www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аман Аскаров

NazarNews порталында башкы директор жана журналист...

Автордун жаңылыктары (352)

0 253

Сотторго жин тийгенби?

24-октябрь 2019, 15:16 Аман Аскаров

Бүгүнкү парламенттик жыйында сот, криминал, адилетсиздик тууралуу көп сөз болду. Муну өлкөдөгү акыркы криминагендик кырдаалды эске алганда орундуу деп бааласа болчудай. Жанар Акаевдей эле бул маселени  депутат Урмат Самаев дагы көтөрүп чыкты. Анын айтымында, 2016-жылы Кегети капчыгайында 29 жаштагы Жакшылык Дүйшалиев аттуу жаран мыкаачылык менен өлтүрүлүп, кылмышкерлер сөөгүн өрттөп салышкан. Милиция көп өтпөй кылмышка шектүү деп эки ...

24-октябрь 2019, 15:16 | 253
0 390

Даяр болгула! Келээрки жылы Бишкек мэриясы далай үй, кыймылсыз мүлктү түрттүрөт

24-октябрь 2019, 13:57 Аман Аскаров

Быйыл Бишкек шаарында кытай грантынын эсебинен бир нече чакырым жол оңдолуп, айрым учурда жаңы курулуп жаткан жолдун ордуна турак-жайлар жайгашып, алар түрттүрүлгөндүгү эсиңерде болсо керек. Ал кыймылсыз мүлктү албетте, шаар бийлиги барып эле түрттүрүп салбайт. Ал үчүн кыймылсыз мүлктүн ээси менен үйдү, жер тилкесин баалоо деген процедура болот. Бул боюнча бүгүн парламенттик жыйында депутат Марат Аманкулов сөз кылды.

0 133

Бардыгы эле соттук реформа жүрүп жатат дейт. Реформанын өзү кайда?

24-октябрь 2019, 12:52 Аман Аскаров

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев соттордун ишин көзөмөлдөө керек деген пикирин билдирди. Себеби, милиция же башка күч түзүмдөрү кылмышкерлерди кармап бергени менен, алар бир-эки жылга жетпей соттордун чечими менен боштондукка чыгып кетип жаткандыгына нааразы болду. Чындыгында, жагдай ошондой. Акыркы учурдагы бүйүр кызыткан бир эле мисал келтирели. Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаары боюнча автотранспортторду каттоо ...

0 314

ФОТО - Финпол аткезчилердин уюгун аныктады

24-октябрь 2019, 12:51 Аман Аскаров

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы (финпол) тарабынан Кең-Булуң айылында узундугу үч чакырымга барабар жер астында көмүлгөн түтүктөр табылды. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты. Ал түтүктүн жардамы менен Казакстандан күнүнө мыйзамсыз жол менен болжолдуу түрдө 100 тонна күйүүчү майды өткөрүп турушкан. Андан сырткары, күйүүчү майларды андан ары сатууга даярдоо үчүн курулган атайын кампа, кампанын ичинен май ...

0 135

Медициналык окуу жайлар казынадан миллиондорду кыңырып жатабы?

24-октябрь 2019, 11:53 Аман Аскаров

Кыргызстанда чет элдик жарандарга билим берген медициналык окуу жайлар салыкты жетиштүү түрдө төлөбөй жаткандыгын эл өкүлү Аида Исмаилова парламенттин бүгүнкү жыйынында айтып чыкты. Анын маалыматы боюнча, бул багытта билим алган чет элдиктер чоң каражат төлөп билим алышат. Айтсак, алардын бир жылдык билим алуусу 150 миң сомго чейин жетет экен. Аны тактоо үчүн депутат Исмаилова мамлекеттик ...

0 315

Эми жоокерлерибиз коңшу өлкөгө кача баштадыбы?

24-октябрь 2019, 10:42 Аман Аскаров

Коомубуз эмне болуп баратат? Эки күндүн биринде мушташ, адам өлтүрүү, бирөөнү зордуктоо болуп кетти. Эми жоокерлер дагы аскердик кызматтан кача баштады. Ооба, буга чейин эле аскерден качкандар болгон. Бирок, чек араны кесип, башка өлкөгө качып кеткендер болбосо керек. Дегенибиз, Ошто Башкы штабдын кургактагы аскерлеринин бир жоокери качып кетти. Качканда дагы коңшу Өзбекстандын аймагына качкан. Маалыматка ылайык, Э.А ...

0 651

Криминал каптап кетти! Аэропортто адамдын жансыз денеси табылды.

24-октябрь 2019, 10:38 Аман Аскаров

“Манас” эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан 40ка чамалап калган адамдын жансыз денеси табылды. Белгилүү болгондой, ал 22-октябрда аэропортту көздөй кеткен боюнча дайыны чыкпай жаткан. Эртеси анын тынчсызданган иниси укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылып, көп өтпөй инисинин жансыз денеси аэропорттун унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаалардын биринин багажынан табылган. Такталбаган маалыматтар боюнча, өлтүрүлгөн адам биринчи жерден экинчи ...

0 563

ВИДЕО - Чаламандын чак түшүндөгү мушташ

Видео 24-октябрь 2019, 09:58 Аман Аскаров

Бишкектин Жаш Гвардия бульвары жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде төрт адам мушташып, алар автоунаалардын кыймылына тоскоолдук кылган. Окуя кечээ, 23-октябрда болуп, жөө жүргүнчүлөр тарабынан тасмага түшүрүлүп калган. Мушташ эмнеден келип чыккандыгы азырынча белгисиз. Бишкек шаардык милициясы окуянын чоо жайын аныктоонун үстүндө иш алып барууда. Булак: NazarNews.kg

0 327

ОКУЯНЫН ЧОО ЖАЙЫ - Мирбек Сүйүнбаев: Бирөөнү урсам, аягы жаман аяктайт

23-октябрь 2019, 18:08 Аман Аскаров

Спорт сүйүүчүлөрү кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Мирбек Сүйүнбаевди жакшы билет. Атактуу “Гермес профи” спорт клубунда Александр Воиновдун алдында машыкчу. Кыргызстан үчүн рингде далай жолу “туруп” берди. Бирок жакында ага карата коңшулары тарабынан арыз түшкөндүгүн эшиттик. Анда спортчунун кошуналары Мирбек Сүйүнбаев алар баш калкалаган аймакка балдар аянтчасын куруп, ал ишке көмөктөшпөгөндөрдү ур-токмокко алып жаткандыгын маалымдашкан.

1 896

ВИДЕО - Эки аял менен жашаган Чубак ажыга КРнын мыйзамы оюнчукпу?

Видео 23-октябрь 2019, 17:10 Аман Аскаров

«Эки үй-бүлөм менен тең жашайм. Убактымдын баары тең бөлүштүрүлгөн. Оор эмес, бирок коомдо мындай түшүнүк калыптанбагандыктан, ар кандай ой-пикирлер айтыла берет экен» - дептир Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов. Эки аял менен тең жашай турган адам Кыргызстанда жоопко тартылышы керек негизи. Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча бир эркек, бир аял, бир үй-бүлө - деген принцип бар. Бул адамга мыйзамдын ...

0 333

Пенсионерлер бир тыйынга зар кезде, мэр Суракматов чиновнигин Лондонго эмнеге жөнөтөт?

23-октябрь 2019, 16:25 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештеги цирктин артынан Бишкек шаардык кеңешинде концерттик программалар башталды. Дегенибиз, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Аида Рысбаеванын наамына түшкөн арызга карабай, аны Лондонго иш сапары менен жөнөтүп жиберишкен. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Гүлнара Молдобаева коңгуроо кагууда. Кеп эмнеде? Көрсө, шаар бийлиги жылына бир жолу аз камсыз болгон ардагерлерге жөлөк пул төлөшү керек экен. Бөлүнө ...

0 97

Эски аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат

23-октябрь 2019, 15:10 Аман Аскаров

Бишкектеги эски борбордук аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алды. Бул чечимди кабыл алууда эл өкүлдөрүнө кошумча талкуу талап кылынган жок. Чечим 2020-жылдын октябрында ишке ашат. Белгилей кетсек, быйыл өлкөдө Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө каралган. Ал Кыргыз ССРин чейрек кылымдай убакыт башкарып, анын жетекчилиги алдында республикада далай маанилүү өнөр-жай, маданий, социалдык ...

0 319

ФОТО - Финпол "левый" бензин менен шугулдангандарды аныктады

23-октябрь 2019, 14:18 Аман Аскаров

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Бишкектин Ак өргө жаңы конушунда мыйзамсыз, уруксат кагаздары жок күйүүчү-майлоочу майларды сатып жаткан объектини аныкташты. Текшерүү маалында ал жерде эки миң тоннадай бензин чыккан. Бул жайда негизинен кардарларга АИ-92 маркасындагы бензин жана дизель майы сатылчу. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, Ленин райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн. Учурда Кыргызстанда күйүүчү майларга болгон баа ...

0 2224

ВИДЕО - Абайлаңыз! Уят сөздөр бар. Кыздар дагы ушунча мушташабы?

Видео 23-октябрь 2019, 13:04 Аман Аскаров

Кыздар бузулду, балдарыбыз бузулду – дейбиз. Кыздар дагы, балдар дагы, карыларыбыз дагы, бардыгы бузулду. Учурда коом өзү ооруга чалдыгып турат. Жогорудагы тасма шаардын борборундагы ири соода түйүндөрүнүн биринде тартылып алынган, мушташтын себеби белгисиз. Бирок, коом бузулгандыгынын далили. Булак: NazarNews.kg

0 449

Бишкектин мектептери министрликтин буйругун "уруп" ойнобойт, себеби "авторитет" башка

23-октябрь 2019, 12:21 Аман Аскаров

Билесиңер, конституция боюнча өлкөдө билим алуу акысыз болушу керек. Убагында, мугалимдердин айлыгы аз, жашоо-шарты начар деп атып, атайын көшөгө артында фонддорду түзүп дагы алганбыз. Фонд акыры барып отуруп, кадимки эле чоң бизнеске айланып кеткен. Миллиондогон акчалар жүгүрүп турат ал жерде. Ата-энелердин канын соруп бүткөн андай фонддор. Бирок далай мектеп жетекчилерин ийгиликтүү “жеке ишкерлерге” айланткан. Акыры мындай фонддордун ишмердүүлүгүн токтотуу ...

0 145

Көтөргөн маселеси актуалдуулугу, өзгөчөлүгү менен айырмаланган Жанар Акаев

23-октябрь 2019, 11:42 Аман Аскаров

Жанар Акаев деген бир «чыгаан» депутат бар Жогорку Кеңеште. Көтөргөн маселелери актуалдуулугу жана өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Бул жагынан сөз жок. Мына бүгүн дагы парламенттин жалпы жыйынында ички иштер министрлиги криминалга моюн сунуп берип салгандыгын айтып, анын айынан өлкөдөн инвесторлор качып жаткандыгын айтты. Чындыгында, укук коргоо органдары өтө чабалдыгынан ушундай абалга кептелип турат. Айрым учурда ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 413

ВИДЕО - Абайлагыла! Тилемчилер да догурунуп башташты

Видео 23-октябрь 2019, 11:11 Аман Аскаров

Заманың кургур, азыр эл менен бийлик эки жаат болуп калды. Экөө бирин-бири көргүсү келбейт. Бийлигиң өзүнүн көйгөйү менен алек, эл менен иши жок. Негизги санаасы - шайлоодо кантип керектүү саясий күчтү парламентке алып келүү керек дегендин үстүндө баш катырмай. Ал эми элчи? Эл дагы өзү менен өзү. Мындайча айтканда, ар ким алына жараша иш кылмай, педагогу сабагы менен, доктуру ...

0 158

Сайдулла Нышанов "Ататүрк" паркындагы жер тилкесин моюндады

23-октябрь 2019, 10:09 Аман Аскаров

Парламентте Сайдулла Нышанов деген депутат бар. Эл өкүлү деп айткандан дагы уяласың. Ошол депутат Бишкектин “Ататүрк” паркынын аймагында (жашыл зона) жер тилкеси бар экендигин моюндады, айтымында аны убагында бепбекер алган имиш. “Ар бир жаран өмүрүндө акысыз жер тилкелүү болгонго укуктуу, мен ошол укугуман пайдаланып, 2007-жылы жети сотых жер тилкесин алгам, ар кандай справкалар үчүн эле миң сомго чыгым болгом” ...

0 800

ВИДЕО - Лексустун айдоочусу беш унааны сүзүп уктап калган

Видео 22-октябрь 2019, 17:54 Аман Аскаров

Lexus 570 унаасынын айдоочусу катары менен беш унааны сүзүп, уктап калган. Белгилүү болгондой, жол тандастын айдоочусу мас абалында болгон. Окуя Казакстандын Караганда шаарындагы турак үйлөрдүн короосунда орун алган. Дароо ал жерге жергиликтүү тургундар видео камералары менен чыгып, окуяны ордунан тартып калууга үлгүрүшкөн. Андан соң полиция кызматкерлери келип, шопурду алып чыгуунун аракетин көрүшкөн, бирок ал укук коргоо органдарынын талабына ...

0 17687

ВИДЕО- Москвада полиция кызматкерлери кыргыз жаранын сабап, ал тасмага түшүп калган

Видео 22-октябрь 2019, 17:34 Аман Аскаров

Орусияда милиция кызматкери документ көрсөтүүдөн баш тарткан кыргызстандыкты сабап салды. Анын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда. Тасмада көрүнүп тургандай, полиция кызматкерлери кыргыз жаранын кафеден сүйрөп чыгып, буттарына тепкилешкен. Белгилүү болгондой, окуя Москванын Ленинград базарында болуп, укук коргоо кызматкерлери ал жерге “мигрант” аталышындагы операциянын алкагында барышкан. Бирок, эң кызыктуусу, Орусияда мигранттар менен ишти полиция кызматкерлери алып ...

0 554

Бакыт Төрөбаев Вангадан өткөн айтымчыбы? Парламентке төрт партия кайтат дейт

22-октябрь 2019, 16:39 Аман Аскаров

Жогорку Кеңеште сөздү оюнчук көргөн, пиарды жанындай сүйгөн  депутаттар толтура. Бирок, арасынан эң таланттууларынын бири Бакыт Төрөбаев өңдөнөт. Эми ал 2020-жылдан кийин парламентке келген депутаттардын иштөө мөөнөтүн кыскартыш керек – деп өзүнө упай топтогусу келди окшойт сыягы. Анын баамында алдыңкы эки-үч жылда эле эл жаңы шайланып келген депутаттардан тажайт имиш. Ошондуктан, кийинки парламенттин иштөө мөөнөтүн үч же ...

0 535

ФОТО - Орусиянын Канттагы авиабазасынан өзгөчө жүк ташылып кетти

22-октябрь 2019, 15:55 Аман Аскаров

Орусиянын Канттагы авиабазынан Москваны көздөй өзгөчө жүк бет алды. РФнын аскердик аба күчтөрүнүн Ил-76 аскердик транспорттук учагына үч жарым тонна Ысык-Көлдө өндүрүлгөн кыям жүктөлгөн. Ал жалпысынан жети миң банканы түзөт. Кыям кулпунай, карагат азыктарынан жасалган. Өзгөчө жүк алгач Москва облусуна бет алып, андан кийин Ярославль жергесиндеги кадеттик гимназияга берилет. Ал жерде 700гө жакын жетим бала билим алат. ...

0 539

Прокурорлордун иши эмне менен аяктаган?

22-октябрь 2019, 14:43 Аман Аскаров

Өткөн жылдын 23-декабрынан 24-декабрына караган түнү Балыкчы шаарынын прокурорлору жана жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери ортосунда мушташ болуп, ЖККББнын кызматкери жабыркаган. Кийинчерээк, бул иш боюнча башкы прокуратура “күч колдонуу менен кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлап, Балыкчы шаарынын прокурорунун эки жардамчысы кызматтан бошотулгандыгын маалымдаган. Ошондой эле, ички кызматтык териштирүү дайындалгандыгы айтылган эле. ...

0 220

ВИДЕО - Кытайдан бизге чочкого окшогон бейтааныш жандыктын эттери келеби?

Видео 22-октябрь 2019, 14:09 Аман Аскаров

Кыргызстан кызыктай эле өлкө. Тагыраагы аны жетектегендер, айрыкча өкмөтү. Дегенибиз биз агрардык өлкөбүз, өзгөнү болбосо дагы өзүбүздү өзүбүз айыл-чарба продукциясы менен толук камсыз кылганга дараметибиз жетет. Бирок учурда импорт-экспорт жаатындагы саясат эч түшүнүксүз. Кытай, Иран сыяктуу өлкөлөргө (жарым жылдай мурун Ирандын Мешхед шаарынан өтө алыс эмес жерден учак кулап түшүп, ал самолеттун ичинде Кыргызстандан барган эттер чыккан) биз экологиялык жактан таза эт ...

0 277

Молдомуса Конгантиевдин ысымы көчөгө ыйгарылды

22-октябрь 2019, 13:03 Аман Аскаров

Бишкек шаарынын кайсыл бир жаңы конушунун көчөлөрүнүн бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Мэрия болсо ал маалыматты тактап отуруп, Конгантиевдин ысымы “Көк-Жар” жаңы конушунан алыс эмес жердеги көчөлөрдүн бирине ыйгарылгандыгын аныктап, ал аймак Бишкек шаарына эмес, Аламүдүн районуна караштуу деп кутулушту. Бирок, көчөлөргө, географиялык объектилерге, кимдир бирөөнүн ысымын ыйгарууда, ...

0 807

ШОК! ВИДЕО - Аялы күйөөсүнүн эртеңки күнүн ойлоп...

Видео 22-октябрь 2019, 12:14 Аман Аскаров

Тойлордо кандай гана кызык нерселер болот. Ырдагандар, ыйлагандар, сыйлагандар, сырдашкандар, чырдашкандар толтура. Ал эми жогорудагы тасмада эмне болуп жатат деп ойлосоңор, кимдир бирөөнүн сүйүктүү жубайы жолдошу ашыкча “күчтүүдөн бастырып” албасын деп стакандагы арактын ордуна суу куюп, өмүрлүк жолдошунун эртеңки камын көрүп жатат. Булак: NazarNews.kg

0 233

Прокуратура Ташиевге сөөмөй кезеди

22-октябрь 2019, 12:15 Аман Аскаров

Негизи, Кыргызстандын саясий чордону Ош шаары болчу бир кездерде. Бирок, кийинки жылдары ал макамды Ош шаары Жалал-Абад шаарына өткөрүп берип салган. Бардык кызыктуу, бүйүр кызыткан окуялар ушул жерде. Албетте, локалдуу масштабда. Дегенибиз, эми Кочкор же Чолпон-Аталыктар үчүн Жалал-Абаддын саясий сахнасында эмне болуп жаткандыгы өтө деле кызык болбосо керек. Бирин-бири чукумай, бири экинчисин шыбамай, кайра туруп мактамай деген былыктардын баары Жалал-Абад шаардык мэриясы ...

0 515

Кыргызстан өткөн кылымга, Монголия келечекти карай багытта

22-октябрь 2019, 11:34 Аман Аскаров

2015-жылы Кыргызстан ЕАЭ биримдигине кирип алып, капканга түшүп калган. Бир четинен капкан деп деле айтуу кыйын. Бир топ эле артыкчылыгы бар. Болгону “эшегине жараша тушагы” – дегендей, бийлик төбөлдөрүбүздүн иш билгилиги төмөн, экономикалык көрсөткүчтөрдү алдын ала көрө албагандыгынын айынан биримдик бизге орго айланды. Мына, баарыбыз билгендей жаңы жылдан кийин Кыргызстанга чет өлкөдөн кире турган автунааларга бажы төлөмү асманды чапчыйт деп, таманыбыздын ...

0 283

Өзү менен бирге элди түн уйкудан ойготкон Абдырахман Маматалиев

22-октябрь 2019, 10:28 Аман Аскаров

Абдырахман Маматалиев деген популист өңдөнгөн вице-премьер-министр бар эле убагында. Өкмөт башчынын орун басары болгонго чейин депутат болгон. Эстедиңерби? Эми ошол агабыз бүгүн ойгонгонсуп, өлкөдө чиновниктердин саны көп, бири-бирин кайталаган органдарды кыскартыш керектигин айтып калыптыр. Өзү депутат болуп жүргөндө эмнеге ушул маселени кабыргасынан койгон эмес? Өкмөт мүчөсү болуп жүрүп деле “балык” болуп иштемиш эткен. Албетте, маселе абдан маанилүү. Кыргызстанда карапайым элден ...

0 178

Кыргызстан ФИФА рейтингинде үч баскычка жогорулады

22-октябрь 2019, 10:07 Аман Аскаров

ФИФАнын рейтинги боюнча Кыргызстан курама командасы 94-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Football-rankings.info кабарлайт. Анын маалыматы боюнча Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунда эки оюн өткөрүп, экөөндө тең жеңишке жеткендиги ФИФАнын рейтингинде жогорулаганга мүмкүнчүлүк түзгөн. Буга чейин улуттук курама команда 97-орунда болсо эми 94-орунга жогорулады. Белгилей кетсек, 10-октябрда Александр Крестининдин ...

0 329

Тамашасы жок! Кайрат Кыргыз парламенттик шайлоого катышат

22-октябрь 2019, 09:49 Аман Аскаров

Кайрат Кыргыз деген бир "көп кырдуу", опурталдуу талант бар биздин шоу бизнесте. Эмне жөнүндө ырдайт, ырынын мааниси эмнеде экенин эч ким деле түшүнө бербейт. Эми ошол жигит келээрки парламенттик шайлоого катышмай болуптур. Жада калса бир нече саясий партиядан дагы сунуш түшкөн имиш. Биздин саясий элитанын деңгээлин эске алганда ага таң калып деле кереги жок. Таң калычтуусу ал азыр ...

0 268

Сарамжалдуу Жээнбеков же...

21-октябрь 2019, 17:39 Аман Аскаров

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Японияга учуп кеткендигин билебиз. Кабарланды жакшы эле. Ал Токиого Япониянын жаңы императорунун такка отуруу иш чарасына катышмак. Бирок, Жээнбеков Токиого кадимки эле каттам менен учуп барган. Мына кызык, алыскы сапарларга өлкө лидерибиз ар дайым кадимки каттам, ал эми жакынкы сапарларга “Борт№1” менен учуп жүрөт. Эмнеге? деген суроо туулат. Же чындыгында президентибиз өтө сарамжалдуу адам же болбосо ...

21-октябрь 2019, 17:39 | 268
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 123

Кыргызстандагы тоо чокулары дагы бир ысым менен толукталды

21-октябрь 2019, 16:54 Аман Аскаров

Тоо чокулардын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилди. 20-октябрда Жаштар иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев башында турган кыргызстандык альпинисттер Кыргыз Ала-Тоосунун борборундагы («Салык» мөңгүсүнүн жанындагы) бийиктиги 4 миң 650 метрге жеткен мурда аты жок болуп келген чокуга чыгып, ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактаны орнотушту. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун ...

0 447

ФОТО - Казакбаев, Бекназаров жана Үмөталиеванын тоюнун айырмачылыгы эмнеде?

21-октябрь 2019, 17:07 Аман Аскаров

Эки-үч жума мурун депутат Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү үлпөт тою болуп, ал жерге үлкөндөр, зеги менен экси, позиция менен оппозициясы бир стөлдөн даам сызып, тимеле жыргашкан. Эми кечээ тарыхый дагы, салттуу дагы “экстердин экси” Азимбек Бекназаров уулун үйлөдү. Ал жерге деле баягы “табакташтар” чогулду. Арасында бардыгы бар, эми ассорти деп да койсо болот. Бул эки ...

0 336

ФОТО - "Кудай буюрса" - дей берген жетекчилердин сөзү кудайга жетпей жатат

21-октябрь 2019, 16:53 Аман Аскаров

 “Кыргызстан туризмдин мекени, экинчи Швейцария” – деп убагында оозду көптүргөнбүз. Сөз жок, жаратылыштын сулуулугу, ажайып кооздугун жараткан өзү эле жаратпаса башка эч кимдин колунан келбейт. Бирок, сервисти ким куруш керек эле? Ким даараткана, эс алуу жайларындагы тейлөөнүн сапатын жеткиликтүү деңгээлге жеткирүүгө милдеттендирилген, жоопкерчелигин алган? Аны дагы жаратканбы? Негизи, биздин жетекчилер “Кудай буюрса” – деген сөздү көп колдонот, бирок буюрбай жатпайбы ...

0 276

Казак "эмири" Айсултан Назарбаев жазасын алды

21-октябрь 2019, 15:43 Аман Аскаров

Казакстан Сенатынын башчысы Дарига Назарбаеванын 30 жаштагы уулу Айсултан Назарбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылды. 30 жаштагы Нурсултан Назарбаевдин небересине Лондондун соту бир жылдык мөөнөт чегерди. Андан сырткары, ал 140 саат коомдук ишке жана милдеттүү түрдө 20 жолу баңги зат илдеттен арылтуу сессиясына катышы керек. Сот аны менен эле чектелбестен, соттолучуга акчалай дагы айып салды. Ал жабырлануучулар тарапка жалпы жонунан 6 миң ...

0 759

Жарым жылда, бир ишканада, эки жетекчи дүйнө салды

21-октябрь 2019, 14:12 Аман Аскаров

“Электр станциялар” ишканасынын башкы директорунун орун басары Азамат Жоотуманов дүйнө салды. Ал болгону 39 жашта болчу. Артында төрт баласы калды. Айрым маалыматтарга караганда ал жүрөк оорусунан улам көз жумган. Жоотуманов ушул жылдын 13-сентябрынан тартып капиталдык курулуш жана инвестициялык долбоорлор боюнча ишкананын директорунун орун басары болуп келген. Белгилей кетсек, ушул эле жылдын март айында “Электр станциялары” ишканасынын директору Аскар Эшимбеков ...

0 4334

ҮРӨЙ УЧУРГАН ВИДЕО - Жеке ишкердин сөөгүн казып алуудагы тасма жарыяланды

Видео 21-октябрь 2019, 13:20 Аман Аскаров

Жеке ишкер Хуфур Абдурахемандин сөөгү кылмышкерлер көрсөтмө бергендей эле Кочкор районунда табылган. Маркумдун денесин казып алуу учурудагы видео жарыяланды. Эске салсак, дээрлик 15 күн дайынсыз болуп, туугандары жана милиция тарабынан изделип жаткан Бишкектеги “Мадина” кафесинин ээси, 38 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылган. Бишкек ШИИББи берген маалыматка ылайык, Свердлов РИИБинин кызматкерлери спецназ менен биргеликте кылмышка шектүүлөрдүн изине ...

0 283

Атамбаевдин саламаттыгы өгүздүкүндөйбү?

21-октябрь 2019, 12:21 Аман Аскаров

Кызык эй, ушул темир тордун артына баргандардын арасынан мурдагы президент, учурдагы бир топ оор кылмышка шектелип жаткан Атамбаевдин эле ден-соолугу өгүздүкүндөй окшойт. Бир кыңк дебей жатат. Тобоо, чын, буга чейин андай жерге түшүп калган көп эле саясатчылар ооруп, мурдунан суу агып, өлүмүш болчу эле. Ошол эле Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев ж.б. толгон токойлор. Жада калса жапжаш, чүкөдөй ...

0 96

Айдоочулардын теңинен көбү жол эрежесин билбейт

21-октябрь 2019, 11:39 Аман Аскаров

Бишкекте эмне көп? Унаа тыгыны көп. Унаа тыгыны бир эле жолдордун тардыгы же белгилердин жоктугунан эле эмес, ага айдоочулардын жеке күнөөсү дагы бар. Себеби, көп учурда унаанын рулуна отурган адам кадимки эле негизги жол эрежелерин да билбейт. Ал эми көлөмү чоң коомдук транспорттун айдоочусу жол эрежесин билбесе эмне болот? Тыгын ого бетер көбөйөт. Ошондуктан, шаар жетекчилиги коомдук транспорттун айдоочуларынан ...

0 442

Көрдөн алдын ала орун даярдаган Рамзан Кадыров

21-октябрь 2019, 10:53 Аман Аскаров

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Сириядагы ислам мамлекетинин согушкерлери Түндүк Кавказга келе турган болсо анда аларга көр белек кыла тургандыгын “Биринчи каналдын” эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда террордук топтор менен күрөшүү үчүн аймакта атайын жоокерлердин  бөлүгү түзүлгөн. -Эгерде ислам амлекетинин мүчөлөрү Кавказга келебиз деген ниети болсо, Кудай жалгасын. Аларды тосуп алабыз. Алар үчүн мүрзөдө орундар дагы даяр” – деген чечен ...

0 127

Жакырбыз дегендерге арданышат

21-октябрь 2019, 10:36 Аман Аскаров

 “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” – дегендей, Кыргызстан жакыр өлкө. Туура эмес багыттабыз деген аналиктиктерге бийликтегилер арданышат. Жыйынтык чыгаргандын ордуна болбой эле “өнүгүүнүн жолундабыз” – деп карганышат. Эми жергиликтүү эксперт, экономисттерге ишенбесеңер беделдүү Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө ынанарсыңар! Аталган уюмдун анализине ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын айрым аймактарында жакырчылык 40 пайыздан ашат экен. Негизинен анализдерге ылайык жумушсуздукту жана жакырчылыкты жоюуда жыйынтык бар болуп чыкты. Бирок ал ...

21-октябрь 2019, 10:36 | 127
0 63

Кылымдарды карыткан таза суу маселеси

21-октябрь 2019, 10:02 Аман Аскаров

Учурда Кыргызстандын аймагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан 205 миллион долларлык 12 долбоор ишке ашырылып жатыптыр. Негизги үч багытта экен. Аны аталган агенттиктин жетекчиси Бекжан Супаналиев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын комитет жыйынында айткан жайы бар. Андагы үч негизги багыт - таза сууну камсыздоо жана санитария кызматы менен анын сапатынын жеткиликтүүлүгү – 102 миллион доллар, айыл чарбасын өнүктүрүү – ...

0 710

ВИДЕО - Ошто индиялык жана пакистандык студенттер мушташты

Видео 21-октябрь 2019, 10:17 Аман Аскаров

Ош шаарында чет элдик студенттер бири-бири менен мушташа кетти. Айрым маалыматтар боюнча мушташ индиялык жана пакистандыктардын ортосунда орун алган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул иш боюнча иликтөө болоорун билдирди, бирок азырынча эч ким арыз менен милицияга кайрылган эмес. Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосунда да байма-бай чыр-чатак болуп турат.  Булак: NazarNews.kg

0 125

СҮРӨТ - "Эркин Тоонун" тагдыры. Акчалуулар чыкканда талкалап коюш бат эле

12-октябрь 2019, 13:40 Аман Аскаров

Киев жана Эркиндик бульварынын кесилишиндеги “Эркин Тоо” имаратын билбеген шаардык жок. Анын имараты 1931-жылы курулган. Союз мезгилинде бул жерден гезит, журналдардын басымдуу бөлүгү басалып чыгып, жарык көргөн. Ошол себептен дагы “Эркин Тоо” типографиясы деп аталып калса керек. Убагында шаардын “тарыхый архитектуралык мурасы” макамы берилип, 2015-жылы ал макамды алып салышкан. Эмнеге алып салгандыктары эми түшүнүктүү болуп турат. Себеби, “тарыхый архитектуралык ...

0 372

ШОК! ВИДЕО - Кыргыз ардагер балбан атаандашын "вертушкага" чапты

Видео 12-октябрь 2019, 13:07 Аман Аскаров

Грузияда ардагерлер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат.  “Мурдагы чекист, мурдагы опер же мурдагы спортчу болбойт” деген сөз чын экен. Кыргызстандын курамасындагы Караев аттуу ардагер спортчубуз венгриялык атаандашын анча-мынча жаш балбандар жасай албаган “вертушка” ыкмасына салып ыргытты. Албетте, жеңишти дагы камсыз кылды. Айрымдарынын ооздору ачылып отурат... Булак: NazarNews.kg

0 542

СҮРӨТ - Эл кыжырланып турганда ого бетер кыжырга тийгендер

12-октябрь 2019, 13:12 Аман Аскаров

- Жекшемби күнү, 6-октябрда ЖКнын айрым депуттары жана өкмөт мүчөлөрү, «Көк бөрү» федерациясынын өкүлдөрү, журналисттер жана шоу-бизнес жылдыздары менен бирге футбол боюнча мелдешке катышып, убакытты көңүлдүү өткөрдүк. Социалдык тармактарда “Кыргызстан” партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев ушул сүрөттөрү менен эле мактанып бүтпөй койду. Жакында эле аталган саясий күч өзүнүн съездин өткөрүп, өзүнчө эле бир концерт болгон. Урматтуу, Канат ...

0 1156

Ирак, Сириядагы кыргызстандык наристелер алынып келинет, ар бирине 400 доллар төлөө зарыл

12-октябрь 2019, 12:13 Аман Аскаров

Сирияга ата-энелери тарабынан, алып кетилген бойго жете элек балдар Кыргызстанга алынып келинет. Жакын арада Бишкектен Багдадга 17 адамдан турган ведомстволор аралык топ жөнөйт. Алар ушул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Учурда Ирактын түрмөлөрүндө 55 аял жана 78 кыргызстандык бойго жете элек бала кармалууда. Алар Сириядагы жарандык согушта ислам мамлекети террористтик уюмунун катарында согуш жүргүзгөн согушкерлердин аялдары жана балдары. Аталган ведомстволор ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 323

ВИДЕО - Эмне деген шумдук? Кырсык болсо ким жооп берет?

Видео 12-октябрь 2019, 13:11 Аман Аскаров

Бизде убагында кимдир бирөөнө кызмат жетпей калып Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция деген орган ачылган. Функциясы эмне экенин деле билсейсиң. Өзүдөрү деле ыйгарым укуктарын аягына чейин түшүнө бербейт. Бир туруп санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, бир туруп архитектура, курулуштун, бир туруп экологдордун ыйгарым укуктарын жыйнап алгандай. Бир сөз менен айтканда -  түшүнүксүз орган. Алсак, Бишкекте курулуш компанияларын санап бүтө албайсың тимеле, жамгырдан кийинки козукарындай ...

0 187

СҮРӨТ - Келемиштер ташыган алтынды спортчулар кайра кайтарып жатат

12-октябрь 2019, 10:32 Аман Аскаров

Акыркы күндөрү, жок акыркы жылдары, жок, эгемендүүлүк алгандан бери саясатчыларыбыз, чиновниктерибиз, депутаттарыбыз, аким, айыл-өкмөтү, мэрлер чалкасынан кетип эле баратат, кетип эле баратат. Депутаттардын кейпи тигил, өкмөт мүчөлөрүнүкү андан келишкен. Мындайча айтканда “мокочо”, андан башка сөз жок. Бирок, спортчуларыбыз мамлекеттин ушундай мышык ыйлаар абалына карабай болгон аракетин жумшап, жок дегенде ушулар өлкөнү эл аралык аренада намысын коргоп келе жатат. Болбосо, ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83