![]() |
Нурбек Айдар
NazarNews порталында журналист. |
Башкы прокуратура «7-апрель шейиттери» мечити камакка коюлбаганын маалымдады. Маалыматка ылайык, бул мечит кайсы каражатка курулганын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. “Алмазбек Атамбаевдин коррупциялык жосундары боюнча тергелип жаткан кылмыш иштеринин алкагында, Бишкек шаарынын 7-кичи районунда жайгашкан «7 апрель шейиттери» мечити А.Атамбаевдин каражаттарына курулгандыгы аныкталган. Бишкек шаарынын, Юнусалиев 173/1 дарегинде жайгашкан 1 гектар жер тилкеси А.Атамбаевге таандык «Форум» илимий-өндүрүш ...
АКШ Конгресси президент ачыкка чыгарбашы үчүн порноактрисаларга акча төлөп берген же бербегенин изилдөөнү чечти. Октябрь айында Палатанын соттук өндүрүш боюнча комитетинде порноактриса Сторми Дэниелс менен Плейбойдун мурунку жылдызы Карен Макдугалга 2016-жылы акча төлөгөнү боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн укмакчы. Эске салсак, Дэниелс менен Макдугал Трамп менен сүйүү байланышы болгонун, шайлоо алдында муну элге айтпоосу үчүн акча алышканын айтып чыгышкан.
Кызыл-Омпол менен Кой-Таштагы окуяларда катышкан адамдар Солтон-Сарыда да болушкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана кен иштетүү комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Депутат Сагындык Келдибековдун “Бул атайын уюштурулган чыр-чатакпы” деген суроосуна, вице-премьер “антип айтуу үчүн далил жок” деп жооп берди. Бирок, ал “Кызыл-Омпол менен Кой-Таштагы окуяларда катышкан адамдар Солтон-Сарыда да катышышкан. Алар эл алдына чыгып сүйлөшкөн. Телефон чалуулары да болгон, бирок ...
Бүгүн, 3-сентябрда Казакстандын Жанаозен шаарынын борбордук аянтына 500дөй адам чогулуп, Казакстандын аймагына Кытай заводдорун курууга каршылыгын билдиришти. Бул тууралуу lada.kz. агенттиги жазып чыкты. Жанаозен шаарынын тургундары Кытай ишканаларын куруу боюнча так жооп уккуча чогула берерин билдиришти. Казакстанга 55 Кытай ишканасы курулары күтүлүп жаткан. Булак: "NazarNews.kg"
Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте билдирди. ИИМ башчысы бул иш жеке көзөмөлүндө турганын айтты. “Ооба, шектүүлөрдүн биринин тууганы милиция кызматкери болуп иштейт. Биздин кызматкерлердин бул ишке кийлигишкени да чын. Кызматтык иликтөө иштери башталды” деди ал. Булак: "NazarNews.kg"
Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Турсунбаев комитет отурумунда “уранды иштетүүгө тыюу салып өкмөт шашып кетти” деп билдирди. Ал Казакстанды мисал кылып, ал өлкө уранды иштетүү боюнча лидерлердин бири экендигин, бюджетин чоң акчалар түшүп жаткандыгын айтты. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ага “Эл кыжырданган үчүн тыюу салдык. Казакстанда мындай маселе көтөрүлгөн жок. Алардын эли башка, биздики башка” деп жооп берди.
Украинанын парламенти бүгүнкү отурумунда депутаттык кол тийбестикти алып салышты. Мындай чечимди 373 депутат колдоп добуш берген. Эми президент кол койсо, депутаттык кол тийбестик боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүү 2020-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Депутаттык кол тийбестикти алып салуу боюнча мыйзам Украинанын парламентинде 2 жылдан бери талкууланып, бирок, мыйзам артка кайтарылып келген. Булак: "NazarNews.kg"
Адистер Мексиканын борбору Мехикого жакын жайгашкан Куурчактар аралы эң үрөй учурган туристтик жай деп табышты. Бул арал бир кыздын өлүмү жана миңдеген коркунучтуу куурчактар тууралуу айтылган легендадан кийин атагы чыккан. Легенда боюнча, бул аралда жашаган Хулиан Сантана Баррера аттуу кечил кайсы бир күнү кыздын кыйкырыгына угуп калат. Ал үн чыккан жакка чуркап барган менен эч кимди тапкан эмес, бирок, ...
Музыканттын тажиясында күйөрмандары маркумдун табытын ачып, чечинтип салышты. Алар музыканттын өзү экендигине ишенүү үчүн маркумдун денесиндеги татиуровкаларын издешкен. Белгилүү музыкант Анж Дидье Хуан Африканын батышында жайгашкан Кот-д'Ивуар мамлекетинде таасирдүү адамдардын катарында болгон. 33 жаштагы музыкант 12-августта автокырсыктан каза болгон. Абиджан шаарынын стадионунда анын фанаттары үчүн маркум менен коштошуу зыйнаты уюштурулган. Айрым фанаттарына бул да аздык кылып, алар музыканттын жакындары ...
Дүйнөнүн эң коопсуз делген шаарларынын рейтинги түзүлдү. Анын алдыңкы үчтүгүнө Япониянын эки шаары кирген. Англиянын Economist Intelligence Unit деген компаниясы жыл сайын түзүлчү дүйнөнүн эң коопсуз делген шаарларынын рейтингин жарыялады. Ал рейтингдин сап башын Токио ээлесе, экинчи орунду Сингапур, ал эми үчүнчү орунду Япониянын Осака шаары ээлеген. Рейтингге 57 көрсөткүч менен бааланган дүйнөнүн 60 шаары киргизилген. Ал көрсөткүчтөргө санариптик ...
Чүй облусунун Сокулук районундагы атасынан төрөдү делинген кыздын ымыркайын балалуу боло албай жүргөн үй-бүлө багып алды. Бул тууралуу айрым массалык каражаттары жазып чыкты. Ал эми Чүй ОИИББи учурда бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалганын, ал эми багып алган адамдардын дагы аты-жөнү такталып, териштирүү иштери башталганын билдирди. Эске салсак, Сокулук районунда атасы кызын зордуктап койгон. 14 жаштагы кызы ...
Кара-Кулжа районунда айыл өкмөттүн башчысы жергиликтүү депутатты жана анын апасын сабап салган деп шектелүүдө. Ош ОИИБинин маалыматына караганда, окуя 29-август күнү Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи Май айылындагы депутаттын үйүндө болгон. Маалыматка ылайык, чыр айыл өкмөт жетекчисинин айылдагы көчөнү жарыктандыруу боюнча долбоор жазып, бирок көчөнү толук жарыктандырбаганы депутат сындагандан улам чыккан. Мушташ учурунда айыл өкмөт жетекчиси 21 жана 17 ...
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 7-кичирайондо жайгашкан “7-апрель шейиттери” мечитин камакка алды. Бул тууралуу башкы прокуратурадан маалымдашты. Маалыматка ылайык, тергөөдө мечитти мурдагы президент Алмазбек Атамбаев курганы аныкталган. Имарат турган бир гектар жер Атамбаевге таандык “Форум” илимий-өндүрүштүк ишканасына катталган. Мечитти курууга кеткен каражаттын булактарын аныктоо боюнча тергөө жүргүзүлүп жатат. Эске салсак, бул мечит Алмазбек ...
Ырчы Инстаграммдагы баракчасында видеокайрылуу аркылуу Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ал апасынын үйүн карактаган кылмыш тобунун башчысын кармаган милиция кызматкерлеринин адистигине ыраазы болгон. “Белгисиз адамдар менин апама, карындашыма кол салган. Кылмыштын уюштуруучусу кармалды. Мени колдогондордун баарына рахмат”, деп сөзүн аяктаган ырчы. Эске салсак, ырчынын апасынын үйү каракталып, милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү 2-сентябрда Каракол шаарында кафеде отурган жеринен ...
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, вице-спикер, коомдук жана саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти Надира Нарматова учурдагы саясый кырдаал боюнча өз ой-толгоосун жазды. Анын жазганы төмөндө толугу менен: "Өлкөдө саясат адабият менен маданияттан да көп сүйлөнсө, ал өлкө эң артта калган өлкө болуп эсептелет"- деп, бир акылман айткан экен. Анын сыңарындай, учурда өлкөбүздө 7 жаштан 100 жашка чейинки адамдар саясат талкуулап, ушул ...
Жеке менчик үйгө бет капчан куралдуу белгисиз адамдар кирип, акча, баалуу буюмдарын алып кеткендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти. Белгилүү болгондой, жабырлануучу ырчы Мирбек Атабековдун апасы. Маалыматка ылайык, 6-майга караган түнү тапанча менен куралданган белгисиз адамдар Бишкек шаарынын тургунунун үйүнө кирип, күч колдонуп 60 миң доллар, 15 миң сом жана алтын буюмдарын карактап кетишкен. Милиция тарабынан кылмышкерлерди издөө ...
Украинадагы социалдык тармактын колдонуучулары ал өлкөнүн Билим жана илим министри Анна Новосаддын жазган текстинен толтура ката таап чыгышты. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты. Анна Новосад Фейсбук баракчасына украин тилинде пост жазып, анда президент менен өкмөткө ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билгизген. Бирок интернет колдонуучулар анын жазган текстинен толтура ката таап, аны белгилеп, жаңы министрди сындап чыгышкан. Булак: "NazarNews.kg"
“Батирлерди саткан адам жалгыз жасаган жок". Бул окуя тууралуу Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев да билдирүү жасады. Ал бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды: “Соттун чечимин аткаруу маселеси келгенде, мыйзамсыз соттолгон балдардын абалын жеңилдетүү максатында чыгымды төлөп берүүнү чечтим. Ал акча баары бир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшөөрүн күткөм, ошондуктан батир менен төлөгөнбүз. Убагында мен арызга бул батирлер бюджеттин уюмдардын кызматкерлерине берилишин жазгам. ...
Сокулук районунда атасы кызын зордуктап койгон. 14 жаштагы кызы боюнда болуп калып, 4-июлда уул төрөгөн. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты. Маалыматтарга караганда, боюнда болуп калган кыз аборт кылдыруу үчүн гинекологго кайрылган. Врач болсо кыздын төрөшүн күтүп, төрөгөн соң, баласын өзүнүн туугандарына берген. Өз кызын зордуктаганга шектелген 53 жаштагы ата сөөрөй кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери ...
Украинанын полициясы тарабынан кармалган жаран кыргыз жараны эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Эске салсак, кечээ, 1-сентябрда сумкасына эки огу менен тапанча жана үч граната салып жүргөн кыргызстандыкты Киев полициясы кармаган. Бул тууралуу украиналык ММКлар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, полиция кызматкерлери супермаркеттин жанында токтоп турган Lexus автоунааны байкап калышып, унаадан түшүп жаткан ...
Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун иши кайра каралышы керек. Бул тууралуу айылдаштары менен жолугушуп жаткан Өмүрбек Текебаев билдирди. “Кыргызстанда саясий куугунтуктун курмандыктары өтө көп. Тилекке каршы, биз алардын баарынын аты-жөнүн билбейбиз. Алардын бири- Мелис Мырзакматов. Ал жакында мага телефон чалып куттуктады. Оштогу көпүрөнүн курулушунда бузуулар болгону тууралуу кылмыш ишинде 20 киши бар болчу. Бүгүнкү ...
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева Парламенттин жогору палатасы болгон Сенаттын спикерлигине кайрадан шайланды. Маалыматка караганда, экс-ажонун кызын спикерликке көрсөтүүнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан анын администрациясынын жетекчиси билдирген. Дарига Назарбаева Сенаттын спикери болуп 2019-жылдын март айында шайланган. 12-августта болсо кайра депутат болгон. Эми спикерлик үчүн дагы шайлоо болмокчу. Булак: "NazarNews.kg"
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева Сенаттын спикерлигине кайрадан көрсөтүлдү. Бул тууралуу Zakon.kz. маалымдады. Маалыматка караганда, экс-ажонун кызын спикерликке көрсөтүүнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан анын администрациясынын жетекчиси билдирген. Эми аны сенаторлор шайлашы күтүлүүдө. Дарига Назарбаева Сенаттын спикери болуп 2019-жылдын март айында шайланган. 12-августта болсо кайра депутат болгон. Эми спикерлик үчүн дагы шайлоо болмокчу. Булак: "NazarNews.kg"
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын оюнчусу, коргоочу Виктор Майер Германиянын чемпиондугунун жаңы сезонунда экинчи голун киргизди. 30-августта жана 1-сентябрда сүйүүчүлөр арасында 4-тур болуп өткөн. Анын алкагында «Оберлига Вестфален» жана «Виденбрюк» командасы беттешип, «Оберлига Вестфален» 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул оюндун 43-мүнөтүндө Майер гол киргизген. Бул гол Майер үчүн жаңы сезондо 2-гол болуп калды. Андан мурун ал «Шпрокхефелге» каршы оюнда ...
Аты аталбаган Улуу британиялык адам вазаны кайрымдуулук дүкөндөн 1 фунт стерлингге (85сом) сатып алып, аны кайра онлайн-аукциондо кымбатыраак сатууну көздөгөн. Бул тууралу Daily Mail билдирет. Ал маалыматтарда айтылгандай, вазаны сатып алуу кызыкчылыгын билдирген кардарлар биринин артынан бири чыккан. Буга таң калган ал киши антиквариатты баалоочуларга текшерткенде, табылга чанда кездешчү кытай вазаларынын бири болуп чыккан. Тагыраагы, адисттер вазанын экспорт үчүн чыгарылбаганын, ал ...
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!