www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазгүл Урманбетова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (2980)

0 390

Малканадай салынган Алайдагы мектеп

01-февраль 2019, 16:29 Жазгүл Урманбетова

29-январда Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айылындагы мектептин окуучулары түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилди. 4-класстын окуучулары, окуган классындагы мештен чыккан көмүр исине ууланышкан. Жалпы 22 окуучунун абалы начарлап, Ош облустук балдар ооруканасына жаткырылган. Мектепте адаттагыдай эле сабак өтүлүп жатканда, кечки саат 5тер чамасында окуучулар өздөрүн жаман сезе башташкан. Айрымдарынын көңүлү айнып, баштары ооруп жатканын айтышкан. Мектеп директору Нуржамал Арапбаева, мештин эшигинин ачылып ...

0 656

Раиске жылмайып караган келиндин сообу

01-февраль 2019, 16:09 Жазгүл Урманбетова

Союздун учуру. Айылды колуна алып, башкарып турган раис Алым Ишенов чөптө иштеген жаш келинге көзү илинип калат да, аны торуна илинте албай катуу убара болду. Эх, акчанын, арактын, аялдын түбүнө ким жетиптир. Бирок ошол үчөөнө жетүү үчүн курган эркек тааналар эмне деген гана убайымга барышпайт.Раис аканын да шатысы кетип, уктаса түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпеген жаш келиндин турпаты жанын жай алдырбады. ...

0 384

Кытайдын жабык мектептериндеги балдар

01-февраль 2019, 15:29 Жазгүл Урманбетова

Кытайда «идеологиялык жактан тарбиялоого алынган» этникалык уйгур, казактардын балдарын да «тарбиялоо» иштери жүрүп жатат. Бул жөнүндө италиялык «Bitter Winter» журналы жазып чыкты. Маалыматка ылайык «тарбиялоо борбору» жана «техникалык даярдоо» деп аталып жүргөн идеологиялык лагердин «тарбиялануучуларынын» балдары жатак мектептерге жиберилип, окуп жатышат. Бир нече мектеп жана балдар бакчаларын камтыган окуу мекемеси «Айшин» деп аталат. Кыргызча сөзмө сөз которсок «сүйүүчү жүрөк» деген маанини ...

0 369

Кен казуу тармагындагы коррупция ачыкка чыгууда

01-февраль 2019, 15:08 Жазгүл Урманбетова

Эгер 2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылабдын себебин изилдей турган болсок, Кытайга аянты 90 миң квадрат километр келген Үзөңгү-Кууш аймагынын Кытайга берилип кетишине жана ал кездеги президент Аскар Акаевдин чечимине каршылык көрсөткөндөрдүн ачкачылык жарыялап, алды (Шералы Назаркулов) каза болгондугуна барып такалат. Бирок акыркы мезгилдеги эл менен бийликтин ортосундагы тирешүү же пикет, митинг сыяктуу саясый акциялар кен алтын баш болгон кен байлыктардын чет ...

0 1771

Алмазбек Атамбаев жаңы жүрүш жасоодобу?

01-февраль 2019, 14:24 Жазгүл Урманбетова

28-январда таң эртең менен Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн өткөрүү үчүн Бириккен Араб Эмирлигине  учуп кетти. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да атайын билдирүү жасады. Мындан мурда А. Атамбаев Индияга барып, он күн эс алып келери жарыяланып, бирок белгиленген күнү белгисиз себептерден улам учпай калган болчу. Ошол учурда айрым маалымат каражаттары экс-президент эбегейсиз ...

0 339

Жерди сокур тыйынга ээлеп алгандардын жоруктары

01-февраль 2019, 13:51 Жазгүл Урманбетова

Эзелтен эле алакандай жер үчүн керек болсо күч колдонуп келишкен. Бүгүнкү күндө да жер талашкандар жүздөп жүрөт соттошуп. Айрым “жер жуткучтар” түрмөгө кесилсе деле чыккан соң кайра эле көнгөн адатын карматышат. Кимдер гана жерди ээлеп албады дейсиң? Чиновниктер, депутаттар, олигархтар, акимдер, айыл өкмөттөрү колунан келип турганда жерге сугун агытышып, ондогон гектар жерди өзүнө имерип алышты. Жакында Сузактык (мурдагы депутат) Музаффар Исаков ушунун ...

0 372

Акчалай сыйлык алуу үчүн бакан ооз болуш керекпи?

01-февраль 2019, 13:31 Жазгүл Урманбетова

Жакында дагы бир укмуш кеп учугу чыкты. Өкмөт мүчөлөрү “кимде ким, 100 миң сомдон кем эмес коррупциялык иш жөнүндө белги берсе, 30% акчага ээ болот” деп жарыя кылды. Бирок, бул чыгарылган чечим дагы чийки экенин эксперттер айтып чыгышты. Анткени, коррупция жөнүндө кабар берип, аны кармай албай калышса же иш оңунан чыкпай калса, убара кылганы үчүн кабар берген киши кайра акча төлөмөр ...

0 627

Ырчы, Керим Турапов да байлыкка азыгырлыдыбы?

01-февраль 2019, 12:54 Жазгүл Урманбетова

Уккан кулак ишенбейт. Керим Тураповдун үнүн,чыгармачылыгын кимдер гана сыйлабайт. Бирок, опера балет театрынын директору болгондон баштап анын артынан да жагымсыз сөз ээрчип, шаарыбыздын эң жакшы деген жеринен жер алып “элге керектүү имарат салдырам” деп убада берип коюп, ал жерге азыр он беш этаж чоң там салынып, анысына сот “ишти токтотуу керек” деп өкүм чыгарса, “пашёл” деп орус тилинде айтып, иш ...

0 1550

Бай бирок, жашоосу супсак аялдын арманы

01-февраль 2019, 12:36 Жазгүл Урманбетова

Жамал элүүнүн экисине чыккан, өз жашынан кыйла жаш көрүнүп, али бетине бырыш түшө элек, кийимдин кымбатын кийип, тамактын даамдуусун ичкен, өз боюна караган аял. Анткен менен көздөрүнүн тереңинде кусалык, жашоосуна нааразы болгондой көрүнүш баам салган кишиге байкалып турат. Учурунда көп эркектин көз отун алган чырайы бар эле. “Эркектин көзү душман” деп бекер айтылып калган эмес го чиркин. Ар бир эркек аялдын ...

0 279

Акчалуулар диетага качан отурушат?

01-февраль 2019, 11:59 Жазгүл Урманбетова

Бул суроого баш оорутуп кажети жок. Себеби, азыркы күндө арам жол аркылуу дүйнөнү мол чогултуп алгандар диета кармоону эсине да албастыр? Каалагандай тайраңдаган көпөстөр учурда кайсыл партиянын этегин кармасам деген санаанын толкунунда чабак уруп жүрүшөт. Кандай болгон күндө да партиянын күчү эңшерилбестен тескерисинче катуулаганы турат. Казы-карта чайнагандар, бел кубатын бекемдегендер жарма достордун катмарын калыңдатууга, чырайлуу бийкечтердин көңүлүн табууга ынтаасын койгон учуру. ...

0 294

Тартип комиссиясынын ишине байланышкан кезектеги ExpertCafe уюштурулду

01-февраль 2019, 11:12 Жазгүл Урманбетова

2019-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мекемесинде, Кыргыз Республикасынын Судьялар  кеңешинин алдындагы  Тартип комиссиясынын  ишине арналган кезектеги ExpertCafe болуп  өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Судьялар  кеңешинин алдындагы  Тартип комиссиясынын төрайымы Кымбат Архарова, анын орун басары  Чынара Мусабекова, аталган комиссиясынын мүчөсү Канат Турганбеков, ошондой эле Өнүгүү укугу боюнча эл ...

0 474

Назгүл: "Жолдошум экөөбүз азиз экенибизге карабай балдарыбызды татыктуу тарбиялагыбыз келет"

01-февраль 2019, 10:26 Жазгүл Урманбетова

Жашоонун ырахатын, тирүүлүктүн кадырын билүү үчүн акча, байлык зарыл эмес деп келебиз. Ал эми маектешим Назгүл үчүн бактылуу жашоого акча, байлык турсун адамдын азиз болушу деле жолтоо болбогондой. Себеби ал ѳзүнүн кѳзү кѳрбѳгѳнү аз келгенсип жолдошу да азиз. Ошого карабай бул үй-бүлѳ адамдык жакшы сапаттарын булгабай, балдарынын алдындагы ата-энелик чоң жоопкерчиликке олуттуу карап, келечекке арканды алыс таштап жашап келишет. Кѳзү кѳрүп, ...

0 334

Түркмөн бийлиги жарандарын немис жабдуулары аркылуу аңдып жатышы мүмкүн

01-февраль 2019, 10:19 Жазгүл Урманбетова

Түркмөнстан өкмөтү бийликке жакпаган веб-сайттарга бөгөт коюу жана тыюу салууларды кыйгай өткөн интернет колдонуучуларды аныктоо үчүн Rohde & Schwarz немис фирмасынын телекоммуникациялык жабдууларын колдонот. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы бир нече жеке булактарына таянуу менен билдирди. Мындан тышкары Rohde & Schwarz фирмасынын техникалары телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоо үчүн дагы пайдаланылышы мүмкүн. Rohde & Schwarz фирмасынын Мюнхендеги башкы кеңсеси бул маалыматты тастыктап же четке каккан ...

0 377

Түркия автоунаа соодасында 23 өлкөнү оозуп өттү

01-февраль 2019, 10:17 Жазгүл Урманбетова

Түркия өткөн жылы Европада эң көп автоунаа саткан сегизинчи өлкө болуп катталса, Европадагы 23 өлкөнү да артта калтырды. Автоунаа дистрибьюторлор коому (ODD) тарабынан Европадагы автомобиль өндүрүүчүлөрү бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө жараша даярдалган «2018-жылдын Автоунаа рыногуна баа берүү» отчету жарыяланды. Отчетко караганда Түркия 2018-жылы Европада эң көп автомобиль саткан сегизинчи өлкө болду. 486 миң 321 даана саткан Түркия Нидерландия, Швеция жана Австрия да арасында болгон 23 Европа ...

0 2354

Аскат Сулайманов: “Макем болбосо азыр Аскат деген актёр жок болмок”

31-январь 2019, 19:52 Жазгүл Урманбетова

Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе... Жакшы достон жан дүйнөгө гүлазык алып, аны жүрөгүңө эш тутасың. Арабыздан өтүп кеткен белгилүүлөрдүн достук мамилесин, адамдык асыл сапаттарын досторунун оозунан уктук. КРнын Эмгек сиңирген артисти, актёр Марат Козукеевдин досу Аскат Сулайманов: “Макем болбосо азыр Аскат деген актёр жок болмок” - Марат экөөбүздүн ортобузда 8 жаш айырма бар болчу. Бирок театрга келгенде “байке” десем: ...

0 1016

"Кыргыз футболу Аскар Салымбековго, айтыш Садык Шер-Ниязга, же салттуу музыка Роза Амановага эле керек нерсе эмес да?!" - дейт депутат Жанарбек Акаев

28-январь 2019, 17:12 Жазгүл Урманбетова

“Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыкасынын күнүн белгилөө жөнүндөгү” токтомго ылайык, жылына 25 – апрелде улуттук салттуу музыканын жумалыгы өткөрүлүп келет. Бул тууралуу маселе бүгүн, 28-январда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин жыйынында каралды, - деп кабарлайт ЖКнын басма сөз кызматы. “Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыкасынын күнүн белгилөө жөнүндөгү” токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 425

Жаңы Кодекстердин жагдайы

28-январь 2019, 16:33 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Бузуулар жөнүндө кодексти мындан аркы ишке ашыруу чараларын талкуулоо боюнча тегерек столдун ишине катышты. Өз сөзүндө вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, өлкөдө жүргүзүлгөн соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдардын күчүнө кирүүсүнө байланыштуу өзгөртүүлөр тажрыйбада кеңири колдонула баштады. «Кылмыш мыйзамдарына бардык жаңы киргизүүлөр укук колдонуучулар тарабынан тажрыйбада колдонулууда, анын алкагында күтүлгөндөй эле кемчилдиктер жана коллизиялар аныкталууда», - деди ал. Жеңиш ...

28-январь 2019, 16:33 | 425
0 381

Албек Ибраимовдун соту жылдырылды

28-январь 2019, 16:08 Жазгүл Урманбетова

Буга анын адвокаттарынын 28-январга белгиленген сот ишине катыша албай тургандыгы жөнүндө өтүнүч каты негиз болду. Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү 15-январда Октябрь райондук сотунда башталган. Ошол отурумда экс-мэр журналисттердин суроолоруна жооп берип, өзүнө коюлган айыптарга макул эмес экенин айткан. Ибраимовго "Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда ...

0 294

«Мегаком» компаниясы сатылбай тургандыгын Өкмөт билдирди

28-январь 2019, 15:48 Жазгүл Урманбетова

Өкмөт «Мегаком» соода маркасы менен белгилүү «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун сатпайт. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Акылбек Жамангулов билдирди. «Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьерминистр Мухаммедкалый Абылгазиев компанияны мамлекеттин карамагында калтыруу тууралуу саясий чечим кабыл алышты. Мамлекеттик компания мамлекетке киреше алып келиши керек. Биз 100% мамлекетке таандык болгон үлгүлүү компания түзгөнгө аракет кылып жатабыз», — деди ал. Жамангуловдун айтымында, акыркы беш жылда ...

0 377

Ак халатчандар акцияга чыгышты

28-январь 2019, 15:33 Жазгүл Урманбетова

Улуттук госпиталдагы Көздүн биринчи микрохирургиясы госпиталында иштеген 30дай дарыгер бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Акцияга чыккандар Көздүн биринчи микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаеванын кызматтан алынышын талап кылышууда. Пикетке чыккандар менен ЖКнын депутаты Дастан Бекешев жолукту. Белгилей кетсек, 2017-жылдын жайында аталган бөлүмдүн ондон ашуун дарыгери Салтанат Иманбаеванын үстүнөн Улуттук госпиталдын директору Динара Сагинбаевага арызданган. Алар Иманбаева менен иштөөгө мүмкүн болбой ...

0 1276

Маркумдун ашы берилбей калган...

28-январь 2019, 17:03 Жазгүл Урманбетова

Биздин айыл тоонун этегинде жайгашкан. Кичинекей кезимде тоо ушунча чоң болуп көрүнчү. Ошол тоо азыр да турат. Биздин көчөнүн аты Ортокчул. Мурда анда тээ союз ыдырай электе бул көчө бир айыл болуптур. Ошондо эле биздин айыл "Миллионер колхоз" аталып, атагы алыска чыккан экен. Мурдагы аты - Долинка. Мына ошол айылыбыздан көптөгөн таланттар чыккан. Алсак, Касымалы Бектенов, Миргуль Молдоисаева жана башка таланттар чыккан ...

0 727

Бакыт Төрөбаев: "Кандайдыр бир саясый ишмер менен келишим түзгөндөн кийин, сөзүнө турбаса бул эки жүздүүлүк болот"

28-январь 2019, 14:36 Жазгүл Урманбетова

Бакыт Төрөбаев ал жетектеген фракция эмне иш аткаргандыгын айтып берди. Мындан сырткары, Төрөбаев эки жүздүүлүк боюнча суроого жооп берди. “Кандайдыр бир саясый ишмер менен келишим түзгөндөн кийин, сөзүнө турбаса бул эки жүздүүлүк болот. Мен Бабанов менен болобу же Мырзакматов менен болобу саясый келишим түздүм. Мен келишим боюнча берген сөздөрүмдү аткарып келдим. Ар бир саясий келишимдин өзүнүн мөөнөтү болот экен. Андан кийин ар бир ...

0 404

Президентке эң көп кайрылуулар Чүйдөн келет

28-январь 2019, 14:11 Жазгүл Урманбетова

— Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 14493 (2017-жылы — 8419); — Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 1458 (2017-жылы –555); — «Ишеним телефондору» аркылуу кайрылган жарандар — 1196 (2017-жылы — 890); — Коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар — 503 (2017-жылы — 570); — Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн «түз эфирлери» аркылуу кайрылган жарандар — 177ни түздү ...

0 511

Аманбол Бабакулов cуракка чакырылды

28-январь 2019, 13:38 Жазгүл Урманбетова

17-январь күнү Бишкекте антикытай аталышындагы митинг өткөн. Митинг 13:00гө чейин белгиленгени менен кечке чейин уланып, аягында 21 кишини милиция кармап кетип, 3000 сомдон айып пул салган болчу. Дал ошол митингдин уюштуруучусу Аманбол Бабакулов бүгүн, 28-январда суракка чакырылганын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Булак: NazarNews.kg

0 556

Кытай лидерин сындаган Сорос

28-январь 2019, 13:24 Жазгүл Урманбетова

«Financial Times» гезити белгилүү филантроп Жорж Сорос Кытайдын лидери Си Цзинпинди «ачык коомдун башкы душманы» деп атаганын жазды. 88 жаштагы Сорос Давосто өтүп жаткан дүйнөлүк экономикалык форумда Кытайдагы элге насыя берүү системасын сындап, ар бир кишинин жеке маалыматын топтоо менен бийлик кийин өз жарандарын толук көзөмөлгө алып, эркиндигин чектей турганын эскертти. Жорж Сорос Давосто Кытайды сындады. Ошондой эле Жорж Сорос Си Цзинпиндин бийлиги ...

28-январь 2019, 13:24 | 556
0 379

Ысык-Көл: Унааны айдап кеткендер кармалды

28-январь 2019, 12:55 Жазгүл Урманбетова

Караколдо 16 жаштагы өспүрүмдөр унааны айдап качышкан. Бул тууралуу ШИИБдан билдиришти. Маалыматка караганда, ШИИБга 39 жаштагы жаран кайрылып, 25-январда белгисиз бирөөлөр унаасын айдап качып кетишкенин айткан. «Унаа Кара-Ой айылынан табылган. Шектүү катары 16 жаштагы 2 бала кармалды. Алардын бири буга чейин каракчылык боюнча соттолгону маалым болду. Учурда иликтөө башталды», -деп билдиришти ШИИБдан. Булак: NazarNews.kg

0 384

Колин Вуд, талдоочу: «Кыргызстанда түкүрүк калбай калды»

28-январь 2019, 12:45 Жазгүл Урманбетова

«The Diplomat» журналынын талдоочусу Колин Вуд «Түкүрүк калбай калды: Кыргызстанда жаман адаттарга коюлган айыппулдар» деген темада макала жазды. «1-январда күчүнө кирген жаңы мыйзамдар коомчулукта кызуу талкууланды. Бир түкүрүк үчүн 5500 сомдук айыппул кыргызстандык жарандын орточо айлык акысынын үчтөн бирине барабар. Негедир бул сумма ата-энелик милдетин толук аткарбаган жарандар төлөй турган миң сомдон 7500 сомго чейинки жазадан да көбүрөөк болгону элдин ачуусуна ...

0 288

Муфтият: Зыяратчыларды ташууга авиакомпаниялардын сынагы чыгат

28-январь 2019, 12:18 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 28-январда ажылык зыяратка барчуларды ташуу үчүн авиакомпаниялар арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдиргендей, 2018-жылдын 28-декабрында зыяратчыларды ташууга Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын авиакомпанияларына сынак жарыяланган. Анын жыйынтыгы 28-январда чыгышы керек. Авиациялык ишканалардын талаптары боюнча бир учакка 250дөн  адамды чапчышы керек, сынактан Сауд Арабиясынын авиакомпаниясы жеңип чыкса, анын Кыргызстанда өкүлчүлүгү болсун жана адал тамак-аш менен камсыз кылуусу керек.   Эске салсак, Сауд Арабиясы ...

0 406

Атамбаев БАЭге эс алууга жөнөдү

28-январь 2019, 11:55 Жазгүл Урманбетова

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарына эс алууга учуп кетти. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев 11-январда эмгек өргүүгө чыгууну пландаган. Бирок, белгисиз себептерден улам кийинкиге жылдырган болчу. Атамбаев үй-бүлөсү менен бүгүн, 28-январда учуп кетти. Булак: NazarNews.kg

0 1736

Депутат: "Аял кыска юбка кийеби же узун кийинип алабы бул анын өзүнүн чечими болуп саналат"

28-январь 2019, 11:37 Жазгүл Урманбетова

Ар бир айымдын өзүнүн тандоосу болуш керек. Ага эч ким муну кыл же тигини кий деп же болбосо күч менен ага хиджаб кийгизбеш керек. Аял кыска юбка кийеби же узун кийинип алабы бул анын өзүнүн чечими болуп саналат. Эртең менен болобу же түнкүсүн болобу аял мамлекет тарабынан коргоону сезиш керек, -деп жазат өзүнүн Фейсбук баракчасына ЖКнын КСДП партиясынан Эльвира Сурабалдиева. Жазгүл ...

0 653

Пирматов кылмыш ишин 1 миллион доллар менен жаптырды беле?

28-январь 2019, 11:14 Жазгүл Урманбетова

Тээ 2011-жылы эле ЖК депутаты (ошол кезде да депутат болчу) Исхак Пирматовго карата өтө оор берене менен кылмыш иши козголгонун билебиз. Тактап айтсак, ал 2010-жылы «Кыргызнефтегазды» жетектеп турганда мамлекетке 258 млн сом зыян алып келгени белгилүү болгон.  Бул кылмыш иши коомчулукта чоң резонанс жараткан. Бирок, акырындык менен ал кылмыш иши тууралуу сөздөр азайып, бара-бара унутта калгандай болгон эле.  Көрсө, И. ...

0 446

4 жашар кыздын сөөгү табылды

28-январь 2019, 11:03 Жазгүл Урманбетова

Бишкектеги Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 4 жашар кыздын сөөгү табылды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы . Эске салсак, буга чейин Бишкектин Свердлов районунда 27-январь күнү Чоң Чүй каналына түшүп кеткен төрт жашар кыз табылбай жаткандыгы айтылган болчу. Куткаруучулар кыздын денесин бүгүн, 28-январда таңкы саат 07:00дөр чамасында таап, туугандарына өткөрүп беришкен. Булак: NazarNews.kg

28-январь 2019, 11:03 | 446
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1198

Азербайжандык депутатка кыргыз кызы келин болду

28-январь 2019, 10:44 Жазгүл Урманбетова

Азербайжандын парламентинин депутатынын уулу Мирджафара Багиров кыргыз кызына үйлөндү. Бул тууралуу oxu.az басылмасы жазды. Маалыматка ылайык, депутаттын келини кыргыз кызы. Жаштардын үйлөнүү үлпөт тою бир нече айдан кийин болоору күтүлүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 330

Төрт жашар кыз Чоң Чүй каналында изделүүдө

28-январь 2019, 11:02 Жазгүл Урманбетова

Бишкекте Чоң Чүй каналына 3 жашар кыз түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, З жашар каналдагы сууга кечээ түшүп кеткен. Куткаруучулары кыздын сөөгүн издеп таба алышкан эмес. Кайрадан наристени изилдөө иштери бүгүн улантылат. Булак: NazarNews.kg

1 2020

Депутат Айсулуу Мамашева эмнени чечет болду экен?

24-январь 2019, 11:31 Жазгүл Урманбетова

Киргиздердин катарын толуктаган, эне тилде бир ооз сөз сүйлөй албаган, эл тагдырын чечимиш болуп жүргөн, жогорку кеңештеги  балык депутаттардын катарын толуктап, акчанын күчү менен депутаттык такка “Ата Мекен” партиясынан келген Айсулуу Мамашова деген айым бар. Ооба, тээ илгери мындай үлкөн, жоопту ишке тилинен чаң чыккан, эл үчун күйгөн,чыгаандар тагдыр чешчү эле. Ал эми азыр, оозунда айта турган сөзү жок, кийген ...

0 425

Жаза аткаруу тутумунун мекемесине баңгизатын ташыган шектүү жаран кармалды

22-январь 2019, 17:57 Жазгүл Урманбетова

ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жаза аткаруу тутумунун мекемесине баңгизатын ташыган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы) ыкчам кызматкерлери тарабынан жазык аткаруу тутумунун мекемесине баңгизатын ташыган шектүү жаран кармалды. 2017-жылдын 31-декабрь күнү болжол менен таңкы саат төрттөр чамасында белгисиз адамдар тарабынан Чүй ...

0 1208

Маркум Майкл Жексонго бир нече өспүрүмдү зордуктаган деп айыпталды

22-январь 2019, 17:42 Жазгүл Урманбетова

2009-жылы каза болгон дүйнөлүк атактуу ырчы Майкл Жексон бир нече өспүрүмдү зордуктаган деп айыпталганын The Sun басылмасы жазды. Ага ылайык, бийчи Уэйд Робсон "Покидая Неверленд" даректүү тасмасында айтып берген. Анын айтымында, жети жашында ырчынын курмандыгы болуп, бул кордук көрсөтүү жети жылга чейин созулганын кошумчалаган. Ал 14 жашка толгондо Жексондун ага болгон кызыгуусу тарап кеткени айтылат. "Покидая Неверленд" даректүү тасмасы "Сандэнс" кинофестивалында ушул айдын аягында көрсөтүлөт. ...

0 311

Жаңы кабыл алынган кодекстердеги каталарды оңдоого Өкмөткө убакыт берилди

22-январь 2019, 17:22 Жазгүл Урманбетова

Өкмөт, Башкы прокуратура жана Жогорку сот жаңы кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүшү керек. Мындай чечим Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды. Өкмөткө аталган кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча 1-мартка чейин убакыт берилди. Булак: NazarNews.kg

0 539

Сенсация жараткан кыргыздар...

22-январь 2019, 16:59 Жазгүл Урманбетова

Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында финалдын 1/8 бөлүгүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) футболчуларынын оюну плей-оффко чыккандыгы эле биз үчүн чоң жеңиш.  Оюнду 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утту. Беттешке Кытайлык калыс Фу Минг кызмат көргөзгөн. Оюндун жүрүшүндө, оюндун калысы Бириккен Араб Эмираттарына көз көрүнө эле тартып койгону көрүнүп турду. ФИФА калысы Бахадыр Кочкоровдун айтымында, БАЭ командасынын кийирген биринчи ...

0 522

Үлпөт тоюнда бутуна ок тийген кыз акыры сүйүктүүсүнө турмушка чыкты

22-январь 2019, 16:17 Жазгүл Урманбетова

Индияда өзүнүн үлпөт тоюнда ок тийген кыз акыр-аягы сүйүктүүсүнө турмушка чыкканын NDTV басылмасы жазды. Окуя Нью-Дели шаарында болгон. Кыз болочок жолдошу менен отту жети жолу айланып басууга даярданып жатканда белгисиз киши аны бутка аткан. Жабырлануучуну дароо ооруканага жеткиришип, кийин ата-энеси полицияга кайрылган. Дарыгерлер кыздын жаратын карап дароо коё беришип, жаш жубайлар тойду улантышкан. Бирок жагдайдан улам тойду бир топ кыскартууга туура келген. Полиция шектүүнү табуу ...

0 765

Мелдешке катышканы үчүн эле ар бири 200 жүз миң сом алат

22-январь 2019, 15:50 Жазгүл Урманбетова

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасына мелдешке катышкандыгы үчүн 200 миң доллар сыйлык тапшырылат. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдирди. Футбол тааласында 22 миллионер топ тээп жүргөнү баарына маалым. Бирок, медалдын жакшы дагы, жаман да жагы бар эмеспи. Футболчулардын да карьерасы 30-35 жашка барганда эле токтоп калат.  Маалыматка ылайык, ар бир барган команда сыйлыкка ээ болот. Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

0 326

Орусияда Фейсбук менен Твиттерге карата иш козголду

22-январь 2019, 15:29 Жазгүл Урманбетова

Роскомнадзор Фейсбук менен Твиттерге карата административдик иш козгоду. Аталган социалдык түйүндөр орусиялык колдонуучулардын жеке маалыматтарын сактоо пландары боюнча билдирүү беришкен эмес деп айыпталууда. Роскомнадзордун өкүлүнүн айтымында, америкалык компаниялар алардын суроолоруна “формалдуу” түрдө жооп беришкен. Орусия мыйзамдарынын учурда жана келечекте аткарылышы тууралуу маалымат беришкен эмес. “Медуза” басылмасы билдиргендей, административдик иш маалымат бербөө беренеси боюнча козголгон. Мекеме буга чейин жеке маалыматтарды сактоо тууралуу ...

0 1151

Медер Ирсалиев, соцфонддун төрагасы: "Пенсионерлер 6 ай сайын каттоодон өтүп турушу керек"

22-январь 2019, 15:36 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда пенсиясын банктардан алган пенсионерлер алты ай сайын Социалдык фонддон же өзү пенсия алган банктан каттоодон өтүп турушу керек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди: - Бул пенсионерлер үчүн кошумча түйшүк эмес. Тескерисинче, пенсиясын банктан алган пенсионерлердин акчасы өзүнө тийсин деген максат. Буга чейин өзү каза болуп калып, балдары анын банк картасы менен пенсиясын алып жүрө берген окуялар катталган. ...

0 454

Премьер-министр футбол көрүп ооруп калдыбы, ыя?

22-январь 2019, 15:04 Жазгүл Урманбетова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруп калып, Жогорку Кеңештин жыйынына келе алган жок. Бул тууралуу эки парламенттик комитеттердин (Конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер боюнча комитет жана укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет) жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Булак: NazarNews.kg

0 410

WhatsАpp мессенжери бир катты бештен ашык кишиге жиберүүгө тыюу салды

22-январь 2019, 14:52 Жазгүл Урманбетова

WhatsАpp мессенжери бир катты бештен ашык кишиге же топко жөнөтүүгө тыюу салды. Мындай чектөө менен компания фейк (такталбаган, калп) маалыматтарды таратпоого аракет кылууда, деп жазат Reuters. Жаңы норма 21-январда тарта күчүнө кирди. Мурда WhatsАpp тиркемеси аркылуу бир эле билдирүүнү 20 кишиге же топко жөнөтүүгө мүмкүнкүнчүлүк бар болчу. Ага чейин 250 колдонуучуга кат жиберүү мүмкүнчүлүгү бар эле. Ошондой эле байланыштагы колдонуучулардын санына ...

0 2239

Толгонай Арзыкеева Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепбергендин иниси менен кыз жигит болуп жүргөнүн ачыктады

22-январь 2019, 14:37 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз эстрадасына жаңыдан кадам таштап келе жаткан ырчы Толгонай Арзыкеева Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепбергендин иниси менен кыз  жигит болуп жүргөнүн ачыктады. Толгонай өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына жигити менен түшкөн сүрөтүн жүктөп көптөр күткөн суроолордун жообун берди. Маалым болгондой, бир топ убакыттан бери Арзыкеева ырчы Нурмат Садыров менен сүйлөшөт экен деген имиштер тарап ырчылардын күйөрмандары жаңылык күтүп келишкен эле. Эми минтип ...

0 446

Брэд Питт актриса Шарлиз Терон менен мамиле түзгөндүгү маалым болду

22-январь 2019, 13:58 Жазгүл Урманбетова

Голливуддун белгилүү актерлорунун бири Брэд Питт актриса Шарлиз Терон менен мамиле түзгөндүгү маалым болду. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, жылдыздуу түгөйлөрдү коомчулук жаштар үчүн уюштурулган кечелердин биринде байкап алышкан. Түгөйлөрдүн мамилелерине 2 ай болгондугу айтылууда. Белгилей кетсек, Бред Питт Анжелина Жоли менен 2016- жылы эки ажырым жолго түшкөндөн кийин эми гана мамилесин ачыктап жатат. Булак: NazarNews.kg

0 373

Эл өкүлдөрү унааны милдеттүү камсыздандырууну 2021-жылга чейин жылдырууну сунушташууда

22-январь 2019, 13:32 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Автотранспорт каражаттарынын ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну (ОСАГО) 2021-жылдын 7-февралына чейин жылдыруу" боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланган. Азыркы редакциясына таянсак, "Автотранспорт каражаттарынын ээсинин жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу" тууралуу мыйзам ушул жылдын 7-февралында күчүнө кириш керек болчу. Ага ылайык, ОСАГО полиси жок кармалган айдоочуларга 3000 миң сом өлчөмүндө, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 281

Былтыр 156 социалдык объектилер оңдолуп жана курулуп бүткөн

22-январь 2019, 13:12 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда 2018-жылы жалпысынан 156 социалдык объектилердин курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаган. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Турак жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Улукбек Матисаков билдирди. “Баардыгы болуп 2018-жылы 150 соцобьектилердин курулушун аяктоо пландалган. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча 156 объектте курулуш жана ремонт иштери бүткөрүлгөн”, - дейт Матисаков. Алардын ичинде: - курулуп бүткөндөр 101 объект – 68 ...

0 442

Адахан Мадумаров: "Атамбаевдин үнүн дагы уга элекмин"

22-январь 2019, 12:45 Жазгүл Урманбетова

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров айрым маалымат каражаттары аны экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бирге иштешет деп жазганын төгүндөдү. Саясатчы “Азаттык” радиосуна комментарий берип, Атамбаев менен 2015-жылы сүйлөшкөнүн, ошондон бери анын үнүн да уга электигин айтты. Айрым маалымат каражаттары Адахан Мадумаров экс-президент Алмазбек Атамбаев менен иштеше турганын жазып чыгышкан. Булак: NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83