www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтын Булат

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (390)

0 311

ВИДЕО - “Бир звонок менен иштен айдатам!” 

Видео 17-сентябрь 2019, 14:46 Алтын Булат

Жогорку кызматта иштеген тууганын айтып,  МАИ кызматкерин коркутуп жаткан айдоочу тууралуу видео социалдык тармактарда таркап кетти.  Анда, жаш жигит өзүн ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын орун басары Иманалы Саркуловдун жээни катары тааныштырган.  Ошондой эле айдоочу өзүн бошотуу үчүн инспекторго ачык эле бир жарым миң сом сунуштаган. Бул тууралуу Саркуловдун пикирин дагы чагылдырууга аракет кылабыз. Булак: "NazarNews.kg"

0 581

Кайып Шер Орусиянын агентиби?

17-сентябрь 2019, 14:23 Алтын Булат

Кийинки күндөрү өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтире, тескери үгүт кылган “эргулдар” пайда болду. Мисалга, өзүн “Апрель баатырымын” деп төшкө койгулап жүргөн Кайып Шер деген бирөө бар.  Ал, “Орусияга кошулбасак, булар сатып түгөтөт” деген сыяктуу бир катар постторун Фейсбуктагы баракчасында бөлүшүп келет. Эми логикасына туура түшүнсөк, оруска кошулсак эле “паракорлор” азайып, “корруппция” түп тамырынан кыркылат. Мындан улам ал Орусиянын шпионубу деген ...

17-сентябрь 2019, 14:23 | 581
0 121

ЖоКенин жалпы жыйыны чек ара талашын чечеби? 

17-сентябрь 2019, 15:25 Алтын Булат

“Эртең, 18-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны кезексиз  Кыргыз-Тажик чек ара маселесин карашы керек!” Мындай пикирин бүгүн депутат Исхак Масалиев, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отрумунда билдирди. -Биз чек ара боюнча токтом кабыл алганбыз. Аны кабыл алгандан бери иш тескери кетип жатат. Маселени тезинен чечүү зарыл, -дейт Масалиев. Муну эмне дечү эле, кези ...

0 411

Опурулган Опумбаевдин “3500 спецназын” чек ара күтүүдө

17-сентябрь 2019, 12:41 Алтын Булат

Убагында, Кой-Таштагы “№1 терористти...” кармоого ойлонбой команда берген Опумбаев деген УКМКнын башчысы, ал жакка үч жарым миң спецназды алып барбаганына катуу кейиген эле. Мындан улам ой келет, ошол опурулганын ичтен көргөзбөй, чек арадагы кокуйлаган кошуналарга деле көргөзүп койсо кантет.  Эми, ошончо көп очойгон жигиттер чек арада турушса, алардын сүрүн көрүп сестене түшүшөбү деген ой да...  Туура түшүнсө, Орозбек Опумбаев ...

0 200

“Временщиктер” кайда? Бак тиккен сайда!

17-сентябрь 2019, 11:11 Алтын Булат

Өлкөдө экинчи бийликти кулатканына курсант болгон Убактылуу Өкүмияттын өкүлдөрү кайда? Кечээ чогулуп олуттуу иш бүтүргөнсүп, бак тигип жүрүшпөдү беле. Башка маселе жок өлкө өнүгүп жаткансып... Мына ошол он үчү (Алмазбек Атамбаевден башкасы) борборго эмес, чек арага бак тигишкенде туура болмок экен. А баса, “ал акылдуулардын акылын пайдаланып калайын” деген бүгүнкү бийлик жокпу? Андай дейин десең кечээ президент менен жашырынып ...

0 193

Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап... 

17-сентябрь 2019, 10:40 Алтын Булат

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам, өкмөт башчысы Абулгазиев, анын соңунан Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов, Мирлан Бакиров жана Таабалды Тиллаев Баткенге учуп кетишти. Кеткенде дагы жөн кетпей, “Премьер дагы ал жакта, биз да баратабыз...” – деп өздөрүн пиарлай кетишти.  Кыргызда “жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка ча-ап” деген сөз бар.  Бул биздин чиновниктер таң калтыргандан тажашпады. Маселени чечиш ...

0 167

ВИДЕО - Уурдаган жок, ичкен жок, бирок баары бир – түрмө! Эч кандай романтика да жок.

Видео 17-сентябрь 2019, 09:07 Алтын Булат

Орусиянын Тула областынын тургуну ювелердик дүкөндү тономокчу болгон. Бирок, баардыгы ал күткөндөй болгон жок.  Дөкүндүн текчелери жылан сыйпагандай таптаза, касса болсо ачкычсыз ачылбады, анан эле эң кызык учурда сигнализация иштеп калды.  Видеону толук карап чыккан болсоңуз, жолу жок уурунун кыжырданганын көрүүгө болот. Булак: "NazarNews.kg"

0 443

Баткендеги чек ара чыры эртеңкиге чейин токтоду

16-сентябрь 2019, 19:28 Алтын Булат

Кыргыз-Тажик “курулуш” жаңжалы убактылуу, эртеңкиге чейин токтоду. Ушул жана башка маалыматтарды бизге, жеринде жүргөн Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов кабарлап турду. Бүгүн буюрса тынчыды. Чек арачылар эртең 17-сентябрь күнкү сөйлөшүүгө чейин деп кетишти. Ал эми тажиктерди өздөрүнүн укук коргоо органдары алып кетишти. – деп билдирет Бекмуратов. Эске сала кетсек бүгүн, Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесинде талаштуу аймактарга тараптар өз ...

0 1070

Токтогул Какчекеев: “Сапар Исаковдун оорусун аныкташпайбы, же өлүп калышын тилейби?”

16-сентябрь 2019, 18:52 Алтын Булат

“Ал (ред. С.Исаков) суракта каалагандай жооп бербей жатса керек”. Мындай пикирин коомдук ишмер Токтогул Какчекеев NazarNews.kg МАга билдирди. Анын айткандарына караганда, тергөөнүн каалосуна канаатандырарлык жооп бериш керек. “Бирок андай болбосо ким кантип жооп берет, же кимдир бирөөгө жок жерден эле күнөө тагыш керек беле? Ал жарым жылдан бери суракта отурат мындай абалда оору өз таасирин кылат. Текебаев деле сырттагы ...

0 1816

СҮРӨТ - Тажиктер кыргыздарга агрессия көргөзө баштаганы айтылды 

16-сентябрь 2019, 17:41 Алтын Булат

“Тажик тарап элин алдына салып провокация уюштурушуп жатат”. Бул тууралуу бизге Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.  Анын сөзүнө караганда, кыргыз тарап тажик чек арачыларына атаандаша Максат айылында альтернативалык курулуш башташкан. Ал менчик үйдүн тосмо дубалы. Бирок, бул курулуш иштерине тажик тарап тоскоолдуктарды жарата башташкан. Мындан мурдаарак кырдаал тынч экени. Нааразычылык билдирип чыккан жергиликтүү калк тарап кетишкени айтылган болчу. 

0 217

Орус космонавттарына тапанча берилиши мүмкүн

16-сентябрь 2019, 16:36 Алтын Булат

Орус космонавттардын экипировкасына тапанча да кириши мүмкүн. Бул тууралуу  «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты. Бирок бул азырынча жөн гана сөз жүзүндө айтылып жатат.  Курал космонавттарга кайра келип Жерге конгон учурда, коркунучтуу жапайы жаныбарлар бар жерге түшүп калууда керек болушу мүмкүн экендиги айтылган. Булак: NazarNews.kg

0 243

Аксакал космонавт космоско учпай калды

16-сентябрь 2019, 15:47 Алтын Булат

Медициналык комиссиянын кортундусуна ылайык, Орусиядагы эң эле тажрыйбалуу делген космонавт Федор Юрчихин учууга даярданбай калды. Мындай чечимге космонавтарды машыктыруу борбору келген. Тагырагы дарыгерлер Юрчихиндин ден соолугу машыгууга жана космоско учууга болбой турганын айтышкан. Ал эми космонавтын өзү буга чейин Айды бир жолу чалгындап келүү максаты бар экенин айтып келген болучу. Ошентсе дагы дарыгерлердин корутундусунан кийин башка аргасы калбаганын билдирген.

0 755

СҮРӨТ - Тажик чек арачылар такталбаган жерге там салышууда

16-сентябрь 2019, 14:44 Алтын Булат

“Тажиктер курулуш материалдарын ташып келе башташты”, -деп билдирди бизге Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов. Анын айтканына караганда, учурда Лейлекте кырдаал тынч. Нааразычылык билдирип чыккан жергиликтүү калк тарап кетишкен. Учурда жергиликтүү бийлик жана эл өкүлдөрү абалга көз салып турушат.  Мындан мурдаарак белгилүү болгондой, тажик чек арачылары Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) аймагында кыргыз тарап менен макулдашылбаган курулуш иштерин жүргүзүп башташкан. Мындан ...

0 1145

Нурбек Токтакунов: “Сапар Исаковдун ооруганына ишенбегендер абакта бир жыл олтуруп көрүшсүн”

16-сентябрь 2019, 13:35 Алтын Булат

Сапар Исаковдун соттук териштирүү ишин кийинкиге жылдырууну анын жактоочулары суранышты. Мындагы келирилген жүйөөгө ылайык, Исаковдун ден соолугу күн өткөн сайын оорлошуп баратат.  Бирок, коомчулук арасында буга ишенбегендер дагы көп. Алар Сапар Исаковдун ооруп жатканынан күмөн санашууда. Жактоочу Нурбек Токтакунов “Ошол ишенбегендер, бир жыл абакта жатып көрүшсүн. Анан эмне дегенин көрөлү”, - деп билдирди. Чындыгында, бизде коррупцияга шектелген чиновниктер ооруп, ...

0 678

ВИДЕО - Абайлагыла! “Краснодар” күрүчүнөн курттар чыгууда

Видео 16-сентябрь 2019, 11:38 Алтын Булат

Жүрөктүн үшүн алган бул видео социалдык тармактар аркылуу тарап жатат. Ал видеонун авторлорунун айтымында, “Краснодар” күрүчүнүн ичинен курттар чыгууда.  Бул боюнча тиешелүү мамлекеттик органга кат менен кайрылдык. Жообун алар менен маалымдамакчыбыз. Булак: "NazarNews.kg"

0 1804

(18+) Собчак өзүнүн үйлөнүү тоюнда жарым жылаңач бийледи

Видео 16-сентябрь 2019, 11:33 Алтын Булат

“Мага кир, түшүмө кир...” (Войди в меня, войди в мои сны...). Мына ушул ырдын алдында жарым жылаңач бийлеген Ксения Собчактын видеосу коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан учур.  Бул бийин белгилүү орус телеалпаруучусу, өзүнүн үйлөнүү-үлпөт тоюна келгендерге “десерт” катары сунган.  Видеодо көрүнүп тургандай, ырдын текстин образга салгысы келген Собчак, бийлеп жатып жерге сойлогон, ошол учурда аны коштоп турган эки эркек, анын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 211

Бурятияда митингге 2 миң адам чыктыбы же үч жүздөй элеби?

16-сентябрь 2019, 10:36 Алтын Булат

Кечээ, 15-сентябрда, Улан-Удэ шаарында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 2 миңге чукул адам митингге чыгышкан. Бурятиянын бийлиги каршылык акциясына чыккандардын талабын укпастан кетип калышкан. Бул тууралуу бир нече чет элдик ММКлар жазып чыгышты.  Албетте, жазылган жаңылыктардын дээрлик көпчүлүгүндө пропагандалык маанидеги сүрөттөр бар. Ага абай салгандарга чындап эле нааразы болгондордун саны көптөй көрүнөт. Бирок биз байкаган дагы бир сүрөт, дрон менен ...

0 2426

ВИДЕО – Поезд толо жүргүнчүлөрү бар автобусту сүзүп кетти. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар 

Видео 16-сентябрь 2019, 09:55 Алтын Булат

Кырсык, кечээ, 15-сентябрь күнү 19:20лар чамасында, Алматы областынын Шамалган станциясында катталгандыгын,  Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Анда айтылгандай, автобустун айдоочусу тыюу салынган сигнал берилгенине карабастан поезд жолуна чыгып кеткен. Жыйынтыгында автобустун айдоочусу жана дагы бир жүргүнчү каза болуп, тогуз адам оор жаракат алган. Жаракат алгандардын ичинде 2 кичине бала бар экени айтылууда. Жалпысынан автобуста ...

0 205

Крымдын спикери Зеленскийге Украинанын чек арасын тактап алууну сунуштады

14-сентябрь 2019, 14:15 Алтын Булат

“Украина Крым жана Донбасс кошулбаган өзүнүн чегин кайрадан аныктап, мыйзамдаштыруусу керек!” Мына ушундай кеңеш бүгүн 14-сентябрда Владимир Зеленскийге карата айтылды. Тагыраагы, Крым парламентинин төрагасы Владимир Константиновдун мына ушундай билдирүүсүн РИА Новости жазып чыкты. Анда айтылгандарга караганда, Крым парламентинин төрагасы Донецк менен Луганск облустарында адамдар көп кырылганын эске алып, кайтарып алууга деле мүмкүн болбой калганын билдирген. Булак: "NazarNews.kg"

0 426

ВИДЕО - "Форсаж 9" тасмасы Грузиянын Рустави шаарында тартылууда

Видео 14-сентябрь 2019, 13:31 Алтын Булат

Грузиндер “Форсаж 9” тасмасынын трюктарын экрандан эмес, шаардын көчөлөрүнөн өз көздөрү менен көрүшүүдө. Көрсө, тасмадагы баардык эле учурга компьютердин жардамы менен тартылчу атайын эффекттер колдонулбайт экен.   Айтмакчы, Ютубка жүктөлгөн бул видео дагы, жергиликтүүлөрдүн уюлдук телефонуна тартылып алынган. Анда, кадимки адам үрөйүн учурган авто жарыш учуру кадрга түшүп калган. Булак: "NazarNews.kg"

0 203

Ооганстан – Өзбекстан – Казакстан – Кытай темир жол каттамы ишке кирди

14-сентябрь 2019, 12:36 Алтын Булат

41 вагондон турган жүк ташуучу поезддик каттамдын ачылышы Ооганстанда старт алды.  Ооганстандын географиясы борбордук жана түштүк Азияны байланыштырып турарын эске алган ал өлкөнүнүн президентти Мухаммад Ашраф Гани, бул кадам экспортко багытталган экономикада чоң өсүштөрдү алып келерин белгилеген.  Эске салсак, бизде дагы «Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу» курулаары айтылып келет. Бирок ал эмгиче ишке аша элек жана коңшу ...

0 174

Украиналыктар газдан баш тартып, отун колдонушу мүмкүн

14-сентябрь 2019, 12:29 Алтын Булат

Көгүлтүр газга караганда, ышталган отун жакшы! Украиналыктар отундун пайдасы үчүн газдан баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономика жана илимдер академиясынын эл аралык мамилелер боюнча борборунун Украинадагы директору Валентин Землянский “112 Украина” телеканалынын эфиринде айтып берген.   Анын айтымында, газдан калктын баш тартуусу - бул жылуулуктун альтернативдүү булагына өтүү эмес. Бул жашоо деңгээлинин төмөндөшү дагы деле болсо уланып жаткандыгынан кабар ...

0 3078

Жер алдында калган шахтер - 17 жылдан кийин тирүү табылды!

14-сентябрь 2019, 13:47 Алтын Булат

Кытай шахтерлору жер титрөөдөн улам жабылып, каралбай калган кенди экскаватор менен казып жатышкан учурда күтүлбөгөн окуя болду. Бул тууралуу жергиликтүү прессалардын жазгандарына таянсак, 17 жыл мурдагы болгон окуяда жер алдында калгандардын бири тирүү табылган. Тагырагы 2002-жылы Кытайдын батыш тарабында, күчү 7-8 баллга жеткен жер титрөө катталып, ошол учурда кен казып жатышкан 118 кенчи жер алдында калып кеткен. Ошол боюнча ...

0 266

Антоновкада каттооң болбосо балаңдын укугу корголбойт

13-сентябрь 2019, 18:39 Алтын Булат

Мектептеги акча чогултмай көйгөйү боюнча ата-энелердин арыз-муңу жергиликтүү депутаттарга жаккан жок. Тагыраагы бүгүн 13-сентябрда, Военно-Антоновканын 50дөй тургуну мектеп фондусуна акча чогултууга каршы нааразычылык акцияга чыгышкан. Чогулгандар мектеп жетекчилиги тамакка, китепке жана андан сырткары дагы кошумча акча талап кылып жатканын айтып чыгышкан. Бирок, алардын талабы жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттарына жакпай калды. Жыйынтыгы тараптардын кармашуусу менен аяктаган. Көрсө, эл өкүлдөрүнө жакпай ...

0 1444

ВИДЕО - Путин 20 жыл мурун берген убадасын аткарып “жүздү” урду

Видео 13-сентябрь 2019, 17:06 Алтын Булат

«РИА Новости» агентиги “Президент Владимир Путин 20 жылдан кийин Дагестан аскерлери менен ичкилик ичти” деп жазып чыкты. Ага таянсак, Орусия президенти менен болгон түз байланыш учурунда, анын ичилбей калган бокалы дагы деле турганын эскертишкен.  Ал окуя, 1999-жылы Путиндин Дагестанга жасаган алгачкы иш-сапарында болгону баяндалат. Анда, Басаев менен Хаттаб баштаган  бандиттик топ өлкөгө чабуул жасаган мезгил болгон. Согушкерлер чабуулун чагылдыруу ...

0 1250

Эльвира Аманова: “Садыр Жапаровдой адам кылымда бир жаралса керек”

13-сентябрь 2019, 15:37 Алтын Булат

- Эльвира, сен Садыр Жапаровду активдүү колдогондордун бирисиң, ал тууралуу чыгарган постторуңду окуп калабыз. Эмне себептен колдоп калганыңа кызыгып көрсөк болобу?  - Ооба, албетте. Садыр Жапаров камалып калганда, аны ушунча көп эл “бошоткула” деп чырылдап жүрүштү го. Ошолорду көрүп менде ал кишиге карата “бул ким эле...” деген кызыгуу пайда болду. “Эл сынчы, эл тараза” деп бекер айтылбаса керек. Көпчүлүктүн ...

0 482

Сауд Арабиянын ханбийкеси 10 айга камалды

13-сентябрь 2019, 13:08 Алтын Булат

Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салмандын карындашы Хасса бинт Салманды Париж соту сыртынан 10 ай шарттуу түрмө жазасына тартты жана 10 миң евро айып пул салды. Анын жан сакчысы Рани Саид да 8 ай абакка шарттуу түрдө кесилип, 5 миң евро айып пул төлөмөй болду. Ханбийке Хасса “француз жаранына карата күч колдонууда жардамдашкан” деп айыпталып келген эле. Бул тууралуу ...

0 79

Лавров Сирияда согуш токтоду дейт

13-сентябрь 2019, 11:03 Алтын Булат

“Сириядагы согуш чынында эле токтоду”.  Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун мына ушундай расмий билдирүүсүн жергиликтүү орус сайттары жазып чыгышты.  Анда, Орусиянын ТИМинин башчысынын “Сирия өлкөсү акырындык менен баштапкыдай тынч жашоосун калыбына келтирүүдө. Азырынча, сириялык өкмөт көзөмөлдөбөгөн -  Идлиб провинциясында жана Евфраттын чыгыш жээктеринде гана чыңалуу коркунучу сакталып турат”, -деп айтканы жарыяланган. Булак: "NazarNews.kg"

0 390

Статистика: Чүй, Бишкекке көчүп келгендердин көбү нарындыктар 

13-сентябрь 2019, 10:16 Алтын Булат

Ички миграциянын агымы 14,4 пайызга азайды. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата чыгарган жыйынтыгында айтылат.  Ал маалыматтарга таянсак, өлкө ичинде жер которгондордун негизги себеби - региондордо жумуш орундардын жоктугу. Мындан улам ишке жарамдуу калктын 48,9 пайызы боорбор калаага жана Чүй облусуна көчүп келишкен. Булар, калктын 20 жаштан 34 жашка чейинки катмары.  Ошондой эле бул ...

0 106

Миң долларлык смартфондор жарыяланды

13-сентябрь 2019, 09:39 Алтын Булат

Жакында эле «Apple» компаниясы уюлдук байланыш аппараттарынын жаңы үлгүлөрүн сунуштады. Ал маалыматка назар салсак, смартфондордун баалары: iPhone-11 Pro үлгүсү 999 доллардан, ал эми iPhone-11 Pro Max —1099 доллардан, iPhone-11  699 доллардан башталат. Бул албетте баштапкы баалары гана. Буга дагы кошумча кызматтар, салыктар кошулуп баа мындан дагы кымбатташы мүмкүн.   Ал эми, буга байкоо салган  NASDAQ порталы, аталган компаниянын бюджети ...

0 363

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Биздин депутаттар, саясатчылар канча "маңыроо" болсо, бийлик башындагыларга ошончолук жакшы”

12-сентябрь 2019, 18:17 Алтын Булат

Табылды ага, "чимкирик", "кой" деген сөздөргө чиновниктердин чычалай бергени туурабы? Саясатчылар дайыма элдин сынында болот. Саясатчынын ар бир кыймылын, аракетин эл билгиси келет. Жөнөкөй жаран деле жаңылат. Бирок, ал эл көзүндөгү адам эмес да. Ал эми элдин элегинде турган саясатчынын жаңылганы бул чоң резонанс. Мисалга өткөндө эле бир депутат, кыздарына туфлисинин боосун байлатып жаткандай аракеттеги сүрөтүн Фейсбукка жүктөй салган ...

0 168

Сулайман Кайыпов: “Орхон Енисей жазууларыбызды дагы жандандырып, аны да ала жүрүүбүз керек”

12-сентябрь 2019, 16:49 Алтын Булат

Латын алфавитине өтүү керекпи? Бул маселе учурда коомчулуктун эрмегине айланды. Түрдүү талкуулоолор болуп жатат. Антсе да талаштан тактык жаралат эмеспи. Бул багытта биз менен Тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов ой бөлүштү. - Агай, азыр элдин көбү телефон, компьютер колдонуп калышпадыбы. Муну эске алганда кыйынчылык жаратып калбайбы? Кат жазышуу, алышуу деген болот... - Тескерисинче, телефон ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 295

Сулайман Кайыпов: “Латынча орток алфавитин киргизе албай коюшкан”

12-сентябрь 2019, 15:43 Алтын Булат

Латын алфавитине өтүү керекпи? Бул маселе учурда коомчулуктун эрмегине айланды. Түрдүү талкуулоолор болуп жатат. Антсе да талаштан тактык жаралат эмеспи. Бул багытта биз менен Тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов ой бөлүштү. - Сулайман агай, латын алфавитине өтүүнүн канчалык зарылчылыгы бар? - Албетте, бул өзү отуздун тегерегиндеги тамганы жаттап алып эле ошону шатыратып окуп же ...

0 464

Косинус, котангенс. Ким аны жашоосунда колдонду?

11-сентябрь 2019, 18:19 Алтын Булат

"60 градус косинуска эмне барабар?”. Мына ушундай суроо Каныбек Исаковдун Билим берүү жана илим министрине талапкерлигин кароо учурунда депутат Дастан Бекешов тарабынан берилди. Өз кезегинде Исаков филология тармагынын адиси экенин, ошондуктан бул суроого жооп бере албасын айтты. Бирок, депутат Бекешов бул мектеп программасында бар экенин эскертип, анын кереги бар же жок экенин эч ким түшүндүрүп бере албай жатканын кошумчалады.

0 627

Коррупцияга айыпталган жапон өкмөт башчысы кызматын тапшырды

11-сентябрь 2019, 16:58 Алтын Булат

Окинава аралынан Американын аскер базасын чыгара албаганы үчүн Япониянын премьер-министри Юкио Хатояма отставкага кеткенин жарыялады. АКШнын аскер базасын чыгаруу Хатояманын шайлоо алдында берген убадаларынын бири болгон. Бирок, ал бул ишенимди актай албагандыгын, мындан улам кызматын улантууга абийири жол бербегенин айтып шайлоочуларынан кечирим сурады. - Мен отставкага кеттим. Бирок, эл алдында мен жалгыз күнөөлүү эмесмин. Менин аркаман биздин партиянын башкы ...

0 194

Эми Америка Европага коргоочу боло албайт

11-сентябрь 2019, 15:42 Алтын Булат

Эми Америка Европага коргоочу боло албайт. Германиянын канцлери Ангела Меркель мына ушундай билдирүү таратты. Анын белгилөөсүндө, Европа АКШнын баалулуктарына байланган. Ошентсе дагы Америка Европаны автоматтык коргоо менен алектенбейт. “Америка өзүнүн коопсуздук маселесин чечип алсын. Мындан ары алар коргоочунун ролун ойной турган автоматташтыруу жок”, -дейт Меркель. Булак: "NazarNews.kg"

0 194

Окумуштуулар эң коркунучтуу кан тобун аныкташты

11-сентябрь 2019, 15:20 Алтын Булат

Гарвард университетинин окумуштуулары изоантигендер тутумундагы AB (IV) – кан группасы эң коркунучтуу деген жыйынтык чыгарышты. Алардын изилдөөсүндө белгилүү болгондой, бул чанда кездешчү төртүнчү топтогу терс канды алып жүрүүчүлөр, онкологиялык оорулар менен башкалардан көбүрөөк жабыр тартышат. Статистика боюнча, мындай топтогу канды алып жүрүүчүлөр дүйнө жүзүндөгү элдердин 8 пайызын түзөт. Иликтөөлөргө ылайык, алардын чандасы гана балалуу болуу рахатын татышат жана бала жаралган ...

0 309

“Батьканын” дагы буту үзөңгүдөн тайып баштадыбы?

11-сентябрь 2019, 13:07 Алтын Булат

“Чернобыль авариясы үчүн Орусия Украинага компенсация төлөшү керек”. Мындай билдирүү менен чыккан Беларустун президенти Александр Лукашенко газ менен нефтке жеңилдиктерди берүүнү талап кылды. Эгер ал талап аткарылбаса, “Достук” (Дружба) газ түтүгүндөгү учукту алып сала турганын айтып коркутту. Көпчүлүк эксперттер муну Владимир Путиндин жеке өзүнө карата айтылган коркутуу катары сыпатташууда. Ал айтылгандарга ишенсек, “Батька” президенттик ордун сактап калуу үчүн ушундай ...

0 7089

Тосуп алыңыздар, Бакир уулу кайрадан жаш “мастураты” менен

11-сентябрь 2019, 12:21 Алтын Булат

Тал чыбыктай буралган, жапжаш кыздардын бирин кетирсе, кайра андан дагы жашын аялдыкка алган Турсунбай Бакир уулу кайрадан коомчулуктун көңүл чордонунда. Ток этери, Турсунбай ата... ой ажыке, Фейсбук баракчасында, @kanym_5894 аттуу жубайына узаткан табышмагы жана ал аялынын, “шок” кылган жообу тууралуу пост жазып, жубайынын сүрөтүн кошо чыгарган. Башка колдонуучулар ажыкебиздин бул постунун астына “дин боюнча аялынын сүрөтүн чыгарганы туура эмес ...

0 236

Студенттердин саны кескин азайып жатат

11-сентябрь 2019, 11:12 Алтын Булат

Айрым ЖОЖдордо 100дөн эле студент калды. Мындай пикирин ЖКнын жыйынында, өзүнө берилген депутаттын суроосуна жооп берип жатып Билим берүү министрине көрсөтүлгөн Каныбек Исаков айтты. Искаковдун пикиринде студенттердин азайышы сандан сапатка алып келиши мүмкүн. Ошону менен бирге, ал “эгерде мамлекеттин күчү жетсе, бюджеттик эсептен окуткан эле жакшы”, -деген пикирин айтты. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлдөрү Билим берүү министрине көрсөтүлгөн ...

0 118

Самсаалаган саман чач Трампта эле бар

11-сентябрь 2019, 09:49 Алтын Булат

Ирети жок, үймөк самандай самсаалаган чач. Мына ушундай чач жасалгасы менен Америка лидери Дональд Трамп мактанып чыкты. Ал буга чейин өзүнүн тартипке салынбаган чачына сын тагып келгендерге жооп кайтарды. АКШ президенти “Бул менин чачым. Балким ал жакшы эмес чыгаар. Бирок, мындай чач менде гана бар! Алар көпчүлүк досторумдукуна караганда эң сонун экенин ишенимдүү айта алам. Кыйла жакшы. Кыйла!” – ...

0 1066

Кайсы буюмдарды үйдө кармоого болбойт? Сынган буюмдар балээ чакырат

10-сентябрь 2019, 18:15 Алтын Булат

Балким көп эле жолу уккандырсыңар – сынык идишти же жарака кеткен күзгүнү үйдө кармабайт. Биоэнергетик адистер дагы муну тастыкташат. Эмнеге? Анткени, кандай гана жыртык, тешик, жарака болбосун алар өзүнө жагымсыз энергетиканы топтоп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эгер үйдө сынык, талкаланган же бузулган буюмдар болсо, анда алар, ден-соолукка жана психикалык сезимге доо кетирүүчү жагымсыз энергияны айланага таратышат. Жыйынтыгында үй тургундары оорушат, ...

0 660

“Кара жашикте” Атамбаевди куттуктоого дагы болбойт

10-сентябрь 2019, 16:40 Алтын Булат

Бир убакта Атамбаевди айга-күнгө теңеген “Карыпбековдун кара жашиги”, учурда Жээнбековдон чыккан чаңды желпип турган, Жайнак Үсөн уулунун КТРКсы, «социал-демократтар» суранган 5 мүнөттүк эфирди берүүдөн баш тартты. Буга, СДПК партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков катуу таарынып алган. Анын айтымында, тарапташтары мурунку президентти туулган күнү менен КТРКнын “Арноо концерт” программасы аркылуу «Кыргызстаным» деген ыр менен куттукташмак. "КТРК да Атамбаевден башкалардын ...

0 353

Орусия менен Украинанын туткун алмашуусунда Порошенко өзүн өзү мактады

10-сентябрь 2019, 14:58 Алтын Булат

Украинанын мурунку президенти Петр Порошенко Москва менен Киевдин ортосундагы туткундарды алмашууга өзүнүн тийиштиги бар экендигин айтты. Ал “Деңиз укугу боюнча эл аралык трибуналынын чечими Путинди жарга такаган. Ошондуктан ал украиндерди бошотууга аргасыз болду!” деп Фейсбук баракчасына жазып чыкты.  Анын айтымында “украиналык баатырлардын” үйүнө кайтышына Порошенконун тушунда эле алгачкы кадамдар жасалган экен. Тагырагы, Кремль туткундарды бошотуусуна жеке өзүнүн салымы болгондугун ...

0 514

“Крокодилдер” качан кыргызча сүйлөйт?

10-сентябрь 2019, 13:07 Алтын Булат

Жогорку Кеңеште өткөн мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналган конференцияда депутат Каныбек Иманалиев “Кыргыз мамлекети, кыргыз сөздүгү, "Манас" барда кыргыз тили жоголбойт”, - деп айтты. Албетте, “Манас” менен кыргыз “кырылгыс” болуп нечендеген кылымдарды карытып келе жатат. Андан көрө Каныбек мырза Чүй каналындагы “крокодилдер” да качан кыргызча сүйлөп каларын кошумчалап койсо болмок экен. Булак: "NazarNews.kg"

0 1336

ВИДЕО - Депутат Өмүрбек Бакиров мугалимдин деңгээли окуучунукунан төмөн дейт го...

Видео 10-сентябрь 2019, 12:46 Алтын Булат

Кече ЖоКедеги депутаттар Билим берүү министрлигине өкмөт сунуштаган Каныбек Исковдун талапкерлигин колдоп беришти. Албетте сын-пикир айтылды, ийгилик каалашты. Эми “Алыбек алына жараша...” эле болсо болмок. Мында “балык” болбой маарап коюну эп көргөндөр четтен чыкты. Алардын бири жана тамашалуусу “деңгээл” тууралу айткан Өмүрбек Бакировдун акыл айткандары болду окшойт. Анда “Айыл жерлериндеги мугалимдердин деңгээлдери начар. Бул талашсыз! Мына ошол айылдык мугалимдердин ...

0 295

Кыргызстанда 7 жылдан кийин минималдуу айлык 5 миң сом болот

10-сентябрь 2019, 09:58 Алтын Булат

Учурда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги айлык акыны көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, айлык акы этап-этабы менен жогорулайт. Сунуштамада айтылгандай, бул республикалык бюджетке оордук келтирбөөгө максатталган. Бүгүнкү күндө айлык акынын минималдуу өлчөмү 1750 сомду түзөт. Ал эми, Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2019-жылдын II-кварталында эмгекке жарамдуу жаштагы калктын минималдуу керектөөлөрү 5292,61 сомду ...

0 229

ВИДЕО - Кыргызстандык өзбек улутундагы мушкер өзбек мушкери Рузибоевди беттешке чакырды

Видео 10-сентябрь 2019, 09:50 Алтын Булат

Өзбекстандын Бухара шаарында болуп өткөн беттеште улуту өзбек кыргызстандык мушкер Журабек Тешебоев атаандашын 30 секундда жеңип алды. Ошол эле жерден ал Нурсултан Рузибоевди рингге чакырды.  "Мына мен келдим. Кыргызстанда болуп өткөн окуяны барыңар билесиңер. Нурсултан кай жерде мушташам десе, аны менен ошол жерде беттешем. Кыргызстан алга!" -деди Тешебов.  Эске салсак, Өзбекстандык мушкер Нурсултон Розибоев Кара-Суудагы беттеште жеңилүү ызасын тарткан. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 467

Кой-таштыктар УКМКнын жетекчисинин үстүнөн арызданышты

09-сентябрь 2019, 17:02 Алтын Булат

Мурдагы президентти кармоо учурунда, анын Кой-Таштагы менчигине ырайымсыздык мамиле кылган тартип сакчыларына нааразы болгон адамдардын арызы Башкы прокуратурага тапшырылды. Арызга 1700 адам кол койгон. Мындай билдирүүнү СДПК партиясынын штабы таратты. Анда, Кылмыш кодексинин 138-беренеси (денеге оор жаракат келтирүү), 190-беренеси (турак жай кол тийбестигин бузуу), 150-берене (коркунучта калтыруу), 151-беренеси (жардам көрсөтпөө) жана 244-беренесин (барымтага алуу) эске алуу менен жазылган жарандардын ...

0 4065

Кызы порно актриса экенин билип калган атасы аны өлтүрмөкчү болгон

09-сентябрь 2019, 15:38 Алтын Булат

Түбү ооганстандык Улуу Британиянын эки жараны порноактрисаны өлтүрүүнү пландап жатышып, жергиликтүү полициянын колуна түшүштү. Алардын бири кыздын өз атасы экенин The Daily Mail жазып чыкты. Айтылгандай, кыз 2017-жылы иудаизмди кабыл алып, күйөөсү менен Австрияга келген жана ал жерде күйөөсүнүн порнографиялык фильминде роль аткара баштаган. Киши өлтүрүүгө шектелгендердин бири 54 жаштагы Мохаммед Патман актрисанын атасы экени белгилүү болду. Ал 49 ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83