www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызгалдак Жакыпова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (10331)

0 24

Жээнбеков: "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан квотасы сакталышын камсыз кылуу зарыл"

14-ноябрь 2019, 15:56 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 14-ноябрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30 жылдыгына карата «Кыргызстандын шайлоо комиссиялары — демократиялык өнүгүүнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу конференция болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан конференциянын катышуучуларына жолдогон кайрылуусун окуп, өлкөнүн шайлоо системасынын ардагерлерине БШКнын 30 жылдык мааракесине карата Президенттин атынан баалуу белектерди тапшырды.

0 116

Футбол федерациясы: “Стадионго дубалдан ашып кирбегиле!”

14-ноябрь 2019, 13:39 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 14-ноябрда 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командалары беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат 17:15те башталат. Кыргызстандын Футбол федерациясы оюнга билети жок күйөрмандар стадионго келбей эле койсун деп алдын ала өтүндү. «Стадионго мыйзамсыз жол менен кирүүгө же дубалдан ашып түшүүгө аракет кылбаңыздар. Австралиянын курама командасы менен ...

0 66

Борбор Азия өлкөлөрүнүн кеңешмеси каякта өтөт?

13-ноябрь 2019, 19:48 Кызгалдак Жакыпова

Борбор Азия өлкөлөрүнүн экинчи кеңешмеси 27-ноябрда Ташкентте өтөрү пландалууда. ТАСС агенттиги маалымдагандай, бул тууралуу Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 12-ноябрда билдирген. Нурсултан Назарбаев Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ортосунда чечилбеген маселелер бар экенин айткан. «Кагылышуулар болууда, кишилер өлүүдө», – деген ал. 2017-жылы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусун өткөрүүнү демилгелеген. Булак:NazarNews.kg

0 57

Кыргызстандын бюджети былтыр канча киреше таап, канча чыгаша болгон?

13-ноябрь 2019, 19:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын экономикасы Кумтөр кенин кошпогондо 2018-жылы 103,5 пайызды түздү же мурдагы жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда парламент жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, бюджеттин кирешеси 135,5 миллиард сомду, чыгашасы 141,9 миллиард сомду түзгөн. 2018-жылы бюджеттин дефицити 1,2 пайызды түзгөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Жалпысынан тартыштык 6,46 миллиард сом болуп, 2017-жылга салыштырганда 10,9 ...

0 212

Аба ырайы тууралуу маалымат

13-ноябрь 2019, 18:49 Кызгалдак Жакыпова

14-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди. 15-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. 16-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз жаан, кар, ...

13-ноябрь 2019, 18:49 | 212
0 250

ВИДЕО – Венеция суу алдында калды

Видео 13-ноябрь 2019, 17:56 Кызгалдак Жакыпова

Италиянын Венеция шаары катуу жаандын кесепетинен суу алдында калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  Маалыматка ылайык, шаарды  каптаган суунун деңгээли 1,83 метрди түзөт. Акыркы жолу Венецияда мындай суу ташкыны 1966-жылы болгон жана суунун деңгээли 1,94 метрди түзгөн.  Учурда аталган шаардын 80 пайызын суу каптап турат. Шаарда бала бакчалар, мектептер жабылды. Көптөгөн кемелер талкаланып, суу аларды жээкке айдап ...

0 555

ВИДЕО - Өзбек ырчысы бийликке чакырык таштады

Видео 13-ноябрь 2019, 15:58 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын белгилүү ырчысы Лола Юлдашеванын “Севгини менга айт-2” ырына видеоклип жарык көрдү. Клипте ал Өзбек бийлигинин кээ бир тармактарын мазактагандыктан,  клип бир нече сааттын ичинде өзбек шоу-дүйнөсүндө катуу талкууга түштү.  Клибинде Лола ата-мекендик шоу-бизнестеги тыюуларды шылдыңга алган. Клипке комментарий жазгандардын көпчүлүгү ырчынын бул кадамына суктанып жатышканын, клипти бийликке карата “чакырык” катары кабыл алышканын жазышкан. Ошондой эле, Лоланын айрым фанаттары ...

0 660

ВИДЕО - “Кой үкө...”. “Көмүр королу” “Чыпалак баатырга” жооп берди

Видео 13-ноябрь 2019, 15:56 Кызгалдак Жакыпова

Жакында эле “Чыпалак баатыр” каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов Инстаграмм баракчасына күйөрмандарынын биринен келген “Мотуевге “раз на раз” чыгасыңбы?” деген суроосуна “Жекеме-жеке чыккандай Мотуев - Чак Норрис, мен - Брюс Ли белем? Мен Зарылбек болуп жатпаймынбы. Мотуевди мен негизи көрө элекмин. Бир эки жолу телевизордон көргөм, түзмө-түз “живой” жолуга элекмин. Ал деле адам да. Аны сыйлайм. Бирок “раз ...

0 468

12 жаштагы кыз үй-бүлөсүнүн көзүнчө өз жанын кыйды

13-ноябрь 2019, 15:56 Кызгалдак Жакыпова

Москва шаарынын түндүгүндө жайгашкан Дубинск көчөсүндө 12 жаштагы мектеп окуучусу каза болду. Анын жансыз денеси өзүнүн үйүнүн жанында табылган. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери кыз үй-бүлөсүнүн көз алдында жанын кыйган деп божомолдошууда. Кырсык болордун алдында үй-бүлөнүн ичинде уруш болгон.  Учурда кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы аныкталып жатат. Булак: NazarNews.kg

0 267

ВИДЕО – Африкада пилдер массалык түрдө кырылууда

Видео 13-ноябрь 2019, 12:50 Кызгалдак Жакыпова

Африканын Зимбабве өлкөсүндө акыркы үч айдын ичинде ачкачылыктан жана кургакчылыктан 105 пил каза болгон. Аталган аймактагы аба ырайынын мындай шарты  өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана калктын өмүрүнө коркунуч келтирүүдө.  Төмөнкү берилген видео Гванг паркында тартылган. Видеодо пилдердин жансыз денелерин көрүүгө болот. Алар арыктап, терисинин түсү бир аз өзгөрүп кеткен. Зимбабведеги улуттук парктардын башкармалыгынын башчысы Тинаше Фараво кырсыктын себеби бир гана кургакчылык ...

0 249

“Ислам жихады” тобунун лидери өлтүрүлдү

13-ноябрь 2019, 11:57 Кызгалдак Жакыпова

Израилдин коргоо күчтөрү социалдык тармактагы баракчасына “Ислам жихады” тобунун объектилерине сокку берип, аталган топтун башчысы Бахи Абу аль-Ата өлтүрүлгөнүн маалымдашты. Израилдин премьер министри Биньямин Нетаньяху 12-ноябрда өткөн жыйында айтканына караганда, 10 күн мурун  бийлик менен коргоо күчтөрү биргеликте  Бахи Абу аль-Атаны жок кылуу чечимин кабыл алышкан.  “Бул адам террорчулуктун генератору болгон”, -дейт саясатчы. Анын айтканы боюнча, аль-Ата жүздөгөн террордук ...

0 178

Нарын шаарында таштанды салынуучу урналар орнотула баштады

12-ноябрь 2019, 18:26 Кызгалдак Жакыпова

Нарын шаарынын тазалыгы үчүн уюштуруучулар тарабынан таштанды салынуучу урналар орнотула баштады. Уюштуруучулар Нарын шаардык кенештин депутаты Айбек Муратбекович Токошев, жеке ишкер Рысбек Жакыпов жана 1986-жылкы балдардын демилгеси менен коюлду. "Нарын шаарыбыздын тазалыгы жалпыбызга" аттуу чакырык менен шаарыбызга таштандыны бөлүп (сорттоп)таштоочу урналарды орнотуудабыз, - дейт Айбек Токошев. Терен ыраазычылык: жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана орнотуу иштерине активдүү жардам берген инилерибизге билдиребиз! Булак:NazarNews.kg

0 268

ИИМ жоголгон жаранды издөөнүн жүрүшүндө өздүгүн аныктоо максатында генетикалык экспертиза жүргүзүлдү

12-ноябрь 2019, 18:07 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен дайынсыз жоголгон жаранды издөөнүн жүрүшүндө өздүгүн аныктоо максатында генетикалык экспертиза жүргүзүлдү 2019-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын РФдеги Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлүн атына 1975-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран дайынсыз жоголгон уулун издөөнү уюштурууга жардам берүүлөрүн суранып кайрылган. Анын 18 жаштагы уулу Ж.Д., Тверь облусунун аймагында жүрүп, ...

0 281

Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстанга эмне себептен келет?

12-ноябрь 2019, 16:44 Кызгалдак Жакыпова

Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Кыргызстанга келет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.  Чынгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жыйынына даярдыктардын алкагында аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө билдирди. Ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турчу иш-чарага Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.    Булак:NazarNews.kg  

0 250

ЧУКУЛ КАБАР!

12-ноябрь 2019, 16:45 Кызгалдак Жакыпова

Өлкө аймагында 12-ноябрда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Каракол—Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 76-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Булак:NazarNews.kg    

12-ноябрь 2019, 16:45 | 250
0 355

Эртеңки күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

12-ноябрь 2019, 16:28 Кызгалдак Жакыпова

Эртең, 13-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын айрым райондорунда туман түшөт деп билдирет Кыргызгидромет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2 күндүз +6…+11 Талас облусунда түнкүсүн -1…-6 күндүз +7…+12 Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3 күндүз +10…+15 Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3 күндүз +10…+15 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7 күндүз +4…+9 Нарын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 292

Кыргызстанда баа кымбаттап жатабы?

12-ноябрь 2019, 15:01 Кызгалдак Жакыпова

  Быйыл былтыркыга караганда уйдун эти 20 сомго кымбаттады. Бул жылы Кыргызстанда малдын эти эле эмес ун да кымбаттаган. 2019-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы менен өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 1-сорттогу ун 6,6 пайызга, жогорку сорттогу ун 3,3 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети он айлык жыйынтыгын жарыялаганда маалымдалат.  2018-жылдын октябрь айында 1-сорттогу ундун баасы 29,25 сом, жогорку сорттогу ...

0 191

Бишкекте оор атлетика боюнча турнир өтүүдө

Видео 12-ноябрь 2019, 13:17 Кызгалдак Жакыпова

Борбор калаада оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш өтүп жатат. 11-14-ноябрда Бишкектеги Спорт ордосунда өтүүчү бул турнир Кыргызстанда 32-жолу өткөрүлүүдө. Андан сырткары Кыргызстандын оор атлеттеринен Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары  да катышууда. Булак: NazarNews.kg

0 346

ИГИЛге абадан чабуул жасалды

11-ноябрь 2019, 15:55 Кызгалдак Жакыпова

Ирактагы коалициялык күчтөр ИГИЛ террордук уюмуна абадан чабуул койду. Ирактын Коргоо министрлиги Мосул провинциясынын Махмур районуна караштуу Карачок тоосунда террордук уюмга 14 жолу чабуул жасаганын жарыялады. Маалыматка караганда, терроризм менен күрөшүүчү колаициялык күчтөрдүн операциясынын натыйжасында көп сандаган террорчулар жок кылынган. 2014-жылдын июнь айында ИГИЛ Мосул баш болгон Ирактын аймагынын үчтөн бир бөлүгүн басып алган. Ирактын коопсуздук күчтөрү 2017-жылдын ...

11-ноябрь 2019, 15:55 | 346
0 280

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын корутундусу жакында парламентке жөнөтүлөт

11-ноябрь 2019, 15:48 Кызгалдак Жакыпова

7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу жакынкы күндөрү парламентке жөнөтүлөт. Бул тууралуу аталган комиссиянын өкүлдөрү билдиришти. Учурда корутунду даярдалып, кыргыз тилине которулууда. Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия негизги ишин 31-октябрда жыйынтыктаган. Буга чейин комиссиянын корутундусуна комиссиянын мүчөлөрү Клара Сооронкулова менен Жаркынбек Касымбеков кол коюшкан эмес. Клара Сооронкулова кол койбогонун Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди ...

0 120

Замирбек Аскаров: " Ар бир аймактын өнүгүү үчүн өз даремети бар"

11-ноябрь 2019, 15:13 Кызгалдак Жакыпова

Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча сынак комиссиясы кезектеги жыйынында республикалык бюджеттен аймактарды өнүктүрүү максатында бөлүнгөн 2 млрд сомдун алкагында жалпы суммасы 155 млн 459 миң сомго 19 долбоорду жактырды. Сынак комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров белгилегендей, долбоорлорду кароодо бекитилген критерийлерди колго алып, аймактардын экономикалык өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу керек. Ошону менен бирге долбоорлорду тандоодо республиканын ...

0 358

Нурбек Жапаров: "Билинбей калган кылмыш болбойт"

11-ноябрь 2019, 14:15 Кызгалдак Жакыпова

«Жолуң шыдыр болсун»-деген сөз да бекеринен айтылбаса керек. Бүгүнкү каарманыбыз Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын ЖКККБнын издөө төбүнүн тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Жапаров Нурбек Калманбетович жөнүндө болмокчу. Негизи жашоодо адам баласы жакшы көргөн кесибин тандоодо бирөөгө карап же бир нерседен таасирленет эмеспи. Жаңы гана мектептин босогосун аттагандан баштап эже-агайлар окуучу балдарды тамырын кармап көрүп «Келечекте ким ...

0 301

Сокулукта жаңы ат майдан ачылды

11-ноябрь 2019, 13:30 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 10-ноябрда Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айыл аймагында Уранбек Темиров атындагы ат майдан ачылды. Муну Уранбек Темировдун үй-бүлөөсү жана жакын санаалаштары өз күчү менен курушкан. Ипподромдун ачылышында ат оюндары ойнолуп, кунан чабыш, аламан чабыш, тай чабыш жана башка ат оюндары өткөрүлдү. Баш байгеге эки автоунаа коюлган. Булак: NazarNews.kg

0 366

Милиция кызматкери Гүлсана Жошбаеванын көзүндө катылган жаштын сыры

11-ноябрь 2019, 09:55 Кызгалдак Жакыпова

Өзү назик аялзаты болгону менен эрки күчтүү, жүрөгүндө күйүп турган оту бар милициянын кыздары катарыбызда арбын. Бүгүн Сиздерди мына ошол кесиптештерибиздин бири менен тааныштырганы турабыз, ал Интерполдун ИИМдеги Улуттук борбордук бюросунун ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Жошбаева Гүлсана Султанбековна. Тянь-Шань штурмга алынганда… …Бул окуя мындан 16 жыл илгери, 2003-жылдын июль айында болуп өткөн. 20 адам, анын ичинде «Келечек» жаштар уюмуна ...

0 660

10-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

09-ноябрь 2019, 17:17 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 10-ноябрда күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13; Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

0 4778

“Антошканын” ээсинин уулу: “Кечирим сурайм! Каза болгондун, жаракат алгандардын баарынын чыгымын төлөп беребиз”

Видео 09-ноябрь 2019, 15:15 Кызгалдак Жакыпова

Каза болгондун, жаракат алгандардын баарынын чыгымын төлөп беребиз” Кечээ, 8-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Антошка” тез татымынан 3 газ баллон жарылып, өрт чыккан. NazarNews.kg агенттигинин кабарчысы, Дилде Шатанова "Антошка" тез татым кафесин иштеткен адамдын уулуна жолугуп, анын оюн укту. Ошондой эле, Бишкек шаардык №4 ооруканасына барып, жабырлануучулардын абалын билип кайтты. Бул тууралуу төмөндөгү видеодон ...

0 134

Иракта нааразычылык акциялары токтобой жатат

09-ноябрь 2019, 10:22 Кызгалдак Жакыпова

Иракта нааразылык акцияларында кеминде он адам ажал тапты. Бул өлкөдө каршылык акциялары 1-октябрдан бери токтой элек.  Маалыматка караганда, Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандардын баары жумушсуздукка, коррупцияга, электр энергиясы жана суунун бат-баттан өчүрүлүп жаткандарына нааразы. Бир айдан бери уланып жаткан митингде 260тан ашык адам жабыр тартып, он адам каза болгон. Иракта 40 миллиондон ашык эл жашайт жана өлкө ...

0 377

ВИДЕО – Шаар тургундары эмнеге Эльвира Сурабалдиевага нааразы?

Видео 08-ноябрь 2019, 14:42 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек шаарынын Волков көчөсүнүн абалы тургундарды түйшүккө салып келет. Бир жыл мурда бул көчөгө асфальт басуу боюнча тендер жарыяланып, тендерден уткан компания көп өтпөй ишин баштаган. Көчө казылып, шагыл төгүлгөн соң, ошол боюнча белгисиз себептер менен токтоп калган. Дал ушул жакта Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиевага тиешелүү “Кудайберген” базары жайгашкан, ошондуктан шаар тургундары бул депутат деле жолдун оңдолушуна жардам ...

0 211

Орусия менен Кытай чек арасында бут кийимине алтын катып өтүүгө аракеттенген аял кармалды

08-ноябрь 2019, 09:57 Кызгалдак Жакыпова

Сибирден сегиз алтын дисктерди бут кийиминин таманына катып мыйзамсыз Кытайга алып кирмекчи болгон аялды кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты. Маалыматка караганда,  бул окуя сибирь-кытай чек арасында болгон. Сегиз дисктин салмагы 1.9 килограмм же беш миллион рублду (78,650 доллар) түзөт. Читанын Бажы кызматынын өкүлү Марина Бойконун айтымында, кармалган аял чек арадан өзүн "шектүү" алып жүргөндүгү үчүн кармалган. Болгон окуя боюнча кылмыш иши ...

0 250

Чыпалак баатыр Казакстанга иштеп береби?

07-ноябрь 2019, 10:20 Кызгалдак Жакыпова

Жакында эле Кыргызстанда депутаттык шайлоого аттанам деп элди дүрбөлөңгө салган, "Чыпалак баатыр" деген каймана аты бар Зарылбек Аликенов өзү тууралуу социалдык баракчасына үн катты.  Ал Казакстанда “Чыпалак баатыр” тууралуу мультфильм тартыла турганын жана анимациялык фильмдин режиссеруна ыраазычылыгын билдирерин кошумчалады. “Жакында мен жөнүндө мультсериалдын үстүндө иш баштайбыз. Аябай кызыктуу болот“, - деп белгиледи Чыпалак Баатыр. Ал эми фильм качан жарык ...

0 162

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгына тез жардам автоунаасын белек кылды

06-ноябрь 2019, 18:17 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын 6-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын аймагында автоунааны тапшыруу аземи болуп өттү. Автоунаанын ачкычтарын тапшыруу аземинде Мирлан Исагалиев белекти чын дилинен берип жаткандыгын айтып, ички иштер органдарында кырк жылга жакын тергөөчү болуп иштеген кайын атасы Сапардин Аскаровдун жаркын элесине арналгандыгын билдирди. Акыркы жылдары ал ооруп калгандыктан ИИМдин ооруканасы дарылануусуна жардам берип карап келишкендигин эскерди. Оорукананын азыркы абалын ...

0 229

Нарын шаарында Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянт пайдаланууга берилди

05-ноябрь 2019, 14:13 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 4-ноябрда Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтындагы реконструкциялоо иштери аяктап, шаар эли көптөн күткөн коомдук жай пайдаланууга берилди. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин колдоосу менен республикалык бюджеттен 19 миллион 600 миң сом бөлүнүп берилген. Ал эми Турдакун Усубалиевдин айкели жеке ишкер Аскар Салымбековдун демөөрчүлүгү менен тургузулду. Курулуш ишин “Бейшенбай курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүздү. Борбордук аянтты реконструкциялоо ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 797

Байлыкка курман болгон бакыт

04-ноябрь 2019, 09:56 Кызгалдак Жакыпова

Таң менен базардын күр-шар жашоосу жанданды. Адатта бул маалда орундарды ижарага алып иштеткен карапайым сатуучулар гана келишет. Ал эми анын ээлери, салыкчылар түшкѳ маал пайда болушат. Ошол себептен азыр базардын ичине чейин жулкуна кирип келип токтогон капкара жолтандабас унаа кыбыраган сатуучулардын кѳңүлүн бурду. Унаанын ичинен жѳнѳкѳй спорт кийимин кийген кара кѳз айнекчен чепейген киши жеңил түштү. Бул – Мунарбек. ...

04-ноябрь 2019, 09:56 | 797
0 86

Абылгазиев жана Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири эки өлкөнүн кызматташтык маселелерин талкуулашты

03-ноябрь 2019, 12:47 Кызгалдак Жакыпова

Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасына) иш сапар менен барган Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн маданий жана тарыхый байланыштарын, ошондой эле кыргыз-иран мамилелеринин потенциалын эске алуу менен эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын орчундуу маселелери талкууга алынды. Мухаммедкалый ...

0 97

Ооганстанда мина жарылып, тогуз окуучу мерт кетти

03-ноябрь 2019, 12:39 Кызгалдак Жакыпова

Ооганстандын Тахор облусунда жол четине орнотулган мина жарылып, тогуз окуучу набыт болду. Облус акиминин басма сөз катчысы Жавад Хижрийдин айтымында, 1-ноябрда эртең менен сегиз жарымда окуучулар мектепке баратканда минага туш келишкен. Бийлик аны талибдерден көрүп жатат. Бирок жоопкерчиликти азырынча эч бир топ өзүнө ала элек. Тахор облусунда «Талибан» кыймылынын жоочулары көп. Ооганстанда салгылашуулар кырк жылдан бери уланып келатат. 2018-жылы ...

0 275

ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы түзүлдү

31-октябрь 2019, 16:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлерин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички  коопсуздук аскер кызматы кылып кайрадан түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Белгилүү болгондой, 2014-жылы аскердик реформанын алкагында Ички Аскерлер  Ички иштер министрлигинин карамагынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тутумундагы Улуттук гвардиянын курамына киргизилген. Турмуш көрсөткөндөй, Ички Аскердин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамында болуусу алардын ...

0 347

Бегайым Жолдошбек кызы: «Өспүрүмдөр зергердин эӊ назик буюмундай, аларга өтө аяр мамиле кылуу керек»

31-октябрь 2019, 12:38 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата... «Балдар биздин келечегибиз» дегендей балага башынан жакшы тарбия берилсе келечек да жакшы тарапка оосо керек. Балдарды тарбиялоодо өз салымын кошуп, ар бир өспүрүмдүн кыял жоругун баамдап билип, дайыма туура жолго багытын буруп келген, өз ишин сүйө билип мыкты кызматкер наамына татыган каарманыбыз Жолдошбек кызы Бегайым учурда Нарын ШИИБнын ЖӨИИнын улук аймактык тескөөчүсү, милициянын ага ...

0 511

Күзөт кызматында үзөңгүлөш келе жаткан кесипкөйлөр

30-октябрь 2019, 09:29 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата... Бүгүнкү каармандарыбыз - ИИМдин МАККББнын  кесипкөй адистери, бир канча жылдардан бери үзөңгүлөш Ата мекенге кызмат кылып келе жаткан жылдыздуу жубайлар. Алар ИИМдин МАККББнын Борборлоштурулган көзөмөл түйүнүнүн башчысы, милициянын майору Орозалиев Сагынбек Сапарович жана аталган кызматтын ведомстволук милиция полкунун кадрлар тобунун тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Байзакова Жылдыз Шаамбекова. ОЙЛОРУ БИР ЧЫККАН АТА-БАЛА… …Милициянын майору Сагынбек Орозалиев ...

0 283

Алай элинин өз уулуна айланган Алтынбек Абылов

29-октябрь 2019, 09:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата... Өзү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда туулуп өскөнү менен, аны көпчүлүк  “алайлык жигит” деп билишет. Анын себеби бар, он  жылдан ашуун Алай районунда калктын тынчтыгын, коомчулуктун коопсуздугун камсыздоого салым кошуп, Алай элинин өз уулуна айланган. Анда эмесе таанышып алыңыздар: Алай РИИБдин башчысынын сырткы кызматтар боюнча орун басары, милициянын майору Абылов Алтынбек Сайфуллаевич. КЫШЫ СЕГИЗ АЙГА ...

0 374

Өзбекстанда айрым эркектер “боюнда бар”, “төрөдү” деген жалган документтер менен жөлөк пул алып турушкан

22-октябрь 2019, 09:41 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын бюджеттик мекемелеринде эки жарым жыл аралыгында 3,1 млрд сум же 330 миң доллар декреттик өргүү үчүн жөлөк пул катары мыйзамсыз төлөнүп берилген. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасына таандык «Укук» гезити жазып чыкты. Маалыматка караганда, айрым бюджеттик мекемелердин кызматкерлери жалган документ менен декреттик төлөм алып турушкан. Маселен, Жизак облустук тери-венерологиялык диспансеринин экономистине 2,1 млн сум, Жизактагы мектептердин биринин ...

0 221

Азимжан Аскаров эми түрмө жетекчилигине каршы БУУга арызданды

22-октябрь 2019, 09:43 Кызгалдак Жакыпова

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын аймактык өкүлүнө, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө жана ЕККУнун Бишкектеги борборуна ачык кат жазды. Катты Voice of Freedom коомдук фондунун төрагасы Абдумомун Мамараимов таратты. Аскаров №19 түзөтүү колониясынын башчысы Н. А. Туруспеков мыйзамсыз иштерге барып жатат деп эсептейт. Анын айтымында, түрмө жетекчиси жолугушууларга чектөө киргизип, пенсия төлөп берүү боюнча талапты көңүл ...

0 394

Арктикада күндүн ысышы турак-жайларды жарактан чыгарууда

21-октябрь 2019, 08:58 Кызгалдак Жакыпова

"Расмий маалыматтарга ылайык, жыл сайын Россия мөңгүлөрдүн ээришине каршы 50 млрд рублдан 150  млрд рублга чейин акча сарптайт. Чыгым болсо жылдан-жылга өсүүдө”. Бул тууралуу “Bloomberg”ге Ыраакы Чыгыш жана Арктиканы өнүктүрүү боюнча министрдин орун басары Александр Крутиков жарыялады. Жарыяланган маалыматтарга таянсак, Арктикадагы топурактардын ээрүүсү көптөгөн курулуштарга, структураларга коркунуч келтирет. Бул аймактарда күндүн ысышы эки ...

0 519

ВИДЕО - Журналисттер Зеленскийдин “эгизин” Москванын метросунан табышты

Видео 20-октябрь 2019, 13:00 Кызгалдак Жакыпова

Украинанын президенти “Зеленскийдин эгизи” деп, социалдык тармактарда интернет колдонуучулардын кызуугусун жаратып жаткан Умидтин сүрөтү тарады. Аны Фейсбуктун колдонуучусу Димтрий Коваленко 16-августа, Москвонын  метросунан тартып алган сүрөтүн баракчасына киргизип, жанына “Чыныгы президент ушундай болуш керек. Жансакчысы, кортежи, жада калса велосипеди жок жүргөн”, - деп жазган. Ал сүрөт жарыялангандан эки ай өткөндөн кийин журналисттер Киевдин метросунда эмес, Москванын метросунда жүргөн Зеленскийдин “түгөйү” ...

0 475

Лайнер жүргүнчүлөрү менен абада 20 саат жүрүүгө муктаж болду

20-октябрь 2019, 09:40 Кызгалдак Жакыпова

“Boeing 787-9” австралиянын компаниясы Qantas Airlines 20 саат абада, жерге конбостон жүрүүгө муктаж болду, алардын негизги максаты  рекордду жаңылоо эле. Бул жөнүндө FlightAware порталы жарыялады.Маршруттук  самолёттун каттамы  Нью-Йорктон Сиднейге чейинки аралыкты түзүп,  16 миң 309 километрди 19 саат 14 минутада басып өтүштү. Бир гана жөнөкөй рейстерден айырмасы  - бортто жүргүнчүлөрдөн 40 киши жана экипаждар,  медицина кызматкерлери болду. Медицина кызматкерлери ...

0 771

Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты

19-октябрь 2019, 18:20 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-октябрда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге Красноярск крайында дамбанын жарылышынан адам курмандыктары болгонуна байланыштуу көңүл айтты. «Красноярск крайында дамбанын жарылышынан улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындары жана туугандарына чын ниеттен көңүл айтуумду, ал эми жабыркагандарга тез сакайып кетүүсү ...

0 488

Ала качуудагы “жапайы” фактылар: Кыздын чачы дөңгөлөккө оролуп калып...

19-октябрь 2019, 16:24 Кызгалдак Жакыпова

•2-курсту аяктап, каникулга ата-энесине келген Элмира ала качуу запкысын кергөн. Кызды мотоцикл менен ала качкан балдар Элмиранын жазылып кеткен узун, коюу чачы мотоциклдин дөңгөлөгүнө оролуп калганын этибар алышкан эмес. Башынын ооруганына чыдабай кыйкырган кызга жигиттер маани да беришкен эмес. Чачынын бир топ бөлүгү баш териси менен кошо жолдон эле сыйрылып калганын качан гана жоолук салышмакчы болгондо көрүшкөн.,Жан кейитип, жин ...

0 397

Назира Жетигенова: "Куудулдарга карата айтылган сындарга кошула да, каршы да чыга албайм"

19-октябрь 2019, 15:27 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү алып баруучу, куудул Назира Жетигенова келе жаткан ноябарь айында боло турган концерт боюнча "Фабула"  эксклюзивдүү маек куруп берди. Ноябрь айынын башында  «Алина»  тобу концерт бергени жатыпсыздар, сөзүбүздү ушул  концерт  туурасында баштасак. -  Ооба, «Алина тобуна -25 жыл» деген аталыш менен 5-6-ноябрда Бишкек шаарыбызда чоң программадагы концерт бергени жатабыз. Концертти «Алина» тобунун кийинки мүчөлөрү болгон Фарида Карбосова, Мирлан, Нурлан ...

0 568

Келдибек менен Жамбылбек

19-октябрь 2019, 11:53 Кызгалдак Жакыпова

- Жамбылбек, кээде дөөдүрөп сүйлөгөнүң  төп келип калган убактар болчу эле. Делбектеп президент болом деп кол чогултуп жүрдүң. Депутат болом деп алдамчыларга аябай алданып мыш болдуң. Иши кылып чоң саясатка аралашам деп аябай эле салпактадың. «Таздар» партиясын түзөм дедиң эле, аныңдан дайын жок. Иши кылып куудулдар арасында саясатка аралашкан сөрөй катары бир-эки суроого жооп бер? Кийинки кездерде убактылуу өкмөтчүлөр камалып ...

19-октябрь 2019, 11:53 | 568
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1096

Элнар Дайыр:"Интернетке тараган видеодон кийин тойлорго чакыруулар көбөйө баштады...

19-октябрь 2019, 10:35 Кызгалдак Жакыпова

Тойдо «Суунун боюнда, сени күтөмүн» деп чачты ары-бери силкип ырдаган кичинекей Элнар аттуу жигит канча күндөн бери интернет айдыңында абдан популярдуу болуп жаткан учуру. Жаш таланттын өзгөчө бийи, кыймыл-аракети миңдеген адамдардын алкоосуна татып, айрым телеканалдар мейманга да чакырганга үлгүрүштү. Таланттуу жеткинчек менен "Фабула" гезити да баарлашкан. - Элнар, интернетке тараган видеодон кийин күйөрмандарың көбөйдүбү? Атактуу болгон кандай экен? - ...

0 127

Мейманкана, фитнес клуб, арка экономиканын көрсөткүчүбү?

19-октябрь 2019, 10:04 Кызгалдак Жакыпова

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов, Маданият министри Азамат Жаманкулов, бизнесмен Бозулан Мамазаиров, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кара-Суунун акими Тилек Матраимов жана бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары Ошто 12-октябрда жаңы беш жылдыздуу “Jannat Resort Osh” отелинин ачылышына катышып, кызыл лента кесишти. Буга дейре екмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 13-октябрда Бишкекте “Dasmia” фитнес клубунун ачылышында кызыл лента кессе, ал эми ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83