www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перизат Кутманалиева

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (6657)

0 414

ЖК депутаттары элге мыйзам даярдайбы же көчөдөгү “хулигандардай” мушташ үчүн келгенби?

Депутаттар ортосундагы мушташ Атамбаевдин бийлиги учурунда көнүмүшкө айланган. Депутат Алтынбек Сулаймановдун “Ата-Журтчулар” менен мушташканы, СДПКчы депутат Мадеминовдун “Ата-Мекенчи” депутат Текебаев менен мушташканы учурунда катуу резонанс туудурган.  Эмки мушташтын башкы каарманы Канат Кедейканович. Кедейкан го бир күн бийликте турганы үчүн тарыхта калган. Канат мырза канатын жайып Токмокто жерди казактарга карматып жиберген, башына күн түшкөндө мэриңди урдум деп дубалдан секире качкан. Бабановдун ...

0 285

Канжар Кадыралиевди буюртма менен айыптаган кылмыш иштери токтоду

Санжар Кадыралиев деген 3-чакырылыштагы парламенттин депутаты болгон. Ал мажоритардык шайлоо учурунда өз шайлоо округунда мен деген лөктөрдү сызга отургузуп, парламентке келген. Кадыралиев 4-парламентке да депутат болгон. Бирок, ошол кезде Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча чындыкты айтканы үчүн таламандын - тал түшүндө атып кетишкен. Анын карындашы Ыргал Кадыралиева агасынын жолун жолдоп 5-чакырылыштагы парламентке депутат болуп келип, жаштыгына салып ошол кезде бийлик башында ...

0 1128

«Маңкага бучук үйүр” деген кеп бар, эмнеге ката жазган 24 жашар жигитти министр кеңешчи кылып алды?

Кыргызстанда идеология барбы деген ой туулат. Болсо идеологиянын башаты Билим, илим министри болуш керек. Биз татаал заманда жашап жатабыз, жакында президент Жээнбеков чек арачылар менен жолугушуп жатып, диний экстремист-террорчулардын күч алып баратканын баса белгиледи. Кыргызстанда калктын 80 пайызы ислам динин тутат деген кеп бар. Биз салттуу исламды, мындайча айтканда ислам дини менен катар кыргыздын каада-салтын кошо ала жүрөбүз. Бизди корейлер, ...

0 861

Мародерчуларды марага жеткизбей койгон Зарылбек Рысалиев

2010-жылы апрелде бир топ курмандыктар менен бийлик алмашты. Ал мезгилдеги көпчүлүк маалыматтан алган кабарлар боюнча өз жанын аяган жок. Бирок, эмнегедир саясат айдыңынын башында турган кээ бир “саясий чөөлөр” ушундай учурдан пайдаланып, өлүп жаткандарга кайгырып өкүрбөстөн, өз капчыгынын калыңдашын көздөп, Бишкекте мародерчулук кылышкан. Бул “чөөлөр” эртең эле өз партияларына каршы иш чыгарып жатканын жатканын унутуп, Бишкекти талап-тоношту. Бул иштер ошол ...

0 462

ЖКда Атамбаевдин кол тийбестиги каралат, бирок депутаттардын көбүн ал алып келген, кимдерди?

Атамбаевдин кол тийбестигин алып салууда ушул маселе козголду, кайсы партиядагы депутаттардын келиши үчүн Атамбаев ак батасын берген? Кээ бир депутаттардын айтуусунда “Ата-Мекен” партиясынан тышкары 5 фракциянын депутаттарын тандалган соң Атамбаев тарабынан кароодон өткөн. Мүмкүн, “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов: Игорь  Чудинов, Акылбек Жапаров, Кубанычбек Жумалиев сыяктуу депутаттарды Атамбаевдин кароосу жок эле өзүм алып келгем деп чыкты бул туурадыр. Кайсы ...

0 241

Өзбекстандан келеби, Тажикстандан келеби дарбыз алсаңыз, сертификатын сураңыз

Илгери Салижан Жигитов дарбыздар жөнүндө ода жазган. Бирок Кыргызстанда дарбыздардын убагы келе элек. Азырынча Өзбекстан, Тажикстанда бышып келе баштаган дарбыздар же күнөөсканаларда бышкан дарбыздар сатыла баштады. Дарбыз каяктан бышса ошол жактан бышсын, бирок азыркы күндөгү дарбыз саткандар үчүн эмес, дарбыз алган көпчүлүк үчүн жакшы жаңылык, дарбыз аларда ким сатып жатат, каяктан сатып жатып, эскирип кетип ичти албайбы  дайынын билип алыш ...

0 393

Запкы көргөндөр Атамбаевди жамандаса мейли эле, ал бийликте турганда «бейиште» жашагандар да жамандай баштады

Усубалиевди эл акыны Майрамкан Абылкасымова, Атамбаевди депутат Иса Өмүркуловдор «Журт атасы» деп кошоматтанышты. Ал эми Акаевди маркум Барчынбек Бугубаев: «Эй кыргыздар Акаевди ата дейли» -деп коркутту. Кыргыздардын барынын жүрөгү түшүп кетип «Ата» дей баштады эле, жалгыз эле Саяковский чыгып Акаевди Ата десең, Майрамды мама деп ал деп сес көрсөттү. Атамбаевди «Журт атасы» деп даңазалап жүргөн  Иса Өмүркулов бүгүн Атамбаевди карап ...

0 414

“Азаттыктын” Раим Матраимов тууралуу иликтөөсүнө “5 канал” эмне деди?

“Өтүкчүнүн өтүк ултарганы дурус”, ар кимдин өз иши бар. Арийне, акыркы мезгилдерде саясатчысыбы, мурунку президентпи, же башка тармактын кызматкериби бардыгы журналист болуп кетишти. Туура, баары өзүн “кара пиардан” сактагысы келип жатат. “Азаттык” үн алгысы социалисттик идеологиянын эң башкы душманы болгон. Ошондуктан, “Азаттыкты” түптөгөн Азамат Алтайды угууга бир гана Кыргызстанда эмес, бүт чоң аймакта тыюу салынган. Заман өзгөрүлгөн соң, “Азаттык” суурулуп ...

0 310

Ташиев Ак үйдүн тосмосунан кайрадан секире алабы?

Камчыбек Ташиев бийликти алмаштыруу максатында 2012-жылдын 3-октябрында Ак үйдүн тосмосунан секирүүгө далалат кылган. Бул аракети үчүн Ташиевдердин үстүнөн кылмыш иши козголуп, Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов үчөө  сегиз ай “параша” жеп чыккан. Атамбаевдин сыртта жүргөнүнөн пайдаланып Курманбек Зулушев буларды актап жиберген. Ташиевди  Ак үйдүн тосмосунан секирүүгө эмне мажбур кылган? Мунун обьективдүү жана субьективдүү себептери бар. Субьективдүү себептери мындай: 1. Жеке адамдык ...

0 602

Улукбек элге сактаган, Албек миллион татканган, чет элге кеткен “Дастандан”...

“Дастан” ишканасы да Орусияга өтүп кеткен, мындай колун майлап туура эмес иш кылганы үчүн Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов Кылмыш-Жаза кодексинин 171-беренеси боюнча ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу боюнча кылмыш иши козголгон. Деги эле Атамбаевдин убагында Бишкек мэрине жарыган жокпуз. Мурунку мэрлер Иса Өмүркулов, Кубаныч Кулматовдорго да кылмыш иши козголгон. СССР тараган соң жакшы завод -фабрикалар бүлүнүп, таланып тонолду, темир-тезектерин ...

0 594

“Кытыгыстан” – Атамбаев дагы эмнеге күнөөлүү?

ШОСко келген конокторду узатып  жатышып президент Жээнбеков менен премьер-министр Абылгазиевдин кызматтык машиналары капыстан кагылыша кетишет. Ошол замат учкан куштай жетип келген МАИ кызматкери менен экс-президент Атамбаев бул кырсыкка күнөөлүү болуп табылат.  Атамбаевди мейли күнөөлүү табышсын, өз кызматын аткарып жүргөн МАИ кызматкери күнөөлүү табылып кызматынан кол жууганы аянычтуу. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 966

Акматбек Келдибеков эмне үчүн Атамбаевдин түшүнө кирет?

Алмазбек Атамбаев маймыл жылында туулган, Акматбек Келдибеков 60 жылда бир келген «огненный конь". Маймыл менен жылкынын кайнаса каны кошулбайт,  маймылдар шылдың болгондон башка эч нерсеге жарабай калат. 2011-жылы Өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев болгон. Аны фракция лидерлери Текебаев, Кулов, Ташиев өкмөт башынан кетире турган болгондо, так ушул Келдибеков туура сөздү айтып коргоп калган. Ошондо Атамбаев: «Кыргыздарда үчкө бөлүнөт. Оңдон Акмат мырза спикер, ...

0 367

Ат-Башыда кар жаады, Салымбеков менен Жолдошбаевдин кар менен иши жок

«Зима не будет» деп коюшуп эле атбашылыктар жайдын дал ортосунда кар жаадыра берет. Ат-Башынын мыктылары Шайлообек Дүйшеев, Аскар Салымбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Шаки Абдыкеримов, Накен Касиев сыяктуулар Бишкекке корголоп, Ат-Башынын атын укканда качышат. Бишкекке келип алышып эки-экиден жулмалашып урушат. Ал эми Ат-Башынын 1936 Ватикан мамлекети бата турган жерин Кытайларга кармата беришти. Анан да Таластык ...

0 686

Кытайга Үзөңгү-Куушту бергени үчүн байып, башкаларды сасыктар деп Чүйдөн кубалаган Сариев

Темир Сариев аттуу өкмөт башчысы болгон, түпкү аталары Жумгалдан коллективдештирүү учурунда Чүйгө көчүп келишип, Солтонун Жоочалышына кошулган. «Жаманды коногу бийлейт» дегендей Cокулуктан оштуктарды кубалаган ушул болгон. Акаевдин заманында парламент депутаты катары Үзөңгү-Куушту Кытайга беребиз деп үзүлө чуркаган. Ал эмгеги үчүн азыр Бишкек мэриясынын айлана-тегерегиндеги Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин зор имаратты бүт менчикке ...

0 393

Алмазбек Атамбаев мурунку кесиптештери менен жолуга алган жок

Жакында эле Нур-Султан шаарында ЕврАзЭС мамлекеттерин жыйыны болду. Экс-президент Нурсултан Назарбаев бул жыйынга катышып, ЕврАзЭС тарабынан уюшулган чоң уюмга президент болуп, ага кошумча бүт түрктөрдүн да бир уюмуна жетекчи болду. Алмазбек Атамбаев ШОС болоор алдында элди дүрбөтүп митинг уюштурам деп жатып, өзүнүн мурунку кесиптештеринин алдына кадыр-баркы кеткендей. Ал эмес Атамбаев дос деп эсептеген ...

0 342

«Жаңы СССРди»  ким башкарат?

Замана кандай кары, кандай керең, Закымдап учкан сайын түбү терең. СССР өлкөсүнө ханды издеп, Ельцин. Б КМШга келет экен.   «СССРди» кыңк эткизбей башкарууга, Баш болуп СССРге жаш, карыга. Ишенген өз күчүнө «президенттер» Келсин  деп өзүн-өзү сындатууга.   Лукашенко президентке «дед» карап-карап, Кеп жебес президенттерди бирден санап. Эскерип Шушкевичти «самоотвод» деп, Тизмеден өзүн-өзү чийип салат.   Сынга эч толбоймун деп жүрөк даабай, Келе албай турган экен ажо далай. Шарт эле жөнөйт экен угар менен, Пашинян  таланты зор, заади ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 235

Эки кишинин ичи дыркырап өтүп жаткандай бири Трамп, бири Атамбаев

ШКУнун болуп жаткан саммитинин учурунда эки кишинин ичи дыркырап өтүп жаткандай бири Трамп, бири Атамбаев. Трамп болсо көптөн бери ШКУнун атаандашына айланган Путиндин ар бир баскан изи Трамптын ичин өткөзүп, ичи күйгөндөн  туз эжалап жиберет. Ал эми Атамбаевге эмне жок, кечээ эле президент болуп туруп ШКУнун саммиттерин өткөзүп жүрбөдү беле. Бүгүн саммитке каршы боогону менен «богуна куурай» ...

0 261

50 млн калкы бар уйгурлар Кытайда бир автонмиялуу район, 3 млн калкы бар кыргыздар мамлекет

Байыркы замандарда кыргыз эли айыл-апа, тууган-туушкан болуп жашашкан. Бул адат азыр да элет жеринде сакталуу. Бирок шаарларда, райондун борборлорунда жана мурун башка улуттун өкүлдөрү жашап көчүп кеткен жерлерде кыргыз эли аралашып эле жашап калышты. Ошондуктан, кошунанын баркы көтөрүлүп калды. Айта турган оюбуз биздин кошуна мамлекеттер тууралуу. Кытай  Сооронбай Жээнбеков Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин ...

0 232

“Кытыгыстан” –ШОСко мүчө мамлекет башчылары кантип эс алышат?

Шанхай кызматташтык уюунун мамлекет башчылары Бишкекте саммит өткөзүп жатат, бир кезде тыныгуу убакыт болуп калды. Кой көптөн бери жолугуша элекпиз, бир жакшы черибизди жазып анекдот айтып алалы дешет.  Шанхай кызматташтык уюунун мамлекет башчылары дайыма жолугуп бири-бирине анекдот жүрүшүп анекдотторду жатка билип калган. Ошондуктан, убакытты үнөмдөш үчүн анекдотторго номер коюп алышкан. Орусиянын мамлекет башчысы Путин анекдот баштайт: -Жыйырма эки! –дейт, угуп отургандар ...

0 255

Сагынбаеваны сагынсаңыздар Батукаевге бата берген ошол

Сагынбаева Саламаттыкты сактоо министри болуп туруп: “Азиз Батукаев өлгөнү калды, аны бошотбосок болбойт” –деп, медициналык бүтүм чыгартып, боштондукка чыгарган. Ал кезде президент Алмазбек Атамбаев болгон, ал эми анын экинчи аялы Раиса Атамбаева Татарстанга барып, ошол кезде ал жактын президенти Миннихановго : “ Душа моя Татарстан” -деп чыйылдаган. Чыйылдаса чыйылдай берсин, бирок ал кезде ал президенттин жубайы эле да, болгондо да ...

0 296

Кары келсе парламентке, жаш келсе ишке

Карылардын ичинде да мыктылар бар. Ошол мыктылардын бири Мыктыбек Абдылдаев. Созолонуп ырдаган Абдылдаев совет мамлекетинен бери келаткан “бийлик сүйгөн” алмашкыс кадр. Өзүн гана ойлобойт ага-инилерин бийлик тарапка вице-премьер, депутат,  Бишкекке мэр кыла жүрөт. Акаев президент кезинде Мыктыбек Абдылдаев Башкы прокурор эле, бирок эмнегедир Бакиевдин учурунда президенттик аппаратты башкарып орун басары Медет Садыркуловго бийликти бийлетип койгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясына ыйлактап жатып, ...

0 238

Парламент эми каникулга кетер алдында ойгонду

Зеленский комик болсо да Украинада Порошенконун ордун алып президент болду. Эң биринчи аракети парламентти жайлады, анткени Рада мурунку президент Порошенконун парламенти экен. Бизде болсо кандай? 2017-жылы 24 – августта ал кезде президентке талапкер болуп жаткан Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысынан кетти. Анын ордуна Сапар Исаков өкмөт башчысына көрсөтүлдү. Парламентте отурган депутаттар 99 пайыз менен жүздөрү кызарбай Сапар Исаковдун талапкердигин колдоп беришти. ...

0 325

Матраимовду колдогон Атамбаев, эмнеге анын артынан “кара пиар” издеп калды?

Улукбек Ормонов, Раим Матраимовдор элге жакшылык кылып жатат. Ушул кезге чейин Алмазбек Атамбаев атасы Шаршенге элди чакырып куран окутту деген кеп жок. Окутпаса койсун, илгери ал президент кезинде айт күнү  Чүйдүн губернатору айтылуу трайбалист Кеңеш Кулматовдун улуу Кубанычбек Кулматов барат. Албетте, Кубанычбек мырза илгери Кыргызстандын прокурорунун орун басары болуп туруп, Токмоктогу “мафиянын” ана башы  Бостоновду колдогон апасы Сакен Кыдыралиевадан ...

0 406

ШОСко мамлекет жетекчилери келди, Атамбаевдин “сөөлөтү” жок го?

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султанда ЕврАзЭСтин  жыйыны болду. Экс-президент Нурсултан Назарбаевди чакырышып, Белорус мамлекет башчысы Александр Лукашенко аны мактады эле,  отургандардын оозу ачылып калды. Лукашенко ар кимди мактай бербейт, ал Бээжинге Си Цзиньпиндин чакыруусу менен чоң форумга барып, бирок аягын күтпөй кетип калган. Анын себебин талдоочулар Путин менен кайым айтыша кеткенине байланыштырган. Нур-Султанга барып Нурсултан акени өлө мактаганы, балким Путин менен ...

0 366

ШОС дос, НАТО мурункудай атаандаш, Атамбаевдин ШОС алдында боло турган митингги шоона эшпей калды

Атамбаев ШКУнун саммити болоор алдында митинг өткөздү. Митингге саналуу адамдар келди. Атамбаев мурунку кесиптештеринин саммити алдында өзүн көрсөткүсү келген, бирок эл келбей коюп бир аз уят болуп калды. Андан көрө митинг өткөзбөй койсо баркын сактап калмак беле. ШКУ (ШОС) Лотос Лотосту кытайлыктар абдан баркташат. Кескелдириктер кадырларын билбейм. «Кес куйругуңду, кес» - ...

0 425

Өкмөт орус тарап менен жетишкен 6 млрд. долларлык макулдашууларды чечмеледи

Экономика министрлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкектеги мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн кыргыз-орус аймак аралык сегизинчи ишкерлик конференциясында жетишилген 6 млрд. 135 млн. долларлык макулдашуулар тууралуу кенен билдирүү таратты. Мекеме билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө кол коюлган инвестициялык жана соода макулдашуулары, келишимдер, меморандумдар, жол карталары жалпысынан 53тү түзөт. Анын 35и кызматташуу боюнча инвестициялык документтер жана суммасы 5 млрд. 514,7 ...

0 447

ИИМ. “Фабула” гезитине жана бир катар сайттарга чыккан макалага жооп берди

2019-жылдын 29-март күнү “Фабула” гезитине жана бир катар кыргызча  сайттарга  “Жунушалиев чабалдык кылууда” деген макала  жарыяланды. Бул  боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү  билдирет. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев ИИМдин Ички иликтөө кызматынын алдына мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо максатында ички иштер органдарына келген жактарды  алдын алууга, аларды милиция кызматкерлеринин катарынан тазалоого катуу талап койгон. Ошонун негизинде ИИМдин Ички ...

0 2016

Куудул Тынар Курбаналиев кубанычын кабарлады

Видео 29-март 2019, 18:13 Перизат Кутманалиева

Азыркы куудулдардын ичинен сатираны ийинине чейин аткарган, бакыраң көз, кара каштуу “өзбек чырай” Тынар Курбаналиев – өзүнүн ютуб каналындагы катталуучулардын жана көрүүлөрдүн саны үчүн YouTube каналынын “күмүш” баскычына ээ болду. Бул тууралуу малыматты NazarNews.kgге куудул Тынар Курбаналиев кабарлады. --“Бул сыйлык менин жеке эмгегим эмес, мени сыйлаган күйөрмандарымдын баарына рахмат. Америкадан Тынар Курбаналиев деп ачылган ютуб каналдан “күмүш” баскычын алдым. Ушундай баскычтарды менин чыгармачыл досторума да Кудай ...

0 367

Ниязов: Мага козголгон кылмыш иши - саясий куугунтук

Мурдагы Президенттик аппараттын башчысы, Кыргызстан социал- демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылып, кызматкерлер аркылуу саясий куугунтук жүргүзбөөгө чакырды. «Бул «жогору» жактан берилген тапшырма экенине мен толук ишенем. Ошондуктан инцидентти саясий буюртма катары баалоого жана ИИМдин кызматкерлерине аны аткарууга мажбурлады деп эсептөөгө толук укугум бар», - дейт билдирүүсүндө Фарид Ниязов. Ал эми, ИИМ Низовдун үстүнөн Максат Чегирткеев ...

0 470

Казак президентинин расмий өмүр баянында "ажырашкан" деп жазылды

Казак президентинин сайтында өткөн жумада кызматка киришкен мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин өмүр баяны жарыяланды. Анда башка маалымат менен катар президенттин ажырашканы да айтылган. Тимур Токаев деген бир уулу бар деп жазылып, бирок мурдагы аялынын аты-жөнү жана ажырашкан датасы келтирилген эмес. Президенттин үй-бүлөсү тууралуу маалымат Википедияда да жарыяланып, акыркы өзгөртүү 28-мартта киргизилген. Президенттин басма сөз кызматынан маалымат ...

0 397

Фарид Ниязовдун үстүнөн кылмыш иши козголду

ИИМ: М.Чегирткеевдин арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү  реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө 2019-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына  жаран М.Чегирткеев кайрылып, 2010-жылдын 6-7–апрелинде каза  тапкандардын жана жабыркагандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан коргоо  боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Фарид Ниязов менен башка  комиссия мүчөлөрү 2017-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен  пайдаланышып, врачтардын Сочиге Апрель окуяларында жабыркаган адамдардын  дарыланышы керектиги тууралуу көрсөтмөсүнө карабастан, ...

0 359

БиБиСи жалган кабар бергендигин кабыл алды

Британиянын коомдук каналы БиБиСи берген жалган бир кабарынан улам Украинанын президенти Петр Порошенкодон кечирим сурап, себеп болгон чыгымды төлөөнү кабыл алды. БиБиСиден берилген маалыматта өткөн жылдын май айында жарыялаган бир кабарда Порошенко менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосундагы бир жыйындын узартылышы үчүн 400 миң доллар төлөнгөндүгү айтылгандыгы эске салынды. Төлөмдүн Трамптын мурунку адвокаты Майкл Коэнге жасалгандыгы  белгиленген кабардын андан кийин БиБиСинин интернет ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 260

Баткен согушунун ардагерлери Жеңиш Разаковду каралоого каршы

Баткен согушунун ардагерлери вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду «Тажикстандын тыңчысы» деп каралоону токтотууну талап кылышууда. Бул тууралуу «Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин» төрагасы Канат Бакалов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Жеңиш Разаковду ардагерлер тескерисинче мекенине берилген адам катары таанышат. Бул тууралуу азаттык билдирди. - Биз Жеңиш Разаковду Баткен согушунан бери билебиз. Ал тескерисинче Баткендин чек арасын, бардык жерин коен жатагына чейин тааныйт, кыйынчылыктарды билет. Аларды ...

0 276

Сүрөт - Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында «Северэлектро» ААКнын райондук электр тармактары жыл сайын мерчемделүүчү оңдоо иш-чараларын баштады

Март айынын башынан бери «Северэлектро» ААКнын Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында райондук электр тармактары жыл сайын мерчемделүүчү оңдоо, капиталдык курулуш, электр жабдыктарын техникалык жактан кароо иштерин баштады. Мисалы, 2019-жылы «Северэлектро» ААКнынАламүдүн райондук электр тармактарында калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында жол жээгиндеги 46 чакырым 0,4-6-10 кВ аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бактардын бутактарын кесишет. Андан тышкары Байтик, Кашка-Суу, ...

0 257

Нарын жергесинин тургундары эл өкүлдөрүнүн астына электр кубаты боюнча жеӊилдик берүү, мектеп тартыштыгы жана башка көйгөйлөрдү коюшту

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исмаилова менен Евгения Строкова Нарын жергесинде иш-сапары менен болушту. Адегенде Нарын шаарындагы бир катар мектептердин акыбалы менен таанышты. Депутаттар барган Нарын шаарындагы атагы таш жарган Чкалов атындагы орто мектептин 1932-жылы жана 1954-жылы курулган эки корпусу эскирип, балдарды окутууга мүмкүн болбой калган. Окуучулар батпагандыктан окуу үч нөөмөттө жүргүзүлөт. Ал эми балдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Жаңы окуу ...

0 302

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Президент Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин бүгүн, 28-мартта сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма кызматы билдирди. Андан тышкары, төмөндөгү документтерге кол коюлду: Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрынан Кыргыз Республикасынын аймагында Бириккен Россия аскердик базасынын статусу жана болуу шарттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен ...

0 655

Орусияда жардыруу боюнча кармалган Азимовдордун атасы Путинге кайрылды

Жалал-Абад шаарынын тургуну Ахрал Азимов Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, эки уулу Акрам жана Аброр Азимовдордун ишин калыс карап берүүгө жардам берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Азимов өзү Ошто өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди. Ал 2017-жылы Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон окуяга балдарынын тиешеси жок экенин айтып, аларды бошотууну суранды. Ахрал Азимов өз катында кылмышка шектүү катары кармалган уулдары кыйноо аркылуу тийиштүү кагаздарга кол ...

0 568

Маданият министри, эл артист Замирбек Сооронбаевден кабар алды

Маданият министри Азамат Жаманкулов 27-мартта белгиленген Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата КР эл артисти Замирбек Сооронбаевдин үйүнө барып, акыбалын сурады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.  Маданият министри Азамат Жаманкулов 27-мартта белгиленген Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата КР эл артисти Замирбек Сооронбаевдин үйүнө барып, акыбалын сурады Министр актердун жубайы, КРдин эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиеваны дагы кесиптик майрамы менен куттуктады. Жолугушуу учурунда министр ...

0 264

БУУнун Газа боюнча эскертүүсү...

БУУнун Жакынкы Чыгыш тынчтык процесси боюнча атайын координатору Николай Младенов, БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Газа тилкесинде күчөгөн чыңалууга көңүл буруп, жаңы кагылышуунун эч бир тараптын кызыкчылыгына жарабай турганын айтып, Палестина, Израиль жана аймакта «кыйратуучу натыйжаларды туудура турганы» боюнча эскертти. Палестина жана Израилди болушунча тынчтанууга чакырган Младенов: «Газада дагы бир жолу апаат менен жыйынтыктала турган коркунучтуу чыңалууга туш болушубуз мүмкүн, акыркы ...

0 314

Сүрөт - Кыргыз Республикасыынын ИИМдин Академиясы Оренбург мамлекеттик университети менен кызматташтык боюнча келишимге кол коюшту

2019-жылдын 27-мартында, "Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү - келечекке салынган инвестиция" аталышындагы Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун форуму болуп өттү. Иш - чара Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында жүргүзүлгөн. Форумга Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, Россиянын Агартуу министри Ольга Васильева, Россиялык ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү ...

0 353

Баскынчылыкты Кулов да жактырбайт

Кантсе да баары бир Феликс Куловдун өз көз карашы бар экен. Маселен, КСДПны талашып, басып алуучулук менен колуна алууну самаган Абдракмановчуларга ал түз эле мындай дептир: - “Мындай жорукту жасагандардын баары бир туура эмес иш кылганын коомчулук сезет. Негизи бул абдан тескери кадам болот”. Капталдан чыга калган партиянын программасы да таасирдүү эместигине баам салыптыр. Чынында эле зомбулукка салып партияны бөлүп-жаруунун өзү ...

0 2032

Кой-Таштагы сүйлөшүү жөн жерден эместир?

Учурда “мокок балталардын” таландысында калган Алмазбек Атамбаевдин абалы анчалык жаман эмес. Мындай тепкилөөнү эчен ирет башынан өткөргөн адам кайратынан тайып “эски досторуна” багынып бере тургандай сыпаттамага жете элек. Тескерисинче анын тегерегине бакубаттуу, илинчеги жок таза адамдар топтоло баштады. Форумдун айланасына саресеп салгандар бул кептин аныгына көзү жетет.  Антсе да жан бактылардын кыймыл-аракеттери үзүл-кесил жүрүп жатканы алаканга салгандай байкалып калды. Баса, учурда ...

0 649

Равшан кыймылдап калыптыр

Кепти Жээнбеков эмес Сабиров тарапка буралы деп турабыз. Болгону булардын аты окшош. Ал эми Равшан Сабиров болсо экинчи төңкөрүштөн кийин “Ата Мекенге” эрмешип парламенттен мандат алган болчу. Бирок, көпкө отурбай аны социалдык өнүктүрүү министрлигине жетекчи кылып жиберишкен. Анткени ал кезде кадимки Текебаевдин булчуңу чыңалып турган кайсы маселе болсо да тиши өтүп. Тилекке каршы анын жардамчысы пара менен кармалып, башчысын кошо ...

28-март 2019, 10:22 | 649
0 516

Эки Өмүрбектин таасири канчалык?

Ток этер жеринен эле айтканда учурда Өмүрбек Текебаевдин  жылдызы кайрадан жанганы турат. Анткени башкы көзүрдүн капканынын жаагы мурдагыдай катуу эмес болуп калды. Ошондуктан анын туулган күнүнө күтүлбөгөн саясатчылар барышып, тилектери менен кошо аны колдоого даярдыгын бежирешти. Демек, тылы ого бетер бекемделип, бошоп бараткан күүсү кубаттана баштады.  Ошентсе да  мурдагы президенттин күтүүсүз бурулуштары болуп кетүүсүнөн сактануусу керектигин  ал тургай учурдагы ажого ...

0 481

Шибегени капка каталбайсың. “Коогалаңдуу” апрель келатат…

Дүйнө алкагына саресеп салсаң баарынын телегейи тегиз дештен окчун болоруң анык. Анткени аалам чөлкөмүндө не деген жан кейиткен окуялар жүз бергенин маалыматтардан көрүп, билип жатабыз. Талкаланган Сирия, Ливанды, Ооганстанды айтпаганда да союз кезинде чогуу буламык жеген Украинада эмне болуп жатат дейсиң. Батыштын желесине оролуп алган бул өлкөнүн айрым шаарларында дале болсо ок атылып, адам өмүрүнө кесепети тийип жаткан кези. Өмүр ...

0 282

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келди

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында болот. Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ...

0 340

УКМК: Чет элдик жарандарга мыйзамсыз виза алуу фактысы аныкталды

2019-жылдын 29-февралында КР УКМК жүргүзгөн мыйзамсыз миграцияны алдын алуу боюнча ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында, КР ТИМ Консулдук кызмат Департаменти менен биргеликте «Алтын Бугу – Золотой Олень» ЖЧКсынын жасалма докмуенттеринин негизинде Кытай эл Республикасынын жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүгө уруксаат берүүчү электрондук виза алынгандыгы боюнча факты аныкталды. Аныкталгандай, жогоруда аталган уюм легалдуу ишмердүүлүктү жүргүзүүчү документтердин бири катары Социалдык фонддун Ош областынын Өзгөн райондук ...

1 15129

Якуттар өкүнүп жатышыптыр

Жакында Якутияда кыргыз жараны “бир кызды зордоду” деген шылтоо менен калың эл пикетке чыгып, кыргыз жарандарын катуу кодулашты эле. Эми минтип убакыт баарын калыстап, Якуттар ойлонбой кылган иштерине өкүнүп жатканы дайын болду. Ооба, ар бир нерсенин оң жана терс жагы болору анык. Кыргыз жарандарыбыз ишке чыкпай калып автобустар токтоп, эл маршуруткага батпай жатканы аз келгенсип, кырк рублдик нан сексен рублге чыгып, Якуттардын ...

27-март 2019, 20:36 | 15129
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 405

Наристелерди ойноткон жерде да коррупция бар

Ооба, жакында Нооруз майрамы болуп, көчө толо эл Ноорзу майрамын майрамдап, балдарын алып чыгып айтылуу Панфилов паркына ойноткону келишип, антракционный оюндарга акча төлөп балдарын ойнотуп жатышты. Бери жакта бажырайып 60 сом деп жазылып турса, ошол жерди иштеткендер ачык эле 80 сомдон алып, же бир кыркып берген квитанциясы жок, өз билгендерин кылып жатышты. Балдар ойногон жерде ушундай өзүм билемдик күч алып жаткан ...

0 430

Жол оңдогон компания жоголду дейби?

Жол транспорт министри болуп келген Жанат Бейшеновду ишке келген күнү эле депутат Р.Момбеков дароо эле сын айткан. Анткени ал кишинин алган кесиби жол тармагына такыр төп келбегенин, ал турсун жардамчысынын дагы кесиби жол оңдоого такыр каршы кесип экенин айтып, “жол тармагын билген кишини ишке алсаңыз болмок” деп айтканы бар. Эми минтип иш али баштала электе эле жол оңдоо тармагында чоң ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83