www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перизат Кутманалиева

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (6657)

0 439

КР БШКнын жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу!

Урматтуу  жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы ПЖ №41 Жарлыгы менен Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештеринин, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин, Талас ...

0 864

Камчыбек Ташиев Москвага барган эмес!

Камчыбек Кыдыршаевич эч кандай Кремлде жүргөн жок. Жалган маалымат таркаткан болбойт. Бул тууралуу маалыматты Шүкүрбек Эркебаев билдирди. Ага кошумча, "Ташиев, элин сүйгөн патриот инсан. Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн элин сатпайт, айрым басылмалар ага көө сыйпап жатат" деп билдирди. Эске салат кетсек жергиликтүү басылмалардын бири саясатчы Камчыбек Ташиевди Москвада жүргөндүгүн кабарлаган. Булак: NazarNews.kg

0 560

УКМК ККК: Айыл өкмөт башчысы пара алып жаткан учурунда кармалды

2019-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан жер мыйзамдары чөйрөсүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактыларын алдын алуунун алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булун айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучусу, 1967-ж.т. С.Д. 1000 АКШ долларын алып жаткан учурунда  кармалды. Такталгандай 2007-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы ...

0 450

Макгрегор Диас менен үчүнчү ирет беттеше турганын убадалады

Ирландиялык мушкер реванш алуу мүмкүнчүлүгүн бергендиктен каршылашын сыйлай турганын айткан. Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Нейт Диас менен үчүнчү ирет беттеше турганын убадалады. Бул тууралуу Р-Спорт басылмасы жазып чыкты. Бул тууралуу sputnik.kg билдирди. 2016-жылдын март айында UFC беттешинде Диас ирландиялык мушкерди муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган. Ошол эле жылдын август айында калыстын чечими менен Макгрегор Диасты утуп кеткен. "Мелдеште мен Диастан утулуп ...

0 609

Журналист Бабырбек Жээнбеков дүйнөдөн кайтты

Журналист, экс-чиновник Бабырбек Жээнбеков 68 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.  Маркум акыркы жылдары узакка созулган дарттан жабыркап жүргөн. 2018-жылы Түркияга барып операция болуп келгени маалымдалган. Эмгек жолун 1967-1968-жылдары Талас облусунун Киров районунда мектептен баштаган. Бабырбек Жээнбеков “Алиби” жана башка бир нече гезиттерди негиздеген. 2013-жылы кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигин жеттектеген.  Булак: NazarNews.kg

0 348

Жогорку Кеӊештин 2-апрелдеги жыйынында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя тууралуу маалымат угулат

Жогорку Кеӊештин 2-апрель күнү өтө турган кезектеги жыйынында Өкмөттүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында 2019-жылдын 13-марты күнү Баткен облусунун Ак-Сай айылында болуп өткөн чек ара окуясы жөнүндө маалыматы премьер-министрдин катышуусунда угулат. Депутаттар узакка созулган талаш-тартыштан кийин ушундай чечимге келишти. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кечээ, 19-мартта өткөн ...

0 882

Астанада Нурсултан деген аталышка каршы чыккандар кармалды

Астанада шаардын аталышын Нурсултан деп өзгөртүүгө каршы чыккандар кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 21-мартта Астананын акимчилиги жайгашкан аянтта баш калаанын аталышын өзгөртүүгө каршы акция өткөнү жаткан. Бирок чогулган онго жакын кишини полиция автобустарга салып кетти. Шаршембиде казак парламенти коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин урматына борбор шаар Астананын аталышын Нурсултан деп атоо тууралуу сунушту колдоп, Баш мыйзамга өзгөртүү ...

0 480

Мурда бир нече жолу соттолгон адам автоунааны уурдап кетип, сатып жиберген

2019-жылдын 11-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге шаардык кичирайондордун биринин жашоочусу 2003-жылы чыккан “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааны айдап качуу жөнүндөгү арызы менен кайрылган.  Кылмышкерлер үйдүн жанында турган автоунааны түнкү маалда укукка жат түрдө ээлеп алышкан. Ленин РИИБи тарабынан автоунааны айдап качуу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган. Багыттамалар бардык нөөмөт бөлүктөрүнө жана кызматтарга жөнөтүлгөн. Аталган кылмыш ишин иликтөөгө ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. ИИМдин КМКнын кызматкерлери комплекстүү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, мурда зордуктоо жана баңгизаттар ...

0 375

Жайнак башкы каналды жайына келтире алабы?

Ошентип менеджерликтин алчы-таасын көрсөтүп, КТРКны төрт жыл башкарган Илим Карыпбеков кызматтан сыйынча кетти. Эмгек жамааты аны жакшы маанайда узатты. Албетте, экинчи мөөнөткө калууга болгон аракетинен майнап чыкпады. Анткени жогору жактагы “жүндүү билектер” башка кишини каалашты да ошол буйругу натыйжада жүзөгө ашты. Жаандан кийин чыга калгандай болгон сансыз талапкерлер болсо таранчыдай болуп тебилди. Кандай болгон күндө да таалайлуу менен талашып кереги ...

0 319

Казактар парламенттик өлкөгө оойбу?

Коңшу казактар деле негизи кыргызга тектеш келишээри маалым. Эки күн мурда бул өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаев бийлигин өткөрүп берди. Ошондон кийин айрым төбөсү көрүнгөн коомдук ишмерлер казакстан парламенттик өлкөгөөтпөсө болбойт, анткени эркин элдин талабы теңчилик жана көз карандысыздык деп коңгуроо кага башташты. Чамасы отуз жылга чукул калкты башкарган президенттик бийликтен алар заарканып калышкандай. Биздин абалга кайрылсак кээ бир тилин оозуна батыра ...

0 4275

Прокурорду өлтүргөн бала

Бир-эки жылдан бери сот, прокуратура кызматкерлерине өлкө башчысы тарабынан орундуу сындар айтылып келе жатканы айкын. Сырттан караган адамга прокурор болобу, сот болобу, кудайдын дагы алы жетпөөчүдөй туюлаар эле бир кездери. “Кайдан кулак чыгарса казанчынын өз эрки” дегендей, алар кааласа, соттойт. Кааласа, алчуусун алып, соттоло турган адамды актап жиберет. Дал ушундай ойлор мээбизге сиңип калган. Эмесе, өз ой толгоом менен көп эле ...

21-март 2019, 11:52 | 4275
0 1189

Эмнеге Акаев чебелектеп калды?

Кыска аралыкта өлкөдөн качкан биринчи президент Аскар Акаев кыйла “кычкылдуу” маалыматтарды берүүгөүлгүрдү. Ат тезегин кургатпай өзүнүн көптөн берки санаа чектирген ойлорун эптеп ортого жаадырып калайын деген академиктин деги эмне максаты бар?  Максаты бирөө-кантип кыргызстанга кайрадан келүүгө болгон аракет. Бирок,анысынан майнап чыгабы,кеп ошондо. Ал орус басылмасына берген маегинде 2005-жылкы “Жоогазын” революциясында  Американын үлүшү чоң экендигин белгилептир. Ал эми экинчи президент Курманбек Бакиев ...

0 529

Орозова куйтуланбайт экен

Кезинде, болгондо да катаал мезгилде  Баткен облусун жетектеген Карамат Орозованын айрым эркектерге салыштырмалуу адамдык сапаттары бар экени коомчулукта белгилүү. Кийин парламентке келди эл өкүлү болуп. Учурда ал жөн гана элге көрүнүп калуу үчүн микрофонго жулунбайт. Эгерде маселе койсо да маанилүү  жагына оодарып сүйлөйт. Мына ушул артыкчылыгы менен элдин жылуу пикирине арзыды. Өткөн жумада болсо беш депутаттын ичинде болуп чыр чыккан Баткен жергесине ...

21-март 2019, 10:48 | 529
0 432

Көп баштуу КСДПнын келечеги кандай болот?

Дегеле тарыхта мындай болгон эмес. Маселен, кожоюндары качып кеткен партиялардын тамтыгы ошол замат чыгып, азыр ошол “Алга Кыргызстан” менен “Ак Жолду” оозануудан ичиркенишет. Тилекке каршы ошол партиянын “калдыктары” эми деле чоң бийлик бутактарында жармашып отурушат. Алар кадимкидей элге сиңип кетишти. Эпчилдери көрүнүктүү адамдарга куда-сөөк болуп, жарма достукка өтүп ымалашып, жармакташып кетүүгө жарашты. Бирок, бул ирет коомчулуктун көкүрөгүндө уюп калган партия ...

0 382

Президент Сооронбай Жээнбеков Нооруз майрамы менен кыргыз элин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: "Кымбаттуу мекендештерим! Сиздерди Нооруз майрамы менен куттуктайм! Нооруз - жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы.  Тынчтыктын, өз ара түшүнүүнүн, биримдиктин жана ынтымактын салтанаты.  Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген. Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс ...

0 253

ИИМ: Нооруз майрамына байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипке өтүштү

“Нооруз” майрамына байланышкан иш-чараларды өткөрүү учурунда ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында бир катар тиешелүү чаралар көрүлөт. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, диний-экстремисттик жана террористтик көрүнүштөрдү  алдын алуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу, өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана коргоолучу обьекттерди, андан сырткары ИИОнун административдик  имараттарын кайтаруу, Нооруз майрамына даярдануу жана өткөрүү учурунда  укукка жат иш-аракеттирди жүргүзүүнү алдын алуу максатында тиешелүү иштерди жүргүзүшөт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жер-жерлерде уюштуруучулук жана практикалык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 282

Кореяда “Манас” эпосуна арналган атайын көргөзмө болуп өттү

Көргөзмөдө кум менен сүрөт тартуу, эпостун тарыхындагы сүрөттөр жана Кыргыз элинин маданий каада-салттары, кол өнөрчүлүк жөнүндө эпикалык окуялар жана көркөм тасмалар менен чагылдырылган сүрөттөрү санариптештирилип “Манас” китептери корей тилинде гана көргөзүлдү. Мындан тышкары мини-боз үйлөрдү чогултуу, кагазга эпостогу сүрөттөрдү тарттуу боюнча дагы өзүнчө мастер-класстар уюштурулду. Көргөзмөгө катышып жатып Кыргыз Элчиси Динара Кемелова Азия маданият борборунун Президенти Ли Жин-сиг мырза менен дагы ...

0 923

Жан кейитпей, жасалма акча жасап жан баккандар

Маалыматка ылайык, 8-март күнү Алай РИИБдин кызматкерлери жасалма акча менен Алай районунун Чий-Талаа айылынын дүкөндөрүндө соода кылып жүргөн Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары 1997- жылы туулган Т уулу Б., 1997- жылы туулган К уулу М., жана 1996-жылы туулган З уулу А., аттуу жарандарды кармашкан. Аталаган жарандар, Чий-Талаа айылынын тургуну 1979-жылы туулган К.К., аттуу жарандын дүкөнүнө барышып 50 сомдук “Кока-Кола” суусундук, ...

0 500

Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп шайланды

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева казак парламентинин жогорку палатасы – Сенаттын төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.  Бүгүн президент катары ант берген Касым-Жомарт Токаев Сенатты жетектөөгө Назарбаеванын талапкерлигин сунуш кылды. 55 жаштагы Дарига Назарбаева буга чейин Сенаттын эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетин башкарган. Ага чейин вице-премьер-министрдин кызматын аркалаган. 65 жаштагы Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берип, президенттик ...

0 783

Миллиондорду чогулткан “Сапат” салык төлөөдөн качууда

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева билдирди. - Биз эмне үчүн бул ишканалар Соцфондко төлөмдөрдү төкпөй жаткандыгы боюнча анализ жүргүздүк. Алар тиешелүү сумманы төлөшү үчүн чара көрүү керек болчу. Компаниялар эбегейсиз суммадагы карызды чогултуп, андан соң кечип жиберүүгө жол бербеш керек. Мындан бюджетке 500 млн. сомго жакын зыян келүүдө,- деп кайрылды депутат Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевге. Ал ...

0 488

Депутаттар малдай өлтүрүлүп жатса, карапайым эле кайда барат?

Маалыматка ылайык, ошол күнү болжол менен саат 03:05те ИИББнын нөөмөт бөлүмүнө эркек адамдын өлтүрөлгөндүгү тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге тез арада жетип келген ыкчамтергөө тобу азия түспөлүндөгү 20-25 жаштагы адамдын бычакталып жаткандыгын көрүшкөн. Бул факт ички иштер органы тарабынан катоого алынып, “Адам өлтүрүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки териштирүү учурунда өлтүрөлгөн 29 жаштагы Тилек Сеитбеков Чүй районундагы ...

0 344

Ноокатта он чөө атылып жок кылынды

Бул жөнүндө Ош-Баткен аңчылар коомунун тескөөчүсү Улукбек Сейдалиев кабарлады. Маалыматка караганда, жырткычтарды жок кылуу максатында жүрүп жаткан атайын рейд мындан ары Ош облсунун бардык райондорунда дагы улантылат. Бул иш-чараны Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Оштогу жетекчисинин орун басары Турат Сатимбаев өзү жетектеп атат. - Жырткычтар соңку тапта айыл чарбасына жана коен, суур, кекилик, кыргоол сыяктуу жапайы жаныбарларга кесепетин ...

0 1201

Равшан, сен жалап-жуктабаган АША калдыбы?!

Ал жерде сага орун жок! Кечээ эле Атамбаевди “тепкилеп” келаткан Равшан Жээнбеков 17-мартта Атамбаевдин тарапташы экенин билдирип, бүгүнкү бийликтин дарегине ачуу сөздөрүн “жаадырды”. Анын мындай хамелеондой кубулмалыгын сынга алгандар көп болууда. Бул боюнча Султанбек аттуу интернет колдонуучу да Azattyk.org сайтына төмөнкүдөй пикирин жазды: - Айланайын Равшан, кудайды карап бетпак болбойсунбу? Оппозиция деген ыймансыздар менен абийирсиздер, кудайдан жөө качкандар менен ууру-кескилер, бандиттер ...

0 554

Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат, же Атамбаевдин айткандарынын канчасы чын да, канчасы калп?

Жаз келди... Саясат кайнай баштады... Бийликти узурпациялагандыгын мойнуна алды Адатта цивилдүү өлкөлөрдө жалпы улуттук деңгээлдеги тарыхый окуяларды бийликтегилер менен оппозициячылдар, башка ар кандай багыттардагы, көз караштардагы саясый күчтөр биргеликте белгилешет. Андай окуялар жалпы улутту бириктирүү үчүн кызмат кылат. Тилекке каршы, Аксы окуясын экс-президент Алмаз Атамбаев жана анын айланасындагылар эл менен бийликти кайраштырып, ынтымакты ыдыратып, аймактарды бөлүп жаруу максатында пайдаланышкандыктарына бардыгыбыз ...

0 644

Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери: «Чегарага чектеш аймакта жашагандардын турмушун көрүп жүрөгүм ооруду...»

Президент Сооронбай Жээнбеков өзү киришип, тажик коллегасы менен чек ара сызыгын толук тактабаса бул чыр токтобойт. - Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин Баткенге чек ара жаңжалы башталар замат жөнөп кеткендигиңизди ар кандай кабыл алышты. “Кырдаалдан пайдаланып жеңил пиар жасап жатат”- дегендер да чыкты... - Ким кандай кабыл алат, бул ал адамдын өз эрки. Менин табиятым ушундай, элимдин башына оор иш түшкөндө жөн гана ...

0 523

ВИДЕО - Дастан Жумабеков Атамбаевдин сынына жооп кайтарды

Видео 20-март 2019, 12:01 Перизат Кутманалиева

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттин дарегине айткан сынына жооп кайтарды. Жумабеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйнынында сөз сүйлөп, Атамбаевдин башкаруусундагы жылдарда коррупциялык механизмдер өнүгүп, бийликти узурпациялоо аракети болгонун билдирди. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Дастанбек Жумабеков Атамбаев өлкөнү башкарып турган жылдары парламентке кысым сезилип турганын жана өзүнүн кемчиликтерин парламентке оодаруу аракети болгонун белгиледи. “Кыргыз элин карызга батырган бул - парламент ...

0 472

"Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чеби кулады

АКШ колдогон сириялык оппозициялык күчтөр Сириянын чыгышындагы Багхуз шаарын ээлешти. Багхуз "Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чеби деп саналчу. Жүздөгөн согушкерлер багынып беришкени кабарланды. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Сирия демократиялык күчтөрүнүн басма сөз катчысы Мустафа Бали “Багхуздагы лагерди ээлөө – чоң кадам болгону менен, жеңиш тууралуу айтууга али эрте” деп билдирди. ИМ тобунун көзөмөлү алдында Евфрат суусунун жээгиндеги чакан аянт калды. ...

0 295

Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө 2019-жылдын 19-мартына карата маалыматы

Министрлик 2019-жылдагы айыл чарба талаачылык иштерине  айдап себүү жана оруп жыйноо иштерин өз убагында өткөрүү  максатында,“2019-жылы мезгилдик айыл чарба талаа жумуштарын өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №10-б буйругу 2019-жылдын 1-февралында кабыл алынды. Аталган буйрукка ылайык, 2019-жылдын түшүмү үчүн  жалпы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 1219,4 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырганда 4,6 миң ...

0 338

Сүрөт - Кашкар Джунушалиев Жалал-Абад ОИИБнин имаратында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборун ачты

Кечээ, 19-март күнү ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун“2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоо” Жарлыгынын талаптарын  ишке ашыруу максатында, ички иштер министрлиги тарабынан Жалал-Абад  облустук  милициянын имаратында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборун ачуу аземине катышты. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев  “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иштеген  мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ...

0 256

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында аудиокитептер жазылып, балдар үчүн мультфильмдер кыргыз тилине которулат

18-март күнү Жогорку Кеӊеште Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жыйын жүрүшүндө белгиленген иш-чаралардын аткарылышы, үнөмдөлгөн каражаттарды жумшоо боюнча кеңири сөз болду. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Талкуунун учурунда негизги көңүл үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу маселесине бурулду. Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынан бөлүнгөн каражаттан 20 млн сом үнөмдөлгөн. Мына ...

0 1064

Максат Чегирткеев, Апрель Баатыры: “Атамбаев мага бир тыйын жардам бербей, Фарид акчаны алып койгон”

Апрель окуясынын баатыры "Айкөл Ала-Тоо Жаштар" коомдук бирикмесинин мүчөсү, учурда 3 баланын атасы Максат Чегирткеев менен кандуу каргашалуу апрель окуясы тууралуу баарлаштык. --Алгач, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз? --Мен Максат Чегирткеев 1990-жылы Ысык-Көл областынын Түп районун Түп айылында туулгам. Үй-бүлөлүүмүн. --Апрель окуясына барганыңыздын себебин айтып бересизби? --Адилеттүү бийликти орнотуу үчүн баргам. Мен 19:30 чамасында ашказан жагыма ок тийди. Окту алыш үчүн 6 сааттык операция кылынган. Ооруканада ...

0 7240

Акматбек Келдибеков: “Атамбаев сен кимсиң элдин атынан сүйлөгөндөй”

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы, мурдагы депутат, саясатчы, коомдук ишмер Акматбек Келдибеков менен аксы окуясы жана Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрү тууралуу ой бөлүштүк. --Ахматбек мырза, каргашалуу Аксы окуясына 17-жыл болуптур.  Акыркы мезгилде  Аксы окуясын саясатташтырып жиберишкен жокпу? --Мен антип айтпас элем. Анткени, ал каргашалуу окуяны унутууга, эстен чыгарууга мүмкүн эмес. Анткени, ал окуяны 17 жыл ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 450

Караколдо 300 сом карыз үчүн аялын чаап ийген кишини бөтөлкөлөшү бычактап салды

Каргаша болор күнү маркум шектүүнүн үй-бүлөсү менен чогуу арак ичишкен. Каракол шаарында 16-мартта эркек киши теңтушун бычак менен ичке сайган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун милициясынын маалымат кызматы билдирди. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү окуя болгон жерге дароо барып, бычак жеген 43 жаштагы К.Д. аттуу жаранды табышкан. Ал облустук ооруканага жеткирилип, кийинки күнү каза болгон. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестерге катталып, ...

0 651

Масалиев КСДПны коалициядан чыгарууну сунуштайт

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев коалициялык көпчүлүктөгү фракция лидерлерине КСДП фракциясын коалициядан чыгаруу боюнча кайрылганы жатат. Ал бул тууралуу «Азаттыкка» билдирип, коалиция КСДПнын тагдырын чечиш керектигин айтты. Бул тууралуу Азаттык билдирди. «Мен өткөн жылы май айында КСДП фракциясын коалициядан чыгарууну сунуштагам. Бул азыр да актуалдуу. Бирок азырынча расмий кагаз түрүндө кат бере элекмин. Эки-үч күндө ошол сунушту кайталаганга даярданып ...

0 1377

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын билдирүүсү

Бийлик Кыргызстандагы эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезитин кысымга алууга киришти. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жасалма айыптар менен гезит жетекчилерин тынымсыз суракка чакырып, басым көрсөтүп жатат. Бул сөз эркиндигин кысымга алууга жана калктын ар тараптуу маалымат алуусуна жол бербөөгө тете көрүнүш. Бийликтин бул аракети Кыргызстандын Баш мыйзамы болгон Конституциянын 31-беренесинин 1,2-бөлүмүнө, 33-беренесинин 1-бөлүмүнө карама-каршы келет. Буга жол берилбеш керек! “Бүтүн ...

0 352

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ИИМдин Өкүлчүлүгү укук бузууларды алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат

Социалдык тармактарда Россия Федерациясынын Якутск шаарында (Саха Республикасы) жасалган зордуктоо фактысы жөнүндө маалымат тарап жатат.  Кылмыш иши жергиликтүү коомдук резонансты жаратып, шектелип жаткан адам Кыргызстандын тургуну экендиги көрсөтүлгөн. Жогорудагы факты боюнча толук маалыматты берүү максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ИИМдин Өкүлчүлүгү төмөнкүлөрдү билдирет. 2019-жылдын 17-март күнү балдар аянтчасынан уурдап кеткен Якутск шаарынын жашоочусу (ал киши) зордуктоочунун курмандыгы  болуп, аймактык укук коргоо органдарына кайрылган. ...

0 545

Киттин ашказанынан 40 килограмм пластикалык баштык чыкты

Жээкке чыккан киттин курсагынан көп сандаган пластикалык баштык менен бирге 16 күрүч кабынын чыккандыгы тууралуу маалымат берилди. Филиппиндерде жээкке чыккан бир киттин ашказанынан 40 килограмм пластикалык баштык чыгарылды. Англис БиБиСинин кабарына караганда Давао шаарынын чыгышында D'Bone Collector музейинин кызматкерлери тарабынан жээкке чыккан киттин ашказанынан 40 килограмм пластикалык баштык чыгарылды. Музей бир фейсбук эсебинен берген маалыматында жаныбардын ашказанынын бир китте эч болбогончолук көп пластикалык ...

0 246

Бензинге биоэтанол кошуу менен экологиялык, экономикалык кырдаалды жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралууда

  18-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Биоотун жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам долбоору боюнча КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, азыркы тапта биоэкономика доорунда энергияны жана материалдарды кайра жаӊылануучу чийки заттарды пайдаланган биотехнологияга негизделген экономикага кадам ...

0 464

Лейла Сыдыкова: "Эмне үчүн жазык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы бар?"

2019-жылдын 1-январынан баштап ишке кирген жаңы жазык мыйзамдары орчундуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Буга эмне себеп болду? Бул суроого укуктук эксперт Лейла Сыдыкова кеңири жооп берет. Сөз Жазык кодексиндеги толуктоолор жөнүндө болмокчу. Чакырыктарга жооп иретинде жасалган реформалар Сыдыкованын айтуусунда, биздин жана дүйнөлүк коомчулук туш келе турган белгилүү бир чакырыктар бар.  «Реформа бир эле адамга же адамдардын тобуна эле туш келбейт, бул мезгилдин талабы жана локалдык ...

0 773

Азимжан Аскаров түрмөгө которулду

Өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров убактылуу кармоочу жайдан Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 абакка которулду. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова №19 абак атайын өмүр бою кесилгендерге ылайыкташтырылып салынганын, Аскаров буга чейин ден соолугуна байланыштуу №47 абакта да кармалып турганын билдирди. Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы ...

0 514

КСДП оппозицияга өткөнүн жарыялады

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялады. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул тууралуу буга чейин да айтылганын, эми алардын мындан аркы иш-аракеттери тууралуу айтып берди: Бул тууралуу Азаттык билдирди. «КСДП - эми расмий түрдө оппозициячыл партия. Ар кандай оппозициялык күчтөрдөй эле биз бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына сын-пикир айтабыз. Алтернативалуу сунуштарды беребиз. Ошондой эле 2020-жылы оппозициячыл партия катары ...

0 2087

Сөөктөр тобу менен көмүлгөн көрүстөн табылды

Иракта 76 кишинин сөөгү тобу менен көмүлгөн жаңы көрүстөн табылды. Ирактын Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Мосулдун Синжар районунда сөөктөр тобу менен көмүлгөн жаңы көрүстөн табылганы маалымдалды. Билдирүүдө бул көрүстөндө 76 сөөктүн көмүлгөндүгү белгиленди. Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунун Диний иштер министрлиги 5-мартта, террордук уюм ДЕАШ террористтери тарабынан 2014-жылдын 3-августунан бери көпчүлүгү Синжарда жашаган езидилерге каршы жасалган кылмыштарга байланыштуу айрым көрсөткүчтөрдү бөлүшкөн ...

0 598

Сүрөт - Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосундагы чыр-чатак чыккан аймакта коомдук коопсуздукту туруктуулукту камсыз кылып келүүдө

Ички иштер органдарынын бөлүмдөрү башка күч органдары менен биргеликте Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосундагы чыр-чатак чыккан аймакта коомдук коопсуздукту туруктуулукту камсыз кылып келүүдө. Эки тараптын тиешелүү  органдарынын  сүйлөшүүлөрү  уланууда. Ошондой эле, сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов катышууда. Азыркы учурда, ички иштер министрлиги чек ара кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте чек ара аймагындагы абалды жакшыртуу жана тынчтыкты, туурулуктулукту камсыздоо максатында комплекстүү иш-чараларды  жүргүзүп келүүдө. Мурда, келишкендей ...

0 237

Рак менен ооруган балдар бөлүмүнө жардам берилет

“Helpthechildren-SKD” фонду жана Иран ислам републикасынын Бишкектеги элчилиги Улуттук онкология жана гематология борборундагы балдар бөлүмүнө жардам көрсөтөт. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Алар 19-мартта Нооруз майрамын утурлай бөлүмгө компьютер жана принтер белек кылышат. Ошондой эле 104 миң сомдук кымбат-баалуу витаминдер алынды. Ар бир балага сүрөт тартуучу мольберт, бойок кагаздары менен тартууланат. Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам рак оорулары ...

0 661

Сүрөт - "Манас" аэропортуна бараткан айдоочу жолдун боюнда бакты сүзүп, 29 жаштагы жигит каза болду

Эл аралык "Манас" аэропортуна бараткан жолдун боюнда жайгашкан Ак-Жол айылында автоунаа бакты сүзүп, ичиндеги айдоочу мүрт кетти. Автоунаа ичинде 18 жаштагы кыз жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Автокырсык 17-мартта болжол менен кечки саат 23:00дө болгон. Маалыматта Nissan Primera автокөлүгү Эл аралык "Манас" аэропортунан Бишкекти көздөй келе жатканда кырсыктаганы айтылат.  "Алдын ала маалыматтар боюнча ичиндеги ...

0 246

Сүрөт - Эйфель мунарасында кызыктуу жарыш

Париждин символу Эйфель мунарасында кызыктуу мелдеш өткөрүлдү. 130 спортчу, жыл сайын миллиондогон турист барган мунаранын 1.665 баскычтан турган тепкичтеринен ылдам чуркап чыгуу үчүн жарышты. Спортчулар кереметтүү Париж көрүнүшүнүн коштоосунда күч сынашты. Алардын арасында баардык жаш курактагы спортчулар бар эле. Эркектер арасында жарышты 7 мүнөт 53 секунддук даражасы менен Пётр Лобоцинский  жеңди. Пётр бул жеңиши менен удаама-удаа бешинчи жолу Эйфель муранасына эң ылдам чуркап чыккан ысым болду. Аялдар арасында ...

0 1375

Англияда ата-эне кызынын органдары менен беш баланын өмүрүн сактап калды

Улуу Британияда 10 жашар кызынын жүрөгүн, өпкөсүн, боорун, уйку бези менен эки бөйрөгүн муктаж наристелерге берген ата-эне беш баланын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды. Англиянын Херстпирпойнт кыштагында жашаган Элла Тэтчер балдар арасында сейрек кездешүүчү талма — Драве синдрому менен жабыркап келгени айтылат. 10 жаштагы кыздын ата-энеси чүрпөсүнүн жакшы болорунан үмүт үзгөн эмес. 2018-жылы Элла илдети күчөп, ооруканага түшөт. Кайсы бир ...

0 320

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү митингине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Митингде курман болгондордун элесине арналып Куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү  өткөрүлүп, эстеликке гүлчамбар коюлду. Мамлекет башчысы  өз сөзүндө «Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1077

Мечиттеги чабуулдан кийин төрт адам кармалды

Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитке чабуул жасагандарга айып тагылды. Бул тууралуу өлкөнүн полициясынын башчысы Майк Буш кабарлады. 49 адамдын өмүрүн алган теракт боюнча жалпысынан төрт адам кармалды. Алардын бири 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант аттуу адам экени кабарланды. Ал Интернетке мигранттарга каршы манифест жарыялап, андан соң мечитке кол салганын түз эфирде көрсөткөн. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирет. 15-мартта Жаңы Зеландиянын ...

0 663

Сүрөт - ИИМ: Кашкар Джунушалиев Ак Сай айылында денесинен жаракат алган жарандарды абалы менен таанышты

Бүгүн, 16-мартта Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев  2019-жылдын 13-14-мартында ок атуучу куралдан денесинен жаракат алган жарандардын ал-ахыбалы менен Баткен облустук  ооруканасынын хирургия бөлүмүнө барып таанышты. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Алардын ден-соолуктарын сурап, кандай кошумча медициналык жардам керек болсо бериле тургандыгын айтып, алардын тез сакайып кетишин каалады.  Жаракат алгандардын арасында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда оң бутуна ок жаңылган Баткен райондук ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83