www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурбек Айдар

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (180)

0 318

Улуттук-мекенчил күчтөрдүн  биримдиги кеңешме өткөрдү

10-сентябрь 2019, 11:35 Нурбек Айдар

Кечээ 9-сентябрда Улуттук-мекенчил күчтөрдүн курултайын өткөрүү боюнча туруктуу иш алып барып жаткан аткаруу комитетинин кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу аталган биримдиктин аткаруу кеңешинен кабарлашты. Ал маалыматка ылайык, кеңешменин күн тартибинде аткарылган иштер жөнүндө маалымат берилип, жыл аягына чейинки иш-чаралар аныкталган. Алар: 1. Конституцияны жаңылоо боюнча элдик демилге менен 12 миң 700 адамдын колу топтолуп, КРнын Жогорку Кеңешине тапшырылган маселенин ...

0 108

Төө-Ашууга кар жаады. Дөңгөлөгүңөрдү кышкыга алмаштыргыла

10-сентябрь 2019, 09:46 Нурбек Айдар

Чүй ОИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Төө-Ашуу жана Суусамыр аркылуу жол жүргөн айдоочуларга унааларынын дөңгөлөктөрүн кышкы алмаштыруусун же чынжыр ала жүрүүсүн эскертет. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жолдун бул участокторунда кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Булак: "NazarNews.kg"

0 168

Фараондор Египетке кайдан барышкан. Окумуштуулардын оозу ачылууда

10-сентябрь 2019, 09:32 Нурбек Айдар

Германиядагы Макс Планк институтунун жана Тюбинген университетинин окумуштуулары 1500-3500 жыл болгон 90 египеттик мумиялардын геномун калыбына келтиришти. Аны талдап көрүшүп, байыркы египеттиктер африкалыктар эмес экендигин аныкташты. Фараондордун айрымдары түрктөр болсо, дагы бирлери азыр Израиль, Иордания, Сирия, Ливан, Грузия жана Абхазия жайгашкан түштүк европалыктар болуп чыккан. Мындан бир аз мурун Цюрихтеги iGENEA генеологиялык борборунда Тутанхамондун мумиясынын генин изилдешкен эле. Анын жыйынтыгында, ...

0 675

Бишкекте автокырсыктан 4 адам каза болду

09-сентябрь 2019, 18:18 Нурбек Айдар

Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Шкода үлгүсүндөгү унаа менен автобус сүзүшкөн оор жол кырсыгы катталды. Учурда кырсык болгон жерде ИИМдин Жол кыймылынын кызматкерлери, ӨКМнын куткаруу кызматы жана "Тез жардам" кызматы иштеп жатат. Кырсык эмнеден улам болгону боюнча азыр маалымат жок. Бишкек ШИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын маалыматы боюнча, 4 жаран кырсык болгон жерде каза болсо, дагы бир ...

0 1175

Улан Үсөйүн: "Кызда "кыздык" болсо, балада "балалык" бар деген суроо бизди ойлонтпойбу?"

09-сентябрь 2019, 17:15 Нурбек Айдар

Жарандык активист Улан Үсөйүн өзүнүн Фейсбук баракчасына кыздык тууралуу өз оюн жазган. Анын бул постуна оң пикирин да, каршы пикирин да айткандар көп. Биз анын бул оюн төмөндө толук бермекчибиз.  "Дагы бир «КЫЗДЫК» деген «БЛЯТЬ»! «Я не девушка, кому я нужна» - дейт! Баарың эле эмнеге «кыздыка байланасыңар ыя? Эркегиң деле, кызын деле? Же «кыздык» деген неме Силерге «бактылуу жашоону ...

0 999

Ташкентке тарых издеп, архив кезип... Тарыхчы Кыяз Молдокасымов Ташкентке кетти

09-сентябрь 2019, 16:53 Нурбек Айдар

“Эми он күн бою сиздер менен кабарлаша албайм, сиздер жазганды окуй да албайм. Өзүм да жазбайм. Кайрадан Ташкентте архивде болом. Өлкөсүн өнүктүрүп, өксүктөрдү түзөп, элинин зор кадырлоосуна ээ болуп, Борбордук Азияда лидерлик тизгинди бекем кармаган Шавкат Миромоновичтин өлкөсүндөгү өзгөрүүлөргө күбө болуп кайтам. Тарыхчылык кесипке такшалткан, азгырган, таалим-тарбия берген, илимий жетекчим, раматылык Хамид Зияев жашап өткөн шаарда болом. ...

0 257

Акылбек Мамасейитовдун "крышасы" күчтүүбү?

09-сентябрь 2019, 14:50 Нурбек Айдар

Акылбек Мамасейитов Баткен облустук ИИБин жетектемек болду. Бул тууралуу буйрук 6-сентябрда чыккан. Эске салсак, Акылбек Мамасейитов буга чейин Жалал-Абад облустук ИИБин жетектеп турганда начар иштеди деп жумуштан айдалган. Ага 2018-жылдын апрель айында Тогуз-Торо районундагы “Макмалалтын” комбинатына жергиликтүү тургундар кирип, өрттөп салышы себеп болгон. Бирок, начар иштеди деп жумуштан айдалган адамды 2019-жылдын май айында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгына дайындашкан ...

0 177

Каттабек Шамшиев: “Өзүңдүн жүрөгүңө батпаган кайгы, бирөөнүкүнө батмак беле?”

09-сентябрь 2019, 13:30 Нурбек Айдар

Эй, кыргызымдын кыздары! Жигиттердин эң мыктысын арзуу кылбагыла. Тескерисинче, ушундай ыймандуу, тарбиялуу, адептуу болгула, ошол жигиттер силерди арзуу кылсын! Жашоодо үч нерсе жаш тандабайт: Сүйүү, өлүм жана оору. Таш боор адамдан жылуулук күтпө. Анткени, ал өзү мээримге зар. Эч кимге, эч качан дартыңды айтпа. Өзүңдүн жүрөгүңө батпаган кайгы, бирөөнүкүнө батмак беле? Көчөлөрдө ...

0 324

Жаңы премьер-министрди “койлор” шайлаштыбы?

09-сентябрь 2019, 13:20 Нурбек Айдар

Кечээ, 8-сентябрда Грузиянын премьер-министри болуп 44 жаштагы Георгий Гахария шайланды. Аны парламенттин 98 депутаты колдоп берди, ал эми оппозициялык партиялар каршылык иретинде добуш берүүгө катышпай коюшту. Кызыгы, шайлоонун алдында болду, жарандык коомдун өкүлдөрү Георгий Гахариянын премьер-министрликке шайланышына каршы болуп, парламенттин имаратына койлорду айдап келишти. “Уят” кыймылынын лидерлеринин бири Гига Макарашвили “парламенттин ичинде “койлордун” бир бөлүгү отурат. Койлор гана берилген буйрук ...

0 168

Валентина Шевченконун кытайлык мушкерге жообу: “Көзүңдү ач!”

09-сентябрь 2019, 12:49 Нурбек Айдар

UFCнин жеңил салмак боюнча жаңы чемпиону кытайлык Вейли Чжан Валентина Шевченко менен беттешкиси келгенин дагы билдирди. Ал алгач бразилиялык мушкер Жессика Андрадени жеңер менен эле Шевченко менен беттеште күчүн сынап көрүүнү каалаганын айткан эле. Кечээ жакында ал Твиттер аркылуу дагы бир жолу мекендешибизди беттешке чакырды. Буга жооп кылып Шевченко: “Урматтуу Вейли, сен чемпион болгонуңа болгону эки күн болду, бирок ...

0 2729

Сүйлөшкөн кызы карабай кеткени үчүн анын 3 жашар баласын алып кетип, өлтүрүп салган

09-сентябрь 2019, 12:19 Нурбек Айдар

Казакстанда 5-сентябрда 23 жаштагы жигит тааныш келиндин колунан 3 жаштагы кызын тартып алып, качып кеткен. Ошол эле күнү баланын жансыз денесин табылган. Белгилүү болгондой, баланы уурдап кеткен адам, ал баланын апасы менен 2014-жылдан баштап мамиледе болгон. Экөө сүйлөшүп жүрүп, кийин жолукпай калышкан. Өч алуу үчүн ал сүйгөнүнүн жеңесин өлтүрүп салып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, 4 жылдан кийин ал ...

0 565

Америкада эң чоң аллигатор кармалды

09-сентябрь 2019, 09:56 Нурбек Айдар

Америкада өтө чоң аллигатор кармалып, бул жаңы рекорд койду. АКШнын Жорджия штатында аңчылар узундугу 4,3 метрге, салмагы 318 килограммга жеткен аллигаторду кармашты. Бул тууралуу Daily Mail маалымдады. Бул АКШда кармалгандардын ичинен эң чоңу болуп саналат. Мурунку рекорд 2013-жылы кармалган аллигаторго караштуу болуп келген. Анын узундугу 4,21 метр болчу. Маалыматка караганда, бул аллигаторду атып алган аңчылар анын суудан чыгып турган ...

0 93

Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева Олимпиадага жолдомо алды

09-сентябрь 2019, 09:27 Нурбек Айдар

Кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына катышуу үчүн жолдомо алды. Ал 8-сентябрда Нур-Султан шаарында өткөн эл аралык марафонго катышып, биринчи орунду ээлеген. Муну менен ал Токио Олимпиадасына жолдомо алган кыргызстандык экинчи спортчу болуп калды. Буга чейин сууда сүзүү боюнча 19 жаштагы Денис Петрашов эки дистанцияда лицензия утуп алган. Булак: "NazarNews.kg"

0 322

Зөөкүрлөр СИЗОго киргизилди

09-сентябрь 2019, 09:07 Нурбек Айдар

Бишкектеги Жал кичи районунда 2 жаранды чала жан кылып сабаган зөөкүрлөр СИЗОго киргизилди. Мындай чечим 7-сентябрда Свердлов райондук соту тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдады. Эске салсак, 28-августта саат 7де милицияга мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин патрулдук кызматынын экипажы барган. Алардан сырткары Чүй ОИИББинин кызматкери да окуя болгон ...

09-сентябрь 2019, 09:07 | 322
0 382

Түлеевдин батирлерин сатып качып кеткен жаран кармалды

09-сентябрь 2019, 08:56 Нурбек Айдар

Ушул жылдын 7-сентябрында Бишкек ШИИББинин жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган. Кармалган бул жаран шаар тургундарына батир алып берем деп 583 миң доллар алып, изин жашырып жүргөн. Ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда Баткен облусунун Лейлек районунун аймагынан кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип кармалган жаран Бишкек ШИИББинин ...

0 1557

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Аманбай Кайыпов жок десе болбой тебетей кийгизишти”

07-сентябрь 2019, 18:53 Нурбек Айдар

Кечээ, 6-сентябрда Аманбай Кайыпов өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, башка кызматка дайындалды. Нарындыктар ага суусар тебетей кийгизип, жылкы мингизип, салтанаттуу түрдө узатышты. Ал эми жаңы губернатор Эмилбек Алымкулов ага Нарын облусунун “ардактуу атуулу” наамын берди. Контейнер-мектеп чуусунан кийин кызматтан кеткен губернаторду мындай салтанаттуу узатуу көпчүлүккө жаккан жок. Социалдык тармактарда жакшы эле сындар айтылды. Ошондон кийин ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 466

11 жаштагы баланын өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулду

07-сентябрь 2019, 13:52 Нурбек Айдар

Жалал-Абад облусунда 11 жаштагы баланы өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши токтотулду. Белгилүү болгондой, баланын өлүмүнө шектелип жаткан анын эжеси жашы жете элек өспүрүм. Кылмыш кодексинин жаңы редакциясы боюнча, аны жоопкерчиликке тартууга болбойт. Кыз учурда реабилитациялык борбордо. Ага карата психиатриялык экспертиза дайындалган. Азырынча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек, бирок, анын жыйынтыгы кандай чыкпасын, кылмыш иши кайрадан ачылбайт.

0 236

ИИМ: Атамбаевдин жактоочулары материал менен таанышууну создуктуруп жатышат

07-сентябрь 2019, 13:38 Нурбек Айдар

Атамбаевдин жактоочулары материал менен таанышууну атайылап создуктуруп жатышат. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматы кылмышка шектүү Алмазбек Атамбаев боюнча тергөө ишин аяктап, бул боюнча маалымат жактоочулары Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге 30-августта эле айтылган. 2-3-августта жактоочулар келбей коюшса, 4-августта Алмазбек Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө аяктагандыгы боюнча протоколго кол койбой ...

0 112

Швецияда жол эрежесин бузбаган айдоочулар акча утуп ала алышат

07-сентябрь 2019, 12:23 Нурбек Айдар

Швециянын борбору Стокгольм шаарында айдоочулар жол эрежесин сактоосу үчүн кызыктыруучу лотерея ойнотулат. Кээ бир айдоочулар 3 миң долларга чейин утуп алышат. Ал өлкөдө айдоочулардын унааны белгиленген ченемден жогору айдаганы үчүн төлөгөн айып пулдардын бир бөлүгү лотереялык фондго которулат. Кандайдыр бир тартип бузууларда байкалбаган айдоочулар автоматтык түрдө лотереяга катыштырылып, бакыт жылмайган айдоочулар акчалай утуштарга ээ болушат. Бул схема белгилүү бир деңгээлде ...

0 58

Кыргызстандын Алыш күрөшү боюнча курама командасы дүйнөлүк оюндарда биринчиликти багындырды

07-сентябрь 2019, 11:52 Нурбек Айдар

Түштүк Кореянын Чунгджу шаарында 1-2-сентябрда өткөн уруш өнөрлөрүнүн дүйнөлүк оюндарында Кыргызстандын Алыш күрөшү боюнча курама командасы 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, командалык эсепте биринчи орунду багындырды. Мадаминбек Шаршеналы уулу менен Нагира Сарбашова биринчи орунду багындырса, Камолиддин Абдурахимов менен Нурзат Бактыяр кызы күмүш медаль тагынышты. Ал эми Элдияр Сексенбаев жана Элзада Момунжанова үчүнчү орунду камсыздап, ...

0 403

Кылмышты жашырган милиция кызматкерлери кармалды

07-сентябрь 2019, 11:03 Нурбек Айдар

УКМК Жал кичи районунда эки жаранды аёсуз сабалышын жашырган Бишкек ШИИББинин патруль кызматынын эки кызматкерин кармады. Алар кечээ, 6-сентябрда кечинде кармалган. Бул кызматкерлер кылмышка шектүүлөрдү кармагандын ордуна, аларды милиция бөлүмүнө мыйзамсыз алып барып, кайра кийин кое берип жиберишкени жана кылмышты жашырганы үчүн айыпталууда. Экөө тең УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.  Эске салсак, 28-августта саат 7де милицияга ...

0 247

Таң каракчысы жөнүндө уктуңуз беле?

07-сентябрь 2019, 09:53 Нурбек Айдар

Таң каракчысына жолуккан адам же жакшылык көрөт же жамандык көрөт. Таң каракчысы дайыма таңкы төрттөн күн чыкканча жүрүшөт дешет. Нарындык Мукаш атанын айтуусуна караганда, ал таң каракчысына жолуккан. Ошол окуяны өзүнүн баяндоосунда берели: “Мектепте окуп жүргөндө классташтар тоого чыктык, аябай кеч болуп кетип тоого жатып калдык. От жагып, ырдап-бийлеп жатып, таңга жуук гана көз илинип кетиптир. Бир кезде 3-4 ...

0 231

“Аксакалдарды” кыйнабагыла! Качкан курсанттар өздөрүн сыйлоону талап кылышканбы?

06-сентябрь 2019, 18:07 Нурбек Айдар

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы улуттук аскер лицейинин 50 курсанты 5-сентябрь күнү качып кетти деген маалымат тараган. Көп өтпөй бул боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы жооп айтып, курсанттар эч кайда качкан эместигин билдирген. Бирок, баары бир курсанттардын качып, кайра кайрылып келишкени билинди. Бул боюнча Акыйкатчынын басма сөз кызматы да маалымат таркатып, лицейге окуянын себебин аныктоо үчүн барып келишкенин ...

0 601

АУДИО - Айрымдар кытайлык спортчу кыздарды эркек деп шек санашууда. Сизчи?

Аудиофайл 06-сентябрь 2019, 17:45 Нурбек Айдар

Кытайлык спортчу кыздарды ушуну менен экинчи ирет эркектер деп шек санашууда. Массалык маалымат каражаттары Ляо Мэньсюэ жана Тун Цзенхуань деген жөө күлүк кыздарга көңүл бура башташты. Буга Кытайда өткөн 400 метрге чуркоо мелдешинде эки спортчу кыздын алдыңкы эки орунду ээлеши себеп болгон. Бул экөө башкаларга караганда марага 2 секундага тез келишкен. Бул кыздардын эркек болушу мүмкүн деген шек саноо ...

0 611

Раиса Атамбаева кайсы ишкерлерди колдоп келген?

06-сентябрь 2019, 17:44 Нурбек Айдар

Мындан бир нече күн мурун президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы, “соттордун куратору” атыккан Манас Арабаевдин көрсөтмөсүнүн жана башка далилдердин негизинде мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголгон. Манас Арабаев тергөөгө кытай бизнесмендери Бишкекте курган «Даймонд сити» турак жай комплексин рейдерлик жол менен тартып алууга тийиштиги бар деп мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген. Ага ылайык, кытайлык ...

0 292

АУДИО - АКСтин экс-жетекчиси Бектен Сыдыгалиевге мандат тапшырылды

Аудиофайл 06-сентябрь 2019, 14:29 Нурбек Айдар

Бектен Сыдыгалиевге мандат тапшырылды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарларды. Маалыматта, "Бүгүн КР БШКнын отурумунда өзүнүн арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мусаев Насыр Исмазовичтин ордуна, кезектеги тизмеге ылайык Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевичке мандат тапшырылды" деп айтылат. Булак: "NazarNews.kg"  

0 353

АУДИО - Нарынга жаңы губернатор дайындалды

Аудиофайл 06-сентябрь 2019, 12:53 Нурбек Айдар

Эмилбек Алымкулов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-сентябрда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Эки жарым жылдан бери Эмилбек Алымкулов Нарын шаарынын мэри кызматын аркалап келген. Ал эми буга чейин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген Аманбай Кайыпов кечээ өз каалоосу менен арыз жазганы ...

0 1309

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу: Кимдерге айып коюлду? Бир ууру канча кызматкерди отургузуп кеткенин тизмеден караңыз

06-сентябрь 2019, 14:12 Нурбек Айдар

Ички иштер министрлиги мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш иши аяктаганын жарыялады. Министрликтин маалыматына караганда, учурда кылмышка күнөөлүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, аларга коюлган айыптар менен тааныштырылууда. Андан соң жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет. Айып коюлгандардын тизмеси: Гематология борборунун кызматкерлери Эмил Макимбетовго, Ирина Цоповага; Гематология борборунун ...

0 123

АУДИО - Тоок уурдагандар абакта, доллар уурдагандар жатак абакта. 10 жылга эркинен ажыратылган прокурор 3 жылдан кийин жатак абакка которулду

Аудиофайл 06-сентябрь 2019, 12:21 Нурбек Айдар

10 жылга эркинен ажыратылган прокурор 3 жылдан кийин жатак абакка чыкты. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын билдиришинче, Баш прокуратуранын тергөө башкармалыгын мурунку жетекчиси Кылычбек Арпачиев 2019-жылдын 17-июлунда жатак абакка которулган. Ал учурда Беловодск айылындагы №45 мекемеде жазасын өтөп жатат. Эске салсак, Баш прокуратуранын тергөө башкармалыгын мурунку жетекчиси Кылычбек Арпачиев 2015-жылдын 25-мартында өз кабинетинде пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал экс-депутат ...

0 530

ВИДЕО - АУДИО - Эки кишини чала жан болгуча катуу сабаган зөөкүрлөр милицияга өздөрү келип колго түштүбү?

Аудиофайл Видео 06-сентябрь 2019, 11:09 Нурбек Айдар

6-сентябрда таңкы 4төр чамасында кылмышка шектүүлөрдүн бири Жаныбек Бапышов  Бишкек ШИИББине өзү келип колго түшүп берген. Бул тууралуу Жалбырак ТВ жазып чыкты. Алардын каналына жүктөгөн видеодо Жаныбек Бапышов жактоочусу менен кошо Бишкек ШИИББинин имаратына келип, милиция кызматкерлерине колго түшүп бергенин көрүүгө болот. Дагы бир сааттан кийин Калысбек Сейитбеков келген. Буга чейин Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Бишкек шаардык ...

0 111

Футболчуларыбыз Тажикстандын командасынан жеңилип калды

06-сентябрь 2019, 09:20 Нурбек Айдар

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Тажикстандын оюнчуларына 1:0 эсебинде утулуп калды. Оюндун 42-мүнөтүндө тажик футболчусу Алишер Жалилов гол киргизе алды. Кыргызстандын курамасы канча аракет кылганы менен эсеп саны өзгөргөн жок. Белгилей кетсек, кечээ, 5-сентябрда, Тажикстандын Душанбе шаарында 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун экинчи баскычынын алкагында беттеш болуп өттү. Кыргызстандык команда F тайпасына ...

0 390

Эки кишини чала жан кылып сабаган зөөкүрлөр кармалды

06-сентябрь 2019, 09:10 Нурбек Айдар

Эки кишини чала жан болгуча катуу сабаган зөөкүрлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди. Алар берген маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милиция кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү издөө, кармоо иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөр Кыргызстандын аймагында колго түшүрүлгөн. Кармалгандар Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Эске салсак, 28-августта саат ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 365

АУДИО - Депутаттык мандат АКСтин экс-жетекчисине буйруйбу?

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 18:23 Нурбек Айдар

Борбордук шайлоо комиссиясы эртең, 6-сентябрда болуучу кезектеги отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Насыр Мусаевдин мандатын башкага тапшыруу маселесин карайт. Мусаевдин ордуна УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын мурунку жетекчиси Бектен Сыдыгалиев келери айтылууда. Себеби, “Кыргызстан” партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмеси  боюнча кезек Айнура Аскаровага келген. Ал учурда Жогорку Кеңеште иштеп жатат. Андай кийинки тизме боюнча кезек Бектен Сыдыгалиевде. Эске салсак, Мусаев арыз ...

0 160

АУДИО - Кичин үйлөндү. Команда капитанына жеңиш белек кыла алабы?

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 18:12 Нурбек Айдар

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин үйлөнүп жатканына байланыштуу Тажикстан курамасы менен болгон беттешке катыша албаганы белгилүү болду. Минск шаарынын “Динамо” командасынын оюнчусу бүгүн өзүнүн Инстаграм баракчасына үйлөнүү тоюнан сүрөт жүктөдү. Тажикстанга каршы чыга турган Кыргызстандын курамасынын тизмесинде Кичин жок болчу, аны Футбол федерациясы Кичин үй-бүлөлүк себептерден улам курамга чакырылбагандыгы менен түшүндүргөн. Буга чейин Кичин ...

0 430

АУДИО - Бир жарым жылдан бери жумушка чыкпаган депутат мандатын тапшырды

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 17:17 Нурбек Айдар

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Насыр Мусаев мандатын тапшырды. Маалыматтарга караганда, Мусаев арыз жазып Боршайкомго жөнөткөн. БШКдан анын арызын алганын тастыктап, бирок азырынча карала электигин билдирген. Эске салсак, Насыр Мусаев былтыр апрелде депутат болгон. Ал ант берүүгө майыптар үчүн коляска менен келип, андан кийин Жогорку Кеңештин отурумдарына таптакыр катышкан эмес. Аталган фракциянын мүчөлөрү көптөн бери Насыр Мусаевди депутаттык мандаттан ...

0 504

Хабиб Нурмагомедов Пуарье менен болгон беттештен канча акча алат? Атасы жооп берди

05-сентябрь 2019, 15:15 Нурбек Айдар

UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов уулунун Дастин Пуарье менен беттешкени үчүн канча гонорар аларын айтты. “Пуарье менен болгон беттеш үчүн берилүүчү гонорар Макгрегор менен болгон беттеште алган гонорардан 3 – 3,5 эсе көп болот. Биз майда-чүйдө үчүн беттешпейбиз. Конор менен беттешүү үчүн 2 миллион алуу – биз үчүн аз. Себеби биз азыр мыктыбыз”, -деген Абдулманап Нурмагомедов РИА ...

0 554

Ак-талаалыктар жол оңдолбой жатканына нааразы болуп митингге чыкты

05-сентябрь 2019, 14:44 Нурбек Айдар

Бүгүн, 5-сентябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 100дөй киши тынчтык митингине чыгышты. Бул тууралуу митингдин катышуучулары билдиришти. Нааразычылык билдирип чыккан эл бийликтен 90 чакырымды түзгөн Ак-Талаа - Кош-Дөбө автоунаа жолун оңдоп берүүнү талап кылышууда. Митингге Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Кара-Бүргөн, Акчий айылдарынын эли келишкен. Булак: "NazarNews.kg"

0 297

АУДИО - Мыкаачылык менен сабаганга шектелгендер өлкөдөн качып кетүүгө аракет кылган

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 14:34 Нурбек Айдар

Бишкектин Жал кичирайонунда эркектерди мыкаачылык менен сабагандар өлкөдөн качып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Канат Жумагазиев билдирди. Анын айтымына караганда, кылмышка шектүүлөр чек арадан өтүүгө аракет кылышкан, бирок андан ийгилик чыккан эмес. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча кенен маалымат бере алышпайт.   Кылмышкерлерди кармоо үчүн жети опер топ уюштурулуп, алар Бишкекте ...

0 133

АУДИО - Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары беттешет

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 14:39 Нурбек Айдар

Тажикстандын Душанбе шаарында бүгүн, 5-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө Кыргызстандын улуттук курама командасы Тажикстан менен беттеш өткөрөт. Оюн 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жана 2023-жылкы Азия чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында өтөт. Футболчуларыбызга ийгилик каалайбыз! Булак: "NazarNews.kg"

0 373

ВИДЕО - Валентина Шевченко Генри Сехудону “муунтуп” салды

Видео 05-сентябрь 2019, 12:54 Нурбек Айдар

Мушкер мекендешибиз Валентина Шевченко өзүнө чакырык таштаган Генри Сехудону “муунтуу” жолу менен утуп алды. Экөө Абу-Даби шаарында жолугуп, тамашалуу беттеш өткөрүшкөн. Экөөнүн беттешинен сүрөттөрдү “Акыркы император” атка конгон Фёдор Емельяненко да өз баракчасына жайгаштырып, “Бул болуп өттү! Бүгүн түнү тарыхтагы улуу беттеш болуп өттү. ММА боюнча гендер аралык биринчи дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону куттуктайбыз!” деп жазган. Белгилей кетсек, 7-сентябрда ...

0 166

Унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейд башталды

05-сентябрь 2019, 11:55 Нурбек Айдар

Мамлекеттик салык кызматы менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкекте өткөрүлгөн бир күндүк рейд учурунда 430 автоунаа токтотулуп, анын ичинен 68 айдоочунун унаа салыгын төлөбөгөндүгү аныкталган. Аларга карата тийиштүү актылар түзүлүп, 43 жаран салыкты ошол жерден төлөсө, 31не салык төлөгөндүгү ...

0 272

Украинаны өкмөтү Кличкону кызматтан алууну сунуштады

05-сентябрь 2019, 09:51 Нурбек Айдар

Украинанын министрлер кабинети кечээ, 4-сентябрда президент Владимир Зеленскийдин офисине кайрылып, Виталий Кличкону кызматынан кетирүүнү сунуштады. Эми Кличкону кызматтан алууну же ордунда калтырууну Зеленский чечет. Белгилүү мушкер Виталий Кличко 2014-жылдын 5-июнунан бери Киевдин мэри, 2014-жылдын 25-июнунан бери Киев шаардык администрациясынын башчысы кызматын аркалап келет. Булак: "NazarNews.kg"

0 546

Багам аралдарынын бороондон кийинки сүрөттөрү жарыяланды

04-сентябрь 2019, 17:37 Нурбек Айдар

Багам аралдарына 1-сентябрда жеткен “Дориан” бороонунан кийин калыбына келтирүү иштери башталды. Ал эми АКШнын Флорида, Жоржия жана Түштүк Каролина штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бороондун айынан баарынан көп Барбадос, Сент-Люсия, Сент-Томас, Абако жана Чоң Багам аралдары жабыр тарткан. Ылдамдыгы саатына 300 километрге чейин жеткен бороондон 7 киши каза болуп, 13 миңдей үй талкаланганы кабарланууда. Шаарлар менен айылдар суу астында калып, ...

0 216

Контейнер мектеп. Мектеп куруу үчүн каражат топтоо башталды

04-сентябрь 2019, 16:34 Нурбек Айдар

2-сентябрда Нарын облусунда жаңы мектептин ачылышы болуп, андан улам бийликти коомчулук катуу талкууга алышкан. Себеп, мектептин темир контейнерден салынганында. Бийлик баары бир кыйратпайт дештиби, айтоор, Нарын районунун Кеңеш айылына мектеп куруп берүү үчүн социалдык тармактарда каражат топтоо башталды. Айрымдар акчалай жардам сунуштаса, дагы бирлери курулуш каражаттарын берүүнү убадалашууда. Булак: "NazarNews.kg"

0 307

Самат Курманкулов эсине келди

04-сентябрь 2019, 15:50 Нурбек Айдар

Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы жакшырып, ал жалпы палатага которулду. Маалыматтарга караганда, ал өзүнө келди, азырынча сүйлөй албайт, бирок, бардык кыймыл-аракет, жаңсоолорго реакция кылып жатат. Эске салсак, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Самат Курманкуловдун башына таш тийген. Буга чейин Бишкекте ага эки жолу операция жасалып, 12-августта аны Москвага алып кетишкен. Булак: "NazarNews.kg"

04-сентябрь 2019, 15:50 | 307
0 137

Кыргыз теннисчиси Ксения Палкина мелдештин жеңүүчүсү аталды

04-сентябрь 2019, 15:20 Нурбек Айдар

Кыргыз теннисчиси Ксения Палкина Казакстандын Алматы шаарында өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү болду. W25 Almaty деп аталган мелдеш 26-августтан 1-сентябрь аралыгында өткөн. Ксения Палкина жекелик мелдеште ийгилик жарата албай калган менен жуптар арасындагы мелдеште грузиялык София Шапатава менен биргеликте чыккан. Алар катарынан төрт жеңишке жетишип, мелдешинин жеңүүчүсү аталышты. Булак: "NazarNews.kg"

0 1757

“Контейнерге барабыз, конкретный билим алабыз”. Социалдык тармактагылар контейнерден салынган мектепке кандай баа беришүүдө?

04-сентябрь 2019, 16:30 Нурбек Айдар

Учурда социалдык тармактарсыз жашоону элестетүү кыйын. Мындан ары биз эң актуалдуу окуялар боюнча элдин кызыктуу ойлору менен бөлүшүп турууну чечтик. Бул сапар биз Нарын облусунда ачылган контейнер-мектеп тууралуу айтылган пикирлерге орун беребиз. Булак: "NazarNews.kg"

0 352

СИЗОдогу Атамбаевге эки депутат жолугуп чыкты

04-сентябрь 2019, 13:50 Нурбек Айдар

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранова Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыгышты. Асель Кодуранованын айтымында, алар биринчи жолу камалгандан бери Атамбаевге жолугуп жатышат. “40 мүнөттөй сүйлөштүк. Ал эч нерсеге арызданган жок”, деп билди ал. Булак: "NazarNews.kg"

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 251

ИИМди милиционер башкарбашы керек. Депутат Дастан Бекешев ИИМ жетекчисине нааразы

04-сентябрь 2019, 13:14 Нурбек Айдар

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ИИМди милиционер башкарбашы керек деп айтып чыкты. Ал Фейбуктагы баракчасына ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевге байланыштуу пост жазды. Анда ал “Канча ишти өз көзөмөлүнө алды? Ошол иштердин баары унутулду, жабылды, жыйынтык чыккан жок. Азыр да министр Бишкектеги катуу сабалгандардын жана аларды сабагандарды жашырган милиция кызматкерлеринин өз көзөмөлүнө алганын айтууда. Жеке көзөмөл жөн эле коомчулукту сооротуу үчүн ...

0 182

Эркин Асрандиев өзүн куткарууга кеткен чыгымды төлөп берди

04-сентябрь 2019, 11:42 Нурбек Айдар

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев өзүн куткарууга кеткен чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлү Бегимай Азимжанова билдирди. “Эркин Шамшудинович көлдү сүзүп өтүүнү пландаган. Ал буга ойдогудай даярданган. Керектүү нерселер да бар болчу. Кокусунан көлдө толкун башталып, ойдо жок нерсе болуп кетти. Ал өзүн издөөгө, куткарууга катышкандардын, колдогондордун баарына ыраазычылык бирдирди. Издөө-куткаруу операциясына 17 куткаруучу тартылган, анын ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83