www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айнура Абдиназарова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (455)

0 4115

Жүзүнө кислота чачылып жабыркаган модельдер подиумга чыгышты

30-ноябрь 2017, 14:29 Айнура Абдиназарова

Индиянын борбору Нью-Дели шаарында жүзүнө кислота чачылып жабыркаган 9 модельдин катышуусунда масштабдуу түрдө мода көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөдө индиялык атактуу дизайнерлердин кийимдери көрсөтүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөнүн максаты кислотадан жабыркаган сулууларды кайрадан жашоого кайтаруу болгон. 20 жаштагы Решму Куреши бир убактарда модель болуп иштеп жүргөн. Ал да жүзүнө кислота чачылгандан соң модельдер дүйнөсүнөн кетүүгө аргасыз болгон. Булак: NazarNews.kg

0 1153

Соттун өкүмүнөн соң уу ичкен генерал каза тапты

30-ноябрь 2017, 13:47 Айнура Абдиназарова

Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович босниялык хорваттардын мурдагы командачысы, генерал Слободан Пральяктын уу ичип өлгөнүн тастыктады. 29-ноябрда мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын отуруму болуп жатканда уу ичкенин айткан айыпкерлердин бири Слободан Пральяк көз жумганын Хорватиянын мамлекеттик телеканалы маалымдаган деп жазат Борбор Азия жаңылыктар кызматы. Маалымат жыйынында Пленкович Праляк өз жанын кыйганын билдирип, маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Гаага трибуналынын спикери Ненад Гольчевський 72 ...

0 588

Сапар Исаков “Центерра Голд Инк.” компаниясынын аткаруучу директору менен жолугушту

29-ноябрь 2017, 09:56 Айнура Абдиназарова

28 ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков “Центерра Голд Инк.” компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу учурунда биргелешкен кызматташуунун келечеги жана учурдагы абалы талкууланды. Өкмөт башчы кыргыз тарап ири акционер катары компаниянын туруктуу иштешине жана өнүгүшүнө кызыкдар экенин белгиледи. “Өкмөт биргелешкен  натыйжалуу кызматташтыкка жана “Кумтөр” кенине, ошондой эле компанияда иштеген Кыргызстандык жарандарга жагымдуу ...

0 1353

Кыргыз-казак чек арасы ачылбаса, жазында казактарга сууну сатуу керек...

29-ноябрь 2017, 09:50 Айнура Абдиназарова

Алмазбек Атамбаев 20-ноябрдагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Казакстан 2010-жылы блока­да койгондо, Кыргызстан суу берүүгө чектөө киргизе турганда маселе чечилгенин айткан. Мындай көз караш коомчулукта да күч. Эгер казак тарап чек араны ачпай, үстөмдүк саясатын уланта бере турган болсо, жазында Кыргызстан суу бербей, жазгы талаа иштеринен мукуратыш керек. Учурда Кыргызстан чек аранын жабылышынан миллиардаган сом зыян тартып жатат. Жазында бул зыяндын ордун ...

0 517

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен кетти

29-ноябрь 2017, 09:45 Айнура Абдиназарова

  Бүгүн, 29-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен жөнөп кетти. Ал Москвага орус тараптын чакыруусу менен бара турганын президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева 28-ноябрда билдирген. Маалыматка караганда, Жээнбеков орус президенти Владимир Путин, премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланат. Бул Сооронбай Жээнбековдун өлкө жетекчиси катары алгачкы сапары. Ал буга чейин Кыргызстандын тышкы саясаттагы негизги ...

0 1019

Япониядагы аралдын жээгинде кайыктан 8 кишинин жансыз денеси табылды

27-ноябрь 2017, 17:17 Айнура Абдиназарова

Япониянын Акита -Ога аралынын жээгинде кайыктан 8 кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады. Маалыматтарга караганда, табылган 8 кишинин айрымдарынын сөөктөрү гана калган. Учурда укук коргоо кызматкерлери сөөктөрдүн өздүгүн тактоо менен алектенип жатат. Аралды корукка алган кызматкерлердин маалыматына караганда, Япониядагы суулардын жээктеринен көпчүлүк учурда Кореянын кайыктары чыгып калат. Бирок жогоруда табылган сөөктөр кайсыл жактан келгени азырынча белгисиз. Ал эми кайыктын өзүндө эч кандай ...

0 2192

Кызматтан кетүүнү кыялданган Рамзан Кадыровду Россия тыйып койду...

27-ноябрь 2017, 16:51 Айнура Абдиназарова

Кремль Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров кызматында кала берээрин билдирди. Жекшембиде Кадыров "Россия 1" телеканалындагы маегинде кызматтан кетүүгө убакыт келгенин, Кремль анын ордуна келчү кишини тандоого тийиш экенин айткан. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты. Бирок президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кадыров мамлекет башчыга көзү түз бойдон кала бергенин жана кайсы кызматка жөнөтүлсө да аны аркалоого даяр экенин айтты. “Ал ...

0 1038

Балидеги вулкандын атылуусунан 40 миң киши эвакуацияланып, туристтер жапа чегүүдө

27-ноябрь 2017, 16:18 Айнура Абдиназарова

Индонезиянын Бали аралындагы Агунг вулканы атылган соң аталган аймакта кооптуу абал киргизилип, учурда 40 миң киши эвакуацияланды. Маалыматтарга караганда, учурда Балиде дагы 22 калк жайгашкан пункттан 100 миң адамды коопсуз жайга көчүрүү иштери жүрүүдө. Эгер жашоочулар каршы болсо, анда биз мажбурлоо жолу менен калкты башка жайга көчүрөбүз - деп билдирген аймактын жетекчилери. Ошондой эле, Бали эл аралык аэропортунда 445 рейс токтотулуп, натыйжада миңдеген ...

0 1770

ВИДЕО - Сокулукта түрмөдөн качкандар видеого түшүп калган...

Видео 27-ноябрь 2017, 15:53 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 27-ноябрь күнү саат 6:00дөр чамасында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагынан төрт киши качып чыккандыгы тууралуу ИИМ  маалымат тараткан. Ал эми,  түрмөдөн качкандардын видеосун kaktus.media сайтына окурманы убактылуу кармоочу жайдан качкандар болушу мүмкүн делген видеону жиберген. Видеодон май куючу жайдын жанынан өтүп бара жаткан кишилерди көрүүгө болот. Видео түнкү саат 02:35те жазылган. Бирок ИИМ тараткан маалыматта окуя таңкы саат 06:00 чамасында алар качып кетишкендиги айтылат. Учурда камерадагы ...

0 1945

ВИДЕО - Атамбаевдин Кайрат Примбердиевдин аткаруусундагы ыры көпчүлүктүн алкышына ээ болууда

Видео 27-ноябрь 2017, 15:33 Айнура Абдиназарова

Кыргызстандагы белгилүү ырчы Кайрат Примбердиев жакында Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин "Күзгү вальс" аттуу ырына клип тартып коомчулукка жарыялады. YouTube сайтына жүктөлгөн видео-клип көпчүлүктүн алкышына татып, анда колдонуучулар эң сонун чыгарма болгону тууралуу билдирүүлөрдү калтырышкан. Төмөндө сиз да экс-ажо менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгынан жаралган клипти көрүп баа бериңиз: Булак: NazarNews.kg

0 975

Орусия- Настя Каменских, ырчы: “Тынымсыз гастролдор адамды алсыратат, мен моралдык жана физикалык жактан абдан чарчадым”

27-ноябрь 2017, 15:07 Айнура Абдиназарова

Сиз ашыкча салмактан арылууга мүмкүн эмес деп ойлойсузбу? Эркиңиз жетпей жатабы? Негативдүү ойлоруңузду артка таштаңыз да ишке өтүңүз! Эң башкысы: каалоо жана мотивация! Бүгүн, ырчы Настя Каменских өзүнүн ашыкча салмактан ийгиликтүү арыла турган сырлары менен бөлүшөт. - Настя, баары эмнеден башталды? Эмнеге арыктагың келди? - Ар бир адамда кайсыл бир мезгилде өзүнүн жашоосун өзгөрткүсү келген убакыт болсо керек. Тынымсыз гастролдор ...

0 981

Абактан качкандардын аты-жөнү жарыяланды

27-ноябрь 2017, 14:36 Айнура Абдиназарова

Чүй облустук милициясынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун "Азаттык" радиосуна берген маалыматы боюнча, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагынан качып чыккан төрт кишини издөө уланып жатат. Милиция качып кеткендердин аты-жөнүн жарыялады. Алар: - Базаркулов Рамил Муктарбекович, 1979-жылы туулган. Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. Кылмыш кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча шек менен кармалган. - Ачылдурдиев Багтият Турдукулович, 1985-жылы туулган. Түркмөнстандын жараны. Кылмыш кодексинин ...

0 583

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн 307 млн сом бөлүнөт

27-ноябрь 2017, 14:08 Айнура Абдиназарова

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн 307 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине иш-чараны уюштурууга 175 млн сом бөлүнөт, 132 млн сом акча Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине берилет. Ал эми көчмөндөр оюндарынын секретариатын күтүүгө 3,6 млн сом каралат. Белгилей кетсек, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү алкагында Чолпон-Ата шаарына жаңы ...

0 895

Эрнист Толтоев Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы болуп дайындалды

27-ноябрь 2017, 13:40 Айнура Абдиназарова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон  Буйрукка ылайык, Толтоев Эрнист Мукашбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Толтоев Эрнис Мукашбекович 1986-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сенгир айылында туулган. Булак: NazarNews.kg

0 3684

ВИДЕО - Сауд Арабиянын канзадалары кармалган "алтын түрмө"

Видео 27-ноябрь 2017, 13:27 Айнура Абдиназарова

Сауд Арабиянын канзадалары кармалган "алтын түрмө" видео-тасмага алынып, коомчулукка жарыяланды. Белгилей кетсек, аталган өлкөнүн канзадалары 3 апта мурун камакка алынган. Тасмада берилгендей, 4-ноябрдан баштап Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарынДагы Ritz-Carlton мейманканасы 200дөй өлкө кызматкерлери үчүн "алтын абакка" айланган. Колго алынган мамлекеттик кызматкерлердин 95 пайызы келишимге кол коюуга жана байлыктарынын бир бөлүгүнөн ажыроого макул. Эске сала кетсек, Сауд Арабиянын өкмөтү канзадаларга эки шарт койгон. Эркиндиктен ажыроо же ...

0 1938

Президент Сооронбай Жээнбеков: Атамбаев ден соолугун жана күчүн аябастан, өлкөгө туруктуулук орнотту

27-ноябрь 2017, 12:57 Айнура Абдиназарова

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков бийликтин баардык бутактары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, тынчтыкты бекемдөө үчүн жооп берээрин жана мамлекет менен элдин кызыкчылыгында бирдиктүү, эриш-аркак иштеши керектигин белгиледи. «Алмазбек Шаршенович ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 907

Сүрөт - Сокулук РИИБден адам өлтүрүүгө жана тоноого шектелген 4 адам качып кетти

27-ноябрь 2017, 12:37 Айнура Абдиназарова

Чүй облусунда Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан бүгүн, 27-ноябрда качып кеткен адамдар изделип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди. ИИМдин маалыматына караганда, саат 06:00дөр чамасында убактылуу кармоочу жайга камакка алынган адамдар белгисиз жакка качып кетишкен. Качып кеткен 4 адам каракчылык жана адам өлтүрүү фактысы боюнча айыпталып кармалган. Учурда аларды издөө иштерине Чүй ОИИБдин өздүк курамы жана ИИМдин ыкчам ...

0 735

Саясаттан куулган Зимбабвенин экс-президенти фермерлик менен алектенет

27-ноябрь 2017, 12:01 Айнура Абдиназарова

Зимбабвенин экс-президенти эми фермерлик менен алектенет. Бул тууралуу“Франс Пресс” маалымат агенттиги билдирди. Маалыматтарга караганда, Роберт Мугабе фермерликти колго алып, аялы менен бирге айыл жериндеги үйдө жашамакчы. Президенттин жакыны Лео Мугабенин берген маалыматында, саясаттан куулган президент мындан ары тынч жашоо сүрүүнү каалайт. Белгилей кетсек, өткөн аптада Зимбабвенин аскерлери 93 жаштагы Мугабени үй камагына алышкан. Булак: NazarNews.kg

0 1495

Рамзан Кадыров: "Кызматтан кетүү менин кыялым"

27-ноябрь 2017, 11:42 Айнура Абдиназарова

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өлкө жетекчилиги кызматынан кетүү кыялы экенин билдирди. Маалыматтарга караганда, Рамзан Кадыров “Россия 1” телеканалынын берүүлөрүнүн биринде кызматтан кетүүгө даяр экенин, бир элди башкаруу, бир элдин жоопкерчилигин моюнга алуу аябай оор иш экенин белгилеген. "Ар бир кетирилген ката үчүн бул дүйнөдө жана башка дүйнөдө да жооп берүү керек. Мен чарчадым. Мен үчүн кызматтан кетүү убактысы келди деп ойлойм" - дейт ...

0 719

Вулкан атылып, Бали аралындагы эл аралык аэропорт жабылды

27-ноябрь 2017, 11:22 Айнура Абдиназарова

Агунг вулканы атылганына байланыштуу Индонезия өкмөтүнүн Бали аралындагы эл аралык аэропорту жабылды. Бул тууралуу SBS News телеканалы билдирди. Маалымата караганда, Агунг вулканы бир апта ичинде эки жолу атылгандыктан Ломбок аралындагы аэропорт жабылып калган. Ошондой эле, Бали аэропорту да жабылып 18 саат аралыгында иштебейт. Агунг вулканы биринчи жолу 21-ноябрь күнү атылып, бийиктиги 700 метрге чейин жеткен. Кечээ, жекшемби күнү да кайрадан атылып, 144 киши коопсуз жайга ...

0 1371

Аманбай Кайыпов мектептеги көмүргө кол салып жатканын айтышты

25-ноябрь 2017, 17:34 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов мектепке түшүрүлгөн көмүрлөрдүн теңин жеп коюп жаткандыгын айтып наалыды. Бул маалымат коомчулуктун кыжырын келтирип, Кайыповдун дарегине нааразы кептер айтылууда. Баары бүтүп эми мектеп окуучуларына бөлүнгөн жылуулукка чейин кол салып жатса, анда Аманбайдын чындап эле соодасы бүтүптүр. Кызматтан кетээрине бир жумага жетип жетпеген эле убакыт калгандай. Жоругу жолдо калсын, окуучулардын да ырыскысына ...

0 1855

Алматыда эң ири жер силкинүүнүн үч очогу аныкталды

25-ноябрь 2017, 17:05 Айнура Абдиназарова

Казакстандын Сейсмология институтунун кызматкерлери Алматынын аймагындагы эң ири жер силкинүү катталуучу 3 очокту атады. Бул тууралуу казакстандык маалымат агенттиктери билдиришти. "Алматы облусунун 3 очогунда эң кооптуу жер силкинүү катталышы мүмкүн. Биринчи очогу - Верненский аймагы, бул жерде 1887-жылы ири зилзала катталган. Экинчи очок - Кемин, ал эми үчүнчүсү чыгыштагы Шилик аймагы" - дейт сейсмологдор.  Булак: NazarNews.kg

0 6017

Мышыктын айынан 3 айлык наристе көз жумду

25-ноябрь 2017, 16:34 Айнура Абдиназарова

Украинанын Дергачов аймагынын Цуповка айылында кичинекей наристе мышыктын кесиринен көз жумду. Бул тууралуу Life.ru маалымат агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, жаш  үй-бүлө бала уктап жаткан колясканы эшикке коюп, бир канча убакыт кароосуз калтырган. Ошол кезде бала уктап жатканда мышык чыгып алып, баланын үстүндө уктаган. Ал эми 3 айлык наристе дем ала албай тумчугуп көз жумган. Учурда укук коргоочулар аталган окуя боюнча тергөө жүргүзүп жатат. Булак: NazarNews.kg

0 829

Жээнбековдун доору башталды

25-ноябрь 2017, 16:14 Айнура Абдиназарова

Шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Шарипович ант берип, кызмат ордуна олтурат. Жээнбековдун артында калбыры жок таза инсан экенин шайлоонун жүрүшү дагы бир жолу тастыктады. Президент болуп олтургандан кийин мамлекет үчүн таза иштеп берет деген ишеним ошол сапаты үчүн артылды. Сооронбай Шариповичке президенттик мандатты эл берди деп айтсак туура болот. Ишин жаңыдан баштап жаткан Сооронбай Жээнбеков элдин ишенимин аткарган, өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти татыктуу көтөрө ...

25-ноябрь 2017, 16:14 | 829
0 1520

"Экстер" эмнени эрмектешет: Алтынбек Максүтов Филармонияда жүрөт

25-ноябрь 2017, 15:42 Айнура Абдиназарова

Маданият министрлигинде иштеп жүрүп ордун Түгөлбай Казаковго өткөрүп бергенден кийин Алтынбек Максүтов үч айдай бош жүргөн. Андан кийин көнгөн эле Филармонияга барып, көркөм жетекчилик кызматты аркалай баштаган. Филармониядагы элдин рухун көтөрүп, сүйүүсүнө арзыган концерттердин көбүнө Алтынбек мырза өзү көркөм жетекчи болуп жатат. 2018-жылкы өтө турган Көчмөндөр оюнуна жакында даярдык көрүү үчүн старт берилет. Анын да көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов өзү болмокчу. Булак: Де-Факто

0 690

"Экстер" эмнени эрмектешет: Эрлан Сапарбаев дайынсыз

25-ноябрь 2017, 15:20 Айнура Абдиназарова

Мамлекеттик каттоо кызматын башкарып, чыкчырылып Эрлан Сапарбаев деген азаматыбыз бар эле. Кызматтан түшкөнү дайынсыз кетти. Дарегин журналисттер же жакындары билбейт. Биздин чоңдор үчүн кызматтан түшүү тозокко түшүүдөн да жаман нерсе. Кайда барып, эмне иш кылаарын билбей, ордуна келген жаш жигиттин чалынып кетээр күнүн күтүп, жеңебиздин чайын ичип үйүндө олтурат окшойт. Булак: Де-Факто

0 1717

Роза Отунбаева: "Бийликке каршы турган санаалаштарым темир тор артында отурганда, ант берүү аземине чакырса да бармак эмесмин"

25-ноябрь 2017, 14:47 Айнура Абдиназарова

Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына барууну өзүнө ылайык көрбөгөнүн айтты. Ал мурдагы бийликке каршы турган санаалаштары азыр темир тор артында отурганын, мындай учурда Жээнбековдун ант берүү аземине барганы туура эмес болуп каларын белгиледи: - Атамбаев болобу же Жээнбеков болобу, биздин далыбыздан басып өтүп бүгүнкү бийликке келген адамдар. Эгер мен ошол жерге барсам, өзүмдү ыңгайсыз сезмекмин. Кайсыл арыма барып, ...

0 753

"Экстер" эмнени эрмектешет: Алтай Бөрүбаев илим менен убара

25-ноябрь 2017, 14:32 Айнура Абдиназарова

Бир кезде бөлмөсүнө киши кире албай турчу коомдук ишмер Алтай Бөрүбаевдин доору бүтүп бараткан кези. Тынчыраак эле илимдер Академиясында иштеп, техника илимдери боюнча бөлүмдү жетектеп жүрөт. Тээ илгерки кайран кресло, кызмат, көзүн карап турган адамдар азыр жомок бойдон калган. Тынчыраак өкмөт берген пенсияны алып, анда-санда сүйлөп коюп, аксакал тынч жүрү. Булак: Де-Факто

0 1205

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: «Казак коомунда Атамбаевди колдогон, туура айтып атат дегендер аябай эле көп»

25-ноябрь 2017, 14:05 Айнура Абдиназарова

— Равшан мырза, сиз Казакстанда өткөн казак-кыргыз чек арасын талкууга алган жыйынга катышып келдиңиз. Жыйынды кимдер уюштурду? — “Кыргыз-казак кризиси, чечүү жолдору” деген эл аралык конференцияны Казакстандын саясат таануучулар ассоциациясы уюштурду. Бул жыйынга Россия, Тажикстан, Азербайжандын өкүлдөрү дагы катышты. — Жалаң оппозиция мүчөлөрү чакырылдыбы же бийликтин адамдары да бардыбы? — Бул конференцияга адатта эксперттер, саясат таануучулар катышат. Кыргызстандан дагы саясат таануучулар жана бизди, граждандык коомдун өкүлдөрүн, саясатчыларды ...

0 1607

Кайсыл президент канча адамга сыйлык берген?

25-ноябрь 2017, 13:44 Айнура Абдиназарова

Атамбаев алты жылда 1307 адамга сыйлык берген. Роза Отунбаева бир жылдык президенттик мөөнөтүндө 1519 адамга сыйлык берген. Ал эми Курманбек Бакиев беш жылдык президенттик мөөнөтүндө 1519 адамга сыйлык тапшырган экен. Эң көп сыйлык берген президент Роза Отунбаева болуптур. Учурда берилген сыйлыктар туурасында бир топ сын пикирлер, нааразычылыктар айтылууда. Татыктуусу да алды, татыксызы да алды дегендей. Бирок бир нерсени эске алышыбыз керек. ...

0 5705

Сапардын айласы куруду

25-ноябрь 2017, 13:14 Айнура Абдиназарова

Премьер-министр Сапар Исаковдун айласы куруду. Иштемиш этип жатат, бирок майнап чыкпай эле. Сооронбай премьер болгондо шылдыңдап күлгөнбүз. Сапар Исаков, керек болсо ошол Сооронбайдын деңгээлине жете алган жок. Жаштык кылып жатабы, же жетекчилик кызматта тажрыйбасы жокпу, айтор кылган иштери көңүл толоорлук эмес. Айланасындагылар да бут тосуп, Атамбаев "аташкасына" ар кандай маалыматтарды жеткирип, жаманаттылап жатканы да өкүнүчтүү болуп турат. Анын үстүнө Султан ...

25-ноябрь 2017, 13:14 | 5705
0 1741

Атамбаевдин калпы

25-ноябрь 2017, 12:40 Айнура Абдиназарова

Алмазбек Атамбаев, "Менимче Илмиянов депутат болуудан да, кандайдыр бир мамлекеттик кызматтардан баш тарткан жалгыз кыргыз болсо керек" - деп билдирди сыйлык ташыруу аземинде. Ушунчалык да калп айткан болобу? Буга чейин Өмүрбек Бабанов мандатынан баш тартып Роза Отунбаевага берген. ЖК депутаты Чолпон Жакупова мандатын тапшырып туруп басып кеткен. Эрнест Хашимович Акрамов да мандатын тапшырган. Сабырбек Жумабеков мандаттан баш тарткан. Ыраматылык Эркин Алымбеков ...

25-ноябрь 2017, 12:40 | 1741
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1629

"Кудайберген" базарын көчүрүү керек

25-ноябрь 2017, 12:10 Айнура Абдиназарова

"Кудайберген" унаа базарын шаардын сыртына көчүрүү керек болуп турат. Базардын айланасын мындай коюңуз, базар жайгашкан көчөдөн өтүү үчүн өтө эле машакат жаратууда. Жол жээгиндеги үйлөрдүн баарысы машине оңдоочу жайга айланган. Иретсиз, таштандыга толгон, жол тар. Буга жергиликтүү тургундар нааразы. Алар базардын шаардын сыртына көчүшүн талап кылышууда. Бирок базар ээси депутаттыгына салып, карапайым адамдардын үнүн уккусу келбейт. Шаар мэри Албек Ибраимов ушул ...

0 1506

Кадрдык жүрүштөр башталдыбы?

25-ноябрь 2017, 11:50 Айнура Абдиназарова

Өлкөдө жаңы президент шайланып, эл жүгүн аркалоочулар арасында бир орундан экинчи орунга котормой иши башталды көрүнөт. Дегеним, кечээ Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов кызматынан бошотулуп, тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы кол койду.  Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун төрагасы кызматынан бошотулду. 23-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэри болуп кайрадан Салайдин Авазов шайланды. Толкунбек Абдыгулов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, вице-премьер-министр болуп дайындалды. Маалым болгондой, ...

25-ноябрь 2017, 11:50 | 1506
0 1040

Бабанов Жээнбековду куттуктап, билдирүү таратты

24-ноябрь 2017, 15:58 Айнура Абдиназарова

Парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Өмүрбек Бабанов бүгүнкү бийлик алмашуу боюнча билдирүү таратты. Анда Бабанов Сооронбай Жээнбековду кызматка расмий киришүүсү менен куттуктаган. - Сооронбай Шарипович, бүгүн сиз чоң миссияны колуңузга алдыңыз. Ал Алмазбек Шаршенович Атамбаев түптөгөн тынчтык менен туруктуулук жолун улантуу. Элибизди өнүгүү жолуна багыттоо, өлкөбүздөгү демократиялык жана укуктук башаттарды күчтөнтүү эми сиздин колуңузда. Кыргызстандын биримдиги жана бүтүндүгү – эң бийик баалуулук, андыктан ниеттерибиздин ...

0 1315

Текебаев Атамбаев кеткенче абактан чыкпайт...

23-ноябрь 2017, 17:21 Айнура Абдиназарова

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен белгилүү коомдук-саясий ишмер Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары ылдыйкы инстанциядагы соттордун өкүмүнө нааразы болушуп, Жогорку Сотко кайрылышкан болчу. Бирок, бул жерден да сот өкүмү күчүндө калтырылды. Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ө.Текебаев менен Д.Чотоновду 8 жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү чечимин чыгарган. Бишкек шаардык соту да бул өкүмдү күчүндө калтырган. Орусиялык ...

0 438

Грузиянын президенти Сооронбай Жээнбековду куттуктады

23-ноябрь 2017, 16:54 Айнура Абдиназарова

Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Марал Радиосу билдирди. Ал өз куттуктоосунда, Сооронбай Жээнбековду кыргыз эли тынчтык, туруктуулук жана мындан ары өнүгүү болуусу үчүн тандаганын белгиледи. Муну менен катар, Грузия менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү жана өнүгүүсүнө багытталган кызматташтыкка даяр экенин кошумчалады. Булак: NazarNews.kg

0 1355

Сабыр Муканбетов: “Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин башка жолун уласа да, кыргыз-казак ынтымагын ыдыраткан жолун улай албайт. Анын тарбиясы, маданияты башка...”

23-ноябрь 2017, 16:43 Айнура Абдиназарова

- Сабыр байке, бир топ убакыттан бери баарлашпай кеттик. Өлкөдөгү болуп аткан окуялар тууралуу ой-пикирлериңизди окурмандарыңыз деле күтүп атса керек. Андыктан, баягы салтка айланып бараткан узун кепти баштайлы. Эми азыр экинин бири талкуулап жаткан маселе президенттик шайлоо, кыргыз-казак мамилелери болуп жатпайбы. Ошол тууралу маектешсек деп турамын. Алды менен президенттик шайлоо, мамлекеттик бийликтин мыйзамдуу жол менен алмашып жатышына кандай баа берээр ...

0 776

Атамбаевдин бүгүн акыркы иш күнү, Сооронбай Жээнбеков эртең ишке киришет

23-ноябрь 2017, 16:28 Айнура Абдиназарова

Жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи эртең, 24-ноябрь күнү мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында өткөрүлөөрү буга чейин маалымдалган. Ал эми алты жылдан бери өлкөнү башкарып, президенттикти аркалап келе жаткан Алмазбек Атамбаев бүгүн президенттиктин акыры күнүн өткөрүп жаткан убагы. Ажо президенттикти өткөрүп бергенден соң эс алууга кетээрин айткан. Коомчулукта көпчүлүк мөөнөтү бүткөн президенттин буга чейинки кылган иш аракеттерин ашыкча сындабай, аны жылуу жумшак сөздөр менен узатуу тууралуу ...

0 1026

Кара-Суулук 61 жаштагы киши уксус ичип каза болду

23-ноябрь 2017, 15:47 Айнура Абдиназарова

Кара-Суулук 61 жаштагы киши уксус ичип каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ооруканасы маалымдады. Маалыматка караганда, 21-ноябрь күнү Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын 1956-жылы туулган тургуну А.К. уксус ичип, ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин айтымында каза болгон киши мас абалда болгон. Булак: NazarNews.kg  

0 1374

Болсунбек Казаков кызматтан бошотулду, ордуна Зилалаев келеби?

23-ноябрь 2017, 14:35 Айнура Абдиназарова

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Кызматтан алуунун расмий себеби көрсөтүлгөн жок. Казаков бул кызматка быйыл жыл башында дайындалган. Айрым маалыматтарга караганда, Мүлктү башкаруу фондунун жетекчилигине Дүйшөнбек Зилалиевдин дайындалары күтүлүүдө.  Булак: NazarNews.kg

0 1805

Токмок шаарында табылган ымыркай 3-4 саат көчөдө жатып калган

23-ноябрь 2017, 14:05 Айнура Абдиназарова

Токмок шаарындагы көчөдөн табылган ымыркай кыздын абалы жакшы. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush сайтына билдирген. Маалыматка караганда, ымыркай медициналык кароодон өтүп, бардык анализдери алынды. «Бизге милиция кызматкерлери тез жардам унаасы менен алып келишкен. Келери менен ымыркайдын ден соолугуна кам кѳрѳ баштадык. Наристе аябай үшүп калган экен. Биз ага биринчи медициналык жардамды көрсөтүп, анализдерин алдык. Азыр абалы жакшы, кичинеден ...

0 644

Жалал-Абадга мэр шайланды

23-ноябрь 2017, 12:25 Айнура Абдиназарова

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шаардык кеңештин “Ийгилик” көпчүлүк коалициясы көрсөткөн талапкер Салайдин Авазов шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Алардын берген маалыматында, калаа башчысын шайлоого Жалал-Абад шаардык кеңешинин 31 депутаты катышып, алардын 30у Авазовго добуш беришкен. Шаар мэрлигине буга чейин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Майрамбек Адылбековдун талапкерлиги да көрсөтүлгөн. Булак: NazarNews.kg      

23-ноябрь 2017, 12:25 | 644
0 820

Райымбек Матраимов кызматынан бошотулду

23-ноябрь 2017, 12:02 Айнура Абдиназарова

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков бүгүн,23-ноябрь күнү кол койду. Булак: NazarNews.kg

0 479

Санариптик көрсөтүү максатына жетпей жатат

23-ноябрь 2017, 11:14 Айнура Абдиназарова

"Кыргызстан" саясий партиясынын парламенттеги эл өкүлү Алмазбек Эргешов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Кыргызстанда санариптик телекөрсөтүү өз максатына жетпей жаткандыгын билдирди.  Депутаттын айтымында, өкмөт санариптик телекөрсөтүүгө толук өтүп, эми телеканалдардын сапаты жогорулайт деп кайра-кайра убада берген. Көпчүлүк жарандар санариптин сапаты жакшы болбой жаткандыгын айтып нааразы болушууда.Өкмөт буга чара көрүш керек. Белгилей кетсек, Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык ...

0 3329

Сайдулла Нышанов Атамбаевге "Кыргыз Эл Баатыры" деген наам бериш керек деп "түлкү" секирик жасады

23-ноябрь 2017, 10:22 Айнура Абдиназарова

Атамбаевге "Кыргыз Эл Баатыры" деген наам бериш керек. Мындай пикирин "атамекенчил" депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңештин бүгүнкү 23-ноябрдагы жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, президенттик мөөнөтү аяктоо алдында турган ажо Алмазбек Атамбаев бир топ жакшы иштерди бүтүрүп кетти. Алардын арасында баса белгилөөчү нерсе бул таза шайлоонун өтүшү. "Атамекенчил" депутат Сайдулла Нышанов кетип бараткан президентти апендинин баласындай эле мактады. Эл өкүлүнүн мындай кадамы СДПК партиясына ...

0 669

Улуттук банк 5 миллион доллар сатты

23-ноябрь 2017, 10:08 Айнура Абдиназарова

Кыргызстандын улуттук банкы ноябрь айынын башынан бери сегизинчи жолу валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу Марал Радиосу билдирди. Маалыматка ылайык, 22-ноябрда Улуттук банк 5 миллион долларды сатты. 8-ноябрдан бери валюта рыногуна 38 миллион 15 миң доллар чыгарылды. Бирок ошол эле учурда Бишкектин акча алмаштыруу жайларында доллардын сомго болгон курсу арзандай электигин адистер айтышат. Булак: NazarNews.kg

0 4433

ВИДЕО - Өзбекстандагы белгилүү актёр Шухрат Нуралиев 37 жашында каза болду

Видео 23-ноябрь 2017, 14:43 Айнура Абдиназарова

Кечээ, 22-ноябрь күнү өзбекстандык таанымал актер Шухрат Нуралиев 37 жашында каза болду. Бул тууралуу KUN.UZ сайты билдирди. Маалыматтарга караганда, актёр Эндокринология ооруканасына жаткырылган соң комага түшүп, андан кийин өзүнө келбей жашоо менен коштошкон. Шухрат Нуралиев 1980-жылы 5-ноябрда туулуп, Өзбекстандын «Девона», «Улфатлар-2», «Янги бой», «Севгинатор-2», «Зарб» жана башка бир нече кинолорунда роль жараткан. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 5519

Сүрөт - Урмат менен Неля кийинүү стилин өзгөртүшкөндө...

22-ноябрь 2017, 18:27 Айнура Абдиназарова

Шоу бизнестеги эң жарашыктуу жана үлгүлүү түгөйлөрдүн катарын толуктаган Урмат менен Неля кийинүү стилдерин өзгөртүүгө бел байлашты. Тактап айтканда, Кыргызстанга чет өлкөдөн алынып келинген дүйнөлүк бренддердин кийимдерин кийип, жарнамага тартылышты. Түгөйлөрдүн жаңы образдары канчалык деңгээлде ийгиликтүү, жарашыктуу болгонун төмөнгөдөгү сүрөт баяндан көрүп, баа бериңиздер! Аруужан Булекбаева,NazarNews.kg 

0 2907

ЭКСКЛЮЗИВ - Мирбек Атабеков менен жубайы экинчи наристесин күтүүдө

22-ноябрь 2017, 17:46 Айнура Абдиназарова

КРнын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жубайы Мээрим менен жакында кайрадан наристе жытын жытташмакчы. Учурда кош бойлуу болуп жүргөн Мээрим жолдошуна экинчи наристесин жаз айларында белек кылат. Эске салсак, кыздуу болууну самап жаткан ырчынын 2 жаштагы уулу бар. Ал эми биз Мээримдин аман-эсен көз жарып алышын каалайбыз! Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83