www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аман Аскаров

NazarNews порталында башкы директор жана журналист...

Автордун жаңылыктары (184)

0 423

ВИДЕО - Лексустун айдоочусу беш унааны сүзүп уктап калган

Видео 22-октябрь 2019, 17:54 Аман Аскаров

Lexus 570 унаасынын айдоочусу катары менен беш унааны сүзүп, уктап калган. Белгилүү болгондой, жол тандастын айдоочусу мас абалында болгон. Окуя Казакстандын Караганда шаарындагы турак үйлөрдүн короосунда орун алган. Дароо ал жерге жергиликтүү тургундар видео камералары менен чыгып, окуяны ордунан тартып калууга үлгүрүшкөн. Андан соң полиция кызматкерлери келип, шопурду алып чыгуунун аракетин көрүшкөн, бирок ал укук коргоо органдарынын талабына ...

0 6203

ВИДЕО- Москвада полиция кызматкерлери кыргыз жаранын сабап, ал тасмага түшүп калган

Видео 22-октябрь 2019, 17:34 Аман Аскаров

Орусияда милиция кызматкери документ көрсөтүүдөн баш тарткан кыргызстандыкты сабап салды. Анын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда. Тасмада көрүнүп тургандай, полиция кызматкерлери кыргыз жаранын кафеден сүйрөп чыгып, буттарына тепкилешкен. Белгилүү болгондой, окуя Москванын Ленинград базарында болуп, укук коргоо кызматкерлери ал жерге “мигрант” аталышындагы операциянын алкагында барышкан. Бирок, эң кызыктуусу, Орусияда мигранттар менен ишти полиция кызматкерлери алып ...

0 329

Бакыт Төрөбаев Вангадан өткөн айтымчыбы? Парламентке төрт партия кайтат дейт

22-октябрь 2019, 16:39 Аман Аскаров

Жогорку Кеңеште сөздү оюнчук көргөн, пиарды жанындай сүйгөн  депутаттар толтура. Бирок, арасынан эң таланттууларынын бири Бакыт Төрөбаев өңдөнөт. Эми ал 2020-жылдан кийин парламентке келген депутаттардын иштөө мөөнөтүн кыскартыш керек – деп өзүнө упай топтогусу келди окшойт сыягы. Анын баамында алдыңкы эки-үч жылда эле эл жаңы шайланып келген депутаттардан тажайт имиш. Ошондуктан, кийинки парламенттин иштөө мөөнөтүн үч же ...

0 299

ФОТО - Орусиянын Канттагы авиабазасынан өзгөчө жүк ташылып кетти

22-октябрь 2019, 15:55 Аман Аскаров

Орусиянын Канттагы авиабазынан Москваны көздөй өзгөчө жүк бет алды. РФнын аскердик аба күчтөрүнүн Ил-76 аскердик транспорттук учагына үч жарым тонна Ысык-Көлдө өндүрүлгөн кыям жүктөлгөн. Ал жалпысынан жети миң банканы түзөт. Кыям кулпунай, карагат азыктарынан жасалган. Өзгөчө жүк алгач Москва облусуна бет алып, андан кийин Ярославль жергесиндеги кадеттик гимназияга берилет. Ал жерде 700гө жакын жетим бала билим алат. ...

0 332

Прокурорлордун иши эмне менен аяктаган?

22-октябрь 2019, 14:43 Аман Аскаров

Өткөн жылдын 23-декабрынан 24-декабрына караган түнү Балыкчы шаарынын прокурорлору жана жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери ортосунда мушташ болуп, ЖККББнын кызматкери жабыркаган. Кийинчерээк, бул иш боюнча башкы прокуратура “күч колдонуу менен кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлап, Балыкчы шаарынын прокурорунун эки жардамчысы кызматтан бошотулгандыгын маалымдаган. Ошондой эле, ички кызматтык териштирүү дайындалгандыгы айтылган эле. ...

0 130

ВИДЕО - Кытайдан бизге чочкого окшогон бейтааныш жандыктын эттери келеби?

Видео 22-октябрь 2019, 14:09 Аман Аскаров

Кыргызстан кызыктай эле өлкө. Тагыраагы аны жетектегендер, айрыкча өкмөтү. Дегенибиз биз агрардык өлкөбүз, өзгөнү болбосо дагы өзүбүздү өзүбүз айыл-чарба продукциясы менен толук камсыз кылганга дараметибиз жетет. Бирок учурда импорт-экспорт жаатындагы саясат эч түшүнүксүз. Кытай, Иран сыяктуу өлкөлөргө (жарым жылдай мурун Ирандын Мешхед шаарынан өтө алыс эмес жерден учак кулап түшүп, ал самолеттун ичинде Кыргызстандан барган эттер чыккан) биз экологиялык жактан таза эт ...

0 169

Молдомуса Конгантиевдин ысымы көчөгө ыйгарылды

22-октябрь 2019, 13:03 Аман Аскаров

Бишкек шаарынын кайсыл бир жаңы конушунун көчөлөрүнүн бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Мэрия болсо ал маалыматты тактап отуруп, Конгантиевдин ысымы “Көк-Жар” жаңы конушунан алыс эмес жердеги көчөлөрдүн бирине ыйгарылгандыгын аныктап, ал аймак Бишкек шаарына эмес, Аламүдүн районуна караштуу деп кутулушту. Бирок, көчөлөргө, географиялык объектилерге, кимдир бирөөнүн ысымын ыйгарууда, ...

0 514

ШОК! ВИДЕО - Аялы күйөөсүнүн эртеңки күнүн ойлоп...

Видео 22-октябрь 2019, 12:14 Аман Аскаров

Тойлордо кандай гана кызык нерселер болот. Ырдагандар, ыйлагандар, сыйлагандар, сырдашкандар, чырдашкандар толтура. Ал эми жогорудагы тасмада эмне болуп жатат деп ойлосоңор, кимдир бирөөнүн сүйүктүү жубайы жолдошу ашыкча “күчтүүдөн бастырып” албасын деп стакандагы арактын ордуна суу куюп, өмүрлүк жолдошунун эртеңки камын көрүп жатат. Булак: NazarNews.kg

0 166

Прокуратура Ташиевге сөөмөй кезеди

22-октябрь 2019, 12:15 Аман Аскаров

Негизи, Кыргызстандын саясий чордону Ош шаары болчу бир кездерде. Бирок, кийинки жылдары ал макамды Ош шаары Жалал-Абад шаарына өткөрүп берип салган. Бардык кызыктуу, бүйүр кызыткан окуялар ушул жерде. Албетте, локалдуу масштабда. Дегенибиз, эми Кочкор же Чолпон-Аталыктар үчүн Жалал-Абаддын саясий сахнасында эмне болуп жаткандыгы өтө деле кызык болбосо керек. Бирин-бири чукумай, бири экинчисин шыбамай, кайра туруп мактамай деген былыктардын баары Жалал-Абад шаардык мэриясы ...

0 275

Кыргызстан өткөн кылымга, Монголия келечекти карай багытта

22-октябрь 2019, 11:34 Аман Аскаров

2015-жылы Кыргызстан ЕАЭ биримдигине кирип алып, капканга түшүп калган. Бир четинен капкан деп деле айтуу кыйын. Бир топ эле артыкчылыгы бар. Болгону “эшегине жараша тушагы” – дегендей, бийлик төбөлдөрүбүздүн иш билгилиги төмөн, экономикалык көрсөткүчтөрдү алдын ала көрө албагандыгынын айынан биримдик бизге орго айланды. Мына, баарыбыз билгендей жаңы жылдан кийин Кыргызстанга чет өлкөдөн кире турган автунааларга бажы төлөмү асманды чапчыйт деп, таманыбыздын ...

0 179

Өзү менен бирге элди түн уйкудан ойготкон Абдырахман Маматалиев

22-октябрь 2019, 10:28 Аман Аскаров

Абдырахман Маматалиев деген популист өңдөнгөн вице-премьер-министр бар эле убагында. Өкмөт башчынын орун басары болгонго чейин депутат болгон. Эстедиңерби? Эми ошол агабыз бүгүн ойгонгонсуп, өлкөдө чиновниктердин саны көп, бири-бирин кайталаган органдарды кыскартыш керектигин айтып калыптыр. Өзү депутат болуп жүргөндө эмнеге ушул маселени кабыргасынан койгон эмес? Өкмөт мүчөсү болуп жүрүп деле “балык” болуп иштемиш эткен. Албетте, маселе абдан маанилүү. Кыргызстанда карапайым элден ...

0 121

Кыргызстан ФИФА рейтингинде үч баскычка жогорулады

22-октябрь 2019, 10:07 Аман Аскаров

ФИФАнын рейтинги боюнча Кыргызстан курама командасы 94-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Football-rankings.info кабарлайт. Анын маалыматы боюнча Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунда эки оюн өткөрүп, экөөндө тең жеңишке жеткендиги ФИФАнын рейтингинде жогорулаганга мүмкүнчүлүк түзгөн. Буга чейин улуттук курама команда 97-орунда болсо эми 94-орунга жогорулады. Белгилей кетсек, 10-октябрда Александр Крестининдин ...

0 187

Тамашасы жок! Кайрат Кыргыз парламенттик шайлоого катышат

22-октябрь 2019, 09:49 Аман Аскаров

Кайрат Кыргыз деген бир "көп кырдуу", опурталдуу талант бар биздин шоу бизнесте. Эмне жөнүндө ырдайт, ырынын мааниси эмнеде экенин эч ким деле түшүнө бербейт. Эми ошол жигит келээрки парламенттик шайлоого катышмай болуптур. Жада калса бир нече саясий партиядан дагы сунуш түшкөн имиш. Биздин саясий элитанын деңгээлин эске алганда ага таң калып деле кереги жок. Таң калычтуусу ал азыр ...

0 212

Сарамжалдуу Жээнбеков же...

21-октябрь 2019, 17:39 Аман Аскаров

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Японияга учуп кеткендигин билебиз. Кабарланды жакшы эле. Ал Токиого Япониянын жаңы императорунун такка отуруу иш чарасына катышмак. Бирок, Жээнбеков Токиого кадимки эле каттам менен учуп барган. Мына кызык, алыскы сапарларга өлкө лидерибиз ар дайым кадимки каттам, ал эми жакынкы сапарларга “Борт№1” менен учуп жүрөт. Эмнеге? деген суроо туулат. Же чындыгында президентибиз өтө сарамжалдуу адам же болбосо ...

21-октябрь 2019, 17:39 | 212
0 89

Кыргызстандагы тоо чокулары дагы бир ысым менен толукталды

21-октябрь 2019, 16:54 Аман Аскаров

Тоо чокулардын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди. 20-октябрда Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Ала-Тоосунун борборундагы («Салык» мөңгүсүнүн жанындагы) бийиктиги 4 миң 650 метрге жеткен мурда аты жок болуп келген чокуга чыгып, ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактаны орнотушту. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун ...

0 353

ФОТО - Казакбаев, Бекназаров жана Үмөталиеванын тоюнун айырмачылыгы эмнеде?

21-октябрь 2019, 17:07 Аман Аскаров

Эки-үч жума мурун депутат Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү үлпөт тою болуп, ал жерге үлкөндөр, зеги менен экси, позиция менен оппозициясы бир стөлдөн даам сызып, тимеле жыргашкан. Эми кечээ тарыхый дагы, салттуу дагы “экстердин экси” Азимбек Бекназаров уулун үйлөдү. Ал жерге деле баягы “табакташтар” чогулду. Арасында бардыгы бар, эми ассорти деп да койсо болот. Бул эки ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 252

ФОТО - "Кудай буюрса" - дей берген жетекчилердин сөзү кудайга жетпей жатат

21-октябрь 2019, 16:53 Аман Аскаров

 “Кыргызстан туризмдин мекени, экинчи Швейцария” – деп убагында оозду көптүргөнбүз. Сөз жок, жаратылыштын сулуулугу, ажайып кооздугун жараткан өзү эле жаратпаса башка эч кимдин колунан келбейт. Бирок, сервисти ким куруш керек эле? Ким даараткана, эс алуу жайларындагы тейлөөнүн сапатын жеткиликтүү деңгээлге жеткирүүгө милдеттендирилген, жоопкерчелигин алган? Аны дагы жаратканбы? Негизи, биздин жетекчилер “Кудай буюрса” – деген сөздү көп колдонот, бирок буюрбай жатпайбы ...

0 199

Казак "эмири" Айсултан Назарбаев жазасын алды

21-октябрь 2019, 15:43 Аман Аскаров

Казакстан Сенатынын башчысы Дарига Назарбаеванын 30 жаштагы уулу Айсултан Назарбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылды. 30 жаштагы Нурсултан Назарбаевдин небересине Лондондун соту бир жылдык мөөнөт чегерди. Андан сырткары, ал 140 саат коомдук ишке жана милдеттүү түрдө 20 жолу баңги зат илдеттен арылтуу сессиясына катышы керек. Сот аны менен эле чектелбестен, соттолучуга акчалай дагы айып салды. Ал жабырлануучулар тарапка жалпы жонунан 6 миң ...

0 643

Жарым жылда, бир ишканада, эки жетекчи дүйнө салды

21-октябрь 2019, 14:12 Аман Аскаров

“Электр станциялар” ишканасынын башкы директорунун орун басары Азамат Жоотуманов дүйнө салды. Ал болгону 39 жашта болчу. Артында төрт баласы калды. Айрым маалыматтарга караганда ал жүрөк оорусунан улам көз жумган. Жоотуманов ушул жылдын 13-сентябрынан тартып капиталдык курулуш жана инвестициялык долбоорлор боюнча ишкананын директорунун орун басары болуп келген. Белгилей кетсек, ушул эле жылдын март айында “Электр станциялары” ишканасынын директору Аскар Эшимбеков ...

0 3583

ҮРӨЙ УЧУРГАН ВИДЕО - Жеке ишкердин сөөгүн казып алуудагы тасма жарыяланды

Видео 21-октябрь 2019, 13:20 Аман Аскаров

Жеке ишкер Хуфур Абдурахемандин сөөгү кылмышкерлер көрсөтмө бергендей эле Кочкор районунда табылган. Маркумдун денесин казып алуу учурудагы видео жарыяланды. Эске салсак, дээрлик 15 күн дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылган. Бишкек ШИИББи берген маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине ...

0 210

Атамбаевдин саламаттыгы өгүздүкүндөйбү?

21-октябрь 2019, 12:21 Аман Аскаров

Кызык эй, ушул темир тордун артына баргандардын арасынан мурдагы президент, учурдагы бир топ оор кылмышка шектелип жаткан Атамбаевдин эле ден-соолугу өгүздүкүндөй окшойт. Бир кыңк дебей жатат. Тобоо, чын, буга чейин андай жерге түшүп калган көп эле саясатчылар ооруп, мурдунан суу агып, өлүмүш болчу эле. Ошол эле Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев ж.б. толгон токойлор. Жада калса жапжаш, чүкөдөй ...

0 78

Айдоочулардын теңинен көбү жол эрежесин билбейт

21-октябрь 2019, 11:39 Аман Аскаров

Бишкекте эмне көп? Унаа тыгыны көп. Унаа тыгыны бир эле жолдордун тардыгы же белгилердин жоктугунан эле эмес, ага айдоочулардын жеке күнөөсү дагы бар. Себеби, көп учурда унаанын рулуна отурган адам кадимки эле негизги жол эрежелерин да билбейт. Ал эми көлөмү чоң коомдук транспорттун айдоочусу жол эрежесин билбесе эмне болот? Тыгын ого бетер көбөйөт. Ошондуктан, шаар жетекчилиги коомдук транспорттун айдоочуларынан ...

0 385

Көрдөн алдын ала орун даярдаган Рамзан Кадыров

21-октябрь 2019, 10:53 Аман Аскаров

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Сириядагы ислам мамлекетинин согушкерлери Түндүк Кавказга келе турган болсо анда аларга көр белек кыла тургандыгын “Биринчи каналдын” эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда террордук топтор менен күрөшүү үчүн аймакта атайын жоокерлердин  бөлүгү түзүлгөн. -Эгерде ислам амлекетинин мүчөлөрү Кавказга келебиз деген ниети болсо, Кудай жалгасын. Аларды тосуп алабыз. Алар үчүн мүрзөдө орундар дагы даяр” – деген чечен ...

0 97

Жакырбыз дегендерге арданышат

21-октябрь 2019, 10:36 Аман Аскаров

 “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” – дегендей, Кыргызстан жакыр өлкө. Туура эмес багыттабыз деген аналиктиктерге бийликтегилер арданышат. Жыйынтык чыгаргандын ордуна болбой эле “өнүгүүнүн жолундабыз” – деп карганышат. Эми жергиликтүү эксперт, экономисттерге ишенбесеңер беделдүү Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө ынанарсыңар! Аталган уюмдун анализине ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын айрым аймактарында жакырчылык 40 пайыздан ашат экен. Негизинен анализдерге ылайык жумушсуздукту жана жакырчылыкты жоюуда жыйынтык бар болуп чыкты. Бирок ал ...

0 46

Кылымдарды карыткан таза суу маселеси

21-октябрь 2019, 10:02 Аман Аскаров

Учурда Кыргызстандын аймагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан 205 миллион долларлык 12 долбоор ишке ашырылып жатыптыр. Негизги үч багытта экен. Аны аталган агенттиктин жетекчиси Бекжан Супаналиев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын комитет жыйынында айткан жайы бар. Андагы үч негизги багыт - таза сууну камсыздоо жана санитария кызматы менен анын сапатынын жеткиликтүүлүгү – 102 миллион доллар, айыл чарбасын өнүктүрүү – ...

0 613

ВИДЕО - Ошто индиялык жана пакистандык студенттер мушташты

Видео 21-октябрь 2019, 10:17 Аман Аскаров

Ош шаарында чет элдик студенттер бири-бири менен мушташа кетти. Айрым маалыматтар боюнча мушташ индиялык жана пакистандыктардын ортосунда орун алган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул иш боюнча иликтөө болоорун билдирди, бирок азырынча эч ким арыз менен милицияга кайрылган эмес. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосунда да байма-бай чыр-чатак болуп турат.  Булак: NazarNews.kg

0 109

СҮРӨТ - "Эркин Тоонун" тагдыры. Акчалуулар чыкканда талкалап коюш бат эле

12-октябрь 2019, 13:40 Аман Аскаров

Киев жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Эркин Тоо” имаратын билбеген шаардык жок. Анын имараты 1931-жылы курулган. Союз мезгилинде бул жерден гезит, журналдардын басымдуу бөлүгү басалып чыгып, жарык көргөн. Ошол себептен дагы “Эркин Тоо” типографиясы деп аталып калса керек. Убагында шаардын “тарыхый архитектуралык мурасы” макамы берилип, 2015-жылы ал макамды алып салышкан. Эмнеге алып салгандыктары эми түшүнүктүү болуп турат. Себеби, “тарыхый архитектуралык ...

0 349

ШОК! ВИДЕО - Кыргыз ардагер балбан атаандашын "вертушкага" чапты

Видео 12-октябрь 2019, 13:07 Аман Аскаров

Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат.  “Мурдагы чекист, мурдагы опер же мурдагы спортчу болбойт” деген сөз чын экен. Кыргызстандын курамасындагы Караев аттуу ардагер спортчубуз венгриялык атаандашын анча-мынча жаш балбандар жасай албаган “вертушка” ыкмасына салып ыргытты. Албетте, жеңишти дагы камсыз кылды. Айрымдарынын ооздору ачылып отурат... Булак: NazarNews.kg

0 501

СҮРӨТ - Эл кыжырланып турганда ого бетер кыжырга тийгендер

12-октябрь 2019, 13:12 Аман Аскаров

- Жекшемби күнү, 6-октябрда ЖКнын айрым депуттары жана өкмөт мүчөлөрү, «Көк бөрү» федерациясынын өкүлдөрү, журналисттер жана шоу-бизнес жылдыздары менен бирге футбол боюнча мелдешке катышып, убакытты көңүлдүү өткөрдүк. Социалдык тармактарда “Кыргызстан” партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев ушул сүрөттөрү менен эле мактанып бүтпөй койду. Жакында эле аталган саясий күч өзүнүн съездин өткөрүп, өзүнчө эле бир концерт болгон. Урматтуу, Канат ...

0 1074

Ирак, Сириядагы кыргызстандык наристелер алынып келинет, ар бирине 400 доллар төлөө зарыл

12-октябрь 2019, 12:13 Аман Аскаров

Сирияга ата-энелери тарабынан, алып кетилген бойго жете элек балдар Кыргызстанга алынып келинет. Жакын арада Бишкектен Багдадга 17 адамдан турган ведомстволор аралык топ жөнөйт. Алар ушул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Учурда Ирактын түрмөлөрүндө 55 аял жана 78 кыргызстандык бойго жете элек бала кармалууда. Алар Сириядагы жарандык согушта ислам мамлекети террористтик уюмунун катарында согуш жүргүзгөн согушкерлердин аялдары жана балдары. Аталган ведомстволор ...

0 298

ВИДЕО - Эмне деген шумдук? Кырсык болсо ким жооп берет?

Видео 12-октябрь 2019, 13:11 Аман Аскаров

Бизде убагында кимдир бирөөнө кызмат жетпей калып Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция деген орган ачылган. Функциясы эмне экенин деле билсейсиң. Өзүдөрү деле ыйгарым укуктарын аягына чейин түшүнө бербейт. Бир туруп санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, бир туруп архитектура, курулуштун, бир туруп экологдордун ыйгарым укуктарын жыйнап алгандай. Бир сөз менен айтканда -  түшүнүксүз орган. Алсак, Бишкекте курулуш компанияларын санап бүтө албайсың тимеле, жамгырдан кийинки козукарындай ...

0 158

СҮРӨТ - Келемиштер ташыган алтынды спортчулар кайра кайтарып жатат

12-октябрь 2019, 10:32 Аман Аскаров

Акыркы күндөрү, жок акыркы жылдары, жок, эгемендүүлүк алгандан бери саясатчыларыбыз, чиновниктерибиз, депутаттарыбыз, аким, айыл-өкмөтү, мэрлер чалкасынан кетип эле баратат, кетип эле баратат. Депутаттардын кейпи тигил, өкмөт мүчөлөрүнүкү андан келишкен. Мындайча айтканда “мокочо”, андан башка сөз жок. Бирок, спортчуларыбыз мамлекеттин ушундай мышык ыйлаар абалына карабай болгон аракетин жумшап, жок дегенде ушулар өлкөнү эл аралык аренада намысын коргоп келе жатат. Болбосо, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 226

СҮРӨТ - Нарында быйыл тоют чөптүн баасы кымбат

12-октябрь 2019, 10:18 Аман Аскаров

Нарын облусунда чөптүн баасы былтыркыга салыштырмалуу кыйла кымбаттап, анын бир түгү 170 сом болуп отуруп, 200 сомго чейин көтөрүлдү. Буга эмне себеп болду десеңер, быйыл күндүн ысыгы, суунун тартыштыгы тоют чөптүн эрте куурап, кургап калышына кептеген.  Анын үстүнө облус боюнча малдын башы дагы көбөйгөндүгү байкалат. Өзүңөр билгендей, Нарын жергеси илгертен мал чарбачылык менен алектенип, башка облустардан айырмаланып мал киндиктүү деп ...

0 227

"Манастан Чубак кем бекен?" - деген Мелис Турганбаевдин жеңиши

12-октябрь 2019, 10:19 Аман Аскаров

Жакында Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 41-45 жаштагылар арасында коло медалды Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов багындарып келген. Ага удаа мурдагы ИИМ министри, учурдагы ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев “Манастан Чубак кем бекен” – дедиби, айтор ошол эле Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн мелдеште 56-60 жаштагылар арасында алтын медалды утуп, биринчиликти камсыз кылды. Ал эркин күрөш боюнча атаандаштарынын бирин ...

0 323

Ушулардыкы эле жыргал. Отунбаев эми Канададагы элчи

12-октябрь 2019, 09:40 Аман Аскаров

Ушул Отунбаевдерге эле жыргал десең. Роза Отунбаева мамлекеттин эсебинен жыргап 80-100 миң сом пенсия алып, фонд ачып алган жылуу-жумшак. Бир тууганы Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп жүрүп бир кыйраткан иш аткарбады эле, кийин жогорулап АКШга элчи болду эле. Эми дагы кызматы жеңил болуп жатканбы “дагы иштен бергилечи” – десе керек, эми Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен ...

0 424

Депутаттар жыйынга чегип алып келалбай атабы?

11-октябрь 2019, 17:25 Аман Аскаров

Кызыл-Кыя шаарында 54 жаштагы адам баңги затын сактап жүргөндүгү үчүн кармалды. Аны кармоо үчүн Баткен милициясынын жана УКМКнын облустук башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. Андан сырткары ошол эле Кызыл-Кыя шаарында 49 жаштагы дагы бир жаран гашиш менен кармалгандыгы маалымдалат. Тергөөдө маалым болгондой ал №49 түзөтүү колониясында жазасын шарттуу түрдө өтөп жүргөн экен. Албетте, баңги заттар менен кармалган мындай адамдардын саны ондоп ...

0 1174

Жол тандабас дейсиңер да, Асрандиев деген "балыкты" издөөдө мамлекет Мамбеталиевден кеме алган экен

11-октябрь 2019, 16:05 Аман Аскаров

Жакында ишкер Эркин Мамбеталиев, Баткен милициясынабы же чек ара кызматынабы айтор башыбыз айланып калды, эки жол тандабас берди деп уктук эле. Эми андан кызыктуу фактылар чыгууда. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турсубеков парламенттин жакындагы бир жыйынында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында бир эле тик учак бар, аны көп жылдар бою чет элдиктерди ташуу үчүн ижарага берилип келгендигин айтып, андан түшкөн акча ...

0 208

АНАЛИТИКА - Катар менен аскердик кызматташуудан мурун геосаясатка маани берүү зарыл

11-октябрь 2019, 16:20 Аман Аскаров

Кыргызстан жана алыскы Катар өлкөсү. Бул эки мамлекеттин ортосундагы аскердик кызматташтык тууралуу аналитик Медербек Коргонбаев төмөндөгүчө ой бөлүшөт.  -Жакында ЖМКларда Кыргызстан менен Катар ортосундагы аскерий-техникалык кызматташтык тууралуу маалымат тараган. Анда эки өлкөнүн аскерлеринин тажрыйба алмашуусу, Катар аскерлеринин Ысык-Көлдүн жээгинде ден-соолугун чыңдоосу тууралуу сөз болгон. Үстүртөн караганда мунун эч нерсеси деле жок сыяктанат, аскерий-техникалык жаатта Кыргызстан ...

0 215

Эл өкүлү Улуттук университетти жоюуну сунуштады

11-октябрь 2019, 13:49 Аман Аскаров

Кыргыз Улуттук универститетин толугу менен жабуу керек деген сунуш айтылып жатат. Болгондо дагы парламенттин ичинде айтылган сөз. Тагыраагы эл өкүлү Евгения Строкова Улуттук университеттин базасында медициналык факультеттин ачылышы пландалып жаткандыгын угаары менен негедир чалкасынан кетиптир. Анан туруп ректоруна бир асылды. Аны кетириш керек, жалпы жамаатты айдаш керек деди. Анын ою боюнча учурдагы ректор медициналык факультетти ...

0 1657

ФОТО - Индира Жолдубаева чүкөгө куюлган кыттай болуп басып кетти

11-октябрь 2019, 13:15 Аман Аскаров

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулуп кетиши боюнча соттук угуу болду. Ага мурдагы далай чиновниктердин тиешеси бар делип, бир тобу реалдуу камакка алынса, айрымдары үй камагы менен чектелген. Бүгүнкү соттук угуудан кийин эки мурдагы экс-башкы прокурорлорду көргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Индира Жолдубаева өзүнө мүнөздүү чүкөгө куюлган кыттай болуп, журналисттердин суроолоруна жооп ...

0 274

Таанышып алгыла, Илья Медведев!

11-октябрь 2019, 11:50 Аман Аскаров

Таанышып алгыла! Илья Медведев, РФнын премьер-министри Дмитрий Медведевдин уулу. 24 жашта. АКШнын жараны (!). Мындайча айтканда, россиянын эл аралык аренадагы душманы аталган америкада супермаркеттердин тармагына жана май куюучу жайларга ээлик кылат. Англис тилин мыкты билет. Эми ойлонгула, ошол супермаркет, май куюучу жайларын бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн бирине (Россия, Беларусь, Армения, Казакстан, Кыргызстан) курса, иштетсе болот ...

11-октябрь 2019, 11:50 | 274
0 243

ВИДЕО - Абдыкаров Атабеков менен ырдайт, кызматкерлер "бастырат", учактар эс алат...

Видео 11-октябрь 2019, 10:55 Аман Аскаров

Эки-үч күндөн бери Бишкек-Ош-Бишкек авиакаттамы учпай, жүздөгөн адам зарыл иштеринен калып, буттарын коерго жер таппай жүрүшөт. Ал учурда Аэропорт “Манастын” жетекчилери эмне кылып жүрөт дебейсизби? Тойлоп, чучук, казы-карта жеп, вино, арактан “бастырып” жүрүшөт. Эч тамашасы жок. 7-октябрь жарандык авиация күнү толгон-токой авиажүргүнчүлөр Ошко же Бишкекке жеталбай жүргөндө, аэропорттун жетекчилери тойканада тимеле танцага түшүштү. ...

0 562

Казактар азыр Киров суу сактагычындагы Лениндин сөлөкөтүн Кудайдай көрөт

11-октябрь 2019, 10:23 Аман Аскаров

Акыркы күндөрү Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара өткөрмө пунктуларына байланышкан чыр-чатак, блокадалар тууралуу укпай калдыңыздарбы? Себеби эмнеде билесиздерби? Мунун бардык себеби, Киров суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн аздыгы. Кыргыз тарап чындыгында Казакстандын саботажынан тажады окшойт. Акыры ушул чекке келди көрүнөт. Айрымдары Киров суу сактагычында суунун көлөмү азайып кетиптир, сууну сатып жатышканбы дешүүдө. Жок айланайындар, кышында казактар кайсы талаасын сугармак ...

0 310

Атамбаев, Сариев, Жээнбековдун катасын бүгүнкү өкмөт оңдогонго кудурети жетеби?

11-октябрь 2019, 09:39 Аман Аскаров

2015-жылы Бажы биримдигине кирип жатканда “жыргайбыз, илгерки союз убагындай биримдимдикке кирген беш өлкө ичинде сайраңдайбыз, тайраңдайбыз” – дедик эле. Болбой калды. Бирок, ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев ошентип эле сүрөттөп берген. Анын ордуна эмне болду? Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттар мурдагыдан дагы тыкыр көзөмөлгө алына баштады. Жада калса, 2017-жылы Бажы биримдигинин принцибине карабай экономикалык блокадада калдык, эсиңерде болсо. Россияга ...

0 356

Мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр болуп, "настроениелери байпакка" түшкөндөр көбөйдү

10-октябрь 2019, 18:00 Аман Аскаров

Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Буга чейин вице-мэрлик кызматты аркалаган Рыспек Сарпашевди билсеңер керек. Мурун “Тазалык” ишканасын жетектеген. Эми аны кайсыл жакка ротация кылды дебейсиңерби? Эч качан таппайсыңар! Бир жылдан ашык вице-мэр кылып туруп, кайра эле өзүнүн көнгөн “Тазалык” ишканасына “айдашты”. Ал эми «Бишкекасфальтсервис» бар эмеспи, анын жетекчиси Мирлан Амантуров эле, ал Бишкектин, жаңы ...

0 687

ЧУКУЛ КАБАР - Бишкекте хан сарай өрттөнүп, өрт өчүргүчтөр жыртык шланг менен өчүрүүдө

Видео 10-октябрь 2019, 16:21 Аман Аскаров

Ушул маалда Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде ири өрт болуп жатат. Айрым маалыматтар боюнча хан сарай күйүүдө. Ал эми өрт өчүрүүчү кызматынын шлангы жыртык болуп, тийиштүү деңгээлде өрттү өчүрүүгө мүмкүн болбой турат. Белгилүү болгондой, аталган хан сарай Көк-Жарда жайгашкан бала-бакча болуп чыкты, азырынча ичиндегилердин бардыгы коопсуз жерге алынып чыгылдыбы белгисиз.  Булак: NazarNews.kg

0 246

Чек ара маселесинде Кыргызстандын кызыкчылыгын саткандар жоопко тартылат

10-октябрь 2019, 15:42 Аман Аскаров

Буга чейин Тажикстан менен талаштуу чек ара аймактарын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн келишимдердин бардыгын кайра карап чыгуу керек. Лейлек районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттары ушундай сунушу менен чыгып, бардык документти ийне-жибине чейин карап, талдап, анализге алууну көздөшүүдө. Эгерде бул нерсе иш жүзүнө аша турган болсо Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол койгондор жоопкерчиликке тартылышы боло турган иш. ...

0 921

Алга Кылычевдин жакындары: "Акчаны Алга эмес, Мээрбек алган"

10-октябрь 2019, 14:33 Аман Аскаров

Алга Кылычевди баарыңар эле жакшы таанып калдыңар. Кундуз Жолдубаева, Асель Кодурановалардын суракка чакырылышына дал ошол адамдын көрсөтмөлөрү себеп болду. Ал абактан тергөө менен кызматташа тургандыгы тууралуу макулдашууга келген. Алмазбек Атамбаев жана КСДПнын дагы бир далай “лөктөрүнө” каршы көрсөтмө берип жатат деген маалымат бар. Ошондон улам бул адамдын жакындары анын мындай кадамын түшүндүрүү максатында өз ой-пикирлерин билдирүүнүн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 445

Өкмөт! Унаалар боюнча бажы төлөм кайра каралбаса, жазга жетпейсиңер! Россиянын "хламы" кереги жок

10-октябрь 2019, 15:55 Аман Аскаров

Жаңы жылдан тартып чет элден киргизилген унаалар үчүн бажы төлөм он эсеге кымбаттайт деп жатышат. Чет өлкөдөн башка бизде өзүбүздүн машина куруу өндүрүшүбүз бар беле? Бардыгыбыз импортко муктаж эмеспизби. Импортко, болгондо дагы бардыгы сапаттуу, арзан унаага муктаж. Ошондой сапат, ошондой баа менен бизди Россиянын “таштанды унаалары” камсыз кылабы? Өкмөт эмнеге ушунун үстүнөн иштеген жок? Же өкмөт аралда жашайбы? Континенталдык ...

0 1823

ФОТО - Жогорку Кеңештин депутаты сулууга кат жазды

10-октябрь 2019, 14:00 Аман Аскаров

Жогорку Кенештин депутаты Марлен Маматалиев Сусанна Егоряндын инстаграмм баракчасына кат жөнөтүптүр. Анда ал Сусаннаны жарандыгын алмаштырбоону өтүнүп, эл аралык сулуулар конкурсунан биринчиликти жеңип алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип өтүптүр. Белгилей кетсек Сусанна Егорян ага чейин өзүнүн инстаграмм баракчасына ачык эле өлкөнү башка өлкөлөргө тааныштырганын милдет кылган. Анын жазгандарын туура түшүнсөк, Кыргызстан биринчи жолу Дүйнөлүк сулуулар сынагын ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83