүнгөн Неля чыныгы жашоодо тап такыр башка адам экенине таң бердим. Жылдыздардын сахна артындагы жашоосу көпчүлүккө кызык болгону менен алардын кыял-жоругу баарыбызга эле белгилүү эмес. Неля айымды чыныгы жашоодо көргөн адам андан жасалмалуулукту абдан көп байкайт экен. Эл көзүндө идеалдуу көрүнгөн ырчы айымыбыз айрым журналисттердин берген суроолоруна да жооп кайтаргысы келбей же жооп берсе ...

0 1193

Куткарылган шахтер Кайрат: бирдеме болсом жакындарым кантет деп сарсанаа болдум

24-апрель 2017, 13:19 Махабат Алымбекова

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында ураган шахтанын алдында калып, эки күндөн кийин куткарылган шахтерлор учурда медициналык кароодон өтүп жатат. Таш-Көмүр: 11 саат бою уранды алдында калган Байыскулов окуянын чоо-жайын айтып берди Эске сала кетсек, 22-апрелде түштөн кийин Жыргалаң айыл аймагындагы "Дөргө көмүр" шахтасы урап, ичиндеги эки адам дайынсыз болуп жаткан. Маалыматтарга караганда, шахтанын ичинен суу чыгып, оозу бүтөлүп ...

0 2638

Чолпон Султанбекова, вице-премьер-министр: “Жетим балдар үйүн оптималдаштыруу аркылуу, балдарды урук-тууганына кайтаруу зарыл”

24-апрель 2017, 12:45 Махабат Алымбекова

- Чолпон Аалыевна, вице-премьерлик кызматка келгенден тарта кандай иштерди жасап жатасыз? - Эми көп эле иштер жасалып жатат. Бирок анын баары көзгө көрүнө бербейт. Учурда эң орчундуу жана көйгөйлүү реформаны ишке ашыруу боюнча аракет көрүп жатам. Тактап айтканда, жетим балдар үйүн оптималдаштыруу боюнча чоң долбоордун үстүндө иш жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күндө экономикалык эсептерди тактап, мыйзамдарды ирээтке салып бүтүп калдык. ...

0 20724

Дариха Ишанова: Өмүрбек Мырза, калп айтып жатканда өзүңүздү ыңгайлуу эле сезесизби?

21-апрель 2017, 22:52 Махабат Алымбекова

Өмүрбек Бабанов Баткендеги эл менен жолугуу учурунда "Араңарда бизнесмендер болсо, өндүрүштүк ишкана, завод салсаңар, проект жазсаңар анда "Кыргыз-Орус" фондунан кредит алууга жардам беребиз",-деп айтты. Өмүрбек Токтогулович, сиз эмнеге 17 млн$ каражатка завод же өндүрүштүк ишкана салбай, аялыңызга базар салып бердиңиз. Ушунтип сүйлөгөндөн уялбайсызбы? Миңдеген карапайым адамдар ала турган кредитти жалмап коюп, анан сулуу киши болуп сүйлөп жатканда өзүңүздү ыңгайлуу эле сездиңизби?.. Баткендиктер ...

0 1250

Трамп АКШ-Орусия алакасы жакшырат деген ишенимин билдирди

14-апрель 2017, 11:36 Махабат Алымбекова

АКШ президенти Дональд Трамп алдыда Орусия менен Кошмо Штаттар ортосундагы алака-катыш жакшырат деген ишенимин билдирди. Ал Твиттердеги баракчасына "АКШ менен Орусия ортосундагы мамиле жакшы болот!" деп жазды.Шаршембиде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен бирге Вашингтондо өткөргөн маалымат жыйынында Трамп Батыш менен Орусиянын мамилесинин жакшы жакка өзгөрүшүн каалай турганын билдирген."Эгер биз жакында эле талкуулагандай, НАТО жана биздин өлкө Орусия менен ынтымакташа ...

0 1844

Белгилүү композитор Азат Дөөткулов каза болду

14-апрель 2017, 10:17 Махабат Алымбекова

Композитор Азат Дөөткулов кечээ, 13-апрелде ооруканада дүйнө салды."Абалын жакшы деп айтып жатышкан, бир аз убакыт мурун эле кайрадан начарлап кетиптир. Байке аябай жакшы адам болчу. Чыныгы чыгармачыл, жүрөгү таза. Анын бул дүйнөдөн кайтышы баарыбыз үчүн чоң жоготуу", - деп билдирген ырчы кыз Асема. Анын сөөгү өзүнүн кичи мекени Кочкор районуна коюлат.Эскерте кетсек, Азат Дөөткулов кант диабети менен ооруп, гангренасы бөйрөккө ...

0 1104

БШК менчик каналда үгүт жүргүзүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрдү

14-апрель 2017, 10:10 Махабат Алымбекова

Кыргызстанда менчик телерадиокомпаниялар аркылуу шайлоо үгүтүн жүргүзүүгө тыюу салуу сунушталууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Ариповдун билдиргенине караганда, шайлоодо бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү принцибин жетекчиликке алып ушундай сунуш киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү сунушу чет элдик өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде иштелип чыкканы айтылууда. Маселен, Ариповдун белгилешинче, Жапонияда шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин үгүт жүргүзүү укугу мамлекеттик телерадиокомпаниялар аркылуу гана ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83