![]() |
Аман Аскаров
NazarNews порталында башкы директор жана журналист... |
Жогорку Кеңештин комитет жыйынына бүгүн Гепатит Д оорусун дарыгерлерден жуктуруп алган жаран келип, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге чыркырап кайрылды. Ал буга чейин далай жолу министрдин кабылдоосунда болууга аракет көргөн бирок анын жардамчылары ар кандай шылтоо менен министрге жолуктурбай жүргөн. Оорулуу адамдын айтымында ал беш жыл аралыгында дарылануу үчүн бир миллион сомдон ашык каражатын жумшаган. Ооруну болсо алдын алуу боюнча ...
Экс-депутат, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси Кубанычбек Кадыров кызыктуу бир окуяны жергиликтүү басылмалардын бирине айтып бериптир. Анда ал ага убагында президент Атамбаев кайрылып, төрт саясатчыны жок кылуу үчүн киллер таап берүүсүн өтүнгөн экен. Ошондой эле ал Саймаитинин өлүмүнө мурдагы президенттин тиешеси бар болушу керек деген ойду карманарын билдирди. Анда ал “Түркияда Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү коомду дүрбөлөңгө салды. ...
Жакында УКМКнын имаратынан далил буюмдар катары кылмыш ишинде өткөн 200 миң АКШ доллары табышмактуу түрдө жоголуп кеткендигин уккан жайыбыз бар эле. Ал эми УКМК жетекчилиги аны укмак түгүл ким уурдагандыгын дагы билчү экен. Анан андай оор кылмышка тиешеси бар кызматкерге карата алар кандай чара көрдү дейсиңер? Болгону кызматтан алып коюптур деп эшиттик. Эмне себептен билесиңерби? Себеби ал Жогорку Кеңештин ...
13-ноябрда NazarNews.kg сайтында “Резина, пластик буюмдарды күйгүзсөң "өлдүм" дей бер” – деген аталыштагы макала жарык көргөн. Анда Былтыр кышында Бишкектин төбөсүн кара түтүн каптаганы эске салыган. Андан улам улам дем алуу органдарынын оорулары менен жабыркаган жарандар ооруканага көп кайрылгандыгы тууралуу маалымат айтылган. Көбү анда ал смогдун (кара түтүн) себебин автоунаалардын көптүгү, жаңы реконструкциядан өткөн ТЭцтеги мүчүлүштүктөргө байланыштырган. Бирок, кийинчерээк ...
Океңдер айтмакчы "Можно вывезти девушку из деревни но из деревни дувушку никогда" - дегендей убагында бардыгыбыз эле сүрөткө ирээтсиз түшө бергенди жакшы көрсөк керек. Алардын арасынан өзүбүзгө жакпагандар дагы арбын болот эмеспи. Бирок карапайым адам үчүн ал чоң деле көйгөй эмес. Ал эми жылдызы жанып, популярдуулугу ашык-ташкан адамдар үчүн ал сүрөттөр өтө эле чоң көйгөй экендиги бышык. Анын үстүнө ал интернет мейкиндигине ...
Жогорку Кеңеште башкалардан акылдуу жаш депутат бар. Аты Жанар Акаев. 17-ноябрь эл арлык студенттер күнү эмеспи. Ал эми бизде жаштардын саны өлкөнүн жалпы санынын 30 пайызын түзөт. Анан калса алар добуш бере турган укукка ээ өтө чоң катмар. Эми бул акылдуу депутат бул күндөн пайдаланып, Ош шаарында студенттерди борбордук аянтка чогултуп, эстрада ырчыларды ырдатып, жаштарды таттуу сөздөр менен тойгузуп ...
Райондук жана облусттук гезиттерди жоюп аларды облусттук телевидениянын карамагына өткөрүү демилгесине Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков караманча каршы экендигин билдирди. Оптимизациялоо маселеси убагында президенттик администрациясынын башчысы Фарид Ниязов жана маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова тарабынан түртмөлөнгөн гана идеология болгондугун айтып, учурда ал демилге эмнеге азыркы маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан колдоого алынып, аны ишке ашырууга ...
Кечээ , 17-ноябрда NazarNews.kg сайты «60 жаштагы күзөтчүнү аёсуз сабагандардын бири милиция кызматкери болушу мүмкүн» - деген макалабыз жарык көргөн. Көп өтпөй, бүгүн Бишкек ШИИББи ага карата жооп узатып, чындыгында 60 жаштагы күзөтчүнү токмоктогондордун бири 28 жаштагы Мирмухамбет Ишембеков 2014-жылы Ош облусунда милиция кызматкери болуп эмгектенгендигин маалымдады. Милициядан кошумчалашкандай учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Белгилей кетсек, ...
Өткөн жумада Иранда бензинге болгон баа 50 % га көтөрүлүп кеткен. Бул жагдай өлкөнүн калкынын нааразычылыгын жаратып, ирандыктар көчөгө чыкты. Нааразы эл бийликтен бензиндин мурдагы баасын кайра орнотууну талап кылышканы менен ал акция бара-бара саясий талаптардын жаралышына алып келди. Эми массалык митингдин катышуучулары Аятолланы бийликтен кетүүсүн талап кылышууда. Болжол менен полиция менен кагылышуу 40 шаарда, анын ичинде Ирандын борбору ...
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Стамбулдагы экс-консул Эркин Сопоков менен тааныштыгы бар экендигин моюндады. “Эгерде мен ал фактыны жашырып койсом эркекче болбой калат” – деген эл өкүлү Raсurs.kg сайтына. Ошондой эле, депутат Төрөбай Зулпукаров экс-консул Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев чындыгында анын кол алдында иштеп, атасына байланышкан кыңыр иштен кийин өз каалоосу менен иштен бошоп кеткендигин кошумчалаган. -Эркин Сопоковду ...
Укмуштуудай бир окуя. Күлкүң эле келет. Коңшу өлкөдө Аягоз шаарынын тургуну келинчеги менен ажырашып, анын урматына 60 жол тандабас унаанын коштоосунда бул датаны белгилеген. Полициядан маалымдагандай бул жаран аялы менен ажырашкандан кийин дароо экөөнө таандык батирди сатышып, акчаны тең бөлүшкөн. Аялы акчаны өз керектөөсүнө сарамжалдуу колдонсо эркек дароо кубанычын койнуна батыра албай, алгач тең туштары менен саунага барган. Андан ...
Тууй ата. Өлгөн экенбиз. Кимге ишенип жүрөбүз? Жакында УКМКдан 200 миң доллар далил буюмдар жоголуп, ага УКМКнын эле кызматкери шектелип жаткан. Эми бул ирет Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери (Финпол) “бомбаны жарып” отурат. Оштогу Альберт Рахманжанов аттуу жеке ишкер 2018-жылдын 10-октябрында соттун чечими менен анын күрөөканасында тинтүү иштери жүрүп, жалпы баасы 5-6 миллионго бааланган алтын, бриллиант сыяктуу зер ...
Туура бир жыл мурун Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон болчу. Кылмышка шектелип Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында отурат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай, анын жакындары, бир туугандары дагы ...
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Россия жана ЕАЭБ биримдиги боюнча өзүнүн терс пикирин парламенттик шайлоо күнү журналисттер менен болгон маегинде билдирди. Ал өз сүзүндө “Союз деген кечээги күнгө караганда бүгүн жакшы жашаш үчүн керек. Биз экономикабызда ар дайым жоготууларга дуушар болуудабыз. Кечирип койгула “”на хрена” бизге мындай союздун кереги бар. Жыл сайын кандайдыр бир чектөөлөр киргизилип жатат. Эгерде биздин конституциябызга, фундаменталдык принциптерибизге ...
Жаңы жылдан тартып Кыргызстанга чет элден кире турган унаанын бажы төлөмү 10 эсеге жогорулаганы турат. Мындан ары Кыргызстандыктар Япония, Германия, АКШнын сапаттуу унааларынын ордуна Россияда өндүрүлгөн “дохлый” унааларына отуруп калуу коркунучу алдында тургандыгы зээнди кейитет тимеле. Бирок, кантсе дагы өчпөс үмүт бар. Жанданып турат. Дегенибиз, эртең, 19-ноябрда Евразиялык Экономикалык Биримдиктин биргелешкен комиссиясынын жыйыны Москвада болуп, анда КРнын Экономика министрлигинин өтүнүчү ...
Мурдагы УКМКнын төрагасы, 7-апрелдеги каргашалуу окуялар боюнча күнөлүү деп 20 жылга эркинен ажыратылган Мурат Суталинов баспай калды. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалардын бирине анын дарыгери, Улуттук онкология борборунун доктуру Турусбек Абдылдаев билдирген. -Ал текшерүүлөрдөн өтүүдө. Суталинов кабыл алып жаткан дарылардын ачык көрүнүштөгү башка органдарга тескери таасири тийип жаткандыгы (побочные эффекты) байкалууда. Анын кесепетинен ал азыр баса албай ...
Түркияда Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип дем алыш күндөрү төртүнчү адам кармалган. Тергөөнүн божомолу боюнча дал ушул төртүнчү кармалган адам Нормахамад А. Саймаитиге ок чыгарган. Аны кармоо учурунда жанынан маркумга каршы колдонулган курал жана кылмыш болгон жерден из жашырып кеткен унаа табылган. Эми түрк полициясы ишкерди өлтүрүүгө буйрук бергендерди активдүү издеп жаткандыгы белгилүү болду. Эгерде түрк ...
12-ноябрь күнү NazarNews.kg сайтында “Жапжаш кыздын атактуу, улгайган көңүлдөшү Олег Соколов кызды кантип өлтүргөнүн айтты” – деген макалабыз жарык көргөн. Анда 9-ноябрь күнү Санкт-Петербургдагы Мойка дарыясынын жээгинде 60-65 жаштар чамасындагы адам бутуна тура албай, сууда ары-бери чайпалып жүргөндүгү, жергиликтүү тургундар аны алып чыгуу аракетин көргөнү менен негедир ал колундагы баштыкты сууга чөктүрүүнүн аракетин көргөндүгү айтылган.
Ренат Самудинов деген мурдагы КСДП партиясынын жаштар канатынын лидери бар. Убагында аны КСДП партиясына тиешеси жок, “самозванец” – дегендер дагы четтен чыкан. Кийин “саясий көз карашыман куугунтукталып жатам” – деп жубайы журналист Элнура Молдокадырова менен Мексика аркылуу АКШга барып, ал жерде жайгашып калган. Учурда экөө тең Америкада эмгектенип ошол жерде күн кечирип келшет. КСДП партиясынын ...
Стамбулда атылган жеке ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстанда издөөдө жүргөндүгү тууралуу маалымат бардыгында эле бар. Ага карабай Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоков аны менен тыгыз мамиледе болуп келген экен. Аны социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдөн көрүп, билип бүттүк. Элестеттиңерби? Кыргызстандын чет өлкөдөгү расмий өкүлү издөөдө жүргөн адам менен тыгыз кызматташууда болгондугун. Анан калса айрым такталбаган маалыматтар ...
Түштүк Африка Республикасынын Йоханнесбург шаарында сүйүшкөндөр белгилүү бир тамактануучу жайга түштөнгөнү киришкен. Күтүлбөгөн жерден эркек чөнтөгүнөн нике шакегин алып чыгып, аны жанындагы келинге сунуп, колун сурайт. Бул окуяга кокусунан күбө болгон журналист ал ирмемдерди фотого тартып, социалдык тармактарга мазактап пост жазып, сүрөтүн жүктөп койгон. Бирок, постко көп эл тескерисинче жакшы пикирлерин калтырышкан. Ал эми KFC, Audi, Puma ...
Ош облусуна караштуу караштуу Мады айылында кургактагы аскерлердин катарында кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери өзүнүн жанын кыйды. Анын жансыз денеси бүгүн 17-ноябрда өз үйүнүн жер төлөсүндө табылган. Учурда бул окуя боюнча аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак бул бир жуманын ичинде аскер кызматкеринин экинчи өзүнө-өзү кол салып, жан кыйгандыгы. 10-ноябрда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы №73809 ...
Стамбулда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин артынан Кыргызстанда далай кызыктуу фактылар ачыкка чыгып жатат. Интерполдун линиясы менен эл аралык издөөдө жүргөн Айэркен Саймаити Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковдун унаасы менен жүргөндүгүнөн коомчулук кабардар. Эркин Сопоков анын ишмердүүлүгүн атайын кызматтын өкүлдөрү текшерүүгө алып, Стамбулга бара жаткандыктарын угуп качып кетти. Эми дагы бир факт ачыкка чыгып жатат. ...
Улуу Британиянын ханзадасы Гарри анын жубайы Меган Маркл жана уулу Арчи быйыл Рождество майрамын салттан тышкары Улуу Британиянын ханышасы Елизаветта II менен бирге тоспойт. Мындай көрүнүш ханышанын хансарайында алгачкы жолу орун алып жатат. Бул тууралуу Букингем сарайы атайын расмий билдирүү дагы таратты. Анда маалымдалгандай ханзада Гарри жана анын үй-бүлөсү рождествону Мегандын апасы Дория менен бирге ...
2019-жылдын башынан тартып Токтогул районунда, айдоочулар мал жандыктарын сүзүп кеткен - 15тен ашуун жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки жаран каза болуп жана ондон ашуун айдоочу-жүргүнчүлөр ар-кандай жаракаттарды алышкан экен. Ушундай көрүнүштөрдү алдын алуу максатында жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, эрежелер тууралуу кенен маалымат беришти. Кырсыктын басымдуу бөлүгү ...
10-ноябрь күнү NazarNews.kg сайтында “Мотуевдин чымыр денесин тарткан Мырзакматов илбирс секиригине камданууда” – деп жазганбыз. Анда Мырзакматовдун кадыр-баркы Ошто дагы деле күч. Анын баркын 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясы жакшы эле пайдаланып, “үйлөнө” калып, Жогорку Кеңешке тыпыйып өтүп кеткен. Учурда парламентте эң аз сандагы фракция. Эгерде Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” куу-мүнөз Текебаевге алданып калбаганда ...
30-октябрга караган түнү Бишкектин Түштүк магистраль менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 60 жаштагы күзөт кызматкерин ошол үйдө жайгашкан “Паво” бильярд клубунун кардарлары сабап салгандыгы эсиңерден чыга элекпи? Учурда ага кол салып, аёсуз сабагандардын өздүктөрү аныкталганы менен алар кармалбай жаткандыгы маалым. Анын бирден-бир себеби эмне болушу мүмкүн? Себеби жөнөкөй эле көрүнөт. Айрым такталбаган ...
Акыркы эки-үч жылдын ичинде Бишкек шаарынын жолдору оңдолуп, айрым көчөлөр толук капитилдык ремонттон өтүп, айдоочулар үчүн ыңгалуу болуп калды. Жакшыны жакшы, болгонду болду деш керек. Бирок, мунун бардыгы Бишкек мэриясынын кыйратып иштеп жаткандыгынын жыйынтыгы эмес, кытайдан келген гранттык акчалардын күчү менен ишке ашып жатат. Убагында кытайдан грант келбегенде эмне болот элек бир кудай билет. Ошондо дагы жолчулар толук чыгармачылыгын ...
“Адамдан амал качып кутулбайт” – дегендей айрым депутаттар шайлоо алдында элге жагынуу максатында кандай гана амал ойлоп табышпайт. Бириси социалдык тармактарда активдүүлүгүн көрсөтүп, байма-бай сүрөттөрүн жайгаштырып, “Google”дан уурдап аны кооз фразалар толуктап калышат, айрымы куудул болуп Күмөндөрдү туураса башкасы белгилүү ырчылар менен дует ырдай калышат. Алдыда кеп кыла турган инсаныбызга дагы чындыгында эргүү келгенби же шайлоого даярданыппы айтор белгилүү ырчы, Кыргыз ...
15-ноябрда Чоң Чүй каналында (БЧК) кореялык жаран Лим Чанг Сунун денеси табылган. Айрым маалыматтар боюнча ал Казакстандын аймагына мыйзамсыз өтүүнүн аракетин көргөн. Бир ай мурун милицияга Лим Чанг Сунун досу арызы менен кайрылып, досу дайынсыз болуп жаткандыгын маалымдаган. Анда ал Лим акыркы жолу “Золотой дракон” мейманканасында болгондугун айтып, Кыргызстанда тиешелүү документтери жок болгондуктан Казакстандын аймагына өтүүнү көздөп жүргөндүгү ...
10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү Балыкчы-Кочкор жолунда автокырсыгы катталып, анда "Субару Импреза" унаасы менен оор жүк ташуучу унаа кагышкан. Анын кесепетинен айтылуу Майра Керим кызынын уулу, төкмө акын Акжолтой Канат уулу анын келинчеги Изаарда жана дос баласы ордунан каза тапкан. Жеңил унаадан бир гана 20 жаштагы Ырыспек Алибеков аман калып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Тилекке каршы, 11-ноябрдан бери ооруканада жаткан Алибеков дагы ...
Кыргызстандык эмгек мигранттары Россияга эмнеге барышат? Иштеп, үй-бүлөсүн багып, “бутума турайын” – деген чоң үмүт менен аттанышат. Бирок арасында иштеген ишинен дайыны жок, чартаңбай “тебип” жүргөндөр дагы жок эмес. Чартаңбайды дагы жөн “теппей”, ичип алып, мас болуп, Кыргызстандыктардын атына көө жабып жүргөндөрдү кездештирсе болот. Төмөндөгү видеодо кыргыз жигити Москванын метролорунун биринин алдында мас болуп алып концерт коюп жатат. Аны ...
Стамбулда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланышкан дагы бир жагдай ачыкка чыкты. Буга чейин маалым болгондой анын өлүмүнө шектүү катары үч адам кармалган. Башында алардын экөөсү Кыргызстандын жараны деп божомолдонгон. Бирок, кийин ал маалымат мамлекеттик каттоо кызматы тарабынын четке кагылган. Эми бул кылмыш ишине тиешеси бар делип төртүнчү шектүү адам кармалып отурат. Бул тууралуу Haberler порталы маалымдайт. Кармалган адамдын ысымы Нормахамат ...
Даана “комиктердин” өлкөсүнө айландык. Чоң соода түйүнүндө энеден туума жылаңач болуп биз гана баса алабыз, милиционердин артынан биздин жаран гана “ой мама мент на меня газует” деп обон созо алат. Анан...анан биздин чиновниктер эле жаңы жылга 45 күн калганда алдын ала балатыны орнотуп салат. Күлкүң келет тимеле. Дегенибиз, Ысык-Көл облусунун облусттук борбору Каракол шаары. Эми жаңы жылга дагы туура ...
Кыргызстанда жумушсуздуктун айынан көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыгып кетип жаткандыгы сыр эмес. Алардын басымдуу бөлүгү салттуу түрдө Россияны көздөй бет алышат. Көпчүлүгү Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунун тургундарына туура келет. Акыркы жылдары эле аталган үч облустан Россияга 660 миң адам чыгып кетиптир. Тактап айтсак, расмий маалыматтар боюнча Ош облусунан – 200 миң, Жалал-Абад-облсунан дагы - 200 миң, Баткен облусунан – 260 ...
22 000 вольттук ток. Мындай электрэнергиясынын кубаттуулугун элестетип көрдүңөрбү? Мисал келтирсек, үйдө, кадимки эле тиричиликте 220 вольт энергияны колдонобуз. Ошого тырмагың тийип кетсе эле жаның чыгып кетет. Айрым учурда ошол кубаттуулуктан эле жан бергендер бар. Ал эми бул жерде кеп 22 000 вольт тууралуу болууда. Таиланддын Накхонратчасима шаарында 38 жаштагы Малини Верасучарт ушундай кубаттуулуктагы энергияны денесинен өткөрүп, аман калган. Кырсык ал ...
Гонконгдо билим алган үч кырыгызстандык студент шаардан чыгып кетти. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Пекин бийлиги жана Гуанчжоудогу КР Башкы консулдугу менен биргеликтеги аракети аркылуу Гонконгдогу кыргыз студенттерине колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги маалымдады. “Кыргызстандык студенттер элчилик менен дайыма байланышта. Кытай бийлигинин көмөгү менен студенттерибиз коопсуз аймакка жайгаштырылган. Сянганга КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу жөнөтүлгөн” –делет ТИМдин маалыматында. Андан сырткары, ...
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү. Ал 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тельман айылында туулган. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын президенти болуп 6 жылдык мөөнөткө шайланган. 61 жашка толгон президент жубайы Айгүл Жээнбекова менен бир кыз, бир уулду тарбиялап келе жатышат. Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун айрым архивдик сүрөттөрү сунушталат. Булак: NazarNews.kg
Кара-Кечеде кечээ күнү ойго келбеген кырсык катталды. Бул тууралуу Нарын ОИИББнин басма-сөз кызматы билдирет. Анда “Кыргызкөмүр” ишканасынын күзөт кызматкери Жумгал РИИБне телефон чалып, жаш жигит эки “КамАЗ” унаасынын ортосуна кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымдаган. Маалым болгондой маркум Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын 1965-жылы туулган тургунунун «КамАЗ» жана Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын 1986-жылы туулган жашоочусунун оор жүк ташуучу транспортуна жол көрсөтөм деп унаалардын ...
Өлкөдө сентябрга салыштырмалуу көмүргө болгон баа 370 сомго жогорулаган. Баа Токтогулда эң максималдуу көрсөткүчкө жеткен. Ал жерде бир тонна көмүр сентябрдан бери 921 сомго көтөрүлүп, ал 20,5 пайызды түзгөн. Октябрдан бери болсо 1 тонна көмүр 127 сомго кымбаттаган. Ал 2,8 пайызга барабар. Кыргызстан боюнча эң кымбат көмүр Кара-Сууда – 8 миң 485 сом, Баткенде – 7 миң 455 сом, Нококатта ...
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) транспорт жана жол министрлигинин чоң даражадагы кызматкерлерине байланышкан коррупция ишин тергеп жатат. Сөз 400 млн. сом тууралуу болууда. Транспорт министрлиги мурдатан эле өлкөдөгү коррупцияга белчесинен баткан эң чоң тармак экендигин бардыгы эле билет. Анын мурдагы министринин орун басары учурда курулуп жаткан түндүк-түштүк альтернативдик жолуна байланыштуу Италиялык компаниядан 500 миң АКШ долларын өндүрө ...
Жогорку Кеңеште бир кездердеги Атамбаевдин жана КСДПнын “торпедасы” Евгения Строкова деген эл өкүлү бар. Ар дайым бир нерсеге капа болуп, “ыйлактап” жүрөт. Эсиңерде болсо, 2015-жылы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоочулары менен жолугушууда жүргөндө, сахнага чыгып алып ким концерт койду эле? Туура, дал өзү, Евгения Строкова “шефинин” буйрутмасы мененби же өз демилгеси мененби Адахан Мадумаров менен ...
Улуу Британияда бир “чудной” элчибиз бар. Аты Эдил Байсалов. Эсиңердеби, аны убагында “Эдичка” – деп дагы атап калышкан. Тилдин баркын билип, аны туура жерде жана туура убакытта колдонууну билгендиги эле элчи кылып бактысын ачып кетти да. Азыр Гонконгдо укмуштуудай нааразачылык акциясы болуп жатпайбы. Июнь айынан бери токтой элек. Эми ошол митингдин апогейи болуп жатат окшойт. Ал ...
Бизнесмендер, журналисттер, спортчулар, укук коргоо кызматкерлери, адвокат, сот, “черныйлар” дагы кайсыл “кесиптин” ээлери коопттуу ыя? Аталгандар чындыгында кооптуу кесиптин ээлери. Себеби кесиптин өзгөчөлүгүнө байланыштуу кайчылаш пикирдегилер бул кесипкөйлөрдө арбын. Бирок кийинки каарманыбыздын кесиби буга чейин коопсуз кесиптин катарына кирип келсе, эми ал андай эмес экендигинен кабар берип турат. Ал кесип - архитектор. Дегенибиз, Новосибирск шаарында Сибирь дизайн жана архитектура ассоциациясынын ...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиевди сагындыңарбы? Октябрь айында бир-эки жума маалымат айдыңында тимеле хит болду эле. Баткендеги кайсыл бир күч түзүмдөрүнө эки брондолгон жол тандабасты белекке берип. Анда ИИМ менен Чек ара кызматы алгач унааларды талашып, андан кийин андан баш тартып ит болушту эле. Кытайдан белек алышса жата калып алышат, май-таманына чейин өпкүлөп. Күндө сыналгыдан он ирет кайталоосу менен ...
Миң-Куш айылы. Кыргызстандагы урандын радиоактивдүү калдыктары жайгашкан бирден-бир аймак. 1947-жылы калыптанган. Союз убагында бул шаарча Москванын камкордугунда болуп, жашоо тиричиликке нааразы болгондордун саны азы эле. Бир кездерде 10 жылга жетпеген убакыт бул жерден союздун керектөөсүнө уран казылып алынчу. Кийин анын ишмердүүлүгү токтотулган. Бирок уран калдыктары калган. Андайлардын бири учурда өтө кооптуу деңгээлге жетип турат. Эгерде андагы урандын калдыктары суу ...
Кечээ, 14-ноябрда 3-төрөт үйүнүн бет маңдайындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 13-кабатынан адам түшүп кетип, ал окуя болгон жерден дароо жан берген. Азырынча ал өзүнө-өзү кол салганбы же ага башка себеп болгонбу, белгисиз. Окуя кечки саат 22:00дө болгон. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, каза болгон адам Улуу Британиянын жараны болушу да мүмкүн деген маалымат бар. Бирок ал маалымат азырынча тактала элек. Аны тергөө ...
Ооруканалар каралбай калды десек саламаттыкты сактоо министрлиги таарынат, сөздү асмандан алып, оюбузга келгенди жазып жаткандай. Фармакологияга эле көңүл бурулуп калды. Өлкөдө дары-дармектен көп неме жок. Сапаттуусу деле, сапатсызы деле жайнайт. Баасы асмандын башы. Анын себеби эмнеде? Себеби, саламаттыкты сактоо министринин фармакология тармагында бизнеси бар. Ал эми ооруканалар аны кызыктырбайт. Айрыкча жер-жерлердеги ооруган адамдарга бооруң ооруйт. ...
Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши боюнча соттук отурум болмок. Анда негизги айыптардын бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге коюлган. Бирок ал соттук отурумга “барбайм, мунун бардыгы фарс” – деп калжаңдап жатат. Эми бул абалдан кантип чыгуу керек? Себеби, анын мындан аркы соттук отурумга келбеси дагы бышык, аны ...
КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев мындан эки-үч күн мурун өз каалоосу менен бул кызматтан кеткен. Ага ал коомдук каналды атына-затын жараштыра албай койгондугу менен түшүндүргөн. Демек, орун бош. Байкоочу кеңеште жалпысынан 15 мүчө бар. “Свято место пусто не бывает” – деп океңдер айткандай ал орун көпкө чейин сары майдай сакталып тура бербейт. Алардын 5 мүчөсүн президент, 5 мүчөсүн парламент, ...
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!