![]() |
Аман Аскаров
NazarNews порталында башкы директор жана журналист... |
Кийинки убакытта бардыгы эле спортчуларга жабышты да калды. Айрыкча саясатчыларың дал ушул спортчулардан чеп кургандай. Ар кимиси алына жараша бир федерация менен мамиле кургусу келет. Бул эмнеден болду экен? Жакшылап ойлонуп көрсөң, чиновник, бизнесмендериң келечегин ойлоп, алардан колдоо күтөт окшойт. Алардын катарынан Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков дагы кем калышпайт. Бул үлкөн адам ...
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук отурум өтүп жатат. Бирок ага мурдагы премьер-министр Сапар Исаков келбей жаткан. Аны бүгүн айла жок, күч колдонуп алып келүүгө туура келди. Алып келгени менен кийин ал конвойдун бөлмөсүнөн чыгууда баш тарткан. Анын “дарты” модернизациялоо ишиндеги башка айыпталуучуларга дагы жугуптур. Исаковдун артынан ...
Эл Жогорку Кеңештин жүзүн жакшы эле билип калды. Бул чакырылыштагыдай наадан, чыккынчы, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан өзүнүн кызыкчылыгын жогору койгон, саткын парламент кыргыз тарыхында дегеле болбосо керек. Анын далили катары төмөндөгү видеону сунуштайбыз. Анда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулейманов башкы ролдо. Сүйлөсө тимеле тили менен буудай кууруйт. Эптеп эле бирөөнө асылып, атын чыгарганды жакшы көрөт. Тасмада ...
Адамдар күнүмдүк турмуш деп атып, бири-бирин байкабай калды. Айтсак, кечээ күнү Инстаграмм социалдык тармагына бир видео жүктөлдү. Видеонун авторунун айтымына караганда, Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүнүн боюнда өлгөн адамдын сөөгү 3-4 күн жаткан. Ага эч ким көңүл бурган эмес, милиция же "Тез жардамды" эч ким чакырган эмес. Маалыматка караганда, видеонун автору жерине "Тез жардамды" чакырып, келген дарыгерлер ...
Өткөн аптада Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин кызматкери 10 000 сом пара менен кармалган. Ал иште дагы кызыктуу жагдайлар ачыкка чыгууда. Көрсө, пара менен кармалган кызматкер жабырлануучуга интимдик байланышка барууга да мажбурлаган экен. Анысы аз келгенсип, жабыр тарткан келиндин унаасын өзүнө каттатууга сунуш кылгандыгы белгилүү болуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири укук коргоо кызматындагы булактарына таянып жазып чыкты.
18-октябрь күнү “Манас” эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаалардын биринин багажнигинен адамдын сөөгү табылган. Жергиликтүү басылмалардын бири укук коргоо кызматындагы булактарына таянып ал кылмышка шектүү адам колго түшүрүлгөнүн жазып чыкты. Такталбаган маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү жаран мындан 3 күн мурун кармалган. Ал буга чейин жашы жете элек кызды зордуктоо жана башка кылмыштар менен бир нече ирет ...
“Боло берет турмушта, особенно кыргызда” – деген сөз бар эл арасында. Чындыгында, эл кайдан алмак эле мындай сөздөрдү? Турмуштан алат да. Дегенибиз, жакында мамлекеттик бажы кызматына жаңы жетекчилер дайындалды. Алардын бири Замирбек Карашев. Буга чейин ал “Северная” темир жол бажысынын, андан кийин “Манас” бажысынын жетекчиси болгон. Эми эң кызыгы, жанагы “боло берет баары да” ...
Ушул жылдын 7-июль күнү Ысык-Көлдүн Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы кандуу жол кырсык катталган. Анда BMW X7 жана Lexus ES 330 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, акыркы унаадан дароо төрт баланын кырчындай өмүрү кыйылган. BMW X7де депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков болгон. Рулду дагы ошол бала башкарып бара жаткан дегендер бар. Бирок, кийинчерээк рулду Элдияр Халмурзаев аттуу жаран ...
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду бүгүн сотко күч колдонуп алып келишти. Буга чейин “эрке баланын” эркелиги кармап, сотко келүүдөн баш тартып жаткан. Бул эмнеси? "Атасы" Атамбаевди туураганыбы деп көбү таң калып отурушкан. Деги Бишкектеги жылуулук электр борборундагы коррупциянын бети ачылышы керекпи? Же кылымдарга узаган дастан бойдон калып кете бермек беле? Аны сотко УКМК кызматкерлери алып келген, бирок ...
Орто Азия жана Кавказдагы эң коопсуз, криминал жана атаандаштыкка туруктуу шаарлар аталды. Изилдөөнү казакстандык ISPG аналитикалык командасы жүргүзгөн. Аймактагы эң криминалдуу шаар болуп Алматы шаары аныкталды. Андан кийинки сапта Нур-Султан шаары. Негизинен Казакстандын шаарларынын басымдуу бөлүгү кооптуу болуп табылды. Ал эми эң коопсуз шаарлар Ашхабад жана Тбилиси калаалары экендиги белгилүү болду. Андан сырткары коопсуздугу боюнча Өзбекстандын бир ...
Футбол боюнча кадимки эле аймактык клуб “Нефтчи” командасы өзүнүн тарыхында биринчи жолу өлкөнүн чемпиону болду. Кечээ, 27-октябрда Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн беттеш өттү. Анда борбор калаанын “Дордой” жана Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” командалары кезигишкен. Жыйынтыктоочу эсеп 1:0 эсебинде "Нефтчинин" пайдасына чечилди. Бишкектин “Дордой” командасы өз тарыхында 10 ирет чемпион болгон. Кочкораталык клубдун ...
Өткөндө эле шаардын эки каттамындагы маршрут салонун жүргүнчүлөргө толтуруп алып, бири-бири менен кубалашмак ойноп, андан кийин мушташа кеткенде, коом ооруга чалдыкканын жазганбыз. Адреналин жетишпей жатат. Мына көп өтпөй анын дагы бир далили. Шаар тургуну дааратканага жетпей калганбы, айтор ким билсин, өзүнүн муктаждыгын көчөдөн эле жайгарган. Ал үчүн ыңгайлуу дагы жер тапкансып, өзүнө тимеле ыраазы. Тапкан ...
Коом “айнып” баратат десек жаман көрүшөт. Күндө кандайдыр бир кызыктуу, көп учурда акылга сыйбас окуяларга күбө болмоюнча тура албай калдык. Организм “дозаны” талап кылып калды. Кечээ, 25-октябрь күнү кечке маал шаардын борбордук бөлүгүндө 100 жана 102-маршруттун айдоочулары салонду жүргүнчүлөргө толтуруп алып, жарышка түшкөнү кандай? Андан кийин бири экинчисинин бусигин чийип алса, көчөгө чыгып алып, оозго алгыс ...
Забайкалье аймагындагы Горный айылында аскердик бөлүктө чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерин жана эки офицерди атып салган солдат кадамынын негизги себептерин атады. Колго түшүрүлгөн жоокер окуя тууралуу эч өкүнбөй тургандыгын айтып, кылган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартууга моралдык жактан даяр экендигин билдирген. Андан сырткары, ал каргашанын негизги себеби – уставдык эмес мамиледен келип чыккандыгын айткан. Жөнөкөй тил менен айтканда ...
Real Time 312 Фейсбук баракчасында кызыктуудай бир макала жарык көрдү. Окуп чыксаң ар ким өзүнүн ой-жүгүртүүсү жана дүйнө таанымына жараша жыйынтык чыгарса керек. Автор бул мыйзам долбоору колдоого алына турган болсо Кыргызстан келечекте Украинанын кейпин кийип калышы мүмкүн дегендей бир ой калтырыптыр. Бул эмнеси? Эскертүүсүбү же алдын ала коомчулукка “үчүнчү күчтөрдүн” сөөмөй кезегендигиби? Андай боло турган болсо, буга чейин “үчүнчү ...
Кыз- келиндер арасындагы футбол боюнча WAFF чемпионатында “Араб православдык клуб” жана Иорданиянын “Шабаб аль-Ордон” командалары ортосундагы беттеште иорданиялык футболчу оюн учурунда кокустуктан каршылашындагы мусулман кыздын башындагы хиджабын чечип алган. Андан соң, иордания клубунун оюнчулары дароо абалды жеринен талдай калып, каршы команданын оюнчу кызы хиджабын түздөө үчүн аны тегеректеп туруп калышкан. Бул кадам менен алар мусулман ...
Токмок шаарына жакын үрөй-учурган жол кырсыгы катталды. Анын видеосун жарандык активисттердин бири өзүнүн Инстаграмм баракчасына жүктөгөн. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдагандай, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы жол кырсыгы тууралуу маалымат аларга 25-октябрь саат 16:40да келип түшкөн. Анда Toyota Camry унаасы батыштан чыгышты карай кетип бара жатып, айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги тосмону сүзүп алган. Кырсыктан баш-аягы 5 ...
Өлкөдө кадимки эле бензин “лихорадкасынын” эпидемиясы жүрүп жаткандай. Бул апта мыйзамсыз ташылып келген бензин, дизель майына экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (финпол) аңчылык жарыялап, анысы жемиштүү жүрүп жаткандыгын байкасак болот. Эми гана “үүх” деп эс ала түштүк эле, аткезчи ишкерлер Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Чалдыбар - Автожол” өткөрмө пунктунан дагы “доза” өткөрөлү деген ...
Бишкек шаары Кыргызстандын борбор калаасы. Бишкектин мэри Суракматов кыштан кантип чыгабыз, эки-үч чакырым жолду кантип жамайбыз, жаңы конуштарга кантип электр жарыгын тартып барабыз? - деп баш катырып отурганда, коңшу Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын мэри президент Шавкат Мирзиёевди жаңы курулуп бүткөн “Дустлик-2” жана “Охагарон” метро станциялары менен тааныштырып жүрөт. Эки станция кошулган жер алдындагы транспорттун жалпы линиясы 7 чакырымды түзөт. Ал “Сергеле” ...
Бишкек шаардык мэриясына караштуу “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы бар. Жай мезгилинде шаарды тимеле көрктөндүрүп, көздү уялтышат. Кышка жакын шаар ичиндеги куураган бак-дарактарды кыйып, ирээттеп, тыпыйтып тизип, анан эмне кылат? Туура, сатат! Болгондо дагы кардарлары суукта үшүп калбайлы деген кемпир-чалдар. Негизи биз билгенден пенсионерлердин аярлуу катмарына шаар бийлиги колдоо көрсөтүп, отун-суусуна колдоо кылып, кыш камылгасына жөлөк болот деп жүрүптүрбүз. Көрсө андай эмес экен. ...
Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы (финпол) тарабынан Кең-Булуң айылында узундугу үч чакырымга барабар жер астында көмүлгөн түтүктөр табылгандыгы тууралуу NazarNews.kg күн мурун жазган. Аны андан ары иликтөө жана изилдөө иштери каякка алып келгенин билесиздерби? Токмок шаарынын Пионерлер көчөсүндөгү короолордун бирине алып келип, ал жерден финполдун кызматкерлери көргөн көздөрүнө ишенишкен эмес. Короонун аймагынан оперлер электр насосторун, түтүктөрдү ...
Ушул жылдын 7-июль күнү Ысык-Көлдүн Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы кандуу жол кырсыкка BMW X7 унаасынын катуу ылдамдыгы себепкер болгон. Мындай бүтүмдү автотехникалык эскпертиза чыгаргандыгы белгилүү болду. Ал тууралуу маалыматты Ысык-Көл ОИИБ жергиликтүү маалымат булактарынын бирине берген. Анда BMW X7 жана Lexus ES 330 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, акыркы унаадан дароо төрт адам мерт кеткен. Ал эми жол тандабастагы жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген. Алгач ...
Сусанна Егорян аттуу кыргызстандык кыз, “Miss Asia World – 2019” эл аралык сулуулар сынагын жеңип келбеди беле жакында. Бул жаңылык коомчулуктун көңүл сыртында калып, ал сулуу Инстаграмм баракчасына “жарандыгымды алмаштырам” деп тултуйганда, таарынычын эптеп-септеп атып Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев кат жазып баскан. Жакында ал barsmеdia га интервью берип, жарандыгын алмаштырам деген сөз ачуулуктан келип чыккандыгын айтып, бирок моделдик бизнес ...
Орусиялык саясатчы, мамлекеттик думанын “түбөлүктүү” депутаты Владимир Жириновскийди КМШ өлкөлөрүндө билбеген жан жок болсо керек. Бир туруп кесиптештерин сөксө, бир туруп журналисттер менен кайым айтышат. Дагы бир учурда энеден туума жылаңач болуп чилдеде муздак сууга түшөт. Кыскача айтканда, оюнда эмне бар экендигин аңдып билүү мүмкүн эмес. Ал бул ирет дагы бир өзгөчөлөндү. Же болгону карылык келди, акылга келейин дедиби, алыскы шамандарга ...
Кыргызстанга Өзбекстан жараны мыйзамсыз жол менен 600 миң доллардан ашуун акчаны киргизүү аракетин көргөн. Бирок анын көздөгөнү ишке ашпай, коңшу өлкөнүн күч органдары тарабынан кармалган. Окуя “Наманган-Касансай” автожолунда болгон. Анда Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери шектүү унаанын токтотуп, аны текшерүүгө алганда, ичинен 600 миң доллардан ашуун накталай акча чыккан. Акча алып бараткан адам аны Кыргызстандагы кайсы бир үлкөнгө ...
Бишкектеги жылуулук электр борборундагы коррупция иши боюнча айыпталып, абакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков камерадан чыгуудан баш тартып, бул жолку соттук отурумга катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, айыпталуучулардын адвокаттары бүгүн мажбурлоо түрүндө эки күбөнү соттук отурумга чакыртууну өтүнүшкөн экен. Алар соттук-экономикалык жана соттук-курулуш эксперттери. Буга чейин прокуратура дагы эки экспертке тең соттук ...
“Манас” эл аралык аэропортунда сөөгү табылган жаран Түркияга акча ташуу менен алектенген. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагы маалымдаган. Андан сырткары, маркумдун эгизи дагы бар жана дал ошол бир тууганы менен иш алып барчу. Киши колдуу болгон К.Х. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу совхоз Фрунзе айылында жашагандыгы айтылат. Улуту - уйгур. Эске ...
Жакында Аламүдүн районунун Алтын-Ордо конушундагы көчөлөрдүн бирине 2008-2010-жылдары ички иштер министрлигин жетектеген Молдомуса Конгантиевдин ысымы берилгендиги тууралуу маалымат тараган. Ал жаңылык коомдо кызуу талкууга алынып, далай талаш-тартышты дагы жаратканга үлгүрдү. Бул боюнча Конгантиев жергиликтүү маалымат агенттигинин бирине өз оюн билдирип, ал боюнча кабарды жакында эле уккандыгын айтып, негизинен ысымы кайсыл бир көчөгө ыйгарылгандыгына каршы эмес экендигин билдириптир. "Көчөгө атым ...
Кечээ 23-октябрь күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Лермонтов жана Обводной каналы көчөлөрүнүн кесилишинде Renault жана Volkswagen үлгүсүндөгү унаалар кагышып, анын кесепетинен унаалар жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөккө сүрүлүп барып, адамдарды сүзүп кеткен. Жыйынтыгында 7 жөө жүргүнчү жана бир айдоочу жабыркаган болчу. РИА Новости маалымдагандай, шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан “жол эрежесинин тартибин бузуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бардык жагдайлар иликтенип ...
Бүгүнкү парламенттик жыйында сот, криминал, адилетсиздик тууралуу көп сөз болду. Муну өлкөдөгү акыркы криминагендик кырдаалды эске алганда орундуу деп бааласа болчудай. Жанар Акаевдей эле бул маселени депутат Урмат Самаев дагы көтөрүп чыкты. Анын айтымында, 2016-жылы Кегети капчыгайында 29 жаштагы Жакшылык Дүйшалиев аттуу жаран мыкаачылык менен өлтүрүлүп, кылмышкерлер сөөгүн өрттөп салышкан. Милиция көп өтпөй кылмышка шектүү деп эки ...
Быйыл Бишкек шаарында кытай грантынын эсебинен бир нече чакырым жол оңдолуп, айрым учурда жаңы курулуп жаткан жолдун ордуна турак-жайлар жайгашып, алар түрттүрүлгөндүгү эсиңерде болсо керек. Ал кыймылсыз мүлктү албетте, шаар бийлиги барып эле түрттүрүп салбайт. Ал үчүн кыймылсыз мүлктүн ээси менен үйдү, жер тилкесин баалоо деген процедура болот. Бул боюнча бүгүн парламенттик жыйында депутат Марат Аманкулов сөз кылды.
Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев соттордун ишин көзөмөлдөө керек деген пикирин билдирди. Себеби, милиция же башка күч түзүмдөрү кылмышкерлерди кармап бергени менен, алар бир-эки жылга жетпей соттордун чечими менен боштондукка чыгып кетип жаткандыгына нааразы болду. Чындыгында, жагдай ошондой. Акыркы учурдагы бүйүр кызыткан бир эле мисал келтирели. Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаары боюнча автотранспортторду каттоо ...
Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы (финпол) тарабынан Кең-Булуң айылында узундугу үч чакырымга барабар жер астында көмүлгөн түтүктөр табылды. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты. Ал түтүктүн жардамы менен Казакстандан күнүнө мыйзамсыз жол менен болжолдуу түрдө 100 тонна күйүүчү майды өткөрүп турушкан. Андан сырткары, күйүүчү майларды андан ары сатууга даярдоо үчүн курулган атайын кампа, кампанын ичинен май ...
Кыргызстанда чет элдик жарандарга билим берген медициналык окуу жайлар салыкты жетиштүү түрдө төлөбөй жаткандыгын эл өкүлү Аида Исмаилова парламенттин бүгүнкү жыйынында айтып чыкты. Анын маалыматы боюнча, бул багытта билим алган чет элдиктер чоң каражат төлөп билим алышат. Айтсак, алардын бир жылдык билим алуусу 150 миң сомго чейин жетет экен. Аны тактоо үчүн депутат Исмаилова мамлекеттик ...
Коомубуз эмне болуп баратат? Эки күндүн биринде мушташ, адам өлтүрүү, бирөөнү зордуктоо болуп кетти. Эми жоокерлер дагы аскердик кызматтан кача баштады. Ооба, буга чейин эле аскерден качкандар болгон. Бирок, чек араны кесип, башка өлкөгө качып кеткендер болбосо керек. Дегенибиз, Ошто Башкы штабдын кургактагы аскерлеринин бир жоокери качып кетти. Качканда дагы коңшу Өзбекстандын аймагына качкан. Маалыматка ылайык, Э.А ...
“Манас” эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан 40ка чамалап калган адамдын жансыз денеси табылды. Белгилүү болгондой, ал 22-октябрда аэропортту көздөй кеткен боюнча дайыны чыкпай жаткан. Эртеси анын тынчсызданган иниси укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылып, көп өтпөй инисинин жансыз денеси аэропорттун унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаалардын биринин багажынан табылган. Такталбаган маалыматтар боюнча, өлтүрүлгөн адам биринчи жерден экинчи ...
Бишкектин Жаш Гвардия бульвары жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде төрт адам мушташып, алар автоунаалардын кыймылына тоскоолдук кылган. Окуя кечээ, 23-октябрда болуп, жөө жүргүнчүлөр тарабынан тасмага түшүрүлүп калган. Мушташ эмнеден келип чыккандыгы азырынча белгисиз. Бишкек шаардык милициясы окуянын чоо жайын аныктоонун үстүндө иш алып барууда. Булак: NazarNews.kg
Спорт сүйүүчүлөрү кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Мирбек Сүйүнбаевди жакшы билет. Атактуу “Гермес профи” спорт клубунда Александр Воиновдун алдында машыкчу. Кыргызстан үчүн рингде далай жолу “туруп” берди. Бирок жакында ага карата коңшулары тарабынан арыз түшкөндүгүн эшиттик. Анда спортчунун кошуналары Мирбек Сүйүнбаев алар баш калкалаган аймакка балдар аянтчасын куруп, ал ишке көмөктөшпөгөндөрдү ур-токмокко алып жаткандыгын маалымдашкан.
«Эки үй-бүлөм менен тең жашайм. Убактымдын баары тең бөлүштүрүлгөн. Оор эмес, бирок коомдо мындай түшүнүк калыптанбагандыктан, ар кандай ой-пикирлер айтыла берет экен» - дептир Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов. Эки аял менен тең жашай турган адам Кыргызстанда жоопко тартылышы керек негизи. Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча бир эркек, бир аял, бир үй-бүлө - деген принцип бар. Бул адамга мыйзамдын ...
Жогорку Кеңештеги цирктин артынан Бишкек шаардык кеңешинде концерттик программалар башталды. Дегенибиз, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Аида Рысбаеванын наамына түшкөн арызга карабай, аны Лондонго иш сапары менен жөнөтүп жиберишкен. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Гүлнара Молдобаева коңгуроо кагууда. Кеп эмнеде? Көрсө, шаар бийлиги жылына бир жолу аз камсыз болгон ардагерлерге жөлөк пул төлөшү керек экен. Бөлүнө ...
Бишкектеги эски борбордук аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылат. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алды. Бул чечимди кабыл алууда эл өкүлдөрүнө кошумча талкуу талап кылынган жок. Чечим 2020-жылдын октябрында ишке ашат. Белгилей кетсек, быйыл өлкөдө Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө каралган. Ал Кыргыз ССРин чейрек кылымдай убакыт башкарып, анын жетекчилиги алдында республикада далай маанилүү өнөр-жай, маданий, социалдык ...
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Бишкектин Ак өргө жаңы конушунда мыйзамсыз, уруксат кагаздары жок күйүүчү-майлоочу майларды сатып жаткан объектини аныкташты. Текшерүү маалында ал жерде эки миң тоннадай бензин чыккан. Бул жайда негизинен кардарларга АИ-92 маркасындагы бензин жана дизель майы сатылчу. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, Ленин райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн. Учурда Кыргызстанда күйүүчү майларга болгон баа ...
Кыздар бузулду, балдарыбыз бузулду – дейбиз. Кыздар дагы, балдар дагы, карыларыбыз дагы, бардыгы бузулду. Учурда коом өзү ооруга чалдыгып турат. Жогорудагы тасма шаардын борборундагы ири соода түйүндөрүнүн биринде тартылып алынган, мушташтын себеби белгисиз. Бирок, коом бузулгандыгынын далили. Булак: NazarNews.kg
Билесиңер, конституция боюнча өлкөдө билим алуу акысыз болушу керек. Убагында, мугалимдердин айлыгы аз, жашоо-шарты начар деп атып, атайын көшөгө артында фонддорду түзүп дагы алганбыз. Фонд акыры барып отуруп, кадимки эле чоң бизнеске айланып кеткен. Миллиондогон акчалар жүгүрүп турат ал жерде. Ата-энелердин канын соруп бүткөн андай фонддор. Бирок далай мектеп жетекчилерин ийгиликтүү “жеке ишкерлерге” айланткан. Акыры мындай фонддордун ишмердүүлүгүн токтотуу ...
Жанар Акаев деген бир «чыгаан» депутат бар Жогорку Кеңеште. Көтөргөн маселелери актуалдуулугу жана өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Бул жагынан сөз жок. Мына бүгүн дагы парламенттин жалпы жыйынында ички иштер министрлиги криминалга моюн сунуп берип салгандыгын айтып, анын айынан өлкөдөн инвесторлор качып жаткандыгын айтты. Чындыгында, укук коргоо органдары өтө чабалдыгынан ушундай абалга кептелип турат. Айрым учурда ...
Заманың кургур, азыр эл менен бийлик эки жаат болуп калды. Экөө бирин-бири көргүсү келбейт. Бийлигиң өзүнүн көйгөйү менен алек, эл менен иши жок. Негизги санаасы - шайлоодо кантип керектүү саясий күчтү парламентке алып келүү керек дегендин үстүндө баш катырмай. Ал эми элчи? Эл дагы өзү менен өзү. Мындайча айтканда, ар ким алына жараша иш кылмай, педагогу сабагы менен, доктуру ...
Парламентте Сайдулла Нышанов деген депутат бар. Эл өкүлү деп айткандан дагы уяласың. Ошол депутат Бишкектин “Ататүрк” паркынын аймагында (жашыл зона) жер тилкеси бар экендигин моюндады, айтымында аны убагында бепбекер алган имиш. “Ар бир жаран өмүрүндө акысыз жер тилкелүү болгонго укуктуу, мен ошол укугуман пайдаланып, 2007-жылы жети сотых жер тилкесин алгам, ар кандай справкалар үчүн эле миң сомго чыгым болгом” ...
Lexus 570 унаасынын айдоочусу катары менен беш унааны сүзүп, уктап калган. Белгилүү болгондой, жол тандастын айдоочусу мас абалында болгон. Окуя Казакстандын Караганда шаарындагы турак үйлөрдүн короосунда орун алган. Дароо ал жерге жергиликтүү тургундар видео камералары менен чыгып, окуяны ордунан тартып калууга үлгүрүшкөн. Андан соң полиция кызматкерлери келип, шопурду алып чыгуунун аракетин көрүшкөн, бирок ал укук коргоо органдарынын талабына ...
Орусияда милиция кызматкери документ көрсөтүүдөн баш тарткан кыргызстандыкты сабап салды. Анын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда. Тасмада көрүнүп тургандай, полиция кызматкерлери кыргыз жаранын кафеден сүйрөп чыгып, буттарына тепкилешкен. Белгилүү болгондой, окуя Москванын Ленинград базарында болуп, укук коргоо кызматкерлери ал жерге “мигрант” аталышындагы операциянын алкагында барышкан. Бирок, эң кызыктуусу, Орусияда мигранттар менен ишти полиция кызматкерлери алып ...
Жогорку Кеңеште сөздү оюнчук көргөн, пиарды жанындай сүйгөн депутаттар толтура. Бирок, арасынан эң таланттууларынын бири Бакыт Төрөбаев өңдөнөт. Эми ал 2020-жылдан кийин парламентке келген депутаттардын иштөө мөөнөтүн кыскартыш керек – деп өзүнө упай топтогусу келди окшойт сыягы. Анын баамында алдыңкы эки-үч жылда эле эл жаңы шайланып келген депутаттардан тажайт имиш. Ошондуктан, кийинки парламенттин иштөө мөөнөтүн үч же ...
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!