www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазгүл Урманбетова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (2979)

0 830

Чүй: Милицияда иштеген кызды зордуктоого аракет кылган адамдар кармалды

07-январь 2019, 16:35 Жазгүл Урманбетова

Чүй облусунда милицияда иштеген кызды зордуктоого аракет кылган адамдар кармалды. Маалыматка караганда, жабырлануучу кыз шаардык милицияда иштеп жүргөн. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 2-январда саат 00:25 чамасында Аламүдүн РИИБге зордуктоого аракет болгондугу жөнүндө маалымат түшкөндүгүн билдиришти. Аталган маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Иликтөө тобу 1-январда саат 23:00 чамасында 26 жаштагы М.Э. (кыз) Токмок шаарынан Бишкекке келиш үчүн «Хонда Степвагон» унаасына ...

0 881

Ак үйдүн алдына келип түкүргөн адам изделүүдө

07-январь 2019, 16:07 Жазгүл Урманбетова

Ал түкүргөндөн кийин 5500 сомун санап, "айып пулуңарды келип алып кеткиле" деп кайрылган. Социалдык тармактарда Ак үйдүн тосмосунан ашыра түкүрүп, бийликке нааразычылыгын билдирген кишинин видеосу тарагандан кийин, ага издөө жарыяланган. Түкүргөн адам: "Мамлекет башчылары чыгарган мыйзамдар кыргыз мамлекетин оңдой турган болсо, мен дагы өзүмдүн салымымды кошкум келип жатат",- деп кайрылган.  Ошондой эле мамлекетти уурдап жегендерге жана карызга батыргандарга нааразычылыгын билдирип, Ак үйдүн тосмосунан ...

0 465

Белгилүү компаниянын колбасасынын ичинен темир чыккан

07-январь 2019, 15:42 Жазгүл Урманбетова

Интернет колдонуучуларынын бири Назгуля Уметалиева «Риха» компаниясынын колбасасынын ичинен темир чыккандыгын видеого тартып жеке баракчасына жарыялаган. Анын айтымында жакшы көрүп жеген колбасысынын ичинен темир чыккан. Видео чыгаары менен коопчулук «Риха» компаниясын катуу талкууга алды. Көпчүлүктүн айтымында бул ишкана мусулман дининде тыйуу салынган чочконун этинен жасайт дегендер да болду. Пикир калтыруучулардын бири: «Булардын сүттөрү да ачып кеткен. Кайрылып эч кандай жооп ала алган ...

0 495

Тарап кеткен видео тууралуу Ош облустук ИИБи билдирүү берди

07-январь 2019, 15:10 Жазгүл Урманбетова

Буга чейин Интернетте милиция кызматкерлери өрт коркунучу бар жерде тамеки тарткан кишини кармаган видео тараган, бирок ал видео социалдык тармактарда "түкүргөндүгү үчүн кармалган аялдар" деген аталыш менен жайылып кеткен. Ош облустук ички иштер башкармалыгы соцтармактарда тараган маалыматты төгүндөдү. "Бул видеодогу жагдай Ош облусунун райондорунун биринин аймагында болгон. Анда соцтармакта айтылгандай аялды түкүргөндүгү үчүн эмес, видеодогу аялдын күйөөсү өрт коркунучу жаралуучу жерде ...

0 1090

Митинг: 300дөй адам мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттардын каршы чыгышты

07-январь 2019, 16:24 Жазгүл Урманбетова

Бишкектин борбордук аянтына 300дөй киши Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык мигранттарды өлкөдөн чыгарууну талап кылып митингге чыкты. Алар ошондой эле жаңы кабыл алынган эреже бузуу боюнча айыппулдарга да нааразы экенин айтышууда. Аянтка чыккан катышуучулар эч кандай уюштуруучулары жок өз ыктыяры менен келгенин айтышты. Катышуучулар митингге Кара-Балтадан жана Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардан келишкен. Өткөн жылдын декабрь айында "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдында ...

0 639

Африкада бетке түкүрүп саламдашышат

07-январь 2019, 14:04 Жазгүл Урманбетова

Учурда интернет айдыңында түкүрүү боюнча ар кандай сөздөр айтылып жатат. Ооба, түкүрүү кыргызда эле эмес, көпчүлүк элдерде жат көрүнүш болуп эсептелсе, Африкада андай эмес. Кенияда эркек кишилер саламдашканда бийлеп салам беришет экен. Бул учурда бийик секирип, "Адаму" аталыштагы бийди толугу менен көрсөтүш керек. Алар биринчи кол беришип, биринчи жерге түкүрүп, андан кийин колго түкүрүп саламдашышат экен. Бул адамдын ошол саламдашып жаткан ...

0 254

Эл өкүлдөрү эл кыдырат

07-январь 2019, 13:35 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеӊештин депутаттары 2019-жылдын 8-11-январь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугушуп, жеринде иш алып барышат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынганын парламенттин басма сөз кызматынан таратышты. Эске салсак, депутаттардын Жогорку Кеңештеги жыйындары 14-январда башталат. Булак: NazarNews.kg  

07-январь 2019, 13:35 | 254
0 318

ИИМдин ишеним телефондоруна чалып, милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин айтсаңыз болот

07-январь 2019, 13:00 Жазгүл Урманбетова

Ички иштер министрлиги мыйзам бузган милиция кызматкеринин үстүнөн даттануу үчүн ишеним телефондорун жарыялады. Бул аталган тармактагы коррупция жана башка көрүнүштөр менен күрөшүүдө жыйынтык берет деп белгилешүүдө бул министрликте иштегендер. Берилген маалыматта укук коргоо органдарынын кызматкерлери бийлик өкүлү катары айрым учурда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып опузалоо, коркутууга, мыйзам бузууга барып, ал гана эмес кылмыш жасашы ыктымалдыгы айтылат. "Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча ...

0 228

АКШнын Коргоо министрлигинин аппарат башчысы кызматынан өз арызынын негизинде кетти

07-январь 2019, 12:41 Жазгүл Урманбетова

АКШнын Коргоо министрлигинин аппарат башчысы, контр-адмирал Кевин Суини Пентагондо эки жыл иштегенден кийин кызматтан кетти. Буга чейин АКШда коргоо министри Жим Мэттис иштен кете турганы белгилүү болгон. Өлкө президенти Дональд Трамптын жарыясына караганда, Мэттис Пентагондун башчылыгында февралдын аягына чейин гана турат. Ал эми Мэттис өзү Трампка жазган катында аны менен көз карашы шайкеш келбей калганын ачыкка чыгарган. АКШнын коргоо министринин кызматтан кетери президент ...

0 405

Жетим балдарды саткан шылуундар

07-январь 2019, 12:22 Жазгүл Урманбетова

Италиядан Савона шаарынан бала багып алабыз деп Кыргызстандагы жетим балдарды италиялык 20 үй-бүлө эл аралык аферисттерге 2002-жылы кабылышкан. Ошондон бери алар акыйкат издеп жүрүшөт. Башынан аягына чейин калп экендигин билбеген италиялыктар азыр Кыргызстандан бала асырап алгандан коркуп калышкан. Буга байланыштуу италиялык жергиликтүү "Айрона" фирмасынын 2 кызматкерлерине менен кыргызстандын 2 жаранына болгон иш учурда сотто каралууда. Соттун он чакты отурум белгиленген. Бул иш боюнча Венер ...

0 325

Калича Умуралиева: "310 дарак кыйылса, митингге чыгабыз"

07-январь 2019, 11:57 Жазгүл Урманбетова

2019-жылга пландалган Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо ишинде дарактар кыйыла баштаса митингге чыгарын "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева билдирди. - Жаз келгенде жолдорду реконструциялоонун экинчи фазасы башталат. Дагы 49 көчө оңдолот. Биз мэрияга кат жазып, биринчи фазадагы каталарды кетирбей, баарын эске алалы деп кайрылганбыз. Андан кийин тийиштүү адистер менен жолукканбызыда алар Жунусалиев көчөсүндөгү 310 дарак кыйыла турганын айткан. Эмне себептен кыйылат десе ...

0 310

Сауд Аравияда соттор аялдарга ажырашканы боюнча SMS аркылуу кабар беришет

07-январь 2019, 11:13 Жазгүл Урманбетова

Сауд Аравияда соттор аялдарга ажырашканы тууралуу билдирүүнү эми SMS аркылуу кабарлашат. Бул тууралуу BBC басылмасы жазды. Мындай ыкма менен өлкө бийлиги "сырдуу ажырашууларга" чекит коюуга аракеттенүүдө. Себеби айрым эркектер аялы менен ажарышканын ага кабарлабай коюшат. Юристтердин айтымында, аялдар мындан ары өзүнүн үй-бүлөлүк абалы тууралуу билип турганга мүмкүнчүлүк алышат жана күйөөсүнөн алимент өндүрүү үчүн бардык укуктарын колдоно алат. Мындай реформа мураскор ханзада Мохаммед бин ...

0 898

Он жыл мурда сууга чөгүп ооруканага келип түшкөн аял көз жарды

07-январь 2019, 10:39 Жазгүл Урманбетова

АКШда 10 жылдан бери комада жаткан аял наристелүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар полиция кызматкерлеринин маалыматына таянып жазып чыгышты.  АКШнын Аризона штатындагы ооруканалардын биринде комада жаткан аял кош бойлуу болуп, дени сак наристе төрөгөн. Оорукананын кызматкерлеринин айтымында комада жаткан аял мындан 10 жыл мурда сууга чөгүп ооруканага келип түшкөн. Бейтап ошондон бери эсине келе электигин айтышкан. Ал эми дарыгерлер анын ...

0 411

Ноокатта автокырсыктан 3 адам каза болду

07-январь 2019, 10:23 Жазгүл Урманбетова

Ноокаттын Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылында унаа кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу айыл тургундары билдирди. Маалым болгондой, кечээ, 6-январда эртең мененки саат 07:00 чамасында Ноокат районунун Өрнөк айылында жол кырсыгы катталган. Анда күйүүчү май ташуучу унаа менен «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынан келе жаткан «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа күйүүчү май ташуучу унааны ...

0 1028

2019-жыл - "Доңуз жылы"

07-январь 2019, 10:04 Жазгүл Урманбетова

Тарыхчынын чыгыш элдеринин этнографиясынын кызыктуу маселесине – он эки жаныбардын атына ылайык түзүлгөн көөнө жылсанакка жана анын ичинде “Доңуз жылы” аталышына арналган блогу. Сөз алды Кыргызстанда мүчөлгө (12 жаныбардын атына негизделип түзүлгөн чыгыш жыл санагына) жана андагы жыл аттарына байланыштуу талкуулар ар жылы Жаңы жыл майрамынын босогосунда жана андан кийинки күндөрү өзгөчө жанданат. Быйылкы жылдын (2019-жылдын) аты — Доңуз жылы. Бул аталыш (Доңуз жылы) — көчмөн бабалар ...

07-январь 2019, 10:04 | 1028
0 622

Талас: Тарап кеткен видеодогу автомат оюнчук экендигин той ээси тастыктады

07-январь 2019, 09:50 Жазгүл Урманбетова

6-январда Facebook социалдык тармагына машинанын терезесинен чыгып алып, колуна автомат өңдөнгөн нерсени көтөрүп, асманга аткылап жаткан балдардын видеосу тарады. Талас облустук ички иштер башкармалыгы териштирүү иштерин жүргүзүп, окуя 2018-жылдын 24-ноябрында 21 жаштагы Ж.К. аттуу жарандын үйлөнүү тоюнда болгонун аныктады. "Үлпөт тойдогу кортеж "Манас ордо" улуттук комплексин көздөй жөнөп жаткан. Унаадагы адамдар балдар ойноп жүргөн оюнчук автоматты алып, асманга каратып ойношкон. Видео жакшы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 476

Автокырсыктан бир адам жабыркап, төрт унаа кагышты

07-январь 2019, 09:32 Жазгүл Урманбетова

Бишкекте төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам ооруканага жеткирилди.  Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 6-январда саат 23:00 чамасында Токтогул көчөсү менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда Ниссан Патфайндер, Хонда Фит, Тойота Ист жана Лексус үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Учурда унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, жол кырсыгы боюнча тишелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 462

АКШда атышуудан үч адам каза болду, дагы бир нечеси жараат алды

05-январь 2019, 18:10 Жазгүл Урманбетова

Окуя бир аз мурдараак Лос-Анжелестеги боулинг-клубдардын биринде болгону кабарланууда. Полиция көптөгөн адамдар жараат алганын билдирди. Фейсбуктун колдонуучуларынын бири клубдан түз көрсөттү, анда кансыраган адам жерде жатканын көрүүгө болот. The Los Angeles Times маалымдагандай, атышуу башталар алдында клубда мушташ болгон. Учурда окуя болгон жерди полиция курчап турат.  Булак: NazarNews.kg

0 680

Нарын: Автокырсыктан 3 адам каза болду

05-январь 2019, 17:58 Жазгүл Урманбетова

Нарын областынын Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 283 чакырым жолунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышты. Аталган автокырсыктан 3 эркек адам көз жумду. Ошондой эле, 19 бука өлгөн. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 4 январ күнү болжол менен 20:30 Долон ашуусунун 283 чакырым жолунда 22-жаштагы «МАН» жүк ташуучу унаасын башкара албай калган. Баардыгы болуп жүк ташуучу унаада 21 бука бар болгон. Ал Ак-Талинского районунан ...

0 790

Өкмөт башчы: "Кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мас болуп алып унаа айдагандарга 17 500 сом айыппул салынат

05-январь 2019, 17:18 Жазгүл Урманбетова

Ички иштер министрлиги жолдо тартип орнотууну акча табуу амалына айландырган кызматкерлерден арылуусу керек. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушундай талап коюп, милицияга жана атайын кызматка “паракорлорду аныктоо жана аларды катуу жазалоо боюнча туруктуу негизде атайын рейддерди жүргүзүүнү” тапшырды. «Айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен жарандардын нааразылыгын жана сын пикирлерин жаратууда» - деп белгиледи өкмөт башчы. 1-январдан тартып Кыргызстанда Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жол ...

0 1369

Сапар Исаковго «Коррупция» беренеси боюнча акыркы айып чыкты

05-январь 2019, 16:54 Жазгүл Урманбетова

2018-жылдын 26-декабрында Бишкек ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу экс премьер-министр Сапар Исаковго карата «Коррупция» беренеси боюнча акыркы айып чыкты. Анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдиргендей, Сапар Исаков Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүмү (уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыгында жасалса же башка оор кесепеттерге алып келсе, мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он беш ...

0 428

Режеп Тайып Эрдоган: "Ооганстан, Пакистан жана Түркия ортосундагы мындай жолугушуу көптөгөн проблемаларды чечүүгө өбөлгө түзөт"

05-январь 2019, 16:28 Жазгүл Урманбетова

Түркия ооган өкмөтү жана талибдердин ортосундагы 17 жылдан бери токтобой жаткан куралдуу жаңжалды токтотуу жөнүндө Ооганстан менен Пакистандын сүйлөшүүлөрүнө ортомчу боло алат. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып түрк президенти үч өлкөнүн өкүлдөрү катыша турган жолугушуу Стамбулда март айында өтөрүн айтты. - Кудай буюрса үч тараптуу саммитти Стамбулда ...

0 324

Кайрымдуулук иштеринин нормалары мыйзам түрүндө иштелип чыкты

05-январь 2019, 14:35 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда кайрымдуулук уюмдарынын ишин жөнгө салуучу жаңы нормалар иштелип чыкты. Бул жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга чыгарды. «Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө» мыйзам 1999-жылдын 6-ноябрында кабыл алынган. Ага ылайык, коммерциялык бирикмелер ыктыярдуу негизде “кайрымдуулук уюму” деген макам алууга укуктуу. Алар үчүн Салык кодексинде жеңилдиктер каралган, бирок бир да уюм андан пайдаланбайт. Себеби кайрымдуулук уюму деп таанылыш үчүн өз кирешесинин ...

0 750

2019-жылы айымдардын узун көйнөктөрү модага айланат

05-январь 2019, 14:04 Жазгүл Урманбетова

Кирип келген 2019-жыл - "Кара кийик" жылы болгондуктан, жыл тынч жана берекелүү болот дешет. Жаңы жылдын жаз айларында кызыл, кызгылт, сары кийимдер модага айланат. Өзгөчө айымдардын узун көйнөктөрү мода болуп кайра гардеробдордон орун алганы мырзаларды кубандырат. Ошондуктан, айымдар бул жылы юбка, көйнөктөрдү такай кийип турушса, ийгилик болоору анык, - дешет модельерлер. Ошондой эле, кышында "дубленкалар" кайра саркеч кийимге айланып калат. Ошону менен ...

0 421

УКМК: "Камалгандардын шарттары жакшы. Эч кандай даттануу түшө элек"

05-январь 2019, 13:23 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын Кыйноолорго каршы улуттук борбору Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы аткаминерлердин абактагы шарттары тууралуу маалымат берди. Мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалып жаткандардын шартын жалпысынан жакшы деп мүнөздөсө болот: - Жаза аткаруу кызматынын изолятору менен, милиция системасынын убактылуу кармоочу жайлары жана башка жабык абактар менен ...

0 533

Осмонбек Артыкбаевге операция жасалды

05-январь 2019, 12:48 Жазгүл Урманбетова

СИЗОдо отурган депутат Осмонбек Артыкбаевге операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Артыкбаев учурда ооруканада жатат. УКМКнын басма сөз кызматы депутат качан операция болгону боюнча маалымат берген жок. УКМКнын тергөө абагында отурган Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу 4-декабрда ооруканага жаткырылган. 2018-жылы жайында Артыкбаев Улуттук кардиология борборунда дарыланган.  Булак: NazarNews.kg

0 254

Бишкекте шахмат боюнча балдар арасында чемпионаты өтүп жатат

05-январь 2019, 12:30 Жазгүл Урманбетова

Бишкекте шахмат боюнча балдар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат. 4-январда башталган иш-чара Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинин имаратында уюштурулууда. Жыйынтыгы 12-январда чыгат. Чемпионаттын уюштуруучулары - Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргызстандын Шахмат федерациясы жана "FOFINGO" уюму. Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун айтымында, бул турнир жыл сайын өткөрүлөт. Быйыл жылдагыдан эң көп спортчу - Кыргызстандын бардык аймактарынан 625 ...

0 459

Жаңы мыйзам боюнча айдоочуга жоопкерчилигин камсыздандырууну баштоо үчүн өткөөл мөөнөт берилет

05-январь 2019, 12:07 Жазгүл Урманбетова

Айдоочулардын жоопкерчилигин камсыздандырууну баштоо үчүн өткөөл мөөнөт берилет. Финансылык көзөмөл кызматынын маалыматына караганда, «Автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 7-февралда күчүнө кирет. Бирок 7-августка чейин кошумча убакыт берүү жагы каралып жатат. Өкмөттүн тиешелүү токтому коомдук талкууга коюлду. Өкмөт эгер камсыздандыруу полиси бар айдоочу жол кырсыгына кабылса, анын мүлктүк кызыкчылыктары корголорун айтууда. Полистин баасын азырынча аныктала элек. Айдоочулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү ...

0 346

Тажикстан: Медиктерге гимнди жаттоо талабы коюлууда

05-январь 2019, 11:38 Жазгүл Урманбетова

Тажикстанда доктурлар милдеттүү түрдө дарыгердин кесиптик гимнин жаттап жатышат. “Азаттык” радиосунун тажик кызматынын маалыматына караганда, жаңы жылдан бери бардык ооруканаларда кызматкерлердин эртең мененки чогулушу “Сиз Тажикстандын медицина кызматкеринин гимнин жаттадыңызбы?” деген суроо менен башталууда. Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин мындай талабын аткарбаган кызматкерлер жазага тартылат. Доктурлардын кесиптик квалификациясы да гимнди билгенине жараша ыйгарылмай болууда. Бирок талдоочулар министрлик адегенде калкты тейлөөнүн сапатына ...

0 1539

Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү өтүнүч учурда президенттик аппаратта каралып жатат

05-январь 2019, 14:26 Жазгүл Урманбетова

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. 25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып ал мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген. Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон. Бирок айрым юристтер ...

0 811

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгын берүү тууралуу жарлыкка кол койду

05-январь 2019, 10:47 Жазгүл Урманбетова

Президент Сооронбай Жээнбеков  Кыргызстандын жарандыгын берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Жарлыкка ылайык, 550 адам өлкө жарандыгын алды. Алардын ичинен 461 киши чоңдор жана 89 жаш бала бар. Жарандык алууга арыз жазгандардын басымдуу бөлүгү  этникалык кыргыздар. Алар мурда жашаган өлкөлөрүнөн тарыхый ата журтуна кайтууну чечишкен. Эске салсак, декабрдын соңунда ушундай эле жарлык менен 300 дөн ашуун адам кыргыз ...

0 473

Терракт жасоону пландаган кыргыз жараны Швецияда кармалды

05-январь 2019, 10:42 Жазгүл Урманбетова

Швецияда теракт жасоону пландаган деп шектелип жаткан кыргызстандык Атабек Абдуллаевдин жана Өзбекстандын беш жаранынын соту 7-январга белгиленди. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Абдуллаевдин экстремисттик топторго тиешеси бар-жогун териштирүүдө. Шектүү Ош облусунун Араван районунун тургуну экенин аныктап, анын ата-энеси менен байланышты. Алар уулунун террордук актыларды уюштурууга тиешеси жок экенин айтышууда. Атабек Абдуллаевге байланыштуу чуулуу кабар узаган жылдын акыркы күндөрү ачыкка чыкты. Швециянын прокуратурасы 27-декабрда билдирүү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 565

Анжелина Жолини эми саясаттан көрөбүз

29-декабрь 2018, 15:18 Жазгүл Урманбетова

Голливуддун жылдызы Анжелина Жоли дүйнөлүк лидерлерди согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдөгү качкындар менен аялдарга көңүл бурууга үндөп, саясатка бара турганын маалымдады. 28-декабрда Би-Би-Си радиосуна маек курган кино жылдызы Бириккен Улуттар Уюмунун ыктыярдуу элчиси катары аткарган иши тууралуу кенен айтып берди. БУУнун Качкындар боюнча агенттигинде сексуалдык зомбулукка кабылган аялдарга көмөк көрсөтүп жатып 43 жаштагы Жоли “Азыркы тапта БУУ менен иштешип жатам, кырдаалды оңдоо үчүн ...

0 858

Желим баштыктар эми колдонулбайт

29-декабрь 2018, 14:56 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Өкмөтү өлкө боюнча желим пакеттерди жана желим идиштерди пайдаланбай турган мыйзамды киргизүүнү сунуштоодо. Бул боюнча ЖКнын депутаты Экмат Байбакпаев желим баштыктарды өлкөгө экспорт кылбай, тескерисинче, аны өндүргөн ишканаларды жабуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан жана ага каршы сунушун киргизген болчу. Коомчулукта дагы желим баштыктарга каршы да акциялар өткөн.  Глобалдык экологияга желим баштыктардын тийгизген терс таасири абдан чоң. "Ысык-Көл" биосфералык аймакта да ...

0 367

Орусия:12 киши көчкү алдында калып, 2 адам каза болду

29-декабрь 2018, 14:39 Жазгүл Урманбетова

Орусиянын Хабаровск крайында көчкүдөн эки киши каза таап, жети киши куткарылганын жергиликтүү медиа маалымдады. ТАСС кабар агенттиги 12 киши көчкү алдында калганын, алар 29-декабрда Многовещенский кыштагына жакын куткарылганын маалымдады. Кырсык алтын казган компаниянын аймагында болгон. Куткарылгандар жергиликтүү ооруканага жаткырылды.  Булак: NazarNews.kg

0 321

Майрамга карата айрым көчөлөр жабылат

29-декабрь 2018, 14:20 Жазгүл Урманбетова

Бишкекте 31-декабрь күнү айрым борбордук көчөлөр унаалар үчүн жабылат. Мындай мккйаалыматты Бишкек ШИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Жабыла турган көчөлөр жана убактысы: Чүй кең көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 08:00дө жабылат; Абдымомунов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү; Киев көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат, бирок автобус жана троллейбустар үчүн ачык болот.

0 1737

АКШнын биринчи айымы Меланья Трамп кийингенди унутуп калган

29-декабрь 2018, 14:00 Жазгүл Урманбетова

Интернетти колдонуучулардын арасынан АКШнын президенти Дональд Трамптын жубайы Меланья Трампты дагы шылдыңга алышты. Буга Меланьянын Ирактан учуп келгендеги  жеринен тартып алынган сүрөтү себеп болгон. Аталган сүрөттү  TIme басылмасы жарыялап чыкты. Комментарийлерде биринчи айымдын шымы талкууга алында. Шымдын өңү дененин өңүнө окшош болгондуктан, ал эч нерсе кийбей же болбосо унутуп калгандай элес калтырат. Sandra Hanna аттуу интернет колдонуучу Меланья абдан шашкандыктан ал үстүңкү кийимин кийгенге эле жетишкен окшойт ...

0 479

Сооронбай Жээнбеков айрым соттор уюшкан кылмыш топторунун пайдасына чечим чыгарып жатканын айыптады

29-декабрь 2018, 13:31 Жазгүл Урманбетова

Жээнбеков сот тармагында кээ бир иштерге чекит коюлбай, судьялардын үстүнөн арыз көп түшүп жатканын айтты. Соттук реформа боюнча кеңештин 27-декабрда өткөн жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сот органдарында мүлк талаш же башка бир чарбалык дооматтарга байланышкан кээ бир иштерге 10-15 жылдан бери чекит коюлбай келе жатканын сынга алды. Президент Жогорку сот жоопкерчиликти өзүнө алуудан качып, татаалдашып кеткен иштерди кайра кароону жергиликтүү сотторго жиберүүнү ...

0 399

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мыйзамсыз миграция жана инвестициялык жагдай боюнча жыйын өткөрдү

29-декабрь 2018, 13:15 Жазгүл Урманбетова

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында Разаков айрым топтордун ишмердүүлүгү өлкөнүн инвестициялык абалына, стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен алакага терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи. - Биз инвесторлорду чочутуп албоого тийишпиз, тескерисинче, алардын ишмердиги үчүн мыйзам чегинде болушунча ыңгайлуу шарт түзүү керек. Өлкөлөр ортосунда келип чыккан айрым бир маселелер дипломатиялык жол менен гана чечилиши шарт, – деди Жеңиш Разаков. Жеңиш Разаков коомчулукта көпчүлүк учурда такталбаган ...

0 357

Жаңы жыл түнү Борбордук аянтта 2 миңге жакын милиция кызматкери иштейт

29-декабрь 2018, 13:02 Жазгүл Урманбетова

Жаңы жыл түнү тургундардын коопсуздугун сактоо иреетинде эл көп топтолгон жерге тагыраагы, Борбордук аянтта 2 миңге чукул милиция кызматкерлери өз ишин алып барат. Борбордук аянтка атылуучу, жардыруучу, кесүүчү, чоң  көлөмдөгү буюмдарды алып келүү сунушталбайт. Мындай буюмдарды алып келгендерге өткөрмө пункттар аларды алып койгонго толук укугу бар. Ошондой эле, жарандардын коопсуздугу үчүн "102" кызматы иштейт. Эгерде сиз кооптуу болгон буюмдарды көрсөңүз, анда дароо ...

0 585

Орусия аймагында уктатуучу апийимдин сортторун өстүрүүгө жана апийимдин сабактарын кайра иштетүүгө уруксат берүү каралган

29-декабрь 2018, 12:09 Жазгүл Урманбетова

Орусия өкмөтү өлкө аймагында маңзат өсүмдүктөрүн өстүрүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Документ санкция шартында импорттолгон наркотикалык дарыдармектердин ордун басууга багытталган. Бул тууралуу РБК Өнөр жай жана соода министрлигинин башчысы Денис Мантуровго шилтеме берүү менен билдирди. РБК белгилегендей, учурда Орусияда 13 апийим препараты каттоодон өткөн, алардын тогузу — жашоо үчүн өтө маанилүү делген дары-дармектердин тизмесинде. Бирок бул өлкөдө алардын бирөө дагы ...

0 2887

Мерген Турган 3 эркек баланын, 2 кыздын атасы экени эми белгилүү болду

29-декабрь 2018, 11:59 Жазгүл Урманбетова

Таланттуу ырчы Мерген Турган быйыл 50 жашка толду. Ал юбилейин гана белгилебестен, небересинин да тушоосун кесип, жек-жаатынын, жакшы санаалаштарынын башын бириктирди. ЖМКларга берген маегинде ал: “3 эркек баланын, 2 кыздын атасы, 1 неберенин чоң атасымын. Бактымды мурун эле тапкам”, - деп жар салган. Белгилей кетсек, Мерген Турган башка ырчылардан өзгөчөлөнүп, пародия туурап ырдаган жайы да бар. Мерген Турганды биз узун чачсыз элестете албайбыз. Ушунча жыл иштеп ...

0 469

Укук коргоочу Анарбай Орозов экс-депутат Музаффар Исаковдун соту боюнча арызданат

28-декабрь 2018, 18:58 Жазгүл Урманбетова

Жалал-Абад облусундагы укук коргоочу Анарбай Орозов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаков боюнча Сузак райондук сотунун чыгарган өкүмүнө каршы облустук сотко арызданат. Ал Исаковдун иши анын жазган арызынын негизинде сотко өткөнүн айтып, райондук соттун чечине нааразы экенин билдирди. - Өкүм туура эмес чыкты. Тоок уурдаганга тогуз жыл берилип, мамлекеттин, элдин акысын жеген адам үч жылга шарттуу кесилди. «Шарттуу" деген сөз үч күндөн ...

0 1407

Аскарбек Шадиев өлкөдөн чыгып кетээрден мурда үй мүлкүн сатууга үлгүргөн

28-декабрь 2018, 18:18 Жазгүл Урманбетова

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов "Дело№" гезитиндеги маегинде Аскарбек Шадиевге кылмыш иши кеч козголгондугунун себебин түшүндүрдү: "Азыркы мыйзамга ылайык парламент депутатына кылмыш ишин башкы прокурор өзү гана козгой алат. УКМК Шадиевге кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага материалдарды 28-мартта эле өткөрүп берген. Белгисиз себептерден улам андагы башкы прокурор Жолдубаева кылмыш ишин козгоого шашылган эмес. 11-15-апрель аралыгында Шадиев өзүнүн мүлкүн тез арада ...

0 1214

Жыныстык оору менен жабыркаган өзбек жараны алгач дарыгерге, андан соң өзүнө ок аткан

29-декабрь 2018, 13:24 Жазгүл Урманбетова

Санкт-Петербургда жугуштуу жыныстык оору менен жабыркаган Өзбекстандын 58 жаштагы жараны тапанча менен оорукана дарыгерине, андан кийин өзүнө ок чыгарган. Орусия Тергөө комитетинин Санкт-Петербург аймагы боюнча бөлүмүнөн билдиргендей, окуя 25- декабрда болгон. Маалыматка караганда, Өзбекстандын Сергей аттуу жараны «Инсам» чыгыш медицина борборунда аны дарылап жаткан дарыгерге, андан кийин өзүнө ок аткан. – Бул факты боюнча «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш ...

0 877

Бузуулардын бирдиктүү реестри ишке кирди

28-декабрь 2018, 17:12 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 2018-жылдын 28-декабрь күнү Бишкек шаардык Мэриясында Бузуулардын бирдиктүү реестринин бетачары болуп өттү. Бул боюнча ИИмдин Басма сөз кызматы билдирди. Аталган  иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, ИИМдин, шаардык администрациянын жана райондук акимиаттын  жетекчилик курамы  катышышты. Бүгүнкү күндө ИИМ тарабынан Бузуулардын бирдиктүү реестри менен иштөө,  маалыматтар базасы менен иштөө жана ага ...

0 807

Исаков 3 жылга кесилди

28-декабрь 2018, 17:03 Жазгүл Урманбетова

Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковду үч жылга шарттуу кесип, беш жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматтарга иштөө укугунан ажыратты. Мындай чечимди сот бүгүн 28-декабрда кабыл алганын укук коргоочу Анарбай Орозов "Азаттыкка" билдирди. Мамлекеттик айыптоочу Исаковдун үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен аны 12 жылга эркинен ажыратууну жана сот залынан камакка алууну өтүнгөн. Экс-депутат менен чогуу айыпталып жаткан райондук архитектуранын жана Таш-Булак айыл ...

28-декабрь 2018, 17:03 | 807
0 501

Бишкек шаардык мэриясы менен Жогорку Кеңештин аппараты жаңы жылды өткөрбөйт

28-декабрь 2018, 16:39 Жазгүл Урманбетова

Бишкек мэриясы жаңы жылдык үлпөттү өткөрбөйт, анткени муниципалитеттин кызматкерлеринин бул нерсеге убактылары жок. Бул тууралуу ЖМКларга шаар башчынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова айтып берди. - Мурда биз андай үлпөттөрдү өз жаныбыздан кылчубуз, бирок бул жылы ооруп жаткан кесиптештерибиз үчүн акча чогулттук, үлпөттөн баш тартууну чечтик, - деп түшүндүрдү ал. - Бирок негизги себеп - убакыттын жоктугу. Буга дагы кошумча айта кетүүчү нерсе, Жогорку Кеңештин ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1334

Индияда 65 жаштагы аял көз жарды

28-декабрь 2018, 15:55 Жазгүл Урманбетова

Индияда 65 жаштагы аял төрөдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда. Маалыматка караганда, баланын атасы 80 жашта. "Бул аял өз күчү менен баласын жарыкка алып келип, улуу куракта төрөгөн энелердин сап башына жайгашты. Буга чейин мындай куракта көз жарган аялдар жасалма уруктандыруу жолу менен гана боюна бүтүргөн. Дарыгерлер эненин да, баланын да абалы туруктуу экенин айтышууда. Негизинен Индияда аялдар 47 жаштан кийин ...

28-декабрь 2018, 15:55 | 1334
0 576

Курманбек Дыйканбаев: "Мен Эльвира Сурабалдиеваны коркуткан эмесмин"

28-декабрь 2018, 15:34 Жазгүл Урманбетова

Курманбек Дыйканбаев депутатка көйгөй тууралуу эскертейин дегем деп түшүндүрдү Жогорку Кеңештеги президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев  Vesti.kg сайтына депутат Эльвира Сурабалдиева менен анын ортосунда түшүнбөстүк болуп кеткендигин билдирди. - Менин сөздөрүмдү контексттен үзүп алышыптыр, - деп билдирди Курманбек Сапарович. - Бардык депутаттар менин бөлмөмө чогулушкан. Маселе андай коюлган эмес болчу. Күн сайын элдерде бир көйгөй жаралат. Ал көйгөйлөр ар кандай болушу мүмкүн. Эльвира ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83