www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтын Булат

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (288)

0 197

Кыргызстандык бала учуп бара жаткан учакты токтоткон

27-сентябрь 2019, 13:58 Алтын Булат

Оруссиялык айрым маалымат булактары жазгандарга таянсак, Москвадан Ошко учкан учак орто жолдон конууга аргасыз болду. Тагыраагы, Самара аба майданына конгон. Буга себеп, учак ичиндеги бала өзүн жаман сезгендигинен улам болгону айтылууда. Учак конгондон көп өтпөй эле балага Самарадагы ооруканалардын биринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми учак Самарадан Ошко, Бишкек убактысы боюнча саат 18:55 өткөндө учуп кеткени кабарланды. Белгилей кетсек, ...

0 281

Тажикстанда төрөттүн саны азайтылат

27-сентябрь 2019, 12:23 Алтын Булат

Тажикстандын калкынын саны 9 миллион. Бирок алар төрөттүн санын кескин азайтуу кадамына өттү. Бул калктын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу эмес. Расмий бийлик мунун себептерин айымдардын ден соолугуна кам көрүү катары баалайт. Ал эми айрым адистер маселенин түйүнүн ал өлкөдөгү басымдуу болгон жакырчылыкка байлашууда. Маселе медицинанын жардамы менен чечиле турган болду. Бул тууралуу Тажикстандын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген маалыматтарга таянсак, катары ...

0 202

Франциянын 22-президентти 87 жашында дүйнө салды...

26-сентябрь 2019, 17:51 Алтын Булат

Бүгүн, 26-сентябрдын таңында, “бешинчи республиканын” мурдагы башчысы Жак Ширак үй-бүлөсүнүн курчоосунда каза болду. Бул туралуу кабар «Франс-Пресс» агенттиги аркылуу Ширактын күйөө баласы Фредрик Саля-Бару таратты. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Жак Ширак публикага чыкпай калган болучу. Анын эмнеден улам каза болгону дагы айтыла элек. Ооругандыгы тууралуу деле кабар жок. Парижде төрөлгөн Жак Ширак, Саясий иликтөө институтунда жана Улуттук администратциялык мектепте илим ...

0 310

Депутат айым Айсулуу, алимент аңдыган “агентпи?”

26-сентябрь 2019, 18:25 Алтын Булат

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда, өздөрүнүн балдарына алимент төлөөдөн качкан 40 миңден ашуун ата – эне бар. Муну ЖКнын депутат айымы Айсулуу Мамашева иликтеп чыгыптыр, Аны ал бүгүнкү парламенттин жыйынында айтты. -Өзүңүз элестетиңиз, баскан турганың акча болсо, ушул бала бакчадан баштап ЖОЖго чейин акча, ден соолук акча. Ошон үчүн ата-энелерди чакырат элем, алименттерди өз убагында төлөгөнгө аракет кылыңыздар, суранам – деп ...

0 261

Депутат Тынчтык мырза, тынчын алган мектеп директорлоруна сөөмөй кезеди

26-сентябрь 2019, 16:12 Алтын Булат

“Менин дарегиме 150 ата-энеден арыз келди” - деп Парламент өкүлү Тынчтык Конушбаев, бүгүн 26-сентябрдагы Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында жар салды. Кеп, мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу боюнча бара жатат. Анда депутат Военно-Антоновканын жергиликтүү депутаттары менен ата-энелердин ортосунда жакында эле болгон ызы-чууну мисалга тартып, ал гимназиядагы мыйзамсыз акча чогултууларды санап берди. Гимназиянын “келечек” фондуна ай сайын 100 сомдон чогултулат.

0 346

Тыгында калган Чыныбай, чырылдап алды чыдабай

26-сентябрь 2019, 14:44 Алтын Булат

Бишкектин ичиндеги жолдор жаңыртылып, кеңейтилип деле жатат. Бирок ошол эле учурда тыгын көйгөйү жоюлуп кеткен жок. Чындап келсе жолдо калган чиновниктер деле бар. Бирок, кимиси болбосун көйгөйдү ооз учунан гана билдирип келишет. Тагыраагы азырынча маселеге батыл киришип, жиптин түйүнүн чече алган эч ким чыга элек. Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жолдо эки саат кармалып калган экен парламенттин ...

0 1268

АУДИО - Мээнеткечтеги, “мээнетсиз” кеткен миллиондор

Аудиофайл 26-сентябрь 2019, 12:46 Алтын Булат

Чүйдүн Мээнеткеч айылындагы бала бакчанын курулушуна 23 миллион сом коротулуп, ал 18 кемчилик менен бүткөн. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында билдирди. Депутаттын айтымына караганда, акча каражат 2016-жылы Сооронбай Жээнбеков өкмөттү жетектеп турган убакта эле бөлүнгөн. Анткен менен анын азыркыга чейин ачылышы боло элек. Ачылбай жатып, тамдары жарака кеткен. Бул ...

0 673

АУДИО - Уялчаак депутат губернатор неге бешбармакка чакырылбай калганын ачыктады

Аудиофайл 26-сентябрь 2019, 12:52 Алтын Булат

Мурдагы губернатордун аш-тойдон калган себептери - Аманбай Кайыповду нарындыктар эттүү кесмеге да чакырбай калышкан. Мындай пикири менен, бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин "Ар түрдүү маселелер" жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев коомчулукка коңгуроо какты. Бирок, эмне себептен экс губернатор "кесмеден" как калганын ачыктаган жок. Депутаттын пикиринде, учурда өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жаны тынбай, чуркап, иштеп эле жүрөт. Бирок, ошол эле учурда Нарын жергесине эрте ...

0 137

Депутаттарга коомдук уюмдар сабак берүүдө. Уялган жоксуңарбы, “урматтуулар”?

26-сентябрь 2019, 10:29 Алтын Булат

2010-жылы кабыл алынган Конституция менен кете турган болсок, анда Кыргызстан Парламенттик башкаруудагы мамлекет. Бирок, учурда кимиси башкарып, кимиси аткарып жатканы түшүнүксүз кырдаал. Мына ушул маселени эске алганбы, айтор, “Жарандык платформа” деген уюм өлкөдөгү депутаттарды “окутуп-үйрөтүп” жатышыптыр. Уят эле... Буга чейин, Каракол, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында Парламентаризимдин ролун окутуп-үйрөтүп талкуулап келишссе, эми бүгүн 26-сентябрда Бишкекте анын жыйынтыгы ...

0 3155

ВИДЕО – Учактан түшүрүлгөн танктардын парашюту ачылбай калды...

Видео 24-сентябрь 2019, 17:57 Алтын Булат

Оренбургдагы «Борбор – 2019» аскердик машыгуусу. Даярдыкта келген десанттар асмандан жерди карай түшүрүлдү. Алардын арасында эки согуш унаасы дагы бар. Бирок эмнегедир экөөнүн тең парашюту ачылбай калды. Анан мына алар катуу ылдамдыкта келип жердин чаңын сапыра биринин үстүнө бири жанчылып жатып калышты. Учурда бул окуянын чоо-жайын Орусиянын аскер прокуратурасы териштирип жаткандыгы айтылууда. Бактыга жараша бул техникалардан бөлөк бир дагы ...

0 740

Баракелде! Баткендиктер эми коңшулар менен жол талашпай калышат экен 

24-сентябрь 2019, 16:19 Алтын Булат

Баткен областындагы Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушу соңуна чыгып калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, парламенттеги коргонуу жана коопсуздук боюнча жабык жыйындан чыккандан кийин журналисттерге айтып берди.  Анын билдиргенине караганда, жалпы сметасы 500 миллион сомго бааланган,  24 чакырымдык жолдун бир чакырымдан ашыгыраагы эле калган.   Эске сала кетсек, бул Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушуна тажикстандык жарандар бир нече жолу каршы ...

0 159

Брюс Уиллис укса капа болот го. Астероиддер эми коркунуч жаратпайт

24-сентябрь 2019, 15:38 Алтын Булат

“Армагеддон” кинотасмасы маанисин жоготту. Буга капа болуп дүйнөнүн кайсы бир бурчунда Брюс Уиллис жалгыз ыйлап олтурса керек. Дегенибиз, учурда Орусия менен АКШ окумуштуулары Жерди астероиддерден сактап калуунун жолун табышты. Тагырагы, Королев атындагы Самара улуттук изилдөө университетинин, Лебедев атындагы институттун жана америкалык Эмори университетинин ойлоп табуучулары биргеликте атайын лазердик системаны түзүп чыгышкан. Эми бул эксперименталдык лазер системасы менен Жер орбитасын ...

0 503

Унааңызга өзүңүз каалагандай номур алгыңыз келеби? Анда, даярдангыла!

24-сентябрь 2019, 14:01 Алтын Булат

Каалаган комбинациядагы номурду тандап, ошол замат эле жеке автоунаага каттатуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Албетте, азырынча бул максатталган пилоттук долбоор. Ал 2020-жылдын 20-сентябрынан 1-октябрына чейин Ош, Жалал-Абад облусундагы айдоочуларга сунуштала турганын Мамкаттоонун маалыматында айтылат. Ага ылайык, эки облустун тургундары, эми туура бир жыл өткөн соң азыркыдай каттоодон өтүү, кезек күтүү деген баш оорулардан арылат. Учурда унаанын ээси жаңы номур алуу ...

0 190

СҮРӨТ - Боронов Эстониядан “реформа” алып келет дейби...

24-сентябрь 2019, 12:18 Алтын Булат

Өкмөттүн аппараты билдиргенине караганда, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Эстония Республикасында жүрөт. Максаты Эстониянын административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын өздөштүрүү. Мындай жоон топ чиновниктерди курамына камтып алып, “тажрыйба алмашабыз” деп эле чет өлкөлөгөн көрүнүш буга чейин деле болуп келген. Мындан кийин деле боло берет. Бирок ушундан бир пайда болуп, чиновниктер жыйнап ...

0 185

Сокулуктун мурдагы акими көз жумду

24-сентябрь 2019, 11:41 Алтын Булат

Бүгүн, 24-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районунун мурдагы акими Бейшенбек Өскөнбаевди Сокулукта акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Өскөнбаевдин 22-сентябрь күнү инсульттан улам каза болгону айтылууда. Маркумдун жакындарына көңүл айтабыз! Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Булак: "NazarNews.kg"

0 103

Чек аранын чечилбей келген чырларына чекит коюлабы?

24-сентябрь 2019, 10:29 Алтын Булат

Жогорку Кеңештин депутаттары вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун сөзүн угушат. Тагыраагы, бүгүн 24-сентябрда, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет чек арага байланыштуу парламенттин мурда чыгарган токтомдорунун жана чечимдеринин аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын угууну туура көрүшкөн. Буга, 16-сентябрдагы Баткендин Максат айылына жакын жердеги кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосундагы атышуу себеп болгон. Анда, кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 435

Курсан Асановго дагы бир кылмыш иши козголду

23-сентябрь 2019, 19:10 Алтын Булат

СОБРдын кызматкерин айдоочу кылып алганы үчүн ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үстүнөн дагы бир кылмыш иши Аскер прокуратурасы тарабынан ачылды. Мындай маалыматты аскер прокурору Нуркамал Набиев, Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди. Анда айтылгандарга таянсак, К.Асанов СОБРдын кызматкерин эч буйругу жок эле өзүнө айдоочу кылып алган. Ошентип Асановдун үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин саны төрткө жетти. Буга ...

0 588

Сак болгула! Мөмө жемиштерден ийнелер чыгууда

23-сентябрь 2019, 16:53 Алтын Булат

Экспорттолуп келген кулпунай, банан жана алманы байкап жегенге туура келет. Себеби, алардын ичинен кадимки тигүү ийнелери чыккан учурлар бар. Бул окуя көптөн бери Австралияда ызы-чуу жаратып жатат. Ийнелер буга чейин Квинсленд штатында табылса, кийин ал өлкөнүн башка штаттарына дагы таркап кеткен. Учурда Виктория аймагында пайда болду. Буга чейин кулпунайдан табылган ийнелер боюнча, полиция 200 дөн ашык жергиликтүүлөрдүн арызын кабыл ...

0 551

Казак акынына Шер-Нияз ачуулуу кеп айтты 

23-сентябрь 2019, 15:27 Алтын Булат

Айтылуу “Айтыш” фондусунун төрагасы, экс-депутат Садык Шердин көптөн бери көңүлүнө түйүп, ичинде сактап жүргөн ызасы бар экен. Ал Фейсбукта кеп айтты, айтканда да, “Эгер берген тыйыныңыз көп болуп көрүнсө эсебиңизди салып жиберсеңиз болот. Айтыш фондунан которуп коем, эки эсе кылып. Бүтпөгөн тешигиңиз болсо жаап алыңыз. Тек гана кыргыздын ар-намысы акча менен гана чектелбесин билип жүрсөңүз болгону” – деп бек ...

0 445

ВИДЕО - Бишкекте бүгүн катуу шамал болгонун байкадыңызбы?

Видео 23-сентябрь 2019, 12:10 Алтын Булат

Жерге жарык текши түшө элек. Шуулдап ыргалган бак-дарактар туруксуз аба-ырайынан кабар берүүдө. Бирок, жаратылыштын мындай сүрөттөлүшүн Бишкектердин көбү байкабай дагы калышты.  Бул видеонун автору, жарандык активист Алишер Ташматовдун жазганына караганда,  таңга жуук башталган катуу шамал болжолу 5-6 саатка созулган. Ошондой эле, учурда катуу шамалдан улам чатырлары кулаган үйлөр бар экендиги тууралуу маалыматтар пайда болду. Ал эми ӨКМ билдиргендерине таянсак, ...

0 1427

ВИДЕО – Экс-депутат Жогорку Кеңештеги “лөктөрдүн” сырларын ачыктап салды

Видео 23-сентябрь 2019, 10:57 Алтын Булат

Парламенттин V-чакырылышынын депутаты Ширин Айтматова мурдагы кесиптеш- депутаттарга таандык “Ун мафиясын” изилдеп чыккан атайын видеосун интернет айдыңына таратты. Анда, Парламенттин учурдагы “лөктөрү” - спикер Дастан Жумабеков, орунбасары Мирлан Бакиров, ЖКнын жыдыбас депутаты Чыныбай Турсунбеков жана белгилүү “Алкомагнат” Шаршенбек Абдыкеримовдордун жеке кызыкчылыктары кантип ишке ашканы айтылат. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин учурдагы VI – чакырылышы келээри менен ун маселесин козгоп, андан баардык салыктарды ...

0 585

Бишкектиктер эт жебесе дагы шорпо ичкендей жашашат го, чиркин!

21-сентябрь 2019, 16:03 Алтын Булат

Улуттук статистика комитети “таз-за” тамаша кыла баштады окшойт. Чоочуп дагы кетесиң, башка бир дүйнөдө жүргөндөй.  Аталган тармактын порталында, ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн борбор калааларында жашаган элдин орточо айлыгы жана андагы тамак-аштардын статистикасын баалары тууралуу маалымат пайда болду. Ал маалыматта айтылгандай, албетте биздин өлкө артынан биринчини ээлеп турабыз. Тагыраагы, 2019-жылдын августунда маскөөлүктөрдүн орточо эмгек акысына 229 килограмм эт келе турган болсо, ...

0 161

Сын-пикир барбы? Болсо Бишкек мэриясы күтүп жатат

21-сентябрь 2019, 16:06 Алтын Булат

Бишкектин түндүгүнөн түштүгүнө карай кеткен дагы бир жолдун эсеби табылды. Албетте жакшы жагына экенин мэриянын басма сөз кызматы берген маалыматтан байкап, ыраазы болуп турабыз.  Анткени Токтаналиев көчөсүнө унаа каттамын улап туруучу жаңы көпүрөнүн ачылышы боло элек жатып, шаар бийлиги шаардыктардан сын-пикир сурап, (0550) 305-010 номерин кошо көргөзүп жатышат. Чын эле чыгынып, эл үчүн иштейин деген чиновниктер, шаар башына келген ...

0 1498

СҮРӨТ - Көчүккө жел үйлөсө, чөнтөгүнөн 20 доллар түшкөн Трамп 

21-сентябрь 2019, 11:28 Алтын Булат

АКШнын президенти учактын бортуна көтөрүлүп бара жатат.  Сапырылган сары чач, желпилдеген галстук менен этеги өйдө карай кайрылган костюм. Бул кадимки Калифорниядагы эле шамалдын күчүн көргөзүп жаткандай эле көрүнүш.  Бирок, ушул шамал америкалык лидердин дагы бир “сырын” ачып салды. Тиги этеги өйдө кайрылган костюмдун астын карасаңар. Трамптын арткы чөнтөгүнөн 20 долларлыктын учу чыгып жүрөт. Эми анын акчасы чөнтөккө эмес банкка ...

0 147

Кыргыз фемидалары сот адилеттиги боюнча жаңылык угуп келишти

21-сентябрь 2019, 09:52 Алтын Булат

«Сот адилеттигинин сапатын  башкаруу: глобалдык тенддер жана тажрыйба» аттуу эки күнгө созулган эл аралык форум Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөрүлдү. Ага Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева жана Сот департаментинин директору Кубанычбек Капаловдор катышып келишкендигин Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.  Анда айтылгандай, 17-18-сентябрында өткөн иш чарага жалпысынан 900гө жакын киши катышкан. Анын ичинде, Эл аралык судьялар ассоциациясы менен Эл аралык сот ...

0 144

Климаттын өзгөрүшүнө мэрия күнөөлүүбү? Же сотпу...

20-сентябрь 2019, 17:14 Алтын Булат

Бишкек мэриясыбы же Бишкектин Биринчи Май райондук сотубу, иши кылса мамлекеттик бул органдар жаратылышты коргоочу топко кыянаттык кылып коюшуптур. Буга капа болгондордун жазгандарын социалдык баракчалардын колдонуучулары бөлүшүштү. Андагы маалыматка туура түшүнсөк, бүгүн климаттын өзгөрүшүнө санааркаган топ борбордук аянтта акциялык жүрүшкө чыгышмакчы болушкан экен. Максаты, көпчүлүктү жаратылышка аяр мамиле кылууга чакыруу болгон. Бирок, мэрия райондук соттун “30-сентябрга чейин калаанын борборунда ...

0 818

Таалатбек Масадыков: “Чек араларда контрабандага кийлигишкен таасирлүү күчтөрдүн кызыкчылыктары бар”

20-сентябрь 2019, 15:07 Алтын Булат

Кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан чыр-чатактар чек арадагы абалдын кандай экендигин көрсөтүп койду. Биз бул маселе боюнча аймактык коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча адис Таалатбек Масадыков менен маектештик. - Таалатбек ага, жакында Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чыры чыкты эле, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсүндө чыр басылгандай болду окшойт, бүгүн тажиктер курулуш материалдарын жыйнай башташкандыгы тууралуу маалыматтар тарады. Албетте, ...

0 240

Жогорку Кеңештин “лимити” түгөндүбү?

20-сентябрь 2019, 13:09 Алтын Булат

ЖК депутаттары эмнеге эле мурду жок букача сүзө качырып, мыйзамдарды кыйгап өтөт десе, депутаттар өлкөдөгү “кризисти” тагыраагы, “кризистерди” билишпейт да, сезишпейт да окшобойбу. Же, мындай жөнөкөй иштерге баштарын ооруткулары келбейт. Мына бүгүн эле, парламент мөөнөтүнөн мурда таркай турганы имиш-имиш менен айтылып жатты эле, төраганын орун басары Мирлан Бакиров: “Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратууга негиз жок. Анткени, таркатуу тууралуу сөз ...

0 195

Ауу, “Апрелчилерге” атака болуптур

20-сентябрь 2019, 10:25 Алтын Булат

Президенттик аппараттын жалдаган хакерлери “чабал” экен. Алар “Апрель” маалыматтык сайтына бир эмес, беш жолу DDOS-чабуул жасалып, аны жөнөкөй эле техникалык адистер өз убагында “блоктоп” турганга жетишкен.  Мунун канчалык чын-бышыгын, мындай маалыматты таркаткан аталган сайттан барып суроо зарыл. Ал эми биз билген маалыматты айта турган болсок, мындан бир ай мурда эле сайтка хакердик чабуул болорун “Апрелчилерге” ишенимдүү өздүк булагы кабарлаган ...

0 759

КАЙРЫЛУУ: “Элдин үнүн угуңуз урматтуу президент!”

20-сентябрь 2019, 09:30 Алтын Булат

Президентке кайрылуу! Урматтуу Сооронбай Шарипович, кыргыз элинин уулу  Садыр Жапаровдун азыркы учурда адилетсиз соттордун чечими менен абакта жатканы баардык эле кыргыз элине белгилүү жана бул элдин жүрөгүн оорутуп турат.  Сиз шайлоо үгүттөрү жүрүп жатканда Кудай алдында ыйманыңыз таза экенин, эл сизди тандап шайласа тек адилеттүүлүктү бекем тутунаарыңызды баса белгилеп айтып жаттыңыз. Элге убада кылган ар бир убадаңызды кайталап айтуунун ...

0 937

"Айдаганың БМВ, кайдан алдың тыйынды же кайын атаң кыйынбы?"

19-сентябрь 2019, 19:10 Алтын Булат

Биздин катардагы эле милициянын жалгыз башында төрттөн унаасы бар экенин билчү белеңиз. Биз угуп, уккан кулагыбызга ишене албай турубуз. Бар экен эй андайлар, алган айлыгы орточо 10 миң сом, айдаганы төрт унаа. Анан дагы ошонун баарына бир эле жасалма номур колдонуп, 108 жолу жол эрежесин бузган экен “тооба”. Эме... ишенбесеңер тиги ЖКККББнын басма сөз катчысы Ыманалы Саркулов мырзадан тактап ...

0 409

Сегизбаев Акаевди аңга, Атамбаевди абакка салды

19-сентябрь 2019, 18:07 Алтын Булат

Акаевди аңга, Атамбаевди абакка салган Сегизбаев суудан кургак чыккысы келеби? Айтор, мурдагы УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев, Атамбаевге моралдык колдоо көргөзүү үчүн эле барганын айтып, Кой-Таш окясы боюнча түзүлгөн коммиссияга агынан жарылып жаткан кези. Болбосо, кезинде ошол эле экс-президенттин “поддержкасы” менен “кайни” Сегизбаев жакшы эле семирген. Эми аскердик тажрыйбасы жок, басма сөз катчы, катардагы журналист болуп эле жүргөн адам, “жездеси” ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 348

Ширеңкеси жок жер өрттөгөндөр

19-сентябрь 2019, 17:05 Алтын Булат

Буга чейин Арстан Алай “Мен Кудаймын” деп калайман калайыкты чоочутуп жаткан эле. Эми бүгүн дагы бир кыз андан кем калышпай, “мен пайгамбардын ордун басуучу Махдимин” деп чыкты. “Махди” дегени исламда акыр заман болорунда келе турган Мухаммед пайгамбардын акыркы мураскери катары сыпатталат экен. Негизи эле кийинки кездери дүйнөдө жерди ширенкеси жок өрттөгөн “тентектер” көбөйдү. Азыр биз алакандай элибизден Кудай дагы, пайгамбардын мураскери да чыкты деп мактанарыбызды ...

19-сентябрь 2019, 17:05 | 348
0 858

Мадумаровго нааразы журналисттер митингге чыгышты

19-сентябрь 2019, 16:28 Алтын Булат

Бүгүн, 19-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясы жайгашкан мекеменин алдында журналист Жоодар Бузумовго тилектештигин билгизген митинг өттү. Журналист Бузумовдун өзү ал жакта болгон жок. Анын парламентте сюжет даярдап жүргөнү айтылды. Чогулган ондон ашык журналисттин ичинен үчөө-төртөөсү Адахан Мадумаровго нааразылыктарын айтты. Ал эми Журналистер коомдук бирикмесинин башчысы Марс Тулегенов, журналист менен саясатчынын ортосунда болгон пикир келишпестикке саресеп салды. - Убагында биздин дагы мындай башыбыздан ...

0 290

Акыйкатчы менен депутат кандайча кесиптеш? Себебин Токон Мамытов айтып берди

19-сентябрь 2019, 13:42 Алтын Булат

Депутат Руслан Казакбаев менен кандайча кесиптеш экенин акыйкатчы Токон Мамытов NazarNews.kg маалымат агенттигине айтып берди.  Көрсө, Мамытов ЖК депутаты Руслан Казакбаевди Тышкы иштер министрлигинин кадры катары маалымат менен иштегендигин эске алып гана кайрылган. Андыктан "бөйрөктөн шыйрак" чыгарып жиберишкендерге түшүнбөй жатканын баса белгиледи КР Акыйкатчысы Токон Мамытов.  --СССР учурунда КГБда иштегендер “журналисттер, дипломаттар, анан КГБнын кызматкерлери үч эгиз бир тууган” ...

0 188

Токтогул Какчекеев: “Чек ара сыры ачык айтылбаса, ал жарылат”

19-сентябрь 2019, 11:59 Алтын Булат

“Негизинен кыргыз-тажик чек ара чырына байланыштуу жарып ийчү деле сыр жок”, -деп коомдук ишмер Токтогул Какчекеев “NazarNews.kg” маалымат агенттигине айтып берди.  ИИМдин ардагери белгилегендерге таяна турган болсок, жыйынды жашыруун өткөрүүнүн бир гана себеби бар. Ал атайын кызматтын жашыруун маалыматтары, алардын кемчилиги же келечектеги атайын иш аткаруу максаттары болгондо гана. - Болгону өкмөт башчысы элге ток этер жерин айтыш керек. ...

0 215

Чек ара тууралуу купуя сыр бар, аны өкмөт башчы депутаттарга жашыруун айтып бермей болду

19-сентябрь 2019, 10:12 Алтын Булат

Депутаттар Баткендеги чек ара маселеси боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевдин маалыматын жабык эшик артында угушмай болду.  Буга үч депутат каршылыгын билдирсе, 77 депутат макулдугун берди.  Мындагы келтирилген жүйөөлөргө караганда, өкмөт башчы айта турган сөздө купуя сырлар бар. Булак: "NazarNews.kg"

0 291

Баш ал десе бөрк алган сотторго кандай чара көрүлөт?

19-сентябрь 2019, 09:17 Алтын Булат

Иш аракеттеги жаңы кодекстин негизинде, соттор өмүр бою же 20 жылдан ашык эмес мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгара алышат. Бирок, ЖК депутаты Сайдулла Нышанов парламенттин бүгүнкү жыйынында кыйыткандарына караганда, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, 20 жылдан ашык убакытка эркинен ажыраткан өкүм чыгарган соттор дагы бар экен. Нышанов, Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дюшембиевге кайрылып, 22 жылга өкүм чыгарган сотторго ...

0 176

Тажикстан чек арага курулуш баштоо менен эл аралык тажрыйбаларды бузду

18-сентябрь 2019, 17:47 Алтын Булат

Тажикстан чек арага курулуш баштоо менен эл аралык тажрыйбаларды бузду. Вице-спикер Мирлан Бакировдун мындай пикирин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы таратты.  Анда айтылгандай, Мирлан Бакиров баштаган депутаттык топ Баткен жергесине барып, окуяны жеринде көрүп, жергиликтүүлөр менен баарлашып келишкен.  “Эл аралык тажрыйбага ылайык, талаштуу, такталбаган мамлекеттик чек ара тилкелери өзгөчө макамга ээ. Андай тилкелерге социалдык жана башка мекемелердин курулушун жүргүзүүгө ...

0 163

Акыйкатчы Токтокүчүк Мамытов качан үн катат?

18-сентябрь 2019, 16:54 Алтын Булат

“Сиз бийликчил акыйкатчы болуп жатасыз” – деп ЖК жепутаты Жанар Акаев 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытовго собол салды.  "Эмнегедир ушундай учурда сиздин үнүңүз катуу чыкпай жатат. Сиз накта карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн акыйкатчы болушуңуз керек эле. Прокуратура, сот сыяктуу баардык күч органдарына элдин ишеними төмөн. Чак түштө мушташтар болуп жатат, камалгандар чыгып кетет. Керек болсо азыр саясатчылар, ...

0 237

ВИДЕО - Адахан Мадумаровдун маалымат жыйынында чуу чыкты

Видео 18-сентябрь 2019, 18:42 Алтын Булат

Бүгүн, 18-сентябрда, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери  Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрдү.  Анда журналистер берген суроолоруна канаатандырарлык жооп албай жаткандыгын эскертишти. Мадумаровдун суроого суроо менен жооп берген адатын токтотуусун сурангандар дагы болду. Бирок, саясатчы өз учурунда журналисттерди этиканы сактоого чакырып, “мен кезинде айтам, силер артынан айтасыңар. Айырмабыз ушунда” – деп журналистерге өз баасын бергенге дагы үлгүрдү. Булак: NazarNews. Kg

0 214

Адахан Мадумаров бийликте турганда эмне кыла алды эле?

18-сентябрь 2019, 18:56 Алтын Булат

Адахан Мадумаровдун айтымына караганда кызматтагылардын бири дагы “эшектин тушагын чечпейт". Андан сырткары Адахан Мадумаров журналисттердин кыргыз-тажик чуусу тууралуу пикирин айтты.  - Бул ызы-чуу союз мезгилинде дагы болгон. Бул ызы-чуу мен кеткенден кийин дагы болот. Бул ызы-чуу адам жаралгандан башталган, адам бул дүйнөдөн кеткенден кийин дагы боло берет, – деп Мадумаров айткан учурда, журналист тарабынан, “анда учурдагы бийликке сын такканыңыз туурабы?” деген суроо берилди. - ...

0 103

Адахан Мадумаров: “Союз тарап жаткан убактагы келишимдерге бекем туруш керек”

18-сентябрь 2019, 18:58 Алтын Булат

Союз тарап жаткан убактагы кол коюлган келишимдерге бекем туруш керек. Мындай пикирин бүгүн, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, коомдук ишмер Адахан Мадумаров маалымат жыйында билдирди. “Ал документте “Административдик келишимдер кандай турган болсо, ал бүгүнкү күнү дагы ошол бойдон калсын” делет. Мына, Казакстан ошол келишимдердин негизинде бекем турганы үчүн Байконурду өзүнө алып койду. Байконурга азыр Орусия жыл сайын ижара төлөйт, ...

0 199

Адахан Мадумаров: “Бул бийлик элге пайда алып келчү бийлик эмес”

18-сентябрь 2019, 13:13 Алтын Булат

Бүгүн, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров журналисттер үчүн маалымат жыйын курду. Анда ал кыргыз-тажик чек арасын чечүүнүн жолдорун айтып жатып, учурдагы бийлик элге пайдалуу иш жасаарына көзү жетпей калганын билдирди.    -Биз канчалык бул бийликке чыдаган болсок, Кыргызстандын кызыкчылыгы ошончолук чектелип жатат. Кезинде билесиңерби? Борис Силаев деген болгон. Ошол киши Кировдогу бир гана суу сактагычты жаап койду ...

0 87

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду

18-сентябрь 2019, 10:55 Алтын Булат

Президенттин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Бообек Салимжанов Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу кызматынан бошотулду. Анын ордуна Руслан Бийбосунов дайындалды. Ошондой эле президенттин дагы бир жарлыгы менен Катардагы Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Чынгыз Эшимбеков дайындалды.  Булак: "NazarNews.kg"

0 230

Чек ара чыры боюнча Атамбаев да үн катты

18-сентябрь 2019, 10:39 Алтын Булат

“Кыргыз бийлиги экс-президенттин тарапташтары менен кармашууну токтотуп, учурда курчуп турган өлкөнүн коопсуздугу боюнча маселени чечүү жолун карашы керек”. Абакта олтурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мына ушундай билдирүүсүн уулу Кадырбек Фейсбук баракчасында жазып чыкты.  Анын бул билдирүүсүндө,  мурунку президент кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсызданып жатат. Ошону менен бирге тезирээк тынчтык жана туруктуулук орношун үмүт кыларын кошумчалайт.  “Атам өзүн жакшы сезүүдө. ...

0 134

Сноуден WhatsApp менен Telegram мессенжерлерин колдонуда сак болууга чакырды 

17-сентябрь 2019, 18:18 Алтын Булат

Америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден  France Inter француз радиостанциасынын эфиринде Вотсап, Телеграм колдонгон чоңдорду сак болууга чакырды. Анын айтымында, бул мессенжерлердин колдонуучуларынын эмне жазып, эмне маалымат бөлүшүп жатканын аңдуу оңой. Эфир учурунда Сноуден, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Telegram, өкмөт башчысы Эдуард Филипп WhatsApp колдонушарын билдирген. Ал жогорку кызматтардагы чиновниктердин WhatsApp колдонуусу чоң кемчилик экенин баса белгилейт.   Ошондой ...

0 337

ВИДЕО – “Бир звонок менен иштен айдатам!” деген жигитке МАИнин жообу

Видео 17-сентябрь 2019, 15:48 Алтын Булат

Буга чейин жол эрежесин бузган айдоочунун Иманалы Саркуловдун атын айтып, МАИ кызматкерлерин коркутуп жаткан видеосу социалдык тармактарга таркаганы боюнча жазганбыз.  Бул боюнча жетекчинин пикирин билүүгө кызыгып, ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына дагы кайрылган элек.  Көп күттүрбөй алардан жооп иретинде видео да келди. Анда тууганы болуп жаткан айдоочу менен ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын орун ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 298

ВИДЕО - “Бир звонок менен иштен айдатам!” 

Видео 17-сентябрь 2019, 14:46 Алтын Булат

Жогорку кызматта иштеген тууганын айтып,  МАИ кызматкерин коркутуп жаткан айдоочу тууралуу видео социалдык тармактарда таркап кетти.  Анда, жаш жигит өзүн ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын орун басары Иманалы Саркуловдун жээни катары тааныштырган.  Ошондой эле айдоочу өзүн бошотуу үчүн инспекторго ачык эле бир жарым миң сом сунуштаган. Бул тууралуу Саркуловдун пикирин дагы чагылдырууга аракет кылабыз. Булак: "NazarNews.kg"

0 569

Кайып Шер Орусиянын агентиби?

17-сентябрь 2019, 14:23 Алтын Булат

Кийинки күндөрү өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтире, тескери үгүт кылган “эргулдар” пайда болду. Мисалга, өзүн “Апрель баатырымын” деп төшкө койгулап жүргөн Кайып Шер деген бирөө бар.  Ал, “Орусияга кошулбасак, булар сатып түгөтөт” деген сыяктуу бир катар постторун Фейсбуктагы баракчасында бөлүшүп келет. Эми логикасына туура түшүнсөк, оруска кошулсак эле “паракорлор” азайып, “корруппция” түп тамырынан кыркылат. Мындан улам ал Орусиянын шпионубу деген ...

17-сентябрь 2019, 14:23 | 569
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83