www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айнура Абдиназарова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (455)

0 5722

Атамбаев 3 күн ичинде кечирим сурабады, таластыктар бүгүн митингге чыгышат...

03-ноябрь 2017, 10:24 Айнура Абдиназарова

Таластыктар бүгүн митингге чыгышат. Бул тууралуу сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлү Адил Турдукулов билдирген. Анын айтымында, бүгүн саат 12:00дө Таласта  митинг өтөт. Алар президент Алмазбек Атамбаевдин Талас элинен кечирим сурашын талап кылышып чогулушарын 29-октябрдагы тынчтык митингде билдиришкен. Белгилей кетсек, 29-октябрда Таласта тынчтык митинги өтүп, анда 1000ден ашуун адам нааразычылык ациясына чыгышкан. Акциянын катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевди  Талас элинен кечирим сурашын талап кылышкан эле. Булак: NazarNews.kg

0 4436

Сүрөт - Ырчы Дайыр Исмадияров жубайы менен официалдуу түрдө ажырашты

03-ноябрь 2017, 10:11 Айнура Абдиназарова

Шоу-бизнестеги эң шайыр ырчы мырзалардын катарын толуктаган Дайыр Исмадияров былтыркы жылы Жанара аттуу Оштун сулуусуна баш кошуп, Жалал-Абад шаарынын стадионунда кыз узатуу кылып, заманбап тоюн Ош шаарында өткөргөн эле. Бүгүнкү күндө арадан бир жыл айланбай жаңы курулган үй-бүлө бузулуп олтурат. Буга чейин биздин редакция "Дайыр Исмадияров жубайы менен ажырашып, кайра жарашып жүргөнү" тууралуу жазган элек. Эми бизге түгөйлөр официалдуу түрдө ...

0 2337

Аялдарды "экинчи сорт" адам катары көргөн Бабур Төлбаев

03-ноябрь 2017, 09:49 Айнура Абдиназарова

Элге күйүмдүү болуп, кайрымдуулук иштери менен эл оозуна байма-бай алынып жүргөн меценат Бабур Төлбаев "Мөл Булак" чакан банкынын башкы директору экендигинен көпчүлүктүн кабары бар. Кайрымдуулук дегени менен элге жогору пайыз менен насыя берип, ошонун эсебинде кайрымдуулук кылып, андан тышкары бир нече миң сомдон атайын коом үчүн деп кардарларынан кармап калган адаты бар экендиги дагы жашыруун эмес. Негизи көп акчалуулар куранды шылтоолоп, ак ...

0 626

Өзбекстан жарандары АКШга кире албай калышы мүмкүн

03-ноябрь 2017, 09:33 Айнура Абдиназарова

Расмий Вашингтон Өзбекстан жарандарынын АКШга кирүүсүнө тыюу салынышы мүмкүн экенин четке какпайт. Бул тууралуу Акүйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. «Биз учурда буга чакырган жокпуз, бирок муну четке дагы какпайбыз», – деди Сандерс. 31-октябрда 29 жаштагы өзбекстандык жаран Нью-Йоркто жүк ташуучу автоунаа менен велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна качырып кирип барып, бир нече адамды тебелеп кеткен. Кол салуунун ...

0 2338

Күн өткөн сайын Султанбекова такшалууда

03-ноябрь 2017, 09:17 Айнура Абдиназарова

Маркум Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова чоң саясатка депутат болуп аралашуу менен вице-премьер-министрлик кызматка чейин жетти. Бирок, жаңыдан аткаруу бийлигине келген кезде жүдөп-какап, иштин көзүн билбей биртопко чайналып жүрдү эле. Талыкпаган аракетинин аркасы менен азыр бир топ такшалып калды, иштин көзүн таап калды дегендей... Памирдеги боордошторду көчүрүп келүүдө чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, айым башы менен жоопкерчиликти көтөрүп, үлгү болчу иштерди жасай алды. Бали ...

0 1437

АСТАНА: "Чек арадагы жагдай боюнча Бишкек өзү күнөөлүү"

03-ноябрь 2017, 09:01 Айнура Абдиназарова

Казакстандын Каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасынын орун басары Госман Амрин Астана Кыргызстанга чек арадагы жагдайды жөнгө салуу үчүн бир нече сунуш жолдогонун, бирок реакция жасалбай жатканын маалымдады. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди. “Биз кыргыз тарапка чек арага келип, биз менен чогуу турууну сунуштадык. Бизге да алардын чек арасына барып турууга уруксат берүүнү сурадык. Бирок оң жооп алган жокпуз”, ...

0 1348

Депутат Акматовду министрдин орун басары дагы тоготпойт

03-ноябрь 2017, 08:52 Айнура Абдиназарова

Ушул жуманын башында Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Алмасбек Акматовго тил бүтүп, ач айкырык салып чыкты. Буга чейин элге журтка билинбеген "балык" депутаттын "немесине" эмнеге күч келди, же аба ырайынын таасиринен улам адамдык абийири ойгонуп, эл үчүн күйүп быша баштадыбы дегенибиз. Жаңылышыппыз. Көрсө, каржы министринин орун басарын эки жумадан бери таппай атканын айтып мукактанган Алмасбек ЖоКенин төрүндө ыйлактап, маселени ...

0 2509

Адилет Калыгулов алданды...

02-ноябрь 2017, 19:39 Айнура Абдиназарова

МЕН КӨП АЛДАНДЫМ... Мен бир аз күн мурда «мен көп алдандым» деп пост жаздым эле. Ошондон кийин личкага көп тааныштарым жазып жатышат. Капа болбо, баары жакшы болот, бийлик сени эле эмес канчасын алдап короосунан чыгарып койду дешип. Башка досторум да телефон чалып «көңүл» айтышууда. Сага чала болот дегендер да болду)) Урматтуу Достор! «Мен көп алдандым, бирок бул да тажрыйба» деп мен өзүм жөнүндө ...

02-ноябрь 2017, 19:39 | 2509
0 2329

Усама Бен Ладендин өлүм алдында жазып калтырган күндөлүгү табылды

02-ноябрь 2017, 18:12 Айнура Абдиназарова

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) Усама бен Ладенди кармоо операциясы учурунда анын жанынан табылган документтерди жарыялады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Алардын берген маалыматында, 2011-жылдын май айында Пакистандагы Бен Ладенди кармоо учурундагы операциянын натыйжасында 470 миң документтер табылган. Жарыяланган документтердин арасында "Ал-Каиданын" жазмалары, аудио-видео жана башка материалдар, балдар мультфильмдери, голливуддук фильмдер жана Бен Ладендин өзү жөнүндөгү үч документалдуу тасма да камтылган. Ошондой эле, ...

0 893

ВИДЕО - Темир Сариев: "Чек ара маселесин жаңы шайланган президент эмес, иштеп жаткан президент чечиш керек"

Видео 02-ноябрь 2017, 17:14 Айнура Абдиназарова

Чек арадагы маселе тууралуу Темир Сариев Жалбырак ТВга маалымат берди. Анын айтымында, чек ара маселесин жаңы президент эмес, иштеп жаткан президент чечиш керек. Ошондой эле Темир Сариев, чек ара маселесинен дыйкандар, бизнес жаатындагы адамдар жана тигүүчүлүк жаатында эмгектенгендер жапа чегип жаткандыгын баса белгиледи. Эске сала кетсек, кыргыз-казак чек арасы 10-октябрдан бери катуу текшерүүгө алынып, 10-15 күн чек арадан өтө албаган жүк ташуучу унаалар кезек ...

0 1463

Президенттин оң колу неге тез алмашат?

02-ноябрь 2017, 16:30 Айнура Абдиназарова

Илгери Аскар Акаевдин убагында аппарат жетекчи болгондордун ышкырыгы таш жарып турчу эле. Ошол кездеги Тойчубек Касымовдун ишмердиги боюнча далай кептер элди аралап кеткен. Андан кийин кызматка келген (раматылык) Аманбек Карыпкуловдун каарына калгандар оңой менен кайра түзөлө алчу эмес дешет. Ал кишинин көзүнүн агы менен кошо тегеренгендер азыр деле анын айбатына тан берип калышат. Бакиевдин убагында болсо күчтүү аппарат жетекчи катары ...

0 755

Көлөкө түшүрбөгөндөр көтөрүлөт турбайбы

02-ноябрь 2017, 16:06 Айнура Абдиназарова

Шайлоонун шарапаты менен парламентте кадрдык өзгөрүүлөр болуп жатат. Оболу спикерликтен бир жарым жыл креслодо отурган Чыныбай Турсунбеков өзү ордун бошотту. Андан кийин төрага болуп келген фракциядан орун басарлык кызматынан Данияр Төлөнов чегинди. ЖКнын башына жетекчи болуп келген Дастан Жумабековдун изин суутпай өлкөнүн президенти кабыл алып, ийгилигин каалады. Бош орунга КСДПнын эзелтен берки “жоокери” Асел Кодуранова келери да ачыкталды. Бул эл өкүлүнүн ...

0 7067

Мөңгүдөн алтын казууга уруксат берилди

02-ноябрь 2017, 15:47 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди. Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Аталган комитетте депутаттарга вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баяндама жасап, Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, ...

0 1803

Ошто 3 адамды дубал басып, экөө каза болду

02-ноябрь 2017, 15:29 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарынын Памир көчөсүндө жайгашкан №65 турак үйдүн дубалы кулап, үч адамды басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Айтылган дарекке саат 12:10 чамасында Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу барган. Кийинчерээк дубалдын алдындагы 2 адам каза болуп, 1 адам жеңил жаракат алганы белгилүү болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча, 3 адам канализация казып жатышкан.  Учурда, кырсыктын себеби жана каза ...

0 1821

ВИДЕО - Индияда эки баштуу ымыркай төрөлдү

Видео 02-ноябрь 2017, 16:30 Айнура Абдиназарова

Индияда өзгөчө сейрек кездешүүчү парапаги эгиздери же эки баштуу ымыркай төрөлдү. Бул туурлауу Indian Express басылмасынын маалыматына таянып, РИА Новости жазып чыкты. Маалым болгондой, түйүлдүктүн өрчүшүндө кемчиликтер болуп, аны дарыгерлер 8 айдан кийин гана УЗИ аркылуу байкашкан. Парапаги Эгиздери 3,7 килограмм салмакта төрөлүп, алардын жүрөгү жана өпкөсү ар башка болгон. Бирок, боор менен калган органдары бир болгон. Алардын дем алуусунун кыйындашкандыгына байланыштуу, ...

0 841

2017-жылы 30 журналист өлтүрүлдү

02-ноябрь 2017, 14:32 Айнура Абдиназарова

2017-жылы дүйнө жүзү 30 журналистинен айрылды. Бул тууралуу 2-ноябрь күнү БУУнун атайын баяндамачысы Агнес Кэламар аталган уюмдун маалымат борборуна билдирген. Анын айтымында, бул жылы, улам журналисттерге багытталган кол салуунун натыйжасында дүйнө 30 журналистин жоготкон. Ошондой эле, Агнес Кэламар журналисттерге болгон кол салуу жалпы демократияга болгон кол салуу экендигин белгилеп, жок кылынган журналисттердин басымдуу бөлүгү бийликти сындап, акыйкат жана коррупция үчүн күрөшкөндөр экенин кошумчалады. Булак: NazarNews.kg

02-ноябрь 2017, 14:32 | 841
0 1149

КАЗАКСТАН: "Кыргыз бийлиги неге кечирим сурай албайт?"

02-ноябрь 2017, 13:54 Айнура Абдиназарова

Казакстандын Dalanews маалымат агенттиги "Кыргызстан бийлиги казактардан эмнеге кечирим сурай албайт" - деген теманын алкагында макала жазышкан. Төмөндө өзгөртүүсүз беребиз: Қырғыз билігі неге кешірім сұрай алмайды? Қырғызстанда көмір бағасы көтіріліп, кінәлі Қазақстан билігі болып жатыр. Себебі Қазақстан көмірді көрші елге экспорттауды тоқтатқан әрі шекарадағы қиындықтан кейін, көмір бағасы шарықтап кеткен. Бағаны реттейтін қырғыздың билік орындары көмір бағасының қымбаттау мәселесін қоғамдық талқылауға салып, қарпайым қырғызды ...

0 1761

Сүрөт - Казакстандык "КешYou" тобуна уятсыз сунуштар түшүүдөбү? 

02-ноябрь 2017, 13:38 Айнура Абдиназарова

Байкасаңыздар, өнөрдө жүргөн азаматтар кыздарынын ырчы болушун эч качан каалашпайт. Буга кесиптеш айымдар тууралуу жагымсыз пикирлери себеп эмеспи. Жылдыздай жаркырап, сырт көзгө кулпуруп көрүнгөн сулууларга сунуштар көп түшөт. Маселен, Казакстандык кыздардан куралган "КешYou" тобунун солисткаларына да жагымсыз сунуштар тартуулаган мырзалар көп болгон. Бул тууралуу топтун экс-солисткасы Анель Аринова: "Бул шоу-бизнес, бул кыздар тобу, себеби биз сахнада жарк-журк этип жүрөбүз, андай кыздарды ким ...

0 685

Дональд Трамп: "Чабуул уюштурган өзбекстандык жаранды атууга өкүм кылынсын!"

02-ноябрь 2017, 13:12 Айнура Абдиназарова

АКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Йорк шаарында теракт уюштурган Өзбекстандын жараны Сайфулло Саиповго өлүм жазасын колдонууну талап кылды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирди. "Нью-Йорктогу чабуулдун уюштуруучусу, ИШИД уюмунун мүчөсү Сайфулло Саиповго өлүм жазасы берилсин" - деп, Трамп Твиттер баракчасына билдирген. Белгилей кетсек, 31-октябрь күнү Green Card лотереясы аркылуу АКШга көчүп барган өзбекстандык жаран теракт уюштуруп 8 киши каза болгон. Булак: NazarNews.kg

0 1278

Депутаттар Дүйшөнбек Зилалиевди жарга такады...

02-ноябрь 2017, 12:45 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында  Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар боюнча маалымат берди. Жыйындын жүрүшүндө депутаттардын көптөгөн суроолоруна так жооп берилген жок. Ошондой эле   Курманкул Зулушев ЖКнын жыйынында өкмөт мүчөлөрүнө  “Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча келишим бузулду, 10 чакан ГЭСтин тагдыры эмне болду, аны дагы буздуңуздарбы?”-деп кайрылды . “10 чакан ГЭС боюнча сынак өткөрүүгө иш-чаралар жүрүүдө. “Лигласс” менен ...

0 3841

Эрмек Нурбаев, алып баруучу: “Тамашоу” кызыксыз болуп жатканын мен деле билем жана байкайм”

02-ноябрь 2017, 12:15 Айнура Абдиназарова

“Тамашоу” долбоорунун президенти жана алып баруучу Эрмек Нурбаев менен болгон чакан маекке назар салыңыздар! - Эрмек, үйдө кандай атасыз? - Мен жаш атамын. Улуу балам беште, кичүүм сегиз айга толду. Төрт уулдун атасымын. Өзүмдүн пикиримде балдарымды катуу эле тарбиялагандаймын. Урушкан жерден урушам. Эң башкысы эстүү балдар болуп өсүшүнө тилек кылам. - Сүйүү сезими менен ойногон учурларыңыз болду беле? - Жок. - Жаман сапаттарыңыз барбы? - ...

0 649

Бабанов баягы Бакиев доорундагыдай жаш саясатчы эмес, учурда ал саясый кырдаалга анализ жасап, жазды күтүүдө

02-ноябрь 2017, 11:50 Айнура Абдиназарова

Биз кааласак да, каалабасак да Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы эң күчтүү саясатчы катары жылдызы жанып турат. Аныгында, саясый рейтинги менен эсептешүү керек. Ал утулса дагы миңдеген күйөрмандары ичтеринен сызышып, колдоого алышканы жашыруун эмес. «Бук» чыкпай калды. Эң кызыгы, Бабанов баягы Бакиев доорундагыдай жаш саясатчы эмес, учурда ал саясый кырдаалга анализ жасап, жазды күтүүдө. Кокус Жээнбеков президент болуп шайланып келген соң, эгерде Атамбаев ...

0 1167

Бакыт Төрөбаев: "Жыйынга келгенде телефондо сүйлөшпөй жакшына отургула"

02-ноябрь 2017, 11:16 Айнура Абдиназарова

Бүгүн Парламенттик жыйындын жүрүшүндө депутат Бакыт Төрөбаев "Жалал-Абад электр" ишканасынын башкы инженеринин жыйында олтуруп, телефондо сүйлөшүп жатканын катуу сындады. "Бул жерде олтурган өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, электр тармактарынан кызматкерлер бир тартипти айтып түшүндүрүп койсоңуздар. Мен сүйлөп жатканда "Жалал-Абад электр" ишканасынын башкы инженери телефон менен сүйлөшүп отурат. Бул эмне деген мамиле? Же телефонун таштап кетсин, же башкача чараларды карагыла"  - деп депутат ...

0 834

Аида Салянова: "Кышы катаал аймактарга жеңилдиктер бериле элек"

02-ноябрь 2017, 11:35 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ЖК депутаты Аида Салянова өкмөттөн бийик тоолуу аймактарда электр энергиясына болгон баага жеңилдиктерди берүү маселесин эртерээк чечүүнү суранды. Депутаттын айтымында, бийик тоолуу аймактарда, айрыкча Нарын облусунда жеңилдетилген 700 КВ болчу, кийин 1000 КВга көтөрүлдү. Эмне себептен баа көтөрүлгөн? Көп үй бүлөлүүлөр көп, алар 6-7 ай бир бөлмөгө тыгылып жашашат. Бир жыл мурун бул маселе боюнча каралганда “маселени карап жатабыз”-деп ...

0 917

Бактыбек Кудайбергеновдун башына чындап кара булут айланууда

02-ноябрь 2017, 10:40 Айнура Абдиназарова

Буга чейин Чүй облусунун губернатору Бактыбек Кудайбергеновдун иши начар болуп, өкмөттүн жыйындарында сын угуп келген болчу. Кызматынан башта эле алынмак, бирок агалары ортого түшүп атып, сактап келишкен. Учурда Кудайбергеновдун башына чындап кара булут айланып турган кези. Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков Чүйдөн Өмүрбек Бабановго чоң айырма менен утулуп калганы кошул-ташыл болуп, жогору жактын кыжырын ого бетер кайнатып турган чагы. Бактыбек канчалык админресурсту ...

0 863

“Ислам мамлекети” футболчу Неймар менен Мессини өлтүрө турганын маалымдашты

02-ноябрь 2017, 10:28 Айнура Абдиназарова

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун адамдары белгилүү футболчулар Неймар менен Мессинин дарегине күч көрсөтүп, аларды коркутуп жаткан сүрөттү жарыялашты. Бул тууралуу НТВ маалымдады. Маалыматка ылайык, аталган уюмдун адамдары жарыяланган сүрөттө Барселона менен ПСЖ футболчулары Месси менен Неймардын башын алууга камынып жаткан сүрөттөрү Интернетте пайда болгон. Сүрөттө “Ислам мамлекетинин” желегинде “Биз барда силерге тынчтык жок” деген жазууну калтырышкан. Булак: NazarNews.kg

0 666

“Тирилип” кеткен “мумия-окумуштуулар” Казаковду иштен айдап тынышты

02-ноябрь 2017, 10:22 Айнура Абдиназарова

Ак үйдөгү интригилардан тажадыбы же өзү айткандай чындап эле чарчадыбы, кыскасы өткөн жумада Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышы бийликтегилерге да, коомчулукка да күтүлүп-күтүлбөгөн жаңылык болду.   Бирок айрым билермандар Т.Казаковдун ыктыярдуу түрдө кызматтан кетишинин себебин өткөн кылымдын 60-жылдарында Баткен районунда табылып, ошондон бери Тарых музейинде сакталып жаткан мумиянын кайра жерге берилишине байланыштырышууда. Анткени президент ...

0 915

Путинди сотко берет

02-ноябрь 2017, 10:13 Айнура Абдиназарова

Антикоррупциялык фонддун негиздөөчүсү Алексей Навальный Орусия президенти Владимир Путинди жана анын администрациясын сотко берерин билдирди.  Оппозициячы өлкө шаарларынын жергиликтүү бийликтери Кремлдин көрсөтмөсү менен анын шайлоочуларына жолугушуусуна тыюу салууда деп эсептөөдө. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди. "Орусиядагы 40-50 ири шаарлардын администрациялары жума сайын мыйзамды түздөн-түз жана одоно бузуп жатышат" деп жазды Навальный өз блогуна. Анын пикиринде, Кремль оппозициячынын жолугушууларына тарапташтарынын ...

02-ноябрь 2017, 10:13 | 915
0 499

Террордук чабуулга байланыштуу АКШ грин-карта лотереясына өзгөртүү киргизеби?

02-ноябрь 2017, 09:42 Айнура Абдиназарова

АКШнын Вашингтон штаты грин-карта лотереясы тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизбейт. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаменти ТАСС маалымат агенттигине билдирген.  Маалыматка ылайык, азырынча лотереянын шарттарына эч кандай өзгөртүүлөр киргизилбейт. 1 ноябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Йорк шаарындагы террордук чабуулдан кийин грин-карта лотереясын токтотуу керектигин айткан эле. Белгилей кетсек, 31-октябрь күнү Нью-Йоркто грин-карта лотереясынын жеңүүчүсү болгон өзбекстандык жаран чабуул уюштуруп, 8 киши каза болгон. Булак: NazarNews.kg  

0 772

Кочкоровду иштебесин дегендер эмнени эңсешет?

02-ноябрь 2017, 09:27 Айнура Абдиназарова

Президенттик шайлоонун жүрүшүндө өзүнүн дараметин сыноону каалагандар болгонун байкадык. Алардын ичинде жашы алтымыштан өтүп калгандар да, кырктын кырынан эми оогондор да болду. Падышалык такты кимге буйруса ошол адам эми мамлекетти башкарат. Ага деле анча көп убакыт калган жок. Талапкерлердин ичинде бешинчи чакырылышта депутат болгон Улукбек Кочкоров да бар эле. Тилекке каршы анын канчалык деңгээлде кадыры бар экени айкын көрүндү. Жолугушууларда мизилдете ...

0 971

Кара-Сууда 1 жаштагы кыз уксус ичип каза тапты

01-ноябрь 2017, 14:49 Айнура Абдиназарова

Ош облусунун Кара-Суу шаарында бир жаштагы кыз уксус ичип каза болду. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдирди.  Маалыматка ылайык, кызынын уксусту колго алганын жанында олтурган ата-энеси байкабай калган.  Наристе ооруканада өзүнө келбей 2 сааттан кийин жан берген. Кыздын атасы 1974-жылы, апасы 1983-жылы төрөлгөнү маалым болду. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Булак: NazarNews.kg

0 2137

Өмүкенин ордуна Курманкул Зулушев фракция лидери болобу?

01-ноябрь 2017, 14:43 Айнура Абдиназарова

Президенттик шайлоонун эртеси эле “Өнүгүү” фракциясында чыр чыгып, анын лидери Бакыт Төрөбаев Тазабек Икрамов баштаган бир нече “бунтарь” депутатты фракция курамынан чыгаруу менен чатакты убактылуу болсо да басандатып калганы белгилүү. Бирок, убакыт өткөн сайын “бунт” жасаган депутаттарды колдогондордун катары калындап, жакын арада бул фракцияда “переворот” болору айтылууда. Эми болсо “Республика - Ата Журт” фракциясында да “революция” ишке аша тургандыгы белгилүү ...

0 555

Текебаев мандатынан ажыратылды

01-ноябрь 2017, 15:27 Айнура Абдиназарова

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, маселени кароо өтүнүчү Бишкек шаардык сотунан түшкөн. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков депутат Өмүрбек Текебаевдин мандатын алуу сунушу менен Боршайкомго кайрылган. Эскерте кетсек, 2-октябрда Шаардык сот  Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурунку министр Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга камоо боюнча ...

0 839

Сүрөт - Рэпер Моттун тун наристеси уул болобу?

01-ноябрь 2017, 13:28 Айнура Абдиназарова

Жакында Орусиялык рэп ырчысы Мот жубайы Мария Мельникова менен тун наристесин күтүп жатышкандары тууралуу кабарлаганбыз. Ал эми бүгүн, бизге белгилүү болгондой түгөйлөрдүн тун наристеси уул болоору ачыкка чыкты. Бир нече айдан соң жарыкка келе турган наристесин күткөн түгөйлөр учурда дем алышууда.  Эскерте кетсек, Мот Мария менен эки жылдан бери бирге. Түгөйлөр социалдык тармак аркылуу таанышып, баш кошушкан.  Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

0 1162

Жогорку Кеңеш үн катты, чек ара маселеси чечилеби?

01-ноябрь 2017, 13:13 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-казак ортосундагы чек ара тууралуу маселени жабык эшик артында карашат. Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Улан Примов бул боюнча сунуш кылды. Ал "Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал өзгөргөн жок. Өкмөттүн аракетинен жыйынтык жок. Бүгүн премьер-министрди жана бул маселеге тиешелүү министрлерди чакырып жабык эшик артында маалымат уксак. Депутаттар абалдан чыгуу үчүн өздөрүнүн сунушун берсе жакшы болмок" - деп билдирди жыйында. Примовдун сунушу колдоо ...

0 2036

Чек ара боюнча сүйлөбөгөн парламент тарасын!

01-ноябрь 2017, 12:27 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңеш анда-санда трибунадан кыйкырып койгону болбосо, кыргыз- казак чегарасындагы абалдын жөнгө салынышына активдүү аракеттерин көрсөткөн жок. “ЕАЭБдин келишими болбогон нерсе, Казакстандагы мигранттар үйлөрүнө кайта албай отурушат, өлкө ичинде эркин жүрө да албай калышты”,- деген пикирин “Апрель Байрагы” коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Тариэль Искаков маалымат жыйынында билдирди. “Маселе контрабандада болсо, аны менен баары алектенип жатышат. Кыргызстанда мыйзамды баары сакташат. Кайсы бир саясатчыга бул ...

0 4161

Күмөндөр Абылов эмнеге Маданият министри болуудан баш тартты?

01-ноябрь 2017, 12:01 Айнура Абдиназарова

КРнын Эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов Маданият, маалымат жана туризм министри болуудан баш тартканы тууралуу кулагыбыз чалып калды. Артист "Министр болуу үчүн ал орунга төрт тарабы төп келген, бирөөнүн айтканын жасабаган, өзүнүн акылы менен иш алып барган кесипкөй инсан келгени туура" деп бул сунуштан эч ойлонбостон баш тарткан. Кыргыз сатирасынын өнүгүшүнө салым коштоп, театрда эмгектенгенди сүйгөн Күмөндөр Абылов сахнада жүрүп ...

0 2945

АКШда чабуул уюштурган өзбек жараны грин-карта лотереясын утуп алган

01-ноябрь 2017, 11:46 Айнура Абдиназарова

АКШда чабуул уюштурган өзбек жараны грин-карта утуп алып, АКШга көчүп барган. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары билдиришти. Алардын берген маалыматында, өзбек жараны Сайфулло Саипов Uber компаниясында айдоочу болуп иштеп жүргөн мезгилде United States Permanent Resident Card башкача айтканда грин-карта лотереясын утуп алган. Белгилей кетсек, аталган лотереянын ээлери АКШда жашаганга, окуганга жана иштегенге укук алышат. Эскерте кетсек, өзбек жараны Сайфулло Саипов АКШда уюштурган чабуулда 15 киши ...

0 1716

Түндүк Кореянын ядролук сыноосунан 200 киши көз жумду

01-ноябрь 2017, 11:25 Айнура Абдиназарова

Түндүк Кореянын ядролук сыноолорунун натыйжасында 200 киши каза тапты. Бул тууралуу KBS World Radio маалымат агенттиги билдирди. Алардын айтымында, 100 киши урандынын астында, 100 киши болсо куткаруу иштери убагында көз жумган. Белгилей кетсек, Түндүк Корея ядролук сыноосун 10-октябрда өткөргөн. Булак: NazarNews.kg

0 1238

Турсунбек Акун Оторбаевдин айыбын ачты…

01-ноябрь 2017, 11:03 Айнура Абдиназарова

Акыйкатчы Кубат Оторбаев “Жип” үлгүсүндөгү автоунаасын бюджеттик акчага сатып алышы керек эле. Баасы 1,5 миллион сомго бааланган автоунаага бирок. Акыйкатчы отура албай калды. Анткени, коомчулук мындай ашыкча чыгашага каршы пикирин билдирип, Оторбаевге сын жаадырышты. Мындан улам Акыйкатчы автоунаа алуудан баш тартып, Каржы министрлигине ал акчаны балдар үйүнө которуу боюнча өтүнүч кат жолдогон. Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун учурдагы Акыйкатчынын бул кадамын “популизм” деп баалады. “Менчик ...

0 1249

Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрь күнү Ала-Арча резиденциясында өтөт

01-ноябрь 2017, 10:44 Айнура Абдиназарова

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрь күнү Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтөт. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, 15-октябрь күнү кыргыз эли президентин тандаган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий жыйынтыгы 30-октябрда белгилүү болуп, Жээнбеков жалпы шайлоочулардын 54,22% добушуна ээ болгон. Булак:NazarNews.kg

0 4347

ЭКСКЛЮЗИВ - Ырчы Арсен сүйүктүүсүн "Жаным баклажаным" деп жар салды...

01-ноябрь 2017, 10:05 Айнура Абдиназарова

Өзгөчө үндүн ээси Арсен шоу бизнестеги көз күйдүргөн бойдок ырчылардын бири. Жашы отузга таяп калса да, бойдокчулук менен коштошууга шашылбаган ырчы мырзанын учурда сүйүктүүсү бар экен. Буга чейин бир нече кыз менен сүйүү мамилесин куруп ачыкка жар салбаган ырчы мырза кезектеги кызы менен мамилеси олуттуу экенин ачыкка чыгарып, "Жаным баклажаным" деп жар салды. Кыязы, той болоор күн алыс эмес окшойт...  Аруужан ...

0 1365

Украинанын ички иштер министринин уулу кармалды

01-ноябрь 2017, 09:57 Айнура Абдиназарова

Украинанын Антикоррупциялык бюросу ички иштер министри Арсен Аваковдун уулу Александр Аваковду кармады. Бул тууралуу Борбор Азия жа4ылыктар кызматы билдирди. Буга чейин анын Харьковдогу үйүндө тинтүү жүргөнү маалымдалган. Министр “Украинская правда” сайтына маалыматты бышыктап, баласынын үйүнө тартип коргоочулар барганын айтты. Антикоррупциялык мекеме жасаган билдирүүдө көз боёмочулук иши боюнча үч киши, анын ичинде ички иштер министринин мурдагы орун басары жана бизнесмен кармалганы айтылат. Маалыматка караганда, ...

0 2779

Өзбек муфтияты президенттен аялдардын хиджап кийип жүрүүсүн, үн күчөткүч аркылуу азан чакырууну суранды

01-ноябрь 2017, 09:52 Айнура Абдиназарова

Өзбекстанда социалдык түйүндүн колдонуучулары үн күчөткүч аркылуу азан чакырууга уруксат сураган имам-хатибдердин жыйынын кеңири талкууга алышууда. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди. Өзбек жалпыга маалымдоого каражаттары билдиргендей, имамдар 26-октябрдагы чогулушта үн күчөткүч аркылуу азан чакыруу демилгесин бир добуштан колдошкон. «Талкуу учурунда атүгүл Москвада үн күчөткүч аркылуу азан айтууга уруксат берилгени мисал келтирилди. Имамдар Өзбекстандын православ чиркөөлөрүндө коңгуроолор кагыларын жана бул кимдир ...

0 1247

Сүрөт - АКШда Өзбекстандын жараны чабуул уюштуруп 8 киши каза болду

01-ноябрь 2017, 09:32 Айнура Абдиназарова

АКШнын Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагында жүк ташуучу автоунаа велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна качырып кирип, бир нече кишини тебелеп кеткен. Кол салуунун натыйжасында 15 киши жабыркап, 8 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жазып чыгышты. Террорчу ошол замат полиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен колго түшүрүлүп, кармалган адам 2010-жылдан бери АКШда жашап келген Өзбекстандын жараны Сайфулло Хабибиллаевич Саипов экени маалымдалды. Окуя Хеллоун майрамынын ...

0 2764

Өмүрбек Бабановдун креслосу «кыйчылдай» баштадыбы? «РАЖ» фракциясында жаңжал кызып барат

31-октябрь 2017, 17:33 Айнура Абдиназарова

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын ичиндеги толкундоолордун артынан эле саны боюнча КСДПдан кийинки эле фракция болуп саналган «Республика-Ата Журттун» лидерин алмаштыруу жаңжалы кызый баштады. Бул маалыматты «24.kg» маалымат агенттигине аталган фракциянын мүчөлөрүнүн бири Зарылбек Рысалиев тастыктады. Ал – бул бунт анын колу менен жасалып атат деген маалыматты төгүнгө чыгарды. «Мындай маанай фракцияда күчөп баратканын билем. Бирок, Өмүрбек Бабановду алмаштыруунун уюштуруучусу мен эмес. Мен ...

0 657

Жалал-Абад Областтык Клиникалык ооруканасында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

31-октябрь 2017, 13:55 Айнура Абдиназарова

Жалал-Абад шаарынын гана эмес, бүтүндөй областтын элинин саламаттыгынын сакчылыгында турган областтык клиникалык оорукананын материалдык-техникалык базасы улам чыңдалып баратат. Азыркы тапта оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү толугу менен оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу клиникалык оорукананын жетекчиси Жаныбек Карабаев билдирди. Анын айтымында, аталган бөлүмдүн имараты тээ 1986-жылы курулуп, ошондон бери капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес болчу. Имараттын эскилиги жетип, бейтаптарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө, бейтаптар менен ...

0 1941

2 жаштагы кызын муунтуп өлтүргөн ата 20 жылга эркинен ажыратылды

31-октябрь 2017, 13:13 Айнура Абдиназарова

Өз кызын муунтуп өлтүргөн Россиянын жараны Казакстандын Караганды облусунда соттолуп, 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу казакстандык маалымат караттары жазып чыгышты.  Берилген маалыматка ылайык, өз кызын мыкаачылык менен өлтүргөн деген айып менен үстүбүздөгү жылдын 27-июль күнү Темиртау аймагынын жаоочусу кармалган. Иликтөөлөрдүн негизинде атасы мас болуп 2-жаштагы кызын сабап, андан соң муунтуп өлтүргөн. Учурда, кылмышкер өз жазасын алып, кыздын апасына 2 млн тенге ...

0 2263

Рустам Маманов киши жейби?

31-октябрь 2017, 14:50 Айнура Абдиназарова

Акчасы арбын болгон менен акыл-көрөңгөсү анчейин эмес Рустам Маманов деген бар. Ар качандан бир качан акылына эмес, акчасына ишенип ооз көптүрүп сүйлөйт. Анысын адатка айлантып, өнөр кылып алган. Алыс барбай эле, жакындагы эле жоругун айтсак жетиштүү болот. Мына президенттик шайлоо өттү. Шайлоодо Бабанов утабы же Жээнбеков жеңеби деген суроо кабыргасынан коюлду. Ич ара түкүнчө президент болот деп мелдешкендер чыкты. Алардын арасында ...

31-октябрь 2017, 14:50 | 2263
0 890

“Ак каргалардын” орду абакта

31-октябрь 2017, 12:08 Айнура Абдиназарова

Коррупция боюнча кылмыш иши козголгон “Бир бол” фракциясынын депутаттары Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаров эмнеге камалбай жүрүшөт деген жообу жок суроолор коомчулукта дагы да болсо арбын. Булар эмне ичсе-жешсе деле сүттөн таза, кардан ак болуп, эркиндикте элге акыл айта беришеби? “Ак карга болушса да абакка отургузуш керек эле деп ызырынгандар көп. Бийлик коррупция боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко сүйрөп жаткан Алмамбет ...

31-октябрь 2017, 12:08 | 890
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83