www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтын Булат

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (280)

0 83

Коомчулуктун сынына кабылган Чокморовдун эстелиги кайра баштан тургузулат

22-октябрь 2019, 18:09 Алтын Булат

Келээрки айда, тагыраагы, 17-ноябрь - кыргыз кино күнүнө карата СССРдин Эл артисти, белгилүү актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңысына алмаштырылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ал маалыматка ылайык, жаңы эстеликтин авторлору - скульптор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев. Эске сала кетсек, скульптор Алмаз Кожегуловдун эмгегине таандык, Бишкектин Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде тургузулган ...

0 81

Бишкекке жылуулук качан берилет?

22-октябрь 2019, 17:17 Алтын Булат

Мына ушул суроого учурда шаардыктар жооп таба албай убара. Ошол эле мезгилде, Бишкек ЖЭБинде 1 миллион тонна көмүр керектеле турган болсо, учурда анын 196 миң тоннасы эле даярдалганы айтылууда. Мындан улам, тынчы кеткен шаардыктар “Эми эмне менен жылытат?”, “Андай болсо, тезек тергиле деп коюшпайбы”, “аяз түшүп баары тоңгуча күтүп жатышкан го...”, “мэрия менен өкмөт эмнени ойлошууда” деген өңдүү тынчсызданууларын ...

0 397

Түнү жалгыз баспа! Зордукчудан аялын коргогон адам жаза алышы мүмкүн

22-октябрь 2019, 16:12 Алтын Булат

Достору менен эс алуу учурунда күйөөсүнө айтпай үйүнө кетип калган аял орто жолдо зордукчунун запкысын тартты. Бул окуя 13-октябрь күнү Орусиянын Харьков областында катталганын орус маалымат булактары жазып чыгышты. Ал маалыматта айтылгандай, аял үйүнө жакындап калган учурда артынан акмалап келген белгисиз эркек аны зордуктап кирген. Бул учурда аялын издеп чыккан 27 жаштагы күйөөсү кыйкырып, жалынып жаткан тааныш үндү угуп ...

0 157

СҮРӨТ - Памперсчен кой депутаттарды уяткарды

22-октябрь 2019, 14:51 Алтын Булат

Бишкекте керек болсо маданияттуу койлор бар. Шаарды булгабас үчүн минтип памперс кийип алат. Мына бул сүрөт учурда социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын купулуна толуп турган чагы. Анда айтылгандарга караганда, булар айрым “элита койлорго” караганда кыйла таза. Албетте, салыштыруу адаттагыдай эле Ак үйдөгү депутаттардын короосуна ыргыды. Эске сала кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешов Ак үйдөгү дааратканаларга киргенден чыккыча шаша турганын билдирген ...

0 202

Экстер: Назарбаев “рулда”, Атамбаев “багажда”

22-октябрь 2019, 14:11 Алтын Булат

Казакстандын экс-президенти өмүрү өткөнгө чейин өлкөнү башкарып калары белгилүү болду. Тагыраагы, Нурсултан Назарбаевдин тандаган кадры, учурдагы президент Касым-Жоомарт Токаев тунгуч мамлекет башчысысынын кадр саясатындагы ыйгарым укуктарын кеңейтип берди. Анда айтылгандай, эми мурдагы казак президенти Коопсуздук кеңешин өмүрү өткүчө жетектейт. Ал эми Коопсуздук кеңеши мыйзамына ылайык, мындан ары аталган кеңештин төрагасынын макулдугу менен өкмөт мүчөлөрү дайындалат. Ошондой эле президентке түздөн-түз ...

0 77

Жол курулуп бүткөндө лента кесилеби же оңдолуп бүткөндөбү?

22-октябрь 2019, 12:40 Алтын Булат

Жалпысынан 12 миллион сомго бүткөрүлгөн Каракол шаарына түндүк тарабынан кирген 700 метрге жакын жол оңдолуп, колдонууга берилгени аз эле убакыт болду. Болбосо бул жол кыйла түйшүк жаратып, оңдоого кеткен убактысы кыйлага созулган. Анткен менен, акыры заманбап, жаркылдаган жол пайда болгонуна шаардыктар түгүл, ал жакка каттаган коноктор да кубанып жаткан. Кызыгы, шаардык бийликтин башчысы Адыл Каниметов баштаган бир катар чиновниктер ...

0 136

Нарындагы тентек троллейбустар айдоочусу жок эле жүрө берет

22-октябрь 2019, 11:38 Алтын Булат

“Форсаж” эмне болуптур, керек болсо Нарында троллейбустар айдоочусу жок деле жарышат. Бул сүрөттү Фейсбукка жүктөгөндөрдүн айтымында, ал теңир тоонун борбор калаасындагы жолдордун биринен тартылган көрүнүш. Тагыраагы, учурда социалдык түйүндүн колдонуучулары береги жарышка түшкөндөй болгон эки троллейбусту кызуу талкуулап жатышат. Бири мал базар күнү Нарындын көчөсүндөгү бул тролейбустарга кой, эчки ал тургай торпок, уйлар менен түшүп аларын айтса, дагы бири ...

0 141

Кыргызстанды Кудай сактаптыр! Эң көп мамлекеттик карызы бар 10 өлкөнүн аты аталды

22-октябрь 2019, 10:39 Алтын Булат

Эл аралык валюта фонду ички дүң продукцияга салыштырмалуу мамлекеттик карызы башынан ашып кеткен өлкөлөрдү атады. Ал маалыматта, 2018-жылдын октябрь айынан ушул жылдын октябрь айына чейин бир жыл ичинде анализ жүргүзүлгөн. 1. Япония — 238% 2. Греция — 182% 3. Барбадос — 157% 4. Ливан — 147% 5. Италия — 132% 6. Эритрея — 131% 7. Конго — 131% 8. ...

0 99

Министр Чодуев кызматтан кетеби же…?

22-октябрь 2019, 09:42 Алтын Булат

Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жумуштан кетет экен деген каңшаар тараган. Бирок, ал жумуш ордунда эле иштеп олтуруптур. Анын кызматтан кетейин деген ою деле жок экен. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Темиржан Мааткеримов “НазарНьюс” маалымат агенттигине билдирди. Маалымат катчынын маалыматына караганда, Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин мурдагы директору Бакытбек Мамытканов 2019-жылдын 5-июлунда өкмөт башчы ...

0 423

Улукбек Ормонов улуу той берсе, 40 уруу кыргыз бата бериптир

21-октябрь 2019, 17:11 Алтын Булат

Жогорку Кеңештин башка эл өкүлдөрү сымал эле депутат Улукбек Ормонов да келерки шайлоого катуу даярдык көрүүдө. Тагыраагы анын “пиар” кампаниясы өзгөлөрдөн озуп кетти окшойт. Ал жакында Өзгөндө Карабагыш уруусунун чоң тоюн өткөрүп, кыргыздын 40 уруусунан кыйындарды жыйыптыр. Өзгөчө оригиналдуу бекен?! Албетте ошондой. Учурда той өткөргөн кыргыз барктуу, баалуу болуп калбадыбы. Эми анда “Ормонов өткөрдү” деп деле айтылбайт. Бирок, ошол ...

0 475

ЧУКУЛ КАБАР - Айыл чарбанын ана башчылары тынч эмес. Чодуев кызматтан кеттиби?

21-октябрь 2019, 16:21 Алтын Булат

Фейсбукка чыккан тактала элек маалыматтарда, Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев кызматтан кеткени айтылууда. Эске сала кетсек, бүгүн, 21-октябрда аталган министрликтин Жайыт жана балык чарба департаменинин башчысы Бакытбек Мамытканов өзүнүн кызматтан кетишине Чодуевди күнөөлөп чыккан. Анда айтылгандай, Мамыткановду кызматка дайындап жатып министр ал орун үчүн акча төлөшү керек экенин эскерткен. Бирок ал сөзгө, мурдагы департамент жетекчиси убагында маани ...

0 238

ВИДЕО - Акын Аалы Туткучев эми куудул

Видео 21-октябрь 2019, 15:32 Алтын Булат

Аалы Туткучев дегенде кыргыз-казак эли калпагын кежигеге баса кийип, колундагы комузун күүлөп, сахнадагы каршылашын какшыктап, ай-буйга келтирбей “оодара тартып” жаткан сары төкмө акынды элестетээрибиз бышык. Анткен менен “талант бир сырдуу, миң кырдуу” болот деген ушул Туткучевге жарашып турат окшойт. Себеби, Аалыкеде өнөр көп экен. Эми аны куудулдук, аткаруучулук жана пародия жанрында дагы таанып калганы турабыз. Дегеним, жакында ал “Катын калп айтпайт, ...

0 261

Актай кагаз кармап борбордук аянтта жүрүүгө болбойт. Эмнеге...?

21-октябрь 2019, 17:26 Алтын Булат

Кызыл аянтта актай плакат кармап турган оппозиционер Ольга Мисикти полиция кармап кетти. Орусиянын полициясы мындай маалыматты ырастаган. Анда айтылгандай, Мисикке коомдук жайдагы тартипти бузгандыгы үчүн протокол толтурулуп, айып пул салынган. Эске сала кетсек, мындай актай барак менен ушул эле Кызыл аянтта буга чейин ЛГБТ-кыймылынын мүчөсү Полина Симоненко дагы акцияга чыгып, полициянын тарбиясын алган. Ошондой эле Нур-Султан шаарынын борбордук аянтында ...

0 103

Сириянын студенттери АКШ аскерлерине каршы чыгышты

21-октябрь 2019, 12:52 Алтын Булат

Алеппо шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери АКШ армиясын Сириядан чыгарууну талап кылып чыгышты. Бул тууралуу айтылган маалыматтарда, митингкке чыккандардын саны 2 миңден ашат. Окутуучулардын сөзүнө караганда, Америкалык аскерлер терроризм менен көрөшүүдө Сирия күткөндөй жардам бере алган жок. Тескерисинче, алар согушкерлерге көмөктөшүп өлкөнү талкалоого, кыйроого алып келишкен. Эске сала кетсек, өткөн аптада Түркия Сириянын күрддөр жашаган аймагында аскердик ...

0 430

ВИДЕО - Мыйзамдагы ууру Костя Канский кармалды

Видео 21-октябрь 2019, 12:25 Алтын Булат

Куралданган спецназ шаты аркылуу дарбазаны ашып түшүүдө. Ичкери киргенден кийин дагы кыйлага тинтүү жүрдү. Айтылгандарга караганда, “Костя Канский” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Константин Найбауэрди Орусиянын Красноярск крайында милициянын спецназы колго түшүргөн. Кримтөбөл каршылык деле көрсөткөн эмес. Орусиянын ИИМи билдиргенге ылайык, 54 жаштагы бул кримтөбөл шаар четиндеги үйүнөн кармалган. Анын үстүнөн “Кылмыштуу иерархияда жогорку даражаны ээлөө” беренеси менен кылмыш ...

0 88

Аскада селфи кылмакчы болгон аял учуп өлдү

21-октябрь 2019, 11:27 Алтын Булат

41 жаштагы аялдын жансыз денеси Орусиянын Приморск крайындагы Дарданеллы капчыгайынан табылды. Тергөөчү, каза болгон аял 20 метр бийиктиктен учуп түшкөнүн билдирген. Ал айтылгандарга ылайык, Орусиянын Приморск крайында бул аял аскадан сүрөткө түшмөкчү болгон. Бирок жаза басып алып тайып, кулап кеткен. Учурда бул факты боюнча “Байкабастыктан өлүмгө алып келүү” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 987

ВИДЕО - 27 секундда 300 миң доллар карактап кетишти

Видео 21-октябрь 2019, 10:41 Алтын Булат

Унаалар толгон кан жол, сыртта жарык. Капыстан капталдан чыга калган Мерседес, алдыдагы кара түстөгү Мерседес унаасын жөөлөп барып токтотуп, биринчи унаадан түшкөн 5-6 жигит тиги токтогон унаанын эшигин күч менен ачып, багаждан сумкаларды алып кетишти. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазгандарга караганда, окуя 14-октябрь күнү Москванын Ленин проспектисинде катталган. Каракчылардын колуна тийген сумкаларда 300 миң доллар (20 миллион рубль) ...

0 207

ВИДЕО – Министрдин буйругу куру сөзбү?

Видео 19-октябрь 2019, 18:17 Алтын Булат

Министрди мугалим тоготпойт же мектеп жетекчисинен – мугалим, мугалимден – ата-эне коркот. Мына ушундай көз караш коомчулукта жаралып жаткан учуру. Тагыраагы, жакында эле Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун мектептердеги акча чогултууларга тыюу салган буйругу чыккан. Бирок, бул видеодогу айтылгандарга ылайык, мугалимдер дагы деле ата-энеден акча талап кылганын токтотуша элек. Мугалимдер министрдин буйругун тоготушпай турганын, “бул жөн эле ...

0 440

"Бизге америкалык армиянын кереги жок!” Ызы-чуу салган студенттерди кармап кетишти

19-октябрь 2019, 16:58 Алтын Булат

Тосмодон ашып киришкен түштүк кореялык студент-демонстранттар АКШ элчиси Гарри Харристи “бул жерден жогол” дешти. Айтылгандарга караганда окуя кечээ, 18-октябрда Сеулда катталган. Анда айтылгандай, элчинин резиденциясына каршылык акцияга чыккан студенттердин он тогузун Сеул полициясы кармап кеткен. Учурда студенттер укук коргоочуларга сурак берип жатышат. Белгилей кетсек, студенттердин нааразы болушуна ушул жылдын июнь айында АКШнын расмий бийлиги Түштүк Кореянын аймагындагы америкалык аскерлерди ...

0 1068

СҮРӨТ(18+) - Хакерлер белгилүү ырчы, актрисанын ачык сүрөттөрүн жарыялап жиберишти

19-октябрь 2019, 14:55 Алтын Булат

Ашканадагы аялдын жып-жылаңач селфи сүрөттөрү. Кебетеси америкалык ырчы жана актриса Деми Ловатого окшош. Бул сүрөттөр кара ниеттүү адамдар тарабынан уурдалып, интернетке тараганы айтылууда. Хакерлер сүрөттөрдү бир нече сайттарга жана форумдарга жүктөшкөн. Эми аларды табыш кыйын. Анткени атайын адистер тармактардагы ырчыга тиешелүү баардык маалыматтарды өчүрүүгө көмөктөшүүдө. The Blast порталынын маалыматы боюнча, Твиттердин башкы директору Жек Дорсинин баракчасын бузууда белгилүү болгон ...

0 528

Назарбаев Лондондун көчөсүн шыпырат

19-октябрь 2019, 13:12 Алтын Булат

Нурсултан Назарбаевдин Британияда жашап жаткан небереси Айсултан Назарбаев шарттуу түрдө соттолду. Муну дүйнөлүк булактар чагылдырып жатышат. Маалыматтарга таянсак, эми ал өкүмгө ылайык Назарбаев 1300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөйт жана берилген 18 айлык сыноо мөөнөтүндө, Айсултан 140 саат коомдук жумуштарда иштейт. Ошондой эле маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барышы керек болот. Ушул жылдын июнь айларында Лондондогу ...

0 200

iPhone 11 “бомба” экен. Айфондордун жарылышы 230%га чыкты

19-октябрь 2019, 11:51 Алтын Булат

Аналитиктердин иликтөөсүндө, өткөн жылдан тарта дүйнөдө iPhone смартфонунун сатылуусу төмөндөп кеткен. Айрыкча Орто Азяда, өзгөчө Кытайда кызыкчылык кескин азайганы байкалган. Анткен менен жаңы билдирүүлөргө ылайык, iPhone 11 смартфондун сатылуусу жогорку деңгээлге чыкканы айтылат. Бул моделдин Кытайдагы эле сатыгы ушул жылдын сентябрь айында 230 пайызга өскөн. Ал эми былтыр, 2018-жылы сентябрда iPhone XS линиясын чыгаруу менен Apple компаниясы сатыкты 110 ...

0 275

ВИДЕО - Бир жумурткадан төрт балапан чыкты

Видео 19-октябрь 2019, 10:05 Алтын Булат

Тооктун жумурткасынан чыккандан кийинки жөжөлөрдүн көлөмү бир алаканга дагы толбойт. Бизге жеткен бул видеону көрүп кытайлардын көп кырдуу ойлоп тапкычтыгына дагы бир жолу таң берип, жакабызды карманып жатабыз. Буга чейин дагы кытайлар резинадан жумуртка, желимден күрүч жасап, тоок эттерин бир заматта чоңойтуп, деги койчу жер-жемиштерди олтурган жеринде эле окшоштуруп ийишкенин көргөн дүйнө эли азыркыга чейин эле “шок” болуп эле ...

0 397

Даарат кагазга Конституцияны жазып, Конституциялык соттун алдына илип кетишти

18-октябрь 2019, 17:57 Алтын Булат

Тагыраагы, “Вконтакте” социалдык түйүнүнө чыккан бул жаңылыкта, кечээ, 17-октябрь күнү кечинде, бул даарат кагаз белгисиз бирөөлөр тарабынан ташталганы айтылат. Анда айтылгандай, даараткана кагазына эринбей бастырылган Орусиянын башкы мыйзамы Петербургдагы Конституциялык соттун маңдайында бир сааттан ашык илинип турган. Албетте, аны полиция кызматкерлери келип алып кеткенче, жергиликтүүлөрдүн ичинен андагы беренелерди окуп таанышып алганга үлгүргөндөрү да болгон. Булак: NazarNews.kg

0 320

СҮРӨТ - ЖК депутаттары “оптом” алмашты

18-октябрь 2019, 18:05 Алтын Булат

Жогорку Кеңеште 2020-жылдын бюджети талкууланып жатат. Жыйындар залындагы көрүнүш адаттагыдай эмес. Парламент депутаттарын таблодогу аты-жөнүнөн гана таанып-билбесе, өңү-түстөрү, ал тургай айрымдарынын жынысы дагы таптакыр башка. Чындыгында эле булар башкалар. Тагыраагы, эл өкүлдөрүнүн ордуна өкмөт менен жарандык коомдун өкүлдөрү олтуруп алышкан. Алар деле кадимки депутаттардан кем калышпай, кызуу талаш-тартышта. Айтмакчы, булардын сөзүн уккан 2-3 эле депутат бар. Ал эми калган ...

0 529

Орусия примадоннасы өлүмгө даярдануудабы?

18-октябрь 2019, 15:13 Алтын Булат

Алла Пугачева өлүмгө даярданууда – өлгөндөн кийин өзүнүн сөөгү коюла туруучу жайды сатып алды. Мына ушундай кабарларды орус маалымат булактары жазып жатышат. Анда айтылгандай, Пугачеванын сатып алган участогу Кузьминск мүрзөсүндөгү агасынын күмбөзүнө жакын. “Жылдыздар чогулушту” (Звезды сошлись) аттуу көрсөтүүдө белгилүү болгондой, учурда скульпторлор Пугачевдордун үй-бүлөлүк мүрзөсүнүн эскиздерин жасап жатышат. Эске сала кетсек, ушул жылдын апрель айларында Пугачева 70 жаш ...

0 252

“Таштанды челекке ташташ керек.” Паракор чиновниктерди сиз кантип жазаламаксыз?

18-октябрь 2019, 13:07 Алтын Булат

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын кайсы бир чиновникти колунан жетелеп келе жатат, аңгыча жер ачылып тиги чиновник ал жакка түшүп кетти. Видеого тартып жаткан оператор эмне болгону түшүнбөй таң калып карап калды. Мына ушундай кыска кыймылдуу сүрөт интернетте пайда болду. Албетте бул шөкөттөлгөн. Бирок, ал социалдык түйүндөрдө олтурган кыргыз коомчулугуна жагып жаткан учуру. Жарандардын жазгандарына караганда мындай механизм, ...

0 728

ВИДЕО – Суу түтүгүнөн төрт метрлик кобра чыкты

Видео 18-октябрь 2019, 12:07 Алтын Булат

Кадрда көрүнүп тургандай, бир куткаруучу кобраны жылаңач колу менен эле суудан сууруп чыкты. Бирок беш адам жыландын башынан куйругуна чейин кармап турду. Таиланддын калкттуу аймактарынын биринен табылган бул уулуу жылан учурда атайын корукка кое берилгени айтылууда. Ал эми кобранын адамдар жашаган аймакта жүргөнүн куткаруучуларга жергиликтүүлөр билдиришкен. Белгилей кетсек, “Падышалык кобра” же “гамадрит” деп аталган бул уулуу жыландын жашоо узактыгы ...

0 823

ВИДЕО - Чет элдиктер таксистке 100 миң сом калтырып кетишти

Видео 18-октябрь 2019, 10:12 Алтын Булат

Унаанын ичинде миң сомдуктар жайылып жатат. Кадр артында комментарий кылып жаткан автордун айтымында, болжолу мында 100 миң сом бар. Видео кечээ, 17-октябрдын кечинен бери интернетти жарып жатат. Анда айтылгандай видеого тартып жаткан адам өзү таксист болуп иштейт. Аэропортко алып барган чет элдиктер машинанын салонуна бул акчаларды таштап кетишкен, “алар кайра учуп келип сурашса мен бербей кое алам да”, -дейт ...

0 336

"Акмак болбо!" Трамп Эрдоганга сезимин билдирген кат жазды

17-октябрь 2019, 17:50 Алтын Булат

Ишенүүгө мүмкүн эмес. Бирок чын экендигин эки тарап тең ырасташкан. Анда, Түркия Сириядагы операцияларын баштаар алдында ал өлкөнүн лидери Режеп Тайип Эрдоганга АКШ президенти Дональд Трамптан кагаз кат келген. Анда, "Урматтуу президент мырза, келиңиз, жакшы келишимди талкуулайлы! Сиз миңдеген кишилердин өлүмү үчүн башкалардын айыптоосуна кабылууну каалабайсыз. Мен болсо, түрк экономикасын уратып, жоопкерчиликти өзүмө алгым келбейт",-деп баштаган Трамп каттын аягында ...

0 318

ВИДЕО – “Ата сен мени угуп жатасыңбы!” Каза болгон атасы менен сүйлөшкөн бөбөк

Видео 17-октябрь 2019, 16:23 Алтын Булат

Мүрзө, андагы эстеликтин үстүнө чыгып алган 2-3 жашар кичине бөбөк. Ал жер астында жаткан атасына бир нерселерди сүйлөп жатат. - Ата, ат-та-а, сен мени угуп жатасыңбы? Карачы менин кандай роботум бар. Мына ушул видео тасма учурда интернет колдонуучуларды ыйлатып жаткан кези. Анда айтылгандай баланын атасы жакында эле жол кырсыгынан каза болгон. Булак: NazarNews.kg

0 435

Айдоочулардын эсине! Транспортко байланыштуу маанилүү өзгөртүүлөр бар

17-октябрь 2019, 15:22 Алтын Булат

Жол кыймылын башкаруу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого уруксат берүүчү өзгөртүлгөн өкмөттүк токтомго КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык, унаа ээси салык төлөнгөндүгү боюнча наклейканы албайт. Ошондой эле МАИ кызматкерлери айдоочудан салык төлөгөндүгү боюнча мурдагыдай дүмүрчөк талап кыла албайт. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 899

Карамушкина трибунада тик турам деп оңкочук атып кетти

17-октябрь 2019, 14:11 Алтын Булат

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина баягыдай эле кайрадан экс-президентти коргоп чыкты. Ал бүгүн 17-октябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында мүмкүнчүлүгүн пайдаланып президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевге кайрылып, соболдуу пикирин айтып алды. - Мен Жогорку Кеңештеги оппозицияны сезбей жатам. Парламенттеги оппозиция жалгыз Карамушкина окшойт. Эмне үчүн экс-президенттин соту жабык өтүшү керек? Бул аныкы (ред.: Атамбаев) туура, ак ...

0 72

БУУ Кыргызстанга 9 миллион доллардан ашык каражат бергиси келет

17-октябрь 2019, 13:42 Алтын Булат

Париж келишими ратификацияланса Баткен, Нарын облустарында альтернативдүү энергия булагы пайда болот. Аны ишке ашыруу үчүн 8 миллион доллар керектелет. Бул тууралуу парламенттин 17-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынында белгилүү болду. Анда маалымат берген Токой чарба агенттиги Париж келишиминин алкагында, жалпысынан 9 миллион 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөрүн билдирди. Мындан сырткары калган каражатка абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган жабдуу сатылып ...

0 230

Ал-ло, өкмөт, ун менен нан кымбаттап жатат эмне кылабыз?

17-октябрь 2019, 10:50 Алтын Булат

Бишкек шаарынын базарларында Казакстандан келген ундун баасы кескин өскөнү байкалды. Учурда бир килограмм ундун баасы сортуна жараша 28 сомдон 35 сомго чейин чыгууда. Казакстандан кирген ундун баасынын кымбатташы быйыл коңшу өлкөдө буудайдын аз өндүрүлгөнүнөн улам болуп жатканын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирүүдө. Ал маалыматка таянсак, буга чейин Казакстандын бир тонна буудайы 120 долларга келсе, учурда 203 долларга ...

0 220

Үйү жок ар бир жаран 10% ипотека ала алат

17-октябрь 2019, 10:45 Алтын Булат

Германиянын «KFW» өнүктүрүү банкынын линиясы менен турак жайы жок ар бир кыргызстандыктын үй алуусуна шарт түзүлөт. Бул аймактарды өнүктүрүүгө багытталган программа экенин өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирет. Ага ылайык эми жылына 10 пайыздык үстөк менен өлкөнүн бардык аймактарынан там сатып алууга акча алса болот. Маалыматка караганда, программаны ишке ашыруу үчүн «Турак жайды каржылоо» мамлекеттик ипотекалык компаниясы ишке кирет. Учурда ...

0 594

Айдар Халиков: “Жапаровду колдогондордун саны миңден эмес, миллиондон ашып кетти”

16-октябрь 2019, 18:04 Алтын Булат

Садыр Жапаровду колдогондордун катары күн санап арбып барат. Социалдык түйүндөрдө президентке кайрылган жарандардын видеолору байма-бай орун алууда. Алардын катарында саясатчылар, коомдук ишмерлер дагы бар. Ал тургай “NazarNews” маалымат агенттигине дагы Садыр Жапаров тууралуу пикирин билдирип келгендер бар. Алардын бири активист жана “Эрк” саясий партиясынын төрагасынын орун басары Айдар Халиков биз менен пикирин бөлүшүп кетти. - Айдар ага, алгач ...

0 282

Элчи Түркиядан акча сурабаптыр, жөн эле эскертиптир

16-октябрь 2019, 15:27 Алтын Булат

“Элчинин “Ыйман” фондуна жардам сураганы кандай?”, - деп депутат Жанар Акаев, бүгүн 10-октябрда парламенттин “Ар кыл маселелер” жыйынында өкмөт мүчөлөрүнө собол салды. Айтымында мындай жардам суроо эгемендүүлүккө, улуттук баалуулуктарга шек келтирет. Ал буга чейин түрктөр менен болгон чырды эске салып, анда түрктөрдүн өлкөдөгү элчиси Кыргызстанга мечит салып, акчалай жардам көргөзүп жатканын милдет кылганын белгилейт. Анткен менен депутаттын суроосуна жооп ...

0 290

Ой тобо, “баптисттер” кыргыз мыйзамын өзгөртүүгө салым кошо баштаптыр

16-октябрь 2019, 16:00 Алтын Булат

Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу сунушталган мыйзам, Иеговолордун кызыкчылыгын коргоого багытталганы парламентте айтылды. Буга жергиликтүү элдердин арасындагы жаңжалдуу окуялар мисал келтирилүүдө. Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы “Ар кыл маселелер” жыйынында каралган бул мыйзам долбоордо, аракеттеги мыйзамдын “жергиликтүү кеңештер менен макулдашуу” деген жери гана өзгөртүлгөн. Тагыраагы алынып салынган. Ага ылайык, диний уюмдар борбордук дин башкармалыгында катталып, жер-жерлерде ишмердүүлүгүн жүргүзө беришсе ...

0 131

Өлкөдө үч миңден ашык диний уюм бар

16-октябрь 2019, 14:38 Алтын Булат

Бүгүнкү күнү соттун чечиминин негизинде жыйырмадай диний уюмга тыюу салынган. Бул тууралуу парламенттин 16-октябрдагы “Ар кыл маселелер” жыйынында белгилүү болду. Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында депутаттар дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун карашты. Анда айтылгандай, минюсттун жана дин иштери боюнча комиссиянын каттосунан өткөн 3294 диний уюм өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Ошондой эле өлкөдөгү мечиттердин саны 2669 болсо, 233 ...

0 300

"Кудайга" милиция чара көрөт

16-октябрь 2019, 16:07 Алтын Булат

“Мен Кудаймын” деген адамдын айткандары экспертизага жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Эми анын жыйынтыгына жараша “Кудайдын” тагдыры чечилет. Мындай маалыматты Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башчысы Зайырбек Эргешов парламенттин 16-октябрдагы “Ар  түрдүү маселелер” жыйында билдирди. Тагыраагы, бүгүнкү жыйында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу мыйзам долбоору каралган. Анда белгилүү болгондой өлкөдөгү теңирчилердин ишмердүүлүгү мыйзамсыз. Бул тууралуу “теңирчилер диний уюм ...

16-октябрь 2019, 16:07 | 300
0 116

Мамлекеттик пошлинанын эмне экенин түшүнбөгөн депутаттар бар

16-октябрь 2019, 12:10 Алтын Булат

“Элге кызмат көрсөтүп жаткандын баары тең ишкерлик”. Мына ушундай пикирди депутат Эрмамат Тагаев Жогорку Кеңештин ар кыл маселелер жыйынында карманды. Тагырагы, Тагаев мамлекеттик пошлинадан салык алынышы керек деген ойдо. Белгилей кетсек, бүгүн, 16-октябрдагы парламенттин күн тартибиндеги, Салыктык эмес кирешелер боюнча мыйзам долбоор экинчи окууда каралды. Анда айтылгандай аракеттеги мыйзамда жаран мамлекеттик пошлинаны нотариуска төлөйт. Ал эми сунушталган мыйзам долбоордо ...

0 415

Турсунбай Бакир уулу: “Атамбаев сотко келбесе, эч күнөөсү жок эле адамдар камалып кетиши мүмкүн”

15-октябрь 2019, 19:34 Алтын Булат

2013-жылы апрель айында кримтөбөл Азиз Батукаев эркиндикке чыккан. Болбосо ал 2006-жылы 3-августта адам өлтүрүүгө айыпталып, 16 жыл 8 айга кесилип, жазасын Нарындагы күчөтүлгөн абакта өтөп жаткан. Кыскасы, мурдагы парламенттеги депутаттык комиссиянын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу маселенин чоо-жайын айтып, пикирин “NazarNews” маалымат агентиги менен бөлүштү. - Турсунбай ага, убагында Батукаевдин эркиндикке чыгышына күнөөлүүлөрдү депутаттык комиссия иликтегенсиздер. Ошонун жыйынтыгы эмне ...

0 188

Ит аткычтар барбы? Иттен дагы жаман чиновниктерди ата тургандарчы...

15-октябрь 2019, 16:19 Алтын Булат

Бишкек шаарында жолбун иттер көбөйдү. Бул боюнча кайда барып даттанарын билбей суроо салган шаардыктар бар. Алардын айтымында, мектептин жанында топтошкон мындай иттерден коркуп калган окуучулар ата-энелерине даттанышкан. Маселеге жооп алуу үчүн мэриянын басма сөз кызматына кайрылдык. Бирок, азырынча жооп боло элек. Балким учурда жолбун иттерге караганда, Бишкек мэриясында иштеген чиновник “иттерден” тазалануу маанилүү болуп жаткандай. Антпесе жаныбарга караганда андай ...

0 1246

СҮРӨТ - Порно тасмадагы эжей, ээн баш окуучулар жазаланды

15-октябрь 2019, 13:54 Алтын Булат

Тамаша, чындыкка жанаша болуп чыкты. Тагыраагы эжейин тамашага салгысы келген окуучулар өздөрү байкабай чындыктын бетин ачып алышты. Мугалим ыңгайсыз абалда калды. РФнын Кемерово областындагы коллеждердин биринде болгон бул окуя тууралуу Телеграм-каналында маалымат пайда болду. Анда айтылгандай, кадимки окуу күндөрүнүн биринде окуучулар интернеттен өздөрүнүн эжейине окшош аял бир эркек менен интимдик катнашка барып жаткан учурун таап алышат. Ошентип алар бул ...

0 228

Ак-Талаада жаңы аким, ал ким?

15-октябрь 2019, 12:41 Алтын Булат

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы алмашты. Буга чейин бул кызматты аркалап келген Нурбек Молдокадыров 1-октябрдан тарта Нарын шаарынын мэри болуп шайланган. Эми анын ордуна Сейтек Кулубаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Ак-Талаанын 48 жаштагы жаңы акими Кулубаев буга чейин, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Чүй областы боюнча координатору болчу. Ошондой эле, ал 2006-10-жылдары Ак-Талаа районунун ...

15-октябрь 2019, 12:41 | 228
0 178

Спикер Дастан Жумабеков баштаган депутаттар эс алууга кетишти

15-октябрь 2019, 11:35 Алтын Булат

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган делегация Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды. Курамында парламент депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендерге таянсак, 14-16-октябрга чейинки үч күндүк сапардын алкагында алгач бир катар Латвия лидерлери менен жолугушуулар болот. Андан соң ал сапар Литва ...

0 371

Өлкөдө өзгөчө оргиналдуу куудул бар

15-октябрь 2019, 10:04 Алтын Булат

Керек болсо ал дүйнөдө жалгыз экземпляр Арстан Алай деген. Ии ошол, ошонун эми тамашасын мен... анан көптөр түшүнөт. Бирок өзү түшүнбөйт, образга кирип кетет. Чын айтам ал киши тамашаны ушунчалык ишендире айткандыктан, ал айткандарына кийин өзү кошо ишенип алат. Эми анын айткандарын талдай кетели. Мына бир кездери ал уктап жатып түшүндө кыш болбой калганын көрөт. Анан чоочуп ойгонуп, олтуруп ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 741

“Мыйзамдагы уурулар” санактан өттү, арасында миллиардерлер да бар

15-октябрь 2019, 08:49 Алтын Булат

Орусиянын ички иштер министрлиги, өлкө ичиндеги “мыйзамдагы уурулардын” так санын аныктап алышты. Анда айтылгандай, кылмыш чөйрөсүндө учурда 432 "мыйзамдагы ууру" бар экен. Алардын ичинен абакта олтургандары – 114, эркиндикте жүрүшкөндөрү – 318. Ал эми иши тергелип жаткандардын саны – 31 болсо, дагы он тогузу издөөдө. Бул тууралуу маалыматка таянсак, “уурулардын” эң көбү грузиндер - 242 адам, андан кийинки эле орунга ...

0 406

СҮРӨТ (18+) - Playboy журналынын модели президент болом дейт

14-октябрь 2019, 16:57 Алтын Булат

“Саясат – бул менин экинчи сүйүүм” деп билдирген хорватиялык экс-модель Ава Карабатич президенттик шайлоого даярдана баштады. Мындай билдирүүнү ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Президент болуу демилгесин модель өз өлкөсүндөгү бийлик менен элдин ортосунда жаралган кризистен улам бышып жетилгенин белгилеп, ал постунда, "Менин өлкөмдө болуп жаткан жаман иштерге мындан ары көз жумуп кое албайм. Жаштар кетип жатат, төрөлүүнүн ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83