www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айнура Абдиназарова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (455)

0 4379

Ислам Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу маалыматтар ачыкка чыкты

31-октябрь 2017, 11:43 Айнура Абдиназарова

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу маалыматтар ачыкка чыкты. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алардын берген маалыматына караганда, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун урматына ачылган расмий сайттын ачылышында Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу кеп айтылган. "Үч баласы жана алты небереси менен баарлашуу Ислам Каримовго ар дайым бакыт тартуулачу. Жубайы Татьяна Акбаровна анын жардамчысы, досу болуп, 47 жыл бирге өмүр сүрүшкөн" - деп ачылыш ...

0 1898

Казаков Таласка баргандан коркобу?

31-октябрь 2017, 11:20 Айнура Абдиназарова

Талас облусунун жетекчиси Даир Кенекеев вице-премьер-министр кызматына секирик жасагандан бери анын орду бош турат. Учурда облуска ким жетекчи болоору чечиле элек. Чуркагандар көп болгону менен талапка ылайыктуусу жок болуп жатыптыр. Анткени Таласта кырдаал олку-солку болуп тургандыктан, ал жерге элдин тилин таап ынандыра сүйлөй алган, кадыр-барктуу, ишти тартып кете ала турган кадр керек. Азырынча ылайыктуу кадр чыкпай, кимди алып барабыз деген суроонун ...

0 661

Ыйлактаган депутат, жооткоткон министр

31-октябрь 2017, 10:56 Айнура Абдиназарова

Агрардык саясат суу ресурстары жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 30-октябрдагы жыйынында депутат Алмасбек Акматов бир жумадан бери каржы министринин орун басарын таба албай жүргөндөрүнө нааразы болуп, министр Адылбек Касымалиевге даттанып: “Эгерде комитеттин төрагасынын орун басары министрдин орун басарын таба албаса, калгандар кантип табат?”, – деп ыйлактады. Өз кезегинде каржы министри Касымалиев бул маселе боюнча өкмөт башчыга билдиргенин, ал тиешелүү органдарга буйрук ...

0 891

Оторбаев кызматтан айдалабы?

31-октябрь 2017, 10:46 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңеште акыйкатчы Кубат Оторбаев отчёт берет. Анда Оторбаев адам укуктарынын корголушу туурасында баяндама жасайт. Айрым маалыматтарга караганда, парламент акыйкатчынын отчётун кабыл албай, кызматынан айдашы ыктымал. Буга анын шайлоо учурунда эки жээкке ойногону себеп болоору кеп болуп жатат. Оторбаев шайлоодо Өмүрбек Бабановдун камчысын чаап, ар кандай билдирүүлөрдү жасап жибергени кечирилбейт деген күбүр-шыбыр айтылууда. Демек Кубат мырза кызмат ордунан жылмышса, акыйкатчылыкка Турсунбек Акн ...

31-октябрь 2017, 10:46 | 891
0 1061

Анджелина Джолинин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө

31-октябрь 2017, 10:19 Айнура Абдиназарова

Дүйнө жүзүнө таанымал, көптөгөн күйөрмандардын сүйүктүү актрисасы Анджелина Джолинин Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияз Жалбырак ТВ сайтына билдирген.  Анын берген маалыматында, Лос-Анджелесте өтүп жаткан  Дүйнөлүк Азия кинофестивалына белгилүү актриса Анджелина Джоли  келип катышкан. Ошондой эле депутат Садык Шернияз Анджелина Джоли кинофестивалга келип өзүнүн калоо-тилектерин айтканын айтып, Көчмөндөр оюнуна чакырышканын кошумчалаган.  Булак: NazarNews.kg  

0 14525

Атамбаев 3 күн ичинде Талас элинен кечирим сурабайт. Ал Гоа курортуна учуп кетти...

31-октябрь 2017, 09:33 Айнура Абдиназарова

Кечээ, 30-октябрда КРнын президенти Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө чыккан эле. Учурда ажонун Аравия деңизинин жээгиндеги Гоа курортуна мамлекеттик самолетто үй-бүлөсү менен кеткендиги тууралуу ММКлар жазып чыгышты. Белгилей кетсек, Атамбаев кыска өргүү алып, Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорунун акыркы вариантын иштеп чыгуунун үстүндө иштээри айтылган. Ал эми Талас эли 29-октябрдагы нааразычылык акциясында Алмазбек Атамбаевдин 3 күн ичинде Талас элинен кечирим суроосун күтүп жатышкан. Эгер Атамбаевдин Гоа ...

0 1884

Көрүстөндөгү 50 эстеликти бузуп кеткен шектүү кармалды

31-октябрь 2017, 09:07 Айнура Абдиназарова

Ош шаарынын Жапалак аймагындагы Татар айылындагы көрүстөндө маркумдар үчүн тургузулган элүүдөн ашык эстеликти оодарып чыккан шектүү камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Берилген мааалыматка ылайык, 1989-жылы туулган шектүүгө кылмыш иш козголуп, 48 саатка камакка алынган. Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 31-октябрда Ош шаардык сотунда каралат. Шектүү көрсөтмөсүндө: «Эстелик маркумдарга оор болот», - деп айткан. Учурда окуя тууралуу тергөө иштери жүрүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 462

Президенттик шайлоону өткөрүүгө 500 млн сом акча жумшалды

31-октябрь 2017, 08:42 Айнура Абдиназарова

Кыргызстандын президентин шайлоо өнөктүгүнө 500 млн сомдон ашык каражат сарпталды. Бул тууралуу 30-октябрдагы БШК жыйынында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, шайлоону өткөрүүнүн жалпы суммасы 671 млн сомду түзгөн. Анын ичинен 539 млн сом биринчи турга каралган, ал эми экинчи тур үчүн 132 млн 49 миң сом бөлүнгөн. БШКнын маалыматы боюнча, шайлоонун биринчи турун өткөрүүдөн 35-40 млн сом үнөмдөлгөн. Ал эми экинчи турга бөлүнүп ...

0 3052

БШК - Расмий жыйынтык: Сооронбай Жээнбеков – 920 миң 620 же 54,22% добуш менен жеңишке жетишти

30-октябрь 2017, 16:32 Айнура Абдиназарова

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-октябрдагы жыйында президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Добуш берүүнүн жыйынтыгын БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов айтты. Жыйынтык: 1. Эрнис Зарлыков - 1 миң 554 добуш же 0,09%; 2. Токтайым Үмөталиева – 1 миң 473 же 0,09%; 3. Темир Сариев – 43 миң 311 же 2,55%; 4. Улукбек Кочкоров – 8 миң 498 же 0,5%; 5. Таалатбек ...

0 2763

Экс-министр Т.Казаков улуттук музейге ырчы С.Каримованы директор кылган буйругу үчүн эскертүү алган

30-октябрь 2017, 16:06 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев (КСДП) ырчы Самара Каримованы «Сулайман-Тоо» улуттук музей комплексинин директору кылып дайындоо тууралуу буйрукка ким кол койгонуна кызыкты. Мындай суроону бүгүн, 30-октябрда Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин жыйынында узатты. Эл өкүлүнө маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бакытбек Секимов жооп берип, бул буйрукка экс-министр Түгөлбай Казаков кол койгонун айтты. Ал эми, эл ...

0 2902

ВИДЕО - Аравияда күйөө бала келген коноктордун ар бирине iPhone 8 "белек" кылды

Видео 30-октябрь 2017, 15:19 Айнура Абдиназарова

Өткөн аптада YouTube баракчасына жүктөлгөн видео тасма социалдык түйүндөрдө абдан популярдуу болгон. Египеттик маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, Сауд Аравиясында той өткөргөн жаш жигит келген коноктордун баарына iPhone 8 телефонун белекке берген. Ошондой эле, жарыяланган тасмадан чын эле iPhone 8 маркасындагы телефондордун кутучасын көрүүгө болот. Тасманы көгөн интернет колдонуучулардын көпчүлүгү үйлөнүү салтанатындагы ашыкча чыгым тууралуу пикир калтырышкан. Андан көп өтпөй тойдун катышуучусу Al Bawaba маалымат агенттигине смартфондун ...

0 1244

Сүрөт - Актриса жана фотомодель Аида Тулебаева уулдуу болду

30-октябрь 2017, 14:18 Айнура Абдиназарова

"Салам, Нью-Йорк" кино тасмасында атактуу роль жаратып, жалпы кыргыз элине таанылган актриса жана фотомодель Аида Тулебаева экинчи наристесин жарыкка алып келди. Буга чейин сүйүктүүсү Азрет менен кыздуу болуп, уулдуу болууну самаган актрисанын кубанычында чек жок. Учурда чыгармачылыгына тыныгуу жасап, уулунун кыркын чыгарууну пландап жаткан Аидага бешик бооңуз бек болсун демекчибиз! Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

1 5285

ЭКСКЛЮЗИВ - Ырчы Жоодарбешим бойдокчулук менен коштошту. Ырчыга жар болгон сулуу ким?

30-октябрь 2017, 13:13 Айнура Абдиназарова

Армандуу ырларды ырдап кыргыз эстрадасында эмгектенип жүргөн ырчы мырза Жоодарбешим бойдокчулук менен коштошту. Үч жылдан ашык убакыт сүйүү мамилесин куруп жүргөн сүйгөн кызынын колун түбөлүккө кармаган ырчы мырзанын учурда кубанычында чек жок. Анан да Жоодардын жубайынын ысымы- Оксана. Дизайнерлик кесипти аркалаган Оксана менен ырчы мырза шоу чөйрөдөн таабышкан экен. Эмне дейбиз? Эки жашка бакыт каалайбыз!  Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

0 556

Кредитин төлөй албай кыздарын күйөөгө бергендер арбын

26-октябрь 2017, 16:14 Айнура Абдиназарова

Гендердик эксперт Гүлбарчын Жумабаеванын айтымында, эрте никеге тургандар шаарга караганда элет жергесинде көп кездешет. Кыргызстандын улуттук статистика комитетинин изилдөөсү боюнча, алардын 15,9 пайызы жакыр жашаган үй-бүлөлөр экен. «Ата-энелерде кызды эрте күйөөгө берип, ошону менен тынып калсын деген көз караш бар эмеспи. Биздин гендердик экспертгер жабырлануучу кыздар менен жеке баарлашып сүйлөшкөндө, кредитин төлөй албай жашы жете элек кызын турмушка берип койгон ...

0 2859

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Бакыт Төрөбаев фракция лидерлигинен өзү кетиши керек”

26-октябрь 2017, 12:36 Айнура Абдиназарова

Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановдун “премьер-министри” боло калган “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев фракциялаштарынын катуу нааразычылыгын жараткан эле. Буга Төрөбаевдин өз алдынча чечим кабыл алып, Бабановго кошулганы да себеп болгон. Бакыт Эргешович мындай адепсиздикке нааразы болгон фракциялаштарынан кечирим сурап койгондун ордуна ачык пикирин айткан депутаттарды катарынан чыгарды. Мына ушундай акыйкатсыздыкка туш болгон “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов Бакыт Төрөбаевди фракция лидерлигинен кетириш керектигин ...

0 1749

Төрөбай Зулпукаров: Сууну товар катары колдонуу керек

26-октябрь 2017, 12:30 Айнура Абдиназарова

Сууну товар катары колдонууга убакыт келди. Мындай пикирин  Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров бугүн, 26-октябрда ЖКнын жалпы жыйынында билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, суу боюнча жаңы мыйзам кабыл алыуу керек. Ошондой эле, башка мамлекеттер газды, нефтти сатып жатышат, ал эми биздин байлыгыбыз суу, биз да сууну товар сыяктуу колдонсок болот.  “СССР учурунда Кыргызстанда ГЭСтерди курууга Кыргыз ССРи 2 млрд рублдан ашуун каражат короткон. Өзүбүздөгү ...

0 404

Кийим тигүүчүлөр ири чыгымга учурады

26-октябрь 2017, 11:55 Айнура Абдиназарова

Казакстан чек арада көзөмөлдү күчөткөңдөн бери Кыргызстандагы кийим тигүүчүлөр ири чыгымга учурап жатат. Мунун кесепетинен кээ бир цехтер убактылуу жабылууга дуушар болууда. Айрым ишкерлер товарды чет өлкөгө учак менен жөнөтүүгө аракет кылып, бирок чыгымы көп болгондуктан, баш тартышкан. Ишканаларда жумуш аксаганы тигүүчүлөрдүн маянасына дагы кедергисин тийгизүүдө. «Made in KG» энбелгиси менен даярдалган товарга Казакстан, Россия жана Беларуста суроо-талап жогору. Бирок ...

0 1473

Улугбек Ормоновдон башка эл өкүлү чек араны ойлоп ойгоно элек...

26-октябрь 2017, 11:34 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында кыргыз-казак чек арасы тууралуу үн катты. Буга  чейин аталган маселе тууралуу эл өкүлдөрү ооз ачпай келишсе, депутат Улугбек Ормонов эки өлкө ортосундагы маселени чечүүнү жаңы спикер Дастан Жумабековго "тапшырды". Ошондой эле, Улугбек Ормонов жакынкы күндөрү казак-кыргыз ортосундагы чек ара маселеси негизги социалдык көйгөйлөрдүн бирине айланаарын баса белгиледи. Албетте, карапайым калктын көйгөйүн көрө билген адам үчүн чек ара маселеси ...

0 672

Бишкекте 25 жаштагы милиция кызматкери бычакталып каза болду

26-октябрь 2017, 10:44 Айнура Абдиназарова

Бүгүн, 26-октябрга караган түнү Бишкек шаарында белгисиз адамдар милициянын 25 жаштагы улук лейтенанты Майрамбеков Уларбекти өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирген. Берилген маалыматка ылайык,Уларбек Биринчи май РИИБдин Криминалдык милиция кызматында эмгектенип жаткан. У.Майрамбеков окуядан бир күн мурун өндүрүштөгү материалдарды жана куралын тапшырып, эмгек өргүүгө чыгуу тууралуу рапорт жазган. Ал уруксат сураганын үйлөнүү тойго даярданып жатканы менен түшүндүргөн. Акыркы күнү Уларбек ...

0 549

ИНДИЯ - Мусулман айымдарга селфиге түшүп, интернетке жарыялоого тыюу салынат

26-октябрь 2017, 10:29 Айнура Абдиназарова

Индиялык аалымдар өлкөдөгү мусулман кыздарга селфи жасоого тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, мусулман кыздар селфиге түшүп аны Фейсбук, Вотсап жана башка социалдык тармактарга жарыялап, ислам салтын жана шарияттын мыйзамдарын бузууда. Индиялык аалымардын айтымында, азыркы учурда көпчүлүк хиджапчан кыздар селфи жасап, интернетке жүктөгөндү адатка айландырган. Шариятка ылайык мусулман кыздарына жүзүн башкаларга ачык жарыялоого болбойт. Ошондуктан Индиялык аалымдар ...

0 457

БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялайт

26-октябрь 2017, 10:05 Айнура Абдиназарова

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бүгүн расмий жарыялайт. Добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы 25-октябрда чыгарылат деп белгиленген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу бүгүнкүгө калтырылган. Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Ага 11 талапкер катышып, алдын ала жыйынтыгы боюнча КСДПдан талапкер, мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 54 пайыздан ашык добуш менен алдыга чыккан. Булак: NazarNews.kg

0 542

Нарында милиция кызматкери кесиптешин атып алды

26-октябрь 2017, 09:06 Айнура Абдиназарова

Нарын шаарында милиция кызматкери кесиптешин атып алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Азаттыкка билдирген. Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 25-октябрда Нарын шаардык милиция бөлүмүндө катталган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милициянын ага сержанты жумуштан кийин Макаров үлгүсүндөгү тапанчасын тапшырып жатып, кесиптеши тарапка аны текшерүү үчүн атып көргөн. Натыйжада ок милициянын старшинасынын көкүрөк тушуна тийип, ал ошол жерден каза тапкан. ...

0 1419

Сүрөт - Аскар Акаев Москвадагы супермаркеттердин биринде...

25-октябрь 2017, 12:21 Айнура Абдиназарова

Кыргыздын туң президенти Аскар Акаев Кыргызстандан 2005-жылы качып кеткен эле. Анын Москва шаарында жашап жаткандыгы баарыбызга маалым. Кечээ жакында Акаевдин супермаркеттеги сүрөтү интернет желелерине жайылып, туңгуч президентти эске салды. Белгилей кетсек, Акаев учурда Москва шаарында илимий иштерин улантып жүрөт.  Булак: NazarNews.kg

0 5513

Наргиза, Бакыт Байсариевдин жубайы: "Үй алып кирип жатканыма өзүм деле ишенбей кетем"

25-октябрь 2017, 11:53 Айнура Абдиназарова

Кыргыз шоу-бизнесинин бий тармагында да кош жылдыз бийчилер Бакыт Байсариев менен Наргиза бар эле. Сыртынан караган адамга бактылуу жубайлар катары көрүнгөн жубайлар, тилекке каршы, эки балалуу болгондон кийин эки жолго түшүшкөн. Учурда эки баласынын таттуу күндөрүн көрүп, аларга тарбия берүү менен алек болуп жаткан Наргизаны маекке чакырдык. – Наргиза, элге бийчи катары таанымалсың, учурда хореограф болуп бий үйрөтүү менен алексиңби? – Кызымдын ...

0 4607

ВИДЕО - Казакстанда хитке айланган "Зың-зың" ырынын автору каза болду

Видео 26-октябрь 2017, 14:14 Айнура Абдиназарова

Казакстанда хитке айланган "Зың-зың" ырынын автору каза болду. Бул тууралуу казакстандык сайттар жазып чыкты. Берилген маалыматка ылайык, учурда автордун эмне себептен улам кайтыш болгону белгисиз. Анын достору жана тааныштары интернет желелеринде эскерүүлөрдү жазып калтырууда. Алардын бири атактуу ырчы Серик Ибрагимов автордун кичи пейил, боорукер адам болгонун эскерген. Булак: NazarNews.kg

0 537

Ажонун сүйгүнчүгү айга чыгабы?

25-октябрь 2017, 11:06 Айнура Абдиназарова

Ооба, өлкөдө жаштарга басым жасалып, алардан өкмөт курамы куралып жатат. Бул албетте жакшы. Бирок, ошол жаштар дегенибиздин өзү кыркты эбак ашып же аны чапчып алгандар экенин да айта кетели. Дегеним, коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Дайыр Кенекеев келатат… ЖКнын тармактык комитетинде депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Кенекеев өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө бир жылдан ашуун ...

25-октябрь 2017, 11:06 | 537
0 850

Иса Өмүркулов: "Чыныбай Турсунбековду эч ким куугунтуктаган жок"

25-октябрь 2017, 10:44 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңештин «Бир-Бол» фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев отставкасын жарыялаган төрага Чыныбай Турсунбековдон аны ким куугунтуктап жатканын сурады. "Сиз кимге таарынып, ким кубалап жатат? Бир депутат сиздин отставкаңызды талап кылдыбы? Эгер бир партиянын ичинде келишпестиктер болсо, аны парламенттик деңгээлге чыгарбагыла. Биз баарыбыз төрага кылып шайлаганбыз" — деди ал. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов: "Чыныбай Турсунбеков эч кимдин ишениминен чыккан жок. Аны эч ким куугунттукка ...

0 455

Бир жумадан бери талкууланган 100 миллион тууралуу Астана расмий билдирүү алды

25-октябрь 2017, 09:54 Айнура Абдиназарова

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда Кыргызстан Астана убадалаган 100 миллион доллар каражаттан баш тартуу боюнча процедуралар жүрүп жатканын расмий түрдө билдиргенин маалымдады. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматынан билдиришти. Буга чейин Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Казакстандын 100 миллион доллар каржылык жардамынан баш тартып, мурда бекитилген макулдашууну жокко чыгаруу боюнча өкмөттүн сунушун колдогон. Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев Казакстан 10 ...

0 3409

Чынара Жакупбекова: "Өмүрбек Чиркешовичтин акча алганы далилденген жок"

25-октябрь 2017, 10:28 Айнура Абдиназарова

Камактагы депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттары Жогорку сотко кайрылышты. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова  билдирди. Анын ырасташынча, 24-октябрда берилген доо арызда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов боюнча райондук, шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгаруу, аларды актоо өтүнүчү жазылган: - Кылмыш иши жана Өмүрбек Чиркешовичтин ал акчаны алганы далилденген жок. Жөн эле ушактын негизинде чечим чыгарып койду. ...

0 658

Казакстанда чечилбеген чек ара маселеси Арменияда чечилеби?

25-октябрь 2017, 09:01 Айнура Абдиназарова

Премьер-министр Сапар Исаков 24-октябрда Арменияга барган иш сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыатка караганда, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын маселелери талкууланды. Бирок пландалган Жол картасына кол коюу болгон жок. Ал эми сүйлөшүүлөр бүгүн 25-октябрда улантылат. Учурда эки өлкөнүн адистери Жол картасынын үстүндө иштеп жатышат. Маалымат боюнча, Жол картасы тараптар кыргыз-казак чек арасында аткарууга ...

0 1708

З жашар кызын үйүнөн кууп чыгарган ата...

24-октябрь 2017, 19:50 Айнура Абдиназарова

АКШнын Техас штатында 3 жашар кыз атасы тарабынан үйдөн куулуп, кийин аталган штатта каза тапкан. Бул тууралуу The Sun агенттиги билдирди. Берилген маалыматка ылайык, АКШнын жараны 36 жаштагы Уэсли Мэтьюс 3 жашар кызын сүт ичпегендиги үчүн үйүнөн чыгарып жиберген. 5 саат убакыттан соң укук коргоо кызматкерлери кыздын жансыз денесин табышкан. Учурда жаш кыздын эмне себептен өлгөндүгү тууралуу так маалыматтар айтыла элек. Ал эми атасы кызына жасаган мамилеси үчүн сот жообуна ...

0 2071

Канат Исаевдин кызы Бермет: "Чоң апама, атамды шайлоого карата үгүт иштери менен жүрүп бошобой атат”, - деп койгонбуз"

24-октябрь 2017, 21:12 Айнура Абдиназарова

30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча камакка алынган. Ошондон кийин депутаттын улуу кызы Бермет Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына атасынын камалышы саясий куугунтук экенин жазып чыкты. Учурда Москвада билим алып жаткан 22 жаштагы депутаттын кызы бизге да атасы тууралуу маек куруп берди. – Бермет, атаң камакка алынгандан бери ...

0 2481

Адахан Мадумаров: Өзүбүздүн көчтү тандап ала турган күч түзүшүбүз керек

24-октябрь 2017, 16:51 Айнура Абдиназарова

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, соңку президенттик шайлоого талапкер болуп катышкан Адахан Мадумаров азыркы бийликке каршы жаңы партия түзүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн «Кыргызстандагы шайлоолор: жыйынтыгы жана алдыга божомолдор» деген аталыштагы талкууда сүйлөп жатып айтты: - Улуттук масштабдагы бир саясий партиянын түзүлүшүнө баш отубуз менен киришүү керек. Каалайбызбы, каалабайбызбы, болуш керек. Баягыдай аймактык, шаардык, кокту-колоттук, облустук партиялардын ...

0 872

Чүйдө мас депутат Патрулдук милициянын кызматкерин сабап салды

24-октябрь 2017, 15:50 Айнура Абдиназарова

Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында жергиликтүү кеңештин мас депутаты Патрулдук милициянын кызматкеринин кийимин айрып, погонун жулуп алган. Бул тууралуу милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 23-октябрь күнү 02:30 чамасында ПМ кызматкерлери айдоочусу мас болуусу мүмкүн деп "Мерседес-Бенц" унаасын токтотушкан. Натыйжада, айдоочу ПМ кызматкерлерине орой мамиле кылып, аларды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп кирген. Ошондой эле, тааныштарына чалып, окуя болгон жерге келүүсүн суранган. ...

0 1197

Сүрөт - Дүйнөдөгү эң ийилчээк - жылан аял Лейлани Франко

24-октябрь 2017, 16:46 Айнура Абдиназарова

Дүйнөдөгү эң ийилчээк - жылан аял тууралуу уктуңуз беле? Ал Филиппиндин Манила шаарында жашайт. Лейлани Франко айым өзүнүн ийилчээктиги менен трюктарды жасап дүйнө элин таң калтырып келет. Мисалы, ал буту менен чай куя алат. Ал 2014-жылы рекорд жаратып, дүйнөлүк Гиннес Рекорддор китебине кирген. Лейлани бир буту менен чай куйса, экинчи буту менен ийилип сүт куят. Оондой эле, 1 минутада 25 жолу буттарын айландырат. Лейлани Франкого цирктерде аренага ...

0 778

Ураган курулушту улантууга тыюу салынат

24-октябрь 2017, 15:01 Айнура Абдиназарова

Бишкектеги Аалы Токомбаев  көчөсүнүн боюнда курулуп жатып, монолити урап түшкөн курулушту улантууга тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын аймактык башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, учурдагы иликтөө иштери жыйынтыктаган соң, курулуш толугу менен сүрүлүп, “Авангард стиль” компаниясы техникалык курулуш эрежелерин сактабаганы үчүн 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып төлөшү мүмкүн. Белгилей кетсек, 23-октябрда аталган компания куруп жаткан имараттын экинчи кабатынын монолити кулап түшүп, ...

0 3254

Сүрөт - Актер Амантур Мусаев үйлөндү

24-октябрь 2017, 14:26 Айнура Абдиназарова

Актер Амантур Мусаев  кечээ, 23-октябрь күнү бойдокчулук менен коштошту. Ал жубайы менен мындан үч жыл мурда таанышкан. Баткен облусунун Лейлек районунун 21 жаштагы тургуну Миргүл аттуу кызга баш кошту. Амантур Мусаевдин үйлөнүү кечесине белгилүү ырчылар жана куудулдар, кесиптештери катышты. Алар, Айнура Салахидинова, Кубаныч Сатаев, Дайыр Исмадияров, Курал Чокоев жана башкалар. Буга чейин актёр чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу «Заман Кыргызстан» гезитине берген маегинде чыгармачылыгын ...

0 590

Кыргыз-казак өкмөт башчылары Ереванда жолугушат

24-октябрь 2017, 12:29 Айнура Абдиназарова

24-октябрда өкмөт башчы Сапар Исаков эки күндүк жумушчу сапары менен Арменияга барат. Сапардын алкагында 25 — октябрда премьер-министр Ереванда өтүүчү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышат. Ошондой эле, бүгүн кечинде Сапар Исаков Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушат. Бул тууралуу Казакстандын "Хабар" агенттиги кабарлап, сүйлөшүүнүн негизин эки өлкө ортосундагы Жол картасы маселеси түзөрүн билдирген. Белгилей кетсек, 10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөтүп, ...

0 311

Маулен Ашимбаев, Казакстандын депутаты: "Кыргызстан 100 миллион доллар жардамдан баш тартууга укугу бар"

24-октябрь 2017, 13:21 Айнура Абдиназарова

Казакстандын депутаты Маулен Ашимбаевдин билдирүүсүндө Кыргыстан Казакстан тараптан берилүүчү 100 миллион доллар жардамдан баш тартууга укугу бар. Бул тууралуу Казакстандын массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Белгилей кетсек, Кыргыз өкмөтү ЕАЭБнын алкагында Казакстан убада кылган 100 миллион доллар грантты алуудан баш тартууну көздөгөн. Тиешелүү келишимди жокко чыгаруу боюнча сунуш парламентке жөнөтүлүп, депутаттар бул маселени колдоого алган болчу. Ал эми казакстандык депутат "Эл аралык тажрыйбага таянсак, ...

0 331

Чек ара маселесине байланыштуу баалар өсүүдө

24-октябрь 2017, 11:40 Айнура Абдиназарова

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы тоскоолдуктарга байланыштуу ундун, көмүрдүн баалары өсүп жаткандыгы байкалат. Мындай маалыматты антимонополия мамлекеттик агенттиги таратты.  12-19-октябрларда азык түлүккө жана азык түлүк эмес товарларына болгон баанын өсүшү болгон эмес. Бирок, биринчи жана экинчи сорттогу буудай ун, тамак аш майы, күрүч, койдун жана уйдун эти, картошка, сабиз, пияз, тоок жумурткасы жана фасольдун баасы өсүп кеткен. Андан тышкары, цемент, көмүр жана күйүүчү майга ...

0 327

Т. Жумакадыровдун ордуна Даир Кенекеевдин талапкерлиги сунушталды

24-октябрь 2017, 11:04 Айнура Абдиназарова

Өкмөт башчы Сапар Исаков, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьерлик кызматына Даир Кенекеевдин талапкерлигин сунуштады. Сунуш жакында Жогорку Кеӊеште каралары күтүлүүдө.  Даир Кенекеев учурда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эсептелет. Даир Кенекеев 1974-жылы туулган. Учурда 43 жашта. Эмгек жолу:  1993 — 1994 — Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Оргочор мамлекеттик заводунда зоотехник кесибин аркалаган; 1999 — Кыргыз-француз «ARPA BGI BBc ишканасынын вице-директорунун ассистент-котормочусу; 1999 — 2001 — Чет ...

0 316

Тажикстанда май куйуучу жайлар түйүнүнүн жетекчилери камалышты

24-октябрь 2017, 10:45 Айнура Абдиназарова

Тажикстандын Коррупция менен күрөшүү жана каржы көзөмөлү агенттиги “Умед-88” компаниясынын жетекчилеринин камалганын тастыктады. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди. Компаниянын башчысы Раджабали Одинаев, анын орун басары Идибек Иброхимов жана башка жооптуу кишилер мыйзамсыз насыя алуу, салык төлөөдөн качуу, алдамчылык жана жалган документ жасоого айыпталышууда. Агенттик маалымдагандай, компаниянын жетекчилери 2015-жылы Каржы министрлигинен 171 миллион сомони (19 миллион доллар) алып, жылдын соңуна чейин ...

0 672

8 шайлоо тилкесинде добуш берүү жыйынтыгы жараксыз деп табылды

24-октябрь 2017, 10:03 Айнура Абдиназарова

Өлкөдөгү 8 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой 54 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу аяктады.  Анын жыйынтыгында Сузак, Сокулук, Кара-Суу жана Бишкектеги айрым аймактык шайлоо комиссияларында бюллетендер идентификациядан өткөн шайлоочулардын санынан көп болуп калганына байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы №7269-шайлоо тилкесинде добуш 55 айырмачылык чыккан. ...

0 1452

"Авангард-стиль" курулуш компаниясы имараттын кулашы боюнча билдирүү таратты

24-октябрь 2017, 09:46 Айнура Абдиназарова

Кечээ, 23-октябрда Аалы Токомбаев көчөсүндө "Авангард-стиль" курулуш компаниясы салып жаткан имараттын экинчи кабатынын монолити кулап түшкөн. Андан 11 адам жаракат алып, 2 кишинин абалы оор. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, кырсыктан жабыркагандардын тогузунун абалы туруктуу. Ал эми "Авангард-стиль" курулуш компаниясы окуя боюнча билдирүү таратты; "Коомчулукта тарап жаткан маалыматтардан улам төмөнкүдөй билдиребиз: Биринчиден, жаралган кырсыктан адам өмүрү кыйылган жок жана өмүрүнө коркунуч ...

0 396

Бычак жеген "Эхо Москвы" радиосунун журналисти реанимацияда

24-октябрь 2017, 09:18 Айнура Абдиназарова

"Эхо Москвы" радиостанциясынын журналисти Татьяна Фельгенгауэр реанимацияда жатат. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди. “Эхо Москвы” радиосунун журналисти Татьяна Фельгенгауэрди 23-октябрда редакцияга кирип келген белгисиз адам бычак менен моюнга сайган. Дарыгерлер ооруканага жеткирилген журналисттин абалы стабилдүү оор экенин, өмүрүнө коркунуч жоктугун билдиришүүдө. Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Алдын ала маалыматтар боюнча кол салган 48 жаштагы Борис Гриц кармалып, сурак берүүдө. Орусиянын Журналисттер ...

0 494

Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

24-октябрь 2017, 09:12 Айнура Абдиназарова

2017-жылдын 23-октябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 2017-жылдын 11-октябрындагы Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн  башчысын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Протоколу бекитилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Б.Ашырбаев шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү ...

0 529

Тарых музейинде көзөмөлдүн жоктугунан экспонаттар жоголгон

24-октябрь 2017, 08:57 Айнура Абдиназарова

Республикалык тарых музейлеринде жүргүзүлгөн инветаризациянын жыйынтыгында Мамлекеттик тарых музейинен 503 экспонат жок болуп чыккан. Коопсуздук кеңешинин секретариатынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган маалыматында айтылат деп билдирет Марал fm. Мындан тышкары, баалуу металлдар фонду боюнча комиссия 29 музей экспонатын тапкан эмес. Ал эми М.В.Фрунзе атындагы үй музейден дагы 100 музейлик экспонат жоголгон. Көрсөтүлгөн музейлик буюмдардын жоктугу боюнча министрлик ...

0 807

Ким Чен Ын адам өлтүрүүчү гүл өстүрүүдө

24-октябрь 2017, 08:46 Айнура Абдиназарова

АКШдагы Гарвард университетинде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын химиялык куралдарына байланыштуу отчет даярдалды. Бул тууралуу ТРТ Аваз билдирди. Буга ылайык Түндүк Кореянын лидери, өлтүрүүчү гүл жана чума оорусу боюнча иштеп жатат. Түштүк Корея башкаруусунун Түндүк Кореянын 13 түрдүү биологиялык куралга ээ экенин айтканы да эске салынган отчетто, даярдалган өлтүрүүчү гүл жана чума оорусун жараткан химиялык заттардын бир канча шишесинин он миңдеген адамдын ...

0 452

Чыныбай Турсунбеков Опера жана балет театрына 500 миң сом бөлдү

23-октябрь 2017, 17:43 Айнура Абдиназарова

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына жеке резервдик фондунан 500 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу төрага Б.Миңжылкиев атындагы үчүнчү эл аралык фестивалынын жыйынтыктоо иш-чарасында билдирди. Фестивалда Чыныбай Турсунбеков опера жана балет өнөрүнүн очогу болгон аталган театр кыргыз маданиятынын маанилүү борбору экенин белгиледи. Белгилей кетсек, СССР тарагандан бери Опера жана балет театры жана башка маданият борборлору көңүл ...

0 2075

ВИДЕО -Түркменистандын президенти курулуштардын абалын ат менен текшерсе, биздикилер дүрбү менен караганга да алы жок...

Видео 23-октябрь 2017, 17:09 Айнура Абдиназарова

Түркменистандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов ат үстүндө Ашхабад шаарындагы жаңы курулуп жаткан имараттар менен таанышты. Бул тууралуу жергиликтүү сайттар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, түркмен ажосу Ашхабад шаарынын мэринин сунушу менен ат минип шаардагы абал тууралуу таанышып, келечекке болгон курулуш пландарын сүйлөшүшкөн. Түркменистандын президентинин мындай аракетинен кийин, биздин өлкөдө курулуп жаткан жаңы үйлөрдүн сапатын текшерген атка минерлер барбы деген суроо туулат. Биздикилер ат менен эмес, авто унаасы ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83