www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурайым Рысмамбетова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (171)

0 15047

Жер астында жоголгон шахтёр 17  жылдан кийин тирүү табылды

Жашоодо ойго келбеген нерселер болорун Кытайдын Синьцзян провициясындагы катталган окуя далилдейт. Шахтерлор тобу, 17 жыл жыл мурун жер титирөөдөн улам, жер астындагы өтмөктүн эки ири көлөмдөгү аянты урап калган эски шахтадан галлереяга кеткен жол табышкан. Галлереяны изилдеп жатышып, жер алдынан 1997-жылы болгон кырсыктан калып кеткен 59 жаштагы адамды табышкан. Ал киши абдан жаман акыбалда болгон. Шахтерлор аны дароо эле ...

0 164

Сооронбай Жээнбеков ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынына катышуучулар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда  ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынына катышуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдирди. «Дүйнөдө жана региондо кырдаал бардык деңгээлдерде тыгызыраак кызматташууну талап кылууда. Сиздердин эл аралык жана аскерий-саясий өз ара аракеттешүүнүн абалын жана болочогун туруктуу түрдө талкуулап жатканыңар кубандырат. Азыркы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү принциби биздин өлкөлөрдүн мыйзамдарын жакындаштырууну талап кылат. ...

0 707

Улуттук госпиталдын бөлүм башчысынын акча менен кармалгандыгы аныкпы?

Улуттук госпиталдын Көздүн микрохирургия бөлүмүнүн башчысы пара алуу менен кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышкан. “Болжолдуу маалыматтарга караганда, шектүү катары Салтанат Иманбаева кармалган. Ал жасаган операциясы үчүн, 30 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Бирок, үй камагына коё берилген”, - деп жазылган басылмада. Кийинчерээк жактоочу Чынара Жакупова, бул маалыматты төгүндөгөн билдирүү таратты. Буга ...

0 335

Зеленский мамлекет башчысы болору менен Раданы таратты

Украина президенти болуп шайланган Владимир Зеленский, Жогорку раданы тез арада таратарын билдирди. Бүгүн, Зеленский Украинанын президенти катары иннагурациядан өтүп, мамлекет башчысы катары толук ишине киришти. Раданын келерки шайлоосу ушул жылдын октябрь айына пландалууда. Депутаттардын эки айлык мөөнөтү калды. Өлкөнүн жаңы лидери, парламентке депутаттардын кол тийбестигин алып, мыйзамсыз баюу жана шайлоо кодексине жаңы мыйзамдарды кабыл алууга  ...

0 1197

Бишкек-Ош жол кырсыгынан эки полковник каза таап, эки офицер катуу жараат алды

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан эки полковник каза болуп, эки офицер катуу жабыркады. Бул маалымат Чүй облусунун Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкталды. Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-майда эртең мененки саат 6:30 да 97-чакырымында "Мазда Демио" унаасы менен жүк унаасы кагылышты. Болжолдуу малыматтар боюнча, Оштон  Бишкекке бара жаткан аскер адамдары түшкөн “Мазда” унаасынын айдоочусу уктап кетип, жүк ташуучу унаага урунган.

0 570

Колонияда “бунт” чыгып, 29 адам каза тапты

Тажикстандын батышында жайгашкан катуу көзөмөлдөгү колониясында кечээ, 19-майда түнү ызы-чуу, көтөрүлүш чыккан. Бул тууралуу Тажикстандын Юстиция министрлигинин орун басары Мансурджон Умаровдун маалыматына таянып, РИА Новости жазып чыкты. Колониядагы көтөрүлүштө 29 адам каза тапкан. Министрдин орун басарынын айтымында, каза болгондордун сегизи өзүнө кол салган, андан тышкары, 3 кайтаруучу каза тапкан. Маалыматка ылайык,  түрмөдөгү чууну “Ислам мамлекети” тыюу салынган тобу ...

0 805

ИИМ Акылбек Мамасейитовдун кызматка дайындалышы боюнча өз пикирин билдирет

“АЗИЯ NEWS” газетасы 2019-жылдын апрель, май айларынын ичинде ИИМдин кадыр-баркына шек келтирген бир катар материалдарды жарыялады. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.  Албетте, ИИМдин Басма сөз кызматы ар бир жарыяланган материалдар боюнча ИИМдин пикирин билдирип келди. Ошол эле убакта кандайдыр бир маселелер жаралса, аны чечүүнүн да жолдорун издеди. Биринчиден, аталган макалалардын чыгышына жана андан ары өнүгүшүнө “АЗИЯ NEWS” газетасынын башкы редакторунун ...

0 349

Мурунку мэрлердин соту жүрүүдө. Кубанычбек Кулматов соттогу “беспределге” нааразы

Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимодун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум өтүүдө. Айтыпталып жаткан К.Кулматов, тергөөдө башаламандык болуп, керек болсо аны кылмыш иши менен толук тааныштырпагандыгын билдирди. “Мага эмдигиче айып кагазын кармата элек. Прокурор менен соттун шалаакылыгы  гана эмес бул - “беспредел” – деп айтты Кубанычбек Кулматов. Кубанычбек Кулматов менен Албек ...

0 238

Дастанбек Жумабеков Беларусь Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы менен жолугушту

Бүгүн, 19-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) көчмө жыйынынына катышу үчүн Бишкекке келген Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Владимир Андрейченко менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламентер аралык кызматташтыкты  арттыруу маселелери көтөрүлдү. Төрага Дастанбек Жумабеков ЖККУ ПА Кеңешинин көчмө ...

0 305

Өкмөт башчынын бир тууганы Баңгизатты көзөмөлдөө башкармалыгын жетектейт

Кыргызстандын премьер – минстри Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууганы Азиз Абылгазиев Салматтык сактоо министрлигинде дары-дармек менен каржылоо департаментинде баңгизаттын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө башкармалыгын жетектейт. Бул маалыматты аталган Департаменттин сайты  жана бир катар депутаттар тастыктап берди. Белгилей кетсек, өкмөт башчынын бажасы Иманкадыр Рысалиевдин бийликке таасири бардыгы жана анын баласы Эрназар Иманкадыр уулу – “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басары болуп дайындалып, ири ...

0 776

АУДИО - Райым Матраимов  Бажы кызматындагы жумушуна барбайт

Аудиофайл 20-май 2019, 11:10 Нурайым Рысмамбетова

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун өз кызматына барбай тургандыгын анын жактоочусу Татьяна Карыжинская билдирди. Анын айтымында, ал өкмөттүн мыйзамсыз чечимин айгинелегени менен ал мурунку Мамлекеттик Бажы  кызматындагы кызмат ордуна кайтып барууну көздөгөн эмес. “Жогорку сот Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук сотунун Райымбек Матраимовду мурдагы кызматына кайра коюу боюнча чечимин күчүндө калтырган. ...

0 377

УКМКнын 5 миң доллар талап кылган кызматкери кармалды

Бишкекте Аскер прокуратурасы УКМКнын кызматкерин 5 миң доллар пара менен кармады. Бул тууралу күч түзүмдөрүнөн кабарлайт. Маалыматка ылайык, пара алууга шектелген кызматкерди 2019-жылдын 18- майында кармашкан. Ал 5 миң доллар талап кылып, анын 50 миң сомун алып жаткан жеринен кармалган. Кармалган кызматкер УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Булак:NazarNews.kg

0 465

Түркиянын  Кремлден С-400 абадан коргонуу куралдуу жабдыктарын алуусу Вашингтонду коркутууда

Анкара менен Москва эми куралдык жабдуу жаатында бирге кызматташууну баштайт. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын билдиргенине караганда, алар эми Москва менен биргеликте С-500 абадан коргонуу системасын өндүрүп чыгуусу пландалууда. Түркия  Орусиядан С-400 комплекстерин жана АКШдан Ф-35 аскердик учактарын сатып алат. Москва менен Анкара 2,5 миллион долларга төрт С-400 комплексин сатып алуу тууралуу макулдашууга ...

0 215

Сооронбай Жээнбеков: Бул дүйнөдө Энеден өткөн ыйык түшүнүк жок

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: "Урматтуу энелер! Сиздерди Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бүгүнкү майрам баарыбызга кымбат. Бул күнү биз ак элечек энелерибизге, ак жоолукчан апаларыбызга урмат көрсөтүп, алардын ысык мээримине, чексиз кайратына дагы бир ирет таазим этебиз.  Бул  дүйнөдө Энеден өткөн ыйык түшүнүк жок.  Ар бир адамдын мүнөзүнүн, инсандык сапатынын, турмуш сапарынын  артында эненин ...

0 610

Райым Матраимов өкмөттү Жогорку Соттон да утту

Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов негизсиз иштен алынганын айтып, өкмөттү сотко берип, мурунку кызматына турууну суранган. Кечээ Жогорку Сотто Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго карата кыргыз өкмөтүнүн даттануусу каралып, Бишкек шаардык соттун чечими күчүндө калтырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун сайтына жарыяланды. Бул тууралуу Марат Бакаев өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады. Жогорку Сот Райым Матраимовду кызмат ордунда ...

0 230

Президент Сооронбай Жээнбеков: Соттук-укуктук реформанын негизги максаты - сот адилеттигин орнотуу

«Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — сот адилеттигин орнотуу, жарандарыбыздын укугун коргоо. Сот реформасы — учурдагы эң чоң маселе», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 17-майда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуусунда. Мамлекет башчысы 2019-жылдан тарта жаӊы кодекстер жана мыйзамдар иштей баштагандыгын эске салды. Алар укук коргоо органдарынын, сот бийлигинин ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылууга, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга багытталган. «Жоруктарды кылмыштардын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1144

Оштун мэри Комарово пионерь лагерин кимге суулап жатат?

Ишенимдүү булактардын маалыматына караганда Кыргызстанда “купи-продай” акциясынын токтоочу түрү жоктой Кызарган жерди баса калып, амалы бары сатат , капчыктууусу алат. Тагыраагы, оболу ижарага алдым деп элдин башын айландарып ат тезегин кургатпастан, менчиктеп алат да каалаганын жасайт.Бул махинация кечээ күүчүнө кирген жери жок. Ал кыргыз бийлигинин канына сиңип бүткөндүктөн, дарты күчөп, шыпаасын эч ким таба албай жатат. Кайран эл какшап-какшап ...

0 177

Ирригация боюнча программанын алкагында 634 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилди, 3,5 миң гектар жердин суу чыгарылышы жакшыртылды

“Бизде суу бар, бирок, ошол эле мезгилде, сугат сууну жеткизе албай жатабыз. Кээ бир региондордо 100 миң - 50 миң гектар жерлерди иштеткенге мүнкүнчүлүгүбүз бар, ушуларды биз өздөштүрүшүбүз керек. Ирригация боюнча программа кабыл алынып, былтыр 634 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилди, 3,5 миң гектар жердин суу чыгарылышы жакшыртылды, каналдар ремонт болуп, суу менен камсыз кылууга шарт түзүлдү”, -  деп ...

0 496

Батукаев боюнча камалган лобарант СИЗОдон бутун сындырып алды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча камакка алынып СИЗО-1 абагында  жаткан лобарант, керебеттен түшөм деп жатып бутунун таманын сындырып алган. Маалыматка ылайык, керебеттен кулап кеткен Ирина Цоповага дароо медициналык жардам көрсөтүлгөн. Түрмөнүн хирургу анын бутун карап, гипс коюп берген. Андан тышкары, кечээ аны травмотолог көрүп, ооруканага жатууга эч кандай негиз жок деген тыянак чыгарган.

0 670

Токон Мамытов, Батукаевдин бошотулушуна анын кандай тиешеси бар экенин айтты

Мамлекеттик чек ара кызматынын мурунку башчысы, Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов кримтөбөл Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кеткенин  кандайча укканын, ага кандай катыштыгы бар экендигин ММКларга берген маегинде айтып берди. Анын айтымында, Батукаевдин өлкөдөн чыгып кеткендиги боюнча маалымат кесиптештери тарабынан жеткирилген. 9-апрелде кечинде “Манас” КППнын башчысы чалып, аэропортто УКМК менен ИИМ кызматкерлери жайнап жүргөнүн кабарлаган. Андан тышкары, ...

0 287

Иманкадыр Рысалиев: “Мегакомдун” башчысы Акылбек Жамангуловдун үстүнөн арызданам”

“Ачык өкмөт” катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиев, «Мегакомдун” мурунку башчысынын билдиргени жалган экендигин жергиликтүү ММКларга кабарлады. Акылбек Жамангулов менен жолукканын танбайт. Рысалиевдин айтымында, мамлекеттин, балдардын келечеги тууралуу сүйлөшкөнбүз. “Жөнөкөй адамдардын да балдары бар. Каяктагы коркутуу? Мен, эмне келесоо белем. Акылбек Жамангуловдун айтып чыкканын текшерүү үчүн укук коргоо органдарына расмий түрдө кайрылам. Мен ага жазган ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83