www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазгүл Урманбетова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (2979)

0 476

Зере Индияга кетип жатып, бекер концерт берет

28-декабрь 2018, 14:59 Жазгүл Урманбетова

Ырчы жана активист Зере Асылбек кызы 29-декабрда Бишкектин түштүк-чыгышында жайгашкан "Асанбай борборунда" концерт берет. Бул тууралуу  Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдар программасынын басма сөз өкүлү Мериза Эмилбекова кабарлады: - Негизинен концертке өспүрүм курактагы жаштар катталып жатышат. Азыр каалоочулардын саны 1200дөн ашты. Концерт акысыз болот. Ар бир ырынын алдында Зере чыгып, ыр эмнеден улам жаралганы тууралуу кыска монолог айтат. Зеренин ырларынын мазмуну ...

0 1753

Таиландда 6 жашар эгиздер баш кошушту

28-декабрь 2018, 14:27 Жазгүл Урманбетова

Бул тууралуу Live.ru басылмасы жазып чыкты. Жергиликтүү жашоочулардын ишенимдери боюнча бири эркек экинчиси кыз болгон эгиздер мурдагы жашоолорунда бирге боло алышпаган сүйүшкөндөр деп санашат. Ошондуктан алар мындай эгиздердин "мурдагы жашоосундагы өкүнүчтөрүн ишке ашыруу" максатында аларды баш коштурушат. Кезектеги үйлөнүү тойдо Аморнсан Санторн Малират аттуу тургундун 6 жашар эгиздери баш кошушкан. "Биз кыз менен баланын жеке бактысы үчүн бул майрамды уюштурдук. Таиланддыктардын ишенимдери боюнча түрдүү ...

0 320

Cооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

28-декабрь 2018, 14:02 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 28- декабрында, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Казакстан Президентин жана боордош Казакстан элин келе жаткан Жаңы 2019-жыл менен куттуктап, гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалады. Мамлекеттердин башчылары быйыл кыргыз-казак кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти. Булак: NazarNews.kg

0 804

Таштанды ташыган унаанын айдоочусу машинаны артка бергенде адамды сүзүп өлтүрдү

28-декабрь 2018, 13:48 Жазгүл Урманбетова

Чүй облусунун Люксембург айылында таштанды ташыган унаа адамды өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 27-декабрь күнү саат 15:00дөр чамаларында болгон. “27 жаштагы унаанын айдоочусу таштандыларды чогултуп жатып, унааны артка бергенде ал жакта турган адамды байкабай коюп алган. Кырсыктан 57 жаштагы эркек киши көз жумган”, – деп айтылат маалыматта. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 423

Күйөөсү тарабынан атылган аял - ооруканада

28-декабрь 2018, 13:32 Жазгүл Урманбетова

25-декабрда достору менен алкоголдук ичимдик ичип отуруп, аялын атып алган адам тууралуу учкай кабар бергенбиз.  Жабыркаган аял ооруканага жеткирилген. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. "25-декабрда болжол менен саат 23:35 чамасында Ысык-Ата РИИБине аймактык ооруканага 34 жаштагы Я.Н. аттуу аял көкүрөк тушуна ок атуучу куралдан алган жаракаты менен келип түшкөнү тууралуу маалымат жеткен. Окуя боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында бул окуяга шектелип ...

0 361

Путин Кыргызстанга мунай өндүрүмүн ташуу боюнча кол койду

28-декабрь 2018, 13:10 Жазгүл Урманбетова

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мунай өндүрүмүн ташуу боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык келишимин ратификациялоо боюнча федералдык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бир катар орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Бул маалыматты Кыргызстандын Мунай сатуучулар ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов да ырастады. Буга чейин 6-декабрда Кыргызстан менен Орусия бир миллион тоннага жакын күйүүчү-майлоочу майды кошумча алымы жок ташуу боюнча келишимге кол койгон. Анын көлөмү керектөөгө, ...

0 424

Жакында 460 адам абактан чыгат

28-декабрь 2018, 12:29 Жазгүл Урманбетова

Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен гумандаштыруунун негизинде 460 адам абактан чыгат. Бул тууралуу парламенте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте депутат Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берип жатып Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди. Ал сотторго майда кылмыш иштерин кыскартуу боюнча көрсөтмөлөр даярдалып жатканын билдирди. Акыркы расмий маалыматка ылайык Кыргызстанда абакта отургандардын саны сегиз миңден ашат. ...

28-декабрь 2018, 12:29 | 424
0 338

Сауд Аравия Кыргызстандын саламаттыгына 3 миллион 797 миң доллар грант бөлөт

28-декабрь 2018, 12:13 Жазгүл Урманбетова

Сауд Аравия Кыргызстандын  жекеле саламаттык сактоо эле эмес башка да тармактарына каражат бөлүп келгендиги жашыруун эмес. Ал эми медицина тармагын жакшыртууга 3 миллион 797 миң доллар грант бөлөт. Бул жардам «Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдуу» долбоорун аткарууга берилет. Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы бул гранттык ...

0 416

Алмазбек Атамбаевди 3 саясатчы сотко берип, 18 миллион сом талап кылышууда

28-декабрь 2018, 11:54 Жазгүл Урманбетова

Саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана “Апрель” телеканалын сотко беришти. Алар “телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди” деп, соттон жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат. Медиа эксперттер басма сөз каражаттарына миллиондук доолорду коюу өнөкөтүнүн уланып жатканын сынга алышууда. Медиа полиси институту сотто “Апрель” телеканалынын кызыкчылыгын коргоого даяр экенин, бул иш сот тутумуна жана ...

0 610

Музаффар Исаков боюнча соттук иш жыйынтыкталды

28-декабрь 2018, 11:18 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Музаффар Исаковдун жана аны менен кошо айыпталган сегиз кишинин иши боюнча соттук жараян бүттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов билдирди. - Айыпталуучулар акыркы сөзүн айтып бүткөн. Эми соттун өкүм чыгарышы гана калды. Өкүм окулса, соттун чечими беш күндүн ичинде даярдалып, соттолуучуларга берилет. Кийинки отурум соттун өкүмү даяр болгондо болот, - деди ал. Мамлекеттик ...

0 268

Депутаттардын көпчүлүгү (77) «Пирамида» телеканалына кошумча 6 миллион сом бөлүүгө добушун беришти

28-декабрь 2018, 11:05 Жазгүл Урманбетова

Калыйбек Асылбашевдин сөзү боюнча, телеканалдын кызматкерлери акысыз эмгек өргүүсүнө кетүүгө аргасыз болушкан Депутаттардын көпчүлүгү (77) «Пирамида» телеканалына кошумча 6 миллион сом бөлүүгө макул деп добуш беришти. Бул маалыматты телеканалдын башкы директору Калыйбек Асылбашев ырастады. - Чындыгында, 2018-жылы бештин айына чейин Жогорку Кеңеш телеканалга 4 миллион сом бөлүп берди, - деди ал. - Бирок бул акча каналдын андан ары иштеп кетишине жетиштүү болгон жок. ...

0 256

Кубанычбек Кулматовдун иши азырынча сотко өтпөй турат

28-декабрь 2018, 10:55 Жазгүл Урманбетова

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовду мектептин курулушуна байланыштуу иш боюнча тергөө абагында кармоо мөөнөтүн келерки жылдын 31-январына чейин узартты. Бул тууралуу бүгүн 28-январда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди. — Жактоочулар иштин материалдары менен таанышып алуусу үчүн тергөө мөөнөтү жана Кулматовду тергөө абагында кармоонун убактысы 2019-жылдын 31-январына чейин узартылды. Иш сотко өтө элек. Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы башчысы жана ...

0 260

Жаңы жыл түнү 10 миңден ашуун милиция кызматкери иштейт

28-декабрь 2018, 11:24 Жазгүл Урманбетова

Жаңы жылдык майрам күндөрү ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштейт. Министрликтин маалыматына караганда, бул мөөнөт 30-декабрдан 7-январга чейин уланат. Жалпы республика боюнча 30 миңден ашуун милиция кызматкери иштейт. Кыргызстанда 2019-жылы 1-январдан 7-январга чейин расмий түрдө дем алыш күндөрү деп жарыяланган. Мектептерде 14-январга чейин каникул. Булак: NazarNews.kg

0 335

"Балага сүйүнчү" он-лайн режиминде ишке ашат

28-декабрь 2018, 10:18 Жазгүл Урманбетова

Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү акча алуу жеңилдейт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ЖМКларга билдирди. Анын айтымында, азыркы кезде сүйүнчүнү алыш үчүн ата-эненин паспортунан тышкары банктык эсептин реквизиттери талап кылынууда. Ал эми келерки жылдын 1-мартынан баштап паспорттор гана керек болот: - Баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганы Мамлекеттик каттоо кызматына барганда эле ата-эне эгер сүйүнчү пул ала турган болсо ...

0 289

Парламентте асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү, үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо, аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу каралды

27-декабрь 2018, 18:50 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өттү. Анда күн тартибине ылайык депутаттар ар кандай маселелер боюнча сунуштарын, суранычтарын, ойлорун айтышты. Андан соң 9 мыйзам долбоору талкууланды. Алар асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү, үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо, аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жана башка багыттардагы долбоорлор. Булак: NazarNews.kg

0 594

Жумушсуздук: Өлкөдө 70 миң адамдын жумушу жок

27-декабрь 2018, 18:20 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын ишке орноштуруу кызматында 90 миң 800 адам каттоодо туруп, анын 70 миң 100 адамынын расмий жумушсуз деген макамы бар. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров маалымат жыйынында билдирди. Учурда өлкө боюнча ишке жарамдуу калктын – 2,5 млн. кишинин 2,8%ын жумушсуздар түзөт. “Ишке орноштуруу кызматтарында жарыяланган жумуш орундарынын саны 24 миң 400дү түзгөн. Алардын ичинде жумушчу кесипке суроо-талаптар көп ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 397

Жаңы вице-спикер: "Мага ишенип берилген милдетти актоого сөз берем"

27-декабрь 2018, 18:07 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 27-декабрда парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева шайланды. Касымалиева ишенип берилген милдетти актоого аракет кыларын билдирди. "Кыргыз мамлекетинин өнүгүшү, кыргыз элинин бакубат жашоосу - баарыбыздын максатыбыз. Ушул ыйык трибунада туруп Кыргыз мамлекетинин ишмери Султан Ибраимовдун сөзү эске келет. Ал "эмгек элде калат!" деп айткан. Мага ишенип берилген милдетти актоого сөз берем", - деди вице-спикер. Эске салсак, Аида Касымалиеванын кесиби - журналист. ...

0 1045

Чүй: Күйөөсү жубайын атып салды

27-декабрь 2018, 17:47 Жазгүл Урманбетова

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Ивановка айылында күйөөсү атып алган келин ооруканага жаткырылды. Ал өзүнө келип, жандандыруу бөлүмүнөн чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова кабарлады. Маалыматка караганда, 25-декабрда А.В. аттуу 35 жаштагы адам достору менен спирт ичимдигин ичип отуруп, куралдан ок чыгарган. Натыйжада ок аялынын көкүрөгүнө тийген. - Учурда ок кандай куралдан атылганы ...

27-декабрь 2018, 17:47 | 1045
0 365

Нарын: Солтон-Сары алтын кенин казып алууга каршы жыйын болду

27-декабрь 2018, 17:18 Жазгүл Урманбетова

Нарын районунун Миң-Булак айылында 300дөй киши чогулуп, Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө каршы жыйын өткөрдү. Ага миңбулактыктардан сырткары Эмгекчил, Он-Арча айылдарынын тургундары катышты. Алар бийликке "кенди иштеткен компания ишин токтотуп, чыгып кетсин" деген талап коюшту. Ага Нарын районунун акими Семетей Черикбаев жана саясатчы Адахан Мадумаров катышты. Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн кытайдын “Jhong ji Mining” компаниясы Мамлекеттик геология агенттигинен ...

0 504

Ысык-Көл: Таежеси тарабынан сабалган баланын апасы ажырашып кеткен

27-декабрь 2018, 16:43 Жазгүл Урманбетова

Ысык-Көл облусунда 2 жаштагы наристе шымына сийип койгону үчүн катуу сабалып, кийин ооруканадан чарчап калган окуя боюнча таежеси 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Буга чейин белгилүү болгондой, 23-декабрда болжол менен саат 12:00 чамасында Жети-Өгүз райондук ооруканасына 2 жаштагы наристе денесиндеги ар түрдүү жаракаттары менен келип түшкөн. Кийин ал жандандыруу бөлүмүндө чарчап калган. "Бул ...

0 313

Жарандар президентке Жогорку Соттун сотторуна арызданышууда

27-декабрь 2018, 15:25 Жазгүл Урманбетова

Бул тууралуу мамлекет башчы соттук реформалар боюнча отурумда билдирди. Анын айтымында, мурун жергиликтүү соттордун мыйзамсыз иш-аракеттерине арызданышса, эми Жогорку соттун сотторуна арызданышууда. “Силер Жогорку сотсуңар. Сиздер бардык адилеттүүлүктүн жана мыйзамдуулуктун башында болушуңар керек. Кээ бир соттук отурумдар жылдап созулууда, аягында күнөөлүлөр жоопкерчиликтен бошотулууда, себеби убактысы өтүп кеткен. Кылмыштуу топтор менен иштешкен соттор дагы бар, алар инвесторлордон мүлкүн тартып алууга жардам беришет”- ...

0 730

Наристе төрөлгөндөн кийин ата-энеси жарым жылга чейин «балага сүйүнчүнү» ала алат

27-декабрь 2018, 15:06 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда «балага сүйүнчүнү» жыл башынан тарта 103 миң 550 ата-эне алышты. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улугбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы төрөлгөн балдардын саны мындан көп. «Бирок, баардык арыз берген эмес. Алар балдары 6 айга толгонго чейин арыз бере алышат», -деди министр. Улукбек Кочкоров жөлөк пулду алууда паспорт менен банктык ...

0 257

Өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кезектеги отуруму өттү

27-декабрь 2018, 14:47 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Жыйындын жүрүшүндө суу ресурстарынын климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатууга багытталган эки инвестициялык долбоор, ошондой эле «Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагындагы Камбарата ГЭС-2 иштетүүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын Планын каржылоо долбоору каралды. Тиешелүү багыттар боюнча маалыматтар тууралуу ...

0 326

Бакирдин Субанбеков: "Жол эрежесин сактагыла!"

27-декабрь 2018, 14:16 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков кыргызстандыктарды жол эрежесин сактоого үндөдү. Депутат парламенттин жыйынында 11 ай ичиндеги статистика боюнча жол кырсыгынан каза болгон, жаракат алган адамдардын саны көп экенин баса белгиледи. "Статистикалык маалыматтар боюнча, өлкөбүздө ушул жылдын 11 ай ичинде 578 жол кырсыгы болуп, 600гө жакын жаран каза табып, 8000дей адам жаракат алган. Алардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт", - деп айткан депутат, анын башкы ...

0 287

Cооронбай Жээнбеков: "Сот реформасына тоскоолдук кылгандар жазаланат"

27-декабрь 2018, 14:03 Жазгүл Урманбетова

Сот реформасына тоскоолдук кылгандар катуу чаралар менен жазаланат. Бул тууралуу 27-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Мамлекет башчы буга чейинки эки ыңкылапка адилетсиз сот чечимдери, коррупциянын күчөшү себеп болгонун белгилеп, соттук-укуктук реформага баруудан башка жол жок экенин айтты. Ошондуктан реформаны үзгүлтүккө учураткан же кайдыгер караган жетекчилерге катуу чара көрүлөрүн эскертти. Жыйындын күн тартибинде эки ...

0 480

Ысык-Көл: "Салют" саткан соодагерлердин соодасы былтыркыдай эмес, мурда Көлдүн үстүнө чейин алып барып жардырышчу"

27-декабрь 2018, 13:55 Жазгүл Урманбетова

Дегеле бардык эле областтарда кытайдын жардыруучу заттарын кардарлар алгысы келбей калгандыгы байкалууда. Быйыл Каракол шаарынын борбордук базарында пиротехникалар жана жаңы жылдык жасалгалардын соодасы быйыл солгун. Буга көпчүлүк эл ысырапкорчулук, экологияны булгоо, адамдын ден соолугуна зыян жана ислам динине туура келбейт деген өңдүү себептерди жүйө келтиришүүдө. Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургуну Бейшеакмат Урмамбетов жекеле быйыл эле эмес, көптөн бери жардыргычтарды колдонбой келээрин айтат: - ...

0 297

Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: "Жогорку Кеңештин телеканалын жана парламентаризмдин музейин, китепканасын ачууну сунуштайм"

27-декабрь 2018, 13:12 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин телеканалын жана парламентаризмдин музейин ачууну сунуш кылды. Бул тууралуу эл өкүлү 27-декабрдагы жалпы жыйында Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү боюнча сүйлөп жатып билдирди. - Биз жакында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгын белгиледик. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн парламенттик демократияны өнүктүрүү абдан маанилүү. Парламент өнүккөн өлкөлөрдө парламентаризм музейи, өзүнүн китепканасы болушу керек. Биз барып көргөн парламентерде өзүнүн телеканалы бар. Жогорку Кеңеш эмне ...

0 1953

Шайлоо алдындагы штабынын бухгалтери Нуржан Сатыгул кызынын уулу Адилет Сатыгулов Кыргызстанга кайтып келди

27-декабрь 2018, 12:42 Жазгүл Урманбетова

ШКнын мүчөсү жана КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын бухгалтери Нуржан Сатыгул кызынын уулу Адилет Сатыгулов Кыргызстанга кайтып келди. Бул туурасында айрым ЖМКлар жазып чыгышты. 26-декабрда Адилет Сатыгулов шайлоо комиссиясынын отурумуна катышты. Бул Сатыгулов өлкөдөн кеткенден кийин катышкан алгачкы отурум болуп саналат. Буга чейин жактоочу Нурбек Токтакунов «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоого негиз пайда болгонун билдирип, анын борбордук шайлоо штабынын ...

0 340

Президент: "Биздин реформанын өзгөчөлүгү — соттук-укуктук реформаны чогуу жүргүзүп жатабыз"

27-декабрь 2018, 11:48 Жазгүл Урманбетова

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда соттук реформа боюнча Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Күн тартибинде эки маселе, соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жана жарлыкты ишке ашыруунун жүрүшү каралууда. - Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине Бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү жүрүшү ушул жаңы институттардын ...

0 318

Борбор калаанын 10 миңге чукул бак-дарагы кыйылышы мүмкүн

27-декабрь 2018, 11:25 Жазгүл Урманбетова

Бишкекте 10 миңге жакын бак-дарак кыйылышы ыктымал. Жолдорду оңдоо боюнча кезектеги долбоордун алкагында ушундай коркунуч жаралып жатканын “Азаттык” радиосуна “Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева билдирди. Анын айтымында, 26-декабрда Бишкек шаарынын архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, долбоорду ишке ашыруу пландары талкууланды: - Ар бир көчөдөн 200 бак кыйылса, аны тогуз көчөгө көбөйтсөк, 9800 бак кыйылат экен. Ошондуктан долбоорду иштеп чыккандар ...

0 821

Ахматбек Келдибеков "Апрель" телеканалын сотко берди

27-декабрь 2018, 11:05 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибеков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшебаев жана саясатчы Азимбек Бекназаров "Апрель" телеканалын сотко берди. Бул тууралуу телеканалдын директору Дмитрий Ложников өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Жогорку Соттун маалымат кызматы бул маалыматты азырынча тастыктай элек. Буга чейин Келдибеков жергиликтүү “NUR TV” каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча аны сотко бере турганын айткан: - Адамдын жеке аброюна шек келтирип сүйлөп жатат. Менин аброюма ...

0 339

Бишкек шаардык кеңеши майып балдарга Жаңы жылдык кече тартуулады

27-декабрь 2018, 13:16 Жазгүл Урманбетова

2018-жылдын 26-декабрында, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук Филармониясында, Бишкек шаардык кеӊештин атынан Жаӊы жылдык балаты өттү. Концерттештирилген жомок көрсөтүүсү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга уюштурулган. Кичинекей бөбөктөрдү БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров куттуктап, аларга сабакты жакшы окуп, ата-энени угуп, урматтап жүрүү жөнүндө насааттарын айтып кетти. Жаңы жылдын алкагында, «Оберег» жана «Yмүт шамы» реабилитациялык борборлордун, майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясынын, «Рука в руке», «Друзья Кыргызстана» коомдук ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 566

Президент Жээнбеков “экзаменден” ийгиликтүү өттү

27-декабрь 2018, 09:54 Жазгүл Урманбетова

Өткөн жумада президент Сооронбай Жээнбеков жылдын жыйынтыктары боюнча ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда дээрлик 3 сааттан ашык маалымат жыйынын өткөздү. Президент коомчулукту кызыктырган бардык суроолорго ачык жооп бергени менен элге жакты. Биздин редакция Сооронбай Шариповичке үч маселе боюнча кайрылган. Биринчиси, биздин Россия жергесинде иштеп жаткан мигранттар маселеси. Россиялык белгилүү укук коргоочулар Кыргызстандын Россиядагы элчилигине сын айтып чыгышкан. Себеби, Орусиядагы элчилик, КР ИИМдин ал жактагы өкүлчүлүгү, ...

0 312

Мындан ары мигранттардын балдарын камкордукка алуу менен эле туугандары карай алат

26-декабрь 2018, 18:18 Жазгүл Урманбетова

Депутат Айсулуу Мамашева Билим берүү министрлиги мигранттардын балдарын коргоо боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатканына кызыкты. Анын суроосуна министрдин орун басары Надира Жусупбекова жооп берип, бул боюнча мыйзам долбоор иштелип жатканын айтты. Эске салсак, 23-декабрда Жети-Өгүздө мигранттын бир жарым жаштагы баласы таякталып, ооруканага түшүп, андан соң чарчап калган. Депутаттын билдиришинче, класс жетекчилер да чет өлкөдө жүргөн ата-энелер менен тыгыз байланышта болуп туруусу керек. Эл өкүлүнүн ...

0 265

Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлдү

26-декабрь 2018, 18:11 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жарлыктын тексти: «Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 2018-жылдын 10-декабрындагы № 3 „Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ...

0 651

Бишкекте унаа күйүп кетти

26-декабрь 2018, 17:48 Жазгүл Урманбетова

Бишкектин Чыгыш автобекетинин жанында "Audi" үлгүсүндөгү автоунаа күйүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр кабарлашты. Кырсык Жибек-Жолу жана Осмонкулов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы бул кабарды тастыктап, аларга өрт тууралуу кабар саат 15:47де түшкөнүн кошумчалашты. Өрт болгон жерге бир өрт өчүрүүчү бригада жөнөтүлгөн. Учурда өрт өчүрүлдүбү же жокпу белгисиз. Окуя болгон жерде автоинспекциянын кызматкерлери жана ӨКМ адистери иш алып барууда. Булак: ...

26-декабрь 2018, 17:48 | 651
0 288

Жанар Акаев: "Келечекте мамлекеттик маалымат каражаттарын сатыш керек”

26-декабрь 2018, 17:44 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев мамлекеттик телеканал жана медиалар боюнча пикирин билдирди. “Журналист кесиптештерим туура түшүнүш керек. Бирок келечекте мамлекеттик маалымат каражаттарын сатыш керек”- дейт эл өкүлү. Булак: NazarNews.kg

0 363

Жалал-Абадда жалгыз бой эне үйлүү болду

26-декабрь 2018, 17:06 Жазгүл Урманбетова

Жалал-Абадда үч балалуу жалгыз бой эне Акылай Төрөбекова үйлүү болду. "Пригородный" айылында жайгашкан үйдүн кызыл китебин шаардын социалдык иштер боюнча вице-мэри Руслан Алтымышев тапшырды. Жаңы там айылдыктардын жана жергиликтүү бийликтин марафондук колдоосу менен курулду. "Достук" аймактык башкаруусуна караган "Пригородный" айылында 500дөн ашуун жаңы үйлөр бар. Аларга электр мамычаларын орнотуу, жолдорун асфальттоо иштери жүргүзүлүп жатат, деп жазат janews.kg. Жалал-Абад шаарына караштуу "Достук" аймактык башкаруусунун ...

0 345

Майрамга карата Кыргыз-Кытай чек арасы жабылат

26-декабрь 2018, 16:58 Жазгүл Урманбетова

Жаңы жылга карата 29-декабрдан 2-январга чейин Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” жана “Эркечтам унаа жолу” өткөрмө пункттары жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди. Аталган өткөрмө пункттар 2019-жылдын 2-январынан тарта унааларды, жарандарды жана жүктөрдү өткөрө баштайт. Булак: NazarNews.kg

0 3412

Экс-президенттин басма сөз катчысы Ильяс Бекболотов каза болду

26-декабрь 2018, 17:58 Жазгүл Урманбетова

Мурдагы президент Аскар Акаевдин котормочусу, протокол кызматынын башчысы жана басма сөз катчысы болуп иштеген Ильяс Бекболотов 46 жаш курагында каза тапты. Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Буга чейин Бекболотов ооруп жатканы кабарланган. Ильяс Бекболотов Аскар Акаевдин пресс-катчысы болуп 2001-2003-жылдары иштеген. Булак: NazarNews.kg

0 261

ЖКда “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы талкууланды

26-декабрь 2018, 16:15 Жазгүл Урманбетова

26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы талкууланды. Демилгечилердин бири депутат Алмазбек Эргешов мыйзам долбоору Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүү шарттарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын билдирди. "Мында эркин экономикалык аймактардын субъектиси болуп саналбаган кошумча нарк салыгын нөлдүк чени менен жеткирип берүү болуп саналаары белгиленүүдө", - деди Эргешов. Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. Булак: NazarNews.kg

0 354

БШК жаңы депутат Өмүрбек Бакировго мандат тапшырды

26-декабрь 2018, 15:51 Жазгүл Урманбетова

Борбордук шайлоо комиссиясы КСДП фракциясынан жаңы депутат Өмүрбек Бакировго мандат тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Өмүрбек Бакиров Музаффар Исаковдун ордуна келди. Музаффар Исаков мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазган. Бүгүн ал мандатынан ажыратылды. Өмүрбек Бакиров 1978-жылы 30-апрелде Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган. Ал 2001-жылы Кыргыз-Өзбек университетин аяктаган. 2001-2008-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 2008-2011-жылдары "Гарант" ишканасынын директору болгон. Өмүрбек Бакиров Жогорку ...

0 892

Абакта жаткан адам сабалды

26-декабрь 2018, 15:34 Жазгүл Урманбетова

25-декабрга караган түнү №27-түзөтүү колониясында соттолгон адамдар башка соттолгон адамды токмоктоп салышты. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди. Анын айтымында, жабырлануучуну "тактаны уурдадың" деп 10го жакын адам ур-токмокко алган.  "8-январда ал эркиндикке чыгышы керек экен. Аны ур-токмокко алууга түрмөнүн жетекчилиги уруксат бергенин жабырлануучу айтты. Анын арызы прокуратурага жөнөтүлөт", - деди Сулайманов. Булак: NazarNews.kg

26-декабрь 2018, 15:34 | 892
0 377

Баткен: Шектүүнү кыйноо фактысы тастыкталган эмес

26-декабрь 2018, 14:54 Жазгүл Урманбетова

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүүнү кыйнап маалымат алуу боюнча пикирлер чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердиги жана тергөөнү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын улук прокурору Урмат Карыпбеков маалымат жыйыны маалында билдирди.  -Массалык маалымат каражаттарында прокурордун өлүмүнө шектүүнү күч колдонуп суракка алуу болуп жатканы тууралуу маалымат чыкканда алар текшерүү жүргүзүп бул факт тастыкталган эмес, - деди ал. Белгилей кетсек, Баткен облусунун прокурору ...

0 394

Премьер-министр "Тумар" бий тобуна America's Got Talent теледолбооруна катышуусу үчүн 300 миң сом берди

26-декабрь 2018, 14:43 Жазгүл Урманбетова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Тумар" бий тобуна America's Got Talent теледолбооруна катышуусу үчүн акчалай колдоо көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, өкмөт башчы бүгүн Эрмек Кадыров башында турган "Тумар" бий тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Ага аталган топту түптөөгө жардам берген белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков да катышты.  "Мүмкүнчүлүгү чектелген бийчилер премьер-министрге чыгармачыл пландары жана эл аралык сынакка камынып жатканы тууралуу айтышты. Ал ...

0 467

Парламентте 65 жаштан өткөн жарандарга мектеп директору болууга тыюу салуу боюнча мыйзам каралууда

26-декабрь 2018, 14:21 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатат. Аталган мыйзам долбоору 65 жаштан өткөн жарандарга мектеп директору болууга тыюу салууга багытталууда. Талкуу учурунда депутат Умбеталы Кыдыралиев Билим берүү жана илим министрлигин "кызмат ордун бөлүштүрүүдөн башка маселе жокпу" деп сынга алды. "Талашканыңар 65 жаштан кийин мектеп директорлугуна койбой коюубу? Билим берүү тармагында мындан башка толтура чече турган маселе бар. ...

0 402

Акимдин балатысында 130 томолой жетимдер белек алышты

26-декабрь 2018, 14:17 Жазгүл Урманбетова

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында акимдин балатысы болуп өттү. Аталган майрамдык иш чарада район башчысы жалпы балдарды келе жаткан жаңы -жылы менен куттуктап, өз өлкөсүнүн келечек муундарын көрүп, келечек алардын колунда экенин баса белгилеп, бактылуу балалык, окууларына ийгилик жана жаркын келечек каалады. Концерттик программа менен коштолгон район башчысынын балатысы жалпы балдарга көнүлдүү маанай тартуулап,кичинекей бөбөктөр жомоктор дүйнөсунө жетеленди. Белгилей кетсек,  жалпысынан аталган майрамдык иш-чарга ...

0 456

БШК: Коргонбай уулу Орусиянын паспорту менен төрт жолу кыргыз чек арасынан өткөн

26-декабрь 2018, 13:15 Жазгүл Урманбетова

Борбордук шайлоо комиссиясы орус жарандыгы үчүн мандатынан ажыратылган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун арызын карап, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коргонбай уулу Орусиянын паспорту менен төрт жолу кыргыз чек арасынан өткөнүн билдирди. Анын айтымында, Чек ара кызматы бул маалыматтарды тастыктаган. Аймактык шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын алганы аныкталганын билдирип, 19-декабрда аны мандатынан ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 317

Музаффар Исаков берген арызынын негизинде мандатынан ажыратылды

26-декабрь 2018, 13:02 Жазгүл Урманбетова

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковду арыздын негизинде мандатынан ажыратты. Исаков мандатын тапшыруу боюнча БШКга арызды 24-декабрда жазган. Партиядагы тизме боюнча кийинки кезекте турган Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов да мандаттан баш тарткан. Депутаттык мандат кезекте турган Өмүрбек Бакировго берилди. Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад облусунун Сузак ...

0 761

Баткен облусунун акимчилик жамааты жаңы жылдык кече өткөрбөй турган болду

26-декабрь 2018, 12:38 Жазгүл Урманбетова

Бул тууралуу  өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Облустук акимчиликтин жамааты жаңы жылдык кече үчүн чогулган акчаны кайрымдуулукка жумшоо боюнча атайын жыйын куруп талкуулап, макулдашылды. Жамаат жаңы жылдык кече өткөрүү үчүн топтолгон каражатты боор оорусу менен жабыркап, чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж болгон 31 жаштагы Улан Исаевге жана Гожомбай Айдаровго жардам көрсөттү. Булак: NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83