www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айнура Абдиназарова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (455)

0 1910

Милиция Чубак ажынын жубайы Гүлнур Жалилованын арызынын үстүнөн иликтөө ишин баштады

09-декабрь 2017, 15:00 Айнура Абдиназарова

Кечээ, 8-декабрь күнү Чубак ажы Жалиловдун жубайы Гүлнур Жалилова "Сезим" кризистик борборуна кайрылганы, өзүн жана балдарын жолдошунун зомбулугунан коргоо тууралуу маалымат интернетке тараган. Учурда милиция кызматкерлери ажынын аялы тууралуу билдирүүнүн чоо-жайын иликтөөгө киришти. Гулнур Жалилова катты өзү жазганбы же жокпу, иликтөө иштеринин жыйынтыгында билинет. Белгилей кетсек, өткөн аптада Чубак ажы экинчи аялга үйлөнгөнү тууралуу билдирүү тарап, коомчулукта чоң талкуу жаралган. Булак: NazarNews.kg

0 3128

Сооронбай Жээнбековдун эмгегин "турсыларын" чогулткан коомдук бирикменин өкүлдөрү ойлонгон да жок

09-декабрь 2017, 14:42 Айнура Абдиназарова

29-ноябрда Казакстандын «Хабар» каналынын эфиринен 2010-жылы Кыргызстан башынан кечирген кандуу апрель окуясы тууралуу  даректүү  документалдуу кинотасма көрсөтүлдү. Тасма Казак Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Фондунан каржылангандыгы ачык айтылды. Арийне, бул тууралуу жашыруунун кажети жоктугу дагы ачык белгиленген, анткени тасма Кыргыз Республикасынын гана эли эмес, бүткүл дүйнө жүзү көргөн  документалдуу материалдардын негизинде тартылган экен.... “Хабардын” кабарчылары тасмада Кыргызстан 2010-жылы 7-апрелде өткөн мамлекеттик төңкөрүштөн ...

0 2979

Мойнунан байланган ит ууга жарабайт

09-декабрь 2017, 14:13 Айнура Абдиназарова

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-декабрда ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алып, милиция кызматкерлеринин ишине же кайдыгерлигине байланыштуу даттануу көп түшүп жатканын маалымдап, “Укук коргоо органдарындагы айрым коррупциялык көрүнүштөр нааразычылыкты жаратып, кыргызстандыктардын сын-пикирлерине туш болуп жатат”, – деп айтты. Буга байланыштуу Исраиловдун милициянын катарын коррупциядан арылтып, тазалоо боюнча конкреттүү жана катуу чара көрүүнү талап кылды. Бирок “эт эмес же чел эмес” Исраилов ...

0 1935

Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Фракция лидери бол дешкенде, өз каалоом менен баш тарттым»

09-декабрь 2017, 13:53 Айнура Абдиназарова

— Курманкул мырза, фракция лидерин алмаштыруунун артында саясий оюн болгону жашырсаңыз деле белгилүү болду да. Бабановду алып түшчүлөрдүн катарында сиздин дагы атыңыз кошулуп жүрдү эле, Казакпаевдин фракция лидери болуусуна каршы чыктыңызбы? — Өзүңүздөргө маалым болгондой, бизде фракциянын лидери алмашты. Он беш депутат Руслан Казакпаевге, он эки депутат Талант Мамытовго добуш беришти. Фракция лидеринин алмашканынын себеби, Өмүрбек Бабанов өз каалоосу менен арыз жазып берди. ...

0 441

Жаңы жылга карата Бишкекте кандай майрамдар уюштурулат...

09-декабрь 2017, 13:37 Айнура Абдиназарова

Бишкекте жаңы жылга карата бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматтарга караганда, негизги майрамдык программа 31-декабрда Ала-Тоо аянтында орун алат. Ошол күнү саат 12:00дөн 15:00гө чейин күндүзгү бөлүгү, 20:00дөн баштап кечки бөлүк кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда орун алат. Түн ортосунда Д.Асанов атындагы паркта жана аянтта атайын фейерверктер атылары пландалган. 21-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 600 баланын ...

0 1886

Алтын Эркебаева, камакта отурган Бектур Асановдун жубайы: «Бектурдун өтү ириңдеп, бооруна өтүп кетиптир»

09-декабрь 2017, 13:12 Айнура Абдиназарова

Бийликке көз каранды соттордун айынан күнөөсүз камакта отурган кыргыздын мекенчил уулдарынын бири Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева менен жолдошунун учурдагы абалы тууралуу маектештик — Алтын айым, бизге жеткен маалыматтарга караганда мындан эки жума мурун жолдошуңуз абакта операция болгон экен. Учурда абалы кандай? — Бектурдун өтүндө ташы бар экен. Буга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган кезде ооруп кыйналганда үч жолу“Тез жардам” чакыртылганда, ден соолугун ...

0 1743

Сооронбай Жээнбеков КАЙРЫЛУУ жасады

09-декабрь 2017, 12:57 Айнура Абдиназарова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти: “Урматтуу мекендештер! Акыркы жылдары коррупцияга каршы күрөш Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын негизги багыттарынын бирине айланды. 2012-жылы А.Ш.Атамбаевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын  антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы кабыл  алынган. Өткөн жылдары коррупциянын алдын алуу багытында ...

0 933

Толкунбек Абдыгулов эне тилин үйрөнбөй эмне кылып жүрдү?

09-декабрь 2017, 11:53 Айнура Абдиназарова

Вице-премьер министр Абдыгулов Толкунбек деген неме эне тилинде эркин сүйлөй албайт экен. Буга чейин эне тилин үйрөнбөй эшек такалап жүргөнбү? Мамлекеттик маанилүү кызматтагы адам, ЖКтин трибунасында кыргызча тексти жөндөп окуй албай, эки алган окуучудай эжеледи. Мындан мурда бул жигит Улуттук банкты жетектеп турганда кара куурайды өстүрүүнү мыйзамдаштыралы деген идеясы менен дүң болгон эле. Кара куурайды кое туруп, кыргыз тилинде түш ...

0 2587

Күнгө какталган эки дос саясатка билек түрүнүп даярданууда

09-декабрь 2017, 11:35 Айнура Абдиназарова

Генерал “Каттани” деген атка конгон Өмүрбек Суваналиев менен экс-депутат Бегалы Наргозуев ысык жерлерде күнгө какталып, эс алып келишти. Эми саясатка катуу кирише турган болуп турушат. Эмитеден эле бул экөөсүн саясий күчтөр баарлашууга чакырышып, эгер кийинки жылы парламенттик шайлоо болуп калса биригип, бир күчкө айланып, бийликке каршы туруштук берчү күчкө айланалы деп, карамагына кошууга аракетин көрүп жатышканы айтылды. Эмитеден эле элге ...

0 1603

Байсалов Лондондо Жээнбеков тууралуу лекция окуду

09-декабрь 2017, 11:07 Айнура Абдиназарова

Англиянын «Chatham House» деген эл аралык байланыштар боюнча дүйнөгө атагы чыккан, жүз жылдык тарыхы менен баркталган атактуу борбору бар. Ушул борбордо дүйнөлүк лидерлер жыл сайын дүйнөдө кандай окуялар болуп жатканы жөнүндө лекция окушуп, катуу талкуу жүргүзүшөт. Ал жерге Ли Куан Ю, Кандалиса Райс, Клинтон баштаган дөө-шаалар келип лекция окушкан. Россиянын президенти да чакырылып, ал дагы өз мекенинде, дүйнөдө болуп жаткан ...

0 1595

Сапар Исаков президенттикке көз артып жаткан жокпу?

09-декабрь 2017, 10:46 Айнура Абдиназарова

Сапар Исаков журналисттер менен жолукканда “Мен премьер-министр катары эмес, Сапар Исаков деген жаран катары Келечекте президентти эл эмес, парламент шайласа туура болот. Мен муну премьер-министр катары эмес, жөнөкөй жаран Сапар Исаков катары айтып жатам” деди. Исаков Кыргызстанды толук кандуу парламенттик башкаруудагы өлкө катары санап алса керек. Парламенттик башкаруудагы өлкөлөрдө гана президентти парламент шайлайт эмеспи. 2010-жылы парламенттик өлкө болдук деген менен Атамбаев ...

0 888

Кыргыз саясатчылары Саакашвилидей кыйын эмеспи?

09-декабрь 2017, 10:31 Айнура Абдиназарова

Грузиянын президенти болуп, реформа жасап, реформатор аталган Михаил Саакашвили кыйын экен эй. Өз өлкөсүнөн куулуп, Украинадан жарандыкты алгандан кийин бөтөн элде ызы-чуу кылып жүрөт. Украинанын президенти Петр Порошенкого импичмент жарыялаш керек деп миңдеген хохолдорду көчөгө баштап чыгып, президенттин айласын кетирип жатат. Полиция Саакашвилини кармап кетерде, өзүнө бөтөн экенине карабай, хохолдор аны полициянын машинасынан жулуп чыгып, камаганга мүмкүндүк бербеди. Кыйынбыз деген кыйкырган ...

0 3595

 Атамбаев жазга камылгасын көрө баштадыбы?

09-декабрь 2017, 10:05 Айнура Абдиназарова

Кызматын тапшырып берип, Гоа аралында эс алып келген экс-президент Атамбаев кайрадан саясатка киришкени туру. 15-декабрда КСДПнын съезди өтүп, партия мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевди кайрадан партия лидерлигине шайлаганы турушканын өздөрү айтып жүрүшөт. Атамбаев партия лидерлигине келген соң шайлоого бара турган тизмени даярдоодон ишти баштайт экен. Съезд учурунда КСДПнын мүчөлөрү азыркы парламент эл ишенимин актай албаганын, элге жаман атты болуп бүткөнү тууралуу маселе ...

0 2094

Эми МАИчилер "арыктайт"

09-декабрь 2017, 09:52 Айнура Абдиназарова

Премьер-министр Сапар Исаков ЖМКлардын өкүлдөрү менен жолугушууда жол-кайгуул кызматынын дарегине айтылган сындар боюнча оюн билдирген. “Бул органга көп сындар айтылып жатат. Мен үчүн бул маанилүү нерсе. Реалдуу сындарды эске алыш керек. Максатым натыйжаны көрсөтүшүбүз керек. Натыйжа болот. МАИ кызматкерлери бир органга гана баш ийе турган реформаны ишке ашырабыз. Анткени бүгүнкү күндө жолдордогу тартипти көзөмөлдөгөн инспекторлор райондук, шаардык ички иштер башкармалыктарынан ...

09-декабрь 2017, 09:52 | 2094
0 747

Замирбек Карашев “Ош” бажысынын жетекчиси болду

08-декабрь 2017, 15:20 Айнура Абдиназарова

Замирбек Карашев “Ош” бажысынын жетекчиси болду. Бул боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов буйрук чыгарды. Замирбек Карашев буга чейин “Манас” бажысынын башчысынын орун басары, бажылык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, Ош бажысынын жетекчисинин орун басары кызматтарында иштеген. Эске сала кетсек, “Ош” бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев жакында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалган. Булак: NazarNews.kg

0 378

Казакстанда муфтий шайланды

08-декабрь 2017, 15:15 Айнура Абдиназарова

Алматыда Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын VIII курултайы өтүп, анын жыйынтыгында Жогорку муфтий болуп Серикбай-ажы Ораз шайланды. Бул тууралуу казакстандык сайттар жазып чыкты. Маалыматтарга караганда, Казакстандын мурдагы муфтийи, 45 жаштагы Ержан Малгажулы Маямеров “өз каалоосу менен кызматтан кеткенин” жарыялаган.  Ал эми жаы муфтий, 42 жаштагы Серикбай Ораз 1992-жылы Ташкенттеги медресени аяктаган. Египет, Исламабадда билим алган. Булак: NazarNews.kg  

08-декабрь 2017, 15:15 | 378
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2060

Камчыбек Ташиев: “Мамлекетти Райымдай жигиттер гана өнүгүү жолуна салат!”

08-декабрь 2017, 14:57 Айнура Абдиназарова

Коомчулукта “Райым миллион” каймана аты менен таанылган Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынын алынышы түрдүү пикирлерди жаратууда. Бул маселе боюнча “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да өз оюн билдирди: – Кайсы бир адамды жумуштан алуу же дайындоо мамлекет жетекчилеринин укук-полномочиесине кирген маселе дечи. Бирок, мына ошол кадр саясатын жүргүзүүдө калыстык орун алып жатабы, тигил же бул адамды дайындоодо анын билими, иш ...

0 380

ТИМ: Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова дагы деле убактылуу кармоочу жайда

08-декабрь 2017, 14:36 Айнура Абдиназарова

Тышкы иштер министрлиги КСДП партиясынын жаштар канатынын мурдагы жетекчиси Ренат Самудинов менен анын аялы КТРКнын мурдагы кызматкери Элнура Молдокадырова тууралуу билдирүү таратты. Кечээ, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Ренат Самудинов менен анын Элнура Молдокадырованын учурдагы абалына кызыккан. Ал эми Тышкы иштер министрлиги аталган эки жаран дагы деле убактылуу кармоочу жайда кармалып, алар соттун чечимин күтүп жаткандыгын билдиришти. Булак: NazarNews.kg

0 1286

Калича Умуралиева: Сойку кыздар ар дайым кордук көрүп келишет, аларды мыйзамдаштыруу керек...

07-декабрь 2017, 17:50 Айнура Абдиназарова

Жарандык активист Калича Умуралиева Кыргызстанда сойкулардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырууну сунуштады. Мындай сунуш коомчулукга кызуу талкуу жаратты. Калича Умуралиева ММКларга эмне үчүн бул маселени көтөргөндүгүн түшүндүрүп берген. «Мен бул маселени көптөн бери айтып жүрөм. Менин кызым ооруканада күйүк бөлүмүндө иштейт. Бир жолу ал жумуштан шок абалда келип, «апа, элестетсеңиз, бизге бир Кызды алып келишти. Аны тирүүлөй эле күйгүзүшүптүр. Ал кыз сойку экен» ...

0 1399

Баян Есентаева менен Турсен Алагөзов акыры үйлөндү

07-декабрь 2017, 17:38 Айнура Абдиназарова

Казакстандык атактуу продюсер Баян Есентаева өзүнүн Инстаграмм баракчасына элдерди таң калтырган видео жарыялады деп жазат казакстандык сайттар. Маалыматтарга караганда, Максат кызы менен Алагөзов үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн. Инстаграмм баракчага жүктөлгөн видеонун алдына Баян Есентаева "Алагөзова Баян Максатовна" деген жазуу калтырган. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары жылуу пикирлерин калтырып, продюсерге бакыт каалоодо. Булак: NazarNews.kg

0 1417

ВИДЕО - Кызын капка салып кордогон эне кармалды

Видео 07-декабрь 2017, 17:18 Айнура Абдиназарова

Индияда полиция кызматкерлери өгөй кызын капка салып, кордоп жаткан энени кармады деп жазат чет элдик маалымат каражаттары. Алардын айтымында, Джасприт Каур аттуу аял кызын уруп жатканда, кыздын агасы видеотасмага тартып алып интернетке жарыялаган. Видеонун биринчи бөлүгүндө аял буту сынган кызды аёсуз урса, экинчи бөлүгүндө ал кызды капка салып, жерге силккен. Ал эми кыздын атасы "мен экинчи аялымдын кызыма кылып жаткан мамилесин көргөндө төбө чачым ...

0 574

“Манас” эл аралык аэропорту азырынча сатылбайт, анын ишмердүүлүгү жакшыртылат

07-декабрь 2017, 16:44 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин натыйжалуу башкаруу маселесине арналган “Өкмөттүк күн” өтүп жатат. Иш-чарага КР вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, ушу тапта мамлекеттик мүлктү башкаруу усулун жакшыртуу максатында, бир катар алгылыктуу чаралар көрүлүүдө. Мамлекеттин карамагында «Альфа Телеком», «Манас» эл аралык аэропорту», «Кыргызнефтегаз», «Айыл банк», ...

0 477

Дүйшөнбек Зилалиев: "Улутташтырылган 47 мүлктүн 21 объекти жеке менчикке сатылышы мүмкүн"

07-декабрь 2017, 16:18 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин натыйжалуу башкаруу маселесине арналган өкмөттүк күндүн жүрүшүндө бир катар депутаттар буга чейин улутташтырылган мүлктөрдүн азыркы абалына, бул багытта көрүлүп жаткан чараларга, аларды күтүүгө чыгымдалган каражаттын өлчөмүнө кызыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, ушу тапта мамлекеттин карамагында 47 улутташтырылган мүлк турат. «Алардын ичинен ...

0 865

Аттан түшсө да, ээрден түшпөгөндөр: “Эң карт жетекчи, аким, Өкмөт башчы...”

07-декабрь 2017, 16:11 Айнура Абдиназарова

Ата-бабаларыбыздын заманынан бери келаткан эски үрп-адатыбыз, каада-салтыбыз, нарк-насилибизден дейбизби, же улуттук менталитетибизден уламбы, айтор кийинки мезгилдерде “Аттан түшсө да, ээрден түшпөгөн”, жаш курагы жар башына барып калган болсо да ээлеген кызмат ордунан кеткиси келбей тайсалдагандардын катары калыңдай түшкөндөй... Мына дал ошолор жаштардын келер күн, келечегин муунта мыкчып, кислородун жаап, “Өлөр-өлгөнчө президент” дегендей, башкаларга орун бербей, баш көтөргөндүн башы-көзүнө койгулап, же жылмаңдап, ...

0 2534

Качкандардан кайсылары кайтты, дагы кимдер кошулду?

07-декабрь 2017, 15:38 Айнура Абдиназарова

Биринчи жолу болгон “Жоогазын” ыңкылабында Аскар Акаевдин тегерегиндегилердин өтө жакындары гана өлкөдөн качып кетишкен. Бул эми айтпаса да түшүнүктүү. Болгону Танаев кеткен бойдон кайрылбады. Анткени анын каны баары бир биздикине кошулбайт. Ал эми экинчи кандуу төңкөрүштө башын аман алып калуу максатында көптөгөн көпөстөр зуу койду. Анткени буга шылтоо бар болчу. Алар элдин байлыгына колун тургай бутун да матырып жиберишкен. Эгерде ...

0 1746

Шавкат Мирзиёев соттолгон 2700 кишинин айыбын кечти

07-декабрь 2017, 15:18 Айнура Абдиназарова

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев соттолгон 2700 кишинин айыбын кечүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу Kun.uz маалымат агенттиги билдирди. Маалыматтарга караганда, мындай буйрук өлкө тарыхында биринчи жолу кабыл алынды жана ага Өзбекстандын конституциясынын 25 жылдыгын утурлай кол коюлду. Документ боюнча абактардан “түрдүү себептерден улам кылмышка барган жана күнөөсүн моюнга алган, оңолуу жолуна түшкөн” 956 киши бошотулат. Булак: NazarNews.kg

0 1453

Ахматбек Келдибеков илимий ишин жактоого бел байлады

07-декабрь 2017, 14:37 Айнура Абдиназарова

Экс-спикер Ахматбек Келдибековдун харизмасы бар, жетекчи боло алчу сапаттары жетиштүү. Соңку жылдары саясый беделине урулган соккулардан сабырдуулук менен өтүп келе жаткан Алайдын кулуну ушул күндөрү илимий иш жазууга белсенип, болгон убактысын ушул жаатка арноодо. Мындан 7 жыл мурун кандидаттык ишин жактаган каарманыбыз жакынкы күндөрү илимдин доктору болууга үмүт байлап, аракет кылууда. Кабарчыбыздын бул жааттагы соболдоруна да «баарын жакында билесиңер» деген таризде ...

0 765

Отунбаева эмне үчүн ант берүү аземине чакырылбады?

07-декабрь 2017, 14:24 Айнура Абдиназарова

Коомдук пикирди жаратуу үчүн ар бир жазмакер көз майын коротуп, кыйла аракетин жасайт. Айрыкча жаңы президенттин инаугурациясына чакырылгандар боюнча ар түркүн кептер чыкты. Эмне үчүн бир жарым жыл болсо да президент болгон Роза Отунбаева бул салтанатка катышкан жок деп наалыгандар мындан кийин деле боло берет. Эми андай суроону азыркы бийликтин арыгына кум куйгусу келгендер бергенин деле таналбайбыз. Ал тургай батыштын ...

0 518

Сапар Исаков эки аял алууга каршы

07-декабрь 2017, 13:50 Айнура Абдиназарова

Премьер-министр Сапар Исаков көп аял алуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Премьер-министрдин айтымында, ал бул көрүнүшкө терс көз карашта. «Мен бул көрүнүшкө терс көз караштамын. Өзүмдүн төрт кызым бар» - деп билдирген Исаков. Белгилей кетсек, коомчулукта акыркы убактарда көп аял алуу маселеси катуу талкууланып, Чубак ажынын видеосунан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары да бул маселени караган. Булак: NazarNews.kg

0 4681

Асылбек Жээнбеков партия түптөп өз алдынча шайлоого аттанганы жатат...

07-декабрь 2017, 13:31 Айнура Абдиназарова

Буга чейин Асылбек Жээнбеков элчилик кызматтан баш тартып, депутаттык ишмердигин уланта берүү боюнча бекем турганы белгилүү эле. Учурда анын таасири күчөгөнүн кеп кылышууда, ооба, кабылдамасына келген элдин санынан улам байкашып, бирок, кайсы бир иштерге кийлигишип атканын билбейбиз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча алсак, Асылбек мырза жакында партия түптөп (ишенимдуү адамына каттатып), келечектеги парламенттик шайлоого өз алдынча аттанууга белсениптир. Кокус шайлоо келаткан жылы ...

0 690

Каптагаевдин каптама оюндарынын төркүнү эмнеде?

07-декабрь 2017, 13:07 Айнура Абдиназарова

Саясаттын капшытында калгандар эптеп үнүн чыгарып калууга жанын үрөйт. Кичине эле жылт эткен тешиктен болсо да мен бармын азырынча, көмүлө элекмин деген добулбасын кагууга аракетин көрө берет. Бирок, коомчулуктун ириңине айланып калгандар канча чебелектесе деле добушу кумурсканыкындай болуп көпчүлүктүн кулагына угулбайт. Ага деле болбой тилине ылайды чапташтырып алып үңүлдөй берүүгө аргасыз. Кыргыз мамлекетинин тарыхында биринчи жолу падышалык тактыны Конституциянын ишааратына ылайык ...

0 4639

Дастан Жумабеков спикерликтен кеткенге даярдана берсин...

07-декабрь 2017, 12:41 Айнура Абдиназарова

Акаев, Бакиев доорунан бери жасалма кадрларды чоңойтуу, өң-таанышка салмай, регионалдык кызыкчылыкгарды аткармай сыяктуу «ишпалда оюндар» жүрүп келген. Бүгүн да андай көрүнүштөрдөн куржалак эмеспиз. Билим деңгээли, харизмасы, саясый тажрыйбасы жетишсиз болгонуна карабай, Дастан Жумабековду «көтөнзордукка» салуу менен Жогорку Кеңештин спикерлигине шайлатып койгон. Иралды Өмүрбек Бабановду сындыруу үчүн «таластык кадрларды да жогорку постторго көтөрүп атабыз» деген жымсалдоо саясатына салышып. Тилекке каршы, иш жүзүндө ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 493

Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды

07-декабрь 2017, 12:00 Айнура Абдиназарова

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгон жарлыкка ылайык Аскарбек Шадиев Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште биринчи вице-премьер-министрлик кызматка парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин премьер-министр Сапар Исаков сунуш кылган.  48 жаштагы Аскарбек Шадиев буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, энергетика министри, Баткен облусунун губернатору болгон. Булак: NazarNews.kg

0 1058

Махабат Мавлянова, депутат: "Баласын тепкен атага карата козголгон кылмыш ишин башка берене менен кароо керек"

07-декабрь 2017, 11:52 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө Махабат Мавлянова жакында өз баласын тепкилеген Бариер Адиев аттуу адам камакка алынып ага 234-берене боюнча «бейбаштык» кылмыш иши козголгонун эске салды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. «Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштейт экен. Кенедей баланы тепкилегенине караганда, Адиев мындай зомбулукту биринчи жолу жасап жатпаса керек. Менимче, ага өтө жумшак ...

0 625

«Манас» аэропортун сатпагыла, сактагыла!

07-декабрь 2017, 11:34 Айнура Абдиназарова

«Манас» эл аралык аэробекетинен быйыл 1,5 млрд сом дивиденддин түшүүсү күтүлүүдө. Ал каражаттан 500 млн сомду жаӊы авиакомпания түзүү багытында бөлүнүп берилсе, компания ички авиакаттамдарды тейлеп, тейлөө наркы арзандоо менен бирге, анын сапаты да жогоруламак. Бул тууралуу депутат Экмат Байбакпаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди деп жазат ЖКнын басма сөз кызматы. «Акыркы учурда жылына бюджетке 1,5 млрд сомдон кем эмес каражат түшүп ...

0 732

Ар бийликтин тушунда кыргыз элинин шорун кайнаткандар...

07-декабрь 2017, 11:25 Айнура Абдиназарова

Бийлик башына ким келбесин, анын айланасындагы аткошчулардан элдин көзүнө өөн учураган эки аяктуулар пайда болот экен. Мына ошолордун айрымдарына токтолуп, алдыга карай сабак болсо (!) деген ниет менен мисал келтирели. Менин баалоомду эл дагы туура кабылдаса керек… Аскар Акаевдин доорунда ашкере чалчактаган, опузалоо кыялы менен таанылган Осмонакун Ибраимов бар эле. Элдин реалдуу жашоосунан алыстап, мансап ырыскысын көтөрө албай ооз көптүрө сүйлөгөнү ...

0 1037

Премьер-министрдин басмайылы бекемделди

07-декабрь 2017, 11:05 Айнура Абдиназарова

Өлкөнүн кыйырындагы дөө-шааларды Конституцияга оңдоолорду киргизүү, чийки жерлерди оңдоп-түзөө үчүн референдум өткөрүү керектиги кыл чайнаштырганын билебиз. 2020-жылга чейин мен жазган Конституциянын бир тал чачын түшүртүүгө жол бербейм деген Өмүрбек Текебаевдин “байкотуна” айрым бийликке нараазы болгон саясатчылар кошулуп, ажонун пикирлештерине каршылык көрсөтүштү. Тилекке каршы күч тең эмес болгондуктан акырында көпчүлүктүн колдоосу менен референдум өз тилегине жетти. Мурдагы түптөлгөн Конституция өкмөттүн ашмалтайын тез-тез ...

0 746

Сапар Исаков: "Ар бир министрдин ишин карайм"

07-декабрь 2017, 10:37 Айнура Абдиназарова

Өкмөттүн курамында айрым өзгөртүүлөр болот. Мындай маалыматты өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн, 7-декабрда журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди деп жазат Марал Радиосу. Премьер-министрдин айтымында, ар бир министр өзүнүн тармагында жыйынтык көрсөтүшү керек. Алдыга коюлган максаттарды, пландарды ишке ашыруусу маанилүү. Ошондой эле баардык өкмөт мүчөлөрү алмашат дегенден алыс экендигин, эгерде натыйжалуу иштей албай жатса, ар бир министрдин ишин карай тургандыгын билдирди. Сапар Исаков ...

0 1122

Мечиттин ордуна мектеп кургула...

07-декабрь 2017, 10:24 Айнура Абдиназарова

Казакстандын Астана шаарында өзгөчө курулуштагы мечит аяктоо алдында. Бирок, жаңы мечит астаналыктардын купулуна толбой турат, анткени ушул күнгө чейин анын айланасындагы сын-пикрилер, ызы-чуулар токтобой келет деп жазат казакстандык сайттар. Астаналык тургундардын айтымында мечиттин ордуна мектеп же болбосо оорукана курса болмок. Анткени ал мечитке көбүнчө аткаминерлер жума күнү гана келишет. Калган убакта мечит бош турат. Ал эми анын ордуна социалдык бир мекеме курса ар ...

0 821

Жээнбеков менен Назарбаев эмне тууралуу сүйлөшүштү?

07-декабрь 2017, 09:53 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Телефондук сүйлөшүүдө мамлекет башчылары Астана шаарында 2017-жылдын 2-декабрында эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары тарабынан кол коюлган “жол картасы” боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларына канааттангандыгын билдиришти. Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абалы жана ...

0 1252

Өрдөк учурмайды адат кылгандар тим жатпайт

07-декабрь 2017, 09:45 Айнура Абдиназарова

Кызматтан кеткен кишини деле жөн койбой ар нерсени чаргытып жүргөндөр бар. Аларды түз эле атынан атап “өрдөк учургучтар” деп койсок бирөө бизди кой дейби? Сөздүн аныгын айтканда ар кайсы маалымат каражаттарында (оппозициялык жааттагы) Алмазбек Атамбаев тууралуу чындыкка коошпогон икаялар удургуп чыгып жатканы деле ырас. Ал тургай көзү ачыктык кылып, көрөсүңөр жакын арада эле өкмөт башчылык кызматты Алмазбек деген эргул өзүнө ...

0 637

Иса Өмүркуловдун апасы 85 жашында көз жумду

04-декабрь 2017, 14:43 Айнура Абдиназарова

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун апасы Муспира Өмүркулова 85 жашында көз жумду. Алдын ала маалыматка караганда, оорудан улам көз жумду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-декабрда Тоолуу-Маевка айылында өтөт. NazarNews.kg маалымат агенттигинин жамааты Иса Өмүркуловго жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын  тең бөлүшөт. Булак: NazarNews.kg

0 815

Чубак ажы кайрадан суракка чакырылды

04-декабрь 2017, 14:26 Айнура Абдиназарова

Бишкек шаардык милициясы мурдагы муфтий Чубак Жалиловду бүгүн дагы суракка чакырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев “Азаттык” радиосуна билдирди. - Чубак Жалиловго чакыруу Бишкек шаардык милициясынын тергөөчүсү Октябрь Макенбаевдин атынан келген. Алар Жалиловду буга чейинки экинчи аял алганы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу чакырышкан. Тергөөчүлөр экс-муфтийден “экинчи аял алдым деген маалымат жалган деп айтып кой” деп талап кылып жатышат, - деди Токталиев. Жалилов 3-декабрь күнү да Бишкек шаарынын ...

0 547

Дүйнөлүк Банк 450 миң доллар грант бөлөт

04-декабрь 2017, 14:01 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети "Ачык маалыматтар боюнча иш-чаралар планы" долбоорун ишке ашыруу (TFSCB № 0А5660 гранты) тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Макулдашуунун максаты ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу, заманбап статистикага ээ болуу, ачык маалыматтарды башкаруу жана биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу болуп саналат. Иш-чаралар планына ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) 450 ...

0 2104

14 жашында эки балалуу болду

01-декабрь 2017, 17:11 Айнура Абдиназарова

Көптөгөн Азия элдеринде кыздардын балалык чагы эрте аяктайт. Анткени башка аймактарга салыштырмалуу Азияда жана мусулман элдеринде кызды эрте турмушка узатышат. Көптөгөн ата-энелер кызды күйөөгө узатмайынча жүктөн кутулбайбыз деп ойлошот. Анткени, тээ байыртан эле кызды бирөөнүкү деп эсептешкен. Илгери 12-14 жашында эле кыздарды турмушка беришкен. Убакыттын өтүшү менен эң эрте турмуш курган кыздардын жаш курагы 16-17 жашты түзөт. Ал эми эрте турмушка чыгып, турмуштун ...

01-декабрь 2017, 17:11 | 2104
0 3593

ВИДЕО - Назарбаевдин видеосу интернетте талкуу жаратууда...

Видео 01-декабрь 2017, 16:30 Айнура Абдиназарова

Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевдин видеосу интернетте кызуу талкуу жаратууда деп жазат казакстандык маалымат каражаттары. Маалыматка караганда, Нурсултан Назарбаев Белорусия президенти Лукашенко менен болгон жолугушууда, эшиктен кирип баратып эле ойлонбой туруп сырт кийимин чечип андан соң президент менен учурашкан.  "Назарбаевдин бул видеосу интернетке тарап,  колдонуучулардын сүймөнчүгүнө ээ болду" - деп айтылат маалыматта. Булак: NazarNews.kg

0 1068

3-декабрь күнү Ай 16 пайыз жарык, 7 эсеге чоң көрүнөт

01-декабрь 2017, 15:07 Айнура Абдиназарова

3-декабрь, жекшемби күнү 2017-жылдагы айдын эң чоң көлөмүн көрүүгө болот дешет астрономдор. Былтыр, 2016-жылдын ноябрь айында Ай 1948-жылдан бери биринчи жолу жерге абдан жакын келген. Ал эми бул жылы 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү Ай мурдагыга караганда 16 пайыз жарык жана 7 эсеге чоң болуп көрүнөт. Мындай көрүнүш Ай, Күн жана Жер бир сызыкта турганда ушундай көрүнүш пайда болот дейт окумуштуулар. Учурда Айдын жерге ...

0 696

Бекбоевдин “боосу” бек болсо экен эми..

01-декабрь 2017, 14:25 Айнура Абдиназарова

Ооба, мамлекет башчыбыз өзгөрдү. Эми ошол башчынын айланасында да ар кандай өзгөрүүлөр болоору мыйзам ченемдүү эмеспи. Дегеним, ушул жуманын башында Турдуназир Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчылыгына дайындалды. Турдуназир мырза, Сооронбай Шарипович өкмөт башчы кезде дагы «кеңешин берип» жүргөн. Би­рок, ошо «кеңеш» берип жүргөндө Тукебиз кандай «ачылыш» кылганын деле кулагыбыз чалбаптыр. Бир билгенибиз айыл-чарба министри ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2806

Чубак ажы: Никесин мен кыйган депутаттарды санап айтып бере алам

30-ноябрь 2017, 18:27 Айнура Абдиназарова

Чубак Жалилов никесин өзү кыйып берген көптөгөн белгилүү адамдардын аты-жөнүн санап айтып бере алат. Бул тууралуу ал бүгүн "Кабарлар" порталы менен болгон маегинде экинчи аял алуу маселесине байланыштуу суроого жооп берип жатып билдирди: - Мен көптөгөн адамдардын никесин кыйгам. Мен ачык айткан адаммын. Чоң-чоң эл сыйлаган молдокелерибизде, эл башкаргандарда, депутаттарда... Керек болсо санап айтып бере алам. Аларга бир аз эрктүүлүк жетпей ...

0 1927

“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет

30-ноябрь 2017, 15:48 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 2-окуудагы мыйзам долбоорун Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов алып чыкты. Мыйзам долбоору дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83