www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айнура Абдиназарова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (455)

0 5672

Алмамбет Шыкмаматов: "Улан Саляновго кол салгандар Аида Саляновадан өч алууну көздөгөндөр болушу мүмкүн"

06-ноябрь 2017, 14:41 Айнура Абдиназарова

Улан Саляновго кол салгандар Аида Саляновадан өч алууну көздөгөндөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу пикирин Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Азаттык радиосуна билдирген.  Анын берген маалыматында, Аида Саляновага өчөшкөндөр арбын жана буга чейин бир нече кол салуулар болгондугу айтылат. Ошондой эле, аталган партия Салянованын коопсуздугун камсыздоо талабы менен УКМКга кайрылган. Белгилей кетсек, 6-ноябрга караган түнү, саат 01:30дар чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда 42 жаштагы ...

0 1379

Сүрөт - 45 жылдан бери биринчи жолу Ирактын сулуусу "Дүйнө сулуусу" сынагына катышат

06-ноябрь 2017, 14:11 Айнура Абдиназарова

Ирак 45 жылдан бери биринчи жолу өз сулуусун "Дүйнө сулуусу" сынагына катыштырат. Аталган сынак 26-ноябрь күнү Лас-Вегаста өткөрүлөт. Ирактын сулуусу Сара Айдан 25 жашта. Ал Багдадда өткөн жарышта экинчиликти багындырган. Биринчи орунду алган бийкеч турмушка чыккандыгына байланыштуу, Сара Айдан АКШдагы сулуулардын аземине катышууга жолдомо алган. Белгилей кетчү нерсе, Ирак акыркы жолу аталган дүйнөлүк сынакка 1972-жылы катышкан. Булак: NazarNews.kg

0 1661

Иш илгээри болсун, Инаятович!

06-ноябрь 2017, 13:53 Айнура Абдиназарова

Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаевге университеттин жалпы жамааты ыраазы. Себеби, жамаатты бөлүп-жарбай, айтылган ушак-айыңга көңүл бурбай калыстык менен иш алып барат экен. Абдылда Инаятовичтин ректор болуп келгени БГУнун ички чарбасы бир топ чыңалып, болуп көрбөгөндөй иштердин жасалып жатканын баса белгилеп айтышты. Айрыкча, университеттин, жалпы студенттердин коопсуздугун эске алып сыртын темир тор менен тоскону, жатаканалардын заманбап шарт менен оңдоп-түзөп ...

06-ноябрь 2017, 13:53 | 1661
0 4225

Бабанов учурда Орусияда дарыланып жатат, дарылоо курсу бүткөндөн кийин келет...

06-ноябрь 2017, 13:18 Айнура Абдиназарова

«Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголгондон кийин, саясатчынын кайда экени көпчүлүктү кызыктырды. Анын орун басары Руслан Казакбаевдин билдиришинче, Бабанов 10 күн мурда Россияга дарылануу үчүн кеткен. «Өмүрбек Токтогулович жоголуп кеткен жок, качкан да жок. Байланышып жатабыз. Мен ага карата кылмыш иши козголгонун ЖМКлар аркылуу билдим" - деп билдирген Казакбаев. Ал эми Жогорку Кеңештеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевдин “Азаттыкка” билдирген маалыматында, ...

0 1911

Сүрөт - Кайрат Нуртастын апасы ырчынын жаш кезиндеги сүрөттөрүн жарыялады

06-ноябрь 2017, 12:57 Айнура Абдиназарова

Казакстандагы мега-популярдуу ырчы Кайрат Нуртастын жашоосу көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып келет. Жакында гана Кайрат 10 жыл жашырып жүргөн жубайын ачыкка чыгарган. Ал эми анын апасы жана продюсери Гульзира Айдарбекова жакынкы күндөрү уулунун жаш кезиндеги сүрөттөрүн Инстаграмм баракчасына жарыялаган. Булак: NazarNews.kg

0 2852

Ош-Бишкек жолунда кырсыктан каза болгон 10 адамдын өздүгү такталды. Көпчүлүгү Өзгөндүн тургундары болгон

06-ноябрь 2017, 12:11 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында, Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында катталган жол кырсыгынан 10 адам каза тапты. Учурда алардын өздүгү такталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.  - 1994-жылы туулган Кадыржанов Камалдин, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну; - 1988-жылы туулган Абдувалиев Фахриддин Каманинович, Өзгөн районунун тургуну; - 1989-жылы туулган Абдувалиев Хусниддин Жамалинович, Өзгөн районунун тургуну; - 1994-жылы туулган Навижанов Кадыржан Адылисанович, Өзгөн районунун тургуну; - 1977-жылы ...

0 4358

ВИДЕО - Төкмө акын Жеңишбек Жумакадырга казак акыны Балгынбек Имашев жооп берди

Видео 06-ноябрь 2017, 11:39 Айнура Абдиназарова

Казактын белгилүү акыны Балгынбек Имашев кыргыздын төкмө акындын  Жеңишбек Жумакадырдын Казакстандын президенти Нурсултан  Назарбаевге жасаган кайрылуусуна   жооп кайтарды. Анда казак төкмө акыны эки элдин достугуна токтолуп, Казакстандын Кыргызстанга берген жардамын атаган. Белгилей кетсек, Буга чейин акын Жеңишбек Жумакадыр кыргы-казак чек арасынджагы абал тууралуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жасаган. Булак: NazarNews.kg

0 2197

Кыргызбай Осмонов жаштарга орун бошотсо жакшы болмок…

06-ноябрь 2017, 11:16 Айнура Абдиназарова

Кайсы кызматка келбесин, «креслого» чап кенедей жармашып, кызматтан оңой менен кетпеген Кыргызбай Осмонов деген жетекчи бар. Т.Абдымомунов атындагы Кырдрамдын башчылыгынан бир нече жылга чейин чуусу чыкса да кетпей бекем тырмышып, аягында элге эмгек сиңирген корифейлер Акүйгө үстөккө-босток арызданып жатышып араңдан зорго кетирип тынышкан. Бирок, жылчыктан жол тапкан Кыргызбай мырза Т.Сатылганов атындагы Филармониянын директорлугуна конду. Келгенде филармонияны гүлдөтөм деген Осмоновдун ордунан обдулуп бир ...

0 1717

Улан Жумаков: "Салянованын өмүрүнө кооптонуу жаралды"

06-ноябрь 2017, 10:43 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын өмүрүнө кооптонуу жаралды. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу  Улан Жумаков  билдирди. Анын маалыматында, Аида Салянова башкы прокурор болуп Мамлекеттик резиденцияда жашап турганда, аны кайтарган жоокерге кол салуу болгон. Анткени, Салянова Башкы прокуратураны жетектеп турганда уюшкан кылмыштуу топторго каршы активдүү күрөш жүргүзгөн.  "Аида Салянова Башкы прокуратураны жетектеп турганда уюшкан кылмыштуулукка каршы активдүү күрөш жүргүзгөн. Бүгүн анын бир тууган иниси Улан Саляновду өлтүрүштү. Бул окуялар Салянованын ...

0 1559

Сауд Аравиясынын ханзадасы бараткан тик учак кырсыкка учурап бир нече өкмөт адамдары каза тапты

06-ноябрь 2017, 10:29 Айнура Абдиназарова

Сауд Аравиясынын ханзадасы бараткан тик учак кырсыкка учурап бир нече өкмөт адамдары каза тапты. Бул тууралуу Al Arabiya сайты жазып чыкты. Алардын берген маалыматында, Аравиянын ханзадасы бараткан тик учакта 9 адам болгон. Кырсыкка байланыштуу алардын баары каза болушкан. Каза болгон ханзада Мансур бин Мукрин Абдулазиздин уулу экендиги айтылып, учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 1774

Абдыкалык Рустамов тайраңдап жатыр…

06-ноябрь 2017, 10:02 Айнура Абдиназарова

Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов мамлекеттик кызматты жеке менчигиндей көрөт окшойт. Учурда өзүм билемдикке салып, кадр саясатынын ашмалтайын чыгарып, өз кишилерин, капчыгы калыңдарды жетекчи кылуу менен гана алектенип, өзүнүн негизги кызматтык милдеттерин унутуп калганы каңкууланууда. Мунусу кандай?! Эч кимди көзгө илбестен каалагынын кылып, атасынан калгандай тайраңдап, өтүгүн төргө иле бергидей токой-чарба ...

1 1980

Ош-Бишкек унаа жолунда авто кырсыктан 10 адам каза болду

06-ноябрь 2017, 09:37 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында, Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 10 адам мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа менен “МАН” газ ташуучу унаа бетме-бет кагылышкан. Каза болгондордон бирөө аял киши, экөө жаш балдар, жетөө эркек кишилер. Кырсык түнкү саат 12:05те катталып, 8 адам окуя болгон жерде көз жумган. ...

0 1643

Аида Салянованын бир тууган инисин атып кетишти

06-ноябрь 2017, 09:01 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууган инисин атып кетишкенин "Азаттык" радиосуна депутаттын мурдагы адвокаты Улан Жумаков ырастады. Анын айтымында 6-ноябрда 02:00лор чамасында Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен. Кол салуудан 42 жаштагы Улан Салянов каза тапкан. Анын уулу 17 жаштагы Абай Салянов аман-эсен табылганын адвокат Tвиттер баракчасына 1 сааттан кийин жазды. Кол салуунун ...

0 1733

Бабанов: Мага ойдон чыгарылган кылмыш иши козголду

06-ноябрь 2017, 08:51 Айнура Абдиназарова

Парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов өзүнө карата кылмыш ишинин козголушу боюнча билдирүү таратты. Анын жазуу түрүндөгү билдирүүсүн "Азаттык" радиосуна кеңешчиси Мирсултан Намазалиев берди. Анда депутат өзүнө жалган жалаанын негизинде иш козголгонун айткан. - Бүгүн биз баарыбыз укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясий кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым. Тилекке каршы, мага ...

0 1164

Мамбетжунус Абылов, БШКнын мурунку төрагасы: «Ким бийликтин башында турбасын, биздин өлкөдө бажы мекемесинин бир кызматкери сөзсүз “кошелек” болуп чыга келет»

04-ноябрь 2017, 17:29 Айнура Абдиназарова

— Мамбетжунус агай, сиз да учурунда Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп турдуңуз эле. Кечээ БШК президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялады. Бирок, ал чечимге мүчөлөрүнүн баары кол койгон жок. Сиздин учурда дагы БШКнын мүчөлөрү жыйынтыкка каршы чыккан учурлар болду беле? — Менин учурумда мындай кырдаалга дуушар болгон эмеспиз. Себеби, БШКнын мүчөлөрүн ал заманда Жогорку Кеңеш гана коомчулуктун сунушу менен шайлайт эле. Ошондуктан БШКнын мүчөлөрү бийликте ...

0 1817

Артур Медетбеков, генерал-майор: «Бажы тармагын “Комбайн”, “Кошелёк”, “Трактор” деген ар кандай ысымга ээ болгон адамдар иштеткен»

04-ноябрь 2017, 16:54 Айнура Абдиназарова

— Артур мырза, президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланды. Эми айтчу сөздү кенен-кесири айтканга мүмкүнчүлүк бар. Сиз өткөн шайлоо тууралуу кандай пикириңизди айтасыз? — Быйыл өлкөбүздө чоң саясий процесс – бул президенттик шайлоо болду. Бул шайлоодо биздин жарандар “Кыргызстандын келечеги кандай болот?” деген ниет менен президентти шайлаганга болгон аракеттерин жасашты. Талапкерлер абдан көп болду. Ачыгын айтканда талапкерлердин арасында президенттикке татыктуу жарандар бар эле. Бирок ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 7071

Садыр Жапаров билдирүү жасады

04-ноябрь 2017, 15:59 Айнура Абдиназарова

Садыр Жапаров партиялаштарына жана тарапташтарына билдирүү жасады. Билдирүүдө мындан ары "Мекенчил" партиясынын тең төрагасы болуп Уланбек Жээналиев дайындалгандыгы айтылат. "Мындан аркы иштерди жетектеп алып барып туруу үчүн Уланбек Жээналиевди "Мекенчил" партиясынын тең төрагасы кылып дайындаймын жана ишеним көрсөтөм. Бардык мекенчилдер мындар ары мен дайындаган тең төраганы угуп, биргеликте иш алып барыңыздар" - деп билдирет Садыр Жапаров. Ошондой эле, коомдук ишмер келечек үчүн чогу ...

0 7892

Султан Раев, Кыргыз эл жазуучусу: "Мен билген Матраимовдор..."

04-ноябрь 2017, 15:35 Айнура Абдиназарова

Акыркы кездерде басма сөздөрдө, ар кайсы социалдык түйүндөрдө Матраимовдор тууралуу ар кандай ойлор, сөздөр айтылып, көбүнесе каралаган материалдар иттин кара капталындай жайнап кетти. Бу династияны коомчулукка өзгөчө монстр, олигарх, алдым-жуттум ракурсунда көрсөтүү аракети ар кайсы булактардан, маалымат тарамдарынан чыгып жатат. Албетте, бул маселени “медалдын бир жагы” дейли… Кантип эле ушул кара шакмар боёктор менен бүтүндөй үй-бүлөгө, жакшы адамдын балдарына сөз ...

0 826

Чуусу чубалган Аблязов

04-ноябрь 2017, 15:03 Айнура Абдиназарова

1997-жылы негизделген “Банк Туран Алем” ААК (кийинчерээк БТА банк) үч милиондон ашуун активдери жана 200 миллион доллардан ашуун өзүнүн жеке капиталы болгон. Ошол учурдан жана кийинчерээк ал өлкөдөгү системага айланган үч ири банктардын бири катары ишмердүүлүгүн жүргүзгөн. Кирешеси дүркүрөп өсө баштаган банкты башкармалыктын төрагасы жана акционерлердин бири болуп саналган Ержан Татишев жетектей баштаган болчу. Мына ушундай шаңдуу күндөрдүн биринде, 2004-жылдын ...

04-ноябрь 2017, 15:03 | 826
0 1073

Атамбаев менен Исаков чек ара маселесин талкуулады

04-ноябрь 2017, 14:37 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 4-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сапар Исаков менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда Казакстан менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги абалдан жабыркаган ишкерлерге, оор жүк ташуучуларга, өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сүйлөшүлдү. Ошондой эле, ажо менен премьер-министр күз-кыш мезгилине карата даярдыктар тууралуу маселелердин алкагында сүйлөшүштү. Булак: NazarNews.kg

0 3039

Нурлан Сулайманов, экс-жол, транспорт жана коммуникация министри: “Атамбаев президент катары саясый беш кадам жасады”

04-ноябрь 2017, 14:05 Айнура Абдиназарова

Бул персонага карата бүгүн түрдүү, эки ача кептер айтыла калып жүрөт. Айрыкча президенттик шайлоо алдында желдей жорткон маалыматтардын күчөгөнүнөн улам, биз бул инсанды издеп тапканга аракет кылдык. Эмесе, калган кепти каарманыбыз өзү улантсын. - Нурлан аке, өлкөбүздүн аймагынан кайсы жылдары чыгып кеттиңиз? Кайсы өлкөлөрдө чабагандап жүрдүңүз дегендей... Ал ортодо ден соолугуңуз боюнча да түрдүү кептер айтыла калып жүрдү окшойт... - Көпчүлүккө ...

0 1285

Учурда Бабановдун кайда экени белгисиз...

04-ноябрь 2017, 13:31 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иши козголгондон кийин, учурда Бабановдун кайда экендиги көпчүлүктү кызыктырууда. Бабановдун кайда экенине суроо салган ММКлар, анын  кайда экенин так биле элек. Лидердин жардамчысы Нурлан Абдалиевдин "Азаттык" радиосуна билдирген маалыматында депутат акыркы жолу Таласта эс алып жүргөнү тууралуу айтылган. Ал эми, "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаттары Алтынай Өмүрбекова, Максат Сабиров, Мирлан Жээнчороев Бабановдун учурда кайсы жерде экени тууралуу маалыматы жок экендигин super.kg маалымат ...

0 1851

Марат Иманкулов, генерал-майор: «Менден өч алуу максатында жок кылуу боюнча буйрутма беришиптир»

04-ноябрь 2017, 12:53 Айнура Абдиназарова

— Марат мырза, коомчулукта атайын кызмат бийликке оппозициялык көз карашта болгон саясатчылар менен гана алек болуп калды деген сөз басымдуу болуп жатат. Сиз Коопсуздук кызматында иштеп кеткен жетекчи катарында, аталган кызматтын бүгүнкү күндөгү абалына кандай баа бересиз? — Азыркы Коопсуздук кызматынынын абалын өзүбүз деле көрүп жатпайбызбы. Алгач бул коопсуздук кызматы көп тармактуу экендигин баса белгилеп кетмекчимин. Анткени аталган кызмат жалаң эле саясий оппоненттердин ...

0 4225

Жантөрө Сатыбалдиев, экс-премьер-министр: “Көчөгө чыгып, оппозиция болуу ниетим жок”

04-ноябрь 2017, 13:09 Айнура Абдиназарова

Гезитибиздин өткөн санында “Ахматбек Келдибеков экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевди катуу какты” деген чакан маалымат чыккан. Ооба, ал жерде экөө санжыра жана регионалдык жактан талашып-тартышкан. Бирок катуу сөздөр чыккан эмес. Ал эми биздин кабарчыбыз кичине “катуу какты” деген сыяктуу сөздү ашкере колдонуп, чекилик кетирип коюптур. Андыктан, “Ак чөп башта” дебеске арга жок. Себеби, кемчиликти сезе билүү да чоң маданият! Эмесе, каарманыбыздын маегин ...

0 1017

Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголду

04-ноябрь 2017, 11:58 Айнура Абдиназарова

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановго кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратудан билдиришти. Маалыматка ылайык, кылмыш иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 297-берененин 1-бөлүмү жана 299-беренесинин 1-бөлүмү (улуттук жана диний кастыкты козутуу) менен козголду. Белгилей кетсек, Бабанов 2017-жылдын 28-сентябрында шайлоого чейинки үгүттөө иштеринин жүрүшүндө Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөргөн. Ал жерде эл алдында сүйлөп жатып өзбек улутундагы адамдардын укуктары ...

0 9729

Равшан Жээнбеков: «Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда чоң конфликт чыгуу мүмкүнчүлүгү аябагандай жогору»

04-ноябрь 2017, 11:41 Айнура Абдиназарова

— Равшан мырза, сиз дагы элдин таразасынан, сынынан өткөн Таластын камчыга сап болчу мыкты азаматтарынын бирисиз. Таластык туугандар президенттин айтканына таарынып жаткан учуру. Сиздин дагы президентке таарынычыңыз күчпү? — Бул жерде таарына турган деле эч нерсе жок. Президенттердин кандай болушу керек экенин билген саясатчы катарында айтсам, президент мамлекеттүүлүккө шек келтире турган каталарды кетирип жатат. Президент эч убакта өзүнүнөлкөсүнүн кайсыл бир облусун “Башка мамлекетке ...

0 2075

Санаага салган “Самара”

04-ноябрь 2017, 11:06 Айнура Абдиназарова

Самара десе Асан акенин сулуусун түшүнбөгүлө. Бул азыр ызы-чууга айланып бараткан “samara.kg” деген сайт. “Kloop.kg” деген интернет сайт шайлоодогу көпчүлүккө белгисиз болгон көмүскө оюндарды дүйнөлүк программисттер менен чогуу изилдөөгө алып, революцияга чейин Максимдин орун басары болуп жүргөн, андан кийин Экономика министри болгон Учкун Ташбаев негиздеген  “samara.kg”  аталышындагы сайтты Мамкаттоо колго алып, шайлоочулардын электрондук дарегин ошол аркылуу шайлоого колдонгонун ачыктап таштады. Буга ...

04-ноябрь 2017, 11:06 | 2075
0 1000

10-15 күн ичинде Казакстандын чек арасынан 700 жүк кайтарылды

04-ноябрь 2017, 10:45 Айнура Абдиназарова

15 күн ичинде Казакстандын Жамбыл облусундагы чек ара бекеттеринен 700 жүк кайтарылды. Бул тууралуу казакстандык маалымат агенттиги жазып чыкты. Алардын берген маалыматында, 10-15 күн ичинде чек арадагы катуу көзөмөлдүн натыйжасында сапатсыз делген 700 жүк артка кайтарылган.  Ошондой эле, Кыргызстандан барган товарлардын көбү санитардык жана фитосанитардык талаптарга жооп бербеген. "Эгер биз көзөмөлдү күчөтпөсөк мындай товарларды колдонуудан жалпы журт жабыркашы мүмкүн эле" - деп жазылат маалыматта. Булак: NazarNews.kg

0 1275

Талантбек Батыралиев 6 жетекчини кызматтан бошотту

04-ноябрь 2017, 10:24 Айнура Абдиназарова

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев борбор калаадагы айрым медициналык мекемелердин жетекчилерин жумуштан бошотту. Мындай кадамды ал буга чейинки жетекчилердин пенсионердик курагы менен түшүндүрүп, жаштарга кезек берүү керек деп сыпаттады. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, төмөнкү кызматкерлер жумуштан бошотулду: № 2 – үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчиси – Жыргыл Касымалиева; № 1-шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери – Жусуп Бошкоев; Студенттер ооруканасынын башкы ...

0 5021

Анжелина Жоли төртүнчү жолу турмушка чыгып жатат

04-ноябрь 2017, 10:01 Айнура Абдиназарова

Алты баланын мээримдүү энеси, Голливуддун атактуу жылдызы, актриса, кинорежиссер Анжелина Жоли жаңыдан турмуш жолуна аттанууда. Бул тууралуу "Россия  24" маалымат агенттиги жазып чыккан. Маалыматка ылайык, актриса мурунку жолдошу Брэд Питт менен ажырашып, 40-жаштагы британиялык бизнесмен менен баш кошууга даярданып жатат. Ошондой эле, алардын үлпөт тою Камбоджада өтөөрү белгилүү болгон. Эң кызыгы алар буддизм салттары менен той өткөрүп, дасторконго жергиликтүү даамдар гана тартылат. Белгилей кетсек, ...

0 1491

РАЖда лидерлик талаш

04-ноябрь 2017, 09:37 Айнура Абдиназарова

Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин эс алууга кеткени, фракциясында абал тынч эмес. Аны лидерликтен түшүрүүнү көксөгөндөр кутумдук жасоого бел байлап калышты. Бул топтун башында депутаттык мандатка соттошуп жүрүп араң дегенде жеткен Алиярбек Абжалиев турса, Улан  Чолпонбаев, Динара Исаева баштаган пулдуулар дем берип жатканы айтылууда. Мындай абал жаралып жатканын жаңыдан мандат алган Зарылбек Рысалиев да бышыктаган. Ал тургай фракциянын ичинде Бабановду лидерликтен алып ...

04-ноябрь 2017, 09:37 | 1491
1 1453

Кыянбектин деңгээли качан көтөрүлөт?

04-ноябрь 2017, 09:17 Айнура Абдиназарова

Өкмөттүн Жала-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевди борбордук бийлик колдон келген аракети менен күн сайын көтөрмөлөсө да таптакыр базар деңгээлинен көтөрүлө албай койду. Көнгөн адат калабы дегендей базарчы баары бир базарчылыгын кылат экен да. Жада калса кагаздын каягына кол коюп, келген каттарга эмне деп жооп беришти билбей, кеңешчи жана жардамчыларынан сурап жүрүп кол коет экен. Жанында жүргөндөр көбүр-шыбыр кеп ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2783

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат: «ЕАЭБдин авторлору Путин менен Назарбаев бирикменин тарап кетишине кызыкдар эмес»

04-ноябрь 2017, 08:57 Айнура Абдиназарова

— Өмүрбек байке, сиз Кыргызстан ЕврАзия Экономикалык биримдигине кирип жатканда каршы турдуңуз эле. Ошондо бул уюмга өтө ишеним артуу болбойт деп айтканыңызды, кечээ президент кайталады. Президенттин сүйлөгөн сөзүн уккандан кийин, убагында ойлонуш керек болчу деген ойго келдиңизби? — Кандай биримдик болбосун алар бир жалпы баалуулуктан жана бир деңгээлдеги субъекттерден түзүлөт. Мисалы, Евробирикме, алар демократиялык системадагы өлкөлөр жана өнүгүү деңгээли бирдей. Ошол себептен Евробирикме ...

0 640

Сапар Исаков КМШ жыйынында чек арадагы абалды айтты

03-ноябрь 2017, 17:39 Айнура Абдиназарова

Кыргызстан өзүнө тиешелүү милдеттемелерди аткарып бүткөнүнө карабай КМШ өлкөлөрүнүн арасында эркин соода болбой жатат, буга кыргыз-казак чек арасындагы абал далил. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Ташкентте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында айтты. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди. Кеңири курамдагы жыйында сөз алган Исаков кыргыз-казак чек арасында эркин соода боюнча КМШ, ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюму милдеттемелерине карабай ...

0 4239

Көздүү мончок жерде калбайт же кайрадан шаңшыган Шакиев

03-ноябрь 2017, 17:22 Айнура Абдиназарова

Беттегенин бербеген Нурлан Шакиев деген өжөр кесиптешибиз мамлекеттик кызматтарда үзүрлүү эмгектенип, министрликке чейин жеткени жалпы журтка маалым. Кызматтан кеткенден кийин алакан жайып жатпастан маңдай терин төгүү менен "newtv.kg" деген аталыштагы телеканал ачты. Алты айдын ичинде калың массаны өзүнө тартып, коомго тогуз сааттык өздүк берүүнү тартуулап жаткан чагы. Телеканал бардык аймактарда көрсөтүлүп, "ютубтан" эле бир күндө 200 миң көрүүчүнү топтоодо. Андан да сүйүнүчтүүсү, ...

0 3119

Таластыктар 9-ноябрь күнү Бишкекте чогулушат

03-ноябрь 2017, 16:28 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 3-ноябрда Талас облусунда эл кайрадан нааразычылык акциясына чогулушту. Жалпысынан 2 миңге чукул киши катышкан митингде президент Алмазбек Атамбаевден 16-октябрь күнү Таласта шайлоого нааразычылык билдирип чыккандарды Абыке Көбөшкө теңегендиги үчүн кечирим суроосу тууралуу пикирлер айтылды. Белгилей кетсек, 29-октябрда өткөн митингде таластыктар Алмазбек Атамбаевди 3 күн ичинде кечирим сурасын дешкен, бирок алардын күткөн жообу аткарылбай бүгүн да акция уюштурушту. Ошондой эле, митингдин катышуучулары 9-нобрь күнү ...

0 2522

Орусия- Нюша, ырчы: “Егор Крид менен кыз-жигит мамилесинде болгонум чын, бирок ага өкүнбөйм”

Видео 03-ноябрь 2017, 15:46 Айнура Абдиназарова

Нюша- Орусиянын шоу-бизнесинде өзүнүн татыктуу орду, жетиштүү күйөрмандары жана эң башкысы аны сүйгөн миллиондогон мырзалары бар ырчы кыз. Аткаруучу гана эмес, обон жаратып, актрисалык, алып баруучулук менен да алек болгон Нюша биз менен өзү тууралуу эл билбеген кызыктуу фактылары менен бөлүштү. 1. Мен эч качан чачыма жасалма чач кошуп көргөн эмесмин жана кошпойм дагы. 2. Мен бийиктиктен абдан корком. Бирок, коркконума карабай ...

0 1553

Таласка Талас областынын акими губернатор болобу?

03-ноябрь 2017, 15:19 Айнура Абдиназарова

Шайлоонун жыйынтыгы менен Талас облусунун Кара-Буура районунан чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков спикер болду. Өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткарып келген Дайыр Кенекеев вице-премьер-министр болду. Эскерте кетсек, Дайыр мырза Талас облусунун Бакай-Ата районунан  болот. Ошондой эле Дайыр мырзанын мурдагы орду азыр бош турат. Демек, бул орунга Таластагы эң чоң району болгон так ошол Талас районунан губернатор бекитиш ...

0 6110

Алмаз Үсөнов: Президент Талас элинен кечирим сурабайт

03-ноябрь 2017, 14:40 Айнура Абдиназарова

Президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Үсөнов Таластагы митинг жана анда айтылган талаптар тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берди. Ал Таластагы митингдин артында "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо ат салышкан Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери турат деп эсептейт. Президент Алмазбек Атамбаев Манас жөнүндө туура айтканын жана митингчилерден кечирим сурабай турганын белгиледи: - Бабановдун жактоочуларынын митингине катышкандар Манас бабабыздын Каныкей апабызга өлүм алдында айткан керээзин укпай ката кетиришкендерин моюнга ...

0 1389

ЭКСКЛЮЗИВ - "Style Mix" дуэтинин солисттери тун наристесин күтүшүүдө

03-ноябрь 2017, 14:27 Айнура Абдиназарова

Кыргыз шоу-бизнесиндеги жарашыктуу жуптардын катарын толуктаган "Style Mix" дуэтинин солисттери Адилет жана Илима мындан бир жарым жыл мурун баш кошкондору баарыбызга маалым. Учурда Адилет менен Илима сүйүүдөн бүткөн тун наристесинин жарыкка келишин күтүп жаткан кездери. Бирок, Илима жеке жашоосундагы жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшкүсү келбей, кош бойлуу экенин ийгиликтүү жашырууда.  Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

0 2270

Кубат Болотканов: “Таласка барсаң камаласың дешти”

03-ноябрь 2017, 14:00 Айнура Абдиназарова

Кечээ жакында таластыктар митингге чыгып, президент Алмазбек Атамбаевдин “Абыке-Көбөштүн тукумдары” – деп айткан сөзүнө нааразы болушуп аксакалдар Бишкекте пресс-конференция өтүшүп, “Атамбаев таластыктардан кечирим сурасын” – деп талап коюшкан. Мына ошол иш-чаранын артында Бабанов турат деген версиялар айтылып, анын жардамчыларынын жана туугандарынын телефондук сүйлөшүүлөрү жаздырылып алынып, учурда коомчулукта кызуу талкууга алына баштады. Бирок Бабанов буга чейин Таластагы митингге тиешеси жок экенин ...

0 3780

Таластын тургуну: "Атамбаев кыргыз элинен жана Казакстандын президентинен кечирим сурасын!"

03-ноябрь 2017, 13:30 Айнура Абдиназарова

"Атамбаевдин бир ооз сөзү үчүн бүтүндөй кыргыз эли жапа чегүүдө. Анын айткан сөзү үчүн чек ара жабылды. Ал келесоо эмес да, оозунан сөзү чыгып кетчүдөй. Тез арада кечирим сурасын, чек араны ачсын. Ал деген мамлекет башчысы" - деп билдирди таластык тургун, бүгүн Талас шаарында өтүп жаткан нааразычылык акциясында. Белгилей кетсек, учурда Талас шаарынын борборунда 500дөн ашуун эл чогулуп, нааразычылык акциясын өткөрүп ...

0 2602

Таласта митинг башталды

03-ноябрь 2017, 14:15 Айнура Абдиназарова

Таластыктар бүгүн, 3-ноябрда кайрадан митингге чыгышты. Учурда Таластын борборунда митинг уланып жатат. Болжолдуу 500дөн ашуун киши катышууда. Акциянын катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевдин Талас эли, Манас тууралуу айткандарына жана кыргыз-казак чек арасындагы текшерүүнүн күчөшүнө нааразылык билдирип турушат. Бир тобу Манас тууралуу президент туура эмес сөз сүйлөгөнүн, анын Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин дарегине айткан сынынан улам чек ара жабылды деп айтышты. Белгилей кетсек, таластыктар ...

03-ноябрь 2017, 14:15 | 2602
0 3923

Лениндин мумиясын АКШга сатуу сунушталууда

03-ноябрь 2017, 12:50 Айнура Абдиназарова

Лениндин мумиясын АКШга сатуу сунушталууда. Бул тууралуу ura.news маалымат агенттиги жазып чыкты. Алардын берген маалыматында, Ульяновск шаарында Владимир Ильич Лениндин мумиясын америкалыктарга сатуу сунушун доцент Сергей Петров киргизген. Мындай сунуш Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун Лениндин мумиясын көмүү керек деген пикиринен кийин келип чыккан. Сергей Петровдун айтымында, мумияны көмүү акылсыздык. Анткени Египеттин фараондорунун да мумиясы көмүлгөн эмес. Мындай мумия дүйнөдө абдан баалуу акчага татыйт. Ошондуктан ...

0 816

Султан Жумагулов Маданиятты бар кылат же жок кылат

03-ноябрь 2017, 12:39 Айнура Абдиназарова

Маданият жана маалымат министри белгилүү журналист Султан Жумагулов болду. Албетте бул кишинин колунан көп иш келет. Тамтыгы чыккан маданиятты Жумагулов бар кылат же жок кылат. Анткени аталган министрликке жетекчи болуп кандай гана адамдар келбеди, эч кимиси оңдой алган жок. Маданият кызматкери эмес, бул жерге менеджер керек болуп турат. Ошону түшүнүүбүз керек. Жумагулов, ЭЛТР, КТРКны жетектеген. Көңүлдөнүп иштесе чоң өзгөрүү киргизет. Эң алгач ...

0 436

Жалал-Абад шаарында жаңы көчө пайдаланууга берилет

03-ноябрь 2017, 12:04 Айнура Абдиназарова

Жалал-Абад шаарында дагы бир жаңы көчө бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүү астында турат. Шаардагы жол тыгындарын азайтуу макатында бир канча жаңы жолдорду куруу пландалган. Бүгүнкү күндө жаңы Курулуш көчөсүнө асфальт төшөлүп, ар тараптуу сапатуу курулуп жатат дешет адистер. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Азыр жолго асфальт төшөө бүткөрүлүп калды. Дагы эки ирет асфальт төшөлүп, андан соң колдонууга ...

0 2209

Анжелина Жолинин бетинен сүйгөн Шер-Нияз

03-ноябрь 2017, 11:45 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңештин депутаты, кинорежиссер Садык Шер-Нияз  Лос-Анжелесте өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын 3-фестивалында Голливуд актрисасы Анжелина Жоли менен жолугуп, бетинен өөп учурашып, жылуу маанайда бир топко пикир алышыптыр. Ушу Сакебиз, адашып эле саясатка келип алган, кино тармагына биротоло кетсе мыкты жыйынтык көргөзмөк. Жогорку Кеңештин жыйыныда анда-санда күрүлдөп сүйлөп калганын көрбөсөк, майын чыгарган ишин же бир алкоого арзый турган мыйзам жазганын ...

0 10489

Бишкектеги пикет: "Бардык көйгөй Бабановдон башталды, кыргыз-казак чек арасы ачылсын!"

03-ноябрь 2017, 11:27 Айнура Абдиназарова

Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында кыргыз-казак чек арасын ачуу талабы менен пикет өттү. Ага кыркка чукул адам катышып, "Кыргыз менен казак эли бир тууган, ЕАЭБден чыгууну ойлонуу керек, Бардык көйгөй Бабановдон башталды, кыргыз-казак чек арасы ачылсын!" деген жазууларды көтөрүп турушат. Акцияны Борбор Азиядагы адам укугу конгресси уюштурганын укук коргоочу Турсунбек Акун маалымдады. Акциянын катышуучуларына Казакстандын элчилигинен өкүлдөр чыгып, барактарды таратып кайра кирип ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1307

Кыргыз эл артисти Нурак Абдрахманов 70 жашта!

03-ноябрь 2017, 11:01 Айнура Абдиназарова

Маарекелик маданий иш - чараларга куш келиӊиз! Быйылкы «Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында Кыргыз Эл артисти, залкар комузчу, күүчү, обончу, тарых изилдөөчү Нурак Абдрахмановдун 70 жылдык мааракесине карата уюштурулган маркумду эскерүү, даӊазалоо багытындагы салтанаттуу концерти 2017-жылдын 10-ноябрь күнү, саат 15.00.дө Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониянын чоӊ залында башталат. Ага чейин 3-ноябрь күнү саат 10.00 дө И.Арабаев атындагы университетте «Н.Абдрахманов залкар комузчу жана ...

0 3531

Түлеев кайда, Германияда!

03-ноябрь 2017, 10:51 Айнура Абдиназарова

Бизнес тармагында болуп көрбөгөндөй ийгилик жарата билген айтылуу ишкер, Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев Германияга барып ден соолугун чыңдап келди. Азырынча саясаттан алыс, жеке иштери менен алектенип жүрөт. "Алма" деген аталыштагы ири соода түйүнүн түптөдү. Өзүнүн басып өткөн жолу, алдыга койгон максаты бийик Нариман мырза бүгүн саясаттан алыс. Айрым кошоматчы саясатчылардай болуп, президенттик шайлоодо бирөөнү коштой чаап, үгүт жүргүзгөн ...

03-ноябрь 2017, 10:51 | 3531
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83