www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Бостон

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (370)

0 2171

Айгерим Кожобекова: "Өчүрбө апа"

01-октябрь 2017, 08:49 Камчыбек Бостон

Күйүп-бышып, чалып сурап, апакем: "Алло, кызым эсенсиңби кичинем? Түшүмдө көрдүм, сарсанаа болдум өзүңдөн" Деген алтын үндү угам дегдеген. "Жакшымын, апа, жүрөт кызың кыбырап, Кабатыр болбоң түшкө ишенип, жан кубат." "Анда неге чарчаңкыдай, аппагым, Угулуп жатат мага үнүң кырылдап?" Эх... апаке, кандай жансың билбедим, Мынча неге сезгич келет жүрөгүң? Калп сөз айтып жашырайын десем да, Мени менен кошо ооруп түтөдүң. Бирөө үчүн кылсам дагы ...

01-октябрь 2017, 08:49 | 2171
0 548

СҮРӨТ: Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып 3 адам каза болду

29-сентябрь 2017, 09:06 Камчыбек Бостон

Бишкек-Ош унаа жолунун 596-чакырымында жол кырсыгы катталып 3 адам каза болду Ош облусунун Өзгөн районунда 2017-жылдын 28-сентябрында 10:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 596-чакырымында «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаа менен «Ваз-2199» (Лада-Самара) үлгүсүндөгү унаа кагышкан.  Жол кырсыктын кесепетинен «Лада-Самара» унаадан 2 адам, «Хонда-Фит» унаадан бир адам каза болуп, 5 адам жабыркаган («Хонда-Фит» унааcынан 4 адам, «Лада-Самара» унаадан 1 адам).  Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №53-өрт-куткаруу бөлүмүнүн ...

0 2215

Бердибек Жамгырчиев: "Кыргыз кыздары"

24-сентябрь 2017, 08:55 Камчыбек Бостон

Жүздөрүнө жылдыз толуп, ай баткан, Жүрөк сырын көздөрүнө кайнаткан. Тоо гүлүндөй топ-топ болуп көрктөнгөн, Биздин кыздар келген деги кай жактан..? Кыргыз кызга шамал жетпейт камчылап, Кыргыз кызды жамгыр күтөт тамчылап. Сүйбөгөндө «Күн» берсең да карашпайт, Сүйлөгөндө тилдеринен чаң чыгат. Бойго жетип бышкан кезде алмадай, Карап гана тургуң келет кармабай. Көзүң өтүп, сөзүң өтпөй кээ кезде, Көңүлүңдө үшкүрөсүң, арман ай… Көп сырымды сууруп чыгып ...

0 1234

Азамат Төкөров: "Айтайын сөз ачыгын, угуп ал бир тууганым"

24-сентябрь 2017, 07:30 Камчыбек Бостон

Миң тогуз жүз сексен тогузунчу жыл. Ал кезде "сысысырбыз". Мейли дейли! Орустун тили-дили тамактан бууп, Ныгырып төбөбүздөн келди дейли. А бүгүн эгеменбиз! А бирок кыргыз тили өгөйлөнүп, Министр, депутаттар дөдөйлөнүп, "Тил күнү" деп майрамдаса, Ыр ырдап, комуз чертип сайрандаса, Анан кантип кейибейли?! Кыргызстан деген өлкө болгон менен, Кыргыз тил тебеленип калып калды. Турамын ичим сыздай, Кадимки "сысысырдай", "Ырасмий" деген атка шылтадың ...

1 686

Эне болуудан качпагылачы!!!

11-сентябрь 2017, 04:13 Камчыбек Бостон

Жараткан аялдардын даражасын бийик кылган. Анткени от менен чоктун ортосунда, бул жарыкчылык менен аркы дүйнөнүн ортосунда туруп төрөйсүң. Кудайга жалынып, жетимиш тамырың сыздап баланы дүйнөгө алып келесиң. Бул учурда периштелер курчап, аалам сага жылмайып турат дейт. Эң бир ыйык болгон энелик милдетти өтөөнүн биринчи мүнөттөрү ушинтип башталат. Баркырай колуңа келген наристеңди кучактап, эмчегиңден сүтүң диркиреп, дилиң жумшарып, өткөн өмүрүңдүн жаманы ...

11-сентябрь 2017, 04:13 | 686
0 1399

СҮРӨТ-Идирис Айитбаев Өзбек президенти белек кылган 3 бөлмөлүү батир менен унаанын ачкычын алды

09-сентябрь 2017, 09:46 Камчыбек Бостон

Кыргыз төкмө акыны Идрис Айитбаевге Өзбекстандын президенти белек кылган «Шевроле Малибу» автоунаасы менен 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын Андижан облусунун акими Ш.Абдурахманов расмий түрдө тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. Белекти тапшыруу аземи Андижан шаарында кечээ, 7-сентябрда өттү. Белек кылынган 3 бөлмөлүү батир Андижан шаарында жайгашкан.  Идрис Айитбаев өзбек лидеринин Кыргызстанга 5-6-сентябрда болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн президенттери катышкан чоң салтанатта өнөрүн тартуулаган. ...

0 2914

Төлөйкөн айыл аймагында колу байланган адамдын жансыз денеси табылды

06-сентябрь 2017, 16:54 Камчыбек Бостон

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында колу байланып, кабыргасы сынган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. "Жайлоодо табылган жансыз денени алгач жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда болжолдуу 20-25 жаштагы каза болгон адамдын колу жип менен байлануу, кийимдери жок жылаңач жатканын көрүшкөн. Анын денесинде көк тактар бар ...

0 2650

Бердибек Жамгырчиев: "Бул менин сизге ыр менен койгон эстелигим болсун эже"

04-сентябрь 2017, 13:49 Камчыбек Бостон

       Менин Элмира эжекеме деле "Эмгек сиңирген артистка",-наамын берсеңер болмок өз убагында, 15 жылдан деги ашты эле чыгармачылыкта тытынып иштеп жүргөнү, аткарган ырлары ар бир адамдын жүрөгүнө коргошундай уючу эле го, абдан ичим ачышып калды...           Элмира эжемди акыркы сапарга узатуу митингинде окуган коштошуу ырым, бул менин сизге ыр менен койгон эстелигим болсун эже...! Жан дүйнөнүн ...

0 577

СҮРӨТ-Бишкектеги "Азиз" базарынын административдик имараты жана кампасынан өрт чыкты

04-сентябрь 2017, 13:08 Камчыбек Бостон

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда 2017-жылдын 4-сентябрында саат 06:09 чамасында М. Ганди көчөсү 201-дарегиндеги “Азиз” базарынын болжол менен 600 чарчы метр административдик имараты жана кампа күйүп жатат.   Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №8-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин №4-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин №3-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана штаб иштеп жатат.   Саат 07:42де өрт чектөөгө алынды. ...

0 868

Фудбол боюнча 5 -сентябрда Бишкекте боло турган Кыргызстан-Мьянма беттеши токтотулду

04-сентябрь 2017, 12:37 Камчыбек Бостон

2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүүчү Кыргыз-Мьянма беттеши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда футбол боюнча Кыргыз өлкөсү-Мьянма беттешинин алкагында маалымат жыйында белгилүү болду. Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков кабыл алган. Беттештин токтотулганынын себебин оюн учурунда террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген кооптонуу менен түшүндүрүштү. Ал эми оюнду көрүү үчүн билет сатып алган ...

0 4110

Нуралы Капаров: "Эх жеңем, кайран жеңем"

04-сентябрь 2017, 12:15 Камчыбек Бостон

Эх жеңем, кайран жеңем жаш элең жайнап турган, казанда этиң бышып, чөөгүндө кара чайың кайнап турган. Жароокер жан элең бир, элпек элең, жаныңда жаткан эриң – менин агам жанда жок тентек эле. Ал сага ырыскы да, бакыт дагы, ал сага кырсык дагы, келтек эле. Эх жеңем, кайран жеңем, турмушуң чыбыры жок мелтиреген, күтүүсүз күү-шаа түшүп толкуп анан, таалайың «булт» деп качып ...

0 2874

"Тойский" ырлардан улам чыккан чыр

04-сентябрь 2017, 10:45 Камчыбек Бостон

Ырчылар азыркы заманда тойдон жакшы каражат табары баарыбызга маалым. "Заманың бөрү болсо бөрү бол" деп тойдун форматындагы, жеңил-желпи ырларды жараткан ырчыларды "маданиятты көтөрбөй эле, ырчылар той бизнеске өтүп кетти" деп сындагандар четтен чыгат. Ушул суроонун тегерегинде ырчылар да өз ара кайым айтышып жатышыптыр. Бир нече күн мурун Айгерим Расул кызы социалдык баракчасына "Көптөн бери унчукпай келдим эле, бирок сабырым түгөндү. ...

0 567

Илгери жана азыр...

03-сентябрь 2017, 21:48 Камчыбек Бостон

Илгери, учурашуп амандашуу – кадыресе адат болчу. Салам бербеген жашты кагып койчу. Той аш же баталарга барганда жаштар столго отурчу эмес. Акысыз (!) кызмата болушчу. Азыр бешиктен бели чыга электер чоң кишидей болушуп, эт шорпо качан тартылат экен деп эч кимди көзгө илбей каткырышып отурганын байкоого болот. Тааныбаган адамга Ассалому алейкум же Саламатсызбы, иштериңиз, маанайларыңыз кандай? – деп жылмайып шайыр ...

03-сентябрь 2017, 21:48 | 567
0 1116

Өмүр өтөрдөгү өкүнүчтөр

03-сентябрь 2017, 21:19 Камчыбек Бостон

Өмүр өтөрдөгү өкүнүчтөр же ажал келгенде адамдар эмнени арман кылышат? Атайын изилдөөчүлөр топтору өнүккөн, өнүгүп келаткан жана артта калган баары биригип 20 өлкөдө өмүрүнүн өтөрүнө аз калганда адам баласы негизинен эң көп эмнеге өкүнөрүн топтоп жаздырып чыгышты. Ичер суусу бүтүп, күнү жакындап калган бейтаптардан ж.б. кырсык чалгандардан жана башка түрдүү себептерден улам өлүм оозунда жаткандардан өз ыктыяры менен айтып беришин ...

03-сентябрь 2017, 21:19 | 1116
0 1179

Кыргыз жарандары Казакстандын Актобе калааасында жол кырсыгына кабылды. Жакындарын табууга жардам керек!

03-сентябрь 2017, 20:57 Камчыбек Бостон

Казакстандын Актобе облусунда кыргызстандык жарандар унаа кырсыгына кабылды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү бүгүн, 3-сентябрда билдиришти. Алардын айтымдарында, унаа кырсыгына кабылган сүрөттөгү жигит катуу жараат алгандыктан учурда ооруканада жатат. Анын жакындары менен байланышуу үчүн кыргызстандыктарга кайрылган. Кырсыктан канча адам жабыр тартканы туурасында азырынча маалымат жок.   “Сүрөттөгү жигит унаа кырсыгына кабылыптыр. Ал Россияга иштегени кетүү үчүн сапар алып бара жаткан. Жакын туугандары болсо ...

0 651

Москвада Мьянманын элчилигинин алдында акция өттү

03-сентябрь 2017, 22:35 Камчыбек Бостон

Москва борборундагы Мьянманын элчилигинин алдында жүздөгөн мусулмандар акцияга чыгышты. Алар Мьянмадагы рохинжа этникалык тобунун куугунтукка кабылышына нааразылыгын билдирүүдө. Орус маалымат каражаттары жазгандай, чогулгандар “Аллаху акбар” деп кыйкырышууда. Мьянманын элчилиги алдында өтүп жаткан акцияга полиция кызматкерлери да көз салып жатат. Калкынын көбү буддисттер болгон Мьянмада азчылыкты түзгөн рохинжа мусулмандары жергиликтүү бийлик тарабынан куугунтукка туш болуп келет. Мындан улам 75 миңден ашык рохинжа журт ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2514

Түгөлбай Казаков: "Наамды берсе жаш кезинен берсе жакшы болот деп мурунтан ойлоп келгем"

03-сентябрь 2017, 04:38 Камчыбек Бостон

КРнын Эл артисти, обончу, композитор Түгөлбай Казаков бир жылдан бери маданият жана маалымат министри болуп иштеп келе жатат. Чыгармачылыктын ийне-жибине чейин мыкты билген бул инсан министрликке келгенде көпчүлүк чыгармачыл инсандар үмүт артышты эле. Ошол үмүттөр канчалык деңгээлде ишке ашып атканын, делеге маданияттагы оош-кыйыштар тууралуу агай менен маектештик. – Агай, сиз маданият министрлигине келгениңизде “маданиятты түшүнгөн адам келди”дешип, чыгармачыл адамдарда кубаныч болгон. ...

0 1099

Эрнест Абдыжапаровдун уулун ким алдап кетти?

02-сентябрь 2017, 17:54 Камчыбек Бостон

Жакында интернет айдыңында өзүн журналист, акын, актёр катары сынап жүргөн Кудрет Тайчабаровду "алдамчы" деп жазган билдирүү тарады. Бул билдирүүнү белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун уулу, кинооператор, клипмейкер Санжар Абдыжапаров жазган. Мырзалардын ортосундагы пикир келишпестик укук коргоо органдарына чейин жеткен. Окуянын чоо-жайын билели деп өздөрүнө кайрылдык. Санжар Абдыжапаров:  "7-июлда мага Кудрет чалып Canon mark III үлгүсүндөгү фотокамераны 2 күнгө ижарага сураган. Ал камера ...

0 3428

Мырзайым Айтимбетова: "Мен жаңылып..."

02-сентябрь 2017, 16:07 Камчыбек Бостон

Бир дүйнөнү жоготуп алдым билбей, Бир дүйнөгө жолугуп чон жаңылып. Болоор болбос сезимди ыр кылыпмын, Болуп кетти кокустан чон жаңылык!.. Оор тийди ошол кезде билем сага, Ок тийип азыр мага жаткан сымал. Көп болду ал жаңылык бүткөнүнө!.. Көздөрүмөн күн нуру баткан сымал. Чөкпөшүн каалайт элен сүйгөнүңдүн, Чөгүп кеткем тунгуюктун тереңине, Түшүнүктүү болду окшойт айткандарым, Түшүндүрүп берүүнүн кереги не... Унутуп койсон керек биздин күндү, Унутуп койгом сени мен ...

0 969

Москвада теракт уюштуруу аракетин көргөн Өзбек жараны кармалды

02-сентябрь 2017, 14:17 Камчыбек Бостон

Москвада теракт уюштуруу аракетин көргөн Өзбек жараны кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Орусиялык басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Муродбек Кодиров аттуу Өзбекстандын жараны 1-сентябрда теракт уюштуруу аракетин көргөн. Ал эл көп чогулган жерде жардыруу уюштурмак болгон. Анын "Ислам мамлекети" тобунун активдүү мүчөсү экендигин, ага аталган топ жардырууну уюштуруу көрсөтмөсүн бергенин прокурор айтып чыккан. Кодиров Москвада 2017-жылдын март айынан ...

0 2122

Башы кесилген аялдын аты-жөнү такталды. Анын өлүмүнө эже-сиңди шектелүүдө

29-август 2017, 14:12 Камчыбек Бостон

Ошто таштанды урнасынан табылган жансыз дененин аты-жөнү такталды. Ал 1966-жылы Чоң-Алай районунда туулган А.Жумагүл болгон. Ош ШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыковдун айтымында анын өлүмүнө шектүү катары эже-сиңди кармалды. "А.Жумагүлдүн өлүмүнө 1990-жылы туулган У.А. жана 1980-жылы туулган Г.К. шектелүүдө. Алар эже-сиңди болушкан. Алардын бири У.А. маркумдун келини болгон", - деди Замир Сыдыков. Айта кетсек, 27-августта Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы Ош ...

0 1483

Айгерим Токтоналиева: "Жалгыздык"

03-сентябрь 2017, 15:32 Камчыбек Бостон

Апа , мен,  таптым аны жоготтум бат, кайра кайттым жалгыздыкка.Табышуу,  ажырашуу болгон адат, Табалуу сыноо сүйрөп алсыздыкка. Апа, мен,  сиздин жытты сагынгандай, Жыт алып издейм, жыттайм туш тарабым. Жалдырып жаратканга сүйүүм үчүн, Жазыксыз, жазаларым болду арбын. Мени апа, сооротпочу, алдабачы, Мезгилдин агымдары даба дебе. Ыйлайын, жер безейин кармабачы, Ырас де, сооп болот, чала деле... Анткени,  безүү, кечүү өтө жеңил, Аргаң ...

03-сентябрь 2017, 15:32 | 1483
0 598

Алмазбек Атамбаев: "Өзүм тарбиялаган жигит премьер министр болду"

28-август 2017, 14:52 Камчыбек Бостон

Президент Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковдун өкмөт башчы болуп дайындалышы боюнча пикирин билдирди. 28-августта Өзгөн районунда эл менен жолугушуу учурунда: - Өзүм тарбиялаган жаш жигит премьер-министр болду. Өкмөткө жаштар келишти. Алар мен баштаган жолдон барышат. Алар аягына чыга элек иштерди бүтүрүшөт,- деп айтканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады. 25-августта Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөттүн курамын бекиткен. Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай ...

0 805

Икрам Илмиянов: "Көкпардан жеңилгенибизге өкүнбөйбүз"

28-август 2017, 15:10 Камчыбек Бостон

Астанада көкпар боюнча өткөн дүйнө чемпионатында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы экинчи орунду алып калышы өкүнүчтүү эмес. Мындай пикирин өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын президенти Икрам Илмиянов "Азаттык" радиосунун казак кызматына комментарий берип жатып айтты: - Утулбай жүргөн команда же спортчу аз. Казактардын көкпар оюнунун эрежелери биздин көк бөрүдөн башкача болгонуна карабай, бул дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандыктар чеберчилигин көрсөтүштү. Максат орун алууда эмес, ...

0 8686

Сузакта ат сүйрөп кеткен 9 жаштагы баланын эки колу, башы үзүлүп каза болду

28-август 2017, 14:17 Камчыбек Бостон

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Ак-Терек айылында 9 жаштагы баланы ат сүйрөп кетип, эки колу, башы үзүлүп каза болду. Айылдаштарынан алынган маалыматка караганда, окуя 25-август күнү болгон. Быйыл 3-класска барууга даярданып жаткан М.Эрбол апасы жана бир туугандары менен бирге отун тергени чыккан. Бала апасынан обочороок жерде ат минип, отун өңөрөйүн деп жатканда ат үркүп кеткен. Баланын буту үзөңгүгө илинип ...

0 963

Мирлан Самыйкожо: "Ызалар ырга айланды"

28-август 2017, 04:57 Камчыбек Бостон

Улут белек уңгусу билинбеген, Уруу белек уюгу бириндеген. Уюткусу жок беле жети атаңдын, Улуулугун боюна сиңирбеген. Бөркү баштан түшпөгөн бийик Кыргыз, Көркү шамдай жаркыган билик Кыргыз. Бөлүнгөндө бүлүнөт бүтүмдүгүң, Бөлөктөргө жем болбой бирик Кыргыз! Тегиң жаман болчубу тентип кеткен, Тексиздердин артынан ээрчип кеткен. Мезгилдери болгонбу бабалардын, Мекенинин бир бурчун кемтип кеткен. Сайдын ташын сатпаган тирик Кыргыз, Салтын бийик сактаган жигит Кыргыз. Сан миң ...

1 1029

Балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү: "Ата-энемдин көзүнө карап суроолорума жооп алгым келет"

27-август 2017, 19:21 Камчыбек Бостон

Адатта балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн көбүнүн келечек жолу татаал келет. Чөнтөгүндө бир тыйыны жок, курсагын тойгузууга шарты жок өспүрүмдүн өз алдынча жашоого аттануусу кыйын. Каарманыбыз Кайрат Омурбек уулу бул татаал тагдырдан өз ордун табууга, өз күчү менен жогорку билимдүү болууга жетишкен. Каарманыбыз балдар үйүндөгү жана андан кийинки жашоосу тууралуу кеп салат. «АТА-ЭНЕМ БОЛСО ДЕЛЕ БАЗАРДА АРАБА СҮЙРӨМӨКМҮН ДЕП ОЙЛОЙМ» – Мени төрөлгөндө эле ...

0 1798

Көк бөрү: Кыргыз- Казак көк-бөрүчүлөрүнүн финалдык беттешүүсү аяктады. Эсеп 4-1

27-август 2017, 18:23 Камчыбек Бостон

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын курама командаларынын финалдык беттешүүсү аяктады. Оюнга токтоло кетсек.  Оюндун 4-мүнөтүндө Казакстандын көк бөрүчүсү Темирхан Айтпаев эсепти ачты. Оюндун 7-жана 10-мүнөттөрүндө Казакстан тарап 2 упай алып, эсепти 3:0.кылды.  Кыргыз тараптан 19-мүнөттө Рустам Тыналиев эсепти ачты. "Казанат" ат оюндары талаасында өтүп жаткан көк бөрү оюнунда 10 мүнөттүк алгачкы ...

0 2356

Ош шаарында аял кишинин кесилген жансыз денеси табылды

27-август 2017, 16:37 Камчыбек Бостон

Бүгүн, 27-августта Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы Ош мамлекеттик социалдык университетинин жанындагы таштанды челектен башы кесилген аялдын денеси табылды. Бул тууралуу  Ош ШИИБинин маалымат катчысысы Замир Сыдыков маалымдады. "Аялдын денесин бүгүн саат 10:30 чамасында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таштанды жыйнап жүрүп көрүп калышкан. Таштанды челекке 40-50 жаштардагы аял кишинин башы кесилген денесин таштап кетишиптир. Бир бутунун тизеден ылдый тарабын да кесүүгө аракеттенген, ...

0 863

Мушкер Флойд Мэйвезер Конор Макгрегорду нокауд менен жеңип алды

27-август 2017, 11:18 Камчыбек Бостон

Мушкер флойд Мэйвезер UFC уюмунда эки салмак категориясындагы чемпиону Конор Макгрегор менен беттешип жеңүүчү аталды. 10-раунда Мэйвезер атаандашын нокауд абаалына кетирип чемпиндук курун тагынды. Булак: NazarNews.kg

0 2339

Таирбек Ерматов: "Кыргыз азыр кызын бакпай калдыбы?"

26-август 2017, 23:10 Камчыбек Бостон

Кыргыз азыр, кызын бакпай калдыбы. Кыргыз азыр, кызын барктай алдыбы. Аял затын бийик койгон кыргыздын. Ата - салты, алыстарда калдыбы. Кимдин кызы, кыргыз кызы тентиген. Кимдин кызын, азап - тозок ээрчиген. Кыз келиндин, коргой албай намысын. Эркетердин, барк кеткенби эркинен. Кимдин кызы сойку болуп нан табат. Кимдин кызы, кул - күң болуп жан багат. Мына ушуга, жол берет да эркектер. Кыз келиндер, ...

0 3398

Аялы: "Алар бөтөн бирөөлөр эмес түшүнөт айтсаңыз"

27-август 2017, 22:38 Камчыбек Бостон

Күйөөсүнүн туугандарын урматтабаган аял. Ага күйөөсү кандай амал кылды? Үй бүлөлүк отурумда күйөөсү аялына: "Мен үй-бүлөмдү, бир туугандарымды, алардын балдарын сагындым. Сенден бир өтүнүчүм эртең түшкө тамак даярдап койсоң. Мен бүгүн аларды чакырып коем. Көптөн бери чогула элек болчубуз." Аялы анча жактырбай: "Кудай буюрса жакшы болот" - деп коет.  Күйөөсү: "Андай болсо туугандарымды чакыра берейин." Эртеси күнү эрте менен күйөөсү жумушуна ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 817

Ирандык келин күйөөсүнөн калың ордуна 1372 дарак отургузуусун сунуштаган.

26-август 2017, 11:57 Камчыбек Бостон

Ирандын батыш Илам провинциясындагы бир жаңы келин күйөөсүн “махр” (калың) төлөөнүн ордуна 1372 дарак тигүүсүн сунуштаган,- деп жазат Tehran Times гезити. Махр Иранда үйлөнүү келишиминде расмий түрдө жазылат. Махр бул - күйөөсү жубайына үйлөнөөрдө сөз берген милдеттүү түрдөгү нерсе. Махрды келин каалагандай белгилейт; ал акча, кымбат баалуу буюмдар, үй эмереги, участок же зыярат сапарлары болушу мүмкүн. Канчалык махр чоң суммада ...

0 707

Мукар Чолпонбаев: "Жогорку Кеңеш "чөнтөк парламент" экенин көрсөттү"

26-август 2017, 10:02 Камчыбек Бостон

"Жогорку Кеңештин бүгүнкү кезексиз жыйыны кыргыз парламенти көз каранды органга айланганын көрсөттү" деген пикирин билдирди бүгүн “Азаттык” радиосуна коомдук ишмер, мурдагы парламент спикери Мукар Чолпонбаев: - Биздин Жогорку Кеңеш көз каранды, “чөнтөк парламентке” айланып калганын дагы бир жолу далилдеди. Ал эми өкмөт ашып кетсе 3-4 ай иштейт, ошондуктан аларга ийгилик гана каалоого туура келет. Башка эч нерсе айтуу мүмкүн эмес. Кеп ...

0 5976

Жанар Акаев: "Эмне үчүн каршы добуш бердим?"

26-август 2017, 09:38 Камчыбек Бостон

Табиятыман ыргылжың позицияны жактырбайм. Парламент трибунасындагы талкууга даярданып отурдум эле, тилекке каршы, сөз берилбеди талкууга. Сапар Исаковго кымындай дагы жеке таарынычым жок, анын "реформатор жаштарына" да каршы эмесмин. Мен, муну менен өлкөбүздөгү соңку саясий куугунтуктарга, сын айткан медиаларды жабууга, саясатчылар жана журналисттер менен соттошууга, адилетсиздикке МАКУЛ эместигимди билдирдим. Же ошонун баарын дайыма айтып келатып, анан эле ошондой системаны кошо куруп ...

0 961

"Позитифф" командасы Астанада өткөн түрк тилдүү элдердин кубогунда баш байгени жеңип алды

26-август 2017, 09:06 Камчыбек Бостон

25-августта  Казакстандын Астана шаарында болуп өткөн түрк тилдүү элдердин Жайдарман Лигасында Кыргыздан барган "Позитифф" командасы баш байгени багынтты. Бул тууралуу аталган команданын капитаны Актан Рыскелдиев билдирди. Ал эми "тамашоучу" өздүк баракчасына кубанычтуу кабар дөнүндө буларды жазды: "Сүйүнчү! Кыргызстан сен үчүн! Жеңиш силердики. Жүрөгүмдүн ар бир согушу сиздер үчүн. Бизди колдогон ата-энелерибизге, дос-туугандарыбызга жана жалпы күйөрмандарга, казак туугандарга чоң рахмат!". Жайдарман Лигасына ...

0 547

Көк бөрү: Кыргызстан жана АКШ курамаларынын беттеши аяктады, эсеп 11:6

25-август 2017, 16:43 Камчыбек Бостон

Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз улакчылары АКШ курамасы менен беттеши орун алды. Беттеште биздин жигиттер алдыга чыгып оюнду 11:6 эсебинде аякташты. Булак: NazarNews.kg

0 8978

Назира Айтбекова: "Жалгыздык жандан өтүп сөөгүңдү какшатып ийген жазгы желдей"

21-август 2017, 07:06 Камчыбек Бостон

Биздин шоу чөйрөбүз көрүнүктүү, бычыкка сап болчу инсандардан куру кол эмес. Туңгуюктан жол тапкан, тилинен балы төгүлө сүйлөп, жан дүйнөңө бүлүк салчуу кыздарыбыздын бири Назира Айтбекова айымдын посттору оригиналдуулугу менен өзгөчөлөнүп келет. Өздүк фейсбукбаракчасында калтырган бүгүнкү посту анын өзгөчө ой жүгүрткөн инсан экенин тастыктап турат  Назира Айтбекованын өздүк баракчасынан алынган посту өзгөртүүсүз сунуштайбыз Жон эле ильхом келгенде чиймелеп ...

0 3481

Отурбай каякка барат элең, кыздын барар жери күйөө. Бизда ушунтип келгенбиз

27-август 2017, 22:50 Камчыбек Бостон

Сезим адаттагыдай эле эртең менен эрте туруп, шыпылдата уйларын саап бадага кошуп келди. Күндүн мурду али тоодон кылтыя элек. Арыдан бери сүтүн тартып, чыккан көк сүттү бышырып, айран уютуп койду. Үй азырынча тымтырс. Бир аздан кийин биринен бири кичине төрт баласынын бир сыйра ыйлаган, сием-чычам деген, нан, чай сураган жөжүрөгөн үндөрүнө, кайнене-кайнатасынын картымак жөтөлүнө бөлмөлөр толо баштайт. Ага чейин жаш ...

0 12335

Назира Айтбекова: "Аста сойлоп түлкүдөй кирип алып, бычак сайып жонуңа сатканы бар"

20-август 2017, 13:17 Камчыбек Бостон

Керней кылып алкымын алдым - жуттум, Арамданып акыңды алганы бар.   Тоноп туруп, тоодактай калкын -журттун, Тондурган соң, карганып танганы бар   Жокту дагы бар кылып , токуп чыккан  Чыркыраткан чындыктын  жалганы бар.  Төрт аягы тыбырап озуп чыкса Чылбыр салып, жолуңа чалганы бар.  Түрдүү беткап жүзүнө кийип алып,  Котур ташын койнуна катканы бар . Аста жойлоп түлкүдөй кирип алып,  Бычак сайып жонуңа сатканы бар.  Жалган сүрөт, жалган ат каттап алып,   Жүзүн катып, ...

0 1047

Жомоктогу жашоону эңсеген Сайра "сетевик" болуп бала-чакасын таштап кетти

27-август 2017, 22:50 Камчыбек Бостон

Келдинин аялы “сетевик” болуп иштегенине көп болду. Башында Келди аялынын майда-барат ишине көңүл бөлгөн эмес. “Мейличи эми” деп койгон. Өздөрү айыл жеринде турушкандыктан, дыйкан чарба, анан азыноолак малдан башка киреше булактары жок. Кадимки кыргыздын айыл жергесиндеги миңдеген карапайым үй-бүлөлөрүндөй эле нан-чайы кенен, бирок ашып-ташпаган тиричилик. Бир күнү  келинчеги Сайра эшиктен күлмүңдөп кирип келип, колундагы кармаган баштыгын ачып, ичиндегилерди көргөзө бажыраңдап ...

0 2018

СҮРӨТ- Орзубек Назаровдун кызы жол кырсыгына кабылып, оор абалда комада жатат

20-август 2017, 11:59 Камчыбек Бостон

Бокс боюнча Дүйнө чемпиону Орзубек Назаровдун кызы жол кырсыгына кабылып, оор абалда. Бул тууралуу спортчу өзү социалдык тармактардагы баракчасынын бирине жазган. "Достор, жардамга! Менин Аделинам комада. Кан керек. Кандын бардык тобу жарай берет. Канды Чыңгыз Айтматов жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кан берүү борборуна паспортуңуз менен келип берсеңиз болот", - деген Орзубек Назаров. Спортчунун билдиргени боюнча, кызынын кан тобу биринчи, ага ...

0 744

Азия континентинде аялдар эркектерге караганда 170 миллионго аз

20-август 2017, 11:10 Камчыбек Бостон

Азия континентинде эркектерге караганда аялдар аз. Мындай маалыматты БУУнун радиосуна таянып чет элдик маалымат булактары бүгүн, 19-августта жазууда. Берилген маалыматка ылайык, уул балага артыкчылыктарды берүүгө байланыштуу Түштүк, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азияда кеминде 170 миллион аял жетишпейт. Дүйнөнүн бул бөлүгүндөгү жашоочулардын дээрлик көпчүлүгү эркек балалуу болууну каалайт. Калктын мындай каалоосун ишке ашырууга акыркы жылдардагы УЗИнин түйүлдүктүн жынысын эрте мөөнөттө аныктап бергендиги ...

0 860

Өлкөдө жаш кадрлар жетекчилик кызматтарга келе башташты

19-август 2017, 13:17 Камчыбек Бостон

Акыркы убактарда мамлекеттик жооптуу жетекчилик кызматтарга жаңы, жаш кадрлардын келе баштагандыгына күбө болуудабыз. Өлкөбүз сапаттык жаңы баскычка чыгар алдында билимдүү жана демилгелүү, таза кадрларга басым жасалып жатуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындай жаңылануу жана жашаруу мамлекеттик жана муниципалдык башка органдарда да болуусун мезгил талап кылууда. Өз тажрыйбасынын негизинде жаш курактагы кызматкерлер топтолгон мамлекет өнүгүп өсөт. Тажрыйба менен жаш күч-кубатты айкалыштыруу ...

0 12297

Гүлнур Асанова: "Жалгыздыкка көнүп калдым"

18-август 2017, 00:41 Камчыбек Бостон

“Ашыкча даңктуулук адамзатын бузат, айга да барып кондурат” деген кеп бар эмеспи. Бирок бул сөз каарманыма байланышы жок. Гүлнур башында кандай болсо, ошол жөнөкөйлүгүнөн тайбай келет. -Гүлнур, маектешели десек эле тойдон колуң бошобойт.  Жакында  жакын курбуңа курбу болуп  турмуш жолуна узаттың. Сөздү ушундан баштасак… -Тиш доктур болуп иштеген Миргүл аттуу жакын курбумду  турмуш жолуна узаттык. Эң жакын курбум болгондуктан аябай толкундандым. Той ...

0 3567

"Уулуңуздун жансыз денеси моргдо жатат" деген кабар келди

27-август 2017, 22:53 Камчыбек Бостон

Вьетнамдагы согуштан үйүнө кайтып келаткан жоокер өзү чоңойгон Сан-Франциско шаарына келди да, үйүнө жетпей туруп, ата-энесине телефон чалды. – Апа, ата, үйгө жетейин деп калдым. Бирок, жалгыз эмесмин. Жанымда согушта мени менен чогуу болгон досум бар. – Албетте, балам. Чогуу келе бергиле. Кубанып тосуп алабыз. – Ошентсе да, бир нерсени айтып коеюн, досум согушта минаны басып алып катуу жарадар болуп, бир ...

0 816

Жыргалбек Ажиматов: "Эл баарынан тажагандай..."

18-август 2017, 00:02 Камчыбек Бостон

Улам бийлик алмашкан сайын биздин элге эмнегедир C₉H₁₃NO₃ жетишпей жаткандай. Ыкшоолонуп пассивдүү тартып, баарынан көңүлү калып, негатив маанайда болгондугу, пессимизм бийлеп алганы көп байкалып баратат... Курулай үмүттөрдөн, натыйжасыз арекеттерден, иштейин десе айлык аз, иш ачайын десе, он жактан суракка алган бийликчил органдардан тажады окшойт. Ар кимиси ардемени таңуулаган, туш тараптан каптаган түркчүл, батышчыл, арабчыл, орусчул ж.б.  "миссиялардан" тажады окшойт.  Кечээ башка, бүгүн башканы ...

0 1165

Бердибек Жамгырчиев: "Чындык өлдү, чындык өлбөй ким өлдү?"

27-август 2017, 22:54 Камчыбек Бостон

Чындык өлдү, чындык өлбөй ким өлдү? Чындыгы жок ушул жашоо түгөлбү? Тереңинде ырысы жок сотторго, Текебаев тепселгенде бир өлдү.. Убактылуу дөөлөтүнө манчыркап, Уурданышат сөөлөтүнө кан чуркап. Дарты күчөп кайда барат келечек, Дал ушинтип чындыгы жок жанчылсак. Чындык тарых, тепсесең да бузулбайт, Чындык калптын чөйчөгүнө сузулбайт. Өрттөй күйүп акыйкаты калкымдын, Өмүрбектин өмүрүндөй тызылдайт. Бийлик деген кол жоолуктай бүктөлгөн, Жалган дүйнө турбайт жалаң үстөлдөн, Ардангыла ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 535

Жакшы жышаан, алкоголдон баш тарткан айылдар арбыды

16-август 2017, 19:39 Камчыбек Бостон

Өлкөдө алкоголдук ичимдиктерден баш тарткан айылдар чынында эле арбыды. Ушул жылдын май айында “Барскоон” айылынын жаштар уюму тарабынан алкоголго чектөө киргизүү демилгеси көтөрүлүп, айыл өкмөт тарабынан колдоого алынган. Ал эми жакында Ош шаарынын Жапалак айылынын дүкөндөрүнөн 400 миң сомдук арактар атайын таштандыга ташылып жок кылынды. Бирок буга каршы чыккандар да болду. Көпчүлүк айылдарда эч кандай мыйзамы жок эле коомчулуктун жалпы ...

0 2168

Америкада элдин оозун ачырган мода. Ал жакта эми жаңы төрөлгөн баланын жатын тонун жеген модага айланып...

16-август 2017, 19:18 Камчыбек Бостон

Жылдыздар арасында бир кызыктай мода пайда болду – өзүнүн бала тонун төрөгөндөн кийин жеген, дейт IFL Science Бул кызык ишти Ким жана Кортни Кардашьяндар, Дженьюари Джонс жана башкалар кылды.  Баланын тонун жегендин ден соолукка пайдасы бар экенин далилдери болбосо да, бул жапайы идея популярдуулукка жетип атат: Youtube сайты тонду кантип даярдайт, кургатат жана, керек болсо, андан кантип коктейл жасайт деген рецептерге толгон. Амазондо, ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83