www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Бостон

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (370)

0 3000

75 жыл мурда тоңуп өлгөн жубайлардын сөөгү табылды

24-июль 2017, 10:42 Камчыбек Бостон

The Telegraph гезити 75 жыл мурда Альпыдагы мөңгүдө тоңуп өлгөн швециялык Марселин жана Франсин Дюмолин аттуу жубайлардын сөөгү табылганын кабарлады. Маркумдар Альпы тоолоруна 1942-жылдын 15-августунда уй сааганы чыгып, катуу бороондон улам кайтып келе албай калышкан. Алардын артында чиедей жети баласы жетим калган. Валейс кантонундагы мөңгү акыркы жылдары абдан тез эригендиктен, полиция сөөктөрдү деңиз деңгээлинен 2 615 метр бийиктиктен тапты. Алардын ...

2 4719

СҮРӨТ-Ошто кароосуз калган 30 жаштагы Нурбек эки буту баспай алган жаракатынан улам курттап кеткен

24-июль 2017, 09:55 Камчыбек Бостон

Ош шаарынын Черемушка кичи районундагы батирлердин биринде эки буту баспай калган Нурбек Боронов жалгыз жатат. "Ал кароого муктаж, бирок бир туугандары, жакын адамдары жок", - деп билдирди бүгүн, 24-июлда Нурбектин коңшусу Тынчтык Чырмашев билдирди. Анын айтымында, Нурбекти батирге шаардагы сулуулук салондорунун биринде иштеген кыздар алып келишип, батиринин акысын төлөп кетишкен. "Ал кыздар кайрымдуулук кылып батирдин акчасын төлөштү, кечкисин тамак-аш алып ...

0 1788

14 жаштагы кызды көлгө алып барган жигитке кылмыш иши козголду

24-июль 2017, 09:29 Камчыбек Бостон

Жашы жете элек кызды Ысык-Көлгө алып кетип калган жигитке карата кылмыш иш козголгонун Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлады. Маалыматка ылайык, 10-июлда 2003-жылы туулган С.К аттуу окуучу кыздын жакын бир туугандары издеп, кийин кыздын ата-энеси Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине кайрылып, кызын таап берүүнү өтүнгөн. “14 жаштагы кызды менен көлгө кетип калган 19 жаштагы жигит, кызды издөө иштери жүрүп жатканын билип, ал кызды ...

0 4195

Санжар Бердибеков: "Учурда бойдокмун, мындан аркы жашоомду тагдыр буйруганына жараша көрөбүз"

24-июль 2017, 09:14 Камчыбек Бостон

Куудул Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибеков да калың элге таланты менен таанылып калган. Акыркы учурда куудул тууралуу ар кандай сөздөр айтылып эле, өзү көрүнбөйт. Түштүк жергесинде гастролдоп жүргөн Санжар мырзаны кепке тартып, ал тууралуу маалыматтардын чын-бышыгын сурадык. – Санжар мырза, көрүнбөй кеттиңиз, кайда, эмне менен алек болуп жүрөсүз? – Мурдагыдай эле чыгармачылык менен алектенип гастролдо, тойлордо жүрөм. Гүлжигит Сатыбеков досум жыл сайын ...

0 1911

Кыз ала качуу боюнча эки жигит соттолду

24-июль 2017, 08:48 Камчыбек Бостон

Казакстандын Актөбө шаарында ала качууга катышты деген айып менен эки жергиликтүү тургун түрмөгө кесилди. 21 жаштагы Санат Умирзак адам урдоо беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 4,5 жылга эркинен ажыратылды. Ага жардам берди деп айыпталган Алдаберген Жумажанов 5 жыл абак жазасын алды. Жумажанов буга чейин башка иш боюнча соттолгон болчу. Окуя 14-июнда шаардык базарда болгон. Жабырлануучу кыз базардын коопсуздук кызматкерлеринин жардамы ...

1 11196

Уулубуз биздин ажырашып жатканыбызды билбесин

24-июль 2017, 08:38 Камчыбек Бостон

Ошол түнү кечки тамактан соң, аялым дасторконду жыйыштырууга киришкенде, колунан кармагылап, сага айтчу сөзүм бар дедим. Унчукпай кайра ордуна отурду. Көздөрүнө тигилип карай албай, уурданып тиктедим. Акыркы күндөрү ойлуу тартып кеткен мүнөзүн байкамаксан болуп жүрүп, азыр гана көздөрүнөн кандайдыр бир муңканууну көрдүм. Кантип сөз баштоону билбей калдым. Бирок ага болгон оюмду айтышым керек болчу. Ажырашалы дедим. Жай тон менен айттым. Сөздөрүмө ...

0 2661

Улгайганда кароосуз калган Айшакан эне: "Ар кимдин үйүндө эптеп күн көрүп келем"

23-июль 2017, 19:32 Камчыбек Бостон

Ош облусунун Өзгөн районунда туулуп өскөн 84 жаштагы Айшакан Абдурасулова кароосуз калып, ар кимдин үйүндө күн кечирип келет. Багаар-көрөөр адамы жок жалгыз калган карыянын жашоо-турмушу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы таанышып келген. Ар кимдин үйүндө эптеп күн өткөрөм Айшакан Абдурасулова учурда Жалал-Абад шаарында бейтааныш адамдар убактылуу жашап турууга берген бир бөлмөлүү үйдө күн кечирип келет. Өзү турак жайынан, ...

0 1139

Орусиядан Кыргызстанга ата-энесинен кароосуз калган беш баланы алып келишти

23-июль 2017, 17:45 Камчыбек Бостон

Россиядан Кыргызстандын бала багуучу органдары ата-энесинен кароосуз калган  жашы жете элек  беш баланы мекенине алып келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, балдар КРнын Россиядагы элчилигинин жана Кыргызстандын Эмгек жана өнүгүү министрлигинин биргелешкен иш-аракетинин натыйжасында кайтарылды.   Россиядагы КР элчилиги  балдарга тиешелүү туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жарандыгын ырастоочу документтерди иштеп чыгууга жардам берди . Булак:

1 8534

Жаагынды жап дегенге жарабай, булбул үнүн уккандай мемиреп бараткан биздин жигиттерге жиним келди

23-июль 2017, 16:47 Камчыбек Бостон

Бир кычыкта жайгашкан мекемени таппай, аябай убараландым, ары басып, бери басып акыры жумуштарым бүткөн соң маршруткага чыктым. Маршрутка бош эле, артымда бир жигит отурган, анан бир эки жигит чыгып калды, алар бири бири менен акырын таанышып, сурашып баратышты. Бир аздан кийин эле үч, төрт өзбек улутундагы жигиттер да чыгып келишип, арт жактан орун алып отуруп калышты. Аңгыча маршруткада толуп калды. ...

0 1329

Бизге керек болсо өз туугандарыбызда акча төлөп берет. Ырчылардын кыжырына тийген 6 учур

23-июль 2017, 15:08 Камчыбек Бостон

Булбул үндүү ырчылар обон созуп койсо эле жашоосунда баары сонун деп ойлойбуз. Бирок, сиз алардын эмгегин баалабай койсоңуз ичиндеги ажыдаары ойгонуп кетиши мүмкүн. Атын атагысы келбеген ата-мекендик ырчылар Sputnik Кыргызстан агенттигине агынан жарылды. 1. Ырчылар арасындагы көрө албастык. Чындыгында өнөр адамдары сезимтал болот. Бизде ичи тардык тамырлап алган. Кайда барба ор казышат. Айланайын, ар бир адамдын ырыскысы ...

0 1531

КӨЗ ЖАШ: "Ата-энем Москвада аларга дуа кылып коюңузчу"

23-июль 2017, 14:52 Камчыбек Бостон

Болгон окуя. Бир күнү 4-5класста окуп калган бир бала мечитке кирди. Мурдунан суу куюлган, карегине жаш толуп турат. Тартынбай жакын келип "силер дуба кыласыңарбы?"-деп сурады. Ооба, кел келе кой кимге дуба кылуу керек эле - деп ичке киргиздим. -энеме........ сөзүнүн аягы жок мукактанып сүйлөдү бала. Ата-энең кайда? Эмне болду эле? - дедим мен. Оор үшкүрүнүп алып, "ата-энем Москвада, аларды сагындым, көп болду көрө ...

0 1253

Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз кызы эч качан бетин жапкан эмес"

23-июль 2017, 10:24 Камчыбек Бостон

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдөгү Курманжан Датка атындагы көчмөн цивилизациясы борборунда “Алтай конушу” көргөзмөсүн ачып жатып билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Мамлекет башчы комплекске бекеринен Алай ханышасы Курманжан Датканын аты берилбегенин белгиледи. Ал полковник Маннергейм тарткан сүрөттөрдү көрсөтүп: — Бул ат минип түшкөн уникалдуу сүрөттөрдүн бири. Ал өзүнүн 96 жашында оңой эле ат минген. Курманжан Датка ...

0 2041

Айгерим Кожобекова: "Кечээ ким элек?"

23-июль 2017, 10:08 Камчыбек Бостон

Кечээ ким элек? Бүгүн мына ким болдук? Акылсыздар эл башкарса тим болдук. Атасы байлар баш көтөрүп эрденип, Жөнөкөй журт тепселенип кор болдук. Кечээ ким элек? Кана эми ким болдук? Бийлик жандап, өзгө журтка кул болдук. Калайыктан ынтымакты качырып, Тили ажаан адилетсиз калк болдук. Кечээ ким элек? Бүгүн анда ким болдук. Дөөлөттү кууп, мансап үчүн көр болдук. Манасымдын осуятын унутуп, Кыргызыма кыргыздарым кас ...

0 5252

Гүлзат Бектемир: "Жалгыздык, күзгү жана ойго сиңген саясатчы"

22-июль 2017, 21:34 Камчыбек Бостон

Ал бүгүн да түшүнөн чоочуп ойгонду. Бирок, жаздыктан башын көтөргөн жок. Акырын оң капталга башын бурду. Көзүнөн аккан жашты сүртүп да койбой мелтиреп жата берди. Бул батирде жалгыз жашаганына 3 жыл, ал эми  жумушсуз жатканына алты ай болгон эле. Бул аралыкта  канчалаган жоро-жолдошу өзүнөн-өзү жок болуп кеткен. Айрым туугандары да далысын салып калган эле.  Энесине да көптөн бери таарынып жүргөн. ...

0 15614

Айгерим Токтоналиева: "Тасма көрдүм, мойнума алам жалгыз эмес"

22-июль 2017, 18:51 Камчыбек Бостон

Тасма көрдүм, мойнума алам жалгыз эмес, Таңыркаба башка тандооп болгону жок. Мурунку орун, экинчи сап, төрт жана беш, Мунун баары көңүлүмө толгону жок. Ичтим шире, кычкыл таттуу аралаш, Ирээти жок санаа сыңар миң жутум. Фильм сүйүү, балким тагдыр тууралуу . Маанилүү эмес! Керек сени унутуум... Унутам деп айткан сөзгө каршылаш, улутуна күчөйм, кайра эске алам. Ушул жайга багыт берсе сагынуу, Убайым жейм! ...

2 25111

СҮРӨТ-Венера Маматалиева: "Стресстен улам боюман козголуп балама бир нерсе болсо мыйзам алдында жооп беришет"

22-июль 2017, 21:41 Камчыбек Бостон

Кечээ күнү эле «Соцсетте атасындай болгон түрктүн кучагындагы кыргыз кызынын сүрөтү кызуу талкууга түштү» аталышындагы макала  жарык көргөн эле. Интернет айдыңында талкууга түшкөн айымыбыздын аты- жөнү Венера Маматалиева экендиги жана анын өмүрлүк жары чындап эле түрк улутунан болгону аныкталды. Баш кошкондоруна 2 айдын жүзү болуп, азыркы учурда түгөйлөр наристе күтүп жатышкан чагы экен. Интернет жана тааныштары аркылуу табышкан түгөйлөр биздин ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2355

Тажикстанда 20 милиция кызматкери семиз болгону үчүн жумуштарынан айдалышты

22-июль 2017, 17:38 Камчыбек Бостон

Тажикстандын Ички иштер министрлиги ашыкча салмагы үчүн 20 милиция кызматкерин жумуштан кетирди. Бирок, алар нормага ылайык келген салмакка түшсө кайра ордуларына келе алат деп жазат “Авеста” агенттиги. Журналисттер менен болгон жолугушууда ИИМ башчысы Рамазон Рахимзода милициянын катарында кызмат кылгандар үчүн өзүнүн критерийлери, талаптары жана нормалары бар деди. “Биз өздүк курамдын талап кылынган стандарттарга жооп берээрин текшердик. Ашыкча салмак үчүн 20 милиционер жумуштан ...

0 3836

СҮРӨТ- Боорун алмаштырууга муктаж болуп жаткан бейтап: "Үч баламдын мага эркелегин көрүп ыйлап алам"

22-июль 2017, 17:27 Камчыбек Бостон

Ичи шишип, бир жылга жакын төшөктө жаткан Майрамбек Качкынов боорун алмаштыруу зарыл экендигин айтып берди. "Буга чейин ден соолугум аябай жакшы болчу. 2008-жылдан тартып ооруп баштадым. Дарыгерлер гепатит-Б дарты деп аныкташты. Акыркы бир жыл аралыгында төшөккө жатып калдым. 7 ай мурда ичим шишип баштады. Дарыгерлер боорду алмаштырууну сунуш кылышты. Бирок ал үчүн 41 миң доллар керектелет экен. Операция Индияда жасалат ...

0 1224

Рустамов Абдыкалыктын алкымы аңырайып бараткандай

22-июль 2017, 17:09 Камчыбек Бостон

2010-жылдагы Апрель окуясында шейит кеткен балдардын аркасы менен үлкөн кызматтарды баса жыгылып, анан эл үчүн жанын кыйган жигиттердин арбагын сыйлабастан, элдин кусуру урат дегенди ойлобостон, жеке өзүнүн гана кызыкчылыгы менен байлык жыйнаганга киришкен аткаминерлер бар экени ачыкка чыгууда. Алардын бири Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов экени премьер-министр өткөргөн жыйында ачыкка чыкты. ...

1 3295

Москвадагы жол кырсыктын айынан 22 жаштагы кош бойлуу келин каза болду

23-июль 2017, 17:51 Камчыбек Бостон

Авто кырсык Россиянын Ленинград шаарында болгон. «КИА-Рио» авто унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдун четиндеги тосмодон өтүп барып 30 жумалык боюнда бар 22 жаштагы Алтынайды катуу сүзгөн. Жаракат алган Алтынай ооруканага жеткирилген. Ооруканадан баланы аман алып калуу үчүн кесарево кылышкан. Бирок, баланы сактап калуу мумкүн болгон эмес. Ал эми Алтынайды өмүрүн аман алып калыш үчун доктурлар экинчи жолу операция кылышканы менен ...

0 2328

Сага ыраазымын, сени жакшы көрөм уулум

22-июль 2017, 16:27 Камчыбек Бостон

Чогуу түтүн булатып калганыбызга 21 жыл болуп калган. Бир күнү аялым айтып калды. – Мен сизди сүйөм, бирок менден да сизди көбүрөөк сүйгөн бир аял бар. Бүгүн ал аялды жакшы бир ресторанга кечки тамакка чакырып, аны менен кечинде шаарда сейил куруп, кино көрүп көңүл ачып келишиңизди каалайм. Менин түшүнбөй калганымды байкагандай, аялым сөзүн кайра улантты. – Ким ал деп атасызбы? ...

0 2278

Москва шаарында сойкулукка шектелип кыргыз жана өзбек кыздар кармалышкан

21-июль 2017, 15:46 Камчыбек Бостон

Москва шаарындагы Текстилчилер көчөсүндөгү үйлөргө рейд жүргүзгөн жергиликтүү полиция сойкулук менен алектенгендер байырлаган притон табышты. Бул тууралуу полиция жергиликтүү маалымат булактарына билдирген. Массаж кызматын көрсөткөн салондун ичинен Орусиянын ар кайсы шаарынан жана Өзбекстан менен Кыргыз өлкөсүнөн барган кыздар кармалган. Аларды кардарларга сексуалдык кызмат көрсөтүүгө шектешүүдө. Арасынан алтооно "сойкулук менен алектенет" деген күнөө менен административдик протокол түзүлдү. "Булар менен катар 51 ...

0 3324

Мырзайым Айтимбетова: "Азырынча унчукпайм!"

20-июль 2017, 04:07 Камчыбек Бостон

Бүгүн жамгыр мендей болуп тамчылап, Булуттарын сүрдүрбөдү шамалга. Мындай күндөр өтөт дагы канча убак, Мырзайымдын айтаары көп аларга. Капа болгон, капаланткан аярлар, Кааласаңар менден артык тапкыла. Мен баштасам бүтпөй турган баян бар, Мендик делген эшиктерди жапкыла!  Ар бир тамга, ар бир сөздөй, ар саптай, Сүйлөйт ырлар мезгил келсе жооп болуп. Азырынча унчукпайын тангалтпай, Чоочушпасын чоң тагдырдан кооптонуп. Таарынышсын, жаман көрсүн мени алар, Таарынганга ...

1 7711

Бердибек Жамгырчиев: "Мен билген бир кыз"

20-июль 2017, 03:47 Камчыбек Бостон

Мен билген кыз бар эле, мезгилди алаксыткан,  Мээлешип далай көздөр турчу эле карап туштан. Байланып ошол кыздын жан эзген ажарына, Бир далай досторумдун жүрөгү канап чыккан. Жетем деп сабагына дал ошол ыйык гүлдүн, Желпинип бар дүйнөмдү далай жыл күйүктүрдүм. Ок болуп ойрон жаным түбүнөн омкорулуп, Окууну ойдон алып мен дагы сүйүп жүрдүм. Чыдамы кетип күндө туйлаган байкуш жандын, Чыгалбай ашыктыктан бариктей кайкып ...

0 1595

Жаш кезинде сүйүшүп жүрүп бирок ошол убакта турмуш кура албай калган абышка менен кемпир 90го жашка чыканда баш кошушту

20-июль 2017, 00:49 Камчыбек Бостон

Түндүк Каролинада 88 жаштагы Эд Селлерс менен 89 жаштагы Кэти Смит 70 жылдан кийин үй-бүлө курду. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, Кэти Смит менен Эд Селлерс 1940-жылдары таанышып, бири-бирин сүйүп калышкан. Бирок алардын ата-энелери үй-бүлөө курууга тыюу салган. Ошол убакта алар жаңыдан таанышканда жылдары 14-15 жашта болчу. Ата-энелери бири-бирин диний түшүнүүчүлүк катары гана көрүшүүгө уруксат ...

1 2747

Эки колуна тең башка бирөөнүн колдору салынган 10 жаштагы баланын колу өз алдынча кыймылдап калды

20-июль 2017, 00:32 Камчыбек Бостон

2015-жылы америкалык Зион Харви аттуу өспүрүмдүн кесилген эки колунун ордуна донордун колдору салынган. Ал мындай оор операцияны башынан өткөргөн эң жаш адам эле. 8 жаштагы Зионго операция ийгиликтүү жасалып, 2 жылдан кийин өз алдынча колдорун эркин кыймылдата баштагандыгы тууралуу жазылат чет элдик маалымат булактарында. Зион учурда вилка, бычакты өз алдынча кармап, өзү кийинип калды. Жакында эле бейсбол ойноп жакындарын кубандырган. ...

0 4718

Оштун казысы жергиликтүү өзбектерди күйөө баласына 40 күн тамак ташыган салтан баш тартууга чакырды

20-июль 2017, 00:28 Камчыбек Бостон

Бул тууралуу Ош шаардык казыятынын маалымат кызматынын башчысы Абдилазиз Абдырахманов билдирди. Анын айтымында, мындай пикирин казы 3-4 жылдан бери жаназа окуган жерлерде, жума намаз учурунда айтып келет. Бүгүн, 19-июлда Ош облусундагы Жапалак айыл өкмөтүнүн тургундары менен болгон жолугушууда да өзүнүн бул пикирин билдирип, калкты ысырапкорчулуктан арылууга чакырган. Казы исламда эркек киши үйлөнгөндөн кийин өзүнүн жарын өзү багуусу керек экендиги жазылганын ...

0 17413

СҮРӨТ- Ырчы Сайкал Бөрүбаева: "Эрте турмушка чыгууну кыялданчуумун буйруса ал максатыма да жеттим"

17-июль 2017, 08:47 Камчыбек Бостон

Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, Мажиттин карындашы ырчы Кызсайкал Бөрүбаева турмушка чыкты. Бул тууралуу Бөрүбаева бүгүн, 16-июлда  билдирди. "Жаш болгондугума байланыштуу ата-энем каршы болуп жүргөн. Бирок жолдошум Эрнист менен 1 жылдан ашык кыз-жигит мамилесинде жүргөнбүз. Эрте турмушка чыгууну кичинекей чагымдан эле тилек кылгандыктан, экөөбүз сүйлөшүп, мени ала качып келди. Учурда бары жакшы", - дейт ырчы. 6 жашынан тартып сахнага чыккан Кызсайкал ...

0 5642

Абдылда Иманкулов: "Аялым жокто үйгө киши келсе дасторконго нан коё албайм"

17-июль 2017, 01:27 Камчыбек Бостон

 Аял - эркектин тиреги, үйдөгү маселелерди чеччү адам. Аялсыз турмуш болобу, аял жок үйдө кут болбойт. Аялсыз үйдө мээрим, жылуулук жок. Аялым жок учурда үйгө киши келип калса керек болсо дасторконго нан коё албайм. Кирип-чыгып эле «азыр» деп жүрө берем. – Мас болуп келгениңизде аялыңыз кандай тосуп алат? – Мас болуп келгенде кандай тосуп алганын билбей каласың да. Ал эми ...

0 3925

Биз жеңил ойлуу эмеспиз! Стюардессалардын көңүлүн оруткан кардарлар

17-июль 2017, 01:18 Камчыбек Бостон

Асман, учак, эртең менен Москва, кечинде Дубай... Бир караган кишиге борт коштоочулардын жашоосу жомоктогудай сезилиши мүмкүн. Бирок, айрым учурда жүргүнчүнү карап жылмайган стюардессанын жини кайнап атышы ыктымал. Анткени эң оор басырыктуу деген борт коштоочуну дагы өзүнөн чыгарып ийчүдөй кылык-жоруктары бар кардарлар жок эмес. Көздөгөн жерине жетип алыш үчүн дегеним, кээде мас же соо деле абалда чатак чыгарган кардарлар үчүн ...

0 4449

Кыргызстанга Президент болом дегендердин саны 29 жетти (тизме)

16-июль 2017, 18:00 Камчыбек Бостон

Президенттик шайлоого 3 айга жетпеген убакыт калды. 16-июлга карата президенттик шайлоого катышууга БШКга арыз бергендердин саны 29га жетти.  24 талапкер президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жатат. Алар: Назарбек Нышанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы; Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Арстанбек Абдылдаев, “Аурдин” ишканасынын директору; Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты; Рита Карасартова, “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси; Бакыт Дегенбаев, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы; Сайнидин Султанидинов, Латвиянын “Маро” ...

1 35426

Модель Жибек Нукуеева каза болду

16-июль 2017, 16:20 Камчыбек Бостон

Жибек Нукеева былтыркы жылдын акыркы айларынан бери рак илдети менен күрөшүп келген "Кыргызстан чүрөгү — 2013" наамынын ээси Жибек Нукеева узак убакка созулган оорудан улам көз жумгандыгын коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. "Тынч жат, Жибек! Бүгүн Жибек Нукеева дүйнө салды. Экөөбүз таанышкан күндөн тарта мен анын жумшак мүнөзүн жана жаркындыгын баалачумун. Бул биз үчүн орду толгус жоготуу", — деп жазды Молдокматова  Эске ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 5097

Эгиздер энеси өтүп кеткенден кийин 4 айдан соң жарык дүйнөгө келишкен

16-июль 2017, 15:49 Камчыбек Бостон

Дүйнөлүк медицинада сенсациялуу окуя орун алды. Дарыгерлер 123 күндөн бери балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшкөн. Мындай көрүнүш медицинанын өнүккөн тажрыйбасынын негизинде болгонун чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, 21 жаштагы Франкилен да Сильванын кош бойлуу болгонуна тогузунчу ай болгон. Ай күнү келип оор абалда ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй мээсине кан куюлуп, каза болуп калды. Андан кийин курсагында ...

0 2493

21 мышыкты өлтүргөн АКШ жараны 16 жылга эркиндиктен ажыратылды

16-июль 2017, 12:15 Камчыбек Бостон

АКШнын Роберт Рой аттуу жараны 21 мышыкты өлтүргөндүгү үчүн 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 15-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Калифорния штатында 2015-жылдын сентябрь айынан тарта мышыктар дайынсыз жоголуп, кийин өлтүрүлгөн жеринен табылып жүргөн. Арадан бир ай өткөң соң полиция кызматкерлери унаасынын ичине мышыктын өлүгүн салып уктап жаткан жеринен 26 жаштагы Калифорния штатынын Роберт Рой аттуу тургунун ...

1 3663

Съездек Искеналиев: "Мына минтип" бир айда 5 миң доллар табат деп күткөн эмесмин"

16-июль 2017, 12:02 Камчыбек Бостон

Сахнага алгач чыкканда эле узун чачы, териден жасалган кийими, андан кийин «Боз салкын» тасмасында Мураттын образы менен элдин эсинде калган ырчы Съездбек Искеналиев жакында эле шоу-бизнеске дагы бир жаңылык киргизди. Ал өзгөчө стилдеги «Мына минтип» аттуу поппури ырын жарыялап, чыгармасы учурда тойлордун көркүн ачууда. Бул ыры менен ырчыга күн сайын аз дегенде эки-үч тойго чакыруу түшүп, ити чөп жаткан мезгил. Мындан ...

0 3140

Мухтар Атаналиев: "Менин жүздөн ашык бажам бар"

16-июль 2017, 11:40 Камчыбек Бостон

Атактуулар айылында “Бажа бажаны көрсө башын тырмайт” деген кеп тегин жерден айтылып калбаса керек. Адатта эже-сиңдилер бири-бирине сырын айтып, чер жазыша сүйлөшсө, бажалардын да бири-бири менен мамилеси ынак, жакын болот экен. Бажалар чогулган жер бака-шака түшүп, тамашалуу сөздөр жаңырып эле жатып калганына сиз деле күбө болуп жүргөндүрсүз. Ал тургай бажаларга байланыштуу кызыктуу окуялар да четтен саналат. Келиңиз, таанымал мырзалардын бажалары тууралуу ...

0 4455

Эми Чыныбайды "чык эшике, эшикти сыртынан жаап коой" деп партиядан кууп чыкпаса болгону

16-июль 2017, 11:21 Камчыбек Бостон

Фарид Ниязов: “Эгер Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкерлигин алып чыга турган болсо, анда ага КСДПнын катарынан орун жок”   “Эгер Чыныбай Турсунбеков президенттикке талапкерлигин алып чыга турган болсо, анда ага КСДПнын катарынан орун жок. Съезд партиянын жогорку башкаруучу органы. Устав боюнча партиянын бардык мүчөлөрү съезддин чечимин кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү. Бүгүнкү съезд партиянын атынан президенттикке бирдиктүү бир талапкерди – Сооронбай Жээнбековду ...

0 6910

Казаны менен төгүп алган кадыр баркын Чыныбай акебиз билди бекен

16-июль 2017, 11:00 Камчыбек Бостон

Кечээ 15-июлда болуп өткөн КСДПнын курултайында ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков акыркы бир нече жылдан бери кашыктап чогултуп келген саясый кадыр-баркын «казаны» менен көмкөрүп салгандай эле болду. Ичте бугу, түйүлүп жаткан ызаасы бар экендигин сүйлөгөн сөзүнөн эле билдирип алды. Баарынан кызыгы «орусчасы нөл» Чыкебиз маркум Салижан Жигитовдун «кыргызга орусча сүйлөбөсөң түшүнбөйт» деп тамаша-чыны аралаш айткан сөзүн мисалга келтирип, өз сөзүн орус ...

0 3568

Дүйнөдөгү эң жаш студент

16-июль 2017, 10:50 Камчыбек Бостон

2012 жылдын ортосуна карата дүйнөдөгү эң жаш студент болуп Танишк Абраам саналат. Танишк 2 жылдан бери (2010)  American River College дин  «Палеонтология жана астрология» факультетинде ийгиликтүү илим алып, бакалавр даражасын алууга ишенимдүү бара жаткан кези. Университетке 7 жашында, жалпы-федералдык интеллектуалдык тестти "мыкты” деген баага берген соң кабыл алынган. АКШнын мыйзамы жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн мектептик аттестатты жана жашы 16 жеткендигин ...

16-июль 2017, 10:50 | 3568
0 8885

Айфондун жардамы менен апасын өлүмдөн куткарып калды

16-июль 2017, 10:33 Камчыбек Бостон

Улуу Британияда төрт жашар бала апасынын өмүрүн сактап кала алды, деп кабарлайт The Next Web басылмасы. Эс учун билбей жаткан апасын көргөн уулу апасынын пайдаланып жүргөн iPhone телефонун таап, Home баскычын басып, андан кийин Siri тиркемесине кошулат. Добуштук тиркеме баланы өзгөчө кырдаалдар кызматы менен байланыштырат. Бала аларга апасынын дем албай, козголбой жатканын айтат. Ал диспетчетдин суроолоруна ишенимдүү жооп берген. Баланын диспетчер менен ...

0 2322

Биз сүйгөн аял заты сырды 32 мүнөт араң сактай алат

16-июль 2017, 10:16 Камчыбек Бостон

Жүрөктө терең сакталуучу сырыңызды аял менен бөлүшсөңүз, эч кимге айтпайм деп сөз берет. Бирок, акыркы изилдөөгө караганда, көп деле ишене бербеңиз. Берген сөзүнө жарым сааттан ашык тура албашы мүмкүн. Ушакташканга болгон каалоосун 32 мүнөттөн ашык чыдабаарын изилдөөчүлөр аныктап чыккан. Бул ким (күйөсү, энеси, дос кызы) менен бөлүшө турган сыр экендигинен да көз каранды. 3000 аялга өткөргөн изилдөөдө ар бир онунчу аял, ...

0 7785

Айгерим Кожобекова: "Ойлонгулачы кыргыз кыздары...!"

16-июль 2017, 09:49 Камчыбек Бостон

Бара жатам борбордун жол жээгинде, Басып барам көп журту бар жеринде. Түрдүү-түрдүү адамдарды көрөмүн, Көзүм түштү сулуу чырай селкиге... Сулуу десең, айдан дагы жапжарык, Өтүп барат бет алдымдан чайпалып. Кагаз, китеп кармагандын ордуна, Чегип турат тамекини карманып. Көргөнүмдө эт жүрөгүм "тыз" этет, Капа болом, жан дүйнөмө дем жетпейт. "Качан эле кыргыз кыздар ушинтип, жүрдү эле",-деп ойлонгондо эс кетет. Курманжаным, Кыз Сайкалым баатырым, Кайда ...

0 1717

Рахман Разыков: "Аялдарды нервге ойногон музыкага салыштырса болот"

15-июль 2017, 19:34 Камчыбек Бостон

– Аял - эне, жубай. Ошондой эле аялдарды түлкү, жылан, арстан, мышык, нервге ойногон музыкага салыштырса да болот. Аял үйдө тынчтык, береке болсун, балдар ачка калбасын деп күйөт. Бирок баарына күйүп-бышып отуруп жаман көрүнүп алышат. Эркектерге эч унчукпаса эле ошол жакшы аял болот. Жакшы аял болуп отура берейин десе, эркек баары менен камсыз кылбайт. Бирок баарын жасап койсо деле аялдар ...

0 2441

СҮРӨТ - Курчактай келбеттүү адамда болобу? Бул кыздын тирүү адам экенине эч ким ишенбейт

15-июль 2017, 18:06 Камчыбек Бостон

Кадимки куурчактан айырмасы жок бул кызды көрүп, тирүү экенине ишенбей кетесиң. Идеалдуу келбеттин ээси Дюки Тот —   популярдуу модель. Бирок дүйнө жүзүнө белгилүү болгонго чейин Дюки бир топ кыйынчылыкты башынан өткөргөн. Ньюдак (Дюки) 17 жашка чыкканда, австралиялык  Next Top Model сынагынын жеңүүчүсү болгон.Жаштайынан ийгиликтерди багынтканына карабай, моделди соцтармактарда шылдыңдагандар абдан көп болгон. Кесиптеши Винни Харлоу:»бул моделдин чачтары кебезге окшош экен»,- деп ...

0 11424

Тарт колуңду! Дененин кайсы бөлүктөрүн кармалабаш керек

15-июль 2017, 15:54 Камчыбек Бостон

Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, адамдын организмине кирген микробдордун башкы алып жүрүүчүсү колдор экени тастыкталды. Колуңду самындап кылдат жууган күндө дагы микробдордон арылбайбыз. Врачтар, колду бат-баттан жууганды, тырмактын астын тазалоочу щетканы колдонгонду сунушташат. Ошондой эле алар дененин кээ бир бөлүктөрүн ашыкча кармалай берүүнү токтотууну айтышат. Ал бөлүктөр аркылуу микробдор организмге көбүрөөк жана батыраак киришет.   Кулак каналдары Эсиңерде болсун – кулакты эч качан кол менен ...

0 4328

Мырзайым Айтимбетова: "Баягы жерде турам"

15-июль 2017, 15:37 Камчыбек Бостон

Кетишим керек эле эмне турам, Кете албай кылчактап сен деп улам. Баратсаң шолоктоп ыйлап алган,  Баягы сени узаткан жерде турам. Кантип жагам андагы кайра отту, Карааныңды табууга айла жокпу. Мээримиңдин күкүмү калган үчүн,  Мен сагынып калыпмын Аэропортту. Келип алып кокустан байкабапмын, Келээр замат ысымың кайталапмын. Чоочуп кетип сезимдер эстегенде... Чок басарын сезбестен кайкалапмын. Мен жаныңда күндө эле жүрбөстүрмүн,  Менда барам кошулуп жүр дептирмин.

0 1237

Бугун чыгарып жеңилдеп алгысы келет...

15-июль 2017, 11:14 Камчыбек Бостон

Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы «Ата-Журт» партиясынан депутат болгон Улукбек Кочкоров президенттикке талапкер катары катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Кочкоров буга чейин УКМКда иштеген. Улукбек мырза бул шайлоодо утпасын билип турса да, шайлоого катышуу аркылуу саясий чөйрөдө төмөндөп кеткен аброюн калыбына келтирүүнү көздөп жаткандай. Дегенибиз, Кочкоров чек ара маселесине байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевге асыла коём деп, парламенттик шайлоодо эч ким ...

0 4118

Башын иштеткен бай болот

15-июль 2017, 06:50 Камчыбек Бостон

Нью-Йоркто бир банктын маңдайына келип токтогон жапжаңы Бугатти Вейрон (Bugatti Veyron) унаасынан түшкөн киши тез тез басып, банкка кирди да, алдынан жолуккан биринчи кызматкерге кредит алгысы келгендигин айтты. Кызматкер аны кредит экспертине алып барды.  Тиги киши шашылыш түрдө Европага бараткандыгын, ошондуктан бир аптага 5000 $ кредит муктаж экендигин айтты. Эксперт тиги киши компьютеринен иликтөө жүргүзүп, эч кандай карызыңыз да жок ...

15-июль 2017, 06:50 | 4118
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3674

Моңголиянын жаңы шайланган президенти жумушуна жөө барат

15-июль 2017, 06:07 Камчыбек Бостон

Жаңы шайланган президент Халтмаагийн Баттулга статусуна жараша өлкө башчылары жашап келген мамлекеттик резиденцияда жашоодон баш тартканын  монгол маалымат каражаттары жазып чыгышты. Акыркы 63 жылда бул өлкөнүн бардык жетекчилери Богдо-Уул тоосунун боорундагы катуу кайтаруудагы жайда жашап келген эле.   Жаңы президент андай хан сарайдын ордуна борбордук почтанын маңдайында жайгашкан жупуну үйдү тандады. Ал бир кезде өлкөнүн алгачкы жетекчилеринин бири Юмжагийн Цеденбалдын ...

0 1300

Кадимки эле биз суктанып ичкен кофе адам өмүрүн узартат

15-июль 2017, 05:43 Камчыбек Бостон

Америкалык окумуштуулар күнүмдүк турмушта адамдын өмүрүн узартуучу суусундук бул кофе экенин далилдеп чыгышты. Бул тууралуу “газета.ру” сайты “Annals of Internal Medicine” журналына шилтеме берип кабарлады. АКШнын Түштүк Калифорния университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүшүп, анын натыйжасын журналга жарыялаган. Изилдөөчүлөр түрдүү улуттун өкүлдөрүнөн турган 45 жаштан 75 жашка чейинки 190 миң ыктыярчыны байкоого алышкан. Аларды кофени колдонуу өлчөмүнө карай бир нече топко бөлгөн. Орточо изилдөө убактысы ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83