www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Темирлан Келдибеков

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (233)

0 1862

Аскар Салымбековду Улуу Британиянын ханышасы Елизавета эмнеге чакырып жатат?

05-ноябрь 2019, 09:36 Темирлан Келдибеков

Аскар Салымбеков кайда? Бразилия, Сеул, Лондондо. Эмне кылып жүрөт? Кыргыз футболун, өстүрөм деген ойлордо. Ханыша Елизавета, чакырып калат тойлорго. Камчыбек Жолдошбаев кайда? Ак үйдө, Көк үйдө, көмүрүндө. Депутаттар автобуска түшсө урушат, көңүлүндө. Анткени, автобуска түшпөптүр өмүрүндө. Жеке ишкер, Аскар Салымбеков Улуу Британиянын ханышасы Елизавета llнин Рождество кечесине барат. Бул туурасында ал өзүнүн Инстаграмм баракчасына жазды: “Ханыша Елизавета llден Рождество ...

0 238

АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын мойнуна кылмыштар илинди

04-ноябрь 2019, 15:43 Темирлан Келдибеков

 ЦРУнун Ооганстанда түзүлгөн куралдуу бөлүктөрү аскердик кылмышка тете укук бузууларга барды деп айтылат Human Rights Watch докладында. Докладдын авторлору бул аскер бөлүктөрү көтөрүлүшчүл топторго каршы күрөшүү үчүн түзүлгөнүн, шектүүлөрдү эч кандай тергөө жана соту жок эле атып салышканын жазууда. Айрымдары болсо таптакыр дайынсыз жоголгон дейт алар. Аскердик топ америкалык авиациянын жардамына таянып турган. Human Rights ...

0 198

"Дордой" футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону

04-ноябрь 2019, 15:28 Темирлан Келдибеков

Бишкектин «Дордой» футбол клубу Кыргызстандын премьер-лигасынын 27-турунда Канттын «Абдыш-Ата» клубун 5:0 эсебинде утуп, мөөнөтүнөн мурда чемпиондук наамга ээ болду. Ушуну менен «Дордой» 11-жолу Кыргызстандын чемпиону болду. Чемпиондук наам «Дордой» командасына 2020-жылы АФК Кубогунун тандап алуу оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк берет. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

0 215

Кечээки Ибраимов, Кулматов “Баатыр” болушса, бүгүнкү Ибраимов, Кулматов тамтаңдап жегендерин кусушууда

04-ноябрь 2019, 15:37 Темирлан Келдибеков

Ибраимов менен Кулматовго “Кыргыз эл Баатырларын” берип, бийлик төөдөй балээден кутулду. Кыргыз элинин тарыхында көзү өтүп кеткендерден баатырлар көп эле болгон. Ал эми көзү тирүү кимдир бирөөгө “Баатырлыкты” берип коюшса, Атамбаев сыяктуу артынан көп кеп болот. Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтү кийинки жылдын 6-январына чейин узартылды. Бул тууралуу 4-ноябрдагы сот отурумунда белгилүү болду. Кубанычбек ...

0 223

Менин милициям, мени коргобойт, мени сабайт

04-ноябрь 2019, 14:16 Темирлан Келдибеков

Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын 45 жана 28 жаштагы кызматкерлери киши сабаган деп шек саналып жатат. Бул тууралуу ИИМ кабарлады. Маалыматка караганда, 1-ноябрь күнү ички иштер органдарына Кемин районунун 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында автоунаа коюучу жай үчүн эки белгисиз киши сабап кеткенин айткан. Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен Кылмыштардын ...

0 397

Текебаев Бабанов менен бирге отурганын актана баштады

04-ноябрь 2019, 13:12 Темирлан Келдибеков

Атамбаевдин бийлиги учурунда мародерчулук боюнча “ит жебеген бокторду” жешип жүрүшкөн, азыркы учурда бириге калып блок түзгүсү келген Текебаев менен Бабановдун тандеми, баласын бапестеп Атамбаевди өзүнө жакындатып жатканы элдин оозун ачырууда.   «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Эркин маалымат» «YouTube» каналындагы маегинде тойдо «Республика» партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен бир үстөлдө отурганы боюнча кенен комментарий берген. ...

0 368

Алкы бузук дары-дармек менен соода кылгандардын кекиртегине бөгөт коюлат

04-ноябрь 2019, 12:26 Темирлан Келдибеков

Дары-дармектер жөнгө салынмай болду. Буга чейин дары-дармектерди ташып келгендер өздөрүнүн каалаган бааларын коюп келишкендери аз келгенсип, өздөрүнүн дарыканаларынан саттырып, дарыгерлерге өздөрүнүн дарыканаларына рецепт жаздырып, калкты кымбаттык менен тушап келишкен. Өз жанынан кимдер аяшсын баалардын кымбаттыгына карабай пациенттер кымбат дарыны алууга мажбур болушкан. Кыргызстанга медикаменттин 97 пайызы сырттан ташылат. Доллардын баасынын өсүшүнө байлап, дарыканаларда баалар кымбаттаган учурлар байма-бай ...

0 742

Элден жийиркенип, чоңдор жүздөшүүдөн ичиркенген Атамбаев катуу ойлоно баштадыбы?

04-ноябрь 2019, 11:15 Темирлан Келдибеков

Мамлекеттик бийлик колунда турганда ал жийиркенген жалпы элди мындай коёлу, депутат, министр, губернаторлор жолугуудан ичиркенип турган  Алмазбек Шаршенович же эми гана катуу ойлоно баштаганбы: «Мен кадр маселесинен жаңылдым» -деп башын муштагылап жатат дейт. Ал мамлекет башында турганда ага атаандаш маалыматтардын Атамбаев кадр саясатынан жаңылып жатат деп кан-какшаганы кулагынын тышынан кетип, «ушак» деген символикалуу ат коюп койчу. Журналисттерди, алардын ичинде ...

0 760

Жээнбековдун туулган күнү жакындап келатат, кошоматчылар компоюп унчугушпайт

04-ноябрь 2019, 09:35 Темирлан Келдибеков

Сооронбай Шариповичтин президент болгонуна көздү ачып-жумгуча эки жылдан ашык убакыт өтүп кетти. Жээнбековдун 2019-жылдын 16-ноябрында 61 жылдыгын өткөзбөй эле коюшубуз керек. Акаев менен Бакиев маараке өткөзөбүз дешип, 61 жашында оңкосунан кетишкен, Атамбаев менен Отунбаева 61 жашында президенттикти өткөзүп берди. 2019-жылдын 16-ноябрында бийликтин жаңыдан кызыгын көрө баштаганда Жээнбеков да 61 жашка толгону жатат. Негизи кыргызда алтымыш бир жаш символикалуу, дайыма ...

0 241

Азилньюс: Депутаттардын бардыгы калп айтышып, эл ишенбей калыштыбы?

04-ноябрь 2019, 08:47 Темирлан Келдибеков

 Темир жолдо капыстан кырсык болот. Депутаттар бараткан поюз рельстен чыгып кетет. Кырсык болгон жерге жетип келген ӨКМ куткаруучулары жергиликтүү калк кырсык болгондордун баарын көөмп салганына күбө болушуп: - Эмне баары каза болушуптурбу? -деп сурашат МЧС куткаруучулары. - Ооба, арасында кээ бирөө тирүү элебиз дешип далилдешмей болушту, бирок депутаттардын бардыгы калп айтарын билебиз да, - дешет экен көөмп койгондор. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

0 165

Шайлоо келе жатат, электоратты эми ойлогон депутаттар уранга каршы ураалап чыгышты

30-октябрь 2019, 14:59 Темирлан Келдибеков

Жазында элдин баары уранга каршы туруп жаткан учурда уранды мактап сүйлөп жаткан Кожобек Рыспаев сыяктуу урандын кожоюндары эми уранды иштетүүгө каршы. Уран сындуу радиоактивдүү заттардын адамдардын ден-соолугуна жана экологияга тийгизе турган кесепети чоң. Совет доорунда иштетилген урандын калдыктарынан кутула албай жатып, жаӊы кендерди ачуу андан бетер коркунучтуу. Ошондон улам, депутаттар тобу тарабынан радиоактивдүү заттарды иштетүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип ...

0 263

Кош, Казакстан, темир жол кетет Кытайга

30-октябрь 2019, 15:14 Темирлан Келдибеков

Казакстан менен Өзбекстандын Борбор Азияда лидерликти көксөө тилеги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга себеп болууда. Бүгүнкү күнү бир гана альтернативасы жок Казакстандын аймагы ушул чөлкөмдө темир жолду көзөмөлдөп турушу Ташкендин ичин өрттөп, Борбор Азияда лидер болуу демин суутуп жаткандай. Учурда бул оюнга согушуп жатса да, апийим өндүрүп миллиарддаган доллар таап жаткан Ооганстан да кошулуп жаткандай. Ооганстан Өзбекстан аркылуу Казакстанды аралап ...

0 155

"Жинди" Жириновский тартып алгыча Ысык-Көлдү элге ыраа көрүш керек

30-октябрь 2019, 13:36 Темирлан Келдибеков

“Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбооруна кошумча-алымчалар иштелип чыккан. Долбоор «Ысык-Көл» уникалдуу биосфера аймагын анын суу ресурстарына жана экосистемасына агып келип жаткан саркынды суулардын (анын ичинде калктуу конуштардын, рекреациялык объекттердин жана ар кандай чарбакер субъекттердин, анын ичинде коомдук тамактануу ишканаларынын жана автожуума жайлардын турмуш-тиричиликтик таза эмес сууларынын) терс таасиринен коргоого, Ысык-Көлдүн суусуна тикелей келүүчү ...

0 492

Төрөлө элек жатып жанчылган “Кой-Таш Элдик Республикасы”

04-ноябрь 2019, 09:41 Темирлан Келдибеков

Кошоматчылардын берген бекер этине эсирген Кой-Таш резиденциясындагы Атамбаевди коргоочулар июлдун аягында Атамбаев Бельянинов аркылуу Владимир Путин менен жолугушуп келген соң, ойду-тоону сүйлөй башташат. Буларга бекер тамак берип, идеологиялык жетекчисине айланган Алмазбек Атамбаев таш менен курчанып алганы аз келгенсип “живой щитти” же бала-бакыра, кемпир-чалды курчанууга бел кылып алат.  Жасакер төрөлөрү Ички иштер министрлигинин экс жетекчиси Улан Исраилов, экс-социалдык өнүгүү министри ...

0 264

Карыздарды төлөөнүн негизги көлөмү 2025-жылга, эң көп төлөө 2028-жылга туш келет

30-октябрь 2019, 11:03 Темирлан Келдибеков

 Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева мамлекеттин тышкы карызын төлөөнүн негизги көлөмү 2025-жылга жана анын эӊ жогорку чеги 2028-жылга туш болоорун маалымдады. Экономика министри Санжар Муканбетов "бүгүнкү күндө ИДПга карата өлкө карызынын деӊгээли 48%ды түзөт. Бул көрсөткүч 80%га жетсе өтө кооптуу деп эсептелет", -деп кошумчалады. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстан тышкы карыздарын жерлери менен төлөбөстүгүн ишендирип өттү. «КР Өкмөтү бул маселе боюнча ...

0 489

“Кылыгы” чыгып бараткан министр окуу жайын менчиктештирүүгө каршы эмеспи?

04-ноябрь 2019, 09:42 Темирлан Келдибеков

Наристе бул дүйнөгө жаралганда уйку ааламында балкып жүрүп, убакыт өткөн сайын анын кылыгы чыга баштайт. Биздин Билим жана илим министри Каныбек Исаковдун кылыгы “төрөлө элек” жатып чыккан. Ал жердеши студенттик отургучтан жаңыдан турган кызга  “Билим берүү мыктысын” алып берип, элге тескери жагынан көрүнгөн. Эми Акаевдин учурунда Соода техникумун менчиктештирип алгандар, финансы техникумун менчиктештирүүгө далалат жасай башташты. Бул ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 309

Жаңы жылдан соң машиналардын баасы кымбаттайбы?

29-октябрь 2019, 16:01 Темирлан Келдибеков

Сырттан келген унаалардын бажы төлөмү жаңы жылдан тарта кымбаттай турган болду. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБтеги өнөктөштөр мөөнөттү жылдырууга негиз жок экенин алдын ала айтышкан деди. Ал тапта дүрбөлөң түшүп, унаа сатып алам дегендер көбөйдү. Кыргызстандын унаа базарындагы көрүнүш толук өзгөрдү. Машина мындан төрт-беш жыл мурдагыдай санда жана сапатта түрдүү өлкөлөрдөн келген жери жок. Аны ташып келгендер да азайды.

0 231

Ооган тынчтыгы үчүн Бээжин эмнеге безеленип жатат?

29-октябрь 2019, 15:48 Темирлан Келдибеков

Ооган эли жөн жатпаган эл, тишине чейин куралданган оогандыктар акыркы жылдары согушсуз жашап көргөн эмес. 2001-жылы АКШдагы эки мунараны жардырганга да оогандык “Талибандар” күнөөлөнгөн. Кытайдын Ооганстанга жан тартып калганы Кытай-Ооганстан-Өзбек темир жолун салалы деген максаты бар. Бул тууралуу өзүнчө сөз болот. Ооганстандагы «Талибан» кыймылынын делегациясы өлкөдөгү согушту токтотууга жана тынчтык келишимине жетишүүгө багытталган сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуу үчүн бүгүн Кытайга ...

0 302

Байлар да ыйлайт, Кыргызстанда байларды дагы ыйлатыш керек

29-октябрь 2019, 13:43 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров  парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде кийинки жылдын бюджети талкууланып жатканда: “Ашкере байлыкка салык деген бар. Ошону өкмөт күчөтүшүңөр керек. Мүмкүнчүлүгү бар аткаминерлер менен ишкерлер сөзсүз көбүрөөк салык төлөш керек. Бирок ал жалпы элге жайылтылбагандай болушу зарыл”, - деди Зулпукаров. Расмий маалымат боюнча, быйыл алгачкы алты айда 38 миллиард 238 миллион сом ...

0 4492

Рысбекти көргөндө өң-алеттен кетип, кан кусуп, шымына сийип жиберген Бабанов кимдерди бириктирген жатат?

29-октябрь 2019, 13:09 Темирлан Келдибеков

Учурдагы бийликке каршы аттанышып, кичинекей болсо да көнгөн “истеблишменттин” бекер тамагын жалап калалы деген түбөлүк  номенклатуранын адамдары бириккени туру. Анткени, булар бирден парламенттик шайлоого барышса жолдон “бөрүлөр” жеп койчудай. Тарыхка кайрылалы, 2005-жылы Бабанов саясатка жаңы аттанганда аны колдоп жүргөн Айдар Акаев ата, мамасы менен бийлик менен кош айтышпай Москвага кетет. Бабанов Айдар Акаев менен достугун үзөт. Президенттикке талапкер катары ...

0 310

Митингде милиция таш жеп, мародерчулар аш жеп, чындыгы алар жок болсо куурап калат экенбиз

29-октябрь 2019, 15:36 Темирлан Келдибеков

Милициялардын баркы бийлик алмашканда келет экен. 2005-жылы 24-мартта, 2010-жылы 7-апрелде милицияны фонарик менен издеп таппай калып, мародерчулукка жол бердик. Кашкар Жунушалиев - 2018-жылдан баштап... Мактасак жаман көргөндөр толтура, жамандасак жаман көргөндөр толтура, ошол үчүн... Улан Исраилов – 2016-2018, Атамбаевге жансакчы болуп жүрүп министрликке жеткен. ИИМ министринен кеткен соң 2019-жылы августта Кой-Ташта өчүп бараткан чөпкө от ...

0 199

 «Вазири бучук болсо, Атамбаеви эмне болот?» же Ошту курам деп акчага оонагандар бар

29-октябрь 2019, 09:16 Темирлан Келдибеков

Жагалданган жылмаюну пара деп эсептесек болобу, анткени жагалданып жылмайгандан алдына киши салбаган  адам бар. Мырза-Акенин коондору гана эмес, «жоондору» дагы таттуу келет. Ошол «жоондорунун» жоону Жантѳрѳ Жолдошевич. Анын негизги адистиги «эксплуатационник». Ошондуктан Аскар Акаев, балким Майрам Акаева  келишимдүү жигитти Бишкек-Ош автожолун «эксплуатация» кылуу боюнча директорлугуна койгон. «Эксплуатационник» Сатыбалдиев «эксплуататор» Акаевге жагыныш үчүн үч кабат асфальт жолдун бир кабатын майга ...

0 939

Тумчугуп өлгөн 39 адамдын ким экендери татуировка, тырыктарынан аныкталып жатат

28-октябрь 2019, 16:01 Темирлан Келдибеков

Британиянын Эссекс графтыгында оор жүк тарткан унаада табылган 39 кишинин сөөгү боюнча иликтөө жүрүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, каза тапкандар арасында Вьетнам жарандары дагы болушу мүмкүн. Анткени, Вьетнам жарандары жакындары дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылып жатышат. Вьетнам полициясы сөөктөрдүн кимге таандык экенин аныктоо үчүн жакындарынан ДНК анализдерин алууга киришти. Иликтөөнүн жүрүшүндө үч киши кармалып, күрөөгө бошотулду. Алардын ...

0 204

Карызга акча алып той бергендер бар

29-октябрь 2019, 11:45 Темирлан Келдибеков

Кээ бир насыя алуучулар түшүнбөстүктөн той-топурга жумшоо үчүн насыя алуу боюнча банктарга жана микрокаржылоочу уюмдарга кайрылып жатат. Бирок андай адамдардын саны аз. Тойго акча керек деп кайрылган күндө да, азыркы мезгилдеги банктардагы абалды эске алуу менен алардын насыяны иштетүү үчүн көрсөтүлгөн максаты колдоого алынбастыгы белгилүү. Бирок насыя алуучулар банктарга туура эмес маалымат берип, алынган сумманы тойлорго колдонушу мүмкүн. Мындай насыя ...

0 3948

Таластагы салгылашуу ааламдагы эң ири он салгылашуунун бири болуп эсептелеби?

28-октябрь 2019, 14:29 Темирлан Келдибеков

Таң калса болот, Таластагы салгылашуу тууралуу угуп эле жүрөбүз, ал Азияда эле эмес, Евразияда да эмес, тарыхтагы эң ири он салгылашуунун бири деп эсептелет экен. Бала кезден тарыхка үңүлүп, окуу китептеринен Таластагы салгылашуу тууралуу бир ооз кеп тапчу эмеспиз. Тарых боюнча Римди баш ийдирген Адил атабыз (Атилла) басып алганын, Муз үстүндө орустар менен крестчилердин ортосундагы салгылашууну, Куликовдогу ...

0 202

Убада кылган “Кыргыз эл Баатырын” албай калгандар барбы?

28-октябрь 2019, 11:40 Темирлан Келдибеков

 “Кыргыз эл Баатыры” деген наамга Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Төлөгөн Касымбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Султан Ибраимов, Төрөбай Кулатов, Апсамат Масалиев сыяктуулар татыктуу. Бирок эл алдына талаш-тартыш жараткан Алмазбек Атамбаев жана Орусияда жүрүп, бир-эки саатта бул наамга татыктуу болгон Алиясбек Алымкулов деген жасалма баатырлар бар.  Каныбек Осмоналиев кыргыздын даңкын ааламга алып чыккан кереметтүү адам. Ал 65 жашка толгондо ...

1 556

Өкмөт башчысы Мукан Абылгазиев кайсы партияга мүчө?

28-октябрь 2019, 10:00 Темирлан Келдибеков

2007-жылдан баштап бир округдан бир мандат алгандан партиялык системага өткөнбүз: Игорь Чудинов, “Ак Жол”; Данияр Үсөнов,  “Ак Жол”; Алмазбек Атамбаев, КСДП; Өмүрбек Бабанов, “Республика”; Жантөрө Сатыбалдиев, “Өнүккөн Кыргызстан”; Жоомарт Оторбаев, “Ата-Мекен”; Темир Сариев, “Ак Шумкар”; Сооронбай Жээнбеков, КСДП; Сапар Исаков, КСДП; Мухаммедкалый Абылгазиев? Эми ар бир өкмөт башчысына ...

1 720

Кайсы партия  парламенттик шайлоодо жеңишке жетишет?

28-октябрь 2019, 10:53 Темирлан Келдибеков

 2020-жаңы жылдын алдында партия лидерлери  Зулпукаров, Текебаев, Сулайманов үчөө келатышса Аяз ата казылган чуңкурда отурат дейт. - Бул чал эмне бул жерде отурат? – дейт кээ бир министрлерди фракция лидери катары өзү дайындап, мансапка көзү тунарган Алтынбек Сулайманов. - Партияң «Бир бол» аталганы менен, элди бириктире албайт экенсиң, - дейт Аяз ата. - Бул чал эмне эле деп атат? - ...

0 208

Мусулмандардын адал тамагы Японияда өтүүчү Олимпианын менюсуна кирет

25-октябрь 2019, 15:51 Темирлан Келдибеков

Япондор 2020-жылы боло турган жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда мусулмандар үчүн адал (халал) менюну кийире турган болушту. Бул тууралуу The Japan News жарыялап чыкты. Муну менен бирге жергиликтүү ресторан кармоочулар тамак-аштын улуттук колоритте  болушунан баш тартышпайт. Япон басылмаларынын билдиргенине караганда, алар тамак-аштарынын бир бөлүгүн мусулмандар тамактана турган азык-түлүктөр менен алмаштырат. Буларды жасоону үйрөнүү үчүн шеф-ашпозчуларды окутуу сентябрь айынан башталган. Ушуларды ...

0 270

АУДИО - Кыргызстан бизнес боюнча рейтинги аныкталды

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 15:32 Темирлан Келдибеков

Дүйнө боюнча эки жүздөн ашуун мамлекеттин ичинен Кыргызстан Doing Business — 2020-жылдын рейтинги боюнча сексенинчи орунду алды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк банктын атайын баракчасына жарыяланды. Бул абдан жакшы көрүнүш, анткени коңшу мамлекет Тажикстан бул көрсөткүч боюнча рейтингде 106-орунда. «Салыштырмалуу методология менен эсептегенде Кыргызстанда бизнес жасоонун жеңилдешинин көрсөткүчү 100 баллга салыштырмалуу былтыркы  65,4 баллдан быйыл 67,8 баллга көтөрүлгөн. Башкача айтканда, ...

0 411

Кытай Кыргызстанга темир жолун курса пайда алып келеби же зыянбы?

28-октябрь 2019, 10:52 Темирлан Келдибеков

​Геосаясий абалы боюнча өз аймагынан өтө турган темир жол курула турган болсо Суэц каналы менен катташып жаткан Күн чыгыш менен Күн батыштын ортосу 8 миң чакырымга кыскарса,  Африканы тегеренип келип катышкан соода 15 миң чакырымга   кыскарат. Бишкектен Москвага чейин 3818 чакырым экенин эсептесек, Москвага төрт жолу барган жол кыскарат. Европага жол 15 000 чакырымга кыскарат Европа тарапка Кытайдын тышкы соода ...

0 167

АУДИО - Кулчулукка каршы миңдеген жыл тиштенгенбиз, эми тиштенип кулчулукка каршы мыйзамды бекиттик

Аудиофайл 25-октябрь 2019, 13:52 Темирлан Келдибеков

Кулчулукка каршы күрөштөр мамлекет жаралган Вавилонияда, Ассирияда, Мисирде башталып эң белгилүүсү биздин заманга чейин байыркы Римде  Спартак баш болгон көтөрүлүш чыккан. Кулчулуктан өтүп феодалдык коомго келсек да кулчулук калган жок. Андан кийин кыргыздар капитализмди, социализмди басып өтүп кайра капитализмге түшкөнбүз. 1956-жылы эле СССРдин курамында туруп, кулчулукка каршы конвенцияга кошулганбыз, СССР тараганда Кыргызстан эгемен өлкө катары 1992-жылы конвенциянын милдеттенмелерин өзүнө алган, эми ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 215

Усубалиев менен Борбордук аянттын жана тарых музейинин кандай байланышы бар?

28-октябрь 2019, 10:22 Темирлан Келдибеков

Жакында эски борбордук аянтка Усубалиевдин аты ыйгарылыптыр. Усубалиевдин бир кылымдык жашоосун барактап, тарых музейинин курулуш тарыхына, аны куруудагы Усубалиевдин эмгегине токтолууну туура көрдүк. Кезинде Ленинге арналып курулган музейдин экспозициясын Кыргызстандын байыркы доордон азыркы мезгилге чейинки тарыхын чагылдырган 100 миңден ашуун экспонаттар бар бул музей акыркы мезгилдерде өрттөнүп, кайра кымбат баада курулуп элдин оозунда турган кези. Кыргызстандын таш доорунан берки ...

0 184

Атамбаевдин “матрёшка” кадрлары качан жоголот?

28-октябрь 2019, 10:51 Темирлан Келдибеков

Атамбаевдин убагында иштеген кадрлардын баарын Атамбаевдики деп айтууга болбойт. Анткени, көпчүлүгү мурун эле иштеп, Атамбаевдин ордунда башка адам президент болсо деле иштей бермек. Атамбаев президент болгону үчүн милдеттүү “матрёшка”, “балашкалары” бар. Атамбаевдин “балашка” министрлери, атка минерлери, депутаттарынын көпчүлүгү “матрёшкадай” окшош: студент, консультант, инспектор, эксперт, референт болуп жүрүп бир күнү жин тийгенсип секирип кетип министр, депутат, зор атка минер боло ...

0 268

Азилньюс: Депутаттар автобуска эл менен түшсөңөр, Камчыбек Жолдошбаев асынып өлүп калат

25-октябрь 2019, 09:10 Темирлан Келдибеков

Автобуска эл менен депутаттар түшсө, уялганынан асынып өлгүсү келген ЖКда Камчыбек Жолдошбаев деген депутат бар. Анын ою боюнча депутаттар кымбат-баалуу иномаркаларда гана жүрүш керек. Бир күнү Камчыкеңдин капчыгында акчасы да жок, тээп жүргөн машинеси да жок, автобуска күнү түшүп калат. - Иним, тыйыным жок, ала кетчи, -дейт. Шопурдун жини келип, Камчыкеңди ашата сөгүп: “Көчүгүңө бир тептирип түшө бер” –дейт. Камчыбек Жолдошбаев көчүгүн тосуп ...

0 192

Алымбек датканын 220 жылдыгы белгиленеби?

24-октябрь 2019, 16:21 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик маанидеги иш-чараларды тиешелүү деӊгээлде өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи. Депутат Марлен Маматалиев кыргыздын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери боюнча мааракелик иш-чараларды өткөрүү боюнча өкмөттүн тиешелүү токтомуна токтолду. Айтымында, 2015-жылда кабыл алынган өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик жана саясый ишмер Алымбек датканын 215 жылдыгы белгиленмек. Бирок шайлоолорго байланыштуу бул иш-чара белгисиз мөөнөткө жылдырылган. ...

0 212

Сайдулла Нышанов “Ата-Мекенди” да, Атамбаевди да саткан, эми кимди сатар экен?

24-октябрь 2019, 15:21 Темирлан Келдибеков

Парламентте Сайдулла Нышанов деген депутат бар. Эл өкүлү деп айткандан дагы уяласың. Нышанов 2010-жылы бензин саткан орундардын баарын күчкө салып “Ата-Мекен” менен бирге ээлеп алган. “Ата-Мекен” лидери Өмүрбек Текебаев камалар менен аны чанып, Текебаевдин душманы Атамбаевге жасакерленип, “Кыргыз эл Баатыры” болсун деген сунушту айтып чыккан. Ал өз капчыгын карап жаңгак тердирип алайын деп бул маселени көтөрүп чыкты. "Жалал-Абад аймагындагы «Дашман» коругунда ...

0 546

Атамбаев өгөй баласына ишенбей, бизнесин Бельяниновго табыштап келгенби?

24-октябрь 2019, 15:14 Темирлан Келдибеков

Камакта жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өмүрлүк жары Раиса Атамбаева Теңизбаевадан кийин анын экинчи никеси экенин элдин баары билет. Ошол эле убакта Алмазбек Атамбаев дагы Раиса айымдын экинчи никеси экенин көп адам биле бербейт. Экс-ханайымдын биринчи никесинен кадыресе каруу-күчкө толуп калган уулу бар экени да белгилүү. Экс-ажонун мурдагы шоопуру Икрам Илмиянов «кожоюнунун» алты жылдык президенттик мөөнөтүндө үлкөн чиновникке ...

0 260

Эми депутат болсоңуз канча сом айлык аласыз?

25-октябрь 2019, 09:53 Темирлан Келдибеков

5 миллион сом менен 9 пайыздык тосмо партияларды ойлондура баштады. Мейли партиялар мамлекеттин эсебине 5 миллион сом төгүшсүн, ал эми партиянын кассасына депутат боло турган адам канча төгүшү керек?  Депутаттардын орточо айлыктарын санап көрсөк, шайлоодо төлөнө турган 350 миң доллар мыйзамдуу түрдө акталбайт экен. Жогорку Кеңештин чыгаан депутаттарынын орточо айлыгы болжол менен 30 миң сом, ага кошумча дагы бир ...

0 200

Президент менен жолугушууларда уктагандар уктап, айтылган сөз айтылган бойдон кала береби?

24-октябрь 2019, 12:34 Темирлан Келдибеков

Президенттин жумушчу иш сапарынын алкагында өтүп жаткан жергиликтүү калк менен жолугушууларында көптөгөн көйгөйлүү маселелер көтөрүлүүдө. Бирок, айтылган сөз айтылган бойдон, берилген убада ошо бойдон унутта калууда. Ал эмес Жалал-Абад облусунун активдери менен жолугушкан убакта, облустун губернатору Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович баш болуп бул жыйынга катышкандар кызуу уйкуга киришкен. Президент Сооронбай Жээнбеков маанилүү маселелер менен сүйлөп жатса, ушул ишти ...

0 398

Атамбаевдин оозуна айланган Мээрбек Мискенбаев «Рубикон» тууралуу эмне деген?

24-октябрь 2019, 11:13 Темирлан Келдибеков

Атамбаев эмне деп буйруса ошону тоту куштай кайталап оозуна айланган  «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлү Мээрбек Мискенбаев деген бар. Акаевдин күйөө баласы Тойгонбаевдин гезиттеги үлүшү сот аркылуу конфискацияланууга тийиш эле. Акаев-Тойгонбаев кланы кезинде «Рубикондун» 50% А.Рябушкин менен аялы Г. Рябушкинадан сатып алганын А.Кимдин жактоочулары ырасташкан. Рябушкиндердин үй-бүлөсү гезиттеги өз үлүшү үчүн 300 миң доллар алган экен. Демек Рябушкиндер энчисин толук ...

0 543

Жаңы түзүлгөн партия “Биримдик” кыргыз элин биримдикке жеткире алабы?

24-октябрь 2019, 09:31 Темирлан Келдибеков

Парламенттик шайлоо алдында бийлик партиясы түзүлөт, бул КСДПны кошпогондо кыргыз элине адат болуп калган. КСДП 1993-жылдын октябрында Жумабек Ибраимов, Абдыганы Эркебаев тарабынан Аскар Акаевге “кол бала” партия катары түзүлгөн. Ал эми Акаевдин үй-бүлөсү түзгөн “Алга, Кыргызстан” 2005-жылдагы парламенттик шайлоо алдында  бир ай калганда түзүлсө, Бакиевдин “Ак Жол” партиясы да 2007-жылдагы парламенттик шайлоо алдында түзүлгөн. Жаңы түзүлгөн партия “Биримдик” шайлоого ...

0 219

Азилньюс: Кыргыз пенсионерлери Лунара Мамытованын үгүтү менен неге чет мамлекетке саякатташпай калышты?

24-октябрь 2019, 08:05 Темирлан Келдибеков

Социалдык өнүгүү боюнча министрдин мурдагы орун басары, «Бир бол» фракциясынын экс-депутаты, сулуулардын сулуусу Лунара Мамытова былтыр пенсияга 200 сом кошулганда  пенсионерлер эми чет мамлекетке барып саякаттап жүргүлө деп, 200 сомду аябай барктаган. Муну уккан Түркия: -Кыргыз пенсионерлери бизге келип күнгө күйүп кеткиле! –дейт имиш. Анда Франция: -Кыргыз пенсионерлери бизге келип сүрөткө түшүп кеткиле!- дейт. Канар аралдары: -Кыргыз пенсионерлери бизге келип ...

0 316

“Доңуздай далыдан билип” доңуздарды колдоого алыш керекпи?

23-октябрь 2019, 15:59 Темирлан Келдибеков

Ушу тапта коруктардын жетекчилиги жердин баарын коруп алып, жергиликтүү тургундарды ал жерге киргизбей жатат. Ал эми корук башчылары туристтер менен аңчылыктан түшкөн каражатты өздөрү каалагандай пайдаланууда. Кыскасы, мамлекетке жарытылуу каражат түшпөй калды. Доӊуздарды атууга тыюу салуу маселеси парламентте көтөрүлдү. Депутат Тынчтык Шайназаров мыйзам долбоору кырктан ашуун депутаттын демилгеси менен сунушталып жатканын эске салып, эгер Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба ...

0 602

Карфаген менен жашташ Ошту ала топучан «гангстерлер» таш-талканын чыгаргысы келген

23-октябрь 2019, 15:30 Темирлан Келдибеков

(Уландысы) Ошко кыргыздар 60-жылдардан кийин гана бара баштаптыр деген жомок. Каталониядагы сепаратисттерден улам Кыргызстандагы сепаратисттерди салыштырып жатабыз.   Байыркы римдик саясий ишмер Марк Порций Катон (Улуу) (б.з.ч 234-149-жж жашаган) Римдин сенатында ар бир сүйлөгөн сөзүн: «Карфагенди күм-жам кылыш керек» -деп аяктоочу экен. Анын көзү өтөөр менен римдик аскер башчы Сципион (Кенже) (б.з.ч 185-129 жж жашаган) б.з.ч. 149-жылы Карфагенди жер менен ...

0 305

Өзбекстанга өтүп жаткан фураларды текшерүүгө президенттин эжеси тыюу салган

23-октябрь 2019, 14:16 Темирлан Келдибеков

Борбор Азияда бир караандар жүрөт. Өзбекстанга өтүп бараткан жана кайра келаткан автомобилдер “текшерүүгө тыюу салынган” деген президенттин эжеси Гүлнабат Довлетова кол койгон белгини тагып алып жүрүшөт. Бул кол койгон белгиде президенттин эжеси жетектеген Кызыл Жарым ай Улуттук коомунун мөөрү басылып турат. Арийне, бул фуралардын бул коомго тиешеси жок экенин маалыматтарда айтылып жатат. Төрт оор жүк тарткан автомобилдер Өзбекстан менен ...

0 282

Министрлик бөлгөн 7 сомго окуучуларга кандай ысык тамак келиши мүмкүн?

23-октябрь 2019, 12:56 Темирлан Келдибеков

Билим берүү министри Каныбек Исаков ата-энелерден акча чогултпоо тууралуу буйрук чыгарган. Бул мактай турган  жакшы көрүнүш, чындыгы билим берүү акысыз болгон соң ата-энелерден акча чогултпоо керек. Бүгүн болсо министр Каныбек Исаков окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоорун колдой баштады. Мыйзам долбоорунда ата-энелердин чөнтөгүнө кайрадан кол сала турган жоболор бар, азыр аны мыйзамдаштыргысы келип жатат. ...

0 422

Парламенттик шайлоо алдында кээ бирөөнө кылмыш иштери жаңырышы мүмкүн

23-октябрь 2019, 11:49 Темирлан Келдибеков

2015-жылы боло турган шайлоодо алдыда келиши же өтпөй калышы мүмкүн лидерлер кимдер: Алмазбек Атамбаев, КСДПнын лидери: 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 432 миң 846 добуш же 27,56 пайыз менен 38 мандат алып биринчи орунда келген. Бул шайлоо алдында КСДП экиге бөлүнүп кетти. КСДПнын бир жагынын лидери Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн кылмыш иштери козголуп жатат жана жоопкерчиликтен кутулуп кетиши күмөн. Дагы бир КСДПнын лидери Сагынбек ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 388

Кубанычбек Жумалиев Транспорт министрлигинин имаратын менчикке чыгарып, ай сайын долларларды саап турат

23-октябрь 2019, 10:35 Темирлан Келдибеков

 Үзөңгү- Куушту кытайлыктарга берүүдө көптөгөн “үрүп чыккан итинен” башка ырыстуу эч нерсеси жок атка минерлер, депутаттар чириген байларга айланышкан. Кытай атка минерлер менен депутаттарды валютага сатып алышып, Үзөңгү- Куушту  өзүнө алган. Алсак, мамлекеттин балансында турган Транспорт министрлиги жайгашкан имарат ошол кездеги министр Кубанычбек Жумалиевдин менчигине айланган. Эми мамлекет ошол министрлик жайгашкан имарат үчүн Жумалиевге ижара төлөп турганы айтылууда. Бишкек мэриясынын айланасындагы ...

0 229

Күрддөргө каршы 6 күн ок атылбай турган болду

23-октябрь 2019, 10:00 Темирлан Келдибеков

Дүйнөлүк оор кырдаалдарды түзгөн Түркиянын чек арасындагы курч абал,  Сириянын түндүк-чыгышындагы күрд кошуундарына каршы “Тынчтык булагы” операциясы 9-октябрда башталган. Анкара бул операция аркылуу Сириянын түрк чегине жакын аймагында коопсуз тилке түзүүнү, ал жерге өз аймагындагы сириялык эки миллион качкынды жайгаштырууну көздөөрүн билдирген. Бирок АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Анкаранын аракетин кескин айыпташкан. Эрдоган да АКШга жана Европага жооп ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83