www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтын Булат

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (288)

0 7362

Керип кашты өстүргөн кыз... Аялдама атаңдын төрү эмес...

05-октябрь 2019, 16:49 Алтын Булат

Чүш-ш акырын, үн чыгарбай окугула! ойгонуп кетпесин. “Сунала жатат суйкайып, сумкасын башка жазданып...”. Бул сүрөттү көргөн акындар мына ушул сыяктуу ырларды жаратса керек. Ал эми сиздер, аялдамадагы аялдын уктап жатканын кандай жоруйсуздар? Билбейбиз!Бизге болсо Кыргызстандагы уюлдук компаниялардын кезектегиги “Акысыз чалуулар, жумасына 95 сом” жарнамасындай эле сезилди. Карагыла, өңү-башы түзүк эле, анан чоң эле акыл-эстүү кыздай сыягы. Бир кездери ичип ...

0 1178

Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрү 3 ракета жоготту. Көргөн жоксуңарбы?

05-октябрь 2019, 14:02 Алтын Булат

Казакстандын «Сары-Шаган» аскердик полигонундагы машыгуу учурунда Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрү 3 ракетасын жоготкон факт боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Эске сала кетсек, буга чейин 24.kg сайты өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, жоголгон ракеталар тууралуу жазып чыккан болчу. Анда айтылгандай, машыгууга Кыргызстандын зениттик-ракеталык бригадасы С-125 жана С-75 үлгүсүндөгү сегиз ракета алып барган. Алардын бешөө атылган болсо, дагы үчөөсүнүн дайыны жок. ...

0 444

Депутаттарды шылдыңдаган сүрөт 12 миллион долларга сатылды

05-октябрь 2019, 13:05 Алтын Булат

Жыйындар залына толгон маймылдар мыйзамды талкуулап жатышат. Залдын жоон ортосунан орун алган маймылдардын спикери, ал турсун спикердин жанында “папке” кучактаган вицеси дагы бар. Бир четтеги маймылдар кызуу талкуу кылып жатышат. Бул “Бэнкс” лакап аты менен таанылган, өз аты белгисиз, англиялык көчө сүрөтчүсүнүн 2009-жылы жазылган кыл калемине таандык “Тайгаланган парламент” (Скатившийся парламент) аттуу эмгеги. 4 х 2.5 метрлик полотного тартылган ...

0 2834

Бөлөк жигит менен өбүшүп жаткан белгилүү ырчыны байкап калышты

05-октябрь 2019, 11:39 Алтын Булат

Кыналыша жабышып, эзилишкен эриндер. Сүйүшкөндөр сырткы чөйрөнү унутта калтырышып, өздөрүнүн дүйнөсүнө кирип кетишкендей. Өбүшүп жаткан жылдыздар өздөрүн бирөө телефонго тартып жаткан учурда гана эстерине келип, сыртка чыга жөнөштү. Маалыматка караганда, бул окуя Америкадагы түнкү клубдардын биринде болгон. Тагыраагы, бул окуянын негизги күнөөкөрлөрү, америкалык белгилүү ырчы айым Майли Сайрус менен австралиялык белгилүү аткаруучу Коди Симпсон. Булар буга чейин үй-бүлөлүк катнаштагы ...

0 902

Стамбул аэропортунан жоголгон кыргыз кызы табылды

05-октябрь 2019, 11:14 Алтын Булат

Стамбулдун аэропортунан Кыргызстанга учканы жатып, дайынсыз болуп кеткен 24 жаштагы Айчүрөк Данияр кызы табылды. Кыздын атасы, Айчүрөк Бишкекке аман-эсен учуп келе жатканын билдирген. Эске сала кетсек, Жийде Зоотбекова аттуу Фейсбук колдонуучу 4-октябрда Данияр кызы Айчүрөккө издөө салып, коомчулукту жардамга чакырган болучу. Зоотбекова жазгандарына ылайык, Айчүрөк 1-октябрда кечки саат 11де Франкфурттан Стамбулга учуп келген. Эки сааттан кийн Бишкекке учуп, 2-октябрда ...

0 154

Министр Чодуев калп айттыбы же билбейби?

04-октябрь 2019, 17:24 Алтын Булат

Кыргызстандан Орсияга алынып бара жаткан 118,7 тонна айыл чарба продукциясы артка кайтарылды. Мындай маалыматты, Орусиянын айыл чарбасын көзөмөлдөө органы расмий сайтына чыгарды. Карай келсек мындай фактылар толтура. Ошондо, Чодуев парламенте туруп бети чымырап койбой элге калп айттыбы же биздин өлкөдөн чыккан канчалаган товарлар жетчү жерине жетпей кайра кайтарылып жатканын чын эле билбейби? Анын бул айтканын эшитип калган орусиялык кесиптештери ...

0 167

Бишкекке учканы жаткан кыз Стамбулдун аэропортунан жоголуп кетти

04-октябрь 2019, 16:20 Алтын Булат

Стамбулдун аэропортунан Кыргызстанга учканы жаткан 24 жаштагы Данияр кызы Айчүрөк изделүүдө! Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жийде Зоотбекова аттуу Фейсбук колдонуучу жазып, коомчулукту жардамга чакырды. Зоотбекованын жазгандарына таянсак, Айчүрөк 1-октябрда кечки саат 11де Франкфурттан Стамбулга учуп келген. Эки сааттан кийн Бишкекке учуп, 2-октябрда эрте менен “Манас” аба майданына конмок. “Айчүрөк депрессиялык акыбалда болгон. Ал Стамбулда паспорттук көзөмөлдөн өткөн эмес жана ...

0 3351

Өзгөчөлөнөм деген модель уяттуу жерин көргөзүп алды

04-октябрь 2019, 15:21 Алтын Булат

Көздү жашырган кара айнек, денеге жабышкан чолок шым менен спорттук костюм. Булар 33 жаштагы америкалык сулуу Ирина Шейкти папарацциден коргоп кала алган жок. Анткени тиги денеге жабышкан чолок шым Иринанын экинчи терисиндей эле бар. Анын уяттуу жерин ачык эле даңазалап турганын көрүүгө болот. Негизи эле Шейктин көчөдө байкалбай жүргөн күнү чанда гана кездешет. Ал кандай маскировкада болбосун, баары бир ...

0 120

Президент таланттуу балдардын келечегине кайдыгерби?

04-октябрь 2019, 14:54 Алтын Булат

“Мен сиз менен учурашканыма кубанычтамын”. Ушинтип кыргыз роботу президент Сооронбай Жээнбеков менен саламдашты. Бул робот электротехникасы өнүккөн жапон, корей же кытай өлкөлөрүнөн келген жок. Ал кадимки кыргызстандык эле мектеп окуучуларынын ойлоп тапкычтыгынан жаралган. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Бишкекте өткөн «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» аттуу конференциясынын алдында белгилүү болду. Мындан улам интернетте талкуу катуу жүрүп жаткан учур. Көпчүлүгү таланттуу, акылдуу ...

0 153

Экоактивист Путиндин сөзүнө жооп кылды

04-октябрь 2019, 13:04 Алтын Булат

«Боорукер, бирок начар маалымат алган өспүрүм!”. Бул 16 жаштагы экоактивист Грета Тунбергдин Тивиттердеги жаңы оңдолгон жазуусу. Окуучу кыздын мындай жазганына себеп, орус президенти Владимир Путин анын дарегине карата айткан сын-пикирден улам жаралгандай. Тагыраагы, БУУнун саммитинде Тунберг айткан сөздөргө карата орус лидери өзүнүн пикирин билдирген. Анда, заманбап дүйнө көп кырдуу жана оор экенин окуучуга түшүндүрүп берген акылдуулар болбогонун белгилеп, максаттар ...

0 147

Махатма Гандинин сөөгүнүн күлү уурдалды

04-октябрь 2019, 12:02 Алтын Булат

Белгисиз адамдар Махатма Гандинин сүрөтүнө “чыккынчы” деген жазуу калтырып, анын сөөгүнүн өрттөлгөндөн кийинки күлүн уурдап кетишкен. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Ал маалыматтарга караганда, 2-октябрда Индияда Махатма Гандинин 150 жылдык юбилейин белгилешкен. Ошол күнү Мадхья-Прадеш штатындагы Махатма Гандинин мемориалдык музейинин кызматкерлери Гандинин музейдеги өрттөлгөн күлү жоголгонун билишкен. Анткен менен, белгисиз кылмышкерлер Индиянын улуттук лидеринин сүрөтүнө өздөрүнүн ким экендиктерин ...

0 161

Бишкек мэри арестте турган унаанын номерин тагып айдап жүрөбү?

04-октябрь 2019, 09:36 Алтын Булат

Бишкек мэрине таандык Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаадан башка мамлекеттик номур байкалды. Тагыраагы, ал жүргөн унаанын номери бөлөк унаага таандык экенин журналисттер portal.srs.kg. сайтынын жардамы аркылуу аныктап чыгышты. Ага ылайык, Азиз Суракматов минип жүргөн Lexus LX 570 темир аргымагына жакындан бери 01KG101AC мамлекттик номери тагылып калган. Буга кызыккан журналисттер аталган сайтка баш багып, шаар башчысынын мыйзамсыз кылыктарына туш болушкан.

0 69

Таза суу чыгарган подрядчиктерге кандай талаптар коюлат?

03-октябрь 2019, 17:47 Алтын Булат

“Суу түтүктөрүн өзүбүздүн ата-мекендик өндрүшчүлөрдөн сатып алсын”. Мындай пикирди депутат Эмил Токтошев бүгүн, 3-октябрдагы парламенттин ар түрдүү маселелер жыйынында билдирди. - Сиздерден сураныч, тендер өткөндөн кийин подрядчиктерге ушундай талап койсоңуздар. Бизге маалыматтар келди, подрядчиктер Казакстандын, Кытайдын түтүктөрүн колдонушуп, биздин өндүрүшчүлөрдүн ошондой эле сапаттагы чыгарган түтүктөрү өтпөй калыптыр. Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары таза суу долбоорун ратификациялоо үчүн өкмөт ...

0 45

Таза суу долбооруна миллиондогон евро кредит алынары белгилүү болду

03-октябрь 2019, 17:43 Алтын Булат

Таза суу чыгаруу үчүн Жалал-Абадга 9,7 миллион евро, Караколго 11,22 миллион евро кредит алынат. Өкмөт бул сунушту бүгүн, 3-октябрда парламенттин ар түрдүү маселелер жыйынында депутаттардын талкуусуна койду. Эми депутаттар бул долбоорду ратификациядан өткөрүшсө, өкмөт ишти келерки жылы баштап, үч жылдын ичинде бүткөрүүгө даяр. Бирок, бул айтылгандарга өз учуруна тескери пикир айткан депутаттар дагы болду. Ал айтылгандарга карасак, таза сууга ...

0 42

Караколдо таза суунун наркы эки эсеге көтөрүлөт

03-октябрь 2019, 17:06 Алтын Булат

Кыргызстан боюнча эң арзан суу Каракол шаарында. Бул туурасында шаар мэри Адыл Каниметов парламенттин ар түрдүү маселелер жыйынында айтты.  Айтылгандарга таянсак, учурда Караколдо бир метр куб суунун баасы 3 сом 66 тыйын. Эми аны 110 пайызга көтөрүү каралып жатат. Ошондо 7 сом 69 тыйын болот.  “Биздин оюбузча, ушундай жол менен жардам беребиз. Эгер болбосо жергиликтүү бюджеттен жардам беребиз. Биз ...

0 64

Гомосексуализмге “жеткиргени үчүн” Apple компаниясын сотко беришти

03-октябрь 2019, 14:50 Алтын Булат

“Билмейинче, талкуулаба”. Apple компаниясынын мына ушундай билдирүүсү орус жаранын сотко кайрылууга “аргасыз” кылган. Бул туурасында орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал айтылгандарга караганда, Москвадагы Пресненск райондук соту Apple компаниясынын үстүнөн арызданган жарандын доосун кароодо. Анда, жергиликтүү жаран компаниянын билдирүүсү гомосексуализмге жеткиргенин баяндап, ал үчүн миллион рубль өндүрүп берүүсүн соттон өтүнгөн. Тагыраагы, арыздануучу бир канча жыл мурда айфонунда криптовалюталар операциясы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 144

Депутаттары кандай болсо, өкмөтү ага жараша

03-октябрь 2019, 13:14 Алтын Булат

Өкмөт мүчөлөрү, министрдин орун басарлары Жогорку Кеңешке даярдыгы жок келишүүдө. Бул тууралуу бүгүн 3-октябрдагы парламенттин ар түрдүү маселелер жыйынында айтып спикер Дастан Жумабеков нааразы болду. Төрага бул сөзү менен өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиевке дубай саламын жолдоп дагы жиберди. Тагыраагы, өкмөт мүчөлөрүнүн ишке болгон мамилесине баа берилиши керектигин эскерткен аманатын айттырды. Жумабеков даярдыксыз келген чиновниктердин айынан каралчу көпчүлүк маселелерге тиешелүү ...

0 109

Тамеки сатууга тыюу салынабы?

03-октябрь 2019, 12:40 Алтын Булат

“Менин колумда кооз таӊгакталган насвай турат. Индиядан контрабандалык жол менен алынып келиптир”. Бул жарнама эмес, депутат Айнуру Алтыбаеванын бүгүн 3-октябрдагы парламенттин жыйынындагы көтөргөн маселеси. Ага ынана турган болсок, насвайдын акциздик маркасы болгон эмес. Ошондуктан муну укук коргоо органдары тактап, ага бөгөт коюшу зарыл экенин эскертет Алтыбаева. - Бул насвай пакети жөн эле кооз пакет эмес, «Рахат алыӊыз!» деп бадырайта ...

03-октябрь 2019, 12:40 | 109
0 393

Контейнер эмне болуптур, мончодо окуган балдар бар

03-октябрь 2019, 11:57 Алтын Булат

“Каркырадагы эски мончодо окуп жаткан балдардын тагдырына кайдыгер карабоого чакырамын”. Муну бүгүн 3-октябрдагы парламенттин пленардык жыйынында депутат Аида Касмалиева айтты. Касмалиеванын айткандарына караганда, Түп районуна караштуу Санташ айыл өкмөтүндөгү айылдардын аралыктары алыс. Окуучулар 3-5 чакырым аралыктан келип-кетип окушат. Анын ичинде Каркыра айылынын окуучулары 15 чакырым алыстыкка барып окууга муктаж. Башталгыч класстын 16 окуучусу учурда эски мончодо окуп жатышат. Окуу ...

0 1055

Айназик Матраимованын атынан аккаунт ачкан адам ким экени аныкталды

03-октябрь 2019, 10:47 Алтын Булат

“Айназик Матраимованын атынан аккаунт ачкан адам ким экенин таптык. Ал кечээ кармалган жигит эмес, башка”. Бул тууралуу Айназиктин жактоочусу Давран Касымов билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин маалымат булактарында, Матраимованы каралаган фейктин ээси кармалганы тууралуу маалыматтар чыккан болчу. Бирок ал чындыкка жатпай турганын, жалган экени айтылган. Касымов, “өзүбүз кармап алып, мыйзамсыз иш кылуу, бул биздин деңгээл эмес” деп билдирген. Айтымында, ...

0 178

Профсоюздар тууралуу мыйзам долбоор артка кайтарылды

02-октябрь 2019, 19:27 Алтын Булат

Бүгүн, 2-октябрда парламенттин пленардык жыйыны, «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкуулашты. Аны Жогорку Кеңештин “Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети” демилгелеп чыккан. Албетте, талкулоо учурунда түшүнүксүз жагдайлар орун алды. Карама-каршы пикирлер айтылды. Депутаттардын мыйзам долбоордо тапкан каталары; Демилгечи Комитеттин төрайымы Гулкан Молдобекова, профсоюз федерация президенти Мирбек Асанакуновдун аялы болгону күмөн жаратат. Мыйзамдагы 65 ...

0 204

Профсоюздун сатылып кеткен кыймылсыз мүлктөрү ачыкталды

02-октябрь 2019, 17:10 Алтын Булат

Ноокаттагы “Абшыр-Ата” турбазасынын жарактан чыгып калгандан кийинки жери, “Спартак” стадиону жана Ананьеводогу турбаза жеке менчикке сатылып кеткен. Мындай маалымат парламенттин 2-сентябрдагы пленардык жыйынында айтылды. Тагыраагы, бул маалыматты депутаттардын суроолоруна жооп берип жатышкан тармактык профсоюздардын жетекчилери айтып беришти. Ошол эле учурда, мурда профсоюз федерациясына таандык болгон айрым мекеме, ишканалардын акцияларына бүгүнкү күнү жеке тараптар дагы ээлик кыларын билдиришти. Алсак, “Достук” ...

0 135

Асанакунов “Чолпон-Атанын” карызын 10 миллион долларга өстүргөнбү?

02-октябрь 2019, 16:23 Алтын Булат

Чолпон-Ата шаарындагы “Чолпон-Ата” эс алуу үйү банкротко учуроо алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрдагы парламенттин пленардык жыйынында айтылды. Айтылган маалыматка ылайык, Кыргызстандын кесиптик кошуундарына таандык аталган эс алуу үйү, федерациянын президенти Мирбек Асанакуновдун буйругу менен 3 жыл мурда жабылган. Бул буйрук мыйзамсыз болгонун депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып тармактык профсоюздардын жетекчилери айтып беришти. Андай буйрукка федерациялык кеңештин 29 мүчөсү ...

0 196

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын долбоорунда кайсы депутаттын кызыкчылыгы бар экени билинди

02-октябрь 2019, 15:56 Алтын Булат

Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын карамагындагы 5-6 объект сатылып кеткен. Учурда федерацияга караштуу 34 кыймылсыз мүлк бар. Анын ичине – 6 курорт, 6 эс алуу үйү жана пансионаттар менен эс алуу жайлары кирет. Учурда ал кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү 29 адамдан турган кеңеш көзөмөлдөй турганы Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында белгилүү болду. Бүгүнкү күндө профсоюздун мүлктөрүнө көз арткандар бар экени айтылууда. Анткен ...

0 183

Депутаттар депутаттын артын чукубайт

02-октябрь 2019, 12:45 Алтын Булат

Парламентте бүгүн, 2-октябрда «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкууланып, анда түшүнүксүз жагдайлар орун алды. Кызыгы, мыйзам долбоорду талкуулоого, Профсоюздар федерациясына кирген 29 тармактын жетекчилери жооп берүү үчүн келишкен. Алардын берген жоопторуна эмнегедир депутаттар канааттанбаганын билдирип жатышты. Депутаттар белгилегендей, кошуундун иши ачык болбой жатат. Бирок, бирликтин жетекчилери анда айткандарына караганда, маселенин түйүнү келип, кесиптик кошуундун президентине такалат. Кызыгы, ...

0 198

Айласы кеткен Малахов кыргыздардан кыргызча кечирим сурады

02-октябрь 2019, 10:37 Алтын Булат

Сүйүүнүн күчү керемет! Ой... интернеттин күчү зор экен! Кечээ, 1-октябрь күнү Орусиялык жылдыздардын кечирим сураган күнү болду окшойт. Бири, кыргыздан кыргызча кечирим сураган теле алпаруучу Андрей Малахов. Экинчиси орус эстрада жылдызы Дима Билан. Тагырагы, коомчулуктун үнүн социалдык түйүндөр тиешелүү жерлерге жеткирүүдө чо-оң керекке жарап жатат. Негизи кыргыз кыйын эле калк экенбиз, “Аа” десек ар жагыбыздагынын баары көрүнүп калат, анткен ...

0 112

Бир жумада 500 унаа айып аянтчасына токтотулду

02-октябрь 2019, 09:39 Алтын Булат

Бишкекте жол эрежесин сактабаган айдоочулардын саны азайган жок. Тескерисинче 20-26-сентябрга чейин жүргүзүлгөн 6 күндүк атайын рейдде жол эрежесин бузуу боюнча, 1380 факты катталган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ЖКККББ маалымат таратты. Ал рейдде, унааны мас абалда башкарган 15 учур, айнектерин караңгылаткан 10 учур, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган 13 учур катталып, 5 айдоочу бейбаштык үчүн кармалган. Анткен менен бул айтылгандардын ...

0 873

ӨКМ эскертет! Чоочубаңыздар! Бишкекте сирена үнү жаңырат

01-октябрь 2019, 19:43 Алтын Булат

Бишкекте эртең, 2-октябр, саат 11:00 окутуп - үйрөтүү сиренасы жаңырат. Бул тууралуу Шаардык өзгөчө кырдаалдар кызматынын билдиргенине караганда, бир эле убакта 40 сирена иштейт. Андыктан шаардыктарды чоочуркабоого чакырык ташташат. Өткөрүлө туруучу иш-чара, ӨКМдин табигый кырсык коркунучтарын азайтууга багытталган бир айлыктын алкагында, жер титрөөгө даярдык катары жүргүзүлөрү айтылууда. Белгилей кетсек, Бишкекте, жалпысынан шаардыктарга коркунучту алдын – ала билдирип турган 126 ...

0 105

ӨКМ кышкы даярбыз дейт

01-октябрь 2019, 18:53 Алтын Булат

Даярдык тууралуу бүгүн, 1-октябрда, ӨКМде министр Нурболот Мирзахмедов жетектеген аппараттык кеңешмеде сөз болгонун басма сөз кызматы билдирет. Анда айтылгандай, кеңешмеде өлкөдө болуп жаткан кырдаалдар жана кышка даярдыктар боюнча бир топ маселер көтөрүлгөн. Тагырагы, алдын алуу жана кесепеттерди жою деген иш-чараларынын негизинде, калкты жана аймактарды сел, суу ташкыны, жер алдындагы суулардын көтөрүлүүсү, жер көчкү коркунучтарынан жана табигаттын башка кырсыктарынан коргоо ...

01-октябрь 2019, 18:53 | 105
0 228

Президент менен парламент бири бирин тааныбай жатат

01-октябрь 2019, 17:57 Алтын Булат

Өкмөттүн соттук реформа боюнча сунушун депутаттар тоготпой жатканынан улам парламенттин таркай турганы айтылып жаткан. Айткандай эле кечээ, 30-сентябрда Перунун президенти Мартин Вискарра андай чечимди көпчүлүккө билдирип, кезексиз парламенттик шайлоо болорун жар салган. Мындай маалымат менен Лимадагы жергиликтүү булактар бөлүшүүдө. Анда айтылгандай, Вискарра “Биз күчүбүздүн жетишинче парламент менен бирге алга карай кетүүгө аракет көрдүк. Бирок, биз коррупцияны коргоо боюнча сөз ...

0 946

СҮРӨТ - Абактан качкан адам 17 жыл үңкүрдө жашаган

01-октябрь 2019, 15:44 Алтын Булат

Качкын – Сун Цзян аттуу кытай полициясынын мурдагы кызматкери. Ал аялдарды жана балдарды сатканы үчүн соттолуп, бирок 2002-жылы абактан качып кеткен. Ошондон бери өзү туулуп өскөн шаарга жакын аймактагы киши жете алгыс тоодогу үңкүрдө баш калкалап келген. Мындай маалыматты Би-би-си жазып чыкты. Качкындын жүргөн жерин учкучу жок учуучу аппараттын жардамы менен кокусунан билип калышкан. Асмандан алынган кадрдан полиция кызматкерлери ...

0 879

(18+)  СҮРӨТ - Настя Крайнованын достору менен түшкөн ачык сүрөттөрү интернетти жарууда

01-октябрь 2019, 14:53 Алтын Булат

Шарап куюлган жакузи жана анын үстүндө жарым жылаңач кыздар кучакташа бокал кагыштырып көңүлдүү турушат. Мунун баары «Фабрика звезд» долбоорунун көрүнүктүү катышуучусу жана «Тутси» тобунун мурдагы ырчысы Настя Крайнованын туулган күнүнөн бир элес. Ал эс алганын көпчүлүк менен бирге бөлүшүү үчүн сүрөттү Instagram баракчасына жүктөгөн.  Крайнова өздүк майрамын дос кыздары менен бирге Москванын четинде жакшы маанайда тосконун жазат. Анда айтылгандай, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 153

Бишкек мэриясы шылуун чиновнитерге толуп кеткенби? Дагы бирөөсү коррупцияга шектелүүдө

01-октябрь 2019, 13:50 Алтын Булат

Эки миллион сом пара менен кайрадан дыгы бир Бишкек шаарынын чиновниги кармалды. Ага көмөкчү болгон жардамчысы дагы бар. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендерге таянсак, Бишкек мэриясынын бөлүм башчысы, бир эле учурда муниципиалдык жана мамлекеттик кызматтардын жетекчилеринин ролун аткарган. Тагыраагы, алардын кол тамгаларын өзү коюп келген. Маалыматта айтылгандай, бөлүм башчы жасап жаткан иш-аракеттери мыйзамсыз экенин билсе дагы, жерди ...

0 249

Албек аймаган миллиондордун учу чыгыптыр

01-октябрь 2019, 13:01 Алтын Булат

“Манас” аба майданынан беш миллион доллар уурдалган. Учурда ал уурулардын сары изине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы түшкөнүн билдирүүдө. Маалыматтарга караганда, 2014-жылы аэропорттун жетекчилигинде тургандар, аэропорттун карамагындагы “Топливный центр” ЖАКтын 100 пайыз акциясын 5 миллион долларга соодалап жиберишкен экен. Тагырагы, ал акчанын дайыны жок. Болбосо ага чейин аталган тармакты 7 миллион долларга сатып алуу боюнча Кипрден сунуш ...

0 247

“ШАХ-МАТ”: Жан тартымыш болуп, жарга такаган СДПКчылардын жүрүшү

01-октябрь 2019, 10:35 Алтын Булат

Ушу сентябр айынын 27синде өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 63 жашка чыкпады беле. Кой-Таштагы капсалаңдуу кармашта колго түшүп, азыр капаста жатат го. Ии, ошо, эсиңерде болсо, аны туулган күнү менен жакын санаалаштары, партиялаштары жана фанаттары куттукташып, анысын видеого тартып интернетке жүктөп, анын артында “хит” болгону, анан учурда “ит” болуп аткандары дагы бар. Алсак, “мыкты жоокер”, “мыкты жансакчы” деген жигиттик ...

0 1024

(18+) Жергиликтүү полиция бөлүмүндө тартылган кыздын ачык фотосүрөттөрү ызы-чуу жаратууда

01-октябрь 2019, 09:02 Алтын Булат

Кадрда, көйнөгүнүн төшү ачылып мамагы көрүнгөн, жазуу столуна кайчылаштыра чыгарылган жылаңыч буттар, жерге чачылган кагаздарды жыйнап жаткан учурдагы татынакай жамбаш. Мунун баары полиция кыздын көрүнүшүнөн кабар берет. Полиция кыздын мындай жарым жылаңач, “ыссык” сүрөттөрү. Кадрда көрүнүп тургандай, тартип сакчынын иш бөлмөсүндө тартылганын орус маалымат булактары жазып чыкты. Ага таянсак, көрүнүш Твер облусттук ички иштер бөлүмүндө катталган. Маалыматты социалдык түйүндөрдө олтурушкан ...

0 1003

СҮРӨТ - К.Сагымбаевдин айылдаштары: “Канат саясий интриганын курманы болууда”

30-сентябрь 2019, 18:55 Алтын Булат

Канат Сагымбаев милдетин так аткарган жоокер экенин айылдаштары айтып чыгышты. Тагыраагы, бүгүн 30-сентябрда Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында, Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевди колдоо митинги болуп өттү.  Кыздын сыры төркүнүнө маалым демекчи, Канаттын бир мүнөздүүлүгүн, аны жакшы билген айылдаштары айтып жатышты. Учурда Ак-Дөбө айылында Канатка таасирленген жаш муун өсүп келе жатат. Сагымбаевдин камалышы аларга терс таасирин тийгизбеши керек.  Көпчүлүктүн пикиринде, УКМК ...

0 367

Комитет отуруму мал базарга айланганын депутаттар мойнуна алышты

30-сентябрь 2019, 17:06 Алтын Булат

“Кыргызстан профсоюздар бирикмеси мамлекетке эмес, мүчөлөрүнө отчет берүүгө милдетүү”!  Мындай пикирин аталган бирикменин төрагасы депутаттарга жооп катары айтты. Жогорку Кеңештин депутаттарын чиновниктин айлыгы кызыктырды. Тагыраагы бүгүн, 30-сентябрда, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин отурумунда депутаттар профсоюздардан отчет алышмакчы болгон. Бирок ал максатына толук жетпей калгандай.  Депутат Кожобек Рыспаев төраганын айлыгы 240 миң экенине кызыккан. Темирди кызуусунда чабайын ...

0 947

ВИДЕО - “Сүйлөгөн баш”. Бөлөк планеталыктын башы көл жээгинен табылды

Видео 30-сентябрь 2019, 15:09 Алтын Булат

Эки көз менен оозу даана байкалып, мурдунун орду чуңкурча болгон жана айланта калканчасы бар белгисиз баш. Ал суу жээгиндеги кум-ташка аралаша жатканын көрүүгө болот. Бул табылганы орусиялык уфологдор Нибиру планетасына таандык болушу мүмкүн деп айтышууда. Изилдөөчүлөрдүн тыянагына ылайык, бул аннунак – Нибиру жашоочусунун бир башында эле жер жүзүн жок кылып жиберүү коркунучу бар. Интернет колдонуучулардын бири табылганы өзүнө каттатып ...

0 1145

ВИДЕО – Белгисиз объектинин асмандагы көрүнүшү түрдүү талаш жаратууда

Видео 30-сентябрь 2019, 14:03 Алтын Булат

Эч кыймылсыз асманда илинип турган каралжын түстөгү шакекче. Кечээ, 29-сентябрда интернетте пайда болгон бул видео кадр, социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын ар кандай жоромолдорго түртүүдө.  Тагыраагы, таң калыштуу кадрды Москва областынын  Селятино шаарынын тургуну тартып алып, аны социалдык түйүндөрдүн бирине жүктөгөн. Мындан улам социалдык түйүндөрдүн ырым-жырымга ишенген колдонуучулары бул айлананы – параллелдик дүйнөнүн дарбазасы дегенге чейин жетишкен. Ал эми бул айтылгандарга ...

0 247

ВИДЕО - Экс-президентти узатууга бүтүн Париж көчүп келүүдө

Видео 30-сентябрь 2019, 10:07 Алтын Булат

Париждин көчөлөрү бүгүн тыгынга толуп кетти. Жүздөгөн метрге созулган кезек күткөн элдин аягы көрүнбөйт. Булар Франциянын мурдагы лидери Жак Ширак менен коштошуу үчүн ашыккандар. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып жатышат. Париждеги Елисей хан сарайында, мэриясында жана Франциянын дээрлик баардык шаарларында көңүл айтуу китепчелер ачылып анда француздар экс-президентти эскерген кол жазмаларын калтырып жатышканы айтылат. Алардын саны дагы миллиондон ашкан. ...

0 856

ФОТОРЕПОРТАЖ - Дүйнөдөгү өзгөчө түгөйлөр. Сезимден маанисиз көз жашка чейин

28-сентябрь 2019, 15:32 Алтын Булат

Жашоодо тагдыр табыштырган түрдүү түгөйлөр учурайт. Кээ бирин карап, аргасыз, “Сүйүү азап...” деген макалды эстейсиң. Эмесе сиздердин көңүлүңүздөрдү өзгөчө түгөйлөр топтомуна бурабыз. • Анда алгач жаш курагында чо-оң айырмачылык бар түгөйлөр тууралуу сөз кылсак. Адатта эркек аялынан улуу болсо билинбей эле кетсе керек. Бирок, Аргентинанын 24 жаштагы тургуну Рейнальдо Вавекче, өзүнөн 58 жашка улуу, тактап айтканда 82 жаштагы ...

0 5191

(18+) Түз эфирде зордукталып, өлтүрүлгөн инста-блогер кыз активдүү “лайк” чогултууда

28-сентябрь 2019, 13:15 Алтын Булат

Виртуалдык тамашадан реалдуулукка карай. Чектен чыккан социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кылыктары коркунуч жаратууда. Дегенибиз, жакында эле Нью-Йоркто жүрөк үшүн алган иш болду. 17 жашар Бьянку Дэвинс аттуу инста-блогер кызды күйөрманы кокустуктан өлтүрүп алды. Тагыраагы, Дэвинс катардагы эле тамашалуу видеосу менен күйөрмандарын кубанткысы келген. Андагы ценарий боюнча күйөрман жигиттин чакыруусу менен кездешүүгө барган блогер кызды, жигит зордукташ керек болот. Бирок, кырдаал ...

0 410

Тамеки кутучасына чылым чекпеген майыптын сүрөтү пайдаланылган

28-сентябрь 2019, 14:45 Алтын Булат

Франциялык 60 жаштагы тамеки чекпеген адам, тамекинин кутучасындагы эскертүүчү сүрөттү көрүп катуу капа болгон. Ал капа болгонунун маалымат каражаттары менен бөлүшкөн. Анткени анда өзүнүн сүрөтү көрсөтүлүп, астында чылым чегүүнүн кесепетинен буттан айрылып калуу коркунучу бар экени жазылган.  Көрсө, бул адамдын бутуна 1997-жылдагы Албаниядагы баш аламандыкта ок тийген экен. Кийин анысы ырбагандыгынан улам, дарыгерлер бутун кесүүгө аргасыз болушкан. Ал эми ...

0 306

ВИДЕО – Унаа бир учурда 17 адамды сүзүп кетти

Видео 28-сентябрь 2019, 11:45 Алтын Булат

Англиянын Стивенж шаарында кадимки авто сүйүүчүлөрдүн кадимки жарышы. Көз ирмемчелик убакытта кырсык катталып, жөөлөшө кеткен эки унаанын бири, жол жээгинде жарышка көз салып турган адамдарды аралап кетти. Бул тууралуу маалыматтарда айтылгандарга караганда, кырсыктан 17 адам жабыр тарткан. Алардын ичинен экөөсү өтө оор абалда.   Булак: NazarNews.kg

0 704

“Playboy” модели мэриянын басма сөз кызматына сунушталды

27-сентябрь 2019, 18:29 Алтын Булат

Мария Лиман, эркектердин журналындагы жарым жылаңач, ачык денесин көргөзгөн “ысык” сүрөттөрү менен белгилүү. Ага өзү төрөлүп өскөн Ростова-на-Дону шаар бийлигинин басма сөз кызматын жетектеп берүү сунушу түшкөн. Учурда, социалдык тармактарда олтурган жергиликтүүлөр бул чечимди катуу талкуулап жатышат. Мариянын өзү "Инстаграм" баракчасына жазгандарына караганда, сунуш Орусиянын ЛДПР партиясы тарабынан түшкөн. Буга ал бир шарт койгон – Лондондогу окуусун аяктагыча ал ...

0 530

Араптар биринчи жолу туристерге эшигин ачты, бирок “жарым жылаңач” кыздарга...

27-сентябрь 2019, 17:06 Алтын Булат

Сауд Аравия 27-сентябрдан тартып, 49 өлкөнүн жарандары үчүн биринчи жолу туристтик виза киргизди. Ошол эле учурда, туристер үчүн буга чейин киргизилген катуу көзөмөлдөгү дресс-кодду алып салды. Эми жалгыз бой аялдар эркектердин коштоосу жок эле ал өлкөгө кире алышат. Буга дүйнөлүк, айрыкча Орусиялык басылмалар кызыга башташты. Ал маалыматтарга ылайык, аталган өлкөнүн туризм министри Ахмад аль-Хатиб мындай чечим “тарыхий бурулуш” – ...

0 147

“Илиталар” шайлоого миллиарддан ашык кыргыз акчасын коротот

27-сентябрь 2019, 15:53 Алтын Булат

Парламенттик шайлоого кеткен чыгым, салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн эсебинен жабыла турган болду. Бул тууралу өкмөттүн бүгүнкү 27-сентябрдагы отурумунда айтылды. Маалыматка таянсак, 2020-жылы боло турган эл өкүлдөрүн шайлоого жалпысынан 1 миллард 200 миллион сом коротулат. Эске сала кетсек, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 2015-жылдын 15-октябрында өткөн. Андагы жеңишке жетип келген: КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү — Прогресс», «Бир Бол» ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 229

Акыры агартуучулар жеңди, белиңди бекем буу ата-эне!

27-сентябрь 2019, 15:03 Алтын Булат

КРнын Билим берүү министри Каныбек Исаков, мектептердеги акча топтоолорго каршы эмес. Болгону ал ата-энелердин социалдык абалын карап, турмуш шарты начарларды каражат топтоодон бошотуу сунушун айтты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, жаңы министр Сокулук районундагы мектептердеги ар кандай чогултууларга каршы болгон ата-энелер жана мектеп директорлору менен райондук билим берүү жетекчисинин катышуусунда жыйын куруп, жогорудагыдай пикирин ...

0 137

Тышкы карызды, өкмөт түшүрө албай, экономистер көтөрө албай убара

27-сентябрь 2019, 14:00 Алтын Булат

Эми тышкы карызды бетке кармаган саясатка негиз жок сыяктуу. Мындай уккан кулакты сүйүнтө турган жаңылыкты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, бүгүн 27-сентябрдагы, өлкөнүн бюджетин талкуулаган өкмөттүк жыйында айтып өттү. Бул боюнча, өкмөт башчынын келтирген жүйөлөрүнө ишенсек, мурда сырттан келген гранттар, насыялар ички булактардын жоктугунан улам белгилүү бир зарылчылыктарды жабууга жумшалып кетчү. Учурда болсо, тышкы карызды тейлей турган так ченемдер бюджетке киргизилиптир.

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83