www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Темирлан Келдибеков

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (233)

0 1210

Турдакун Усубалиев эмнеге өз жашын жашартып алган?

14-октябрь 2019, 12:09 Темирлан Келдибеков

Усубалиев 1916-жылдын аягында  1917-жылдын башында  кыргыздар Кытайга үркүп барган мезгилде Сабитахун деген уйгурдун үйүндө туулуптур дешет. Ошондуктан, анын аты Турдакун деп коюшса керек. Кээ бирөөлөр айткандай ал уйгур эмес, Калыгул Бай уулунун небересинин небереси. Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары болсо да “өз көлөкөсүнөн өзү коркуп”, бабасы Калыгулдун “Замана” тууралуу жазгандарын чыгаргандан корккон. Михаил Горбачев  кайра куруу желаргысын алып келгенде да ...

0 675

ТЭЦ кайрадан коррупциянын тушоосуна чалынды

14-октябрь 2019, 09:21 Темирлан Келдибеков

Атамбаев президент болуп жаткан учурда Казакстандан химиялык заттар менен ууланган көмүрлөрдү Кыргызстанды көздөй ташып уят болгонбуз. Бишкек ТЭЦине жалпы керектөө 1 млн 140 миң тонна, учурда Бишкек жылуулук электр борборуна 193 миң тоннадан ашыгыраак таш көмүр келип түштү. Ал тапта көмүр ташуудагы коррупциялык схема жоюлбай жатат деген сындар айтылууда. 400 миң тонна Д маркасындагы көмүр Казакстандан алынат. Калган ...

0 259

Азилньюс: Асан кайгы бүгүн жашаса клан, коррупция, Көк үй, Ак үйгө боор ооруп ыйламак беле?

14-октябрь 2019, 07:55 Темирлан Келдибеков

Куйругу жок, жалы жок, кумда туулуп, чөлдө өскөн, Кулан байкуш кантти экен? Элди эзип, өзү ток, валютасы күндө өскөн, Клан байкуш кантти экен? Чымчып алар жүнү жок, чыңырарга үнү жок, Боорунда буту жок, жылан байкуш кантти экен? Кылган камы жок, алган даны жок, Баккан малы жок, мал багарга алы жок, Көзү башын көгөртүп, көгөн байкуш кантти экен? Айткан кеби көп, заказ берген шефи көп, Будуң-чаңды чыгарган, ОБОН байкуш кантти экен? Таразасын ...

0 225

Адал эт паркын түзүүгө Ислам өнүктүрүү банкы 380 миӊ доллар багыттайт

11-октябрь 2019, 15:50 Темирлан Келдибеков

Бүгүнкү күндө мал союу жайларын түзүү же иштеп жаткандарын модернизациялоо жана аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарылчылыгы бар. Ушул багыттарда Ислам өнүктүрүү банкы менен заманбап адал эт паркын куруу боюнча долбоорго техникалык-экономикалык негиздемени биргеликте иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетишилген. Адал стандарты азык-түлүктүн башка түрлөрүнө да жайылтылмакчы. Жогорку Кеӊеш жыйынында 2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы ...

0 991

Акча үчүн элин да, жерин да сатып ийүүгө даяр депутаттарга Омар Хайямдын айткандары

11-октябрь 2019, 15:23 Темирлан Келдибеков

Оо, депутат! Адам жыргар үзүмүн, Ач көздөргө  барын берип бүтүрдүң. Калктын көбү үзүм нанга кор болсо, Калыстыкка анда жаба түкүрдүм.   Мергенчилер ууга капкан салгандай, Ал капканга өзү түшүп калгандай. Революция алып келген ЖКда Түлкү жүрөт, чөөлөр жүрөт ар кандай.   Эл-журтту акча менен алдап эшек, Тамакты ресторанда тандап жешет. Эшекче сүйлөшпөсө алар менен, Колумда турат менин мандат дешет.

0 260

Түркия күрддөргө каршы согушту улантууда

11-октябрь 2019, 14:15 Темирлан Келдибеков

Түркия Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы чабуул баштаган. Бир катар мамлекеттер Анкаранын бул кадамын айыптап жатышат. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк аскерлеринин Сириянын түндүгүндөгү жортуулу тууралуу Европа Биримдигинин жана араб өлкөлөрүнүн дооматына жооп кайтарды. Эрдоган телекайрылуусунда эгер алар Анкаранын күрддөргө каршы чабуулун «мыйзамсыз бастырып кирүү» деп расмий тааный турган болсо Европа Биримдигиндеги өлкөлөр менен чек арасын ачып саларын, ...

0 206

Кен боюнча лицензиялардан миллионер болгон Кожобек Рыспаев жаңы бийлик учурунда тыюу сала баштады

11-октябрь 2019, 13:14 Темирлан Келдибеков

Мыйзам долбоору боюнча тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтканына караганда уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары, сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат. Талкууда өлкө аймагында уулуу калдыктар сакталган 92 жай бар экени, аларда жалпысы 300 миллион тоннадан ашык калдык бар экени такталды. Депутат Улукбек Ормонов уран, торий кендерин казууга ...

0 989

Атамбаев кайрадан президент болсо Бабановду “жөжөдөй” бырпыратып запкы көрсөтөрү бышык

11-октябрь 2019, 11:41 Темирлан Келдибеков

Атамбаев абисин Бабанов сагынып калгандай. Өмүрбек үкасы менен кошо Өмүрбек акасы да Атамбаев соттогонуна карабай кусалыгы артып жаткандай. Баштан өтпөдүбү, Атамбаев кайрадан президент болсо Бабановду “жөжөдөй” бырпыратып баса калып жалмалап, Текебаевге дагы бир Маевскийди таап келип түрмөнүн түбүнө чиритер. “Жалын күйүп чок болоор, “жөжө” өсүп “тоок” болоор” Атамбаев убагында “жөжө” Бабанов Москвага барып өсүп жетилгендей. Бабановдун “кол баласы” Руслан Казакбаевдин ...

0 194

Париж макулдашуусуна Кыргызстан кошулса 9 млн 600 миң доллар өлчөмүндө каражат келет

11-октябрь 2019, 10:24 Темирлан Келдибеков

Климаттык өзгөрүүлөр боюнча Париж макулдашуусуна Кыргызстан да кошулат. Токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, бул келишимдин алкагында акчалай жана техникалык жардам берилет экен. Келишим алкагында 9 млн 600  миң доллар өлчөмүндө каражат бөлүнгөн, анын ичинде, 8 млн доллар Баткен жана Нарын облустарын сугат суу жана алтернативдүү энергия булагы менен камсыз кылуу багытында жумшалат. Ал эми калган каражатка абанын сапатына ...

0 506

Кыргыздар 7-0 эсебинде атаандаштарынын таш-талканын чыгарды, аттиң Бразилияны, Германияны, Францияны да ушул эсеп менен утса

11-октябрь 2019, 08:49 Темирлан Келдибеков

Кыргыз футболчулары 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешти. 2019-жылдын 10-октябрында болгон бул оюнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманын курама командасына жети топ киргизди. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. Кыргыздардын бул жеңиши кыргыз элин жеңишке шыктандырып койду. Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. «Ак шумкарлар» алгачкы беттешинде ...

0 662

Азилньюс: 23 жаштагы студент чалыш  мугалимге наам алып берген министр Каныбек Исаковго

11-октябрь 2019, 08:29 Темирлан Келдибеков

Мектепти  агайлардан алып берип, Этектеп эжейлерге салып бердик. Эжейсиз иштер бүтпөй мектепте эч, Эркектер иштеп калды барып келип.   Этектүү көйнөк кийген ак жоолукчан, Эжейлер мектептерге толуп алган. Агайлар алар менен жүрө берип, Калпакчан «эжей» атка конуп алган.   «Калпакчан эжей» атка конуп алып, Калп эле эжейлердей болуп алып. Агайлар аял сымаал жүрө берет, Кез-кезде жүз граммдан согуп алып.

0 149

Браконьерлердин бырын-чырынын чыгарган депутаттар

10-октябрь 2019, 16:03 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеӊеште курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Жыргалбек Турускулов менен Бактыбек Турусбеков. Депутат Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып ...

0 462

2020-жылдагы шайлоодо депутаттын наркы канча болот?

10-октябрь 2019, 15:04 Темирлан Келдибеков

Парламенттик шайлоодо мөөрөй талашуу үчүн жаңы түзүлө турган партия, СДПК, «Ата-Мекен», Бабановдон «Республика», Ташиевден «Ата-Журт» жана башка партиялар болушу күтүлөт.  2020-жылы парламенттик шайлоодо «Ата-Журт» партиясы өз алдынча аттана турганы расмий жарыяланды. Буга чейин ал Ош шаарынын шайлоосуна тырбалаңдап жалгыз аттанган. Мурунку 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жарым миллиард доллар акчасын партиянын өтүшү үчүн бергендер алдыга умтулган партияда тизменин алдына жазылышар. Эмки ...

0 405

Трайбалисттик сезимдери кала элек кыргыздар, шайлоону көздөй алга!

10-октябрь 2019, 14:07 Темирлан Келдибеков

Президентке шайлоо десе кырк уруулуу кыргыздан сексен адам так талашка аттанат.Мындайча айтканда ар бир уруудан экиден адам. Жетер жерине бир гана адам жетчү бул таймашууда жыгылгандар да көп. Парламенттик шайлоодо жапа тырмак аттанабыз, арийне шайланган соң сөгүп калабыз.                             1 Адигине, Тагайдан, Артык элең далайдан Өрөөндү кармап өкүртө, Өктөмдөр чыккан Алайдан.

0 202

Депутат Ормонов элди ойлоп, МАИ тараптан айып пулдардын өлчөмүн азайтуу демилгесин көтөрдү

10-октябрь 2019, 11:53 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген кодексти өркүндөтүү жана бузуулардын айрым категориялары үчүн айып пулдардын окшош өлчөмдөрүн белгилөө максатында иштелип чыккан “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, мыйзам долбоору айып пулдардын өлчөмүн азайтууга багытталган. “Кодекстин 123-беренесинде адилеттик принциби сакталган эмес. Алсак айдоочу тарабынан ...

0 275

Кекиртеги кернейдей кенен Кененбаев кененчиликти тарытып баратат

10-октябрь 2019, 13:04 Темирлан Келдибеков

Куда - сөөктөрдүн алдыңкы сабында, кимдир бирөөлөргө кайни болуп бараткан Алмаз Кененбаев деген президенттик аппараттын жетекчисинин орунбасары бар. Кененбаев бул мансапка келгени кыргыздар оңуп деле кеткен жок. Митаам Кененбаев СДПКга кирип, анын каймагын калпып жеп, Бишкек шаардык Кеңешинин СДПК фракциясын жетектеп калган. Анын Максим Бакиевдин кайын-журту жана Роза Отунбаеванын кудасы  Кененбаевдерге тиешеси барбы, жокпу белгисиз, бирок аккан суусу өйдө ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 355

Атамбаевдин атын түбөлүккө калтыргысы келген, ау, Кубанычбек Жумалиев кайдасыз?

10-октябрь 2019, 13:05 Темирлан Келдибеков

Акаевдин өкмөт башчысы, учурдагы «Бир бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев Атамбаевдин атын түбөлүккө калтыргысы келип, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна койгусу келген. Эми Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңеши Тажикстандын айылдарын айланып өтүүчү Көк-Таш — Ак-Сай – Рават жолуна Жеңиш Разаковдун ысымын ыйгарууну сунуштап жатат. Жеңиш Парпиевич мүмкүн Тажик - Кыргыз чек арасы үчүн канын-жанын аябай жүргөнү үчүн ...

0 750

Азилньюс: Мухаммедкалый Абылгазиевди башка мамлекетте эмне деп тергешет?

10-октябрь 2019, 08:33 Темирлан Келдибеков

Аравияда- шейх аль-Мухаммед ибн Дюйше эль-Абихрейн. Австрияда- Мух Себастьян Абенбах; Англияда- сэр Мук Амбе Тика Абэ; Арменияда - ара Мухян Цокотурян; Азербайжанда- Мухаммед Али оглы; АКШда – Мухаммедональд Атрамп; Бельгияда - Муриль де Абикальде; Бразилияда- Муруиз Родригес Франсиско Дюйшеке Абылкас де ля Санта Мария; Германияда- хер Магомет фон Адольф Муклер; Грузияда - бижо Мухаил Аакашвили; Индияда- Андира Манди; Иракта- ...

0 190

Парламент депутаттары да дүйнөлүк чемпионатка катышат

09-октябрь 2019, 16:56 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге алды.«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, депутат 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Биринчи айлампада Икрамов венгриялык Золтан Шоллени, андан кийин финляндиялык Раймо Лехтону утуп алган. Жарым финалда ирандык спортчу Азад Алимозаммадпурудан жеңилип, үчүнчү орун үчүн ...

0 898

Атамбаевдин балдары тендерлерди дайыма утуп, электрди тейлешчү, эмичи?

09-октябрь 2019, 17:00 Темирлан Келдибеков

Атамбаев дайыма жаш кыздарды Башкы прокурор жана башка жооптуу иштерге кое турган. Ушул күндөрү Атамбаевдин сулуулары тергөөгө чакырылып, жооп берип жатышат, бирок сулуулар мыкты экен, «сынган жок». Ал эми Атамбаев жерге сууга тийгизбей мактап жүргөн «Баатырлары» четинен «сынып» Атамбаевге каршы көрсөтмөлөрдү бере баштады. Президент учурунда өз балдарын бийликке жакын жолотпогону менен электрден бекер түшкөн миллиондор капчыктарына түшүп турчу. Өкмөт тендерлерди ...

0 274

“Ата-Мекен” партиясы эмнеге кылмыштуу топтун мүчөлөрүн колдоп келишкен?

09-октябрь 2019, 13:43 Темирлан Келдибеков

Ички иштер министрлигинин «черный списогунда» Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган. Ал атагы алыска кеткен «Ата Мекен» фракциясынан Каракѳл шаарына депутат болгон. Криминалдарга каршы күрөштүн анабашы фракция лидери Өмүрбек Текебаев бир убакта алдым-жуттум министр Равшан Сабировду тангандай эле, Арзымбаев эчак эле депутаттык мандатынан ажыратылганын билдирип жүрөт. Бирок буларды эч качан кошпош керек ...

0 1938

 2023-жылы Кыргызстанга ким президент болот?

09-октябрь 2019, 13:18 Темирлан Келдибеков

Президенттик шайлоого дагы төрт жылдык мөөнөт бар. Бирок, эмитен эле кээ бир саясатчылар стратегия-максимумду түзүшүп президенттик шайлоону утурлап чамына баштады. Албетте, ага чейин стратегия-минимум парламенттик шайлоодо жеңиш керек. Алдыны утурлай 2023-жылы ким президент болоруна саресеп салып көрөлү... Замана кандай кары, кандай керең, Закымдап учкан сайын түбү терең. Кыргызстан өлкөсүнө ажо издеп, Куйручук сынчы элге келет экен.   Кыргызды кыңк эткизбей башкарууга, Баш болуп Кыргызстанга жаш, карыга. Ишенген өз ...

0 584

“Азаттыктын” Прагадагы мурунку жетекчиси Венера Жуматаева жумушу жок кала тургандай

09-октябрь 2019, 15:54 Темирлан Келдибеков

Венера Жуматаева чындыгында кыргыздын таланттуу кыздарынын бири. Ал учурунда “Азаттыктын” Прагадагы жетекчилигин мойнуна алган. Ишкерчилик, айрыкча өз капчыгы үчүн бизнес жана талант жагынан ага анча-мынча адам тең келчү эмес. Арийне, ар бир адамда кемчилик болгондой эле Венера Жуматаевада да билинбеген кемчиликтер болгон: Венера Жуматаева көлдүк сарбагыштын кызы. Ал трайбалисттик көз карашка абдан сугарылган, ошондуктан ал Прагада “Азаттыкты” ...

0 748

Чет элден келишип, акча төгүмүш болуп, биздин кийиктерди кырып кетип жатышат

09-октябрь 2019, 09:33 Темирлан Келдибеков

Кээ бир кыргыздарга эмне эптеп капчыктарына акча түшсө болду, анча-мынча акча төгүп чет элдиктер каалашынча оюнга батып биздин кийиктерди кырып кетип жатышат. Жакында депутат Байпакбаев ушуларга мораторий жасайлы деп туура демилге көтөрдү. Кийикти сактап, атууга кумарпоздордун мылтыгын чынжырлап койсо. Нарын, Кѳлдʏн жергиликтʏʏ калктары кийикке виза алышып, вертолет менен кыргандардан тажап бʏтʏштʏ. Учурда  Нарын облусу 24, Ысык-Көл облусу 18 аңчылык жайларына ...

0 345

Азилньюс: Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» бүгүнкү парламентте барбы?

09-октябрь 2019, 08:55 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеңештин депутаты, “Улуттар биримдиги” партиясынын ардактуу мүчөсү Искандербек Гаипкулов көрөр көзүнө: - Карасаң, карасаң, телевизордон баягы эле бизди - парламенттин сенаторлорун көрсөтүп жатат, - дейт сыймыктана. - Кайдагы телевизор? - дейт экен көрөр көзү. - Жакшылап карасаң боло, ал деген күзгү... Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

0 475

Күрддөр эмнеге Түркиянын душманына айланган?

08-октябрь 2019, 16:02 Темирлан Келдибеков

Түркия Күрддөрдүн элдик кошуунун (YPG) чек ара аймагынан сүрүп чыгаруу долбоорун көп жылдан бери ачык айтып келүүдө. Анкара YPG тобун Күрд жумушчулар партиясынын (PKK) бир бөлүгү катары санайт. PKK Түркия аймагында автономия үчүн отуз жыл күрөшкөн. Анкара бул топту террордук уюмдардын катарына киргизген. YPG Сириянын демократиялык күчтөрү менен бирге өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко каршы ...

0 283

444 млн. долларлык Бишкек метросу качан курулат?

08-октябрь 2019, 16:33 Темирлан Келдибеков

Бишкек шаарынын калкы 1991-жылы 625 миӊ адам болсо, азыркы кʏндѳ 950 миӊден ашуунга ѳскѳн. Бул «пропискеси» жокторду эсептебегенде. Бишкекте жашап, бирок паспортторунда башка жерде катталгандарды жана утурумдуу мейманчылап келгендерди кошкондо  миллиондон эбакта ашып кеткен. Алдын-ала маалымат боюнча 2025-жылы 1 млн 200 миӊ болушу да кʏтʏлѳт. Шаар калкынын ѳсʏшʏ жана унаалардын кѳбѳйʏшʏнѳ байланыштуу Бишкек мэриясы менен шаардык кеӊеши тарабынан метро ...

0 242

Бишкек ТЭЦине кайрадан коррупциялык схема менен көмүрлөр келе баштадыбы?

08-октябрь 2019, 14:43 Темирлан Келдибеков

Бишкек ТЭЦине жалпы керектөө 1 млн 140 миң тонна, учурда Бишкек жылуулук электр борборуна 193 миң тоннадан ашыгыраак таш көмүр келип түштү. Ал тапта көмүр ташуудагы коррупциялык схема жоюлбай жатат деген сындар айтылууда. 400 миң тонна Д маркасындагы көмүр Казакстандан алынат. Калган 680 миң тонна Кара-Кечедөн, Таш-Көмүрдөн 60 миң тонна келет. ТЭЦке Кара-Кечеден 177 миң тоннасы жетти. Казакстандан ...

0 8523

Кыргыз кѳр тʏбʏндѳ да кыргыз, Орусияда байыркы кыргыздардын сөөгү табылды

08-октябрь 2019, 16:15 Темирлан Келдибеков

Красноярск крайында же кыргызча Кызыл-Жарда Ижим дарыясынын жээгиндеги ѳрѳѳндѳ археологиялык казылуулардан улам, толук темир-зоот кийим-кечеси менен X-XII кылымдагы кѳчмѳн кыргыздын сѳѳгʏ табылды. Ошол мезгилде кыргыздар Азияны чарк айланып Улуу кыргыз империясын түптөп турган. Мындай көрүстөндөр орус археологдору ʏчʏн да сейрек табыла турган нерсе. Булардын бардыгы байыркы заманда кѳмʏлгѳнʏн ИТАР-ТАССка Орус Академиясынын материалдык маданият тарыхы институтунун директору Наталья Соловьева билдирген. ...

0 695

Атамбаев Батукаевдин иши боюнча канча жылга кесилип кетиши ыктымал?

09-октябрь 2019, 15:55 Темирлан Келдибеков

Эл оозунда айтылган кеп боюнча Алмазбек Атамбаев 10 жылдан 20 жылга чейин камалып кетиши мүмкүн. Батукаевдин иши боюнча ачылган кылмыш иштери алты жыл кеч болсо да тамам болуп баратат. Батукаевдин иши боюнча 19 адамга кылмыш козголуп 27-сентябрда Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген. Бул иш боюнча кылмыш иши жүрөктү солкулдаткан чоң мансаптагы адамдарга козголгон: Атамбаев Алмазбек - ал кезде Кыргыз Республикасынын ...

0 921

Азилньюс: Капыстан Атамбаев парламентке кирип келсе, депутаттардын жүрөктөрү оозуна тыгылыптыр

08-октябрь 2019, 09:02 Темирлан Келдибеков

Капыстан эле Жогорку Кеңештин жыйындар залында Алмазбек Атамбаев пайда болуп, трибунага чыгып келет. Депутаттар нес болуп таңыркап карап калышат. -Биринчи маселе, - дейт Алмазбек Атамбаев, - менин бийлигим мыйзамдуу деп табылсын. Залда отурган депутаттар шатырата кол чаап жиберишет. -Экинчи маселе, - дейт Алмазбек Атамбаев, - СДПК партиясынын мүчөлөрү, бүгүндөн баштап баш кошолу. Залда дүркүрөгөн кол чабуулар. -Үчүнчү маселе, - дейт Алмазбек ...

0 214

Азимбек Бекназаров каякка барат: Оңгобу же солгобу?

07-октябрь 2019, 16:14 Темирлан Келдибеков

Көктөмдө Азимбек Бекназаров маек берип жатып: ”Эгер азыркы бийлик күзгө чейин ишинен жыйынтык чыгарбаса, анда биз бийликке каршы чыгабыз” – дегени бар. “Жөжөнү күзүндө сана” – дегендей күз деле кирип келди. Мугалимдердин маянасы көтөрүлгөндөн башка  элдин жашоо-турмушу оңуп деле кеткен жок. Баса, мугалимдердин айлык акысын көтөрүп беребиз деп президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында элге жарыя кылган. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 633

Алтын балык же кара-кулжалыктын таз күйөө баласы жөнүндө жаңы стилде жомок

07-октябрь 2019, 15:19 Темирлан Келдибеков

БЧКнын боюнда, Бишкек шаардын койнунда. Акысын төлөп кепеде, Жылдызы жанган чекеде. Жашоочу экен жеке таз, Кара-Кулжадан экен жубай шак, Талгак болуп балыкка, Таап кел деп аны кубалайт. Базарга барып алалбай, Балыкты издеп таба албай, БЧКга жөнөйт дейт, Кайырмак, торун кармалай. БЧКга барыптыр, Кайырмагын салыптыр. Калчылдап абдан үшүптүр, Караса алтын балык түшүптүр. Алтын балык кеп айтат,

0 385

Атамбаев президент кезинде “Москва жаңырыгы“ үналгысынан “Манас орусиялык” деп айткан, ким каршы чыкты эле?

07-октябрь 2019, 14:36 Темирлан Келдибеков

Атамбаевдин “Манас орусиялык” деген сөзү майдай жаккан, орустун илимпоз тарыхчылары Астай Бутанаев (орусча Виктор Яковлевич) жана Юлий Сергеевич Худяков деген тарыхчылары бар.  “Улуу урматтуу Атамбаевдин ата-теги” деген тарыхий-монографиялык китептин автору “Дедкасым” бул китеби үчүн автор Кыяз Молдокасымов  “Манас” орденине татыктуу болуп, аз жерден “Эл Баатырын” албай калган. “Мурас” фонду менен биргеликте ал Бутанаев менен Худяковду Кыргызстанга келсе ...

0 975

Кара-Кулжанын каракөз кыздарынын калыңы ээ-жаа бербей асмандап кетти

07-октябрь 2019, 13:59 Темирлан Келдибеков

Кыргызда кызык, ким мамлекет башчысы болсо эле, ошонун айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн калыңы атырылган боюнча эле көбөйүп кетет. Бир учурда Кыргызстанды Аскар Акаев башкарган, анын жубайы элге даңазалуу “канайым” Майрам Дүйшөновна туулган таластыктардын калыңы кунга бергис көтөрүлүп, ал эмес Өмүрбек Бабанов сыяктуу жигиттери да бизнесмендерди бүгүлтө жыгып чалчаңдап калган. Атамбаевдин эки жубайы бар. Биринчиси, ал Атамбаевди  чандыбы же Атамбаев аны чандыбы ким ...

1 25365

Министр Каныбек Исаковдун жакыны 23 жашар мугалим “Билим берүү отличнигин” алды

07-октябрь 2019, 10:51 Темирлан Келдибеков

“Билим берүү отличнигин” ким алат? СССРден келаткан мыйзамдар боюнча “Билим берүү отличнигин” алуу үчүн кеминде 15 жыл педагогикалык тажрыйбасы болуш керек, андан соң, албетте, “Билим берүү отличнигине” татыган адам бир мектептин көркү болуп жакшы иштеп, башкаларга үлгү болуш керек. Ал эми Билим жана илим министри Каныбек Исаков бул кызматка келер менен жакын жердеши, Ош шаарындагы Нышанов атындагы № 50 ...

0 750

Азилньюс: Парламентти президенттин «көлөкөсү» башкара алаарын Дастан Жумабеков  далилдеп жатат

07-октябрь 2019, 10:52 Темирлан Келдибеков

Парламентти жалпы эл башкара алаарын Төрөбай Кулатов далилдеди, Парламентти чабан деле  башкара алаарын Таштанбек Акматов далилдеди, Парламентти депутаттар башкара алаарын Медеткан Шеримкулов далилдеди, Парламентти канайым башкара алаарын  Абдыганы Эркебаев далилдеди. Парламентти оппозиция башкара алаарын Өмүрбек Текебаев далилдеди, Парламентти «сөөмөй» менен башкара алаарын Адахам Мадумаров далилдеди. Парламентти эч ким башкарбай койсо болоорун Айтибай Тагаев далилдеди. Парламентти жалгыз партия башкара алаарын ...

0 146

 Бүгүнкү дүйнөлүк кырдаалдын Кыргызстанга тиешеси барбы?

04-октябрь 2019, 15:00 Темирлан Келдибеков

Акыркы мезгилде болуп жаткан дүйнөлүк кырдаал коомчулуктун аштоосуна жем таштап койгондой. Нью-Йоркто болгон Бириккен Улуттар Уюмунун Ассамблеясында АКШтын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ортосунда сүйлөшүүлөр жабык эшиктин артында болгондуктан көпчүлүктүн кызыгуусун туудурду. Булардын мурунку телефон менен сүйлөшүүлөрү да коомчулукта кеңири жайылып, анда өзүнүн жакын кызматкери Байдендин Украинада жогорку кызматта иштеп жаткан уулу тууралуу кеп болгону ачыкталып, ...

0 318

Коррупционерлердин Кыргызстандагы ставкалары канча?

04-октябрь 2019, 14:14 Темирлан Келдибеков

Орустар Сочи шаарында болуп өткөн юмористтер кечесинде “Коррупция жок болуп кетсе, коррупционерлер ачка калбайбы” –деп тамашалап жатышат. Биздин Кыргызстандагы КОРРУПЦИОНЕРЛЕРДИН СТАВКАЛАРЫ боюнча саясат жаатында жакшы пикирлерин айта калчу Дамира Токтосунова ушундай ой-пикирин айтыптыр, бир-аз алымча-кошумча комментарийлеп көрөлү: 1 . АК ҮЙДӨ , ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТТА - 1млн. $ - 1 млрд. $ чейин ; Масалиев заманында коррупция ...

0 467

СДПКнын бырын-чырыны чыгып баратат, парламенттик шайлоого чейин эмне болор экен?

04-октябрь 2019, 13:44 Темирлан Келдибеков

Атамбаев деле кимдир бирөөлөрдү сыйлаганга жакшы адам болгон. Атамбаевдин жана жубайы Раиса Минахмедовнанын колунан дайыма сый тамак ичип, айылдык депутат болуп жүрүп Чүйгө губернатор болгон, андан 30 миллион долларды “омийн” кылган “Кыргызалтынга” барган эргул Абдырахманов болгон. Сооронбай Жээнбековду СДПК президентке талапкер кылганда каршы чыккан да ушул. Адамдар ортосунда от жагуу илимин Кыргызстанда жок деп айтууга болбойт. От жагуу «илиминин доктору», ...

0 367

Кыргыз эсепчилери октябрь айын кандай мүнөздөгөн?

04-октябрь 2019, 11:01 Темирлан Келдибеков

Байыркы кыргыздар тойду качан өткөзүү жагын да Эсенбай сыяктуу эсепчилерден сурап тактап алышкан. Тогоол – үркөрдүн ай менен тоголушун, айдын анык кайсы ай экенин билмекке колдонушкан. Ата-бабаларыбыз Үркөр топ жылдызынын көзгө көрүнгөн кээ бир белгилерине өзгөчө маани берип келишкен, “урпактар унутпасын, тогоол күнү жагымсыз, ашуу ашпайт, ууга чыкпайт, той-томолок өткөрбөйт, деги эле жандуунун бардыгына жагымсыз үч күн созулат” дешкен. Тогоол ...

0 1144

Кыргыз жерин Тажикстанга өз кызыкчылыгы үчүн берген Аскарбек Шадиев изделип жатат

04-октябрь 2019, 09:56 Темирлан Келдибеков

Атамбаевдин "ардактуу" вице-премьери, Кыргызстандын 104 гектар жерин Тажикстанга берип койгондо чечүүчү ролду ойногон Аскарбек Шадиевге эл аралык издөө жарыяланган жана кылмыш ишинин алкагында иштер жүрүп жатат. Башкы прокуратурада Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин жүргөн жери тууралуу так, документтер менен тастыкталган маалымат жок. УКМКнын маалыматына караганда, ал Америка Кошмо Штаттарында жашырынып жүрөт. Башкы көзөмөл органы расмий түрдө ушундай жооп ...

0 799

Азилньюс: Бабанов президент болуп калса Кыргызстанды Жерүйгө кошуп башка кендерди берип, геологиялык эксперимент катары башкармак беле?

04-октябрь 2019, 08:02 Темирлан Келдибеков

Мамлекетти голографияны бекем үйрөнүп, илимий эксперимент катары башкара алаарын Аскар Акаев далилдеди; Мамлекетти Камбар-Ата ГЭСин куруп, экономикалык эксперимент катары башкара алаарын Курманбек Бакиев далилдеди; Мамлекетти чек араларды жаап коюп, дипломатиялык эксперимент катары башкара алаарын Роза Отунбаева далилдеди; Мамлекетти Кытайдан карзы алып, коррупциялык эксперимент катары башкара алаарын Алмазбек Атамбаев далилдеди; Мамлекетти мугалимдердин айлыгын көтөрүп, педагогикалык эксперимент катары башкара алаарын Акматбек Келдибеков далилдеди. мамлекетти башкара алаарын ...

0 73

“Контейнер мектеп” -  “клуб”-мектепке айланды

03-октябрь 2019, 15:12 Темирлан Келдибеков

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектепте окуп жаткан окуучулар бүгүнтөн баштап жергиликтүү клубдун имаратында окуй башташты. Бул тууралуу  3-октябрда Дөбөлү айыл аймагынын башчысы Уланбек Алсеитов кабарлады. Анын айтымында, клубда төрт класс жасалып, окуучулар кезектешип эки маал окуп жатышат. Жылуулук системасына жана башка иштерге мамлекеттик бюджеттен 958 миң сом бөлүнгөн. Бул иштерди тендерден уткан компания 820 миң сомго жасап берген.

0 292

“Манас” орденин С.Исаков, Ф.Ниязов алышты, “Манасты” көтөргөн К.Самаков камалды, эми У.Ормонов "Манасты" көтөрө баштады

03-октябрь 2019, 14:10 Темирлан Келдибеков

 “Манас” эпосун кытайлык кыргыздарга таянып 2009-жылы Кытай Эл Республикасы ЮНЕСКОдогу баалуулуктар мурасына киргизип алган. Көп өтпөй кыргыз инсаны, ал кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков “Манас” үчилтигин ЮНЕСКОнун баалуулуктар тизмесине каттатып, 2013-жылдан баштап 4-декабрь –эл аралык Манас күнү аталган. Натыйжасы эмне болду "Манас” орденин Сапар Исаков менен Фарид Ниязов алышты, “Манасты” көтөргөн, ЮНЕСКОдон каттаткан Карганбек Самаков камалды. Учурда ...

0 313

Мугалим Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин майрамы алдында айлыгын көтөрдү

03-октябрь 2019, 12:31 Темирлан Келдибеков

Педагогика менен кыргыз эли канатташ, алгачкы президент Аскар Акаев президент боло электе политехте голографиядан дарс окуса, дагы бир президент Роза Отунбаева ал кездеги жападан -жалгыз университетте философиядан дарс окуган. Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев физика мугалими катары окуучуларды пахтага чыгаруудан баш тартып, советтик режим менен кайым айтышып жүрүп депутат болгон. Мектеп көйгөйү мамлекеттик деңгээлдеги чоң маселелердин бири. Учурда миллиондогон жаш жеткинчектерди ...

0 391

Атамбаев СДПКсын “Азаттык” менен “Апрелин” коргоого чакыртып жатат, эмнеге “Сентябрды” сындырганда СДПК унчуккан жок

03-октябрь 2019, 09:39 Темирлан Келдибеков

Атамбаев президент кезде сөз эркиндигин сындырып, көптөгөн журналисттерди сотко суракка чакыртып, соттоп, үй-мүлкүн конфискациялап, ит абийирин кетирип жаткан учурда, оозуна талкан куюп алгансып Атамбаевдин СДПКсы ооз ачкан эмес. Эми Батукаевдин иши жана Кой-Ташты адамдын канына бойогону үчүн убактылуу камакта жатып,тергөөдө суралып жаткан Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан социал-демократиялык партиясы "Азаттыкты" коргоого чакырды. Арийне, Атамбаев президент болуп турган учурунда   социал-демократиялык партиясы ...

0 249

Азилньюс: Мамлекет башчылары деле селфиге түшөт, селфиге түшкөндөр эмне жөнүндө “бажарышкан”

03-октябрь 2019, 09:01 Темирлан Келдибеков

Арменияда өтүп жаткан ЕАЭБтин жыйынында сельфиге түшкөн мамлекет башчылары  «Дүйнөнү ким эмнеси менен таң калтырат» деген конкурс өткөрүп калат. -Дүйнөнүн оозун ачырып, борбор калаабызды тез арада куруп, саммит, олимпиадаларды өткөзүп жатабыз.-деген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев үчүнчү орунду алыптыр. -Дүйнөнүн оозун ачырып, экономикадан чоң секирик жасап жатабыз.- деген  Армениянын премьер-министри Николай Пашинян экинчи орунга чыгат. -Дүйнөнүн оозун ачырып, карызка баткан экономикабызды тез эле кылдан ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 208

Депутат Байпакбаев аркар, теке, кулжага “байпак” кийгизген жатабы?

02-октябрь 2019, 15:58 Темирлан Келдибеков

Акыркы мезгилде “от алып” чаңында далай депутаттарды калтырып бараткан Экмат Байбакпаев эмки “байпагын” аркар-кулжа, тоо эчки, эликке кийгизгиси келгени билинди. Анын айтымында, жапайы ача туяктуу жаныбарлардын санынын кыскарып бараткандыгына жалпы коомчулук тынсызданышы зарыл. “Жапайы жандыктардын саны акыркы 20 жылда сезилерлик кыскарган”, - дейт Э.Байбакпаев. Белгилей кетсек, мыйзам долбоору аркылуу 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын баардык территориясында жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө – ...

0 188

 Зулпукаров жаш наристелерге “зулпукар” белек кылды

02-октябрь 2019, 15:18 Темирлан Келдибеков

Парламенттик шайлоонун дүбүртү алыстан угулгансыйт, бирок эл өкүлү элди түндүк, түштүк деп бөлбөй өз жардамын өтөлгөлөп келаткандардын бири Төрөбай Зулпукаров. “Зулпукар” - деп курч кылычты айтабыз, балдар үчүн Зулпукаровдун тапшырган белеги зулпукардан өйдө болду. Жакында  Аламүдүн районунун Арчалы айылында 70 орундук заманбап бала бакча пайдаланууга берилди. Бул бала бакча бюджеттен бир дагы сом албай, Жогорку Кеңештин депутаты ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83