www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазгүл Урманбетова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (2979)

0 395

Cалык кызматына камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы өткөрүлдү

10-январь 2019, 11:55 Жазгүл Урманбетова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кирешелерди администрациялоо жаатында ишкерлерди колдоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик камсыздоо боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын Социалдык фонддон Мамлекеттик салык кызматына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Тийиштүү токтомго кол коюлган, ал 2019-жылдын 15-январында күчүнө кирет. Бул функцияларды өткөрүп берүү процессин жеңилдетүү үчүн 2019-жылдын 1-июлуна чейин Салык кызматынын убактылуу карамагына Социалдык фондунун органдарынын 240 кызматкери жөнөтүлөт. Булак: ...

0 859

Чубак ажы Жалилов: "Түкүрүк түшүнүгүн түздөп..."

10-январь 2019, 11:08 Жазгүл Урманбетова

Өзүнүн Фейсбук баракчасында акыркы кабыл алынган Кодекс боюнча Чубак ажы өз оюн жана Исламда дегеле  "түкүрүк" жана "түкүрүнүү" боюнча толук маалымат берди. Анда баарын эч өзгөртүүсүз беребиз: Бисмиллаахир рохмаанир рохиим. Тазалыкты жана тазалыкты сүйгөндөрдү сүйгөн улуу Жаратканга мактоо, жана сүйүктүү Пайгамбарыбызга салам жана салаваттар болсун... Тазалык - Исламдагы эң негизги баалуулуктардын катарын толуктайт. Ал эле эмес ыймандын ажырагыс бөлүгү катары ...

0 696

Милициядан зомбулук көргөндөр көп

10-январь 2019, 10:39 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борборуна 2017-жылы 217 арыз келип түшсө, өткөн 2018-жылы арыз-даттануулардын саны 250дөн ашкан. Алардын 70 пайыздан ашууну кыйноого кабылганы тууралуу арызданган. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди. Буга чейин Кыйноого каршы коалициясы соңку эки жылда Кыргызстанда 1140 адам кыйноого кабылганын айтып чыккан. Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен зомбулук көргөнүн белгилешкен. Булак: NazarNews.kg

0 610

Алмазбек Атамбаев Дача Суу кырсыгы үчүн жооп береби?

10-январь 2019, 10:23 Жазгүл Урманбетова

Саналуу күндөрдөн кийин таңкы таттуу уйкусунан ойгоно элек 39 мекендешибиздин өмүрүн жалмап кеткен Дача СУдагы кырсыкка туура эки жыл толот. 2017-жылдын 16-январында «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташып келаткан түркиялык учак кулап, бир топ жаш балдарды жетим калтырткан, бир топ ата-энелерди сыздаткан кайгылуу окуя болгон.  Ошондо мамлекет башында турган Алмазбек Атамбаев карыш турган жерге бир басып барганга жарабай ...

0 340

Сооронбай Жээнбеков: "Коррупциялардын бети жакынкы арада ачылат"

10-январь 2019, 10:11 Жазгүл Урманбетова

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушууда өлкөдө коррупция менен күрөшүү токтобой турганын айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. — Өлкөдөгү коррупция ойлогондон да кеңири кулачын жайган экен, көп фактылар ачылды, ошондой эле жакында да көп фактылардын бети ачылат, — деп айткан президент. Ошондой эле Жээнбеков экономикалык абалга да токтолуп, жаңы ишканалар көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнөн үч жылдык мөөнөткө ...

0 1768

Камчы Көлбаевге бата берген видео абакта тартылганы анык

10-январь 2019, 10:03 Жазгүл Урманбетова

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат абактардын биринде Жаңы жыл майрамы учурунда фейерверк атып, Кыргызстандагы уюшма кылмыш тобунун анабашы атыккан Камчы Көлбаевдин өмүрүн тилеген видео тууралуу комментарий берди. Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованынбилдиришинче, видео Чүй облусунда жайгашкан абактардын биринде өткөн жылдарда тартылганы аныкталды. Интернетке Кыргызстандагы абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар бири-бирин жаңы жыл менен куттуктап жаткан видео ушул жылдын башында тараган. ...

0 410

“Белизгейттен" "жашыруун" деген грифти алып салуу боюнча комиссия түзүлүш керек

10-январь 2019, 09:50 Жазгүл Урманбетова

“Белизгейт" деген ат менен белгилүү болгон кылмыш ишинен "жашыруун" деген гриф алына элек. Буга байланыштуу документтер Башкы прокуратурага келип түшө электигин мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватова кабарлады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) кылмыш ишинен "жашыруун" деген грифти алып салуу боюнча комиссия түзүлүп иштеп жатканын мекеменин басма сөз кызматы 4-декабрда кабарлаган. Анын жыйынтыгы чыгарылгандан кийин материалдар Башкы прокуратурага жиберилиши керек ...

0 392

Cаясатчылардын Атамбаевге болгон доо арызы толуктоо үчүн артка кайтарылды

09-январь 2019, 18:51 Жазгүл Урманбетова

Саясатчылар Ахматбек Келдибековдун, Азимбек Бекназаровдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” телеканалынын редактору Дмитрий Ложниковго койгон доосу толуктоо үчүн артка кайтарылды. Бул тууралуу  Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди: - Доо арыз 26-декабрда берилген. Бирок айрым документтердин жоктугунан 28-декабрда доо арыз 9-январга чейин калтырылган. Бүгүн доогерлердин өкүлү келип арыз менен тиркелген документтин баарын алып кетти. Үч саясатчынын өкүлү Динара ...

0 364

Карамат Орозова, депутат: "Кен казууда 4 гана компаниянын лицензиясы бар"

09-январь 2019, 18:33 Жазгүл Урманбетова

Чаткал районунда кен казууга байланыштуу төрт гана компаниянын лицензиясы бар экен. Бул тууралуу депутат Карамат Орозова Баткенде жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда билдирди. “Калгандары бүт эле экологияны талкалап жатат деп айтууда. Бул жакка да өкмөт көңүл буруусу кажет”, – дейт эл өкүлү. Баткенде жер тар болуп жатса, Чаткалда экология бузулууда. Орозова Чаткал районундагы кен казууга байланыштуу ойлондура турган маселелер бар экенине көңүл ...

0 1222

Кубатбек Боронов: "Кыргызстандын Кытайга болгон карызы $1 млрд 681 млнду түздү"

09-январь 2019, 18:10 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын тышкы карызынын жалпы суммасы $3 млрд 806 млнду түздү. Анын ичинен $1 млрд 681 млнду Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкына карыз.  Бул боюнча биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов  пресс-конференцияда маалымат берди.  «Карыз акчалар Кытайдын Өкмөтүнө эмес, Эксимбанкына карызбыз. Коомчулукта карыздан жер берип кутулабыз деген маалымат чындыкка дал келбейт», - деп баса белгиледи Боронов.  Ал белгилегендей, аласа карызыбыз 2023-жылдан баштап төлөнөт.  Булак: NazarNews.kg  

0 1313

Дүйшөнбек Зилалиев: "Мени кармап кетишкенден кийин мага далилдерди көрсөтүүгө уруксат беришкен жок"

09-январь 2019, 17:02 Жазгүл Урманбетова

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын тергөө абагынан өзүнүн жеке адвокаты ЖМК аркылуу коомчулука кайрылуу жиберди. Кайрылууда Зилалиевге өзүнүн акчалары тууралуу түшүндүрмө бердиртпей кармап кетишип, өз укуктарын коргоого мүмкүнчүлүк берилбей жаткандыгы тууралуу айтылат. Кайрылуунун жалпы мазмунунда: «Массалык маалымат каражаттарында тараган мен тууралуу жыңылыктар тууралуу айтууга тийишмин. Биринчиден, мени эчкандай аэропорттон кармап кетишен жок. Бул калп! Кааласаңар аэропортго чалып маалымат алсаңар болот. Мени үйдөн кармап кетишкен. Экинчиден, мени кармап ...

0 428

Чүйдөгү "Кайыңды кабель заводу" кытайларга сатылган эмес

09-январь 2019, 16:06 Жазгүл Урманбетова

Чүйдөгү "Кайыңды кабель заводу" кытайларга сатылган эмес, ал штаттык режимде эле иш алып барууда. Бул тууралуу ЖМКларга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.  "2017-жылы декабрь айынын башында "Кайыңды кабель заводу" сатыкка коюлган. Бирок кийин сатыктан кайра алынган болчу. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна аталган заводдун 24,79 пайызы таандык. Калган акциялар жеке адамдардын колунда", - деп билдиришти аталган фонддон. Аталган завод алынган насыяларды төлөп ...

0 387

КСДПнын өкүлү: "Атамбаевдин чет өлкөгө чыгууга укугу бар"

09-январь 2019, 15:58 Жазгүл Урманбетова

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 11-январда Индияга эс алууга барат. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын  берген маалыматы боюнча Атамбаев партиялык иштерден улам кыска мөөнөткө эс алууга барып келүүнү чечкен. - Алмазбек Шаршенович 11-январда Индияга жол тартып жатат, - деди ал. - Азыр ал мамлекеттик кызматта эмес. Анын башка өлкөгө чыгууга укугу бар. Бул жерден эч кандай саясат издөөнүн кереги жок. Ал 21-январда ...

0 943

Эльвира Сурабалдиева, ЖКнын депутаты: "Элдерди маданияттуу жана маданиятсыз деп бөлбөө керек"

09-январь 2019, 14:38 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештин  КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева адамдарды маданияттуу жана маданиятсыз деп бөлгөндөн алыс болууну чакырат. Эл өкүлу өзүнүн коомдук жайларда түкүрүнүү боюнча пикирин  Твиттер-аккаунтунда калтырган . «Баары айып пулга барып такалбайт жана андан бир акча жасап алуу дегенде эмес. Баардыгы элдин бизге ишенбегендигинен келип чыгып жаткандыгында. Карапайым адамдардын бузулганынан эмес, коррупцияга белчесинен батынган коррупционерлерден кутулушубуз керек. Андайлардан тазаланышыбыз талап. Жөнөкөй адамдар ...

0 535

Кыргызстанда 31 пунктка "айыл" статусу берилмекчи

09-январь 2019, 19:01 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык аралык мамлекеттик агенттиги 30дан ашуун айылдык аймактарга айыл деген статусун берүү тууралуу долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.                                      «Долбоордун алкагында Баткен, Нарын, Ош жана Талас областтарынын 31 аймактарына айыл статусун категориясына киргизүү", - сунушталууда. Алар:  Миң-Булак Ак-Сай айылдык аймагы,  Баткенского районуна караштуу ...

0 352

Күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөндөрдүн пенсиясын азайтууга каршы жыйын өттү

09-январь 2019, 13:28 Жазгүл Урманбетова

Бишкекте күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөндөрдүн пенсиясын азайтууга каршы жыйын өттү. Күч органдарынын ардегерлери катышкан иш-чарада Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин демилгеси сынга алынды. Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова пенсияны азайтуу боюнча маселеге чекит коюлбаса күч түзүмдөрүндө эмгектенип жаткандар иш таштай турганын билдирди: - Бул менин эле пикирим эмес. Бул кыргыз армиясынын үнү деп койсок болот. Чынын айтканда көптөгөн аскер кызматкерлери ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 356

Адиль Турдукулов, жарандык активист: "Парламенттин ишин канаттандырарлык деп айтуудан алысмын"

09-январь 2019, 13:17 Жазгүл Урманбетова

- Жогорку Кеңештин ишине кандай баа бересиз? - деген суроомо жарандык активист Адиль Турдукулов парламенттин ишин канаттандырарлык дегенден алысмын деп жооп берди. "Бул түздөн-түз парламенттин түзүү системасы туура эмес жазылып калгандан болуп жатат деген ойдомун. Себеби, Жогорку Кеңеш бийликти партияларга берип койгон, ал эми партиялар болсо, бир гана акча жана ошол "кландын" башчыларына гана таандык болуп, региондордун кызыкчылыктарын коргогон адамдар Жогорку Кеңеште жокко эсе. Көбүн ...

0 743

Асия Сасыкбаева: "Биздин мамлекетибизде таң калыштуу нерселер болуп атат"

09-январь 2019, 12:44 Жазгүл Урманбетова

"Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин партиялаштары ЖМКларга президент Сооронбай Жээнбеков Текебаевге мунапыс берүү маселесинде жоопкерчиликтен качып жатканын айтты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева буларга токтолду:​ - Кечээ президент катты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) жөнөтүптүр. Менимче бул туура эмес. Бул президентке жазылган өтүнүч. Президент өзү чечим чыгарууга укуктуу. Бул анын жоопкерчилиги. Жоопкерчиликти толук ЖАМКка жүктөп койбой өзү чечиши ...

0 426

Уюлдук операторлор түйүндөн тышкары сүйлөшүүнү жаңы жылдан баштап 14 пайызга же 50 тыйынга арзандатты

09-январь 2019, 12:32 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда уюктук операторлор түйүндөн тышкары сүйлөшүүнү 1-январдан баштап 14 пайызга же 50 тыйынга арзандатты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шухрат Сабиров билдирди. - Бизде негизги “MegaCom”, “Beeline” жана “О” операторлору бар. Бир уюктук оператордон экинчи операторго чалуунун тарифтери өтө кымбат экенин аныктадык. Биз “Атаандаштык жөнүндө” мыйзам бузулганын далилдеп туруп, аларга бааларды төмөндөтүү боюнча көрсөтмө бергенбиз. Үч мобилдик оператор ...

0 681

Президент: "2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялайм"

09-январь 2019, 12:18 Жазгүл Урманбетова

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди. Президент 2018-жылды «Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялаганын жана негизги иш-аракет аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, айыл жеринде ишкерликти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганын эске салды. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, токтобойт, кийинки жылдары да элет жерин өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала ...

0 4918

Камчыбек Ташиев: “Сооронбай Шариповичти эч кандай соодалашпай, кызмат сурабай колдогом!”

09-январь 2019, 12:06 Жазгүл Урманбетова

— Камчыбек Кыдыршаевич, бир кезде сизди саясый талаадан кетирүүгө зор салым кошкон Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык юбилейин куттуктап барууңуз талкуу жаратууда. Он бештей саясатчы барсаңыздар да башкалардын эмес, сиздин пикириңиз көбүрөөк элдин бүйүрүн кызытууда… — Өмүрбек Чиркешовичтин 60 жылдык юбилейине барып куттуктоо айтып койгонумду туура деп эсептейм. Себеби түрмөдө жаткан адамдын кайгысын, кубанычын, үмүтүн абдан жакшы билем. Муну жон терим менен ...

0 490

Роза Маманова, жарандык активист: "Кутман Турсункуловтун пара менен кармалган жер адиси соттолуп, кызматынан четтетилсе да, мыйзамга карабастан бүгүнкү күндө аталган адисти иштетип жатат

09-январь 2019, 11:47 Жазгүл Урманбетова

Жарандык активист, “Элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин түштүк аймагы боюнча координатору Роза Маманова фейсбуктагы өздүк баракчасына “Ош облусунун Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Кутман Турсункуловтун пара менен кармалган жер адиси соттолуп, кызматынан четтетилсе да, мыйзамга карабастан бүгүнкү күндө аталган адисти иштетип жатат. Демек, Кутман Турсункуловтун ишенгени барбы? Эмнеге мыйзамды тепселейт? Прокуратура булардын канчалаган кылмышын жаап турабы?” деп жазды. Ал соттолгон адамдын ...

0 911

Кыргыз элчиликтердин өкүлдөрү Кытайдагы "тарбиялоочу лагерлерге" барышты

09-январь 2019, 11:28 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кыргыз дипломаттары Кытайдын Шинжаң аймагына барып, кырдаал менен таанышып келгенин ырастады. Буга чейин Reuters эл аралык медиа агенттигине 12 өлкөнүн дипломаттары Кытайдын тарбиялоочу лагерлерге барып келгени тууралуу кабар жарыяланган. ТИМдин "Азаттык" радиосуна берген маалыматына ылайык, 28-декабрдан 30-декабрга чейинки аралыкта Кытай тараптын чакыруусу менен 12 өлкөнүн дипломатиялык миссиялары (Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикистан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, ...

0 791

Атамбаев Гоага учат, ал жакта да бизнеси барбы?

09-январь 2019, 11:06 Жазгүл Урманбетова

Ишенимдүү булактардан алынган маалыматка таянсак, экс-ажо Алмазбек Атамбаев 11-январда Индиянын эс алуу аймагы катары саналган Гоага учат. Аны дүйнөдөгү кызмат көрсөтүүсү боюнча эң кымбат, реактивдүү Челенджер учагы аталган аймакка жеткирет дешет. Сан Маринодо катталган бул учак Бишкек-Гоа-Гоа- Бишкек каттамы боюнча буюртма алганы да кабарланды. Жеке самолет менен учуу, болгондо да кызмат баасы асман чапчыган учак менен каттоо бери дегенде миллионду ...

0 482

Акыйкатчы: "Кытай тарап менен да иштеп жатабыз, бирок азырынча бир нерсе деп айтууга эрте"

09-январь 2019, 10:54 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын акыйкатчысы жакындарын издеген кытайлык кайрылмандардын арызы боюнча Кыргызстандын жана Кытайдын тиешелүү органдарына кайрылды. Азырынча жооп боло электигин акыйкатчы Токон Мамытов мындай дейт: - Кыргызстандагы тиешелүү органдарга бердим, Кытай тарапка да чыктык, азырынча жооп ала элекмин. Жакынкы күндөрдө болуп калабы деп күтүп жатам. Мен өзүм да силер аркылуу маалымат жеткирүүгө кызыкдармын. Кытай тарап менен да иштеп жатабыз, бирок азырынча бир нерсе ...

0 796

Түкүргөн "баатыр" кыргыз элинен кечирим сурады

09-январь 2019, 10:40 Жазгүл Урманбетова

Ысык-Көл областынын Тоң районунун тургуну Рамис Закиряев Ак үйдүн алдына барып түкүргөнү үчүн кыргыз элинен кечирим сурады. Ал бул кадамга барганын элдин үнүн айткысы келген. Ал дипломун өрттөп салгандыгынын себебин да атады. "Мен дипломду алып жатканда көп максаттарга жетишем деп ойлогом, көп эле аракет кылдым бирок, тилекке каршы, азыркы заманды өзүңөр билесиңер", - деп жооп берди. Эске салсак, Рамис түкүргөнү үчүн айып ...

0 285

Коомдук транспорттун ичи сасык тумоого байланыштуу дезинфекцияланат

09-январь 2019, 10:26 Жазгүл Урманбетова

Коомдук транспортторду жумушка чыгардын алдында дезинфекциялап жатышат. Мындай көрүнүш калаадагы сасык тумоо басаңдагыча уланат. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. "Сасык тумоону алдын алуу максатында каттамга чыгаардын алдында ар бир коомдук транспорт атайын кошулмалар менен тазаланып, дезинфекцияланып турат. транспорттун кармагычтары, отургучтары жана рульдарынан бери нымдуу чупүрөк менен сүртүлөт" - деп жазылат маалыматта.  Сасык тумоо эл көп жүргөн жерлерде адамдарга ...

0 1018

ВИДЕО: Түкүргөнү аз келгенсип, дипломун да өрттөгөн

Видео 08-январь 2019, 17:48 Жазгүл Урманбетова

Рамис Заякиров кечээ Ак үйдүн алдына түкүргөнү аз келгенсип, мурда дипломун да өрттөгөн.  Бир чети анын кылганы туура. Анткени өлкөдө жумуш жок. Баары менчик болуп кеткен. Ал эми менчиктер өзүнүн тааныш-туугандарын эле жумушка алат. Мына ошондуктан бул адам ушундай кадамга барып жатат.  Кыргызстан боюнча жумушу жоктордун саны 70 миң, бул расмий гана маалымат. Ал эми канчасы тентип, ар кайсы мамлекеттерде жумуш ...

0 303

Бизнес-акыйкатчы институту ишке кирди

08-январь 2019, 17:19 Жазгүл Урманбетова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнес-акыйкатчы институтун – ишкер субъектилеринин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, Бизнес-акыйкатчы ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоо боюнча иш алып барат. Анын өз катчылыгы болот жана алар ишкерлердин кайрылууларын жана даттанууларын карайт. Бизнес-акыйкатчы жана анын катчылыгы мамлекеттик орган болуп саналбайт. Бизнес-акыйкатчынын ...

0 513

Кытай: Мектептеги кол салуудан 20 окуучу жарадар болду

08-январь 2019, 17:02 Жазгүл Урманбетова

Рейтер агенттиги кабарлагандай, кытай борборунда кол салуудан жараат алган окуучулардын баары ооруканага жеткирилген. Башталгыч класстын жыйырма окуучусунун үчөө оор жарадар болгон. Кол салган адам полиция тарабынан кармалган. Жергиликтүү бийлик жана полиция окуянын чоо-жайын айта элек. Социалдык сайттардагы маалыматтарга караганда, мектеп окуучуларынын көбү бычактан жеген. Өкмөттүк “Синьхуа” агенттиги дарыгерлерге таянуу менен алардын өмүрүнө коркунуч жоктугун маалымдады. Кытайда балдарга каршы кыянатчыл кылмыштар сейрек кездешкен көрүнүш. Белгилей ...

0 454

4 тарапка тең сары түстө гана жанып турган жол чырак

08-январь 2019, 16:44 Жазгүл Урманбетова

Бишкектин Жунусалиев (Орджоникидзе) жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде өзгөчө жол чырак иштейт. Ал 4 тарапка тең сары түстө гана жанып турат. Ал муну менен «Айдоочу көңүл бур» деген белгини берет. Жол чырак 1976-жылы орнотулган. Булак: NazarNews.kg

0 353

Австралияда массалык түрдө медузалар эс алуучуларды чакты

08-январь 2019, 16:20 Жазгүл Урманбетова

22 австралиялык тургундарды медуза чагып алгандан кийин, аларды ооруанага медиктер жаткызышты. Чагып алган медузалар ируканджи деп аталат. Алар жарандарды Квинсленда жээгинен чагып алган, деп кабарлайт SBS News. 10 жыл аралыгында мындай көрүнүш каттала элек болчу. Медуза ируканджи абдан уулуу жана андан ууланган адамдын арка бели жана ашказаны ооруй баштайт. Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 423

Кеңешбек Дүйшөбаевдин апасы кайтыш болду

08-январь 2019, 15:43 Жазгүл Урманбетова

Кеңешбек Дүйшебаевдин апасы Алмакан Дүйшөбаева катуу оорудан кийин  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ага терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун! Булак: NazarNews.kg

0 365

Аскар Шадиевдин адвокаты Бишкек шаардык сотуна даттанды

08-январь 2019, 14:55 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин адвокаты Учкунбек Каримов кардарынын иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы даттанып, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Каримов билдирди. 2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган. Кийин анын мүлкүнүн тизмеси жарыяланып, жалпы суммасы 1 852 236 99 сомду түзөөрү кабарланган. Шадиевге ...

0 909

Алмакан Бекова: "Бул документтердин оригиналы Кремлде болсо, ачкычы кыргыздарда"

08-январь 2019, 17:15 Жазгүл Урманбетова

Урматтуу фбдагы достор!!! Менин Азаттыктан чыккан маегимди талкуулап жаткан инсандарга толук ойумду айтып койуну туура көрдүм. Айтайын дегеним мен жаш кыз эмесмин, жашым жетимиште. Ошону менен бирге эле көчөдөгү ушакты жарыя кылып жүргөн, көчө аялы эмесмин. Мен көзүм менен көрүп, кулагым менен угуп, Кудай буйруса менин небере, чебере, кыбыра, тыбыраларымдын жашоосу жакшы болот экен деп, сүйүнүп, ушул иштин артынан жүрөм. Бул ...

0 466

Жердешин атып кеткен адам Казак жергесинен кармалды

08-январь 2019, 13:55 Жазгүл Урманбетова

Өзүнүн айылдашын атып салып качып кеткен Кадамжай районунун тургуну Казакстанда кармалып, Кыргызстанга экстрадиция болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Анын маалыматында айтылгандай, 2018-жылдын 26-августунда аталган райондун Үч-Коргон айыл округундагы айылдардын биринде 22 жаштагы жигитти белгисиз бирөө атып кеткен. Жабырлануучу оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерде иликтөө жүргүзгөн милиция кызматкерлери ок аңчылык куралынан атылганын такташкан. Тергөө учурунда жабыркаган жаран сүйлөй ...

0 221

Бишкектин абаcын сапатын текшерүү үчүн станцияны коюга 4 компания даяр

08-январь 2019, 13:47 Жазгүл Урманбетова

Бишкектеги абанын сапатын текшерүү үчүн станцияны коюга 4 компания даяр. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы жазды. Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги абанын сапатына байкоо жүргүзүү үчүн автоматтык станцияны сатып алуу жана орнотууга сынак жарыялаган. Анда бааланган сумма 38 миллион сом. TOO «Дистрилаб» станцияны орнотууну 36,4 миллион сомго баалады. «Капитал УНИ» ЖЧК 36,5 миллион сомго, ТОО «Проманалит» 33,9 миллион сомго, ТОО ...

0 314

Он кесилиште 10 камера орнотулат

08-январь 2019, 13:31 Жазгүл Урманбетова

12-февралга чейин Бишкек шаарынын он кесилишине фото- видеокамералар орнотулуп, толук иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Камералар "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде болот: Жибек Жолу – Жаш Гвардия, Чүй – Ю.Фучик, Чүй – Бейшеналиев, Жибек Жолу – Ю.Фучик, Чүй – Жаш Гвардия, Бөкөнбаев – Абдрахманов, Жибек Жолу – Абдрахманов, Чүй – ...

0 1432

Митингчилер: "Кытайларды кетире албаган парламент таркаш керек"

08-январь 2019, 13:03 Жазгүл Урманбетова

КТРКнын алдына чыккандар парламенттин таркашын талап кылышууда. Эгерде кытайларды чыгара албаган парламент эмне үчүн иштеши керек дешет. Илим Карыпбеков митингчилерге келип, түз эфир бериле тургандыгын айтты. Ала Тоо 24 каналына 2-3 адамдын пикири чыгаарын айтты. Өкмөттүн өкүлдөрүн чакырабыз деген оюн айтты. Митингчилердин 2 талабы бар. Атайын мыйзам чыгарып, аларга мараторий жарыялаш керек. ЖКнын өкүлдөрүнөн комиссия түзүлүп, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайларды депортация ...

0 326

Кытайлардын чыгып кетүүсүн каалагандар КТРКнын имаратына бет алышты

08-январь 2019, 12:48 Жазгүл Урманбетова

Кечээ коомдук телерадиокорпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков митингчилерге чыгып, "Ала-Тоо 24" каналынан митинг тууралуу сюжет түрүндө жаңылык кетирүүгө убада берген.  Митингчилер "Жерибизди сактайбыз", "Келечек үчүн", "Кытайлар кетсин" деген жазууларды кармап чыгышкан. Кытайларга паспорт берилбесин деген талаптары менен жаштар митингге чыгышты. Митингчи Алмаз уулу Асылбек кытайлар  өз бийлигин Кыргызстанда улантып жатышат. Муну токтотуш керек. Чоңдорго кайрылгандар муну тез арада чечүү керек, аларды депортациялаш ...

0 882

Токмок: 1957-жылкы эркек адамдын жансыз денесин бекилип калган батирден алып чыгышты

08-январь 2019, 12:22 Жазгүл Урманбетова

Чүй облусундагы Токмок шаарынынын 3-кичи районундагы батирлердин биринен 62 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, куткаруучулар №76 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1957-жылы туулган И.Н.А., аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. ӨКМден билдиришкендей, куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Булак: NazarNews.kg

0 277

Экономика министрлиги сооданы тартипке келтирүү боюнча токтомду коомдук талкууга алып чыкты

08-январь 2019, 12:00 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстан салык төлөөдөн качуу үчүн, базарларда сооданын эрежелерин өзгөртүүнү сунуштайт. Экономика министрлиги токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Сооданы тартипке келтирүү боюнча токтом- базарларда жана соода башкармалыгынын милдеттерин аткаруу менен өзүнчө бөлүмдү кошуу сунушталат. Базарлардын жана ири соода түйүндөрүнүн дирекциялары имараттарды жана соода аянттарын документтери бар ишкерлерге соода же продукцияларды сактоо үчүн гана ижарага берүүгө милдеттүү. Базарлардын дирекциясы мезгилдик жана майрам алдында айыл-чарба азыктарынын ...

0 379

Ажылык сапарга катталуу үчүн талаптар жарыяланды

08-январь 2019, 11:38 Жазгүл Урманбетова

2019-жылдагы ажылык сапарга талапкерлерди каттоо 9-январда башталат. Бул тууралуу муфтият маалымдайт. Мусулмандар дин башкармалыгынын билдирүүсүндө, талапкерлерди каттоого алуу биометрикалык паспорттун негизинде 31-январь, саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Талапкерлер облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынышмакчы. Ажылыкка катталуу үчүн талаптар: 1. 2019-жылы Ажыга каттоо тартиби бир гана биометрикалык ID-карт паспорттун негизинде ...

0 912

Москва: Кыргыз жараны 11 жаштагы кызды зордуктаганга аракет кылган

08-январь 2019, 11:27 Жазгүл Урманбетова

Россиянын Москва шаарында кыргыз жараны 11 жашар кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Россиянын маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 29 жашта. Ал Москвада ашпозчу болуп иштейт. Полицияга арыз менен жабыркаган кыздын апасы кайрылган. Кармалган жаран качууга аракет кылып, 3-кабаттан секирип, бирок анысы ишке ашпай калып, жаракат алып ооруканага түшкөн. Булак: NazarNews.kg

0 1019

Лотереяда ойноп, 314 миллион доллар утуп алып бактылуу боло албаган Джек

08-январь 2019, 11:46 Жазгүл Урманбетова

Америкалык Джек Уиттакер Powerball деген аталыштагы лотереяда ойноп 314 миллион доллар утуп алган. Бактылуу билетти ал май куюуучу жайдын кафесинен сатып алган. Бирок, тилекке каршы, баары ойдогудай болбой калган.  Оңой жол менен келген акчалар Джектин тагдырын гана талкалабастан, ага билетти саткан кыздын тагдыры да талкаланган. «Вашингтон пост» жарыялаган бул макала учурда абдан көп окулган маалыматтардын арасында орун алат. Муну окуган соң, акча баарын чечпейт ...

0 376

Газ коопсуздугу жана аны алдын алуу боюнча жаңы жобо иштелип чыкты

08-январь 2019, 10:24 Жазгүл Урманбетова

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети газ коопсуздугу, суюлтулган газ толтурулган баллонду колдонуу жана алдын алуу боюнча жаңы жобо иштеп чыкты. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин орун басары Расул Артыкбаев “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, жобо учурда өкмөттүн кароосунда турат. Буга чейин Кыргызстанда жеке турак жайларда, ашкана, кафелерде газ баллону жарылып, киши өмүрү кыйылган же ...

0 336

Кубанычбек Кулматов 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

08-январь 2019, 10:15 Жазгүл Урманбетова

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча тергөө жыйынтыкталды. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, иликтөөнүн жүрүшүндө бир канча эреже бузуулар аныкталган. Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго акыркы айып тагылып, 20 жылга эркинен ажыратылат деп айтылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы гранттык каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган.  Соттук отурмдуун датасы белгине элек.  Булак: NazarNews.kg 

0 637

Митингге чыккандар КТРКдан эфирге чыгуу талабын коюшту

07-январь 2019, 18:21 Жазгүл Урманбетова

Бишкектин борбордук аянтына чыгып, Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн чыгарууну талап кылган 300дөй киши КТРКнын имаратына барып, эфир талап кылышты. Коомдук телерадиокорпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков митингчилерге чыгып, "Ала-Тоо 24" каналынан митинг тууралуу сюжет түрүндө жаңылык кетирүүгө убада берди. Митингчилер "Жерибизди сактайбыз", "Келечек үчүн", "Кытайлар кетсин" деген жазууларды кармап турушат. Буга чейин ушундай эле митинг борбордук аянтта өткөн. Аянтка чыккан катышуучулар эч кандай ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 343

Мамлекеттик компаниянын жетекчисинин эң көп айлыгы 98,5 миң сомго жетет

07-январь 2019, 18:00 Жазгүл Урманбетова

Бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери 8 миң сомдон аз айлык алат. Кыргызстандагы мамлекеттик компаниянын жетекчисинин эң көп айлыгы 98,5 миң сомго жетет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу билдирди. Ага ылайык, мүлктү башкаруу фондусу 99 мамлекеттик компания менен иштейт. Алардын башчылары 7,6 миң сомдон 98,5 миң сомго чейин маяна алышаарын Спутник маалымат агенттиги жазып чыкты. Мамлекеттик мекемелерде иштегендердин айлыгы төмөнкүчө: — 28 мамлекеттик ишкананын жетекчисинин ...

0 347

Өрт: Лебединовкада тилсиз жоо дүкөндүн кампасын жалмады

07-январь 2019, 17:29 Жазгүл Урманбетова

Чүй облусунун Лебединовка айылында дүкөндүн кампасы күйүп жатканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Лебединовка айылында дүкөнгө тиешелүү кампасы күйүп жатат. Аталган кырсык болгон жерде учурда өрт өчүрүүчү төрт машина иштеп жатат. ӨКМ кырсыктын чоо-жайын кийинчерээк билдирет. Булак: NazarNews.kg  

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83