www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызгалдак Жакыпова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (10307)

0 163

Исхак Масалиев: “Мунапыс 1100 адамдын тагдырына таасир этет”

19-сентябрь 2019, 14:21 Кызгалдак Жакыпова

ЖК депутаты, Исхак Масалиев: “Мунапыс 1100 адамдын тагдырына таасир этет”, деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган. - Исхак Абсаматович, мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы эмне себептен кечеңдеп жатат? - Биринчиден, быйылтан баштап жаңы кодекстер ишке кирбедиби, ошого байланыштуу бир топ иштер кайра каралууда. Ошондуктан, өкмөт тарап “эки кадам аралашып кетпесин, адегенде кодексти аягына чыгарып алалы” деп суранган. Азыр тактоо иштери ...

0 217

Чек ара кызматы Баткенге көчүрүлөбү?

19-сентябрь 2019, 14:19 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн парламенттин жабык эшик артында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча талкуу өтүүдө. Бирок талкуу жабык болгону менен андагы айрым көтөрүлүп жаткан маселелер журналисттерге жетип жатат. Айтсак, анда айрым депутаттар мамлекеттик чек ара кызматын Баткен облусуна көчүрүү боюнча маселени көтөрүшүптүр. Кызыгы, мындай сунуш берген эл өкүлдөрү аны аткаруу механизмдеринин жол жоболорун көрсөтүүгө алдары келбептир.   Булак: NazarNews.kg

0 250

Баткендин чоңдору мамлекеттүүлүккө балта чаап бүтөбү?

19-сентябрь 2019, 14:17 Кызгалдак Жакыпова

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун тажрыйбасыз, кашаң кадр экенине чек арадагы атышуудан кийин ынандыңарбы? Алдыртан чыңалып турган кырдаалды басууга жан үрөп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болмок да. Тилекке каршы, ок жаңылып атканда Мадумаров жылуу кабинетинде отурганы кандай? Костюм-шым кийип зыңкыйып жүрсө эле маселе чечет деп ойлогондор эми жаңылды го! Эл жүгүн аркалай албаган мындай “сылаң корозду” кармап туруунун канчалык ...

0 363

“Рүстенбеков оонап туруп, көчүгүн көтөргүчө эле уруш бүтүп калууда”

19-сентябрь 2019, 13:30 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандагы элчибиз Жаныш Рүстенбековго коомчулуктун нааразычылыгы байкалды. Эки тарап ок атышып, жоготуулар болуп жатса эмнеге тымпыят? Эмесе, бир мисалга токтололу. Эркиндик бульварында талаасын араң көтөргөн, коммунисттик идеологияга сугарылган чалдар отурат эмеспи. Кечээ ошолордун бирөө быкшып күлүп, “Рүстенбеков ордунан оонап туруп, көчүгүн көтөргүчө кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу бүтүп калып атпайбы. Ал Акаев доорунан бери эле ушундай, курсагы тойгон жердин ырын ...

0 218

Кайран Казакбаев чекист эмесмин деп актанууда. Аны айткан Токтокүчүк, ой... Токон Мамытов да тилин тиштеп турат

19-сентябрь 2019, 12:47 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында акыйкатчы Токон Мамытовдун "республикачы" депутат, саясаттан "безип" жүргөн Бабановдун көздөй досу Руслан Казакбаевди "мурунку чекист" атай коем деп аны коомчулуктун күбүр-шыбырына кабылтты. Ал гана эмес Казакбаевди учурда өзүнүн жанында эле жүргөн кесиптештери "шексинип башкача көз караштар менен карашууда" деген тамаша-чыны аралаш кептер кетти.    Бул учурда депутат Руслан Казакбаев айрым маалымат каражаттары аркылуу "Токон Мамытов эмнеге антип айтканын түшүнбөйм. ...

0 3321

Мухаммедкалый Абылгазиев тажик коллегасына катуу айтыптыр

19-сентябрь 2019, 12:26 Кызгалдак Жакыпова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-тажик чек арасындагы жакында орун алган ок атышууда тажик тарап миномет колдонгондугун тажик коллегасына кескин катуу айтыптыр. Себеби, чектеш аймактагы чек арачылардын куралдын мындай оор түрү менен ок чыгаруусу достук мамилеге жатпайт деген. Аны болсо “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев журналисттерге ачыктап салды. Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин жабык эшик артында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча талкуу ...

0 639

Таабалды Тиллаев: “Гранатомёт, миномёт менен мектепке ок атылган”

19-сентябрь 2019, 12:16 Кызгалдак Жакыпова

ЖК депутаты Таабалды Тиллаев, "Гранатомёт, миномёт менен мектепке ок атылган", деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган. - Таабалды мырза, Баткенге барып келдиңиз, абал кандай? - Азыр абал тынч. Бирок, эл арасында тынчсыздануу күч. Себеби, оор куралдар колдонулуп, эки саатка жакын атышуу болду да. Айрыкча аялдар, жаш балдар катуу коркуп калышкан. Алардын өздөрүнүн акыбалдары оор чынында. - Буга чейин Баткендеги чек арага байланыштуу ...

0 288

Бардыгы "сонун" болот деп жайгарып жүргөн Мадумаровдун "сонуну" эми мунусунда болобу?

19-сентябрь 2019, 12:44 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстан Кыргызстан менен чектеш, тактала элек аймакка баштаган курулушун кайра бузмай болуптур. Ага 20 саат чегерилиптир. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облусунун “анабашчысы” Акрам Мадумаров билдиргендиги белгилүү болду. Негедир, дал ушул губернатордун айтканы ар дайым тетиринен чыгып же айткандары иш жүзүнө ашпай турчу жайы бар эле өзү. Дегенибиз, июль айынын этегинде дагы чектеш аймакта чыр чыккандыгы эсибизде болсо керек. Анда ...

0 696

КСДПнын мөөрүн жана документтерин издеп жаткан Абдрахмановго Карамушкина "ме!" деп ортоңку сөөмөйүн көрсөткөндөй жооп кылды

19-сентябрь 2019, 12:09 Кызгалдак Жакыпова

Көптөн бери талашка түшкөн бийликчил партия - КСДПнын мөөрү менен учредителдик документтерин издеп "таппай" жаткан партиянын учурдагы лидери Сагынбек Абдрахмановго партиянын катарынан чыгарылган анын мурунку мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 24.kg маалымат агенттиги аркылуу "ме!" деп ортоңку сөөмөйүн көрсөткөндөй жооп кылды. Депутаттын айтымында, партияга юридикалык укуктук жактан ээлик кылууга мүмкүн болгон документтер жана партиянын мөөрү мурунку лидер Алмазбек ...

0 188

Искендер Зулкарнайн тирүүлөй көмүлгөнбү?

19-сентябрь 2019, 11:37 Кызгалдак Жакыпова

Жаңы изилдөөгө караганда, Искендер Зулкарнайн (Александр Македонский) шал абалында алты күн жатып, анан көмүлгөн. Улуу кол башчы тирүүлөй өлүккө айлангандан мурун өз жоролору менен эки түн катар ичкилик ичкендиктен Гийен-Барре синдромуна кабылган. Киши бул илдетке кабылганда иммундук системасы мээсинен жана жүлүнүнөн сырткары жактагы нервдерди (перифериялык нерв системасын) иштен чыгарат. Жаңы Зеландиялык окумуштуу Катерин Холл айымдын мындай тыянакка келишине Искендер ...

0 865

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

19-сентябрь 2019, 11:17 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата кол коюлган. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен ...

0 485

Колу толо кан болгон АША аянтта туулган күн өткөргөндүн балекетин алабы?

19-сентябрь 2019, 10:27 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекетти талап-тоноп, элибизди бөлүп-жарып, кан төккөн Атамбаев сый-урматка татыктуубу? Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга баш ийбей, укук коргоо органдарынын суракка чакыруусун тоготпой, акырында үйүнө барган «Альфанын» кызматкерлерине ок чыгарып, спецназ Усөн Ниязбековдун канына колу жуулуп камакка алынган. 2010-жылы Атамбаев уюштурган революциядагы 90 баланын каны да АШАнын абийиринде! Ошентип, ал абакта отуруп байкуш көрүнүп атса, чындап эле Атамбаевден жана анын үй-бүлөсүнөн акча үмүт ...

0 443

Руслан Казакбаев "КГБшникпи?"

19-сентябрь 2019, 12:28 Кызгалдак Жакыпова

Депутат Руслан Казакбаевдин сырын акыйкатчы Токон Мамытов аз жерден ачып сала жаздады. Дегенибиз, парламентте омбудсмендин отчету угулуп жаткан маалда Мамытов депутат Руслан Казакбаевге “биз экөөбүз чекист-кесиптештерденбиз, мурунку чекист болбойт, сиздин сурооңуз боюнча сизге өзүнчө кирейин” -деди эле, залда отургандардын басымдуу бөлүгүнүн көздөрү бакырая түштү көрүнөт. Белгилүү болгондой, Казакбаев убагында тышкы иштер министрлигин жетектеген. Ал эми ...

19-сентябрь 2019, 12:28 | 443
0 609

Атамбаев 2009-жылы президенттик шайлоодо Сапар Исаков аркылуу Максим Бакиевден 3 млн. доллар алганбы?

19-сентябрь 2019, 09:58 Кызгалдак Жакыпова

Камакта жаткан мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 2009-жылы президенттик шайлоого катышып, добуш берүү күнү өз талапкерлигин алып салып элдин кыжырын келтирген эле. АША ошондо бул аракетин Бакиевдердин бийлигине шылтап, штаб башчысы Бакыт Бешимовду “сатылып кетти” деп күнөөлөгөн. Бирок, АШАнын бул айткандары жөн эле апыртма экенин ошол кезде Атамбаевге буту үзүлгөнчө чуркаган саясатчы Кубанычбек Кадыров “Азаттык” үналгысына жакында эле курган ...

0 414

Фарид Ниязов зордуктоого шектүүлөр менен отурган жок

19-сентябрь 2019, 09:50 Кызгалдак Жакыпова

Фарид Ниязов № 1 тергөө абагында кимдер менен отурганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 24.kg агенттигине айткан. Андагы маалыматка караганда, Атамбаевдин "акылдуу" кеңешчиси учурда экономикалык беренелер боюнча кармалгандар менен отурат. Анын жанындагылардын арасында  адам өлүмүнө, зордуктоого жана талап тоноого катыштыгы бар кылмышкерлер жок. Белгилей кетсек, президенттин аппаратынын мурдагы жетекчисине массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага ...

0 8395

БОЛГОН ОКУЯ: "Мени Акүйдөн зордуктаган..."

19-сентябрь 2019, 10:46 Кызгалдак Жакыпова

Жамгыр шатырата төгүп атат. 12-кичирайон. «Народныйдын» астында машинада отурам. Нөшөр жайласа дүкөндөн үч бөтөлкө арак, закүскөсү менен кошо алайын (!) деп аткам. Аңгыча бир кыз келип, столбага корголой тура калды. Кол чатыры да жок экен. Шар эле сыртка чыктым. - Карындаш, суу болуп калыпсың, кел отур? - деп кайрылдым. Ал мени бутуман башыма дейре сыдыра карап калды. - Коркпо, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 398

Чырдын башы кайдан чыкты?

19-сентябрь 2019, 09:13 Кызгалдак Жакыпова

Экс президент Алмазбек Атамбаев «Жогорку Кеңеште жалаң колунан иш келбеген чимкирик депутаттар олтурат» — деп бир топ сын пикирлерин кайра-кайра жаадыра баштаганда Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев спикерге кайрылып: «биздин укугубузду коргоп бергиле. Биз чимкирик эмеспиз, какырык эмеспиз. Бул жерде жалаң кыргыздын элиталары олтурабыз. Саясий элиталар олтурат» - деп агынын жарылган. Мына ошол күндөн тартып коомчулукта "элиталар" кызуу талкууга алынып, ...

19-сентябрь 2019, 09:13 | 398
0 1169

“Тажик концерттен” бир үзүм

19-сентябрь 2019, 09:33 Кызгалдак Жакыпова

Баткен дубанынын Лейлек ооданындагы кыргыз-тажик чек арасындагы “кезектеги” кандуу чырдан улам  ар кайсыл ой жетелейт десең... Балким бул ички жана тышкы күчтөрдүн чагымы жыттанып жүрбөсүн... түтүндөй тарап кеттиби... Ошол жерлик айылдык кеңештин эки депутатын тыкыр суракка алып жатканы да шек жаратат.  Кечээ эле эки өлкөнүн президенттери Исфарада жана Чолпон-Атада бул маселеге чекит койгондой болушуп, келишимге колдорун коюшканы коко тыйынга ...

19-сентябрь 2019, 09:33 | 1169
0 895

БОЛГОН ОКУЯ: "Бул жарыктык менен кош айтышкан арбактар"

18-сентябрь 2019, 17:50 Кызгалдак Жакыпова

"Жакшы жашамак бар, жакшы өлмөк жок" деп коюшат. Бул сөздүн чындыгын жыл өткөн сайын жон терим менен сезип келем. Ал тургай бул жарыктык менен кош айтышкан арбактардын өтүнүч, каалоолору болорун да билем. Мындан бир топ жыл илгери айылда Медер аттуу жаш жигит киши колдуу болуп каза таап, жакындары сөөгүн суу өтчү түтүккө жашырылган жерден табышканын уккам. Кыркылыгы өткөндөн көп ...

0 100

Кыргыз-канада кызматы жанданат

18-сентябрь 2019, 17:26 Кызгалдак Жакыпова

Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга келген түз чет элдик инвестициянын көлөмү өскөнүн буга чейин да маалымдалган. Өткөн жылдын 1 жарым жылдыгына салыштырганда түз чөт өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 1,8 эсеге, негизинен Канададан (8,9 эсеге), Улуу Британиядан (4,6 эсеге), Кытайдан (1,9 эсеге) жана Нидерланддан (1,4 эсеге) алардын өсүшүнүн эсебинен көбөйгөн фактыны эске алуу менен өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрү тарабынан ...

18-сентябрь 2019, 17:26 | 100
0 137

Султанбай Айжигитов: “Чек ара сызыгын орнотмоюн, чыр чыга берет…”

18-сентябрь 2019, 17:13 Кызгалдак Жакыпова

Баткен областынын экс-губернатору, Султанбай Айжигитов: “Чек ара сызыгын орнотмоюн, чыр чыга берет…”, деп "Майдан.kg" гезитине маек курган. --Султан агай, акыркы мезгилде Баткендеги чек арада чыр чыкканы аз келгенсип, маал-маалы менен ок атылып, октон жабыр тарткандар боло баштады. Тирешти жандандырган чырлуу маселени токтотуунун жолу барбы? --Эгер чек арада маселени азайтабыз, чыр чыгууну алдын алабыз дешсе, сөзсүз “чек ара линиясы” деген ...

0 648

Жеңиш Раззаков эмнеге күнөөкөр болуп отурду?

18-сентябрь 2019, 16:56 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон топ тажикстандык коллегалары менен жолугушуп, абалдан чыгуунун жолдорун талкуулашты эле. Эң кызыгы өкмөт башчы Абылгазиевден башкасынын баары эле тажик коллегаларына тике карай албаганы чатак болду. Бардыгынан вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун абалы чатак көрүнөт, бир нерсеге кыжаалат, күнөөкөр болуп отуруп келгени эмнеси? Же жашырган бир нерсеси барбы?... Түшүнбөй калдык...?

0 142

Президент Сооронбай Жээнбеков АФК президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа менен жолугушту

18-сентябрь 2019, 16:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрагим Аль Халифа менен жолугушту. Футболду өнүктүрүү жана аны өлкөдө мындан ары дагы кеңири жайылтуу боюнча пикир алмашуу болду. Президент Сооронбай Жээнбеков Азия аймагында футболду өнүктүрүүгө багытталган АФКнын ишмердигин жана реформаларын канааттануу менен белгиледи. Мамлекет башчысы Кыргызстанда футбол спорттун эң белгилүү массалык түрү болуп саналарын, ...

0 174

Сөз адамдын акылын аныктайт

18-сентябрь 2019, 15:43 Кызгалдак Жакыпова

Жакшы мамиле түзүү үчүн, ооздон чыгып жаткан сөзгө да маани берүү керек. Сөз - бул адамдын оюнун котормосу. Окуп көрсөңүз, биздин ата-бабалар мыкты психолог болгондугуна ишенесиз. Себеби, мындагы психологдордун эми айтканы, кыргыздын эзелки накыл, макал-лакаптарында эле айтылып калган. Биз, сүйлөп жаткан сөзүбүзгө жана үнүбүздүн басымына анча көңүл бура бербейбиз. Ыплас сөздөрдү көп колдоно баштаганы, алкыш айтуу менен менменсинип сүйлөөнүн айырмасын билбей ...

18-сентябрь 2019, 15:43 | 174
0 121

Турускулов фракция лидерлигинен алынабы?

18-сентябрь 2019, 15:02 Кызгалдак Жакыпова

Бабановдун бактысына эшек тепкенсип, ар дайым анын кадыр баркын билбей, сезбей, эшеги суудан "өткөнчөлөр" эле ээрчип алганы кызык эле болуп келет. Азыркы парламентте олтургандардын көпчүлүгү ушул Бабановдун арты менен саясатка келип, ал турсун бактылары ачылып ушул кезге чейин депутат болуп олтурушат. Аларды атабай але коелу, элге баары белгилүү эмеспи. Акыры, алардын көбү Бабановду таштай качып, оор учурда колдоого келген жок. Акыркы ...

0 194

Исаковдукунан да Рысалиев менен Таабалдиевдин абалы начар

18-сентябрь 2019, 14:46 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, Сапар Исаковдун жактоочулары Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүүнү токтотуу тууралуу өтүнүчтү билдиришти. Буга анын саламаттыгынын начар экени себеп болгон. Айтымында, Сапар Исаковдун абалы жакшыра элек. Соттук териштирүүлөргө катыша албайт, мындан улам керектүү дарылануусун алуу үчүн жумалык тыныгуу керектелүүдө. Мындан тышкары дагы бир айыпталуучу, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу начарлап кеткени айтылууда. Албетте, саламаттыктын ...

0 126

Сооронбай Жээнбеков ирригация жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

18-сентябрь 2019, 14:22 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевди жана Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алды. Суу менен камыздоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү, ишмердиги, өлкөнүн ирригациялык системалар түйүнүн жана суу менен камсыз кылуу системаларын реконструкциялоо жана кеңейтүү ...

0 489

Кличконун...башын жарып кетишти

18-сентябрь 2019, 14:23 Кызгалдак Жакыпова

Киев шаарында калаа мэри Виталий Кличконун орун басары Владимир Слончакты белгисиз адамдар катуу токмоктоп кетишти. «Украина чындыгы» басылмасына караганда учурда анын абалы оор жана реанимацияга жайгаштырылган. Слончак негизги вице-мэрлик кызматтан сырткары «Киевкурулуш» холдингинин байкоочу кеңешинин мүчөсү. Булак: NazarNews.kg

18-сентябрь 2019, 14:23 | 489
0 295

Мария Захарова Ксения Собчактын үлпөтү тууралуу ачуу чындыкты айтты

18-сентябрь 2019, 19:19 Кызгалдак Жакыпова

РФ тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова белгилүү теле алып баруучу Ксения Собчак менен режиссер Константин Богомоловдун үлпөт тою боюнча өз пикирин билдирди. Андан сырткары, дипломат айып өзүнүн 2005-жылы өткөн үйлөнүү үлпөт тою боюнча дагы токтолуп өткөн. Ал анда Нью-Йорк шаарында эмгектенчү. Андрей Макаров аттуу жаранга турмушка чыккан. Русское радионун “Алла Давлатова менен кечки шоу” эфиринде ...

0 207

Парламент тарап кетүүгө даяр, болгону акча жок!

18-сентябрь 2019, 14:01 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңеш тарап кетет экен деген маалыматтар таратылууда. Маалыматтарга караганда алардын тарап кетүү күнү белгиленип, келе жаткан жыл башы болуп калуусу айтылууда. Чындап келсе ЖКнын тарап кетиши эбак эле ишке ашуусу керек болчу. Ар тараптан кризиске капталган. Акча саясатынан улам эмес, абийир, анан калса кетирген жеке кемчиликтеринен улам. ЖК жалпы анын депутаттары менен бүтүндүктө турат. Ар бир депутаттын абийири, ...

0 304

БОЛГОН ОКУЯ: "Күйөөм тукумсуз болгонуна карабай жашагысы келип жатат"

18-сентябрь 2019, 13:46 Кызгалдак Жакыпова

Каарманыбыз үч жылдан бери бала жытына зар болуп жүрүп, акырында күйөөсүнүн тукумсуз экенин билгенден кийин ал үчүн азап тартып жатканы тууралуу төмөндөгүдөй баяндап берген эле. - "Балалуу үй базар" деген сөз бекеринен айтылган эмес экен. Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди сүйүп эле баш кошконбуз. Башында ынтымактуу эле жашачубуз. Арадан үч жыл өтсө да эмнегедир балалуу боло албай койдук. Бул мезгилдин аралыгында ...

0 192

Слер чуркабасаңар деле илбирс көбөйө берет

18-сентябрь 2019, 19:14 Кызгалдак Жакыпова

Бир, эки күн мурун кыргыз илбирсин сактап калуу боюнча атайын марафон уюштурулганы эсиңиздедир. Ага томполоңдоп эки миңден ашуун саясатчы, жансакчылар, көрөбай-шөрөбайдын баары чуркашкан эле. Ошондон көрө! Илбирс байырлаган тоолорду, кыркаларды кытайлыктарга чукулатпасаңар эле ал өзүнөн өзү табигый жол менен, силерсиз эле көбөйө бермек дегиң келет экен... Булак:NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 215

Шерниязов Исаковду шердентип койду

18-сентябрь 2019, 13:10 Кызгалдак Жакыпова

Садык Шернияз Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган Каныбек Исаковго парламент жыйынында бул кызматка келип жатканы үчүн көңүл айтып, "ОшМУда жасаган иштериңиз үчүн КРнын баатыры наамына татыктуусуз деп тартынбай айтат элем" - деди. Депутат мындан тышкары, министрге латын алфавитине өтүү маселеси боюнча «абайлаңыз» деп эскертти. Албетте, Исаков кайдан эле баатырлыкка батылынан татыктуу боло калсын, ал үчүн дагы чоң иштерди жасашы ...

0 215

Садыгалиевдин сыры: Коррупциялык иштин фигуранты

18-сентябрь 2019, 12:49 Кызгалдак Жакыпова

Жакында эле ЖКга депутат болгон Бектен Сыдыгалиев тууралуу айрым ЖМКлар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен кызык маалымат жазып чыгышты. Маалым болгондой Сыдыгалиев УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшү кызматынын биринчи жетекчиси болгон. Маалыматта Сыдыгалиевге 2016-жылдын декабрь айында кылмыш жаза кодексинин 204-берене (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу), 304-берене ( кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренелери менен кылмыш иши козголгону айтылат. Бул ...

0 244

Сабыр Муканбетов: “Дүйнө жүзүнө уят болуп бүттүк”

18-сентябрь 2019, 12:18 Кызгалдак Жакыпова

Коомдук ишмер, саясат талдоочу, Сабыр Муканбетов: “КСДПны Акаев менен Бакиевдин эл менен байланышы жок, чөнтөк партиясындай көрүп жатышат. Жаңылышасыңар!”, деп "Майдан.kg" гезитине маек курган. --Сабыр байке, мына күркүрөп күз келди, жайкы каникул аяктап, балдар окуусун, депутаттар сессиясын баштап, жашоо өз ыргагына келип, саясат кызый баштады. Өмүрбек Текебаев түрмөдөн чыгып, Убактылуу Өкмөт (УӨ) активдешип, президент менен жолугушуп, эки ортодо 2020-жылы ...

0 206

Мамат Айбалаев: “Жака-Өрүк аймагы - Кыргызстанга гана таандык!”

18-сентябрь 2019, 11:56 Кызгалдак Жакыпова

Баткен областынын экс-губернатору Мамат Айбалаев, “Жака-Өрүк аймагы Кыргызстанга гана таандык!” деп "Майдан.kg" гезитине маек курган. Саясат - кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия күнү-түнү иштеп, маселени чечиши керек. Бийлик көзөмөл кылбагандыктан көптөгөн кыргыздар жерлерин тажиктерге сатып, башка жакка көчүп кетүүдө. Бирок жерлер сатылып алынганы менен Кыргызстандын аймагы. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн шалаакылыгынан улам ушундай жагдай жаралууда. Бул ...

0 172

Чек ара талашына чекит коюлбаса чоң чырга айланабы?

18-сентябрь 2019, 11:46 Кызгалдак Жакыпова

Баткендеги Тажикстан менен чектешкен чек арадагы кезектеги чыр 16-сентябрда чыкты. Буга дейре аталган аймакта коңшу өлкөнүн жарандары менен болгон жаңжал бир нече жолу орун алган. Август айында эле эки жолу кырдаал курчуп, чек арага чектеш айылда жашаган кыргызстандыктар убактылуу журт которууга да аргасыз болушкан. Бул сапар да кырдаал күчөгөндөн күчөп баратат. Жаңжал Тажикстандын тургундарынын чек арадагы такталбаган аймакка курулуш ...

0 304

Чыккынчылар ак үй жана көк үйдө!

18-сентябрь 2019, 11:35 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы чек ара маселесин чечүүдө сөзгө келбей жаткандыгы тууралуу фейсбук баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, мындай кырдаалда бир келишимге келүү кыйын болуп жаткандыгын айткан депутат, өз сунушун дагы ортого салды.   “Чек ара маселесин чечүүнүн бир эле жолу - делимитация, демаркация процессин бүтүрүү. Бул Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттөр аралык комиссиясынын жумушу ...

18-сентябрь 2019, 11:35 | 304
0 118

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан кургатылган жемиштер кармалды

18-сентябрь 2019, 11:15 Кызгалдак Жакыпова

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жараны Т.Н.Снын башкаруусундагы “МАН 12232” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2640 килограмм мейиз, 490 килограмм кургатылган ...

0 420

Кимдин кимдин заманы? "Буханканын" заманы!

18-сентябрь 2019, 12:49 Кызгалдак Жакыпова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы чыр чыккан аймакка кечээ күнү өлкөнүн аскерий-транспорттук АН-24 учагы менен баргандыгы күндүн бирден-бир башкы темалары болгон эле. Бирок, бүгүн ал тууралуу маалыматтан дымы дагы жок. Жада калса, кечээ жаан-чачындан кийинки козу карындай жайнаган сүрөтүн издеп атып, араң таптык. Ал учакка качантан бери Кыргызстан ээлик кылат? Эсиңерде болсо мындан үч, төрт жыл мурун Кыргызстан менен Россиянын ...

0 113

Өз айыбыңды өзүң чукуба! Биримдик аба-суудай зарыл...

18-сентябрь 2019, 10:56 Кызгалдак Жакыпова

Коңшулаш өлкөлөр менен чектешкен аймактардагы жаңжалдар бүгүн эле чыга калган маселе эмес экенин баарыбыз билебиз. Талаш жерлер, тактала элек жерлер дагы да бар. Бул талаш жерлерди эгемендик алган алгачкы жылдарда эле тактап алганга жакшы мүмкүнчүлүк бар болчу. Тилекке каршы, ал убактагы бийлик чек араны тактап алуунун ордуна даяр турган, иштеп жаткан завод-фабрикаларды, колхоз-совхоздорду менчиктештирүү, темирлерин Кытайга сатуу менен алектенип ...

0 112

Калиевге дагы бир жаңы кылмыш...

18-сентябрь 2019, 10:48 Кызгалдак Жакыпова

ТЭЦти темир тезеги менен кошо "жеп, жутуп" кое жаздагандардын бири делген Айбек Калиевге дагы бир айып тагылып жатканы маалым болду. Ал кытайлык ТВЕА компаниясына тиешелүү жол тандабас унааны алардын ишеничине кирүү менен алдап, өзүнүн жакындарына арзан баада алып берген деген айыпталууда. Ушундан улам ага "алдамчылык" беренеси менен кылмыш козголгон. Дагы тереңдетип чукуса, дагы былыктыр былгып чыга береби? Балекеттики десе... ...

18-сентябрь 2019, 10:48 | 112
0 91

Исаков коррупционер болуп кетпей, ийгилик жаратсын...

18-сентябрь 2019, 10:36 Кызгалдак Жакыпова

ЖК депугаттарынын 100дөн ашуун добушу менен министр болуп шайланган Каныбек Исаков бул кызматка өзүнүн дарегине айтылган мактоолор, даңктоолор менен келди. Бул жагы жакшы дейли. Бирок министр ошону менен бирге биротоло эйфорияга кирип кетпей, бул тармакты жакшылап реформа кылса экен. Эгер коррупцияны тазалап, билим берүүнүн программасын оңдобосо, анда Исаков деле мурункулардын жолоюна түштү деп билишибиз керек. Буга чейинки министрлер Кудайбердиева, Сариева, ...

0 144

Корейлер деле тажиктерге окшоп ата алышат

18-сентябрь 2019, 10:37 Кызгалдак Жакыпова

АКШ президенти Дональд Трамптын жүрөгүнүн сары суусун алган Түндүк Кореянын кожоюну Ким Чен Ын деген бар. Ал ядролук ракеталар чыгарып, ал эмес Орусия президенти Владимир Путинди Владивостокко чейин учтуруп келип тостурат. Орусиянын аймагына таандык сууларда мыйзамсыз балык уулап жүргөн түндүк кореялык куралчан балыкчыларды кармоо учурунда орусиялык үч чек арачы жаракат алды. Федералдык коопсуздук кызматынын 17-сентябрдагы маалыматына караганда, орус чек ...

0 178

Кожобек дагы кокуйлап, катуу сынга кабылды

18-сентябрь 2019, 10:24 Кызгалдак Жакыпова

Депутат Кожобек Рыспаев ЖК трибунасынан күпүлдөп сүйлөсө, мурду барбайып, өзү дардайып, элдин кыжырына тийе турчу кептерди айтчу болду. Буга чейин ал депутаттарды "элита" деп атап, элдин катуу сынына калган. Эми болсо ошол кебин дагы бышыктагысы келип, депутаттарды "кой" дегендерге муштум кезеди. Кезегени курусун, кайра эле тепки жеп боз ала болуп турат. Эмнеге дегенде эл депутаттардын көбүн нормалдуу деп деле ...

0 271

Сот мурдагы президентти камакта калтырды

18-сентябрь 2019, 10:18 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын мурдагы президенти Атамбаев СИЗОдо болсо, Армениянын мурдагы президенти да камакта. Албетте, алты жыл Кыргызстанды жетектеген  Атамбаевдин эмне үчүн камакта жатканын кыргыз эли билет, бирок бирок он жыл мамлекетти башкарган Армениянын мурунку президенти Кочарян алдым-жуттумдугу менен камакта жатканын көпчүлүк биле бербесе керек. Еревандын соту «1-март» иши боюнча камакта отурган Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарянды бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок. ...

0 155

Бир "кнопканын" заманы...

18-сентябрь 2019, 10:21 Кызгалдак Жакыпова

Убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, губернатор болгон коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына чек ара маселесин чечүү жолдорун сунуштап өтүптүр. Бир окуп, көз жүгүртсөң сөзүндө калет жок!  “Чек ара маселесин тезинен чечүүнү талап кылып жаткандар бир нерсени так түшүнүүлөрү зарыл - жер талаш жөн эле жай отуруп сүйлөшүп чечип коюучу маселе эмес. Чечүүнүн биринчи ...

18-сентябрь 2019, 10:21 | 155
0 125

Убактылуу өкмөтчүлөр биригип бир күч боло албайт

18-сентябрь 2019, 10:14 Кызгалдак Жакыпова

Убактылуу өкмөттүн 11-12 мүчөсүн президент Жээнбеков резиденцияда расмий эмес түрдө кабыл алды. Баягы эле сөздөр, баягы эле көздөр дегендей алардын жолугушканын коомчулук кубаттаган деле жок. УӨнүн мүчөлөрү президент менен жолукканда өлкөдөгү жалпы абалды талкууладык деп жалпысынан айткан болду. А, негизинен бийликтин бийик чокусундагы билерман УӨнүн мүчөлөрүн колго алып, анча-мынча болсо да алардан колдоо табууну көздөгүсү келгени байкалууда. Бирок Убактылуу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 313

Мадумаров маселени түшүнбөйт деле окшойт

18-сентябрь 2019, 09:37 Кызгалдак Жакыпова

Баткен эли эзели тың чыкма жетекчиге жарыбай койду. Акаевдин тушунда, тактап айтканда 2000-жылдары Мамат Айбалаев гана татыктуу губернатор болуп, тажиктерди чек арадан бери көздөй бастырбай турду. Андан кийинки губернаторлор болсо, аш-тойдо эле жыргап, айлык алып, өзүнүн жеке иштери менен илең-салаң болуп келишти. Азыркы губернатор Акрам Мадумаров да алардан өткөн жүдөмүш окшобойбу. Айтор, анын 4-5 күндөн бери болуп жаткан чек ...

0 167

АША жана анын командасы чындыкты жалган менен жеңгиси келеби?

18-сентябрь 2019, 09:07 Кызгалдак Жакыпова

Азиз Батукаевдин иши боюнча сопук караштыруулар аяктап, 30-августка карата сексенге жакын күбөлөр да суралып бүткөн. Эми айыпталуучуларды жана алардын жактоочуларын соттук материалдар менен тааныштырып, өкүм чыгаруу гана калган. Бул максатта 2-3-сентябрга АША баштаган айыпталуучулардын адвокаттары чакыртылса, жүйөлүү себептерсиз алар келишпеди. Ошол күнү адвокаттар Сергей Слесаревге, Замир Жоошевге 5-сентябрга чакыртылгандары жөнүндө билдирмелер тапшырылган. Алар 5-сентябрда келишкени менен соттук материалдарды 1-2 сааттан ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83