www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызгалдак Жакыпова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (10317)

0 1040

“Кызылкулактар”. Бакылдаган Бакыт Төрөбаев парламентке жетелей келген “жүгүрүгү” Мирлан Бакиров менен бирге өлкөгө 650 миллион сом зыян келтирген

23-сентябрь 2019, 16:24 Кызгалдак Жакыпова

Албетте, бир гана Төрөбаев Бакирову менен эмес. Жогорку Кеңеште олтурган КСДПнын мурунку лидери Чыныбай Турсунбеков, “Кыргызстан” саясий партиясынан депутат болуп келип спикерликти чапчып түшкөн Дастан Жумабеков, аталган партиянын кожоюну саналган “спиртсмен” Шаршенбек Абдыкеримов жеке өз кызыкчылыктары үчүн ун маселесин көтөрүп чыгышып, андан баардык салыктарды алып салууга жетишкен. Ал эми алардын “ундун баасы арзандайт” дегени лөлүлөрдүн убадасындай эле болуп, ун арзандамак ...

0 172

ИИМдин Күзөт кызматында мамлекеттик тил күнү белгиленди

23-сентябрь 2019, 16:25 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстанда мамлекеттик тилдин отуз жылдыгы белгиленүүдө. Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан сон кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам ...

0 3294

ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛУУ! Марат Исаков: "Жолдош Жунушев билими тайкы жана коррупционер"

23-сентябрь 2019, 16:02 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.ЖЭЭНБЕКОВГО Көчүрмөлөрү: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.АБЫЛГАЗИЕВГЕ, Кыргыз Реслубликасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Д.К. САГЫНБАЕВГЕ                                                    КАЙРЫЛУУ Сиздерге кайрылып жаткандыгымдын себеби төмөндөгүдөй: Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан коррупцияны жоюу боюнча жасалып жаткан иштерди жалпы кыргыз эли ...

0 4651

Кашкар Жунушалиев "сүйүүсүн" ачыкка чыгарды

23-сентябрь 2019, 16:53 Кызгалдак Жакыпова

Ардактуу замандаштар, кымбаттуу мекендештер! Сиздерди кыргыз тилинин күнү менен, эне -тил майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Кыргыз тили байыркы тил катары да, эң бай тил катары да дүйнөдөгү алдынкы тилдердин  жогорку сабында экенин сыймыктануу менен айтып келебиз. Бул тарыхый чындык. Бирок Советтер союзунун мезгилдеринде анча көңүл бурулбай, илимий жана официалдуу кагаздарда, документтерде колдонулбай алсырай баштаганы да  чындык. Мисалды алыстан ...

0 729

ВИДЕО - Өзбек кримчөйрөсүнүн анабашчысы саналган Салимбай-"байбачанын" буга чейин эч жерге жарыяланбаган видеосу

Видео 23-сентябрь 2019, 15:40 Кызгалдак Жакыпова

Өзбек кримчөйрөсүнүн анабашчысы саналган Салимбай Кыргызбаевичтин "үй-музейинин" буга чейин эч жерге жарыяланбаган видеолорун жарыялайбыз. Айрым маалыматтарга караганда Салимбай-байбача өзбек бийлигинин кызматтарын сатууда да ортомчулук кылат. Мисалы, 2011-жылы Wikileaks сайтына АКШнын Өзбекстандагы элчиси Джон Пурнелдин жазган каты жарыяланган. Анда элчи Салим байбачаны “Өзбекстандагы криминал дүйнөсүнүн боссу” катары сүрөттөп, аны өзбек өкмөтүндө абдан жакын байланыштары бар экендиги, ал байланыштар аркылуу же ...

0 181

Президент: “Кыргызды кыргыз кылган - бул, биринчи кезекте, Кыргыз тили!”

23-сентябрь 2019, 13:53 Кызгалдак Жакыпова

«Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада. Төмөндө мамлекет башчысынын сөзүн толугу менен беребиз: «Урматтуу мекендештерим! Кыргыз тили — мамлекеттик тил деген статуска ээ болгонуна быйыл 30 жыл толду. Баарыӊыздарды ушул ...

0 664

ВИДЕО - Өзбек бийлик кызматтарын саткан, айрым кыргыз саясатчыларынын "крышасы" Салим байбачанын үйүнүн видеосу тарады

Видео 23-сентябрь 2019, 14:52 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында белгилүү бизнесмен, ошол эле убакта “криминалдык чөйрөнүн боссу” аттыккан Салимбай Кыргызбаевич Абдувалиевдин видеосу тарады. Аталган видеодо эл арасында “Салимбай байбача” айтылып жүргөн кримбосстун музейден айырмасы жок хансарайы, андагы кыялдан сырт жашоо шарттар көрсөтүлгөн. Эскерте кетсек, 2011-жылы Wikileaks сайтына АКШнын Өзбекстандагы элчиси Джон Пурнелдин жазган каты жарыяланган. Анда элчи Салим байбачаны “Өзбекстандагы криминал дүйнөсүнүн боссу” ...

0 402

Парадокс! Кыргыз деп көөнү таш жаргандардын уул-кыздары кыргызча билишпейт. Же сүйлөгөндөн уялышат. Эмнеге?

23-сентябрь 2019, 17:57 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 23-сентябрь - “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынган күн. Ал мыйзамга ылайык, Кыргыз тили - мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан ...

0 198

Акча санайлыбы? Өткөн парламенттик шайлоодо кайсы партия канча миллион чачкан?

23-сентябрь 2019, 09:57 Кызгалдак Жакыпова

Өткөн парламенттик шайлоодо, тагыраагы, 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо кайсы партия канча миллион акча чакчаны тууралуу маалымат тарады. Бул маалыматты “Үмүт 2020” саясий кыймылынын түзүүчүсү, парламенттин мурунку депутаты (“Ата Мекен” фракциясы), Чыңгыз Айтматовдун кичүү кызы Ширин Айтматова таратты. Андагы маалыматка ылайык, 2015-жылкы шайлоодо “Ата Мекен партиясы – 80,6 миллион, “Кыргызстан” – 79,1, “Бир Бол – 89,3, ...

0 201

Акаев достукка бекем беле?

23-сентябрь 2019, 08:47 Кызгалдак Жакыпова

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы ажо Сооронбай Жээнбеков дос болгон, аны кыргыз эмес дүйнө билет. Бирок кайсы бир мамлекетте же элде досун ”кидать” этсе болот дос деген эмне “кидать” этишке жаралаган бир жандык да деген пикирде. Бирок, достукту сактаган президенттер да бар. Аскар Акаев досу Мисир Ашыркуловду завкафедрадан президенттик аппарат жетекчисине чейин алып келген. Кыргызстандан эмне кыймыл болсо Мисир Ашыркулов бүтүргөндүктөн ...

23-сентябрь 2019, 08:47 | 201
0 270

“Жалда” эки жаранды аесуз сабаган бир туугандар “СИЗОдо таяк жеген эмеспиз, бирибиз керебеттен кулап, бирибиз туалетте тайып жыгылдык” деп актанышууда

23-сентябрь 2019, 08:35 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу 22-сентябрда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов маалымат таратты. Анын айтымында, чектен ашкан кылмышкер-бир туугандар СИЗО-1де сабалышканын четке кагышууда жана алар анда эч кандай таяк жебей эле бири бири керебеттен кулап кеткенин, экинчиси ажатканага бара жатып тайып жыгылганын айтышууда. Албетте, алардын кандай гана актануусу болбосун, коомчулук үчүн кызык эмес, негизгиси алардын кылган киштери боюнча ...

0 234

ВИДЕО - Кыргызстандын Керкидан суу сактагычы Өзбекстанга кандай шартта өткөн?

Видео 23-сентябрь 2019, 08:06 Кызгалдак Жакыпова

"Азаттык" радиосунун Оштогу кабарчысы Керкидан суу сактагычынын айланасындагы "Өзбекстанга алмашылды" деген жердин чоо-жайын жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп жасаган анализи коомчулуктун талкуусуна алып чыкты.    

0 362

Эки сөздү эптеп туура жаза албаган партия кайрадан шайлоого аттанды. Келечектен эмне күтсөк болот?

23-сентябрь 2019, 11:03 Кызгалдак Жакыпова

22-сентярбда Бишкек шаарында өткөн “Кыргызстан” саясий партиясынын VI съезди коомчулуктун сынына кабылды. Анда алар мурунку шайлоо убагында берген убадаларын неге аткаларалбай калганын актануу менен ак көбүктөрү чачырап турган учурда, ошол эле партиянын логотибине элементардык сөздөрдү туура эмес жазып, аны бакыйтып илип коюшканы себеп болууда. Бир жарым миң делегат катышкан жыйында өздөрү бакылдаган Жогорку Кеңештеги спикер баш болгон 18 депутатын айтпай мындай коелу, ...

0 166

Кеминде 14 жаштагы окуучу кызды зордуктоого аракет жасап, андан кийин өлтүрүп салган жаран кармалды

23-сентябрь 2019, 07:04 Кызгалдак Жакыпова

Бул тууралуу кечээ, 22-сентябрда Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, 22-сентябрь күнү эртең менен Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө 57 жаштагы аял 20-сентябрда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан 2005-жылы туулган, т.а. 14 жаштагы небереси тууралуу арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде аталган райондук милициясы ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп, жыйынтыгында Кемин шаарындагы ээн калган үйлөрдүн биринен ошол өспүрүм кыздын жансыз ...

0 2412

ВИДЕО - Түрмөдөн чыккан Текебаев түлөө өткөрүп, тарапташтарына ыраазычылыгын билдирди

Видео 22-сентябрь 2019, 18:58 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 22-сентябрда мурунку бийлик тарабынан камакка алынып, түрмөдө 2 жыл 7 ай олтуруп чыккан "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана дал ошончо эле убакыт камакта болгон аталган партиянын мүчөсү, экс-депутат, мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов тарапташтарын Бишкектеги ресторандардын бирине чогултуп, чай үстүндө ыраазычылыгын билдиришти. Ресторанга чакырылган коноктор негизинен партиянын активисттери, журналисттер жана алардын адвокаттары болгонун интернеттеги социалдык тармактарда жазышууда. Эскерте кетсек, ...

0 2241

Өлкөнүн башкы “спиртсмени” Шаки убада кылган Баткенге 100 ишкана ачуу, жаңы төрөлгөн ымыркайларга 50 000 сом сүйүнчү пул бөлдүрүү неге болбой калды?

22-сентябрь 2019, 18:52 Кызгалдак Жакыпова

“Кыргызстан” саясий партиясынын кайрадан жаңы лидери болуп шайланган Канатбек Исаев 2015-жылкы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо алдында элге берген убадаларын неге аткара алышпаганын бүгүнкү болгон партиянын съездинде түшүндүрмө берди. Анын айтымында, элге берген убадалардын аткарылбай калышына Жогорку Кеңеште аталган партиянын 18 гана мүчөсү, тактап айтканда, азчылыкты түзүп калышканы себеп болуптур.    Эске сала кетсек, 2015-жылкы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо алдында жаңыдан гана түзүлө ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 302

АКШда электрондук тамекинин айынан "сырдуу өпкө оорусу" чыкты

22-сентябрь 2019, 17:00 Кызгалдак Жакыпова

АКШнын 38 провинциясы менен бир аймагында электрондук тамеки колдонуудан чыкканы болжолдолгон «сырдуу өпкө оорусу» менен ооруган оорулуу саны 530га жетти. АКШ ооруларды текшерүү жана алдына алуу борборлору «сырдуу өпкө оорусунан» каза болгондордун санынын жетиге чыккандыгын билдирди. Орулуулардын үчтөн эки бөлүгүн 18 -  34  жаштагы кишилердин түзгөндүгү, көпчүлүгүнүн эркектер экендиги маалымдалды. АКШда электрондук тамеки колдонуудан чыккандыгы болжолдолгон  «жашыруун өпкө оорусунда» ...

0 3397

Назира Айтбекова: "Бай болгурлар, калпак, чапан кийгизип, камчы карматып тоскон жоксуңарбы кызыбызды?"

22-сентябрь 2019, 16:37 Кызгалдак Жакыпова

Алып баруучу, блогер Назира Айтбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Айсулуу Тыныбекованы тосуп алган иш чара тууралуу пикирин жазып чыкты. Анда: -Бай болгурлар, баса, бүгүн калпак, чапан кийгизип, камчы карматып тоскон жоксуңарбы кызыбызды? Өзүңөр башыңарды башыбызга кийгизип, башкара турчуңарды колубузга карматып, "Бийлик сенде болсун, аялзат", - деп аласыңар. Анан биз башкара баштаганда таң калып, тарс жыгылып, неудоммносуңар го!) Илгери аялдын башына ...

0 328

Президент Сооронбай Жээнбеков: Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты – бүгүн да актуалдуу

22-сентябрь 2019, 16:21 Кызгалдак Жакыпова

«Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты — бүгүн да актуалдуу», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков , 21-сентябрда, Талас облусундагы «Манас — Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземинде. Оюндардын алкагында спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар  19-сентябрда башталган. Бүгүн Улуттук көчмөндөр оюндары салтанаттуу азем менен аяктайт. Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү:

0 457

Канат Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайра шайланды

22-сентябрь 2019, 16:15 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайрадан шайланды. Бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте партиянын VI съезди өтүп, анда партиянын саясий кеңеши төрагалыкка Исаевдин талапкерлигин көргөзгөнү белгилүү болду. «Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жыл апрелде негизделип, аны ишкер Шаршенбек Абдыкеримов түзгөн. Ал бүгүнкү курултайда партиянын жетекчилигине партиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков менен Алмазбек Баатырбековдун да талапкерлигин сунуштаган. Аты аталган эки саясатчы ...

0 431

23-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

22-сентябрь 2019, 16:12 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай 23-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 20…25; Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25; Ош жана Жалал-Абад аймактарында ...

0 2764

СҮРӨТ - Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы кимдер тосуп алышты?

21-сентябрь 2019, 17:56 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 21-сентябрда “Манас” аэропортунан кечээ Казакстанда күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугун утуп алган Айсулуу Тыныбекованы Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова баш болгон бийлик өкүлдөрү, журналисттер жана Айсулуунун күйөрмандары тосуп алышты. Аэропорт алдында жогоруда айтылган бийлик өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышып, Айсулуунун ийгилиги менен баардык кыргызстандыктар кубанып турушканына токтолушту. Сөз кезегинде Айсулуу Тыныбекова тосуп алгандарга ...

0 425

22-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

21-сентябрь 2019, 16:18 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын аймагында 22-сентябрда жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35; Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 28…33; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24; Нарында облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 22…27; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5 суук, күндүз 9…14 градус жылуу болот. Бишкек ...

0 427

УКО: Кыргыз күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды (тизме)

21-сентябрь 2019, 16:07 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 20-сентябрда Улукттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Таласта өтүп жаткан кыргыз күрөшү боюнча оюн жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Спорт, дене-тарбия жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин тараткан маалыматына ылайык, улуттук кыргыз күрөшүнө өлкөнүн 7 облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан баары болуп 63 балбан 7 салмак категорияда катышты. Төмөндө байге фондусу менен бирге жеңүүчүлөрдүн тизмесин сунуштайбыз: 55 килограмм салмакка ...

0 812

Абылгазиев: "Жаштардын экологияны коргоо боюнча аң-сезими өсүүдө"

21-сентябрь 2019, 15:25 Кызгалдак Жакыпова

Жыл сайын кыргызстандыктардын, айрыкча жаштардын экологияны коргоо маселелери боюнча аң-сезими өсүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акциясына катышуу учурунда билдирди. Өкмөт башчы үй-бүлөсү менен бирге Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан «Ынтымак» ачык паркынын аймагына бир нече көчөт отургузду. «Экология маселелери ар дайым Өкмөттүн ишинде артыкчылыкка ээ. Биз шаарда жаңы парктарды ...

0 561

СҮРӨТ - КР Президентинин Аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы сейил бактардын биринде ишембилик өткөрүштү

21-сентябрь 2019, 14:46 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын кызматкерлери жана «Эко Деми» коомдук фонду бүгүн, 21-сентябрда, Бишкек шаарындагы «Жаштар» сейил багынын аймагында ишембилик өткөрүштү. Иш чара Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өттү. Сейил бактын аймагы тазаланып, таштандылар чыгарылды. Булак: NazarNews.kg

0 367

Жол кыймыл эрежелеринин айып өлчөмүн азайтуу тууралуу мыйзам долбоору сунушталды

21-сентябрь 2019, 14:35 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылы республика аймагында «Коопсуз шаар» долбоору жана «Бузуулар  Кодекстин» күчүнө кирип иштей баштаганынан тарта, коомчулукта айыптардын баасынын жогору болгондугу тууралу ар кандай пикир келишпестиктер жана суроолор берилип келди. Бул маселе коомчулук тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Мына дал ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан коомчулуктун оюн эске алып ...

0 1349

Кыргыз өкмөтүндөгү ири чиновник кармалды

21-сентябрь 2019, 16:02 Кызгалдак Жакыпова

Өкмөт аппаратынын коопсуздук, тартип сактоо жана коргонууну камсыз кылуу боюнча бөлүм башчысы Егор Скобеев коррупцияга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты. Андагы маалыматтарга ылайык, бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту чиновниктин баш коргоо чарасын карап, аны УКМКнын СИЗОсунда камакта калтыруу чечимин чыгарган. Маалыматтарга караганда ал коррупцияга ...

0 1322

Премьер-министр: “Парламент тарайбы же өкмөт алмашабы, ал мени кызыктырбайт”

21-сентябрь 2019, 12:39 Кызгалдак Жакыпова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып “Жогорку Кеңеш тарап, өкмөт башчы алмашабы?” деген суроого ушундай мааниде жооп кылды. “Жогорку Кеңеш тарайбы, өкмөт алмашабы, ал мен үчүн кеңирээк алганда экинчи көйгөй. Бүгүн эмне иш кылам жана биз эл, шаар, экономика, айылдарга эмне кыла алабыз деген мен үчүн чоң суроо”,- деди Абылгазиев. Булак: NazarNews.kg

0 550

ВИДЕО - "Ордуңуздардан турууңуздарды өтүнөбүз. Кыргыз Республикасынын гимни жаңырат!"

Видео 21-сентябрь 2019, 16:36 Кызгалдак Жакыпова

Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган Айсулуу Тыныбекованын урматына Кыргызстандын гимни жаңырды. Бул кыргыз спортунун тарыхындагы Дүйнө чемпионатындагы алгачкы алтын медаль. Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограмм салмакта чыгып, финалга чейин Мексика, Япония, Украина жана Түндүк Кореянын балбан кыздарынын үстүнөн таза жеңишке жетишсе, финалда дүйнөнүн жана Европанын учурдагы чемпиону Тайбе Мустафа Юсейинди ...

0 141

Эркек саясатчылар жергиликтүү кеңешке аялдарга берилген квотага каршы чыгышууда

21-сентябрь 2019, 11:00 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандагы эркек саясатчылар Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын июнь айында кабыл алынган Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүүдө эрежелерди аныктаган мыйзамдар топтомуна каршы чыгышууда. Тагыраагы, алар андагы “жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун” деген өзгөрүүгө макул эмес. Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын, Алдашев айылдык кеңешине талапкерлерлер “Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы бийлик бутактарына кайрылуу жасашкан.

0 250

Ала-Буканын 1-Май айыл аймагында жергиликтүү бюджеттин ачыктыгын камсыздоого багытталган иш-чаралар уланууда

21-сентябрь 2019, 09:52 Кызгалдак Жакыпова

Ала Бука районунун 1-Май айыл аймагында жергиликтүү бюджеттин ачыктыгын камсыздоого багытталган иш-чаралар уланууда. Атап айтканда, бүгүнкү күнгө чейин айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын, ишканалардын, жалпы эле карапайым калктын катышуусунда жер-жерлерде атайын адистердин катышуусунда бюджеттик угуулар, мектептерде окуучулар үчүн иш-чаралар өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн "Кабарнаама" бюллетенинин атайын чыгарылышы элге жеткирилүүдө. Айыл өкмөтүнүн башчысы Мухтар Шербаевдин айтымында, ушул жылдын 23 - сентябрь күнү айыл тургундары топтолуп, коомдук ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1099

Айсулуунун күйөрманы дүйнө чемпиондугу менен куттуктап, Бишкектен үй тартуулады!

21-сентябрь 2019, 08:50 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 20-сентябрда Казакстанда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыргыз тарыхында алгач ирет дүйнө чемпиондугун утуп алган кызыбыз Айсулуу Тыныбековага соцтармактар аркылуу миңдеген алкыштар айтылууда. Алардын арасында өз үй-бүлөсүнүн атынан жана ал ээлик кылган компаниянын атынан ага батир белек тартуулаган кыргыз жигити да чыкты. “Саламатсызбы, Айсулуу! Сиздин утушуңузга кубанып, сүйүнүчүбүз койнубузга батпай, өзүбүз уткандай болуп үй-бүлөм менен толкунданып олтурабыз. Сиз 10 жылдан бери кыялданган максатыңызга ...

0 303

Президент Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады

21-сентябрь 2019, 09:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, 20-сентябрда, телефондук сүйлөшүүдө Айсулуу Тыныбекованы жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду Нур-Султан (Казакстан) шаарында өткөн аялдар күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады. Президент Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында алгачкы жолу аялдар күрөшү боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону болгонун баса белгиледи. Анын жеңиши бүт Кыргызстан үчүн сыймык экенин айтты. Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекова өзүнүн ...

0 179

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын Президенти Владимир Путин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

20-сентябрь 2019, 18:30 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Оренбург облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Кыргызстан жана Россиянын эки тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы, актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Россиянын Президенти Владимир Путин өлкөлөрдүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыгы уланып жатканын белгиледи. Ийгиликтүү өнүгүп жаткан экономикалык кызматташтыкка көңүл бурулууда — 2018-жылдын жыйынтыгы ...

0 385

УКМК Атамбаевдин жансакчысы эмнеге иштен айдалганына түшүндүрмө берди

20-сентябрь 2019, 18:10 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы бүгүн, 20-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкери Канат Сагымбаевдин иштен алынышы анын Атамбаевди куттуктаган видеороликке катышканына байланыштуу эмес.    Буга чейин Канат Сагымбаевге карата бир эмес эки кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөөнүн жыйынтыгында, Сагымбаев ушул жылдын июль айында ага бекитилген куралды тапшыруу жана ал кайтарчу обьект жок ...

0 177

21-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

20-сентябрь 2019, 18:00 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын аймагында 21-сентябрда жамгыр жаабайт. Шамалдын багыты улам өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18°, күндүз 29…34°; Таласта түнкүсүн 7…12°, күндүз 28…33°; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18°, күндүз 30…35°; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11°, күндүз 18…23°; Нарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 21…26°; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 7…12° жылуу болот. 21-сентябрда ...

0 4704

ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛУУ! Марат Исаков: "Жолдош Жунушев билими тайкы жана коррупционер"

20-сентябрь 2019, 18:06 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.ЖЭЭНБЕКОВГО Көчүрмөлөрү: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.АБЫЛГАЗИЕВГЕ, Кыргыз Реслубликасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Д.К. САГЫНБАЕВГЕ                                                    КАЙРЫЛУУ Сиздерге кайрылып жаткандыгымдын себеби төмөндөгүдөй: Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан коррупцияны жоюу боюнча жасалып жаткан ...

0 615

Сүрөт - Кыргызстандын түштүк аймагына аскердик техника-танкалар ташылууда. Эмнеге?

20-сентябрь 2019, 17:17 Кызгалдак Жакыпова

Bezpredelkg аккаунту Instagram социалдык баракчасына “Согушка даярданып жатабызбы? Түштүккө танктар ташылууда” деген маалыматын фотосүрөт менен бирге жарыялады. Бул маалыматты Кыргызстандын аскер күчтөрүнүн башкы штабы ырастаганын Vesti.kg агенттиги жазды. Андагы маалыматка ылайык, Бишкектен өлкөнүн түштүк аймагына аскер техникалары ташылып жатканы ырас. Бирок, ал техникалар чек ара кызматтарына эмес, кургактагы аскер бөлүгүндөгү (сухопутных войск) техникаларды толуктоо үчүн гана ...

0 170

Кашкар Жунушалиев Баткен ОИИБдин аймактык бөлүмдөрүн текшерди

20-сентябрь 2019, 15:50 Кызгалдак Жакыпова

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жумушчу иш-сапары менен Баткен облусунун ИИБдин ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө барып, Лейлек, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички Аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн ишин текшерип, ИИМдин Ички Аскерлеринин имаратын кыдырып, аскер кызматкерлери менен жолукту. Андан сырткары, ИИМдин башчысы аймактык бөлүмдөрдүн кызмат өтөө жерлерин, кызматтык ишмердүүлүгүндөгү уюштуруучулукту ...

0 379

Сүрөт - Чүй облустук төрөт үйүндө жаңы төрөгөн келиндер полдо жатышууда!

20-сентябрь 2019, 15:54 Кызгалдак Жакыпова

"Эмне дейсиңер? Бул кайсы жер? Бул Чүй областтык төрөт үйү! Мен муну көрүп эсим ооду. Жаңы төрөгөн келиндер баары полдо жатышат! Баардык палаталар толгон. Бүт жер чаң! Сөз менен айтып болбойт. Ал түгүл врачтар өздөрү да жардам сурашууда. Себеби, Бишкектеги №4-төрөт үйүндө ремонт жүрүп жаткандыктан төрөй турган келиндердин баарын бул жакка жөнөтүшөт экен... Мен ишенем, муну Саламаттыкты ...

0 132

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Оренбург шаарына барды

20-сентябрь 2019, 15:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтө турган Оренбург шаарына (Россия) келди. Өткөрүлүп жаткан машыгуулардын негизги максаты – азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу. Ошондой ...

0 198

Кыргызстан жана Тажикстан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар макулдашууларга жетишти

20-сентябрь 2019, 14:31 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Республикасы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар макулдашууларга жетишти. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Ал Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзоданын макулдашуусунун негизинде эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери башында турган өкмөттүк делегациялар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги чыр-чатактарды басаңдатуу боюнча бирдиктүү чараларды кабыл алуу жөнүндө маселелерди чечүү боюнча узакка созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгиледи. «Оңой эмес, бирок конструктивдүү диалог ...

0 497

Исаев партия түзүүгө белсендиби?

20-сентябрь 2019, 14:30 Кызгалдак Жакыпова

Алты кишинин башын араң бириктирип, ага катын-бала, тага-жээнин кошуп атып, таптакыр пайдасы жок тамтаңдаган партия түзө сала, анысы «комадан» чыкпай жаткан заманда, алты айга жетпеген аралыкта бакыйган партияны түптөп, ал партия мамлекетте олуттуу маселелерди оң жагына чечүүгө дем кошуп аткандар бар. Алсак, кадимки Канат Исаев мындай батыл кадамга 2015-жылы бара алган. Ушу тапта Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев жаңы партия ...

20-сентябрь 2019, 14:30 | 497
0 1912

Сулаймановдун аргасы кетип турган чак...

20-сентябрь 2019, 13:54 Кызгалдак Жакыпова

Кезинде айтылуу шоопур Икрам Илмияновдун аркасы менен Жогорку Кеңешке «Бир Бол» партиясын акчанын күчүнө салып өткөрүп алган Алтынбек Сулайманов учурда кийинки парламенттик шайлоодо кандай арга кылыштын амалын таппай турат. Партиясындагы таасирдүү, акчалуу депутаттар башка партияларга ооп жатат. Түндүктө электораты аз. Түштүктүн лөктөрү Төрөбай Зулпукаровго ыктап, ал жактагы позициясын дагы алдырып жиберди. Натыйжада, буга чейин «Бир Болдун» пиарын, идеологиясын караган, ...

0 1881

Бабанов даярдана баштады...

20-сентябрь 2019, 13:47 Кызгалдак Жакыпова

Камалат-камалбайт болуп ара жолдо турган Өмүрбек Бабанов жаза тайып бийликтин каарына калбайын деп «чөптөн жапыз, суудан тайыз» позицияны карманып турат. Бирок жең ичинен саясий интригалар менен алек. Шайлоого даярдык көрүп, жакынкы күндөрү «Республика» партиясынын съездин өткөрүүгө камылга көрүүдө. Тизме такталып, басымды жаштарга коюп жатыптыр. Кылмыш иштерине жооп бере албай, бир айдан ашык убактан бери суракта сүйрөлүп жүрүп шайлоого даярдык ...

20-сентябрь 2019, 13:47 | 1881
0 165

Министрлер коркок

20-сентябрь 2019, 13:10 Кызгалдак Жакыпова

Депутат Дастан Бекешев министрлерди коркок деп сындады. Ал өз сөзүндө министрлер социалдык тармактарды күнү-түнү аңдып отурушканын белгилеп: "Мен жөнүндө эмне дешет" деп коркуп, УКМК, прокуратура келбесе экен деп санаалары тынбайт. Буга байланыштуу өз алдынча чечим чыгара албай жүрүшөт. Бизге чечкиндүү, саясий эрки бар министрлер керек" - деп билдирди. Бул тууралуу "Фабула" гезити жазып чыкты. Булак: NazarNews.kg

20-сентябрь 2019, 13:10 | 165
0 139

Толубаев шаардыктарды тоңдурабы?

20-сентябрь 2019, 13:07 Кызгалдак Жакыпова

Өкмөттүн күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы төмөн. Мына сентябрь болду ТЭЦке бир тоголок көмүр түшө элек. Учурда Казакстандан келчү 400 миң тонна көмүр келеби же жокпу деген күмөн бар. Себеби «КонтактУглеПромду» тендердик комиссия мыйзам бузуу болсо дагы жеңүүчү кылып чуу жаратты. Утулган компаниялар көз карандысыз мекеме аралык комиссияга арыз жазып кайрылып жатышат. Бул процесс 2 жарым айга чейин созулуп кетиши мүмкүн.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1278

Мээси жайындабы?

20-сентябрь 2019, 13:04 Кызгалдак Жакыпова

"Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун көңүлүн таап тизмеге кирип Жогорку Кеңештин депутаты болгон Лунара Мамытова деген бар. Дарамет-деңгээли чектелүү болгондуктан, өзүн көрсөтүп иштей албай койгондо, аны Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кылып кутулушкан. Ал жакты дагы тарта албай, пенсионерлер 2-3 миң сомдук пенсиясын чогултуп эл-жер кыдырып саякаттаса болоорун айтып жемеге кабылып иштен кеткен. Ошол "акылдуу айым" жөн ...

20-сентябрь 2019, 13:04 | 1278
0 350

Соцтармакта Алайдагы мектеп директорунун үйүн өрттөөгө чакырык ташталууда

20-сентябрь 2019, 12:53 Кызгалдак Жакыпова

Алай районунда Эшкул Мырзаев атындагы мектептин директору окуучу кыздын башындагы жоолугун чечүүгө мажбурлап жаткандыгы тууралуу маалымат ММКларга чыгаар замат бул окуя интернеттин социалдык тармактарында кызуу талкууга түштү. Алды интернет аркылуу акүй-көкүйдөгү бийлик башындагыларга кайрылуу жасап жиберсе, арты мектеп директорунун үйүн өрттөп жиберүү чакырыгы менен чыгууга үлгүрдү. Ошол эле учурда окуучу кыздын жоолугун чечүүсүн талап кылган мектеп ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83