www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айнура Абдиназарова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (455)

0 1160

Мектептердеги окутуу 5 күндүк тартипке өтүүдө

19-декабрь 2017, 09:54 Айнура Абдиназарова

Кечээ, 18-декабрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карап, жактырды. Анда мектептердеги окуу мөөнөтүн жумасына 5 күндүк ченемге өткөрүү жагы сунушталууда. Демилгечи депутат Дастан Бекешев бул норма менчик мектептерге да тишелүү, - дейт. Парламенттик телеканалды түзүү маселеси боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин ...

0 1356

2020-жылга чейин Бишкектеги маршруттук каттамдар толук жоюлат

19-декабрь 2017, 09:43 Айнура Абдиназарова

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы 2020-жылга чейин  баш калаанын ичиндеги маршруттук каттамдарды жоюу планын иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Абдурахим Абдурасилов билдирди. Абдурасиловдун айтымында, 2020-жылга чейин Бишкекке 350 автобус жана 50дөй троллейбус алып келүү пландалган. Ошондо микробустар каттамдан чыгарылып, жалаң автобус жана троллейбустар калаанын тургундарын тейлеп калышат.  Маалым болгондой, Бишкек шаарынын жалпы тургундарынын 70 пайызы коомдук транспорттор менен каттайт. Ал үчүн жалпысынан 2500 кичи ...

0 1789

Элнура Алканова Сапар Исаковдон кечирим сурасын

24-декабрь 2017, 00:19 Айнура Абдиназарова

Коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын Премьер-министри Сапар Исаковдун Фергана.ру веб-сайтынын басылмасында жарыяланган «Бишкектеги «Идеал Хаус» vip-шаарчасынын сатылышы боюнча чырлуу бүтүмдүн артында ким турат? II бөлүк» журналисттик материалында айтылган фактылар боюнча кайрылуусунун негизиндеги текшерүүсүнүн жыйынтыгында өлкө премьер-министринин, анын туугандарынын, же аны менен аффилиацияланган жакын чөйрөсүнүн обьектти менчиктештирүүгө жана «БТА Банк» ЖАК акцияларынын кошумча эмиссияларын ...

0 531

83 жаштагы пенсионерди ур-токмокко алып акча талап кылган

19-декабрь 2017, 11:21 Айнура Абдиназарова

2017-жылдын 15-декабрь күнү болжол менен саат 21:40 чамасында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө европа улутундагы болжол менен 80-85 жаштардагы аял киши денесине жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча Жайыл районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу ооруканага барышып, жабырлануучунун өздүгүн такташкан. Ал Кара-Балта шаарынын 83 жаштагы жашоочусу К.В. экендиги аныкталган. Териштирүү учурунда, жабырлануучу окуя тууралуу төмөндөгүлөрдү ...

0 5355

Бабанов кайрадан Ташиевге "жуучу" жиберип...

16-декабрь 2017, 15:02 Айнура Абдиназарова

Тарых кайталанат, жолдор кезигишет, адамдар жолгушат деген аксиома бар. Муну четке түртүп салуунун өзү көңдөйлүк. Бирок, ушуну билип туруп көңдөйлүккө баргандарды эмне десе болот.  Дегеним, Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кирсе эле камала тургандыгы бештен белгилүү. Муну алдын ала сезген Өмкө камалбай кирүүнүн жана козголгон кылмыш ишти кыскартуунун жолдорун издеп, бийликке чабарман жиберүү менен алек. Бир кезде сатып кеткен Камчыбек Ташиев акасына күнү түшүп, ...

0 1182

ВИДЕО - Назарбаев чемпион менен күч сынашты

Видео 16-декабрь 2017, 14:09 Айнура Абдиназарова

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев олимпиада катышуучусу менен "күч сынашты" деп жазат чет элдик маалымат каражаттары. Маалыматтарга караганда, Казакстандын эгемендүүлүк күнүнө карата казакстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өткөн.  Мамлекет башчысы Назарбаев Казакстандагы белгилүү спортчу, олимпиадалардын катышуучулары менен жолугушуп жатып, Жакшылык Учкемпировго "Қазақстанның Еңбек Ері" наамын тапшырган. Ажо Назарбаев спортчу менен учурашууда колун бекем кысып, күчүн сынап көргөн. 66 жаштагы спорту учурда дүйнө чемпиону. Булак: NazarNews.kg  

0 5221

Министр Батыралиев Кожобек Рысбаевдин "бет кабын" сыйрыды

16-декабрь 2017, 13:30 Айнура Абдиназарова

Жаңы президент шайлангандан бери айрым министрлер кызматынан айдалары айтылып баштаган. Ошондон бери ичкүптүсү бар депутаттар тынч жата албай сөзүн укпаган министрлерден кетпес кегин алганга жанталаша баштады. Айтсак, өткөн жумаларда Кожобек Рысбаев деген депутатыбыз парламент трибунасынан Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди коколоп, ишин сындап, көпчүлүктүн алдында бозала кылган. Айрымдар: "депутат деген ушундай болуш керек" - деп ооз көптүрө мактаган эле. Көрсө, Кожобек Рысбаев өз ...

0 1570

Феликс Кулов таптакыр жөн жата албай койду...

16-декабрь 2017, 12:59 Айнура Абдиназарова

Адамдар өтө кызык болушат. Өзгөчө чоң кызматтарда жүрүп, анан карып бара жаткандар ар качан бирдин ичинен чыгып турушат. Дегенибиз, экс-депутат Феликс Кулов таптакыр жөн жата албай койду. Улам бир жерден өлгөн арстан күркүрөп ийгенсип үнү чыгып калат. Улам бир жерден Куловдун кулагы көрүнүп калат. Бир туруп бийликти жамандайт, бир туруп шайлоону казиного айланта: “Мен кимге добуш берем, тапкыла”, – деп ...

0 751

22 жаштагы жоокер өзүн-өзү атып өлтүрдү

16-декабрь 2017, 12:41 Айнура Абдиназарова

Кыргызстанда ыкчам кызмат өтөө аскер кызматынын жоокери өзүн өзү атып каза болду. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлады деп жазат zaman.kg. Маалыматка караганда, окуя 15-декабрда Куралдуу күчтөрдүн Абадан коргонуу күчтөрүнө караштуу бөлүктөрдүн биринде болгон. Анда 22 жаштагы жоокер өзүн өзү атып каза болгон. Учурда Аскер прокуратурасы аталган факты боюнча иликтей баштады. Булак: NazarNews.kg

0 7840

Сооронбай менен Атамбаевдин тиреши...

16-декабрь 2017, 12:04 Айнура Абдиназарова

Кандайдыр бир күчтөр жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосуна от жакканга өтүштү. Атайын бир уюшулган чоң компания иштеп жатканы белгилүү болуп турат. Соке менен АШАнын ортосундагы достук дагы канчага созулаары белгисиз. Экөө тең билмексен болуп турушат. Эгер ушул бойдон кетишсе жакшы, кокус тиреш башталып кетсе, кырдаал курчуйт. Жээнбеков отставкага кетип калышы мүмкүн же Атамбаевди камайт. Булак: Ачык ...

0 1251

Сөөктү көмүп, кайра көрдөн сүйрөп чыга бергидей ал эмне оюнчукпу?

16-декабрь 2017, 11:47 Айнура Абдиназарова

Өткөндө ордо калаабыздын Тарых Музейинде сакталып, кечээ жакында кайра жерге берилген мумия боюнча түрдүү кептердин аягы сууй элек. Дегеним, сөөктү жерге бергенин бири туура болду десе, бири илим үчүн чоң сокку деп ортодо талаш пайда болгон. Бүгүн Жогорку кеңештеги комиссия сөөктү кайра ордуна алып келип койсун деген сунуш киргизүүдө. Эми жол-жобо боюнча аталган маселе парламенттик комитетте каралышы керек. Алар чечимди бекитсе ...

0 2736

Исаков "бок" басып алды

16-декабрь 2017, 11:27 Айнура Абдиназарова

Премьер-министр Сапар Исаков Кубанычбек Кулматовду Бажы башчылыгына дайындайм деп "бок" басып алды. Сапарга чын дилинен ишенип, аны ээрчип бара жаткан элдин үмүтүнө суу сепкендей эле болду. Кайран жигит адашты. Албетте Атамбаевдин көрсөтмөсү менен дайындаганын билип эле турабыз. Бирок өз оюн билдирсе болмок. Кулматов элдин итиркейин келтирээрин эмнеге эске алган жок ыя? Булак: Ачык саясат

16-декабрь 2017, 11:27 | 2736
0 1780

Асылбек Жээнбеков Икрам Илмияновду алыс ойно дегенби?

16-декабрь 2017, 11:15 Айнура Абдиназарова

Атамбаев бүтүп эми Сооронбайдын согун чыгарат - деп Икрамдан кооптонуп жаткан коомчулук учурда элеңдеп турган чагы. Тактап айтканда Икрам Илмиянов Малайзияга элчи болуп кетет имиш. Мындан улам, "кантип эле Атамбаев Икрамды Сооронбайдан далдоо сыртка чыгарып койсун" деген да суроо туулбай койбойт экен. Асылбек Жээнбеков акылдуулук кылып, Икрамды алыс ойно дегенби? Кантсе да, Асылбек алысты көрө билген неме да. Алты жыл бою ...

0 701

Сооронбай Жээнбеков Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду

13-декабрь 2017, 18:05 Айнура Абдиназарова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-декабрда, Өзбекстан Республикасына расмий сапар менен келип, Ташкен шаарындагы Мустакиллик аянтына барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Бул жерде Көз карандысыздык жана гуманизм монументине гүл коюу аземи болду. Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле  Өзбекстан Республикасынын биринчи Президенти Ислам Каримов атындагы мемориалдык комплекске барып, Өзбекстандын биринчи Президентинин эстелигине гүл койду. Булак: NazarNews.kg

0 2625

Сүрөт - Төлгө ачып байып кеткен көзү ачыктар

13-декабрь 2017, 17:49 Айнура Абдиназарова

Жашоонун маанисин, дүйнөнүн сырларын ачууга аракет кылган бул заманда көзү ачык, төлгөчүлөргө коомчулук көбүрөөк маани берип калды. Жашоону алдын ала айтып адамдарды өзүнө кызыктырган көзү ачыктар дүйнөнүн ар бир бурчунда кездешет. Словакиялык фотограф Lucia Sekerkovа румыниялык көзү ачык менен жолугушуп калып, анын үйүн көргөндө таң калган. Фотограф анын жашаган жерин сүрөткө тартып коомчулукка жарыялаган. Maria Campina аттуу көзү ачыктын айтымында анын үйүндөгү ар бир ...

0 5655

Самара той өткөрсө Ибрагим Жунусов атайын Түркиядан жетип келиптир…

13-декабрь 2017, 17:08 Айнура Абдиназарова

Кечээ 12-декабрда Самара Каримова деген ырчы уулдарына сүннөт той өткөзүптүр. Ага келген коноктордун арасында жамактатып сүйлөмүш этип бап-бап эткен Рыскелди Момбеков баштаган ЖКнын депуттары сыяктуулар барыптыр. Алар го өз жеринде тойдон башы чыкпайт. Алэми ырчы, ой азыр элчи болуп калган Ибрагим Жунусовго не жок дейм да. Ушинтип убактысын сайраңдоого коротокондон көрө ар бир мүнөтүн Түркияда жүргөн, кыйналып жаткан мекендештерибизге көмөк көрсөтүүгө жумшаса ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3427

Адам өзү тагдырына балта чабат: Бабанов акчанын кудуретине бекем ишенген болчу

13-декабрь 2017, 16:19 Айнура Абдиназарова

Айрыкча саясаттын чордонунда жүргөн кыйындар өзүнүн тагдырына балта чаап аларын көрүп эле келатабыз. Мурда жөн эле физик мугалими болуп жүргөндөр тез эле саясаттын рулун колуна алганында жер баспай каларын байкаган деле чыгарсыңар. Маселен окумуштуу адам деп эсептелип калган Аскар Акаевди ажо кылгандан кийин аягы эмне болду? Качып кетип аман калды, же мунун жалганы барбы? Ал эми дагы бир физика мугалими Өмүрбек ...

0 4133

Өлкө ичиндеги авиабилеттин баасы чечилди. Билет канча сом?

13-декабрь 2017, 13:55 Айнура Абдиназарова

“Тез Жет” жана “Авиа трафик” авиакомпаниялары 1-декабрдан тарта авиабилеттерге бааны 4 миң сомдон ашырбоого макул болушту, “Эйр Манас” азырынча макул болбой жатат деп билдирди транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеңеш жыйынында. Депутат Азамат Арапбаев авиакомпанияларга авиакеросинге болгон акцизден бошотулуп, бир топ жеңилдиктер берилгенине карабастан билеттер кымбаттап жатканын айтып, авиакомпанияларга министрлик таасир эте алабы деп сурады. Эскерте кетсек,  буга чейин да ...

0 2412

Бажыда Матраимов жетекчи болуп турганда Кулматовго салыштырмалуу өсүш кыйла болгон

13-декабрь 2017, 12:32 Айнура Абдиназарова

Балапандар өкмөтүнүн премьер-министри Сапар Исаковдун жүрүштөрүндө логика деле жоктой. Ал ар дайым профессионал, таза адамдар кызматтарга келиши керектигин айтып келатат. Бирок, Мамлекеттик бажы кызматына Кубанычбек Кулматовду эмне максат менен башчы кылып дайындап олтурат? Буга чейин Сапар Исаков “несоответствие занимаемой должности” деген бирдеңкеге таянып, коомчулукта “Райым-миллион” деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимовду кызматтан алганы белгилүү. “Балашка” премьер-министр соңку жылдары бажыдан түшкөн жыйымдар ...

0 790

Парламентте Үңкүр-Тоо маселеси көтөрүлдү

13-декабрь 2017, 12:04 Айнура Абдиназарова

“Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңеште маалымат берип жаткан транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго Үңкүр-Тоо маселеси тууралуу суроо салды. Анда Бокоев бүгүнкү күндө Үңкүр-Тоонун абалы кандай экенин сурады. Министр бул суроого жооп берүүгө даяр эместигин айтып, алгач ага Чек ара кызматы жооптуу экенин, андан кийин Маалыматтык технологиялар агенттигине караштуу маселе экенин билдирди. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында ...

0 4167

ЭКСКЛЮЗИВ - Айнура Салахидинова үчүнчү наристесин күтүүдө

13-декабрь 2017, 11:36 Айнура Абдиназарова

Ажарлуу ырчы айым Айнура Салахидинова жаңырган жылда кайрадан наристе жытын жыттамакчы. Себеби, эки уулун бир аз чоңойтуп, тыныгуу алган ырчы айым учурда кош бойлуу болуп, үчүнчү наристесин күтүүдө. Жаңы жылдык берүүлөрдүн тартуу иштерине катышып алган соң, эмгек өргүүсүнө кызуу камданып жаткан ырчы айым аман-эсен көз жарып алышын каалайбыз!  Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

0 1147

Аскарбек Шадиев эки кызматтын айлыгын албаганга ичи ооруп…

13-декабрь 2017, 11:21 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңештин депутаты, ошол эле кезде биринчи премьер-министр кызматын аркалап, эки ээрге бирдей минген Аскарбек Шадиев эми эки айлык алабы же бир кызматынын айлыгын алабы деген маселе коомдо чоң талкуу жаратты эле. Калп эле элди сооротуп коелу дештиби же чындап элеби, айтор Шадиев вице-премьер кызматынын 40 миң сом айлыгын гана алмай болгонун билдиришти. Жогорку Кеңештеги айлыгын албайт экен. Бирок депутаттын ...

0 1019

Зилалиев барган жер соо калбайт...

13-декабрь 2017, 10:53 Айнура Абдиназарова

Бир кезде “Дастан” заводун жетектей койгон, ишканада үлүшү бардыгы айтылып жүргөн “Бир Бол” фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов Жогорку Кеңеште “Дастан” заводу качан сатыкка коюлат деген маселени козгоду. Сыягы, “Дастандын” сатылаарынан жыт алып калган көрүнөт. Кантсе да кызарган жерди алыстан көргөн кыраакы эмеспи. Айтмакчы, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин “Дастан” акционердик коомундагы мамлекеттин үлүшү 98,46 пайызды түзөөрүн айтып, “Акцияларды баалоо ...

0 1090

Атамбаев саясаттын алдыңкы сабынан кетпейт...

13-декабрь 2017, 10:36 Айнура Абдиназарова

2015-жылды жыйынтаган маалымат жыйынында А.Атамбаев: “Мен келечекте өзүмдү өкмөт башчы же спикер катары көрбөйм. Мен келечектеги президентке ал тынч иштеши үчүн тоскоол болбойм. Мен буга чейин жазуучу болууну, андан кийин бизнесмен болууну кыялданчумун... Андан кийин жөн гана эс алып, уктап алгым келип жүрөт, болбосо менин уйкум канбай жүрөт”,- деген эле. Быйыл президенттик ишмердүүлүгүн жыйынтыктаган басма сөз жыйынында Атамбаев: “Бийликти тапшыруучу күн жакындаган ...

0 1360

Текебаев дагы деле саясатка кайтып келүүнү каалайт...

13-декабрь 2017, 10:11 Айнура Абдиназарова

Атамбаевге кетеринде “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев жакшы эле баш оору болгону чындык. Эгерде үстүнөн тон бычып, эл аралык аферист Маевскийдин көрсөтмөсүнө таянып камап салбаганда Атамбаев-Текебаев тирешүүсү эмне менен бүтөт эле, белгисиз. Балким, импичмент жарыяланып, азыркыдай экс-президент макамын алып, Соке менен кортеж талаша албай калат беле? Кечээ жакында № 47-абакка өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева абалын сурап киргенде, “Ата Мекендин” лидери оптимисттик маанайда ...

0 1098

Наркотик менен кармалсаң иштен кетпейсиң?

13-декабрь 2017, 09:44 Айнура Абдиназарова

Улуттук Гвардиянын “Пантера” атайын кызматынын майору наркотик менен кармалган. Аны Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан. Ал өзүнүн үйүндө 60 грамм гашиш менен кармалган. Сот аны бир айга убактылуу кармоочу жайга киргизүү чечимин кабыл алган. Бирок ал кызматында иштеп жаткандыгын жергиликтүү сайттардын бири жазып чыкты. Улуттук Гвардиянын маалымат кызматы кызматтык иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. Булак: Фабула

0 1567

Бабанов качпай турган бирөөгө мандатын өткөрүп берсе жакшы болмок...

12-декабрь 2017, 17:59 Айнура Абдиназарова

Башкы прокуратура Бабановго карата Конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, президенттик шайлоодон соң өлкөдөн кара башын калкалап качып кеткен Өмүрбек Бабановдун “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидерлигинен кеткенине 1 айга жакын убакыт болду. Ал Кыргызстанга келбей, чет жакта качып жүргөнүнө байланыштуу, Жогорку Кеңештин жыйындарына дагы катышкан жок. Мындан улам, ...

0 1178

Өкмөт Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга кайтарып берет...

12-декабрь 2017, 17:29 Айнура Абдиназарова

Кыргызстан Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү пансионаттарды кайтарып берет. Бул тууралуу бүгүн 12-декабрда Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында айтылды. Маалыматтарга таянсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон расмий сапарында бул пансионаттар тууралуу макулдашуу болгон. Кыргызстан аталган эс алуу жайларын өзүнө кайтарып алгандан кийин Өзбекстан АКШдагы эл аралык арбитражга кайрылган. Азыр сотто каралып жатат. Эске салсак, 2016-жылы апрель айында премьер-министр Темир Сариевдин чечими менен өлкө аймагындагы Өзбекстанга ...

0 623

Дастан Жумабеков: Түркиянын кыргыз элине көрсөткөн жардамы жана мамилеси унутулбайт

12-декабрь 2017, 17:21 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 12-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Метин Кылычты кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз ызматы билдирди. Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткан Метин Кылычка ыраазычылык билдирип, элчи болуп турган учурдагы эки өлкөнүн алакасына байланыштуу аткарылган иштерге токтолду. Кыргыз-түрк мамилесинде элчинин өзгөчө роль ойногондугун баса белгилеген Жогорку Кеңеш Төрагасы: “Түркия ...

0 1204

Роза Айтматова: "Чыңгыз акем атамдын жанына койгула деп суранган эмес"

12-декабрь 2017, 12:52 Айнура Абдиназарова

— Чыңгыз Төрөкуловичтин да сөөгү “Ата-Бейитке” коюлбадыбы. Өзү атамдын жанына койгула деп керез сөзүн айткан беле? Ошол чындыкпы? — Ооба, ошентип суранган деп айтып жүрүшөт. Бул чындык эмес. Чыңгыз акем өзү суранган эмес. Чыңгыз Төрөкулович “Ата-Бейит” өзүнчө мемориал болот, ага эч нерсе кошулбайт” деп ойлогон болсо керек. Кийин биздикилер бузуп жиберишпедиби. — Атаңыздардын сөөгү табылгандан кийин бир туугандар чогулуп сүйлөшкөн болсоңор керек. Үйдүн улуусу катары ...

0 1024

Чыңгыз Айтматов: “Ата, сиздин кайсыл жерде көмүлгөнүңүздү билбейм”

12-декабрь 2017, 10:59 Айнура Абдиназарова

Роза Айтматова менен маек — “Саманчынын жолу” чыгармасында “Ата, сиздин кайсыл жерде көмүлгөнүңүздү билбейм” деп эпиграф катары колдонгон жери бар эмеспи. — Анда издеп жүргөн кези да. Өзүн таппасак да көмүлгөн жерин билсек деген максат болгон. Көрсө, атамдарды башка жакка айдабай эле, ушул жерге көмүп коюшкан экен да. 1961-жылы апам катуу ооруп калды. Тез жардам чакырып ооруканага алып келип жаткыздык. Дарыгерлер даярдана бергиле деп ...

1 2943

Баткенде кыздын ордуна эркек кишинин мумиясы көмүлгөнбү?

11-декабрь 2017, 18:05 Айнура Абдиназарова

14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилген. Бул коомчулукта кайчы пикир жаратып, айрымдары анын көмүлүшүн туура деп эсептесе, кээ бири бул иш "илимди өлтүрдү" деп чыккан. Ал тургай мумия чырынан улам маданият министри Түгөлбай Казаков да креслосунан айрылган. Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерине тарых музейиндеги кыз мумиянын ордуна эркек мумия көмүлгөн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 880

Инстаграмм баракчасына жапайы жаныбарлар менен сүрөткө түшүп, жарыялоого тыюу салынат...

11-декабрь 2017, 18:13 Айнура Абдиназарова

Социалдык тармактардын ичинен эң көп колдонулган Инстаграмм баракчасында мындан ары жапайы жаныбарлар менен селфиге түшүп жарыялоого тыюу салынат. Мындай маалыматты life.ru жазып чыкты. Маалыматтарга караганда, Инстаграмдын эрежелерине ылайык жапайы жаныбарларга орой мамиле кылып, алар менен селфиге түшүп, жарыяланган сүрөттөр блоктолот. Ал эми аталган соцтармактын жетекчилери хэштегтер аркылуу сүрөттөрдү иликтөөгө алат. Мисалы #tigerselfie, #coalaselfie. Булак: NazarNews.kg

0 21028

ЭКСКЛЮЗИВ - "Нон стоп" дуэтинин солисти Максат бойдокчулук менен коштошобу? 

11-декабрь 2017, 17:36 Айнура Абдиназарова

Жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон “Нон стоп” дуэти жакынкы күндөрү таркап, жаңырган жылда жаңы курам менен иштей турганы баарыбызга белгилүү болду. Буга чейинки дуэттин солисттер Чолпон чыгармачылыгын өз алдынча улантса, Максат да ырчылык өнөрдөн алыстабай көп жылдан бери сүйүү мамилесин куруп жүргөн сүйлөшкөн кызы Айсулуу Молдалиева менен турмуш куруп, бойдокчулук менен коттошоору тууралуу кулагыбыз чалып калды. Ырчы мырзанын жакын досторунун ...

0 1637

Фарид Ниязов Президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

11-декабрь 2017, 17:13 Айнура Абдиназарова

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Фарид Ниязов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, буга чейин президенттин аппарат башчылык кызматында Алмазбек Усенов иштеп келген. Булак: NazarNews.kg

0 3508

Сүрөт - 20 жыл бөтөлкө чогултуп үй салды

11-декабрь 2017, 16:38 Айнура Абдиназарова

Орусиянын тургуну 20 жыл таштандыдан үйүнө бөтөлкө ташып келип кошуналарын ойго салган. Анткени анын максаттары бөтөлкөдөн үй куруу болгон. Жыйырма жылдык эмгектин артында Владимир бөтөлкөдөн куралган үй тургузган. Анын мындай чеберчилиги көпчүлүктү таң калтырган. Анткени ар бир адамдын оюна айнек бөтөлкөдөн үй куруу келе бербесе керек. Владимирдин айтымында, анын учурдагы үйү жайында салкын, кышында жылуу. Төмөндө анын колунан жаралган эмгекти байкап көрүңүз: Булак: NazarNews.kg

0 731

Кулматов буга чейин бажыда эмнени кыйратты эле?

11-декабрь 2017, 16:17 Айнура Абдиназарова

Бүгүн өкмөт башчынын буйругу менен Кубанычбек Кулматов экинчи ирет Бажы кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Дегеним, 2010-жылдан 2013-жылга чейин аталган тармактын башчысы болуп эмгектенген. Мына ошол жылдар аралыгында анын эң көзгө көрүмдүү иши катары мамлекеттик бюджетке бажыдан түшүүчү каражатты эки эсе көбөйтүп эрдик жасаган. Тактап айтканда, 2009-жылы аталган тармактан казынага жылына болгону 14 млрд сом чогулса, 2011-жылы ал 32 млрд сомго жеткирилген. ...

0 818

Роза Айтматова: Чыңгыз акем Лениндик сыйлыкты өтө жаш алды

11-декабрь 2017, 16:04 Айнура Абдиназарова

— Лениндик сыйлыкты алганда апаңыз үчүн чоң сыймык болсо керек? Балдарына арнаган эмгектин акыбети кайткандай болуп… — Ооба, бул апам, биз үчүн да чоң ийгилик болду. Лениндик сыйлык Советтер Союзунун деңгээлиндеги эң чоң, барктуу сыйлык эле да. Андан да Чыңгыз акем Лениндик сыйлыкты өтө жаш алды. — Атаңыз тууралуу кабарды качан уктуңуздар? — Апам менен Чыңгыз акем кайра-кайра НКВДга кат жаза берип, 1957-жылы жайында “Бул датада НКВДга ...

0 1051

Кадырбек Керимбаев: АШАнын ашмалтай заманы кайра келет

11-декабрь 2017, 16:52 Айнура Абдиназарова

Дооронбек Садырбаев акылман акебиз айткандай :«мурдуна бок сүйкөсө билбеген моомун кыргыз өзүнүн зөөкүр уул кыздарынын алдында кор болду».Мурда алдап соолап дегендей кытмыр күлүп,кымырып алып...«мыйзам» аттууга таяп жөлөп келишсе Атамбаевдин кетээр алдында, Сооронбайдын болуп боло элек жатып кылган кылыктары көпчүлүктүн кыжырын кайнатып туру. Атамбаев өзү башында турган «банда» өлкөнү күч менен башкарып, "мыйзам" дегендин баарына шек жаратты. Отунбаеванын сөзү менен айтканда качкан эки ...

0 1103

Роза Айтматова: "Бизде Чыңгыз Айтматов жазуучу болот деген ой болгон эмес"

11-декабрь 2017, 14:56 Айнура Абдиназарова

— Чыңгыз Төрөкулович жазуучу болот деген ой силерде деле болбосо керек? — Кайдан? Болгон эмес да. — Өзү эскерүүлөрүндө жазуучу болушума Каракыз эжемдин таасири чоң болгон деп айтат эмеспи… — Атамдын Каракыз, Гүлайым деген карындаштары биздин башыбызга оор күн түшкөн ошол апаат кезде апам менен чиедей балдары үчүн таяныч, сүйөнүч болгон эле. Айрыкча Каракыз апа. Жездебиз абдан жакшы киши болгон. Алар экөөсү тең жомокчү болушкан. Каракыз апам ...

0 1126

Муфтият Чубак ажы тууралуу КАЙРЫЛУУ жасады

11-декабрь 2017, 14:38 Айнура Абдиназарова

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловго карата айтылган коомдогу пикирлер боюнча үн катты.  Азирети Муфтийдин Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловго карата айтылган коомдогу пикирлер боюнча кайрылуусу; Урматтуу мусулман бир туугандар, кадырлуу кыргыз эли! Эзелтен элибиз даанышмандарын сыйлап, кыйын учурларда бири-бирине жөлөк болуп, бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып келишкен. Пайгамбар (с.а.в) өз хадисинде: “Ким улууларыбызды урматтабаса, кичүүлөрүбүздү сыйлабаса, ...

0 847

Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

11-декабрь 2017, 14:01 Айнура Абдиназарова

Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Исаков бүгүн журналисттерге Кулматовду аталган кызматка дайындоо боюнча президент менен кеңешүү болуп, ал макулдугун бергенин билдирди. Кубанычбек Кулматов 2010-2013-жылдарда Бажы кызматын башкарган, 2014-2016-жылдары Чүй облусунун губернатору, Бишкек шаарынын мэри кызматтарын аркалаган. Булак: NazarNews.kg

0 1670

Cүрөт - Эки жашынан модель болуп ата-энесин баккан кыз...

11-декабрь 2017, 13:42 Айнура Абдиназарова

Мындан бир нече жыл мурда дүйнө жүзүндө эки жаштагы кызын модельдикке тапшырган ата-эне тууралуу маалымат тараган.  Модельдин аты Айра Браун. Ал эки жашынан баштап атактуу боло баштаган. Анын атактуу болушуна апасынын салымы чоң. Анткени кызын ар түрдүүчө кийинтип, сүрөттөрүн интернеттке жарыялагандан соң, эки жаштагы кызга модельдик борборлордон сунуштар түшө баштаган. Чындыгында кыздын сырткы келбети бардык жактан төп келип,  көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган. Ал 3 жашка ...

0 748

Эрдоган Израилди "террорчу мамлекет" деп атады

11-декабрь 2017, 13:23 Айнура Абдиназарова

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Израилди "террорчу мамлекет" деп атады. Бул тууралуу Hurriyet daily news маалымат берген. Алардын айтымында, Эрдоган АКШ Дональ Трамптын Ал-Кудс Израилдин борбору деп тааныганы боюнча билдирүү тараткан. "Ал-Кудсту Израилдин борбору деп тааныбайбыз. Биз эч качан аталган шаарды террорчулардын колуна тапшырып койбойбуз. Ошондой эле демократия жана мыйзам чегинде аягына чейин күрөшөбүз"-деп билдирген Эрдоган. Булак: NazarNews.kg

0 1314

Сүрөт - Мелани Трамп Акүйдү жомокко айлантырды...

11-декабрь 2017, 12:58 Айнура Абдиназарова

Алдыда келе жаткан Жаңы Жылга карата АКШнын биринчи айымы Мелани Трамп Акүйдү жомоктогудай кылып кооздоду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчаларына жарыялаган. Маалыматтарга караганда, Мелани 2016-жылы Акүйдөгү Рождество майрамына катышпай калган. Ал эми быйылкы жылга катуу даярдык көрүүдө. Мелани Трамп Акүйдүн ар бир бөлүгүн кооздоп чыккан. Кооздолгон жайдын коридорунда балериналар бийлеп турушат.  Ошондой эле, биринчи айым кинотатр ачып, ага 25 миң киши келээри ...

0 1193

Шымкентте батирлердин биринен 4 адамдын сөөгү табылды

11-декабрь 2017, 11:56 Айнура Абдиназарова

Шымкентте батирлердин биринен 4 адамдын сөөгү табылды, алардын 3ү жаш балдар. Бул тууралуу казакстандык сайттар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, жансыз денелер 10-декабрь күнү табылган. Алардын арасында 4 жаштагы кыз, 12 жаштагы эки бала жана алардын чоң энеси болгон. Укук коргоочулардын иликтөөсүнүн натйыжасында окуя үч-төрт күн мурда болгондугу айтылууда. Учурда кылмышты ким жасагандыгы ачыктала элек, иликтөө иштери улантылып жатат. Булак: NazarNews.kg

0 715

Жээнбеков Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

11-декабрь 2017, 11:34 Айнура Абдиназарова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков   бүгүн, 11-декабрда өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Эрлан Абдылдаев   ЕККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумуна катышуусунун жыйынтыктары, ошондой эле Сербияга жасаган расмий сапары туурасында маалымат берди. Мындан тышкары министр Мамлекет башчысын  Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына  ушул жылдын 13-14-декабрында  жасачу расмий ...

0 1721

Кайрымдуу мекендештерден жардам сурайбыз: Сиздин жардамыңыз 2 жаштагы наристенин атасынын өмүрүн сактап калганга чоң өбөлгө түзөт

09-декабрь 2017, 18:21 Айнура Абдиназарова

Урматтуу мекендештер! Жалал-Абад облусунун, Аксы районуна караштуу Кербен шаарынын 1989-жылы туулган тургуну Абдыракманов Султанбек бооруна операция жасатуу үчүн кайрымдуу мекендештеринен жардам сурап кайрылат! Учурда Абдыракмановдун абалы оор. Тез арада ага операция жасатуу керек. Ал эми операция Индияда жасалат. Ал үчүн 35000 АКШ доллары керектелет. Кайдыгер карабай жардам берүүнүздөрдү суранабыз! Сиздин кошкон салымыңыз 28 жаштагы жаш жигиттин өмүрүн сактап калышы толук мүмкүн. 28 жаштагы Султанбек үй-бүлөлүү. Бир ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 11754

“Сезим” кризистик борбору Чубак ажы Жалиловдун жубайынын кат жазгандыгы тууралуу маалымат берди

11-декабрь 2017, 13:28 Айнура Абдиназарова

“Сезим” кризистик борбору Чубак ажы Жалиловдун жубайынын кат жазгандыгы тууралуу маалымат берди деп жазат Марал Радиосу. Маалыматтарга караганда, аталган борбор эч кимге бул боюнча маалымат таратпаганы, “Сезимге” шилтеме берилип, жарыяланган каттын чындыкка дал келбестиги айтылган. Ошол эле учурда бул маселе боюнча милиция кызматына кайрылгандыгы белгилүү болду. Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Чубак ажы Жалиловдун жубайы “Сезим” борборуна кайрылып, өзүнүн укугун коргоп берүүсүн ...

0 1191

Бийлик жана кош бийликтүүлүк

09-декабрь 2017, 15:54 Айнура Абдиназарова

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун бийликке келиши, биздин өлкөдөгү бийлик бутактарынын өз ара бөлүнүү системасындагы түп-тамырынан, кардиналдуу өзгөрүүлөр менен коштолуусуна дал келүүдө… Өткөн жылы Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр (ал эми жогорудагы бийлик системасы боюнча караганда — ​дээрлик толук жаңыланган Конституция!) дал ушул учурда — ​жаңы президенттин инаугурациясынан бир жума өтүп-өтө электе (!) иш-аракетке кирип жатканына күбө болуудабыз. 1-декабрдан баштап өкмөт чоң ыйгарым укуктарга ээ болуп, премьер-министр бардык ...

09-декабрь 2017, 15:54 | 1191
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83