www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аман Аскаров

NazarNews порталында башкы директор жана журналист...

Автордун жаңылыктары (352)

0 1387

Айсулуу Тыныбековага президент белек кылган батирди көргүңүз келеби?

25-сентябрь 2019, 16:47 Аман Аскаров

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жаңы батиринен апасы экөө селфи кылышты. Ал инстаграмдагы өзүнүн баракчасына “ооба, мына ушул” – деп сүрөт жүктөгөн. Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батир белек кылган. Андан сырткары, машыктыруучусу Нурбек Изабеков акчалай сыйлыкка татыган. Булак: NazarNews.kg

0 294

Ош - Андижан маршруттук каттамы ачылды

25-сентябрь 2019, 16:06 Аман Аскаров

Ош - Андижан маршруттук каттамы ачылды. Мындан ары аталган каттам боюнча маршруттук унаалар Ош автобекетинен күн сайын, ар бир жыйырма мүнөт сайын каттап турат. Ушундай эле каттам Андижандан Ошту карай иш алып барат. Аталган каттам үчүн чек арадан өтүү жол жобосу дагы жеңилдетилген. Жол киренин баасы 100 сомду түзөт. Мындай эки өлкө ортосундагы шаар аралык каттамды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр 2018-жылы эки өлкөнүн ...

0 300

Айдоочуларга! Айып 3 миң сомдон бир миң сомго төмөндөйт

25-сентябрь 2019, 15:18 Аман Аскаров

Кыргыз өкмөтү жол эрежесин бузган айдоочуларга жазылган айыптын өлчөмүн төмөндөтүүнү колдойт. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өкмөткө айыптын өлчөмүн төмөндөтүү боюнча көп кайрылуу болгондугун билдирди. Чындыгында “Коопсуз шаар” долбоору алкагында орнотулган камералардын жардамы менен айдоочуларды тартипке салуу мүмкүн болду. Бирок, ошол эле учурда айрым жеңил эреже бузууларга айыптардын өлчөмү негизсиз жогору экендигин бүгүнкү өкмөт моюнуна алып жатат. Өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы, жарандардын ...

0 554

ВИДЕО - Ойсоке Малахов билгенди аналитиктер билбей эмне болуптур

Видео 25-сентябрь 2019, 14:24 Аман Аскаров

“Россия” телеканалынын “Прямой эфир” телекөрсөтүүсүнүн белгилүү алып баруучусу Андрей Малахов орусиялык олигархтын уулунун өлүмүнө шектүү Кыргызстандык айдоочу тууралуу көрсөтүү алып баргандыгы бардыгына маалым. Анда Малахов Кыргызстандыктарды басмырлаган, шовинизмдик пикирлерин жашырбагандыгы кыргыз коомчулугунда талкууга алынып, анын көрсөтүүлөрүнө бойкот дагы жарыялагандар четтен чыгууда. Анын сөзү бизге дагы жакпай турат. Журналист каяктагы бир гипотизалардан алыс болуусу зарыл. Бирок, бир жагдай бар. Ал ...

0 392

Президент Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды

25-сентябрь 2019, 13:54 Аман Аскаров

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова үч бөлмөлүү батирлүү болду. Анын сертификатын бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков тапшырды. Ал эми анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков акчалай сыйлыкка татыды. Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өткөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта 62 килограммга чейинки салмакта чемпион наамына татыган. Андан сырткары ал,  2020-жылы Токиодо өтө турчу жайкы Олимпиада оюндарына катышууга лицензия утуп алган. Булак: NazarNews.kg ...

0 282

Атамбаевдин иши сотко өткөнү турат

25-сентябрь 2019, 13:27 Аман Аскаров

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши жакында сотко өткөнү турат. Тергөө иштери аяктап, иш менен анын жактоочулары жана өзү - айыпталуучу таанышып чыгышы керек. Жалпысынан кылмыш иши 28 томдон турат. 26-сентябрдан кийин ишти сотко өткөрүү боюнча чеим кабыл алынышы күтүлүүдө. Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев бир катар кылмыш иштеринин фигуранты катары айыпталып жатат. Булак: NazarNews.kg

0 262

Дональд Трамп президенттиктен четтетилеби?

25-сентябрь 2019, 12:16 Аман Аскаров

АКШнын Конгресси президент Дональд Трампка карата импичмент процедурасын баштаганы турат. Бул тууралуу Конгресстин палата өкүлдөрүнүн спикери-демократ Нэнси Пелоси билдирди. Ал атайын билдирүү жасап, Дональд Трамп “президенттик кызматтын кадыр баркын кетирди, улуттук коопсуздукту камсыздай албай, шайлоонун баалуулуктарын сатты” – деген кине коюлуп жаткандыгын маалымдады. Ал эми негизиги себеп болуп, жакында Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен болгон баарлашуусу айтылууда.

0 395

Купальникчен сууга түшүүгө тыюу салынды. Узун көйнөк кийиңиз

25-сентябрь 2019, 11:52 Аман Аскаров

Жаңы эреженин сакталышына атайын түзүлгөн туристтик милиция жана пляж жээгинде турган патрулдук көзөмөл органдары көз сала баштайт. Эгерде кимде ким бул эрежени бузса анда ал 11 доллар айып төлөөсү зарыл болот. Бул болсо 200 түркмөн манатына барабар. Жаңы тартип азырынча Аваз курортундагы эс алуучуларга киргизилип жатат. Андыктан, жайкы эс алууга аталган курортту тандагандар узун көйнөк менен гана сууга түшө ...

0 542

ВИДЕО - Премьер кыргызча сүйлөп өлбөй-этпей эле жүрөт

Видео 25-сентябрь 2019, 11:29 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун орус тилиндеги “хитинен” соң кезек өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге келип жетти. Бирок, мунусунда позитивдүү багытта. Тең салмактуулукту камсыз кылуу багытында премьер-министр Стамбул шаарында Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде таптаза кыргызча эле сүйлөп элдин купулуна толуп турган маалы. Себеби, Дастан Жумабековдун хитинен кийин көбү өлкө жетекчилери ар кандай өл аралык жыйындарда кыргызча сүйлөсө болбойбу? – деп ...

0 3231

Жумабековдун орусча "хити" шоу-бизнес мейкиндигин жарып жатат

25-сентябрь 2019, 10:56 Аман Аскаров

Кыргыз парламентинин спикери Дастан Жумабеков Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын жыйынында орусча “хит” жаратып келгенин баарыбыз уктук, көрдүк. Хити учурда кыргыз эстрадасынын мейкиндигин жарып, жылдызы жанып турган маалы. Буга таңкалып дагы, ачууланып дагы, күлүп дагы, суроого баткандардын дагы сабы үзүлчүдөй эмес. Айтсак, белгилүү коомдук ишмер, КР Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев суроого батып турган чагы көрүнөт. ...

0 929

Маркум Султан Жумагуловдун кызы Айгеримдин атасына жазган каты

25-сентябрь 2019, 10:12 Аман Аскаров

Өткөн жылдын 8-октябрында белгилүү инсан, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов узакка созулган оорудан кийин каза болгон. Султан Жумагулов өзүнүн эмгек жолунда далай жооптуу кызматтарда эмгектенген. Ишин татыктуу алып барган адам болчу.  2017-жылы 3-ноябрда маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган. Мына ошол кызматты аркалап жүргөнүндө биздин арабыздан ажал алып кеткен эле. Жакында анын кызы Айгерим Жумагулова Фейсбуктагы ...

0 2218

ВИДЕО - Далай ыр саптардын "автору" Дастан Жумабеков кыргызча сүйлөсө тилине тибиртке чыгабы

Видео 25-сентябрь 2019, 09:59 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргызстандын атагын алыска чыгарып келди. Тагыраагы, Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын саммитинде коллегаларына орусчадан мастер-класс өттү. Орусча тилди беш колундай билген казак, өзбек, латыш, туугандарың “ха-ха тээп” жибере жаздады. Россиянын мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин араң эле чыдап отурду, калп эле бир нерсеге алаксымыш болуп, дептер бетин чийгилеп, “Пушкиндин тилин мазактап жатасын” - деп ичинен күбүрөнүп.

0 570

ВИДЕО - Атамбаевдин жансакчысы оор кылмышка шектелип, камакка алынды

Видео 25-сентябрь 2019, 10:16 Аман Аскаров

Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев камакка алынды. Учурда аны 48 саатка кармашканы маалым. Бирок, ал оор кылмыштарга шектелүүдө. Айтсак, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, массалык башаламандыкка катышуу, укук коргого органдарынын ишине тоскоолдук жаратуу жана дагы башка кылмыштарга шектүү катары кине коюлууда. Булак: NazarNews.kg

0 583

ВИДЕО - Ош шаардык мэриясы криминал менен табакташпы?

Видео 24-сентябрь 2019, 17:34 Аман Аскаров

Ош шаардык мэриясы шаардын дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаевге карата кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бирок,  ал үч күндөн бери жумушка келбей, телефонун албай жатыптыр. Эгерде жергиликтүү чиновниктин жакында Ош шаарында катталган ок атышуу окуясына тиешеси бар болсо, мыйзам чегинде жоопко тартыла турган болуптур. Маалыматка ылайык, окуя 21-сентябрь күнү кечинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Ок тийген жаран мурдагы милиция ...

0 2854

ВИДЕО - Кытайлык уйгурларга карата курулган лагердин видеосу жарык көрдү

Видео 24-сентябрь 2019, 16:43 Аман Аскаров

Миңдеген кытайлык уйгурлардын “концлагердеги” колу-буттары байланып, көздөрү таңылган видео дүйнө коомчулуктун назарын бурду. Буга чейин мындай лагерлердин бар экендигин расмий Пекин танып келсе, эми танууга мүмкүн эмес болуп калды. Видео дрондун жардамы менен тартылган. Буга байланыштуу Австралиянын тышкы иштер министри Мэрис Пэйн атайын билдирүү жасады. Ал бул кадрлар адам укугун басмырлаганга жатаарын айтып, ...

0 969

ВИДЕО - Собчактын порно-бийинен кызарып-татарган кайын журту

Видео 24-сентябрь 2019, 16:48 Аман Аскаров

Ксения Собчак менен Константин Богомоловдун үйлөнүү үлпөт тоюндагы кызыктуу окуялардын сабы үзүлчүдөй эмес. Айтсак, Константин Богомоловдун ата-энеси той-топур аягына чыга электе эле иш чарадан чыгып кетишкен. Алардын мындай кадамынын себеби эми ачыкталып отурат. Көрсө, Ксения Собчактын кайын ата, кайын энеси Юрий жана Ольга Богомоловдор Ксения жарым жылаңач болуп, сахнага чыгып, эротикалык бийди аткаргандан улам, кызарып-татарып ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 562

Жеңиш Разаков чек арадагы чыр-чатактын чыныгы себеби башкада дейт

24-сентябрь 2019, 15:22 Аман Аскаров

Жакында Лейлек районундагы чек ара аймагында чыккан чыр-чатактын чыныгы себептери башкада болушу мүмкүн экендигин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Бирок ал кандай себептер экендиги тууралуу тактоо киргизген жок. Расмий маалыматтар боюнча, чыр-чатак эки өлкөнүн ортосунда аныктала элек жерге курулуш иштеринин жүрүшүнөн улам келип чыккан.   Ал эми учурда чыр-чактак чыккан Максат айылында абал туруктуу. Жада калса эки өлкөнүн жаш уландары ...

0 1501

Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын саны кыскарат

24-сентябрь 2019, 15:25 Аман Аскаров

Мектепте окуучулардын турмуш-тиричилигине тиешеси жок предметтер бар. Алардын саны кыскарат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди. Анын айтымында орто билим берүү мекемелеринен сырткары жогорку окуу жайларда дагы көйгөйлөр арбын. Айтсак, мамлекеттик ЖОЖдордун санын кыскартуу керек. Анткени, айрым ЖОЖдор жүз студент менен эле иш алып барган учурлар катталган. Андыктан, келечекте мындай окуу жайлар оптималдаштырылып, илимий-изилдөөлөрдү жүргүзгөн ...

0 644

Кармалган чиновниктин аялы дагы куралдарга тиешеси бар адам

24-сентябрь 2019, 14:23 Аман Аскаров

16-сентябрда өкмөт аппаратынын сектор башчысы Егор Скобеев аскер прокуратурасына суракка чакырылып, кийин камакка алынган. Ал коррупцияга шектелип жатканы тууралуу маалымат тараган. Бирок, айрым маалыматтар боюнча ал РФнын айрым жарандарына сыйлык-куралдарын тапшырууга катыштыгы бар деп шектелип жатат. Бул боюнча РФнын тергөө комитети дагы иликтөө иштерин жүргүзүп жатыптыр. Такталбаган маалыматка караганда Glock-19 тапанчалары КР ИИМи тарабынан Австриядан сатылып алынып, кийинчерээк РФнын жарандарына ...

1 1982

Зөөкүрлөр чындап таяк жеген өңдүү

24-сентябрь 2019, 13:28 Аман Аскаров

«Жал» кичи районунун аймагында эки адамды катуу сабаган эки зөөкүр эсиңерден кете элекпи? Жакында аларды СИЗОдон сабады дешти эле, бирок алар Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлерине “эч ким менен мушташкан эмеспиз, керебеттен жыгылдык” деп жооп беришкен. Бирок, адам өлтүрүүгө шектелген бул эки зөөкүр жигиттин бул сүрөттөрүн көрүп, анан өзүңөр жыйынтык чыгарып алсаңыздар болот. Булак:NazarNews.kg  

0 255

Бишкекте "Sheraton" отели ачылып, ага президент катышты

24-сентябрь 2019, 12:14 Аман Аскаров

 Бишкекте жаңы ачылган “Sheraton” отелинде кыргыз-түрк бизнес форуму өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Жаңы отель түрк инвестициясына ачылды. Ачылыш аземинде жана бизнес форумдун жүрүшүндө президент Жээнбеков эки өлкө ортосундагы алака жыл сайын жаңы деңгээлди багындырып жаткандыгын айтып, өлкөлөр ортосундагы карым-катнаш тарыхый мааниге ээ экендигин белгиледи. Ошондой эле, президент 2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон расмий сапарын ...

0 645

Өмүр бою эркинен ажыратылды. Кайсы кылмышы үчүн экенин билесизби?

24-сентябрь 2019, 11:33 Аман Аскаров

Ноокен районунун Масы айылынын тургуну 7 жашар баланы өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Ноокен райондук соту чыгарды. Соттолуучу 2019-жылдын 4-апрелинде 2012-жылы туулган өспүрүмдү уурдап, ал үчүн ата-энесинен 120 миң АКШ долларын талап кылган. Ошол эле маалда баланын ата-энеси милиция кызматкерлерине кайрыла турган болсо баланы өлтүрө тургандыгын эскерткен. Бирок, ал ага чейин эле баланы талаага алып чыгып, ...

0 1386

Виртуалдык интим кызматын көрсөткөндөр кармалды

24-сентябрь 2019, 11:14 Аман Аскаров

Биринчи жолу Казакстандын тарыхында веб-кам студиянын иши аныкталып, ишмердүүлүгү токтотулду. Ал жерде кыздар үч “сменде” иштеген. Кармалган кыздар Америка жана Европанын сайттарынын кардарларына виртуалдык-интимдик тейлөө көрсөтүп келишкен. Кармалгандардын арасында кыргызстандык жаран дагы бар. Ал - программист. Студиянын техникалык тейлөө жагына жооп берген. Тинтүү учурунда процессор, тематикалык атрибуттарды камтыган китепчелер табылган. Кыздарды жарыя аркылуу кабыл алышкан. Бирок, көп учурда кыздар ...

0 196

Кыргызстандыктар Орусиядан канча акча которгонун билесизби?

24-сентябрь 2019, 10:52 Аман Аскаров

2019-жылдын жарым жылдыгында орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары мекенине 200 миллион доллар которушкан. Мындай маалыматты РФнын борбордук банкы таратты. Жалпысынан 6 ай ичинде Орусиядан сыртка 3,5 миллиард АКШ доллары которулган. Анын 2,7 миллиард доллары КМШ өлкөлөрүнө чыккан. Лидерликти мурдагыдай эле Өзбекстан бербей келет. Бул өлкөгө эмгек мигранттары 438 миллион доллар которсо, кыргызстандыктар 200 миллион, андан кийин Тажикстан 112 миллион доллар которушкан. ...

0 165

Волейболчулардын терисин жамынган сириялыктар

24-сентябрь 2019, 10:42 Аман Аскаров

Грецияда сириялык мигранттар колго түшүрүлдү. Алардын катарында жалпысынан 10 адам болгон. Бардыгы Швейцариянын Цюрих шаарына бет алып, бирок, Грециянын Афины шаарында полиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Буга чейин алардын бир катар мамлекеттин чек арасын тоскоолдуксуз кесип  өткөндүгүнүн негизги себеби – алар өзүлөрүн волейбол боюнча курама команда деп тааныштырып келген, жада калса ар биринин жанында волейбол тобу болгон. Эң кызыгы, алар араб ...

0 441

Катындын сөзүнө чычалаган Бакыт Төрөбаев

24-сентябрь 2019, 11:32 Аман Аскаров

“Бирөөгө сын тагаардан мурда, алгач өзүнүн атасынын музейинин абалына көңүл буруп алсын!”. Мына ушундай орой түрдө Жогорку Кеңештин депутаты, керектүү маалда "Өнүгүү Прогресс" партиясын түзө калып, акыркы төрт жылда Кыргызстанды бутуна тургузуп салган Бакыт Төрөбаев Ширин Айтматованын ун мафиясына байланышкан видео кайрылуусуна жооп кайтарды. Эми, Ширин Айтматованын деле айыптары канчалык деңгээлде негиздүү, канчалык деңгээлде негизсиз экендигин айта албайбыз. Бирок, Бакыт ...

0 735

Бабанов менен Ирсалиев клипке тартылып, гонорарын ала албай жүрүшөт

23-сентябрь 2019, 16:23 Аман Аскаров

Президентикке экс-талапкер Өмүрбек Бабанов менен экс-депутат, Бабановдун жакын досу Рахат Ирсалиев экөө клипке тартылып, гонорарын ала албай жүргөн учур. Жакында экөө тең бул боюнча тергөө органдарына арызы менен кайрылышкан. Албетте, мунун баары тамаша. Бирок, экөө убактыларын текке кетиргендерден эмес. Кыргызстанды абдан сагынганбы, айтор Ирсалиев менен Бабанов ырчы Иса Өмүркуловдун коштоосунда кең пейил мекенин үстүнөн кыдырды.

0 483

Экономика министри Албек Ибраимовдой дубанача кийинип алып, эл аралайбы?

23-сентябрь 2019, 16:08 Аман Аскаров

 “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузган прокуратура, УКМК, ЖКККББ жана башка бардык күч органдарынын кызматкерлери видео материалдарды өчүрүп салуу өтүнүчү менен тиешелүү жерлерге кайрылып, эшиктерин сагалап жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов экономика министри Санжар Муканбетовго айтты. Өз учурунда, Муканбетов ал тууралуу маалыматы жок экендигин айтса, жооп иретинде эл өкүлү Муканбетовго селсаяктын кийимин ...

0 991

Чыныбай Турсунбеков Ширин Айтматовага жооп берди

23-сентябрь 2019, 15:11 Аман Аскаров

Парламенттин айрым депутаттарын экс-депутат Ширин Айтматова жакында “прогибге” чапкандай болду эле. Анда ал Чыныбай Турсунбеков, Бакыт Төрөбаев, Мирлан Бакиров, Шаршенбек Абдыкеримов сыяктуу парламенто-бизнесмендердин ун мафиясы тууралуу сөз кылган. Ширин айым 2015-жылы жаңы шайланып келген ушул депутаттар өлкөгө киргизилген ундан баардык салыктарды алып салууну демилгелеп чыгышкандыгына токтолгон. Андагы келтирилген жүйөө, өлкөдөгү ун өндүрүүчүлөр зыян тартып жаткандыгы, ...

0 385

ФОТО - Кытай экспанциясына каршы уюштурулган акциядан 60 адам кармалды

23-сентябрь 2019, 14:17 Аман Аскаров

Коңшу өлкөнүн ири шаарларында Кытайдын экспанциясына каршы митинг, акциялар болду. Анын жыйынтыгында 60 адам укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалды. Кытай Нур-Султандын эң ири инвестору жана региондогу өнөктөшү. Жакын арада Пекин коңшу өлкөгө өзүнүн аймагында жайгашкан бир катар өндүрүш объектилерин, завод-фабрикаларын көчүрүп келүүнү пландап жатат. Буга нааразы эл Казакстан менен Кытайдын мындай кадамын сынга алып, көчөгө чыгышкан. Бул акцияны казакстандык ...

0 525

Кыйын болду кыргызга

23-сентябрь 2019, 13:59 Аман Аскаров

Москва шаарындагы “Коломенская” метросунун станциясында кыргызстандык келин көз жарып, жаңы төрөлгөн кызын даараткананын унитазына таштап кеткен. Муну байкап калган тейлөө кызматындагы адамдар дароо полиция кызматкерлерине байланышкан. Жыйынтыгында “күкүк эне” кармалып, ден-соолугуна байланыштуу Юдин.С.С атындагы ооруканасына жеткирилип, наристе тез жардамдын коштоосунда медицина мекемесине жайгаштырылган. Белгилүү болгондой, наристе 36-38 жумасында төрөлгөн. Учурда иштин толук чоо-жайы иликтенүүдө. Булак: NazarNews.kg  

23-сентябрь 2019, 13:59 | 525
0 193

ВИДЕО - Робот менен адамдын кагылышуусу - боло турган иш

Видео 23-сентябрь 2019, 13:23 Аман Аскаров

Индиядагы Ченнаи шаарында өзгөчө кафе ачылды. Өзгөчөлүк кафеде эмес, андагы тейлөө кызматында. Бул жерде кардарларды официанттар эмес робот тейлейт. Техника сизден буйрутма алат, бош орундукту көрсөтүп бере алат. Андан сырткары, ал англис жана тамиль тилдерин билет. Мындай өзгөчөлүк кеминде он чакты официант адамды ишсиз калтырды. Робот менен адам баласынын социалдык кагылышуусу келечекте боло турган иш окшойт сыягы. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 185

Кылым карыта турган "дастандагы" Дастандын орду

23-сентябрь 2019, 13:01 Аман Аскаров

“Кыргызстан” саясий партиясынын 22-сентябрда өткөн съезди боюнча дастан кылымдарга сакталып калчудай. Кылым карыта турган дастанда Дастандын орду татыктуу түрдө “алтын тамга” менен жазылып калчудай. Көрсө, партиянын жер-жерлердеги мүчөлөрү Жогорку Кеңештеги фракцияга сунуш, пикир, тапшырма беришет экен. Ал эми парламенттеги аталган фракциянын мүчөлөрү өз күчүнө, өз акылдарына ишенип, аларды татыктуу чечип жүрүшүптүр. Эми бул Дастан байкенин айткан сөзүнөн да. Ой ...

0 4366

Аттан кулаган жаачы кыз коомчулукка кайрылды

23-сентябрь 2019, 13:28 Аман Аскаров

Кыргызстандык жаачы Асланайым Аширова этнооюндар конфедерациясынын мүчөлөрүн адилеттүүлүккө чакырууда. Асланайым бул тууралуу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Жаачы кыз март айында Сауд Арабияда өткөн этнооюндар фестивалына катышкан. Ат үстүндө оюн көрсөтүү маалында ага башка атчан кыз келип урунган. Кийинчерээк этнооюндар конфедерациясынын мүчөлөрү “бардыгы жакшы, кыз өз билемдик менен атка отурган”-деген маалымат таркатышып, жаачы кыздын ден-соолугуна оор залал келбегендигин билдиришкен.

0 578

Юридикалык кеңешке муктажсызбы?

Видео 23-сентябрь 2019, 11:31 Аман Аскаров

Юридикалык жардамга муктаж болуп жүрөсүзбү? Кыргызстанда алгачкы жолу акысыз юридикалык кеңеш кызматы ишке кирип жатат. Мында жогорку тажрыйбалуу адистер сиздердин көйгөйүңөрдү чечип бергенге аракет кылат. Ар бир түшкөн кайрылуу көз жаздымда калбайт.    Булак: NazarNews.kg

23-сентябрь 2019, 11:31 | 578 |
0 1384

Шаршенбек Абдыкеримов бактысыз экен, аны кечээ съездде өзү байкабай айтып алды

23-сентябрь 2019, 11:45 Аман Аскаров

Шаршенбек Абдыкеримов, экс-депутат, “Кыргызстан” партиясынын “кол башчыларынын” бири. Партиянын кечээ өткөн съездинде партиялаштарынын, жыйынга келген коноктордун алдында “менин үмүтүм - өнүккөн Кыргызстан! Элибиз бай болсо биз бактылуу болобуз” -деп дүркүрөгөн кол чабууларды сууруп кетти. Дегенибиз, залдагылар эле өнүгүп, бай болуп кетпесе, филармониянын эшигинен ары чыкканда эле реалдуу жашоо. Айтсак, ушул жылдын июнь айында Кыргызстан Global Finance журналынын версиясы боюнча ...

0 156

Дайыны чыкпай жаткан бала табылды

23-сентябрь 2019, 09:46 Аман Аскаров

Бишкек шаарында 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм бала табылды. Бул тууралуу шаардык милиция маалымат таратты. Маалыматка ылайык, өспөрүм 21-сентябрь күнү кечки саат 22:00дө Жаш Гвардия бульварынан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Белгилей кетсек, Саид Бебеза дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 18-сентябрь күнү тараган. Аны издөөгө өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, Бишкек ШИИББнин кызматкерлери тартылган.   Булак: NazarNews.kg

0 483

Депрессиядагы адамдарга сунушталган Жумабековдун жалындуу сөзү

23-сентябрь 2019, 10:24 Аман Аскаров

Кечээ күнү “Кыргызстан” саясий партиясынын съезди болуп өттү. Ооба, баягычы, элди жаңы төрөлгөн наристеге 50 миң сом сүйүнчү пул, 50 миң орундуу заманбап супер стадион, шаардыктарды коомдук транспортто акысыз ташый турган ж.б.у.с убадаларды “балчайта” берген саясий күч. Төрагасын тандамак партиянын, бирок кеп анда эмес. Кеп парламенттин төрагасы Дастан Жумабековдун президент тууралуу сөзүндө. Эми сөз деп деле айтуу кыйын, президентке карата ...

0 312

Телефондорун жана акчасын уурдап кеткен кыз кармалды

21-сентябрь 2019, 10:56 Аман Аскаров

Бишкек шаарында 21 жаштагы кыз чала тааныш жарандын эки телефонун жана акчасын уурдап кетип из жашырган деп айыпталууда. Шаардык милициянын ыкчам жүргүзгөн иштеринен улам кылмышка шектүү жаран кармалды. Белгилүү болгондой, бул кыз чала таанышынын жалпы баасы 34 миң сомго бааланган “Редми” жана “Айфон” телефондорун, андан сырткары накталай беш миң сом жана банктык карточкаларын уурдап кеткен деп ...

0 424

10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин депутатынын иши кайра каралат

21-сентябрь 2019, 10:29 Аман Аскаров

10 жылга эркинен ажыратылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын иши соттук коллегияда кайра каралат. Мындайча айтканда, сот соттолуучулардын жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырды. Эмки соттук кароо 26-сентябрда өтөт. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу ушул жылдын 24-апрелинде Алматынын атайын райондор аралык сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Аны менен бирге сот залында дагы 11 адамга өкүм угузулган. Аларды ...

0 467

Бул буюмдарды тааныдыңызбы? Анда милицияга кайрылыңыз!

21-сентябрь 2019, 09:50 Аман Аскаров

Август айынын соңунда Сокулук районунун Селекционное айылынын тургуну укук коргоо кызматкерлерине үйүнө ууру кирип, буюм-тайымдары жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ушул айдын орто ченинде уурулукка шектелген жарандар кармалган. Алардын үйүн тинтүү учурунда толгон-токой уурдалган буюм-тайымдар табылган. Алардын арасында сканер, чаң соргуч, компьютердик жабдыктар, шуба, дубленка ж.б. буюмдар табылган. Мындан улам, ...

0 281

АКШ, Сауд Арабия жана Иран ортосунда кармашуу тутанчудай болуп калды

20-сентябрь 2019, 17:50 Аман Аскаров

Сауд Арабиянын мунай объектилерине болгон чабуулга Ирандын түздөн-түз тиешеси бар. Мындай билдирүүнү Сауд Арабиясынын коргоо министрлигинин өкүлү Турки аль-Малики жасады. Анын айтымында, башында ойлогондой эле араб өлкөсүнүн нефти базаларына болгон чабуулга Йемендин тиешеси жок болуп чыккан. Иран фактыларды бурмалаганга аракет жасаган. Бирок, аскер кызматкери маалымдагандай, Иран Сауд Арабиясынын мунайзат объектилерине чабуул кылууга 7 ракета жана 18 ...

0 250

Аскердик машыгууга Путин менен Жээнбеков бирге көз салууда

20-сентябрь 2019, 17:18 Аман Аскаров

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Оренбург шаарында Россия президенти Владимир Путин менен жолукту. Алар Оренбургда өтүүчү “Борбор-2019” командалык-штабдык машыгууга бирге көз жүгүртүшүүдө. Ага жалпысынан 120 миң аскер, 20 миңден ашуун аскер техникасы, 600 учуучу аппарат жана 15 аскерий кеме тартылган. Кыргыз президентин ал жерге коштоп тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Башкы штабдын башчысы Раимберди Дүйшенбиев, КР ...

0 3318

Экс-акимдин банктык эсебинен 13 миллион АКШ доллары табылып, 55 батири конфискацияланды

20-сентябрь 2019, 16:16 Аман Аскаров

Жакында эле экс-акимдин банктык эсебинен 13 миллион АКШ доллары табылды. Ал сумманын көпчүлүк бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Аким менен бирге анын бир тууган агасы  жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү изделүүдө. Алардын баарына мамлекеттик каражатты негизсиз пайдалануу беренелери боюнча айып тагылган. Жалпысынан бир туугандар мамлекетке 72 миллиард теңге зыян келтирген. Казакстандын Атырау облусунун экс-акими Бергей Рыскалиев жана анын бир тууганы Аманжан Рыскалиевди ...

0 632

50 миң орундуу супер заманбап стадионду куруучу партиянын съезди өтөт

20-сентябрь 2019, 15:02 Аман Аскаров

Бир-эки күндөн кийин Бишкек шаарында “Кыргызстан” саясий партиясынын съезди өтөөрүн угуп жатабыз. Анда жаңы төраганы дайындоо маселеси каралган. Азыркы жетекчиси Канат Исаев, анын мөөнөтү аяктап жатат. Баса, шайлоого чейинки убадалары укмуш болчу бул партиянын. Башкасын айтпаганда эле ушул Бишкек шаарында жаңы 500 автобус жана троллейбус ишке берилип, жол кире акысыз болмок. 50 миң орундуу заманбап стадион, 25 миң орундуу ...

0 576

Атамбаевдин жан сакчысы иштен алынды

Видео 20-сентябрь 2019, 13:41 Аман Аскаров

Алмазбек Атамбаевдин күзөт кызматынын мурдагы башчысы Канат Сагынбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин катарынан чыгарылып, күбөлүгү алынды. Себеби, ал Атамбаевдин туулган күнүнө арналган видеороликте мурдагы президентке карата куттуктоо сөз айткан. Ал эми УКМКнын ички тартиби боюнча комитет кызматкерлери ММКга кандайдыр бир маалымат таркатууга, комментарий берүү, коомчулукка кайрылуу мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Булак: NazarNews.kg

0 333

Клара Сооронкулова тууралуу баш катырма

20-сентябрь 2019, 13:13 Аман Аскаров

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиясынын буга чейинки бир дагы жыйынына катыша элек. Себеби, ага чакыруу келген эмес. Бирок, комиссиянын курамына киргизилген. Ошол эле маалда комиссиянын мүчөсү экендигин тастыктоочу бир дагы расмий кагаз көргөн эмес. Ушундай дагы болот экен, “боло берет баары да, особенно кыргызда дечү беле...” Булак: NazarNews.kg

0 327

Кыргыздар тууралуу жаман сөз айткан айдоочу иштен алынды

20-сентябрь 2019, 11:55 Аман Аскаров

Москва шаарында кыргыз улутундагы жарандарга карата ыплас сөздөрдү айтып, улуттук намыска шек келтирген автобустун айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу маалыматты “Мосгостранс” ишканасы тастыктады. Август айынын этегинде №323 коомдук транспорттун айдоочусу азият улутундагы жаранды автобустун ичине киргизүүдөн баш тартып, аны менен бирге кыргыз улутундагы жарандарга карата жек көрүү сезимдерин билдирген видео социалдык тармакта кеңири тараган болчу. Булак: ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 430

Жээнбеков менен Путин жолугушат. Эмнеге көз жүгүртүшөт? Песков ачыктады

20-сентябрь 2019, 10:06 Аман Аскаров

Россия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков орус лидери Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугуша тургандыгын билдирди. Маалыматка ылайык, лидерлер Оренбургда “Борбор-2019” командалык-штабдык машыгууга бирге көз жүгүртүшөт. Ага 120 миң аскер, 20 миңден ашуун аскер техникасы, 600 учуучу аппарат жана 15 аскерий кеме тартылган. Андан соң лидерлер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 303

Болтокойлордун парады

20-сентябрь 2019, 09:21 Аман Аскаров

Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди ушул жылдын 9-декабрына чейин камакта кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтыргандыгы маалым болду. Андан мурун эле дагы бир “болтокой” мурдагы бир үлкөн Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы каралганы эсибизде. Анын дагы камакта калуу мөөнөтү 11-ноябрга чейин узартылган болчу. Бирок, кеп анда эмес. Кеп санаада, экөө тең шылынып эле калыптыр. ...

20-сентябрь 2019, 09:21 | 303
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83