www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айнура Абдиназарова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (455)

0 1696

СҮРӨТ - Индиялык аял 175 килограммга арыктап жашоосун өзгөрттү

14-ноябрь 2017, 16:37 Айнура Абдиназарова

Бүгүнкү күндө ашыкча салмак менен ооруган адамдардын саны күндөн-күнгө өсүп, айымдар ар кандай дары-дармектерди колдонуп арыктоо үчүн эмнелерди гана кылышпайт. Ал эми ашыкча салмактан жапа чегип келген индиялык айым эки жылда 175 килограммга арыктап коомчулукту таң калтырган. Ражани аттуу 44 жаштагы Индиянын тургуну эки жыл мурда 300 килограмм салмакта болуп, Laparo Obeso  аттуу медицина борборуна ашказанын операция жасатуу үчүн кайрылган.  Операция ийгиликтүү өткөн соң ...

0 1195

Сүрөттөрдү көрүп 1 секунддан кийин эмне болоорун элестетиңиз...

14-ноябрь 2017, 15:55 Айнура Абдиназарова

Bored Panda 1 секунддан кийин жыйынтыгы кырcыктар жана кызыктуу окуялар менен жыйынтыкталуучу cүрөттөрдүн топтомун жарыя кылды. Чындыгында 1 секунддан кийин эмне болоорун элестетип көрүңүз... Булак: NazarNews.kg  

0 1069

Сооронбай Жээнбеков, тазалоону “Бир Бол” фракциясынан баштаңыз...

14-ноябрь 2017, 15:32 Айнура Абдиназарова

Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда теледебатта “Менде 35 коррупциянердин тизмеси бар” – деген эле. Шайланып келсе ошолорду кустурганга убада берген. Эл алар кимдер деп чыдамсыздык менен күтүп жатат. Эми коррупционерлерге күрөш ачсаңыз, учурда коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, бирок кылы кыйшайбай басып жүргөн “Бир Бол” фракциясынан депутаттар Акылбек Жапаров, Игорь Чудинов, Исхак Пирматов өңдүүлөрдөн биринчи баштаңыз. Ошондо сиз чыныгы акыйкат жетекчи катары ...

0 4177

Адиль Турдукулов, активист: "Бабанов келбесе, саясий күрөшкө даяр эмес экенин көрсөтөт"

14-ноябрь 2017, 15:19 Айнура Абдиназарова

- Бабанов өзүнүн саясий келечегин ойлосо, мындан ары дагы саясатта калам десе, саясий күрөштү улантам десе, анда кандай гана тоскоолдуктар болбосун Кыргызстанга кайтып келүүгө тийиш. Эгерде ал кылмыш иши козголгонуна байланыштуу бийлик аны камап коет деп чоочулап келбей койсо, анда ал саясий күрөшкө даяр эмес экенин көрсөтөт. Ошондой эле, ал Кыргызстанга кайтып келбесе, анын "Республика" партиясында ажырым пайда болот. Парламенттеги фракция алсырайт, ...

0 1430

Айнура Арзыматова, саясат таануучу: “Депутаттар Бабановду коргобой иштешсин”

14-ноябрь 2017, 14:34 Айнура Абдиназарова

— Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясы Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишин саясий кысым катары сыпаттап билдирүү таратты. Чын эле Бабановго ушундай негизде кылмыш иши козголдубу? — Азыр саясатчыларга кылмыш иши козголсо эле аны саясатташтырган адат пайда болду. Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөзү кызыл чектен өтүп кеткен нерсе эле. Аны Башкы прокуратура, УКМК тиешелүү экпертизадан өткөрдү. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголду. ...

0 1975

Шымкентте күйөөсү башка динге өтүп кеткен аялын аёосуз бычактап салды

14-ноябрь 2017, 14:02 Айнура Абдиназарова

Шымкентте күйөөсү башка динге өтүп кеткен аялын аёосуз бычактап таштады. Бул тууралуу казактандык маалымат агенттиги билдирди. Алардын берген маалыматында, өз аялын аёосуз бычактаган жаран өзүн-өзү видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган. 1983-жылы туулган жигит мындай кадамга барганын аялынын башка агымга кирип кеткендиги менен түшүндүргөн. Ал эми бычакталган аялдын жакындары, алардын алты ай мурда ажырашканын, күйөөсү аялына зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтышкан. Учурда бул окуя боюнча укук коргоо кызматкерлери ...

0 811

Айтмамат Кадырбаев менен Албек Ибраимов “Даңк” ордени менен сыйланды

14-ноябрь 2017, 13:42 Айнура Абдиназарова

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда өлкөнүн аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономиканы чыңдоого кошкон салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Мамлекеттик сыйлыкка татыгандардын арасында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаевдин да аты-жөнү бар. Алар “Даңк” ордени менен сыйланды. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, дагы бир катар кызматкерлер III даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” ордени, ...

0 725

Сахалинде кыргыз жарандары жасалма мөөр менен кармалышты

14-ноябрь 2017, 13:31 Айнура Абдиназарова

Россиянын Сахалин аймагында кыргыз жарандары аталган аймакта калуу үчүн атайын мөөр жасап папортторуна басышкан. Бул тууралуу astv.ru маалымат агенттиги жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, Кыргызстандын эки жараны документтеринин убактысы бүтүп калганына байланыштуу, өз алдынча чек ара кызматынын мөөрүн жасап паспортуна басышкан.  Учурда эки жаранга кылмыш иши козголгон. Сахалин облусунун укук коргоочуларынын айтымында, кармалган адамдар жасалма документ колдонгондугу үчүн  5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Булак: NazarNews.kg

0 557

Рустам Кабылбеков, "Мөңгү" коомдук уюмунун жетекчиси: "Мөңгү тууралуу мыйзам тоо туризмине толугу менен чек коет"

14-ноябрь 2017, 13:05 Айнура Абдиназарова

- Мен көп жылдан бери Кыргызстанда мөңгүлөр жыл өткөн сайын азайып, мамлекеттин экологиялык абалы чоң коркунучка кептелип келе жатканын какшап айтып келгем. Бийликтегилерден эч ким менин оюмду уккан эмес. Ал тургай экология тармагын иликтеген окумуштуу адистер дагы мени теңсинбей, "сүйлөй берет" дегендей кылып, келишкен. Мына эми абал татаалдашып баратканда бийлик эсине келип ойлоно баштады. Ойлонуу керек. Депутаттар кабыл алып жаткан мыйзам боюнча ...

0 2748

Турунбек Акун, укук коргоочу: "Бабановду жоопко тартыш керек"

14-ноябрь 2017, 12:43 Айнура Абдиназарова

- Бабановго кылмыш иш туура козголду. Мен Бабановго кылмыш иш козгоо керектигин айтып, Башкы прокуратурага кайрылайын деп жаткам. Ага жеткирбей эле, аталган көзөмөл органы кылмыш ишин козгоду. Эми аны жоопкерчиликке тартуу керек. Кылган туура эмес иши үчүн Бабанов эле эмес, ким болсо дагы мыйзам алдында жооп бериши зарыл. Булак: Фабула

0 1551

Казакстанда бир киши самолетто жан берди

13-ноябрь 2017, 17:57 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 13-ноябрь күнү Казакстандын «Эйр Астана» компаниясына тиешелүү болгон рейсте жолоочулардын бири учуу убактысында каза болгон. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Алардын берген маалыматында, Чымкенттен Астанага болгон рейсте жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип, бираздан соң жүрөгү токтоп көз жумган. Борттогулардын айтымында, адам өзүн жаман сезип баштагандан кийин самолет артка кайткан. Бирок, аны сактап калууга мүмкүнчүлүк болбогон. Булак: NazarNews.kg

0 1679

Өмүрбек Бабановдун ордуна Руслан Казакбаев келет

13-ноябрь 2017, 17:29 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 13-ноябрь күнү «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүбек Бабанов лидерликтен кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу фракциянын секретарлыгынан билдиришти. Коомчулукта Бабановдун лидерликтен кетиши талкуу жаратып, анын ордуна ким келет деген суроо жаралууда. Учурда фракциядагы бул орунга депутат Руслан Казакбаев келээри тууралуу маалымат тарады. Булак: NazarNews.kg

0 776

Өмүрбек Бабанов лидерликтен кетти

13-ноябрь 2017, 17:06 Айнура Абдиназарова

"Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов лидерликтен өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу аталган фракциядан Бабановдун жакын кишилеринин бири Мурат Соорбеков билдирди. Анын берген маалыматында, бүгүн, 13-ноябрда Бабанов өз каалоосу менен лидерликтен кетүү тууралуу арызын жазган. Булак: NazarNews.kg

0 1379

2018-жылы ажыга баруучулардан биометрикалык паспорт талап кылынат

13-ноябрь 2017, 16:39 Айнура Абдиназарова

2018-жылы ажыга баруучулардан биометрикалык паспорт талап кылынат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ажыга барууну каалагандар биометрикалык паспорттун негизинде гана каттоого алынышат. Учурда, 2018-жылдын ажылык мезгилине даярдык иштери башталды. Ошол себептен Муфтият ажыга барууну каалаган жарандарды биометрикалык паспорт алууга чакырат. Булак: NazarNews.kg

0 1270

Өлүп жатсаң суу бербей, сүрөткө тарткандар...

13-ноябрь 2017, 16:16 Айнура Абдиназарова

Россиянын Анадыр аймагында төрт кабаттуу үйдө өрт кырсыгы катталып, окуянын кесепетинен 4 жана 14 жаштагы жаш балдар жаракат алышкан. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген. Маалыматка караганда, окуяга күбө болгон кошуналар жабыр тарткандарга жардам берип, тез жардам унаасын чакыруунун ордуна өрттү тасмага тартып интернетке жарыялап "жакты" топтоону көздөшкөн. Өрт өчүрүүчү кызматкерлердин берген маалыматында, кырсык тууралуу чалуу интернетке жарыяланган видеодон кийин гана келип түшкөн. Мындай ...

0 1494

13 миллион сомдук инаугурация

13-ноябрь 2017, 14:54 Айнура Абдиназарова

Жаңы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын өткөрүүгө 13,1 миллион сом коротулаары пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Финансы министри Адылбек Касымалиев билдирген. Адылбек Касымалиевдин маалыматында, Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземин өткөрүүгө керектелүүчү акча 2017-жылдын бюджетинде каралган. Белгилей кетсек, Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда мамлекеттик резиденцияда өтөт. Ал 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 54,22 пайыз добуш алуу менен атаандаштарынан озуп чыккан.  Булак: NazarNews.kg

13-ноябрь 2017, 14:54 | 1494
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1085

«Дордой» жаңы конушундагы 216 контейнер алып салынды

13-ноябрь 2017, 14:43 Айнура Абдиназарова

Бишкек шаарынын мэриясы калаага өзүм билемдик менен коюлган 216 контейнерди алып салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мэриянын алдындагы жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Дордой» жаңы конушунда 216 контейнер кампа катары колдонулуп жаткан, бирок эч кандай документи болгон эмес. Ошондон улам, «Дордой» базарынын жетекчилигине контейнерлерди өз ыктыяры менен алуу боюнча билдирүү жиберилген. Базар жетекчилиги аларды алып, ...

0 682

ВИДЕО - Дүйнө жүзүндөгү президенттер ырчы боло баштаганда...

Видео 13-ноябрь 2017, 14:09 Айнура Абдиназарова

Филиппиндин президенти 12-ноябрь күнү өлкөнүн борбору Манила шаарында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушкан. Жолугушуунун жүрүшүндө ал Трампка ырдап берди деп жазат чет элдик маалымат агенттиктери. Маалыматка караганда, Филиппиндин президенти Родриго Дутерте Россия, Корея, Индия жана башка өлкөлөрдөн келген конокторду кечки тамакка чакырган. Уюштурулган кечеде, президент сахнага чыгып, атайын АКШнын президенти Трампка арнап ыр ырдаган.  Видео интернетке тараган соң көпчүлүк Филиппиндин президенти ...

0 1803

Некролог - Чолпонбаев Улан Сапарбекович

13-ноябрь 2017, 13:27 Айнура Абдиназарова

Кыргыз журтчулугу оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Чолпонбаев Улан Сапарбекович узакка созулган оорудан кийин 40 жашында дүйнөдөн кайтты. У. Чолпонбаев 1977-жылдын 22-мартында Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин “Дипломатия жана эл аралык укук” факультетин, андан соӊ Россия Федерациясынын Президентине караштуу Эл чарба жана мамлекеттик кызматтын россиялык академиясын бүтүргөн. Эмгек ишмердүүлүгүн 1997-жылы “Манас” аэропортунун бажы терминалында инспектор ...

0 677

Жалал-Абадда бир күндө 18 көчө тазаланды

13-ноябрь 2017, 13:17 Айнура Абдиназарова

Жалал-Абад шаарында жаштардын «Таза шаар, таза коом» аталышындагы тазалык акциясы башталып, алгачкы эле күнү шаардагы 18 көчө, коомдук эс алуу жайлары тазаланды. Буга шаардагы окуу жайларынын студенттери, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, шаардыктар да катышышты. Бул тууралуу шаардык жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди. Анын айтымында, бул өтүп жаткан акция шаар мэриясы тарабынан жарыяланган жаштар жумалыгынын алкагында уюштурулду. Эми бул акция ...

0 6446

Ташкентте бир үй-бүлөнүн 3 кызы биринин артынан бири каза тапты

13-ноябрь 2017, 12:54 Айнура Абдиназарова

Өзбекстандын борбору Ташкент шарында бир үй-бүлөнүн 3 кызы биринин артынан бири каза тапты. Бул тууралуу Kun.uz сайты жазып чыкты. Алардын берген маалыматында, каза болгондордун жакындарынын айтымында үй-бүлөнүн 3 кызы шишкебек жаcап жешкен. Бираздан кийин, өздөрүн жаман сезип, ооруну басуучу дары ичишкен. Бирок дарынын пайдасы тийбей, кыздардын бирөөсү тез жардам унаасында, эки кыз ооруканада көз жумган. Бирок, экспертиза кыздардын шишкебектен ууланып каза болгонун аныктай элек. ...

2 3151

ВИДЕО - 4 жаштагы кызын жалынганына карабай катуу сабаган ата жазаланат

Видео 13-ноябрь 2017, 12:10 Айнура Абдиназарова

Өзбекстанда 4 жаштагы кызын жалынганына карабай катуу сабаган ата жазаланат. Бул тууралуу өзбекстандык сайттар жазып чыкты. Алардын берген маалыматында, «Ўзбекистон» телеканалында «Учбурчак» көрсөтүүсүндө аудиторияга көрсөтүлгөн видео-тасма коомчулукта катуу талкуу жараткан. Тасмада атасы "Мага керек эмессиң. Апаң Туркияда жүрөт. Эми силерге иттин күнүн көрсөтөм" деп 4 жаштагы кызын жалынганына карбай сабаган. Ал эми көрсөтүүгө келген ИИМ өкүлдөрү атасынын бул мамилесин кылмыш деп атап, учурда бул окуянын качан, ...

0 1360

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: «Апас Жумагулов премьер-министр болгондуктан аз жерден бизди камап коё жаздаган»

11-ноябрь 2017, 17:58 Айнура Абдиназарова

— Турсунбек мырза, кыргыз-казак чек арасына барып, маселе менен таанышып келдиңиз эле. Азыр болсо жагымдуу кабарыңыз бар экендигин айтып жатасыз. Деги кандай жаңылыкты айтайын деп атасыз? — Өзүңөр билесиңер, 10-октябрдан баштап кыргыз-казак чек арасында чыңалуу болду. Бир айга жакын убакыттан бери чек арадагы маселе чечилбей келаткандыктан, мен дагы чыдабай кетип патриот, андан тышкары Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору катары чек ...

0 3155

Кумтөр жана мөңгүлөр тууралуу орус эксперти эмне дейт?

11-ноябрь 2017, 17:28 Айнура Абдиназарова

Кыргыз жериндеги мөңгү, суу маселеси боюнча Евразия континентиндеги Табигый байлыктарды коргоо агенттигинин ага эксперти Виктор Козловдун пикирин силер менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Айтмакчы, бул кепти балким биздин депутаттар деле, балким кайсы бир эксперттер деле айткан болушу мүмкүн. Болгону «Кыргызга орус айтмайын ишенбейт» деген кеп бар эмеспи. Ошондон улам, теги орус улутунан чыккан эксперттин атынан да чагылдырып койолу деп чечтик. 1993-жылдан бери ...

0 1499

Айтмамат ордун сактап калуу үчүн, ок чыгарууга чейин барабы?

11-ноябрь 2017, 17:22 Айнура Абдиназарова

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов Айтмаматтын ордун ачык эле талашып жатыптыр. “Шайлоодо Сооронбайга иштегем, көп кызмат кылдым, Ош мэрлигин алышым керек” —деп. Учурда Айтмаматтын айласы кетип, “Сооронбайга мен деле өлгүдөй иштеп бербедимби” -деп сарсанаа. Айтор кимиси эмне кылып берсе да, Сооронбай мырза экөөнү тең тартипке чакырып, маселени чечпесе болбойт. Ок чыгарууга чейин бараары айтылып жатат. Сыягы көз тазаламайынча иш бүтпөйт ...

0 780

Мөңгү маселеси: Жеп ичкич коррупционерлерди арбак деле урбайт экен

11-ноябрь 2017, 17:06 Айнура Абдиназарова

Кээде сүйлөөгө сөз таппай калган учурлар болот. Айтайын дейсиң айта албайсың. Тилиң буулат. Баары ичиңде кайнап турат бирок ошону сыртка чыгара албайсың. Сөз байлыгыңдын ченелүүлүгүнөн эмес, барын сенден ашык билип, көрүп турган адамдардын каратып туруп жасап жаткан акмакчылыгына күбө болгондо ушинтесиң. Анткени сен аларга айта турган акылды алар сенден да жакшы билишет. Мөңгүнү талкалоого жол берген депутаттардын ишин көрүп туруп ...

0 1175

Атамбаев парламентти бир жаңсыл кылып кетсе соопко калат...

11-ноябрь 2017, 16:34 Айнура Абдиназарова

Жаңы президенттин келиши менен Жогорку Кеңешти таратып жибербесе болбойт. Бул депутаттар эшектин тушагын дагы чече албай калышты. Жалпы эл да парламенттин тарашын каалап жатат. Элдин талабы биринчи орунда турушу керек деп ойлойбуз. Анын үстүнө бул парламенттин кыла турган деле иши жок болуп калды. Айдама, ээрчиме, чөнтөк парламент болуп калды. Албетте мындай депутаттардын бизге кереги жок. Алмазбек Атамбаев эми кыргыз элин ...

0 4492

ВИДЕО - Плита басып каза болгон келиндин үй-бүлөсү туулган күн тосуп жаткан...

Видео 11-ноябрь 2017, 16:20 Айнура Абдиназарова

Сокулук районунун Новопавловка айылында куруучулар кран аркылуу плита коюп жаткан учурда трос үзүлүп кетип, 5 адам жабыркап, бирөөсү каза тапты. Бул тууралуу Turmush сайты жазып чыкты. Алардын берген маалыматында, Деповская көчөсүндө жайгашкан №30 турак үйдүн үстүнө плита кулап түшкөн. Кырсыктан оор жаракат алган аял окуя болгон жерде көз жумган. 6 адам чай ичкени отурушкан. Каза болгон келиндин бир тууган кайын агасы Данияр Амантаевдин айтымында, ...

0 704

ВИДЕО - Башын 180 градуска бурган бала

Видео 11-ноябрь 2017, 15:32 Айнура Абдиназарова

Пакистандын Карачи шаарынын тургуну Мухаммад Самир башын 180 градус аркага бура алат. Ал учурда 14 жашта. Бул тууралуу Daily Pakistan жазып чыкты. Алардын берген маалыматында, анын мындай жөндөмү тубаса эмес, көп убакыт машыгуулардын натыйжасы. Мухаммеддин айтымында, алты жашында Голливуддун тасмасынан башын аркага айланта алган актерго көзү түшкөн. Ага окшошууну каалаган кичинекей бала аракеттердин жыйынтыгында башын толук аркага буруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.  Учурда баланын бул өзгөчөлүгү интернетке ...

0 4678

Эдил Байсалов: «Бабановго, жана башкаларга каршы козголгон ишке Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок»

11-ноябрь 2017, 14:45 Айнура Абдиназарова

— Эдил мырза, сиз Европа жана батыш саясаты тууралуу көп сөз кыласыз. Жаңыдан шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы резиденцияда өтүп, ага эч бир мамлекет башчысы чакырылбай турганын, бул демократиялык стандартка ылайык келет деп президенттин аппарат башчысы билдирүү жасады. Батыш жана Европа саясатын ала турган болсок, президенттин ант берүү аземине башка өлкөнүн президенттери чакырылабы? — Жок, негизи мындай церемониялар өзүнчө эле өтөт. Мына жакында ...

0 2076

Бабанов духу бар экенин көрсөтүүчү учур келди

11-ноябрь 2017, 14:15 Айнура Абдиназарова

РАЖдын лидери Өмүрбек Бабановдун саясатчы катары быша турган мезгили келип туру. Бийлик аны Конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык жасоого, улуттар аралык кастыкты козутууга айыптады. Шайлоодон кийин эс алуу үчүн четке чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов дагы деле өз мекенине кайтып келе элек. Анын келбей жатканы көп сөздүн чыгышына себепкер болууда. Кээ бирлери Бабановдо жүрөк жок, коркуп келбей коёт десе, өзүнүн ишенген ...

0 604

Уран Ахметов "уктап" атабы?

11-ноябрь 2017, 13:51 Айнура Абдиназарова

Азыр коом башка. Маалыматтын жарышы мезгил закымынан калбайт. Мындай учурда: "Ким маалыматка эгедер болсо, ал дүйнөнү башкарат" деген таамай кепти мисалга тартсак болот. Маалымат жарышынын төө бастысында калбаш үчүн адамдар, өзгөчө жетекчилер кылдаттык менен баам салып, ийрисин түзөп, оңун кубаттап туруулары шарт эмеспи. Бирок муну моюндагысы келмек тургай таптакыр "уктап" жаткан министрлер да арабызда бар экен. Эсиңиздерде болсо, Кыргыз Республикасынын юстиция ...

11-ноябрь 2017, 13:51 | 604
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 3432

Эгер Икрам Жапарды колдогондо ал Ошту башкармак...

11-ноябрь 2017, 13:22 Айнура Абдиназарова

Ушак айткандын да чеги болушу керек да. Калп айтсак калк ишене берет дегендерге таң калыштын да кереги жок болуп калды. Кечээ “Азия Ньюс” деген гезит Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормоновдун ортосуна от жаккысы келгендер, өздөрүнүн чыгармачылыгына салып, көк-ала болгуча сабашты деп оюндагысын оттоп жибериптир. Алар Айтмамат Жапарды өзүнүн кабинетине чакырып алып, “Мэр боло турган ...

0 3516

Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер: "Мөңгү тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына каршы митингге чыккандар наадандар!"

11-ноябрь 2017, 16:00 Айнура Абдиназарова

"Фабула" гезитинин "Мөңгү боюнча мыйзам кабыл алынышы керекпи?" деген суроосуна коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев төмөнкүчө жооп берген: -Мөңгү боюнча мыйзам эртедир-кечтир кабыл алынат. Депутаттар аталган мыйзамды буга чейин эле кабыл алыш керек эле. Мен депутаттардын демилгесин толук колдойм. Мыйзамды кабыл алдырбайбыз деп митингге чыккандар маселени түшүнбөгөн наадандар! P.S.Буга чейин митингдердин башында туруп келген аксакалдуу, акылдуу болгон Топчубек Тургуналиев бул жолу акылынан артка кетти. ...

0 2952

Казактар чек араны жабуу менен өздөрү күткөн жыйынтыкка жетиштиби?

10-ноябрь 2017, 16:59 Айнура Абдиназарова

Казактар менен болгон таарынычтан соң чек арабыз жабылып, эки ортодо эки өлкөнүн карапайым эли жабыр тарткан. Эми акыркы эки күн аралыгында чек арада унаа тыгынынын жок экендиги көпчүлүктү сүйүндүрсө, бир жагынан кызыгууну пайда кылып келет. Казактын журт башчысынын капачылыгы тараган го деп ойлоп турсак, кептин төркүнү башкада экен. Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиевдин билдирүүсү боюнча Казакстан өзү көздөгөн максатына жетиптир. Дегеним, ...

0 857

Чек ара маселеси чечилбейт көрүнөт

10-ноябрь 2017, 16:16 Айнура Абдиназарова

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде топтолгон машинелердин саны жалпы 280ден ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын билдиришти. Алардын берген маалыматында, учурда "Ак Жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде эл тыгыны жок. Бат-баттан эле өтүп жатышат. Ал эми эл ташыган автобус, кичи автобус жана жеңил автоунааларды кошкондо аталган бекетте 30дай машине турат. Жалпысынан кыргыз-казак чек арасында турган авто унаалардын саны 280ден ашат. Белгилей ...

0 1194

Адашкандын айыбы жок, маалыматтарды аралаштырган "Сайтка саякат"

10-ноябрь 2017, 15:19 Айнура Абдиназарова

"Сайтка саякат" деген кабарчы журту бар. Гезиттерге, интернетке чыккан макала -маалыматтардан өздөрүнө жаккандарын обого чыгарып турушат. Ушул кесиптештер "Де-Факто" гезитине чыккан ар-кандай маалыматтарды "NazarNews" сайтынын атынан берип жиберип, калпыстык кетирип атышат. Анткени ал маалыматтар "Де-Факто" гезитиники. "NazarNews" сайтына байма-бай чыгып турат. Кесиптештерден сураныч-маалымат булагын адаштырбай, туура берип туруңуздар. Булак: Де-Факто

0 6562

Шаар лөлү тектүү кайырчылардан тазаланууда

10-ноябрь 2017, 14:33 Айнура Абдиназарова

Жалал-Абад шаарында сырттан келген кайырчылар тарабынан шаардагы коомдук тартиптин сакталышын, шаардыктардын бейпил жана ыңгайлуу жашоосун, ошондой эле шаар маданиятын камсыз кылуу максатында көзөмөл иштери күчөтүлүүдө. Шаар бийликтери тарабынан 30га чукул лөлү тектүү кайрчылык менен алектенген атуулдар келген аймактарына чыгарылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Алынган маалыматка караганда, шаар мэриясы менен шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар тургундарынан шаар аймагында сырттан ...

0 7914

Мадумаров мамкызматка келеби?

10-ноябрь 2017, 13:52 Айнура Абдиназарова

Мамлекеттик кызматтын үзүрүн көрүп, жилигин мүлжүп калган Адахан акебиз шайлоо маалында күпүлдөп жогор жакка сын айткандай көрүнүп жаткан эле. Көрсө, "устукан өндүрүү" үчүн тили буудай кууруган окшойт, учурда жең ичинен жогор жакка тымызын киши чаптырып, чүйгүн кызматтардын бирин "соодалашып" жатканын уктук. Эгер көздөгөн жери колго тийип калса бүгүнкү көз карашын 180 градуска өзгөртүп, бийликти сүттөй актаган чиновникке айланмакчы. Анткени, бул киши Апрель ...

10-ноябрь 2017, 13:52 | 7914
0 973

Жалал-Абадда жаштар жумалыгы башталды

10-ноябрь 2017, 13:34 Айнура Абдиназарова

Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан Эркиндик аянтында областтык, шаардык бийлик өкүлдөрүнүн жана шаардагы окуу жайлардын студенттеринин, жаштар уюмдарынын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жаштар жумалыгынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриядан билдиришти. Шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаевдин айтымында, областтык деңгээлде жарыяланган жаштар жумалыгын Жалал-Абад жаштары алгачкылардан болуп баштаган, анткени бул жумалык Жалал-Абад шаарында үч жылдан бери ...

0 1860

Бабановдун "НТС" каналы мамлекетке өтөбү?

10-ноябрь 2017, 12:48 Айнура Абдиназарова

Байлыкка манчыркап, акчасына көпкөн азаматтардын бири шайлоо маалында алына ченебей адыраңдап, жеке каналы аркылуу бийликти колунан келишинче ашатып, аягында сыртка карай куйругун түйгөнүнө күбөбүз. Турмуштун өзү "парадокс" дегендей, учурда ал "баатырга" өтө оор айыптар менен кылмыш иши козголуп, өлкөгө кирери менен тузакка илинээри ачыкка чыкты. Андан да кызыгы, бер жактагы боло жүрчү "майда" иштер дагы жанданып, эки өлкө ортосундагы мамилени салкындатуу ишинде ...

0 610

Жалал-Абаддагы Барпы театры 25 жашка толду

09-ноябрь 2017, 17:37 Айнура Абдиназарова

Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрынын 25 жылдык мааракеси белгиленип, ага областтын жана бир катар район-шаарлардын жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Майрамдык салтанатта театр атын алып жүргөн кыргыздын ойчул акыны Барпы Алыкуловдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы сахналаштырылып, көрүүчүлөргө тартууланды. Областтык жана шаар бийликтери тарабынан театрда көп жылдар бою эмгектенип келген бир катар кызматкерлер сыйланып, Маданият маалымат жана туризм министрлиги ...

0 2270

Сауд Арабстанда миллиардер ханзада Аль-Валид ибн Талалдын кызы камакка алынды

09-ноябрь 2017, 16:57 Айнура Абдиназарова

Бул тууралуу  Fars агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Сауд аткаминерлери кечээ, 8-ноябрда паракорчулукка байланыштуу кээ бир Падышалык үй-бүлө мүчөлөрүн  камакка алууларды кайрадан баштады. Батыш булактары мындай камакка алуулар такка келе турган Мухаммад ибн Салман Аль Сауддун  саясий атаандаштарына максатталганын билдирүүдө. Аrabi21 сайты миллиардер ханзада Аль-Валид ибн Талалдын кызы камакка алынгандыгын маалымдап, Падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнөн биринчи жолу  аял киши камакка алынып ...

0 526

КР БШК төрагасы “Жаш-Добуш” долбоорунун отчеттук иш-чарасына катышты

09-ноябрь 2017, 16:54 Айнура Абдиназарова

Бүгүн КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова “Жаш-Добуш” долбоорунун отчеттук иш-чарасына катышты. Бул тууралуу КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирди. КР БШК төрагасы көрсөткөн колдоосу үчүн NDI жана USAID эл аралык уюмдпрынат ыраазычылык билдирди, ошондой эле шайлоо реформасын кеңири жайылтууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар тараптуу кызматташууга дайыма ачык экендигин белгиледи. Бет ачардын жүрүшүндө  Эл аралык мамиле улуттук демократиялык институттарынын Парламенттик программасынын менеджери Э.Адылбековдун айткандарына караганда 20дан ...

0 1482

Фракциянын ичинде Бабановдун "местасына" көзү кызаргандар көбөйдү

09-ноябрь 2017, 16:36 Айнура Абдиназарова

Учурда чет өлкөдө жүргөн «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун ордуна бийлик үчүн ыңгайлуу фигура каралып атканы, бирок, азырынча бир чечимге келе алышпаганы кабарланды. Аныгында, жогору жактан «бул маселени тезинен чечкиле» деген буйрук түшкөнбү? Эгерде фракция ичинен 19 депутат жаңы лидерди шайлоого макулдугун берсе, анда Бабанов четтетилет. Азырынча бийлик тарапка өткөндөрдүн саны 14 депутатка жеткени, дагы бир жума аралыгында ...

0 3058

Дастан Жумабеков "үтүр, чекитти" тез арада үйрөнүшү керек...

09-ноябрь 2017, 16:11 Айнура Абдиназарова

25-октябрь күнү Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жумабеков  Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына шайланып, учурда жумушун ийгиликтүү алып барууда. Буга чейин парламенттин тарыхында эң жаш төрага катары аталган Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйындарын алып барып жатканына күбө болуудабыз. Эл арасындагы пикирлерге караганда, "Жумабеков көркөм окууну жакшылап өздөштүрсө, жазылган текстти да так жана батыраак окуса", деген кептер айтылууда. Чындыгында төраганын какалып-такалып текст окуп жатканын көпчүлүк байкап эле жүрсө керек. Ачуу ...

0 1435

Сооронбай элди соорото баштады

09-ноябрь 2017, 15:15 Айнура Абдиназарова

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан менен болгон мамиледеги көйгөйлөр убактылуу экенин айтып, жакынкы аралыкта маселе чечилерин «РИА Новости» агенттигине маек куруп жатып билдирген. «Кыргыз-казак мамилелери жалпы тарых, маданият, руханйй байлык жана достуктун негизинде түзүлгөн. Учурдагы көйгөйлөр убактылуу гана көрүнүш. Анүстүнө эки тарап маселени чечүү үчүн бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жакынкы аралыкта баардык маселелер чечилерине ишенем» деди Жээнбеков кыргыздарды соорото. Булак: ...

0 1003

СҮРӨТ - ВИДЕО - Атазовдордон дагы бир балбан чыкты!

Видео 09-ноябрь 2017, 15:02 Айнура Абдиназарова

Спорттун “кикбоксинг” түрү боюнча дүйнөнүн бир нече чемпиону, Ош шаарынын экс-депутаты Шайлообек Атазовдун 16 жаштагы иниси Рамазан Атазов “Дзюдо” боюнча өспүрүмдөр ортосунда болуп өткөн Россия биринчилигинде коло медаль тагынды. Ал, Россияда иштеп жашаган Шайлообек Атазовдун бир тууган агасынын уулу. Буга чейин дагы шаардык деӊгээлдеги мелдештерде, өспүрүмдөр ортосундагы биринчиликтерде ийгилик жаратып, көптөгөн медалдардын ээси болгон. Спортчулардын арасында Рамзан “Атазов младший” деген ысым ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 7213

Кандуу жол бүгүн да 6 адамдын өмүрүн алды

09-ноябрь 2017, 14:49 Айнура Абдиназарова

Бишкек—Ош унаа жолундагы авто кырсыктан 4 адам каза болуп, бирөө ооруканага жеткирилди. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 9-ноябрда саат 11:00дөр чамасында Кара-Жыгач айылына жакын жерде болгон. Анда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «КамАЗ» кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 30 жашка чейинки төрт жигит каза болгон. Алар Токтогул районунун Кара-Жыгач айылынын тургундары. Ал эми, 1983-жылы туулган дагы бир жаран ооруканага жеткирилген. - 1983-жылы туулган Б.Нурислам; - 1992-жылы туулган Т.Кыркбай; - 1992-жылы ...

0 1939

Сүрөт - Ленин "канга" боёлду

09-ноябрь 2017, 14:31 Айнура Абдиназарова

Россиянын Санкт-Петербург шаарында Лениндин эстелиги "канга"  боелду. Бул тууралуу Life.ru. маалымат агенттиги жазып чыкты. Алардын берген маалыматында, белгисиз адамдар 7-ноябрь күнү Октябрь революциясынын 100 жылдык маарекесинде Лениндин эстелигине кызыл түстөгү боекторду чачып, анын көкүрөгүнө "канкор" деп жазып кетишкен. Учурда аталган шаарда иликтөө иштери жүрүп, Вандализм боюнча кылмыш иши козголду. Булак: NazarNews.kg

09-ноябрь 2017, 14:31 | 1939
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83