www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Бостон

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (370)

0 761

Айгерим Токтоналиева "Мен Манас угуум керек!"

06-июль 2017, 09:23 Камчыбек Бостон

Мен Манас угуум керек!  Кагылып добулбастар, Жаңырып аска-таштар. Айтылат Манас  мына. Акырын!  Тыңша!  Үн катпачы! Мен аны угуум керек, Андагы ар бир сапка Кошулуп туруум керек.  Көзүмдү жумуп анан  Саякбай,  Сагынбайдай,   Тарыхты бир барактап чыгуум керек.  Айтылат Манас мына, Асманда күн күркүрөп, Мамыда  ат  күрсүнөт. Коё бер ошол атты,  Кыдырсын кыргыз тоосун.  Бабалар изин басып, Ала-Тоо  ашып,  Кандырсын көздүн жоосун.

0 1775

Акча сунсаңда албаган кайгуул милициясы Бишкек-Ош жолуна коюлду

06-июль 2017, 09:05 Камчыбек Бостон

Картондон жасалган милиционер айдоочулардын ылдамдыкты азайтуусу үчүн коюлду Бишкек — Ош автожолуна кызматта турган Кайгуул милициясынын макети коюлганын ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан билдиришти. Колуна радар кармаган милиционердин макети аталган жолдун 143-чакырымына коюлган. Мындан ары жол кырсыгы көп катталган жерлерге дагы коюу пландалууда. Былтыр сентябрь айында Ысык-Көлдө дагы кайгуул милициясынын макети коюлган. Мындай кадам айдоочулардын ылдамдыкты азайтуусу үчүн жасалган. Булак: http://www.sputnik

0 1386

43 адамдын өмүрүн алган Муссон жамгыры

06-июль 2017, 08:37 Камчыбек Бостон

Пакистанда муссон жамгырларынан пайда болгон сел 43 адамдын өмүрүн алды. Өлкөнүн Табигый кырсыктар боюнча улуттук башкармалыгынын билдиргенине караганда провинциялардан Пенжапта 11, Белужистанда 15, Синдде 6, Хайбер-Пахтунхвада 2 адам көз жумган. Ошондой эле айрым аймактарда 60 үйдү кыйроого алып келген. Пакистандын тарыхында эң чоң сел апааты 2010-жылы болгон. Анда Индия дарыясынын ташкыны 20 миллионго жакын тургунга кесепетин тийгизип, 2 миң адамдын өмүрүн алган. Булак: ...

0 499

Беш жылдын аралыгында жол эрежесин бузуудан казынага 1 млрд. сом түшкөн

06-июль 2017, 08:32 Камчыбек Бостон

Жол эрежесин бузуу 0,8 пайызга өскөн. Бул тууралуу Патрулдук милициянын башкы башкармалыгынын жетекчисиинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, орто эсеп менен жылына 700-800 миң жол эрежесин бузуу катталат. Акыркы беш жылдын аралыгында айдоочулардын жол эрежесин бузуудан өлкө бюджетине 1 млрд. сом түшкөн. 2016-жылдын беш айында 276,9 миң жол эрежеси бузулган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 5 айында 290,9 миң эреже бузуу ...

0 824

Орусиянын президенттине окшош кытайлык Ло Юаньпин 54 жашка чыксада үйлөнө элек

06-июль 2017, 08:25 Камчыбек Бостон

54 жаштагы кытайлык чарбачы Ло Юаньпин Россиянын президенти Владимер Путинге куюп койгондой окшош. Бирок азыркы мезгилге чейин үй-бүлө күтө элек. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Чарбачы Кытайдын бордук Аньхой провинциясынын Фейши аймагында жашайт. Ло Юаньпин колукту издеп айласы кеткен убагы, өзүн орус лидерине таптакыр окшош эмесмин деп эсептейт. Ал «даңк да, байлык, сүйүү дагы кепилдик болуп бере албайт» ...

0 859

Өзгөндөгү жана Чоң-Алайдагы кырсыктардан жабыркагандарга Муфтият үй салып бермекчи

06-июль 2017, 08:20 Камчыбек Бостон

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда болуп өткөн жаратылыш кырсыктарынын жабырлануучулары там салынып берилет. Бул туурасында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев 2017-жылдын 3-июнунда Ош облусунун аталган аймактардын жабыркаган жашоочулары  менен болгон жолугушуусунда билдирди. Максатбек ажы Токтомушев Өзгөн жана Чон-Алай районундагы жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга 8 үй салынып берилерин убада кылды. Ошондой эле муфтий 173 үй-бүлөгө гуманитрадык жардам, 8 ...

0 758

Казакстанда эми чет элдик жарандар акысыз дарыланышат

05-июль 2017, 22:33 Камчыбек Бостон

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев чет элдик жарандар анын ичинде кыргызстандыктар дагы өлкө аймагында акысыз дарылана ала турган мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, 2018-жылдын 1-январынан тарта Казакстандын Социалдык медициналык камсыздандыруу фонду бирдиктүү кызмат көрсөтүп баштайт. айтканда чет элдиктер жана жарандыгы жок кишилер казакстандыктардай эле акысыз медициналык жардам алууга укуктуу болот. Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдиргендей бул мыйзамга ылайык 18 ...

0 451

"Ыссык-Көл" эл аралык аэропортуна биринчи жолу Өзбекстандан учак келип конду

05-июль 2017, 06:03 Камчыбек Бостон

Эми Өзбекстандан Ысык-Көлгө келүүнү каалаган туристтер түз эле учак менен Тамчы айылына коно алышат. Тактап айтканда, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна биринчи жолу Өзбекстандан учак келип конду. 1саат 20 минутаны түзгөн аба каттамы аркылуу Тамчы айылына 200дөн ашык адам келип, алардын көпчүлүк бөлүгүн туристер түздү. Таң эрте “Ысык-көл” эл аралык аэропортунда Өзбекстандан “Боинг 757” учагынын конушу күтүлүп жатты. Ошентип көп күттүргөн ...

0 1275

Ырчы Айнура Салахидинованын күйөөсүда президенттик шайлоого аттанды

05-июль 2017, 05:54 Камчыбек Бостон

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн 15 жарандын бири Санжарбек Энназаров белгилүү ырчы кыз Айнура Салахидинованын өмүрлүк жолдошу. БШКга жазган арызында иштеген жери деген статусуна "убактылуу бош" деп жазган. Маалыматтарга ылайык, Санжар Энназаров Сузак районунун Жерге-Тал айылында туулган. Түркиядан юридикалык билим алган. Орусияда жана Бишкекте чакан бизнестери бар.  Булак: NazarNews.kg

0 1174

Жалал-Абадда жүрөк органына сейрек кездешүүчү операция жасалды

04-июль 2017, 14:48 Камчыбек Бостон

Жалал-Абадда сейрек кездешүүчү операция жасалып, бейтаптын жүрөгүнүн үч клапаны алмаштырылды. Бул тууралуу дарыгер Калдарбек Абдраманов билдирди. Операция Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий изилдөө борборунда жасалган. alt photo text Кыргызстандын тарыхында алгач ирет уникалдуу операция жасалды 20 Апр, 20176854 Анда дарыгерлер 49 жаштагы Бурма Исаеванын жүрөгүнүн үч клапанын алмаштырган. Профессор Калдарбек Абдрамановдун айтымында бейтап буту менен ичи ...

0 1416

Орусияда Кыргыз жарандары улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштеп калышы мүмкүн

04-июль 2017, 09:39 Камчыбек Бостон

Депутаттар Кыргыз жергесинде орус тили расмий тил болгондуктан, Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөгө уруксат берүү тууралуу кайрылуусун даярдашканын Риа Новости басылмасы жазып чыкты. КМШ өлкөлөрүнүн иштери боюнча Мамлекеттик думанын комитети Орусиянын президенти Владимир Путинге Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн негизинде жеке ишкерлик менен алектенүү укугун берүү маселесин карап чыгуу тууралуу кайрылууну даярдап, аны кароого төмөнкү ...

0 922

Бишкекте кытай тилин үйрөткөн мектеп ачылды

04-июль 2017, 07:47 Камчыбек Бостон

Бишкектеги мектептерде кытай тили окутула баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, вице-мэр Айгүл Рыскулова Кытайдагы Шэньси провинциясындагы Сиань шаарындагы түндүк-батыш университетинин жетекчилиги Бишкек расмий иш сапары менен келишип, анын алкагында билим берүү тармагында өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Меморандумга ылайык, «Жал» кичирайонундагы №95 «Достук» гимназия мекепте кытай тили окутулат. Кытай грантынын эсебинен курулган мектеп 600 ...

0 2737

Бул жашоодо менин ооруму сатып ала турган адам болсо тапкыла, акчасы канча болсо да төлөп берем

04-июль 2017, 07:17 Камчыбек Бостон

Жакында Урказы аксакалга жолугуп калдым. Урказы абам мурункусундай шайдоот тамашакөй эле бойдон экен, 87ге чыгып калса да. Аркы-беркини сүйлөшкөндөн кийин: Эй, Келдибек, азыр баары бар, тамак-аш, кийим-кече, иштеп элди алдасаң эле. Ушу азыр элдин пейили кетип, ыймандан ажырап турган кези. Мен сага бир болгон окуяны айтып берейин. Жашаган жерин, аты-жөнүн жазба, арбак таарынат орозо айында. Кайним мектепте аябай жакшы окуп ...

0 1089

Президенттике талапкерлердин саны жана сапаты

04-июль 2017, 07:02 Камчыбек Бостон

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн аныктап, расмий иш чараларга уруксат берилгенден тарта өлкөдө шайлоо темасы кызыды. Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен эрежеге ылайык учурда талапкер жылдыруу жараяны гана жүрүп жатат. Азыркы учурга карата президенттикке ат салышууну каалагандардын санын жана сапатын көрүп, бул шайлоо деле мурдагылардан ашып гана түшпөсө, кем калчудай эмес деген пикирге келесиң. 15 күндүн ичинде жылдырылгын талапкерлердин саны ...

0 2530

Таласта сууга агып каза болгон эки журналисттин сөөгү жерге берилди

03-июль 2017, 18:51 Камчыбек Бостон

Элмира Сүйүтбекованы акыркы сапарга узатуу бүгүн Талас шаарында болду, ал эми Сүйүн Өмүрбеков өзү туулуп өскөн Бакай-Ата районунда 2-июлда жерге берилди. Таластагы "3-каналдын" аткаруучу директору Сүйүн Өмүрбеков менен журналист Элмира Сүйүтбекова 1-июлда Беш-Таш суусуна агып кетип каза болушкан. Аталган каналдын кызматкерлери ишембиде "Беш-Таш" коругуна эс алууга барышкан. Кесиптештеринин билдиришинче, кечки саат 20:00 чамасында Элмира Сүйүтбекова сууга бетин жууганы барганда буту тайып, түшүп ...

0 904

Ноокен районунун Ынтымак айылында 8 жашар бала сууга агып кетти

03-июль 2017, 13:33 Камчыбек Бостон

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Ынтымак айылындагы Шамалды-Сай каналына 8 жаштагы бала агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя 2-июль күнү саат 15:00дөр чамасында болгон. Издөө иштерине жергиликтүү тургундар жана 21 куткаруучу тартылып, табылган эмес. Аталган мекемеден издөө иштери бүгүн да улантыларын билдиришти. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1206

Президент болом деп БШКга арыз жазгандардын саны 12ге жетти

03-июль 2017, 13:26 Камчыбек Бостон

Бүгүн, 3-июлга карата президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 12 жаран документ тапшырды. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди. 10 талапкер президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жатат. Алар: Назарбек Нышанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы;. Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери; Арстанбек Абдылдаев, “Аурдин” ишканасынын директору; Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты; Рита Карасартова, “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси; Бакыт Дегенбаев, Өндүрүшчүлөр ...

0 707

Апаке майрамга сизди сүйүнтүп белек кылайын дегем, ыйлаба

03-июль 2017, 08:15 Камчыбек Бостон

Орто жаштагы аял үйдө тынчсызданып ары-бери басып жатты. Буюмдардын ордун алмаштырып, жоолугун оңдоп, арасында ашканада бышып жаткан тамагын карап жүрдү. Сырттан бир үн угулса, дароо терезени карап, коңгуроонун үнүн угуп сүйүнүп эшикке барганда башка бирөө экендигин билип капаланды. Жалгыз уулунун жумушу борбордо болгондугуна байланыштуу эки айдан бери үйүнө келе элек. Аял эшиктен ошол уулунун кирип келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты. Ар ...

0 426

13 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында Татарстанда кыргыз жарандары жок

02-июль 2017, 21:39 Камчыбек Бостон

Татарстандын Заинск районунда күйүүчү май ташыган унаа менен жүргүнчүлөрдү алып бараткан автобус кагылышып, кырсыктан 13 адам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Маалыматтарга ылайык, каза болгондордун ичинен экөө жаш балдар. Учурда түрдүү жаракаттар менен ооруканада 12 адам дарыланууда. Татарстандын тергөө комитети катталган кырсык боюнча кылмыш ишин козгоп, анын себептерин изилдеп жаткандыгын билдирди. Маалыматтар боюнча күйүүчү май ташыган унаа ...

0 7015

Кош, Канат! Мен сени комуздун буулуккан үнүнөн издейм...

02-июль 2017, 16:34 Камчыбек Бостон

Канат Токтобек уулунун элесине Жарыгым ай… Жашоонун даамын эми татаарда жайраган кулунчагым ай… Ажал — улук, өлүм — ак экенине дагы бир ирет ынанып турсак да, азыркыга чейин ак булутка айланып кетишиңе түк ишене албай, дендароо болуп турган кезибиз. Неге шаштың, карагым?! Өбөктөп өөдө боло албаган атаңдын, көзүнөн кан аккан апаңдын колунда желбиреген желеги эмес белең. Сенин ар бир ийгилигиңе ...

0 31229

Көрүстөнгө көмүлгөндөн кийин тирилип, үйүнө кайтып келген кыз

03-июль 2017, 01:33 Камчыбек Бостон

Бул окуя Англиядагы шаарлардын биринде болуп өттү. 26 жаштагы Эрика аттуу кыз кезектеги көйнөгүн тигип жаткан учурда бир топчуну оозуна кыстарып алып, энесинин суроолоруна жооп берип, сүйлөшүп олтурган. Анан эле кокустан топчу тамагына кетип калат да, кыз күтүлбөгөн жерден кызыктай үн менен жөтөлө баштаган, деп кабарлайт  interesnovsem.info сайты. Туугандары эмне болуп жатканын түшүнүшпөй, дүрбөлөң  башталат. Бир аз убакыт өткөндөн ...

0 8003

28 жыл бою бул аялды сокур деп келген туугандары чындыкты билгенде шок болушкан

02-июль 2017, 13:31 Камчыбек Бостон

 28 жыл мурун Испаниянын жашоочусу Кармен Хименес аттуу аял көз оорусунан сокур болуп калган. Кармендин достору менен үй-бүлөсүнө өзү ушундай деп айткан. Анткени, ал тааныштары менен саламдашып, абал сурашуудан ушунчалык чарчагандыктан, өзүн сокур деп элди алдаганга чейин барган. Чынында 57 жаштагы аялдын көзү жакшы көрчү. Кармендин ден соолугу боюнча жакындары күмөн санап келишсе да, бул жаңылык аларды шок кылды. “Актрисанын” ...

0 1964

Көлдөгү "Рух Ордого" бомба коюлду деген маалымат түшүп, саперлор издеп жатышат

02-июль 2017, 12:36 Камчыбек Бостон

Учурда көл жээгиндеги объектинин аймагында кинологдор да иш алып барууда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборуна бомба коюлду деген маалымат түшүп, саперлор иштеп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан Ысык-Көл облустук маалымат кызматынан кабарлашты. Белгисиз бирөөлөр таңкы саат алтыларда аталган жайга бомба коюлгандыгын билдиргенден кийин, райондук милициянын кызматкерлери тез арада "Рух Ордого" чыгып кеткен. "Бомба болжол менен "Рух Ордого" кире бериште жайгашкан ...

0 11389

5 күнгө ижарага алган унаасын Санкт-Петербургтан Баткенге айдап кетип калган

02-июль 2017, 01:29 Камчыбек Бостон

Санкт-Петербург шаарынын тургуну 5 күнгө ижарага унаа алып, Баткенге кетип калган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 31-май күнү Санкт-Петербург шаарынын тургуну баасы 750 миң рубль турган Шкода үлгүсүндөгү кара-көк түстөгү унааны "Автолига" ишканасынан Ленинград облусунун чегинен чыкпоо келишими менен 5 күнгө ижарага алган. Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт өтүп кетсе да ал унааны кайтарып берген эмес. Ошондой ...

0 1516

Мындан ары Дубайдын көчөлөрүндөгү тартипти робот-күзөтчү унаалар көзөмөлдөй баштай

02-июль 2017, 01:22 Камчыбек Бостон

Бириккен Араб Эмираттарынын ири шаарларында ушул жылдын аягына чейин өзүн өзү башкарган полиция унаалары чыгып, тартипти күзөтө баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 1-июлда жазып чыгышты. Бул унаалар 360 градустук талааны чагылдырган камера менен жабдылган. Мындай унаа шектүүнү, издөөдө жүргөн жана тартипти бузгандарды тапканга жардам берет. Алгач робот-күзөтчү унаалар Дубайдын негизги көчөлөрүн, кооз жерлерин жана соода борборлорун кайтарууга чыгышат. ...

0 754

Жергиликтүү кеңештин депутаты экстремисттик уюмдун мүчөсү деп шектелүүдө

01-июль 2017, 20:13 Камчыбек Бостон

ИИМдин оперативдик кызматкерлери жергиликтүү кеңештин депутатынын үйүнөн экстремисттик маанайдагы материалдарды табышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөсү деп шектелүүдө. Тинтүү учурунда анын үйүнөн экстремисттик маанайдагы материалдар табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “экстремисттик материалдарды алуу, даярдоо, сактоо жана жайылтуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу ...

0 707

Бүгүн, 1-июлда Москва шаарында "Иванушки International" тобунун солисти Олег Яковлевди акыркы сапарга узатышты

01-июль 2017, 20:04 Камчыбек Бостон

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. "Ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Троекуров көрүстөнүндө болду. Аны менен коштошуу үчүн белгилүү артисттерден тарта күйөрмандарына чейин келишти", - деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, Олег Яковлев 29-июнда 47 жашында каза болгон. Ал 1969-жылы 18-ноябрда Монголиянын Улан-Батор шаарында туулган. Бул учурда ата-энеси аталган өлкөдө жумушуна байланыштуу жашап жүрүшкөн эле. Ырчы биринчи классты аяктаган соӊ ...

0 509

Тамеки жана кальян эми өзүнчө жайда чегилет

01-июль 2017, 11:31 Камчыбек Бостон

Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларынын ээлери тамеки чегүүчүлөр үчүн өзүнчө жай бөлүүгө милдеттендирилди. Мындай мыйзамга бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Мыйзамга ылайык, тамеки болгон талапты азайтуу үчүн баасын жөнгө салуу чаралары да аныкталган. Атап айтканда, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексте, соода жайларында тамекини чекене түрдө соодалоодо өкмөт аныктаган баадан төмөн сатканы үчүн администрациялык жоопкерчилик каралган. Бул ченемди бузганы  үчүн 20 минималдык көрсөткүч өлчөмүндө ...

0 2084

Москвада нөшөрлөгөн жамгыр жаап чагылган түштү

01-июль 2017, 09:57 Камчыбек Бостон

Туруксуз аба ырайынан улам Москвада 50 дөн ашуун авиа каттам токтотулуп, 4,5 миң адам электр жарыгысыз калды. Жума күнү Москва шаарында жана Подмосковьеде нөшөрлөгөн жаан жаагандыгы тууралуу РИА новости жазып чыкты  Россиянын метеорологдору 30-июнда аба-ырайы кооптуу болоорун билдирген.  Маалыматка караганда, чагылган түшкөн жерден бир адам каза болуп, дагы бирөө медициналык жардамга муктаж болду.  Ошондой эле шаардын бир топ жерлерин суу ...

0 2852

Бердибек Жамгырчиев: "Неге анда асманды карап жүрөм, бейиш болсо өзүңдүн таманыңда"

01-июль 2017, 09:44 Камчыбек Бостон

         Эне жүрөгү Оо энеке, төгүлүп каламымда, Ойго баттың, доорумда, заманымда. Неге анда асманды карап жүрөм, Бейиш болсо өзүңдүн таманыңда. Ооба бейиш, мээрим бар катылбаган, Ооба бейиш, бакыт бар жашырбаган. Тирүүчүлүк өкүмүн сүрөт анан, Наадандардын максатын батырбаган. Кадамынан күнүгө тапкан ардак, Кимдер сенин ролуңду аткара алмак. Тагдырымдан запкы жеп кулап жатсам, Жүрөгүңдү берээрсиң башка жаздап.

0 2419

Кыздарды азапка салган Кемаль үйлөндү

01-июль 2017, 09:32 Камчыбек Бостон

“Султан Сулейман” сериалында Балибейдин ролун жаратып, “Кара сүйүүдөгү” аткаруусу менен кыздарды ыйлаткан белгилүү түрк актер Бурак Озчивит тасмалаш кесиптеши Фахрие Эвдженге үйлөндү. Бул той бүтүндөй Түркиядага дүң салып, жылдыздар таплоиддерден түшпөй жатат. Алардын тою Босфор булуңунун жээгинде жайгашкан Sait Halim Paşa вилласында үй-бүлөөлүк жана досторунун курчоосунда өттү.    Актерлор түрк кинематографисынын эң сулуу жуптарынын бири. Алар үч жыл мурда ...

0 6674

12 жаштагы кыз туугандарынын колунан ажал тапты

01-июль 2017, 09:21 Камчыбек Бостон

  Пакистандын уруучул башкаруу өкүм сүргөн Хайбер районунда 12 жаштагы кызды өз үй-бүлөсү өлтүрүп койгону кабарланды. Буга кыздын турмуш куруу максатында айылдаш бала менен качып кеткени себеп болушу мүмкүндүгүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, Ходахел айылынын тургуну делген Нагма аттуу кыз бир апта мурда үйдөн качып кеткен. Жергиликтүү полиция аны кармап, үй-бүлөсүнөн кыздын өмүрүнө коркунуч жаралбайт деген кепилдик алгандан кийин үйүнө ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 973

Германиянын парламенти бир жыныстуу мыйзамды колдоого алып добуш беришти

30-июнь 2017, 19:09 Камчыбек Бостон

Германиянын парламентинин төмөнкү палатасы 30-июнда бир жыныстуу никени мыйзамдаштырды. Мындай мыйзамды 393 депутат колдоп, 226сы каршы болду. Немис канцлери Ангела Меркел бул маселени добушка чыгарууга каршылыгын билдирип келген. Бирок ал бейшембиде өз ветосун алып салып, депутаттарды партиянын эрежесине ылайык эмес, өз аң-сезими менен добуш берүүгө үндөдү. Ал жума күнү мыйзамга каршы добуш бергенин айтты. "Менимче, Германиянын негизги мыйзамдарында белгиленгендей, нике аял менен ...

0 8285

Акбар Кубанычбеков: "Бир күн"

30-июнь 2017, 10:52 Камчыбек Бостон

БИР КҮН Бир күн келет сени ааламга жетелеп, Бир күн берет бакытыңды эселеп. Бүтөлгөндөй туш тарабың жылчыксыз, Бир күн өтөөр тагдырыңды жемелеп. Бир күн сызып, самолёттой барат шуу, Бир күн учуп, кайрылбаган канаттуу. Бүт баардыгы жайланышып калганда, Бир күн келип жан дүйнөңө салат чуу. Бир күн келет таалайыңа кошуп шаң, Бир күн менен эки жүрөк кошулган. Бал сыяктуу ширин ууну жуттуруп, Бир күн ...

0 1596

Малика Динага козголгон кылмыш иш токтотулду

30-июнь 2017, 09:50 Камчыбек Бостон

Ырчы Динара Акулованын кызы Малика Динага карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу эстрада ырчысы Фейсбук баракчасына жазды. "Урматуу досторум кудайым колдоп, кызымды сактап актап алдым. Кубанычым койнума батпай бөлүшкүм келди. Ким каралагысы келип, кол салган болсо кудайга койдум! "Ак ийилет бирок сынбайт",-деп жазган Динара Акулова. Малика Динага "Алдамчылык" беренеси менен иш козголуп, издөөгө алынган. Бир ай мурун ал Дубайдан учуп келери ...

0 1261

Криштиану Роналду эгиз кыздуу болду

30-июнь 2017, 09:31 Камчыбек Бостон

"Реалдын" футболчусу Криштиану Роналду жаӊы төрөлгөн эгиз балдарынын сүрөтүн жарыялады. "Жашоомдогу жаӊы эки сүйүүмдү кармап турганыма бактылуумун", - деп жазган футболчу интернеттеги өздүк баракчасына кызы менен уулун кармап түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Белгилей кетсек, кечээ, 29-июнда Орусияда өтүп жаткан Конфедерациялар Кубогунун 3-орунга болгон беттешинде Португалия курамы Криштиану Роналдусуз ойноору белгилүү болгон. Буга себеп эгиздерине учуп кеткендигине байланыштуу экендиги айтылган. Булак: "NazarNews.kg"

0 2017

"Эрге тийгим келет" деген жазууну илип алган кыздардын көчө аралашы элдин оозун ачырды

30-июнь 2017, 01:17 Камчыбек Бостон

Казакстандын Актау шаарынын көчөлөрүндө далысына «Эрге тийгим келет» («Хочу замуж») деген жазууну илип алган кыздар пайда болгонун жергиликтүү сайттар жазып чыкты. Шаар тургундарынын бири өткөн жуманын соңунда ушундай жазуусу бар кагазды далысына илип алып бараткан кызды сүрөткө түшүрүп алган. Калаада ушундай жазуу менен дагы төрт кыз жүргөнү байкалган. Бул шаар тургундарын таң калтырып, «кандайдыр бир акция жүрүп жатабы?» - деп сурап ...

0 1059

Мырзайым Айтимбетова: "Сүйүп калгам..."

29-июнь 2017, 22:01 Камчыбек Бостон

Кетпегеним, оюмдан чыкпаганым, Кемтигимди көрбөгөн, укпаганым. Сени бүгүн сагынып ыр жазайын, Мени бүгүн түш көрүп укта жаным. Эмне десең баарына кошуламда, Эзилгениң көзүңдөн окуганда... Түбөлүгүн эске алып бул сезимдин, Түшүмбү деп кетемин чоочуганда. Күмөнүм жок мен сени сүйүп калгам, Күндөр өткөн булактай тунуп калган. Кулап түшкөн жашыман аппак болуп, Кусалыгым айрандай уюп калган. Жаралуулар жанына кошот мени, Жапысынан ойлордун бошот мени. Калдалактап баратам ...

0 866

Кыйноого алгандарга карата жаза күчөтүлүшү мүмкүн

29-июнь 2017, 21:51 Камчыбек Бостон

Кыргызстан кыйноолорго алгандарга карата жазаны күчөтүшү мүмкүн. Бул боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды талкуулаган отурумдар өлкөнүн бардык аймактарында өтө баштады. Долбоордо – кыйноого алуу өтө оор кылмыш катары киргизүү сунушталууда. Эгер бул сунуш депутаттардын колдоосуна ээ болсо, 2019-жылы күчүнө кирет. Анда кыйноо боюнча оор кылмыш жасагандар 7, өтө оор кылмышты уюштургандар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы ...

0 1045

Айрым кандидаттар шайлоо үчүн үйүн күрөөгө койгонго даяр

29-июнь 2017, 21:15 Камчыбек Бостон

Борбордук шайлоо комиссия бүгүнкү 11 талапкердин доументин кабыл алды. Алардын арасында экөө айым. Бул туралуу  БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Бирок он 11 таалпкерди азырынча расмий катталды деп айтууга болбойт дейт БШК өкүлдөрү. Алар дагы мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүп,  30 миңден кем эмес шайлоочунун колун топтоп, күрөөгө 1 миллион коюшу шарт. Каражат айынан айрым кандинаттар үйүн күрөөгө ...

0 10146

Гейлердин парадында Кыргызстандын желегин желбиреткен ким?

29-июнь 2017, 21:03 Камчыбек Бостон

Өткөн дем алыш күнү, 24-июнда Нью-Йоркто АКШдагы эң чоң гей-парад өттү. Жүрүш 6 саатка созулуп, Американын көптөгөн ММКларында түз эфирде көрсөтүлдү. Парадда ошондой эле орус тилдүү ЛГБТнын командасы дагы чыкты, арасында Кыргызстанды көрсөтүп чыккан ондогон адамдар дагы болгон. Алар өлкөбүздүн символикасы болгон желекти көтөрүп алышып көчө кыдырышкан. Мындан сырткары гей-парадда дагы башка Борбордук Азия өлкөлөрүнүн желектери байкалган. Булак: "NazarNews.kg" 

0 7752

Камчыбек Көлбаев кимге жардам берди?

29-июнь 2017, 20:58 Камчыбек Бостон

Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Кыргызстандык Уланбек Касымбековдун көзүнө  Москвадан  ийгиликтүү операция жасалды. Бул тууралуу  коомдук ишмер Ассоль  Молдокматова өзүнүн «Фейсбук» социалдык баракчасына жазды. Анын айтымында, операцияга каражаттын көпчүлүк бөлүгүн “мыйзамдагы ууру” делген Камчы Көлбаев берген. Уланбек  Касымбеков ийгиликтүү спортчу. Ал көптөгөн турнирлерге катышып, жеңишке жетишип, Кыргызстандын атын чыгарып келген. Эки жолку Дүйнө чемпиону, Азиянын чемпиону, Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, Азия ...

0 3315

Бийликтен Алмазбек Атамбаевди ким "талкалап" жатат

29-июнь 2017, 20:50 Камчыбек Бостон

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун  сотунда суралган күбөлөрдүн берген жообуна көңүл бурсак, аларды Атамбаев эмес эле башкалар каматкандай болуп жатат. Убагында Ф.Кулов “Сентябрь” телеканалына маек берип жатып “Ө.Текебаевдин камалышына А.Атамбаев тиешеси жок болуш керек, ал мындайга барбайт эле”- деген сөзүнөн кийин кантип эле тиешеси жок болсун дегендер чыккан. Биринчиден, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн толугу менен Атамбаевдин озуу менен элге жаман атты кылганга, ...

0 472

Өзбекстан: Электрге карызы барлар ажылыкка барбайт

29-июнь 2017, 20:46 Камчыбек Бостон

Ташкент шаарынын башкы имамы Анвар Турсунов коммуналдык кызматтарга карызы бар тургундар ажылык сапарга чыга албасын билдирди. Ал Ташкенттеги эл аралык пресс-клубдун жыйынында тургундарды электр энергиясы, суу жана газ үчүн төлөмдөрдү убагында төлөөгө чакырганын бийликке жакын Podrobno.uz сайты кабарлады. "Эгер адамдын жок дегенде бир сум карызы болсо, анын ажылык зыяраты кабыл алынбайт. Зыярат кылгысы келген андай кишилерди учакка отургузбайбыз", - деди Турсунов. Өткөн ...

0 1513

Алмазбек Атамбаев: "Сооронбай Жээнбеков өзүн пиар кылганды билбейт, жадагалса өзү жасаган иштерди да айтып бере албайт. Ошондуктан мен аны пиар кылып жатам"

28-июнь 2017, 09:17 Камчыбек Бостон

Россияга сапарын аяктап жаткан Алмаз Атамбаевден 24-июнда, Казан шаарында журналисттер «СДПК президенттикке сүрөп жаткан Сооронбай Жээнбековдун талапкердиги жеке сиздин, өзүңүздүн эле тандооңуз эмеспи?” деп сурашты. Бул тууралу akipress маалымат агенттиги жазып чыкты. “Жок, социал-демократтар Сооронбай Жээнбековду 20 жылдан ашык убакыттан бери билишет. Мен силерге баары эле биле бербеген, бирок мен байкаган бир эле окуяны айтып берейин. 2010-жылы Сооронбай Жээнбеков ар ...

0 10152

Алмазбек Атамбаев: "Мен ушул жылы үстүңө жугунду куйган сынчылардын айынан ден соолугумду өтө көп начарлатып алдым"

28-июнь 2017, 09:10 Камчыбек Бостон

“Кыргызстанда жакшыны көрбөгөн, жаманды гана көргөн сынчы кишилер өтө көп, бул өлкө үчүн өтө чоң балээ”, – деп билдирди журналисттерге Алмаз Атамбаев 24-июнда, Казан шаарында Россияга болгон сапарын аяктап жатып. Бул тууралу akipress маалымат агенттиги жазып чыкты. “Биз Евразиялык экономикалык союзга кирип жатканда эмне деп гана сындашпады. Эми карагылачы, товар жүгүртүү 23%га өстү. Эмгек мигранттары бизге рекорддук суммадагы акчаларды которуп ...

0 823

Орусияда кыргыз мигранттары 30 млн рубль айлыгын ала албай жүрөт

28-июнь 2017, 08:58 Камчыбек Бостон

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын айлык маянасын өз убагында ала албай калышы негизги көйгөйлөрдүн бири. Бул тууралуу кечээ парламентте миграция маселелери талкууланганда маалымат берип жатып Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов билдирди. Анын айтымында, Орусияда жумуш берүүчүлөрдүн топтолгон карызынын эсеби 46 миллион рублге жеткен болсо, азыр анын 16 миллиону гана өндүрүлгөн. Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев талкуу учурунда 1 миллион мигрант 25 жыл ...

0 6738

Таирбек Ерматов: " Мен Кыргызмын түштүктөнсүң, сарт дебе"

27-июнь 2017, 03:53 Камчыбек Бостон

Мен кыргызмын! түштүктөнсүң, сарт дебе. Көнгөн тилде, кишенейби ат деле? Балким сенден, түзүгүрөөк кыргызмын. Бул сөздөрдү, сага айтуу шарт беле?  Кыргызмын мен, кыргыз үчүн күйөмун. Кыргызмын деп, согуп турат жүрөгүм. Жеткен жерде көкүрөктү каккылап. Кыргызмын деп, сыймыктанып жүрөмүн. Бөлүнгөндүн кимдер көрөт пайдасын? Мунун кайдан, тапсак болот айласын... Түндүк - түштүк, дегендерден тажадым. Мындан душман гана көтөт пайда, чын. Автор: Таирбек ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1397

Мар Баржиев: "Атаганат, адам отуздагы курагында алтымыштагыдай акылман болсо кана!"

27-июнь 2017, 03:31 Камчыбек Бостон

1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында туулган кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт. Буга далил катары “Күздөгү жаандар” повестинен үзүндүлөрдү келтирүүнү туура таптык. -Жаңы үйлөр курулсун, эски үйлөрдү бузбай эле койсо гана. Бирок, аттигиң ай, эскини кыйратмайын, жаңыны кура албайсың да! Турмуштун эзелтен ...

0 2713

365 күндүк жалгыздыктан кийин мен эмнени түшүндүм?

26-июнь 2017, 09:04 Камчыбек Бостон

Моюнга алганда кайгылуу, бирок чынын айтканда: "эч ким менен жолуккум келбейт", - деп айтканда эч ким ишенген эмес. Себеби ар дайым жанымда жигитим бар болчу. Эсимде, жайдын ысык күнүндө бассейнден чыгып, курбу кызым менен сырдашканым. Денем суу боюнча шезлонгдо денемди карап жаткам. Бошоно албай жүргөн кайталанма мамилем жөнүндө ойлондум. Стресс, кубаныч, ачуулануу, азап, бакыт, кайгылуу аягы – мунун баары менин психикама ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83