www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Бостон

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (370)

0 10831

Жанар Акаев: "Чындык учту асманга, бир туугандан кем эмес жакын элек Улан"

23-июль 2018, 07:18 Камчыбек Бостон

Сенин сөөгүңү коштоп, асманыбыз аңтарылып, сай сөөгүбүз сыздап, нес болуп келатабыз, Улан! Бир туугандан кем эмес жакын элек, сырдаш элек, ичим эңшерилип, көзгө жаш алгандан башка арга таппай турам, Улан! Жолуккан сайын элдин ырыскысын уурдагандар менен түбөлүк душман болооруңу айтып, каңырыгың түтөп турчу. Чыныгы журналист сен болчусуң Улан, таза, дили ак, өз ишине берилген, уурулардын кекиртегине тыгылган кылкан элең, Улан! ...

0 2362

ИИМ: "Журналисттин өлүмүн өз көзөмөлүбүзгө алдык"

22-июль 2018, 20:58 Камчыбек Бостон

Каза болгон Улан Эгизбаевдин өлүмүн ИИМ өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов  билдирди. "Акун" пансионатында 19-июлдан бери жубайы экөө эс алып жатышкан экен. Бүгүн алар кетүүгө даярданып жатышыптыр. Кетер алдында маркум көлгө түшүп келгени кетип ошол учурда чөккөн. Көлгө түшүп анын чөккөнүн элдер көрүп, куткаруучуларды чакырышкан. Куткаруучулар алып чыгып, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага ...

0 2400

Белгилүү журналист Улан Эгизбаев каза болду

22-июль 2018, 19:12 Камчыбек Бостон

"Азаттыктын" журналисти Улан Эгизбаев  бүгүн, 22-июлда каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен саат 14:00 чамасында болгон. Бир нече күн мурда белгисиз адамдардан анын атына бош конверт келди деп айтканын, анын эскертүү болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган эле. Улан Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган. 2013-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коммуникация ...

0 1198

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов каза болду

07-июль 2018, 16:27 Камчыбек Бостон

Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. Театр жана кино актёру Дүйшөн Байдөбөтов бүгүн, 7-июлда инсульттан улам каза болду. Ал 3 жылдан бери бул дарт менен күрөшүп келген. Дүйшөн Байдөбөтов "Мен Тянь-Шань!" тасмасында Ильястын, "Ак баранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, "Каныбек" тасмасында Түлкүбектин, "Саманчынын жолунда" Субанкулдун, соңку фильмдерде, "Белгисиз маршрутта" айдоочунун ролун ийине жеткире аткарган. Мындан тышкары театр сахнасында 100гө ...

0 7145

"Тойдун ордуна аза күттүк"

07-июль 2018, 11:19 Камчыбек Бостон

Мен бул эже менен капыстан таанышып, сүйлөшүп калдым. Алтынбүбү эже «кырсык болбогондо келиниме дайындап койгон ак жоолугумду салып, балам экөөнүн жетелешип жүргөнүн көрүп эзилип отурбайт белем» деп кеп баштады. – Баламдын Москвада жашап, иштеп жүргөнүнө быйыл 5 жылдан ашты. Айка аттуу кыз менен таанышып, кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнүнө 5 жыл болгон эле. Баламдын айтуусу жана сүрөттөрдөн көргөнүм боюнча Айка ...

07-июль 2018, 11:19 | 7145
1 1151

Акыркы жаңылыктар: Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынды

20-июнь 2018, 21:52 Камчыбек Бостон

Бүгүн, 20-июнда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралды. Сот Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу чечимин кабыл алды. Отурумга кирип бара жатып Сатыбалдиев күнөөнү эч качан моюндабай тургандыгын айткан. Эске салсак, 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камагына киргизилген. ...

0 604

Сапар Исаков тергөө аягына чыкканга чейин камакта болот

13-июнь 2018, 19:21 Камчыбек Бостон

Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тергөө аягына чыкканга чейин КР УКМКнын тергөө камак жайында калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Эске сала кетсек, 2018-жылдын 29-майында "Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу" коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр С.Исаковго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган. 5-июнда Бишкек шаардык Биринчи май райондук ...

0 1440

Мээримдин ой пикирине кошуласыңарбы?

13-май 2018, 14:52 Камчыбек Бостон

    Эс тарткандан баштап эле «аял жакшы – эр жакшы», «жакшы аял жаман эркекти орто, орто эркекти жакшы, жакшы эркекти хан кылат» деген апамдын насааты менен чоңойдум. Менин курагымдагы же менден улуу, же кичүү баары эле ушундай тарбияда чоңойсо керек. Акыркы кездерде мен бул макалдарга кыжырым келе баштады. Эмнеден улам экенин азыр икаямдан улам түшүнөсүз. Жашоо шартка байланыштуу Түркияда ...

0 1567

Эрнис Кыязов: "Интеллигенция тунжурап эмне унчукпайт ыя?"

01-май 2018, 14:36 Камчыбек Бостон

Экс-президент Атамбаевдин менчигиндеги “Форум” имаратында жайгашкан “Апрель” телеканалынын башкы мүдүрү Дмитрий деген жигит өлкөнүн келечегине түтөп, Facebook аркылуу “..интеллигенция тунжурап эмне унчукпайт ыя?..”-деп коомго олуттуу собол таштап ойго батыптыр. Эх Димике кесиптешим, сабаты мыкты интеллектуалдардын бирисиң, эми унчукканда эмне, өзүң деле баарын билип-түшүнүп турасың го... Тигине, ары интеллигенция өкүлү, ары сен экөөбүздөй эле журналист Нарын Айып илгери макала жазып: “Атамбаев кандайча ...

0 11969

Бүгүн Нурлан Насип ырчы Асел Кадырбековага сөйкө салды

09-апрель 2018, 09:34 Камчыбек Бостон

Бүгүн, 8-апрелде ырчы Нурлан Насип сүйүктүүсү Асел Кадырбековага кыргыздын салтын улап, унаага басып ала качып кетпей, кулагына сөйкө, башына ак жоолук салды. Кудаалашкан эки тарап, кучакташып көрүшүп, эки жашка бак тилеп, даңгыраган тойду ушул жылдын күз айына калтырды. Бул тууралуу маалыматты Нурлан Насиптин менеджери Назира Бактыбекова билдирди. Эске сала кетсек, Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кыз-жигит болуп жетелешип жүргөнүнө  4-5 жылдын жүзү ...

0 771

Жумгал элинин атынан Сооронбай Жээнбековго КАЙРЫЛУУ

01-апрель 2018, 14:41 Камчыбек Бостон

Урматтуу Сооронбай Шарипович! “Бишкек-Жумгал” жолунун абалы менен кандай өкмөт келбесин, кайсы депутаттарды шайлабайлы, ким президент болбосун сай какшап айтып келебиз. Шайлоо өнөктүгүндө эл менен жолугушууга келгенде убадалар жамгырдай жааганы менен ушул күнгө чейин жолубуз оңолуп кеткен жок. Куру убадалар, жалындуу сөздөр гана айтылып, иш жүзүндө эч бир жылыш жок. “Жумгал-Бишкек” жолу Союздун мыкты заманында салынган боюнча ушул күнгө чейин бир ...

0 645

Кундузбү Маматова: "Керек окшойт тирүүлүктө сүйүлүш"

23-март 2018, 11:42 Камчыбек Бостон

Күндөн -  күнгө көз карашың башкача, Мени тартып бара жатат капырай. Кемселиме батпай  улам толкундайм, Сүрдөгөндөн жайнап турса  ай чырай. Суук көзгө урундурбай, үшүтпөй, Алаар бекем махабатың асырай. Салам айтсаң доошум чыгат калтырай, Көз карашың тушап турса бастырбай. Колдон алсаң алаканым өрттөнөт, Демиң ысык жалын бүркүп чачырай. Бүт дүйнөмдү жалгыз өзүң ээледиң, Сезимиңди алаар бекем асырай. Сүрөтүңө адат болуп тигилиш, Жан дүйнөмдө ...

0 588

Нурлан Атамырзаев: "Уулуңдун сөзүн укчу, кейиген бир"

11-март 2018, 20:19 Камчыбек Бостон

Турмуштун чыга албай көйүнөн бир, Мээмди ой жеп келет өйүгөн бир. Ата-Журт! Азып жүргөн араңдагы, Уулуңдун сөзүн укчу, кейиген бир. Бирөөмүн, катарыңда басып жүргөн, Күү чалган күйүтүмдү жазып жүргөн. Тирилик ташкынында азап чегип, Суурулуп Мекенинен, азып жүргөн. "Неге жүрөм бөтөн жерде, көрбөгөн күндү көрүп?" "Мен сатсам болбойбу не, энчимди бөлүп-бөлүп?" "Эртеңим не болот?" деп санааркабай, Ой басып жүргөнүмчө жүрөк өйүп. Ансыз да, жан ...

0 687

Бир тоннадан ашык беш бармак бир казанга батканда

11-март 2018, 14:37 Камчыбек Бостон

Бишкекте бүгүн 11.03.2018 бир тоннадан ашык бешбармак, 117 кулач чучук жасалып Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракети ийгиликтүү өттү Бешбармакты жасоого 40 ашпозчу, 30 жардамчысы менен кошулуп жалпы жонунан 70 ашпозчу тартылган. Аны даярдоого 650 килограмм таза тууралган эт, 700 килограмм камыр кетти. Камыр менен эт алдын ала чакан казандарда бышырылган. Ал эми чучукту эт азыктарын кайра иштеткен компаниялардын бири жасап келген. ...

0 1148

Кыргыз Эл артисти Ашыр Чокубаев 71 жашында дүйнө салды

11-март 2018, 14:16 Камчыбек Бостон

Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Эл артисти Ашыр Чокубаев дүйнө салды. Кинематографисттер департаментинен билдиргендей актёр узакка созулган оорудан улам каза болду. Ашыр Чокубаев 1947-жылы Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы кыргыздын белгилүү артисти Назарбек Чокубаев таетрда эмгектенген. Апасы Турсун Чокубаева да театрда актриса болуп иштеген. Ашыр Чокубаев №6, №9-орто мектептеринде билим алган. Мектепти аяктаган соң Москва шаарындагы Бүт­күл Союздук ...

0 552

Кыргызстандын авиа тутумунун абалы кандай?

04-март 2018, 17:44 Камчыбек Бостон

"Тез жет" жеке менчик авиакомпаниясына таандык учактын Баткенге жетпей авариялык абалда Бишкекке конушун иликтөөчү комиссия түзүлдү. 90 жүргүнчү жана 4 экипаждын мүчөсү бар, “Тез жет” авиакомпаниясынын учагы 1-мартта Бишкектен Баткенди көздөй багыт алган. Бирок бир кыймылдаткычы иштен чыгып, жарым жолго жетпей, кайра артка кайтууга мажбур болгон. Бактыга жараша жүргүнчүлөрдүн баары аман-эсен. Алардын теңинен көбү дароо башка каттамга которулуп, көздөгөн жерине ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1399

Жолдошуңуз үйгө шашсын десеңиз...

04-март 2018, 17:08 Камчыбек Бостон

       Эркекти үйгө ашыктыра турган албетте, үй-бүлөнүн жылуулугу. Сүйгөн жарынын ачык кабагы.Уйдөн чыгаарда аманчылык тилеп, жубайынын узата тиктеп турган жагымдуу көздөрү. Бул жолдошуңуз үчүн өтө жагымдуу нерсе. Келиниздер анда эркектерди үйгө ашыктыра турган 6 амал менен тааныштырып өтөлү:  1.Жолдошуңуз келгенче үйдүн ичин тазалап, буюмдарды ирээтке келтирип өз ордуларына коюп, тыкан жайгаштырыңыз. Бул үйдүн ичине кирген адамдын көзүнө ...

0 2510

Белгилүү актёр Марат Козукеев каза болду

09-декабрь 2017, 09:35 Камчыбек Бостон

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Мындай маалыматты  актёрдун кесиптештери тастыктады. Маалыматта белгилүү болгондой, актёр кант диабетинен жабыркап келген. Ал эмгек жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр жана көркөм жетекчи болуп улантып келе жаткан. Кыргыз киносунда дагы бир катар элдин эсинде кала турган ролдор менен таанымал. Марат Козукеев 1970-жылы 8-сентябрда, Бишкек ...

0 994

СҮРӨТ-Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу автоунаа оодарылып кетти

27-ноябрь 2017, 10:08 Камчыбек Бостон

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 2017-жылдын 26-ноябры күнү саат 21:30да Бишкек-Ош унаа жолунун 408-чакырымында “Скания” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 06 KG 773 AAO жүк ташуучу автоунаанын мамлекеттик № 06 KG 570 SA чиркегичи (прицеп) оодарылып кулаган.  КР ӨКМнин №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, жолго чачылган буюмдарды жыйнап беришкен. КР ӨКМнин басма сөз кызматы. Булак: NazarNews.kg

0 1241

Ал ушундай жинди....

20-ноябрь 2017, 12:45 Камчыбек Бостон

Күйөөсүнүн жана балдарынын ушунчалык сый – урматына татыган аялдын мындай бакубат жашоого кантип ээ болгондугу тууралуу баяны.... Ал аял сөзүн минтип баштады: “Биз жолдошум экөөбүз турмуш курганыбызга жыйырма жылдан ашып калды. Ушул жыйырма жылдын ичинде бетимде жылмаю пайда болуп, жашоонун ырахатын сезип бактылуу жашаган күндөрүм аз болду. Жашообузда күн сайын уруш – талаш, акыйнек айтышмай. Ошентип жүрүп бир күн бир ...

20-ноябрь 2017, 12:45 | 1241
0 12608

Курсагым чоңоё баштады, эми абийиримди кантип жашырам?

12-ноябрь 2017, 11:57 Камчыбек Бостон

Түштөн кийин бармагын тиштеп, кылган кылык-жоруктарына кейип-кепчигендер арабызда көп. Жашоонун коко тикендүү жолунан буйтап өтө албай арман кылган кыздын баяны. Анча-мынча жигиттерди көзгө илбеген керме каштардын бири элем. Артымдан чуркаган жигиттердин шагын көктү тиктеп, мурун чүйрүп сындырып койчумун. Ошондой күндөрдүн биринде сүйүүгө кабылдым. Математика сабагы боюнча шаардан бизге Талип аттуу практикант агай келди. Мурда сөз айткан жигиттердин алдында өзүмдү жогору сезсем, ...

0 3814

Атамбаев ажолуктан кеткенден кийин кандай укуктарга ээ болот?

12-ноябрь 2017, 11:48 Камчыбек Бостон

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга белгиленип, уюштуруу комитети түзүлдү. Алмазбек Атамбаев кызматын тапшыргандан кийин кандай укуктарга ээ болот. Экс-президент макамы өмүр бою сакталат. Экс-президент кол тийгистик укугуна ээ. Ал кызмат учурундагы аткарган жана аткарбаган иштери үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондой эле аны кармоого, тинтүүгө, суракка алууга эч кимдин укугу жок. Кол тийгистик укугу анын жашаган үйүнө, иштеген имаратына, транспорт, байланыш кажараттарына, ...

0 715

Рыскүл Изатова "Жан муза"

09-ноябрь 2017, 12:02 Камчыбек Бостон

 Музамсыз сиз, колго калем карматкан, Муздап калган жүрөгүмө шам жаккан. Өзүмдү өзүм өгөйсүнтүп жүргөндө, Өбөк болуп өмүрүмдү шаңданткан. Ырасында, сизде гана мукам үн, Ырдасаңыз көктү көздөй учамын. Өчүп калган үмүттөрүм жанданып, Өсүп гүлдөйт кайра арзуу бутагым. Көздөрүңүз келишимдүү, ах, кандай, Күн сыяктуу мээрин жерге чачкандай. Жоон топ элден издеп келип атайын, Жылуулугун мага берип жаткандай. Коркпойм эми өксүк, күйүт,армандан, Коомайланбайм жалгыздыкта калгандан. Чындык ушул- сый, урматым, ак сүйүүм, Чындык издеп карайлабайм жалгандан! Автор:Рыскүл Изатова Булак:NazarNews.kg

09-ноябрь 2017, 12:02 | 715
0 785

Кыргыз-Казак чек арасындагы тыгын дагы деле азая элек

02-ноябрь 2017, 12:19 Камчыбек Бостон

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерде абал өзгөрө элек. Чек ара кызматынан  билдиришкендей, "Ак Жолдо" саат 10дон кечки 5ке чейин 100-300дөй киши жана 30-40тай жеңил машине, маршруттук такси, автобустар кезекке туруп калууда. "Ак Тилек" бекетинде кезек күткөн оор жүк ташуучу машинелердин саны 400дөн ашуун, алардын катары 12 чакырымга созулат. Бул бекет аркылуу казак тарап бир саатта 6дан 10го чейин фура өткөрүп ...

0 2020

Абдыке Ысманович: "Кыргызымдын жообу жакшы"

27-октябрь 2017, 22:55 Камчыбек Бостон

Кыйналып турса дагы билдирбеген.  Канчалык кайгырса да ийилбеген.  Ар дайым, кыргызымдын жообу жакшы.  Башканы, арманына кийирбеген.  Кандайсын,?десе дайым, жообу жакшы.  Араң сүйлөп жатса дагы, жакшы баары.  Деген сөз, кыргызымда абдан сонун.  Жаркытып, жарык кылаар айлананы.  Төшөктө, ооруп онтоп жатса дагы.  Дартынан ,көтөрө албай алтын башты.  Келишсе, абал сурап кандайсың деп.  Айтаар сөзү, деги сонун, баары жакшы. Булак: NazarNews.kg

0 6855

Зөөкүргө кордолгон кызым "Ата апама окшоп менда учуп кетейинчи" деп жүрөгүмдү оорутат

26-октябрь 2017, 21:41 Камчыбек Бостон

Редакциябызга баш баккан атын атагысы келбеген Чүй облусунун тургуну төмөнкү окуяны көзүнө жаш алып айтып берди. “Мындайды башка салбасын” деп сөзүн баштаган атанын маегин сунуштоону туура көрдүк. Кызым эне сүтүн эмбей өстү – Мындан туура 20 жыл мурун ыраматылык жубайым экөөбүз баш кошконбуз. Ал кезде мен 20, ал бар болгону 17 жашта эле. Жубайым экөөбүз 13 жыл бала жытын искеген жокпуз. ...

0 13148

Дресс-код парламенттин ишине жолтоо болуп жатат

26-октябрь 2017, 14:07 Камчыбек Бостон

Депутат Дастан Бекешов Жогоку Кеңештин жыйынында дресс-коду жоюп салуу сунушун киргизди. Эшикте турган УКМК кызматкерлерине келген адамдын кийген көйнөгүнүн же шымынын өңү жакпай калса классика кийимин талап кылышат. Эмне үчүн УКМК кызматкерлери кандай кийинишин талап кылыш керек? Балким кээ бир адамдардын классика кийгенге мүмкүнчүлүгү жок. Мындай талапты жокко чыгарыш керек» деди Дастан Бекешов. Белгилей кетсек, дресс-код талабы Ак үйдүн жумушчуларына эмес журналисттерге ...

0 2570

Доктор... Мен сизге абдан нааразымын

26-октябрь 2017, 14:10 Камчыбек Бостон

Кырк жылдан бери рак оорусуна жолуккан бейтаптарды дарылайм. Ушул убакка чейин түрдүү окуяларга туш келдим. Алардын ичинен 1976-жылы болгон бир окуяны баяндап берейин... Башкы дарыгер болуп иштеп турган убагымда жаш жигит өпкө рагына чалдыгып келип калды. Аны өзүм дарылачу элем. Кудайдын уруксааты менен кыска убакыт ичинде абалы жакшыра баштады. Болгону, кеминде беш жылга чейин өзүн жакшы карап, кээ бир нерселерден ...

0 1680

36 жаштагы киши 11 жаштагы өгөй кызын зордуктоого аракет кылган

23-октябрь 2017, 20:49 Камчыбек Бостон

Нарын облусунун Ат-Башы районунда "жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган" деген факты боюнча эки учур катталды. ИИМдин маалымат кызматынан 23-октябрда билдиришкендей, аталган эки факты райондун эки башка айылдарында катталган. Маалыматка таясак, райондук милицияга айылдардын биринин тургуну кайрылып, 11 жаштагы кызды 36 жаштагы өгөй атасы зордуктоого аракет кылганын билдирген. Арыздын негизинде 36 жаштагы адам кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал ...

0 1006

Бердибек Жамгырчиев: "Декабрдын кечинде"

26-октябрь 2017, 14:11 Камчыбек Бостон

Айлар узап, жыл жаңыраар кезинде, Алгач сени көргөн күнүм эсимде. Кыш ызгаарын кошуп алып жүрөккө, Таанышканбыз декабрдын кечинде. Сен тараптан тымтырс болуп үн чыкпай, Сырдуу бойдон олтургансың унчукпай. Жалпыбызды ойго салдың ошондо, Жаңы өскөн жапжаш, сулуу чырпыктай. Жандуу сөздөр бир келбесе бир келип, Жалгыз гана көздөр турду ирмелип. Сени коштоп жаныңдагы жандаган, Курбуң дагы сүйлөбөдү ийменип. Айтор ойлор бирбирине тең келбей, Биз олтурдук эскерүүгө келгендей. А мен сени карек менен аталбай, Көпкө олтурдум шайы кеткен ...

0 19893

Жаңы ажого ат арытып алыстан кат келди

23-октябрь 2017, 08:47 Камчыбек Бостон

Сооронбай Жээнбековго кат!!! Саламатсызбы биздин жаңы ажоо! Сиз бийликтин күчү менен ажоо болдузбу, же эл шайладыбы эми баркы жок. Сизден суранарыбыз, сиз эми кеткен ажоонун жолун улабай өз акылныз жана ыйманыңыз менен иш уланатың! Элдин кайрылуусун четке какпай! Өз мөөнөтүңүз бүткөнчө! Эски бийликтин маскасын чечиңиз! Кыргыз эли кыйналып кетти бизден жакшы билесиз!   Карапайым эл каяка барат коррупция күчөп турса! Өз ...

0 2278

Азамат Төкөров: "Беш жылдан бери жүрөмүн, белгилеп алып быйылды"

26-октябрь 2017, 14:13 Камчыбек Бостон

Көз көрүп оңой-кыйынды, Көкүрөк жутуп ыйымды. Чаалыгып иштен чарчасам, Чекеме сүртүп тыйынды. Беш жылдан бери жүрөмүн, Белгилеп алып "быйылды". Талаада тентип темтеңдеп, Эки сом тапсам энтеңдеп. Желкеге түшкөн түйшүктү, Жеңимди түрүп, жеңсем деп. Быйыл да калдым кеталбай, Эмдиги жылы кетем деп. Айталбай ичте бугумду, Алыска таштап туурумду. Баралбай жакшы-жаманга, Пеш тутуп беш сом пулумду. Темселеп жүрөм талаада, Жетелеп жүрбөй уулумду. Иштейм деп кетип атасы, Иштейм деп кетип апасы, Айылда калган балдардын, Ичинде канча капасы. Жыйырма жылда билинер, Бүгүнкү күндүн катасы. Сөгүлүп санга санаасы, Тентиди кыргыз, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 637

Асанбай кичи районунда кафе өрттөнүп жатат

22-октябрь 2017, 12:20 Камчыбек Бостон

Бишкекте бүгүн, 22-октябрда Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан "Ганбей" кафеси өрттөнүп жатат. Маалыматка караганда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт тууралуу кабар саат 10:15 чамасында келип түшкөн. Аны өчүрүүгө алгач 4 унаа жөнөтүлүп, кийин дагы 4 унаа барган. Азыркы тапта өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө. Өрт кафенин чатырынан чыккан деген божомолдор айтылып жатат. Кошумча маалымат берилет. Булак:NazarNews.kg

0 3261

Бир кездеги диктор эжекебизге колдоо керек

21-октябрь 2017, 09:07 Камчыбек Бостон

Калипа Ибрагимова союз мезгилинде Ноокат райондук радиосунда диктор болуп иштегенин замандаштары суктануу менен айтышат. "Чакан бойлуу, келбеттүү, тыпылдаган айым эле" дешет. Радиодогу дикциясы уккан адамды суктандырып турчу экен. Адам баласы ар кандай оор тагдырга туш болушубуз мүмкүн. Канчалаган замандашын сулуулугу, тунук дикциясы менен суктандырган диктор Калипа апа азыр аянычтуу тагдырга туш болуп отурат. «11 жыл чогуу жашаган жолдошум менен ажыраштым» - ...

0 771

Эмне үчүн кыргыз кыргызга ишенбейт?

21-октябрь 2017, 05:25 Камчыбек Бостон

Кыргыз кыргызга ишенбейт. Төрөлгөндөн өлгөнгө чейин. Тамак ичкени барсак өзбек, уйгур же кытай ашканасына барабыз. Кыргыз байкуш беш бармак менен ак серкени даярдап отурса да жакпайт.Улуттук ашканалар бош. Ижарасын төлөй албай эптеп күн өткөрүп эртең жакшы болуп калаар деген үмүт менен жашайбыз. Машинабыз бузулса  алкаш болсо да мейли деп орус издейбиз. Кыргызга бурамасын бураткыбыз келбейт. Уста издесек да аргабыз кетсе ...

0 2323

Таирбек Ерматов: "Буга чейин ойлобогом өлүмдү"

21-октябрь 2017, 04:51 Камчыбек Бостон

Буга чейин ойлобогом өлүмдү. Өлбөчүдөй алып жүрүп өзүмдү. Бирок бүгүн жерге берип бирөөнү. Мен өзүмдүн көрүп келдим гөрүмдү. Тар жер экен эки чарчы, кичине. Жалгыз пенде араң  батат ичине. Көргөн жанды калтыраткан ошол жер. Өлүмдөн соң түнөк экен кишиге. Ал адамды салып алып табытка. Бара жаттык мүрзө турган адырга. Жерге берип куран окуп биз кеттик. Ал жапжалгыз кала берди кабырда. Элестетип ал кабырда ...

0 2688

Москва муфтийи мигранттардан кооптонууда

21-октябрь 2017, 04:14 Камчыбек Бостон

Орусияда өзбекстандык мигранттарга бир катар жеңилдиктер берилет, ал эми тажикстандык мигранттардын арасында радикалдашуу коркунучу пайда болду. EurAsia Daily басылмасы "Тажикстан кумсаларды каттоого алды" деп жазат. Атайын тизмеге 370ке жакын кумса кирген. Бул жарандардын кумса экени министрлик жүргүзгөн "Ыйман" жана "Тазалык" аттуу атайын операциялардын алкагында аныкталган. Бийлик өкүлдөрү аларда ВИЧ илдетин жуктуруп алуу коркунучу жогору болгондуктан ыкчам каттоого алынганын маалымдашкан. Тажикстан ...

0 2334

Айгерим Кожобекова: "Унутуу"

26-октябрь 2017, 14:32 Камчыбек Бостон

Унутуунун терең сырын изилдеп, Чачырады ойлорум да бириндеп. Өчүргөн менен сүрөтүңдү бүт жерден, Элесиңди көрөм күндө элестеп. Унутууга бел байладым күч топтоп, Чогу өткөргөн күндү эстеп шолоктоп. Миң бир ирет биз башкабыз десем да, Кыялданам сен жөнүндө жомоктоп. Биргеликте келечекке жол салган, Убадалар биз экөөбүз антташкан. Баары бирдей урап түштү күбүлүп, Тааныш болдук эми болсо жатташкан. Азыркы эсим болсо эгер ошондо, Сенден оолак болоор элем көргөндө. Мүмкүн мага тагдыр сыноо салгандыр, Өкүнгөндөн пайда жок дейт ...

26-октябрь 2017, 14:32 | 2334
0 2778

Белгилүү актрисаларды төшөк мамилесине мажбурлаган продюсер жумуштан айдалды

21-октябрь 2017, 03:56 Камчыбек Бостон

«Рэмбо», «Авиатор», «Биллди өлтүрүү» тасмаларына продюсерлик кылып жүргөн белгилүү Голливуд продюсери Харви Вайнштейн өзү иштеген «The Weinstein Company» кинокомпаниясынан жумуштан айдалды. Себеби продюсер фильмге тартылгысы келген актрисаларды төшөк мамилесине мажбурлачу экен. Продюсердин курмандыгы болгон актрисалар Эшли Жадд менен Роуз Магкоуэн бул окуяны ачыктап элге айтып чыгышкан. Харви менен көп жылдан бери иштешкен актриса Мерил Стрип да досунун бул жоругун сындап ...

0 7287

Клара Алибекова: "Мени зордуктоого аракет жасаган адам арызымды кайтарып алышымды суранып жатат"

21-октябрь 2017, 03:43 Камчыбек Бостон

Ырчы Клара Алибекова аны видеого тартып, интернетке таратып жиберген милиция кызматкерлерине чара көрүлүшүн талап кылат. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-октябрда билдирди. Айтымында, аны видеого тартып интернетке таратып жиберген милиция кызматкерлерине жөн гана эскертүү берилген жана ишке баа берүү үчүн тергөө органдарына жөнөтүлгөн. "Милиция кызматкерлери менден кечирим сурап, арызымды кайтарып алуумду өтүнүп жатышат. Бирок мен буга макул эмесмин. Мени бүтүндөй элге уят кылган ...

0 1137

Азамат Төкөров: "Деги сен кимсиң, аял?"

20-октябрь 2017, 15:38 Камчыбек Бостон

Деги сен кимсиң, аял? Кимсиң деги? Ааламсың чоң ааламдын ичиндеги. Жанаша жашап жүргөн табышмаксың, Табылбас жандырмагың ичиңдеги. Эркектин эриш-аркак жары сенсиң, Көңүлгө ачуу-таттуу дары сенсиң. Бузулсаң бир улутту жер караткан, Уяты, намысы да, ары сенсиң. Мүнөзү мээримдүү да, ажаан дагы, Эрки бош, керек болсо тажаал дагы. Түн да сен - көзгө сайса көрүнбөгөн, Таң да сен - шоола ...

0 568

СҮРӨТ-Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып 3 адам жабыркады

20-октябрь 2017, 15:30 Камчыбек Бостон

Чүй облусунун Кемин районунда 2017-жылдын 20-октябрында саат 11:16да Жаңы-Алыш айыла аймагынын Жаны-Алыш айылында Бишкек-Нарын-Торугарт 86,5-чакырымында унаа жолунда Хово цементовоз үлгүсүндөгү мамлекеттик №S0972АК унаа менен КамАЗ үлгүсүндөгү мамлекеттик № KZ739HVA жүк ташуучу автоунаасы кагылышкан. Хово автоунаанын айдоочусу С.Э. 1996-жылы туулган Ысык-Ата району Нурманбет айылынын жашоочусу жана анын жургунчусу Ш. О. К. 1973-жылы туулган Чым-Коргон айылынын тургуну. КамАЗ унаанын айдоочусу К.С. 1975-жылы туулган Казакстан ...

0 685

Чүй ОИИББи: "Маевкада унааларга өрт койгон адам кармала элек"

19-октябрь 2017, 10:20 Камчыбек Бостон

Маевкада унааларга өрт койгон адам кармала элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. "Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү кармала элек. Күбөлөр өрт койгон адам 25-30 чамасындагы узун бойлуу киши экенин айтышууда", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен. Айта кетсек, 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү Аламүдүн районундагы Маевка айылы жана Ак-Босого конушунда онго жакын өрт ...

0 1676

Өмүрбек Бабанов: "Адам күйгөн сайын курч болот экен, биз бекем болдук"

16-октябрь 2017, 14:23 Камчыбек Бостон

"Мен ар дайым бийликти эч качан күч менен басып албайм деп айтып келем, жана айта берем. Ошондой эле азыр, жана келечекте дагы бийликти басып алалы деп жаткан жокпуз. Мен элден, шайлоочулардан жана командаман чагымчыл күчтөргө алдырбоону суранып кетет элем. Биз менин тарапташтарымдын, шацйлоочуларымдын жана үгүтчүлөрдүн укуктарын бир гана мыйзамдуу жол менен коргойбуз. Ошондой эле мен биздин жеңиш сөзсүз түрдө келечекте ишке ...

0 2337

С. Жээнбеков: "Бабановду командама кошоюн деген оюм жок"

16-октябрь 2017, 07:07 Камчыбек Бостон

Кыргызстанда кечээ (15-октябрда) өткөрүлгөн президенттик шайлоодо алдын ала эсептер боюнча шайлоочулардын көпчүлүк добушу менен алдыда КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков бара жатат. Ал жекшемби кечиндеги шайлоо аяктаган соң өткөргөн маалымат жыйынында атаандашы Өмүрбек Бабанов боюнча айрым суроолорго жооп берди. "Азаттык" үналгысынын кабарчысынын "(атаандашыңыз) Өмүрбек Бабановду командаңызга чакыргыңыз келбейби?" деген соболуна С.Жээнбеков: "Андай нерсе оюмда да жок", - деп жооп кайырды. Журналисттердин "коррупцияны Бабановдон баштайм ...

0 4703

Штаб: "Өмүрбек Бабанов эч жака качкан жок"

16-октябрь 2017, 06:57 Камчыбек Бостон

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов эч жакка качкан жок, учурда ал Бишкекте. Бул тууралуу Бабановдун фракциялашы, Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова билдирди. Айта кетсек, бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо өтүп, алдын ала жыйынтыктар боюнча Сооронбай Жээнбеков 54 пайыздан көп добуш алып 1-турдан эле утууда. Ал эми Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Бул алдын ала маалыматтар чыккан соң Өмүрбек Бабанов сыртка чыгып кеткени ...

0 1429

Адахан Мадумаров: "Бүл шайлоонун башка шайлоолордон айырмасы өлкө башчыбыздын болуп көрбөгөндөй үгүт ишине катыштыгында"

15-октябрь 2017, 14:44 Камчыбек Бостон

Мамлекет башчылыкка талапкер, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстандагы бул жолку президенттик шайлоонун өзгөчөлүгү деп өлкө жетекчилеринин үгүт иштерге мурда болуп көрбөгөндөй кийлигишкенин атоодо. Мындай пикирин Мадумаров бүгүн билдирди: - Эч качан мындай шайлоодо мамлекеттин башчысымын, өкмөттүн башчысымын деген кишилер желтамандай болуп мындай чимирилип жүргөн эмес. Өздөрү үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, мыйзамды бузуп, Конституцияны тебелеп, көз боёмочулук менен алектенип жатканы биздин ...

0 897

Өмүрбек Бабанов: "Атамбаев мага батасын берген, ал тууралуу жаман айткан эмесмин"

15-октябрь 2017, 17:50 Камчыбек Бостон

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин айткандарына жооп кайтарды. “Мага анын сөздөрү тууралуу канча жолу келип айтышты, бирок мен ал жөнүндө бир да жолу жаман айткан эмесмин” деди Бабанов. Ошондой эле ал бул жолку шайлоо таза өтпөй жатканын кошумчалады. «Президенттикке талапкерлигимди коёр алдында мен президент менен кеңешкем. Жеке өзүнүн батасын алгам. Ал “Ооба, президенттикке катыш. Биз өз талапкерибизди көрсөтөбүз, сен да ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 539

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо күнү

15-октябрь 2017, 10:47 Камчыбек Бостон

Бүгүн, 15-октябрь - Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү. Кыргыз эли жакынкы 6 жылга жаңы өлкө жетекчисин тандайт. Талапкерлер 1 айдан ашык убакыт үгүт иштерин жүргүзүп, теледебаттардан өтүштү. Бюллетенде 11 талапкердин аты-жөнү бар, алар: Адахан Мадумаров, Арсланбек Малиев, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Токтайым Үметалиева, Таалатбек Масадыков, Азимбек Бекназаров, Улукбек Кочкоров, Арстанбек Абдылдаев, Сооронбай Жээнбеков, Эрнис Зарлыков. Ал эми Камчыбек Ташиев жана ...

0 2544

СҮРӨТ-Куткаруучулар аскада калып кеткен Израил жаранынын сөгүн алып чыгышты

01-октябрь 2017, 17:09 Камчыбек Бостон

2017-жылдын 23-сентябры күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна өз алдынча Израил мамлекетинин эки жараны жана Франция мамлекетиинин эки жараны туристтик багытта келишип, Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Көл айылынан Кара-Камыш көлүн көздөй жөө жөнөп кетишет. 23-сентябрь күнү кечинде Кара-Камыш көлүндө түнөп калышат. 2017-жылдын 24-сентябрь күнү аталган 4 турист Сары-Челек көлүн көздөй жол тартышып, Көтөрмө ашуусуна келгенде атайын ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83