www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурбек Айдар

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (180)

0 835

Орокто дагы чыр чыкты

30-сентябрь 2019, 13:12 Нурбек Айдар

Сокулук районуна караштуу Орок айылында дагы чыр чыкты. Бул ирет ок атылып, 2 киши жаракат алды. Акыркы маалыматтарга караганда, кечээ, 29-сентябрда, үйлөнүү тойдон кийин жергиликтүүлөрдүн ортосунда чыр чыккан. Чыр мушташка алып келип, мушташ учурунда бирөө мылтыктан ок чыгарган. Экөөнө ок жаңылып, алар ооруканага жеткирилген. Эске салсак, бул айылда жергиликтүүлөр ортосунда чыр-чатактар көп катталып келет. 5-июнда, ...

30-сентябрь 2019, 13:12 | 835
0 982

Ага-ини балдар дааратканага түшүп кетип каза болду

30-сентябрь 2019, 12:15 Нурбек Айдар

Бишкектин четинде жайгашкан, Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында ага-инилер даараткананын ичине түшүп кетип каза болушту. Каза болгон балдардын улуусу 13тө болсо, кичүүсү 7 жашта болгон. Бул каргашалуу окуя 28-сентябрында болгон. Маалыматтарга караганда, балдар короодо ойноп жүрүп, кичүүсү дааратканага түшүп кеткен. Аны куткарып алмакчы болгон улуусу да түшүп кетип, экөө тең ошол жерден каза болгон. Булак: NazarNews.kg

0 843

Сауд Арабия падышасынын жан сакчысы өлтүрүлдү

30-сентябрь 2019, 12:15 Нурбек Айдар

Сауд Арабиянын Жидда шаарында өлкө падышасынын жан сакчысы генерал-майор Абдул-Азиз аль-Фагхем өлтүрүлдү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, ал досунун үйүндө атылган. Аткан адам – үй ээси менен жан сакчы экөөнүн Мамду аттуу жалпы таанышы. Бул күнү коноктор ортосунда чыр чыгып, Мамду таарынып кетип калган да, кайра курал көтөрүп келип, конокторду аткылап баштаган.  Падышанын жан сакчысы каза ...

0 268

Украинада эки баштуу наристе төрөлдү

30-сентябрь 2019, 10:51 Нурбек Айдар

28-сентябрда Украинанын Черновцы шаарында эки баштуу кыз жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу украин басылмалары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, ымыркайдын денеси бирөө, башы экөө. Мурда, наристе энесинин боюнда кезде, бала туура эмес чоңоюп келе жатканы айтылган менен, энеси боюнан алдыртпай койгон. Бул анын биринчи төрөтү экен. Кийин ымыркайдын сиам эгиздери экендиги айтылды. Наристелер учурда төрөт үйүндө, эми балдар ооруканасына которулары ...

0 208

ВИДЕО - “Азаттык” менен Матраимовдордун тиреши. Тараптар бири-бирине 3 арыз жазды

Видео 30-сентябрь 2019, 10:44 Нурбек Айдар

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан «Азаттык» радиосунун кызматкерлеринин жана Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн жашоочуларынын катышуусунда 28-сентябрда болгон окуя кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Андагы маалыматка караганда, бүгүнкү күндө мурда катталган үч арыздын алкагында иликтөө иштери жүрүп жатат. «Азаттык» ...

0 275

Каржы министри суракка чакырылды

30-сентябрь 2019, 09:55 Нурбек Айдар

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева бүгүн, 30-сентябрда, саат 15:30га Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка чакырылды. Маалыматтарга караганда, ал бюджеттин каражатын жок кылып коюу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак бермекчи. Булак: NazarNews.kg

0 281

УКМК: Чалдыбарда кызматкерлер таш бараңга алынды

28-сентябрь 2019, 14:09 Нурбек Айдар

  УКМКнын кызматкерлери 28-сентябрда «Чалдыбар-унаажол» текшерип-өткөрүү пунктунда өткөргөн мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө каршы оперативдүү иш-чаранын жүрүшүнө белгисиз адамдар тоскоол кылып, аларды таш бараңга алышкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, бүгүн, 28-сентябрда «Чалдыбар-унаажол» текшерип-өткөрүү пунктунан белгисиз адамдар УКМКнын тергөө иштерине тоскоолдук жаратып, кызматкерлерди ташбараңга алышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ыкчам-тергөө топтун бир нече кызматкери ...

0 162

Ооганстанда президенттик шайлоо жүрүп жатат

28-сентябрь 2019, 13:34 Нурбек Айдар

Ооганстанда президенттик шайлоо башталды. Өлкөдө 5373 шайлоо участкасы иштеп жатат. Президенттикке ат салышууга алгач 18 киши катталып, кийин анын бешөөсү баш тарткан. Ат салышып жаткандардын арасында учурдагы өлкө президенти Ашраф Гани менен өкмөт башчы Абдулла Абдулла да бар. Эгерде бир да талапкер жетиштүү добуш албай калса, шайлоонун экинчи айлампасы 23-ноябрда өтмөкчү. Шайлоодогу коопсуздукту камсыздоого 70 миңден ашуун аскер кызматкери ...

0 242

Чалдоварлыктар бүгүн УКМКнын кызматкерлерин сабап салышты

28-сентябрь 2019, 14:10 Нурбек Айдар

Чүй облусунун Чалдовар айылында УКМКнын кызматкерлери менен жергиликтүү калктын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жеке булактарына таянып жазып чыкты. Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 28-сентябрда таңга жуук болгон. Панфилов районунундагы Казакстан менен чектешкен "Чалдовар-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерин пара менен кармоого аракет кылышкан. Операция учурунда Чалдовар айылынын жергиликтүү тургундары чек арачылар тарапка туруп, ...

0 454

Сынык айфон үчүн эки кыз студент жигитти зордуктап салышты

28-сентябрь 2019, 11:33 Нурбек Айдар

Татарстанда 22 жана 32 жаштагы эки кыз айфонун сындырганы үчүн 19 жаштагы студентти зордуктоого шектелип жатышат. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, бул окуя 15-сентябрда Татарстандын Бугульма шаарында болгон. Ошол күнү кыздар бул студент таанышын телефонун карап беришин суранып үйүнө чакырышкан. Студент жигит телефонду чукулап, кайра кайтарып бергенде, ээси анын айнегинде жарака кеткенин байкап, 3 миң ...

0 742

Биздин чиновниктер укса ичи күйөт го. Мэрдин үйүнөн 13,5 тонна алтын табылды

28-сентябрь 2019, 11:46 Нурбек Айдар

Кытай полициясы коррупцияга шектелген чиновниктин үйүн тинтүү учурунда, жомоктогудай кенчке туш болушту. Ганьчжоу шаарынын мурунку мэри Чжан Цинин үйүнүн жер төлөсүнөн банктар эле эмес көптөгөн мамлекеттердин казынасында да жок алтын табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты. Маалыматтарга караганда, 57 жаштагы экс-мэрдин үйүнөн ар кайсы валютадагы жүздөгөн килограммдаган акчалар жана баалуу таштардан сырткары 13 жарым тонна алтын куймасы чыккан. Ошондой ...

0 221

Айсулуу Тыныбекова рейтингдин башына чыкты

28-сентябрь 2019, 09:36 Нурбек Айдар

Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикменин (United World Wrestling) версиясы боюнча аялдар арасында 62 килограмм салмак ченинде биринчи орунга чыкты. Бул боюнча уюмдун сайтында маалымдалды. Эске салсак, Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова намысты бербей биринчи орунду камсыздап, дүйнө чемпиону аталган. Булак: NazarNews.kg

0 174

АКШ армиясын согуштук даярдыкка келтирди

18-сентябрь 2019, 09:21 Нурбек Айдар

Американын вице-президенти Майк Пенс АКШ армиясын согуштук даярдыкка келтиргенин айтып чыкты. Бул тууралуу Reuters маалымдады. Анда айтылгандай, Америка тарап Сауд Арабиядагы нефть объекттерине болгон чабуулдардан кийин ушул кадамга барган. Ошондой эле Пенс АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул чабуулдарды талкуулоо үчүн Сауд Арабиясына кеткенин билдирди. Ал эми Трамп болсо мындан аркы кадамдарын ойлонуп жатат.

0 110

Мирлан Мурзаев “Дордойго” кайтып келди

17-сентябрь 2019, 18:00 Нурбек Айдар

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын жана "Дордой" футболдук клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев Түндүк Кипрдин командасы менен түзгөн келишимин бузуп, “Дордойго” кайтып келди. Кыргыз Премьер-Лигасы билдиргендей, Түндүк Кипрдин Футбол федерациясы ФИФА тарабынан таанылган эмес. Ошондуктан, бул чемпиондукта Мурзаев ойносо, улуттук курама команда үчүн Азия жана Дүйнө чемпиондуктарынын тандоо турларында ойной албай калмак. Булак: "NazarNews.kg"

0 154

Улуттук көчмөндөр оюндары. Көк-бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктар чыкты

19-сентябрь 2019, 13:34 Нурбек Айдар

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк-бөрү боюнча 9 команда ат салышууда. Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгында бул 9 команда 3 тайпага бөлүнгөн. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, спорттук оюндар 16-сентябрда саат 16:00дө Райкан Алканов атындагы ат майданында башталган. Көк-бөрү боюнча мелдештин жыйынтыктары: 1-күндүн жыйынтыгы:

0 260

Норвегияда балыкчылар “башка планеталык” балыкты кармап алышты

17-сентябрь 2019, 17:18 Нурбек Айдар

Норвегияда балыкчылар таң калычтуу балык кармап алып, кууруп жеп алышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, норвегиялык Оскар Лундаль аттуу балык кармоо боюнча гид кардарлары менен палтус балыгын кармоо үчүн деңизге чыккан. Туристтер Түндүк деңизиндеги Аннейа аралына жакын жерде балык уулап жатышкан. Лундаль кайырмагына бир нерсе түшкөнүн байкап, кылды тарта баштаган. 800 метр тереңдиктен балык уулап жатышкандыктан, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 588

Садыр Жапаровдун уулу менен кошо кырсыкка кабылган кыз ооруканадан чыкты

17-сентябрь 2019, 16:54 Нурбек Айдар

Садыр Жапаровдун уулу Дастан менен кошо кырсыкка кабылган кыз ооруканадан чыкты.  Маалыматка ылайык, К.Д. аттуу 1998-жылы туулган кыз тиешелүү медициналык жардамдарды алган соң 5-сентябрда ооруканадан чыккан. Эске салсак, саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу 22-август күнү саат 22:00 менен 23:00 чамасында Бишкектин Көк-Жар айылында жайгашкан "Фрунзе" маркетинин алдында болгон жол кырсыгында көз жумган. Ал айдаган мотоциклде 20 ...

0 137

Чек арадагы чыр-чатак. Киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду

17-сентябрь 2019, 16:44 Нурбек Айдар

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак боюнча киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына ИИМдин өкүлдөрү маалымат берип жатып билдиришти. Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков парламенттин укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында окуялардын хронологиясын тизмектеп берди. Эми маалыматтар эртең палатада угулмакчы. Булак: "NazarNews.kg"

0 203

ВИДЕО - Жүрүп бараткан унаага эки жолу чагылган тийди

Видео 17-сентябрь 2019, 15:30 Нурбек Айдар

Жүрүп бараткан унаага эки жолу чагылган тийип, бактыга жараша эч ким жабыр таркан жок. Маалыматтарга караганда, бул окуя Орусиянын Новосибирск шаарынан Бердск шаарына бараткан трассада болгон. Машинага чагылгандын тийгени анын артында бараткан унаанын видеорегистраторуна тартылып калган. Эки жолу чагылган тийгенде айдоочусу унаасын токтоткон. Белгилүү болгондой, чагылган тийгенден эч ким жабыр тарткан эмес.

0 257

Камчыбек Ташиев: “Чек арага саткындарды, саясий сойкуларды жөнөтпөгүлө!”

17-сентябрь 2019, 15:01 Нурбек Айдар

Экс-депутат Камчыбек Ташиев да Фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылды. Ал өз билдирүүсүндө чек арага саясий сойкуларды, коркокторду жибербөөнү айтып, каза болгон чек арачынын жакындарына көңүл айтты. “Урматтуу эл-журтум! Кечээги Баткен жергесинде болгон чек ара жаңжалы ар бир кыргызстандыктын тынчтыгын бузду, мен болсо алыс чет жакта болуп калдым, жүрөгүмдү тилип кетти. Баарыбызга сабырдуулук керек, биз мамлекети, президенти жана бийлик ээлери бар ...

0 147

Бүгүн Бишкек шаардык соту баңги сатканга шектелген адамдын баш коргоо чарасын карайт

17-сентябрь 2019, 14:34 Нурбек Айдар

Ушул жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө баңги затын сатууга шектелип Роман Пивцов аттуу жаран кармалган. Өздүк булактар берген маалыматка караганда, Роман Пивцов кармалган учурда анын жанынан 500 грамм гашиш табылып, тартылып алынган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ири өлчөмдөгү баңги заттарын даярдоо жана сатуу беренеси боюнча катталып, сотко ...

0 214

Чек арадагы атышууда жаракат алгандар борбордогу ооруканага жөнөтүлдү

17-сентябрь 2019, 13:20 Нурбек Айдар

Чек арадагы атышууда жаракат алгандардын 10у аскердик учак менен борбордогу ооруканага жөнөтүлдү. Жаракат алгандарга борбордогу медициналык мекемелерде тиешелүү жардамдар көрсөтүлөт. Кечээ, кыргыз-тажик чек арасында болгон атышууда бир чек арачы каза болуп, 13 кишинин жаракат алганы кабарланган. Жабырлануучулардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо жергиликтүү тургундар. Булак: "NazarNews.kg"

0 1657

Кызматтан кетирген селфи. Шоколадга жуунган чиновник иштен айдалды

17-сентябрь 2019, 13:05 Нурбек Айдар

Орусиянын Ульяновск облусунун губернатору Сергей Морозов өзүнүн IT-сферасы боюнча кеңешчиси Светлана Опенышеваны кызматтан кетирип, ага карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Анын бул кадамга барышына 55 жаштагы кеңешчисинин шоколад ваннасын кабыл алып жатканын селфи кылып тартып, Инстаграмм баракчасына жүктөгөнү себеп болгон. Маалыматтарга караганда, Светлана Опенышева Азербайжандагы санаторийлердин биринде эс алып жүргөн учурунда шоколад ваннасын кабыл алып жатканын селфи кылып тартып Инстаграммга жүктөгөн. ...

0 152

ВИДЕО - Мышыктар менен бала кобранын каршы турушу

Видео 17-сентябрь 2019, 12:48 Нурбек Айдар

Индиялык актер Нил Нитин Инстаграмм баракчасына төрт мышык кобрага чабуул кылып жаткан видеону жүктөдү. Анда мышыктар жыланды карап жатканы, ал тургай бирөөсү жыланды бир чапканы тартылган. Жыйынтыгында бала кобра качып кетүүгө аракет кылган. Бул видео социалдык тармактарга тарап, эки күндө эле аны 90 миң жолу көрүшкөн. Булак: "NazarNews.kg"

0 118

Баңги зат сатууга шектелген жаран камакка алынды

17-сентябрь 2019, 12:14 Нурбек Айдар

Роман Пивцов аттуу жаран баңги зат сатууга шектелип, ИИМдин баңгизат сатууга каршы башкармалыгы тарабынан кармалып, бирок өз иш-аракетин так далилдей албай, тараптар бири-бирине кылмыш ишин козготкон. Кийин ал Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кайрадан кармалып, 12-сентябрда Свердлов райондук соту тарабынан Роман Певцовдун баш коргоо чарасы каралып, камакка алынган. Милиция аны мектептерде балдарга баңги затын сатып жүргөн деп айыптап ...

0 325

ВИДЕО – Баткендеги атышуунун видеосу

Видео 17-сентябрь 2019, 14:16 Нурбек Айдар

Кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы атышуунун видеосу жарыяланды. Бул видеодо минеметтордун жана автоматтардын атылган үндөрү угулуп жатат. Булак: "NazarNews.kg"

0 123

Чек ара чырында жаракат алгандардын тизмеси

17-сентябрь 2019, 11:10 Нурбек Айдар

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан бир киши каза таап, 13 жаран жарадар болду. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. 17-сентябрга карата Баткен облусунун Лейлек райондук ооруканасында 13 киши жатат. Тизме: 1. Ж.Б., аттуу жаран 1978-жылы туулган. Моюнуна ок тийип, жаракат алган. Абалы туруктуу; 2. Болжол менен 12 жаштагы өспүрүм. Оң колу жана желкесине ок тийген. Абалы орто оор, катуу коркуп калгандыктан, ...

0 789

Айбек Мусаев, машыктыруучу: “Силер го качып кетесиңер. Эл эмне болот?”

17-сентябрь 2019, 10:51 Нурбек Айдар

Кечээ болгон чек ара чырына байланыштуу коомчулукта бийлик тарапка нааразычылыктар көп болуп жатат. Бийликтин шалаакылыгынан улам ушундай окуялар катталып жатканы чын. Ошондой бийликке нааразычылыгын билдиргендердин бири, “Жаш-Күч” спорттук клубунун машыктыруучусу Айбек Мусаев да өзүнүн Фейсбук баракчасына өз оюн жазган. Анын жазгандарын төмөндө сунуштайбыз. “Оо, бийлик башчылары, Оо, Жогорку Кеңеш! Чек ара маселесин биринчи орунга коюп, көйгөйдү чечпесеңер болбой калдыыы. Аз-аздан атышып ...

0 236

Кечээки чек ара чырында Тажикстандын 3 чек арачысы каза болгону айтылууда

17-сентябрь 2019, 10:19 Нурбек Айдар

16-сентябрда болгон чек ара чырында Тажикстандын 3 чек арачысы каза болду. Бул тууралуу Азияплюс маалымат кызматы Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берип жазып чыкты. Маалыматка ылайык, тажик тараптан эки катардагы жоокер жана чек ара жамаатынын коментанты каза болгон. Тизме: Овчи-Калач чек ара жамаатынын коменданты подполковник Убайдуллоев Рустам Амонулоевич, 1984-жылы туулган;

0 582

Турсунбай Бакир уулу президентке кайрылды

17-сентябрь 2019, 10:09 Нурбек Айдар

Экс-акыйкатчы, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президентке кайрылды. Ал эгер президент уруксат берсе, Баткендеги чек ара маселесин чечип келем дейт. Кыргызстандын Баткен облусундагы чек араларыбызда кайра-кайра болуп жаткан атышуулар, жаңжалдар боюнча «ЭрК» партиясынын Кыргыз жумуриятынын президенти Сооронбай Жээнбеков мырзага Коопсуздук жана чек ара маселеси өлкөнүн түштүгүндө эң курч болуп жатат. Жылуу жерде ...

0 145

Эрнест Карыбеков жатак абакка которулду

17-сентябрь 2019, 09:54 Нурбек Айдар

Энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбеков жатак абакка которулду. Бул тууралуу «Саясий туткундарды коргоо» комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Карыбековду жатак абакка которуу боюнча адвокаттардын өтүнүчү сот тарабынан 4-сентябрда канааттандырылган.  Эске салсак, Эрнест Карыбеков саясатчылар Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров менен бирге 2016-жылдын март айында, «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен кармалган. Асанов ...

0 156

Артында 3 баласы калды. Каза болгон чек арачы тууралуу эмнелер белгилүү?

17-сентябрь 2019, 09:27 Нурбек Айдар

Кечээ, 16-сентябрда кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир аскер каза болуп, жети жоокер жаракат алган. Алардын экөөсүнүн абалы оор. Мындан сырткары жергиликтүү алты тургун да жаракат алды. Жаракат алгандардын баары учурда Исфанадагы райондук ооруканада дарыланышууда. Чек ара кызматынын маалымат кызматынын билдиришинче, каза болгон чек арачы Равшан Муминов 41 ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 245

Орусиянын абактарында 1 миң 300 кыргызстандыктар отурат

16-сентябрь 2019, 18:04 Нурбек Айдар

Орусиянын абактарында 1 миң 300 кыргызстандыктар жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Новосибирск шаарындагы мекендештер менен жолугушууда айтты. Анын айтымында, абакта отурган кыргызстандыктардын көбү өзүнүн эле мекендештерине карата кылмыш жасаганы үчүн соттолгондор.  «Орусияда 1 миллион 200 жүз миң кыргызстандыктар бар, анын 500 жүз миңдейи орус жарандыгын алгандар. Талдап көрүп, өзүбүздүн мигранттар өзүбүздүн эле жарандардын алдап, тоноп кетип жатканын байкадык”, ...

0 940

Балээ болду. Эми помидор да жей албай калабызбы?

16-сентябрь 2019, 17:08 Нурбек Айдар

Стивен Гандри аттуу америкалык кардиолог “Өсүмдүктөрдүн парадоксу” аттуу китебинде көптөгөн витамин жана минералдар болгонуна карабастан помидорлор ден соолукка зыянын тийгизиши мүмкүн деп жазган. Адистин айтымына караганда, помидорлордо адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч келтире турган заттар да бар. Сөз өсүмдүктөр зыянкечтерден коргонуу үчүн бөлүп чыгара турган лектиндер жөнүндө болуп жатат. Кардиологдун ырасташынча, дал ушул лектин организмге кирген соң, зыяндуу бактерияларды ...

0 357

Борбор Азиядагы эң чоң мечит октябрда ачылат

16-сентябрь 2019, 16:08 Нурбек Айдар

Борбордук Азиядагы эң чоң мечит ушул жылдын октябрь айында Тажикстандын борборунда ачылышы пландалууда. Бул мечитте бир убакта 120 миң киши намаз окуй алмакчы. Мечиттин пайдубалы туура 10 жыл мурун, тактап айтканда 2009-жылы октябрь айында курулуп баштаган. Объектин курулуш долбоорун Тажикстан менен Катардын адистери иштеп чыгышкан. Мечиттин ар бири 75 метр бийиктиктеги 4 мунарасы бар. Борбордук бул мечит Душанбенин түндүк жагында ...

0 192

Өзбек депутаттары ашыкча каада-салттарды кыскарткан устав иштеп чыкты

16-сентябрь 2019, 15:02 Нурбек Айдар

Өзбекстандын парламенти өлкөдө жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү жол-жобосун иштеп чыкты. Бул парламенттин эки палатасынын тең депутаттарынын сынынан өткөн. Устав аш-тойлорго кеткен чыгымды жана убакытты үнөмдөйт. Мисалга, той болордон бир жума мурун маала комитетине кабарланышы керек жана той бир гана күн өтөөрү уставда жазылган. 200гө чейин конок чакырылышы жана той түнкү 11ден кечикпей бүтүшү шарт. Кортежде 3 машинадан көп болбошу керек. Айрым учурларда ...

0 150

Жактоочу Айткуловдун иши сотко өткөрүлдү

16-сентябрь 2019, 14:34 Нурбек Айдар

Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы Икрамидин Айткуловго карата алдамчылык боюнча кылмыш ишин Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүп берди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматта, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өткөрүлгөн Икрамидин Айткуловго карата алдамчылык боюнча кылмыш иши аяктады жана Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Башка иштер боюнча сотко чейинки иштер уланууда, -деп ...

0 668

Сүрөт кайсы жакта тартылганы белгисиз. МАИчилер маршрутканы табыша элек

16-сентябрь 2019, 14:11 Нурбек Айдар

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы  №6 маршруттагы бусикте кыпчылып бараткан бала кайсы жакта тартылганын издеп жатышат. Жакында Фейсбук колдонуучусу бул сүрөттү чыгарып, ал социалдык тармактарда чоң талкуу жараткан. Анда сүрөттүн Чүй облусунун Ысык-Ата районунда тартылгандыгы айтылып жаткан болчу. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы нын маалыматына караганда, учурда өлкөнүн бардык аймактарындагы маршруттук таксилер текшерилип ...

0 558

Атамбаев Максим Бакиевден 3 миллион доллар алганбы?

16-сентябрь 2019, 13:51 Нурбек Айдар

Камакта жаткан мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 2009-жылы президенттик шайлоого катышып, добуш берүү күнү өз талапкерлигин алып салып элдин кыжырын келтирген эле. АША ошондо бул аракетин Бакиевдердин бийлигине шылтап, штаб башчысы Бакыт Бешимовду “сатылып кетти” деп күнөөлөгөн. Бирок, АШАнын бул айткандары жөн эле апыртма экенин ошол кезде Атамбаевге буту үзүлгөнчө чуркаган саясатчы Кубанычбек Кадыров “Азаттык” үналгысына ...

0 260

Роналду атасын эстеп ыйлады

16-сентябрь 2019, 13:36 Нурбек Айдар

Анын атасы тууралуу видеону көргөндөн кийин атактуу футболчу Криштиану Роналду көз жашын тыя албай калды. Футбол жылдызына атасы Жозе тууралуу видеролик Пирс Морган менен болгон маек учурунда көрсөтүлгөн. Жозе аракеч болгон жана анын айынан ооруп Роналду 20 жашка чыкканда каза болгон. Видеодо атасы көптөгөн маанилүү учурларды өткөрүп жибергенин айткан. Анын ичинде Роналдунун футболдогу ийгиликтерин, ...

16-сентябрь 2019, 13:36 | 260
0 202

Кемпирди троллейбустан түшүрүп салган айдоочу иштен алынды

16-сентябрь 2019, 12:37 Нурбек Айдар

Улгайган аялды троллейбустан түшүрүп салган айдоочу иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынан маалымдашты. Буга чейин социалдык тармактарда видео таркаган болчу, анда коомдук унаанын айдоочусунун “сасып жатасың” деп жүргүнчү кемпирди троллейбустан түшүрүп салганы тартылган. Окуя Бишкек шаарындагы №11-каттамдагы троллейбустардын биринде болгон. Булак: "NazarNews.kg"

0 130

Бейшенбек Бекешов: “КЫРГЫЗДЫН КӨЗҮ КЕЖИГЕСИНДЕ”

16-сентябрь 2019, 12:26 Нурбек Айдар

Акыркы убактарда Кыргызстанда латын алфавитине өтүү боюнча сунуштар айтылып жатат. Бул мүмкүн кыргыз эли үчүн пайдалуу болот чыгар, балким тескерисинче болуп калабы, азырынча белгисиз. Ошондой эле бул сунуш түрдүү талкууларды жаратты. Сунушту жактагандары да бар, колдобогондору да бар. Бул тууралуу өзүнүн оюн журналист Бейшенбек Бекешов да социалдык баракчасына жазган. “Алдын көрө албайт, дайыма кылчактап артын карап турат”, - дечү бейиши ...

0 369

Усама Бен Ладендин уулу өлтүрүлдү

16-сентябрь 2019, 11:30 Нурбек Айдар

“Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалыматты Дональд Трамп да тастыктады. “Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу, ушул эле уюмдун жетекчилеринин бири 30 жаштагы Хамза бен Ладен ооган-пакистан чек арасында өткөрүлгөн атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Качан жана кайсы жерде экени так айтылган жок. Эске салсак, №1 ...

0 497

Айбек Мырза: “Жер-Үйдө кенинде мамлекеттин үлүшү жок. Бул деген кылымдын аферасы”

16-сентябрь 2019, 11:02 Нурбек Айдар

Биз "Жер-Үй: кечээ, бүгүн, эртең" элдик жыйынын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Айбек Мырза менен маектешип, элдик жыйын тууралуу суроолорубузга жооп алдык. - Сиздер өткөрүп жаткан элдик жыйынды өткөрүүнүн себеби эмнеде? - Президент С. Жээнбековдун Коопсуздук кеӊештин жыйынында "Тоо-кен тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиптир" деп коррупцияга каршы күрөш жарыялап, элди көмөктөшүүгө чакырганы болду. - Элдик ...

0 628

Семетей Талас уулу: “Турук кенин иштетүүнү чынчыл бизнесмен утуп алды”

17-сентябрь 2019, 18:20 Нурбек Айдар

Ата-мекендик инвесторлор келсин дейбиз, келсе чуулдайбыз. Кен-байлыктар боюнча чуулуу кабар чыкса эле, айрыкча алтын кендердин кытайларга жең ичинен, ит бекерге сатылып кеткенин угуп, канча сапар, “мамлекет же ата-мекендик инвестор ушул кенди иштетсе, сырткы инвесторго кетчү киреше ички рынокто калып, канчалаган жумуш орду түзүлмөк” деп саныбызды аткып кейип келебиз. Алардын сап башындагылардын бири – менмин. 2 күндөн бери Ак-Талаа районундагы Турук ...

0 541

Эмилбек Каптагаев: “Сооронбай Жээнбековдун кен байлыктар боюнча пикирлери колдоого арзыйт”

16-сентябрь 2019, 09:43 Нурбек Айдар

“Кечээки жолугушууда президент Сооронбай Жээнбековдун кен байлыктарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, лицензия берүүнү тартипке салуу боюнча пикирлери мага жакты, колдоого арзыйт”. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. “Анын "Кыргызкөмүр" жана "Кыргызалтын" ишканалары баардык кен казылып жаткан жерлерде үлүшкө ээ болуп, мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыз кыла ала тургандай ыйгарым укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү болууга тийиш деген пикирин кантип ...

0 92

ВИДЕО - “Эталон” базарында тытылган желек илинип турат

Видео 16-сентябрь 2019, 09:44 Нурбек Айдар

“Бишкектеги курулуш каражаттарын сатуучу “Эталон” базарында Кыргыз Республикасынын желеги тытылган абалда желбиреп турат. Базардын жетекчилиги эмне үчүн анын ордуна башка илип койбойт, -деп окурманыбыздан кат келди. Окурманыбыздын айтымында, желектин ушундай абалда турганын ал 15-сентябрь күнү көрүп, сүрөткө, видеого тартып алган. Булак: "NazarNews.kg"

0 5640

Ташкентте 25 жаштагы гейди союп кетишти

14-сентябрь 2019, 13:14 Нурбек Айдар

12-сентябрь күнү Ташкенттин Юнусабад районунда Шокир Шавкатов аттуу 25 жаштагы жигит өлтүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, анын өлүмүнө шектелип 40 жаштагы эки жаран кармалган. Белгилүү болгондой, Шокир Шавкатов Инстаграммдагы өзүнүн баракчасына гей экендигин ачык жазган жана тааныгандар анын чынында эле “көгүлтүр” экендигин айтышкан. Ошол күнү Шокир ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү чогулуучу түнкү клубга барып, бир нече ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 519

Назира Айтбекова: “Мырзалар, силер бизден таарынуу, телтектөө сапаттарыбызды талашпагылачы!”

14-сентябрь 2019, 12:08 Нурбек Айдар

Белгилүү алпаруучу, актриса Назира Айтбекова социалдык баракчасына эркектерге байланыштуу пост жазды. Анда ал аялдарга тийиштүү айрым сапаттарды эркектердин талашпай эле коюусун өтүнгөн. “Таарынуу, телтектөө, мүнөз көрсөтүү, бултуктап-тултуктоо, кара тизмеге киргизүү, кетип калуу, канча күн дайынсыз жоголуп кетүү - аялдарга тийиштүү сапат! Суранам, мырзалар, бизден бул сапатты талашпагылачы! Айып бизден кетип, асманды сөөмөй менен ...

0 966

Эки жаштагы кыз кокусунан апасын өлтүрүп алды

14-сентябрь 2019, 11:38 Нурбек Айдар

Окуя Беларустун Брест облусунда катталды. Анда эки жаштагы кыз кокусунан апасын муунтуп өлтүрүп алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-август күнү жаш үй-бүлө 2 жаштагы кызы менен Старое Село деп аталган айылга конокко келишкен. Наристенин апасы, 21 жаштагы Юлия Шарко автоунаанын терезеси аркылуу кызын алып жаткан учурда наристе терезенин жабуу механизмин басып ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83